Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШК: Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо башталды
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрүүгө өтүнмөлөрдү кабыл ала баштады.
Мыйзамга ылайык шайлоону маалыматтык камсыз кылуу жарандардын өз эрк-ниетин аң-сезимдүү билдиришине, шайлоолордун маалымдуулугуна көмөктөшүүчү шайлоочуларга маалымдоону жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин камтыйт. Үгүт жүргүзүү процессине катышуу үчүн ЖМК жана интернет-басылмалар Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредитациядан өтүшү керек.
КР БШК обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен б.а. 2023-жылдын 17-февралына чейин (кошуп алганда) КР БШКга берилүүгө тийиш экендигин эске салат.
Шайлоо алдындагы үгүткө катышууга ниеттенген жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары белгиленген мөөнөттө – 2023-жылдын 17-февралына чейин (кошуп алганда) төмөнкүдөй документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө тийиш:
- шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы жөнүндө билдирүүнү, анда жалпыга маалымдоо каражатынын же интернет-басылмасынын жетекчисинин ФААсын, координаттарын жана байланыш маалыматтарын, өздөрүнүн өкүлдөрүнүн тизмесин көрсөтүүсү зарыл;
- жалпыга маалымдоо каражатын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн же жеке ишкердин салык органдарында мамлекеттик каттоо (патент) жөнүндө күбөлүгүнүн (интернет-басылмалар үчүн) көчүрмөсүн;
- маалымат жана массалык коммуникация чѳйрѳсүндѳгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген иш жүргүзүүгѳ уруксат берген документтердин кѳчүрмѳсүн;
- уставдын көчүрмөсүн (эгерде бар болсо);
- обо убактысын, басма аянтчасын жана интернет-басылмаларына жарыялоо укугун бергендиги үчүн наркы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттар жөнүндө күбөлөндүрүлгөн маалыматтар.
Жалпыга маалымдоо каражаты жана интернет-басылма электрондук варианттагы арызда камтылган аталган документтерди Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат бөлүмүнүн электрондук почтасына pr.shailoo@gmail.com жөнөтөрүн КР БШК эске салат.
Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына бардык талапкерлерди, каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин б.а. айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо 2023-жылдын 20-мартында башталат.
Ушул шайлоонун өзгөчөлүктөрүн эске алганда, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларды кабарландыруу жана үгүт жүргүзүүдө аймактардагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу жана катышуусу абдан маанилүү.
КР БШК аймактардагы жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө жигердүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын иши тууралуу бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр экендигин билдирет.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктады
БШК «РСК Банк» ААКты жана «Айыл Банк» ААКты 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн талапкерлердин фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо үчүн банк мекемелери катары аныктады.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык БШК төмөнкүлөрдү эске салат:
- жарандар айылдык кеңештерге өзүн-өзү көрсөткөн учурдан тартып, өздөрү же ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу каттоого шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн шайлоо фонддорун түзөт;
Шайлоо фондун түзүүчү бардык акча каражаттарын банк же башка мекемедеги атайын эсепке которот. Ал эсеп тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын уруксаты менен талапкер, саясий партия тарабынан ачылат.
Каттоо үчүн айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер шайлоо фондунун атайын эсебинен БШКнын депозит эсебине шайлоо күрөөсүн которот. Шайлоо күрөөсүнүн суммасы: айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер үчүн – 1000 сом.
Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
- талапкердин өз каражаттарынын, алар 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;
- саясий партия тарабынан бөлүнгөн каражаттарынын, алар 100 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;
- жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын ар бири 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;
- юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес.
Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен талапкердин чыгымдарынын чектелген суммасы 500 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес.
Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фондун түзүү жана атайын эсептерин ачуу жөнүндө кыйла кененирээк маалымат БШКнын расмий сайтында «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясый партиянын шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө» Жободо камтылган.
Талапкерлердин шайлоо фонддорунан келип түшүүсү жана чыгымдалышы боюнча маалыматты Талапкер (Кандидат) порталынан таанышсаңыз болот.
Маалымат алуу үчүн телефон: 0 (312) 66 02 61.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ чыгашалардын сметасын бекитти
«Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-февралындагы ПЖ № 19 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8, 14-беренелерин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин жетекчиликке алып, Борбордук шайлоо комиссиясы айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону ѳткѳрүү үчүн жалпы суммасы 18 874,9 миң сом чыгашалардын сметасын бекитти, анын ичинде:
- Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгашалары, айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ зарыл болгон шайлоо комиссиялары үчүн борборлоштурулган сатып алууларды ишке ашыруу үчүн каражаттарды кошуп алганда 12 854,3 миң сом суммасында;
- 9 аймактык шайлоо комиссияларынын (мындан ары – АШК) жана 52 участкалык шайлоо комиссияларынын (мындан ары – УШК) чыгашалары 6020,6 миң сом жалпы суммасында, булар Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен тѳмѳн турган шайлоо комиссиялары үчүн чыгашалардын сметасына ылайык бѳлүнѳт.
Маалымат иретинде: Смета тѳмѳн турган шайлоо комиссияларын ачууга, техникалык жабдууга жана иштеп турушуна зарыл болгон бардык чыгашаларды эске алуу менен эсептелинет (бир шайлоо комиссиясында мүчѳлѳрүнүн саны 13-14 адамдын чектеринде). АШК жана УШК мүчѳлѳрүнүн жалпы саны 761 адамды түзѳт:
- 9 АШК – 110 адам;
- 52 УШК – 651 адам.
Ошондой эле, 25 адамдан турган техникалык колдоо тобунун ишке тартылган адистерине акы тѳлѳѳ, саны 27 адамдан турган ( алардын саны шайлоочулардын санына жараша эсептелинет) автоматтык эсептѳѳ жабдууларынын (АЭЖ) ишке тартылган опреаторлоруна сый акы кирет.
Мындан тышкары, сутка бою иштерине байланыштуу добуш берген күнү жана добуш берердин алдыңкы күнү АШК жана УШК мүчѳлѳрүнѳ, идентификациялоо операторлоруна, ошондой эле коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу үчүн тартылган ИИМ кызматкерлерине (122 адам) 500 сом эсебинде тамак-ашка суткалык чыгымдарды тѳлѳп берүү мыйзамда каралган.
Мында “Мамлекеттик сатып алуулар жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларына ылайык, шайлоолорду ѳткѳргѳн мезгилде Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин, ошондой эле тѳмѳн турган шайлоо комиссияларынын иштерин камсыз кылууну Борбордук шайлоо комиссиясы борборлоштурулган тартипте ишке ашырат:
- байланыш кызматын (түйүндүк байланышты);
- кенселик буюм-тайымдарды сатып алууну;
- интернет байланышынын кызматын (анын ичинде автоматтык эсептѳѳчү урналар жана планшеттер үчүн);
- басылма продукциясынын кызматтарын (бюллетендерди, тест бюллетендерин, шайлоочулар үчүн маалымат плакаттарын, усулдук журналдарды ж.б.) даярдоо;
- ЖМКда маалыматтарды жарыялоо үчүн кызматтар;
- шайлоо жабдууларын, шайлоо документтерин жана таркатылуучу материалдарды жеткирип берүү боюнча кызматтар;
- шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын жана ишин камсыз кылууга байланыштуу башка чыгымдар.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын КАЙРЫЛУУСУ
Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү, саясий партиялардын,
жалпыга маалымдоо каражаттарынын ѳкүлдѳрү, шайлоо процессинин катышуучулары!
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-февралындагы №19 ПЖ Жарлыгы (мындан ары – Жарлык) менен Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек, Көк-Ой айылдык кеңештеринин, Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдык кеңештеринин, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешинин, Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинин, Ноокат районунун Исанов айылдык кеңешинин, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештеринин жана Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин, Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2023-жылдын 9-апрелине дайындалды.
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулар!
Кыргыз Республикасынын 18 жаш куракка чыккан, шайлоо ѳткѳрүлүп жаткан тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчѳсү болуп саналган жаран жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого укугу бар.
Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет.
Жергиликтүү жамааттын мүчөсү - тиешелүү айылдык аймактын, шаардын аймагында туруктуу жашаган жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамаат менен жалпы кызыкчылыктары байланышкан Кыргыз Республикасынын жараны. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү туруктуу жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы белги менен аныкталат;
Шайлоочулардын алдын ала тизмеси шайлоочулардын кѳрсѳтүлгѳн маалыматтар менен таанышуусу жана тактап алуусу үчүн 2023-жылдын 8-февралында www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталында (добуш берүү күнүнѳ чейин 60 календардык күн калганга чейин) участоктор боюнча жайгаштырылган.
Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 52 шайлоо участогу түзүлдү. 52 УШК боюнча шайлоочулардын жалпы саны 71061 шайлоочуну түзѳт.
Шайлоо участокторунда шайлоочулардын тизмеси мыйзамдарга ылайык 2023-жылдын 18-февралына чейин илинет.
Өзүңүз жѳнүндѳ маалыматтарды тѳмѳндѳгүлѳрдѳн тактасаңыз болот:
1255 же 119 номерлерине чалуу менен;
www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталында;
шайлоо участогунда;
“119” номерине ѳзүңүздүн ПИН – паспорттогу жеке идентификациялык номериңизди кѳрсѳтүү менен СМС-билдирүү жиберүү аркылуу, Сиз шайлоо участогунун номерин жана дарегин ала аласыз (СМС-билдирүү жѳнѳтүү жана телефон чпалуу акысыз).
Кандай гана болбосун ката же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле Сиз шайлоочулардын алдын ала тизмесинде жок болсоңуз, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен КР жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, арыз менен 2023-жылдын 24-мартына чейин (ошол күндү кошуп алганда) тиешелүү участоктук шайлоо комиссиясына кайрылууга укугуңуз бар.
Шайлоо участогуна арыз бергенде жаран биометрикалык идентификациядан өтөт.
Биометрикалык идентификациядан өтпѳгѳн жарандар калкты тейлѳѳ борборлорунда (КТБ) жана жашаган жери боюнча жарандык абалдын актысын жазуу, паспорттоштуруу жана калкты каттоо органдарынан (Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү министрлигине караштуу ведомстволук түзүм) ушул жол-жободон ѳтсѳ болот.
Арызды электрондук форматта, «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу www.tizme.gov.kg сайтына, белгиленген тартипте авторлошуудан ѳтүү аркылуу берсе да болот.
Шайлоолордо добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүү укугуна ээ экендигин эсиңиздерге салабыз.
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын мүчѳлѳрү, саясий партиялардын ѳкүлдѳрү
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» КР Мыйзамына ылайык шайлоо ѳткѳрүлүп жаткан тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчѳсү болуп саналган жаран жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайлана алат.
21 жаш куракка толгон, жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайлана алат.
Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же соттун мыйзамдуу өкүмү күчүнө киргендиги боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого жана шайланууга укугу жок.
Соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайланууга укугу жок.
Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо мажоритардык тутум боюнча жүргүзүлѳт.
Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону ѳткѳрүү үчүн аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2023-жылдын 18-февралына чейин шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын иштеп чыгат жана аларды бекитүү үчүн КР БШКга киргизет.
Кѳп мандаттуу шайлоо округдары бир мандатка шайлоочулардын санынын болжолдуу бирдейлиги менен (шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 10 пайыздан ашпаган, ал эми жетүүгө кыйын жана алыскы жерлерде 15 пайыздан ашпаган жол берилген орточо ченеминен четтөө менен) түзүлѳт.
Ар бир округда мандаттардын 30%ынан кем эмесин аялдар үчүн резервде калтыруу 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган 14 жергиликтүү кеңешке азыркы шайлоолордун ѳзгѳчѳлүгү экендигин белгилѳѳ зарыл. Бул кеңештерде аялдар үчүн квота биринчи жолу колдонулууда.
Шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жана ар бир округ боюнча аялдар үчүн резервде калтырылган мандаттардын саны жѳнүндѳ маалыматтар менен КР БШКнын расмий сайтынан www.shailoo.gov.kg (Башкы баракча/шайлоочулар/шайлоо округдары жана чек аралар) жана ЖМКдан таанышса болот.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык, айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештерине талапкерлерди кѳрсѳтүү укугу саясий партияларга жана ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү аркылуу жарандарга берилет.
Шайлоолорго катышуу боюнча талапкерлерге жана саясий партияларга кѳмѳк кѳрсѳтүү иретинде КР БШКнын расмий сайтына арыздардын тариздери жана талапкерлерге коюлуучу талаптар жѳнүндѳ эскертемелер, үгүт жүргүзүү, шайлоо өнөктүгүн каржылоо жѳнүндѳ маалымат жайгаштырылган.
(https://shttps://shailoo.gov.kg/ru/vybory-mestnyh-keneshej-aprel-2023-g/)
Кыргыз Республикасын санариптештирүү саясатынын алкагында тадапкерлерди каттоо үчүн “Электрондук талапкер” программасы киргизилген, ал талапкерлерге документтерин электрондук түрдѳ киргизүүгѳ мүмкүнчүлүк берет. Талапкерлердин маалыматтарынын мыйзамдардын талаптарына ылайык келишин текшерүү “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук ѳз ара аракеттешүү тутуму аркылуу ишке ашырылат (паспорттогу маалыматтары (катталгандыгы), КР жарандыгы (СӨМ), соттуулугунун жоктугу (ИИМ), жалпы орто билиминин болушу (ББжИМ), саясий партиянын катталгандыгы (Минюст) ж.б.).
Аймактык шайлоо комиссиялары талапкерлерге кеңеш беришет жана «Электрондук талапкер» программасын пайдаланууга кѳмѳктѳшѳт.
Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди кѳрсѳтүү жана зарыл керектүү документтерди берүү шайлоолор дайындалган күндѳн (2023-жылдын 7-феваралынан) башталып, шайлоо күнүнѳ 30 календардык күн калганга чейин, б.а. 2023-жылдын 9-мартында саат 24.00гө чейин аяктайт.
Документтер кагаз жүзүндө жана электрондук вариантта кабыл алынат.
Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө 20 календардык күн калганда, б.а. 2023-жылдын 20-мартына чейин аяктайт.
Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү 2023-жылдын 20-мартынан тартып башталат жана 2023-жылдын 8-апрелинде саат 8.00дө токтотулат.
2023-жылдын 9-апрели – добуш берүү күнү.
Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары 2023-жылдын 29-апрелине чейин (добуш берүү күнүнөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирилбестен) аныкталат.
Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоодо резервге калтырылган мандаттар алгач башка аял-талапкерлерге караганда көбүрөөк добуштардын санына ээ болгон аял-талапкерлер ортосунда бөлүштүрүлөт.
Эгерде шайлоо округунда аял-талапкерлердин саны резервге калтырылган мандаттардын санынан аз болсо, анда жогоруда көрсөтүлгөн мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар башка талапкерлер ортосунда бөлүштүрүлөт.
Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!
Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессинде аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жергиликтүү деңгээлде чечүүчү ролду аткарат. Калктын бүтүндөй шайлоо процессине ишеним деңгээли көбүнесе сиздердин иш-аракеттериңиздерге жараша болот.
Мыйзамдуулук, калыстык, айкындуулук, ачыктык – бул бардык деңгээлдердеги шайлоо комиссияларынын негизги иш принциптери.
Аймактык шайлоо комиссияларына өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөт, алар айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо процессинен баштап, айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо аяктаганга чейин шайлоочулар, талапкерлер жана саясий партиялар менен түздөн-түз иштерди уюштуруусу керек. Шайлоонун бардык катышуучулары үчүн тең шарттарды камсыздоо – бул процесстеги башкы талаптардан болуп калууга тийиш!
Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү!
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөктөшүүгө милдеттүү:
- керектүү жабдууларды, транспорт каражаттарын берүү;
- орун-жайларды, анын ичинде жогору турган шайлоо комиссиясына же архивге өткөрүп бергенге чейин технологиялык жабдууларды (такта, добуш берүү үчүн үкөк, кабиналар ж.б.), шайлоо өткөрүү боюнча документтерди сактоо үчүн орун-жайларды берүү, ошондой эле аларды кайтарууну камсыздоо;
- үзгүлтүксүз телефон, интернет байланышы, электр (ошондой эле электр аркылуу азыктандыруунун альтернативалуу булагы менен камсыздоо зарыл), жылуулук менен камсыздоо;
- керектүү маалыматтарды жана материалдарды берүү;
- шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу шайлоо комиссияларынын кайрылууларына – дароо, тиешелүү маселени кошумча изилдөө же текшерүү зарыл болгон учурда – 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү – токтоосуз жооп берүү.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын бул жайга тоскоолдуксуз кирүүсүн жана анда добуш берүүсүн, анын ичинде ыңгайлуу келип-кетүү жана жөө жүрүү жолдорун, жеке автотранспортун токтотуучу атайын жерлердин, имараттын биринчи кабаттарында добуш берүү үчүн жайлардын жайгаштырылышын же лифттердин, эшиктердин кең улагасынын, пандустардын болушу (пандусту орнотуу мүмкүн болбосо, жардамга чакыруу баскычтары менен жабдылышы), төшөмөлөр, тактилдик көрсөткүчтөр, жетиштүү жарыктандыруу менен камсыздалууга тийиш.
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелерин тактоо маселелери боюнча көмөктөшүүгө милдеттүү.
Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо дайындалган күндөн тартып 35 календардык күндүн ичинде ар бир шайлоо участогунда басылма үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүүгө жана жабдууга милдеттүү.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары тарабынан ыкчам чара көрүүнүн координациялык топтору түзүлөт, анын курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирет.
Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун негизги иш-милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү;
- көрүлүүчү чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо.
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
Шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн ЖМК жана интернет-басылмалар КР БШКдан аккредитациядан өтөт.
Шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууну каалаган ЖМК, интернет-басылмалар шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2023-жылдын 17-февралына чейин обо убактысын, басма аянтын берүү үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары же интернет-басылмага жарыялоо укугу жөнүндө маалыматтарды КР БШКга берет.
КР БШК аймактардагы жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө жигердүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын иши тууралуу бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр экендигин билдирет.
Урматтуу талапкерлер, шайлоо процессинин катышуучулары!
Шайлоонун укуктук нукта өтүшү үчүн шайлоо мыйзамдарынын ченемдеринин талаптары бекем сакталууга тийиш, ал эми шайлоо процессинин башка катышуучулары менен өз ара аракеттешүүдө өз ара сый-урмат көрсөтүү зарыл.
КР БШК тарабынан шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн эшик ачык, добуш берүүнүн жыйынтыктарынын аныктыгын, айкындуулукту, калыстыкты кепилдейт жана шайлоо тынч, туруктуу маанайда өтүшүнө болгон күч-аракетин жумшайт, талапкерлердин жана шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук баалуу ишке ашыруу үчүн бардык зарыл жана бирдей шарттарды түзөт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен КР БШКга пилоттук режимде дистанциялык, электрондук добуш берүү, убактылуу регламенттөө менен жабдуулардын модернизацияланган түрлѳрүн колдонуу жана башка зарыл чаралдарды көрүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунуш кылынды.
БШКнын чечими менен жергиликтүү кеңеш жана добуш берүү форматы белгиленет. Бул маалымат кошумча түрдѳ шайлоочуларга билдирилет.
БШКнын маалымат ресурстары
КР БШКнын расмий сайтынанда www.shailoo.gov.kg тѳмѳндѳгүлѳр менен таанышса болот:
www.talapker.shailoo.gov.kg сайтында талапкерлер, талапкерлердин шайлоо программалары жана шайлоо фонддору тууралуу жалпы маалыматтар көрсөтүлгөн.
БШКнын Даттануулар жана кайрылуулар реестринде
(https://www.shailoo.gov.kg/ru/registry/ ) атайын электрондук ресурсунда шайлоо комиссияларына (КР БШК, АШК, УШК) келип түшкөн даттануулар жана арыздар, алар боюнча кабыл алынган чечимдер жана сот актылары менен тааныша аласыз.
БШКнын ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКТ) шайлоочулар жана шайлоо мыйзамдарынын башка субъектилери үчүн шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалымат берүү үчүн байланыш каналдары:
1255 – кыска номери;
0990 02-12-55; 0502 00-12-55 WhatsApp номерлери;
0312 62-62-46 – ишеним телефону;
kgor_cec@shailoo.gov.kg – электрондук дарек.
0312 66-02-40 – КР БШКнын коомдук кабылдамасы.
Кененирээк билүү >>
БШК 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган КРдин 14 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планын бекитти
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 8-февралындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын 5 облусунун 14 айылдык кенешинде депутаттарды шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планын бекитти.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 19 ПЖ Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2023-жылдын 9-апрелине дайындалды.
КР Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу үчүн жана мыйзамдардын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын Календардык планын кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн негизги багыттары жана этаптары:
Шайлоону маалыматтык жактан камсыздоо
- ЖМК, интернет-басылмалар тарабынан акы төлөө өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды БШКга берүүсү – 2023-жылдын 17-февралына чейин.
Шайлоочулардын тизмелери менен иштөө
- шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзүү жана Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен чыгарып алуу – 2023-жылдын 8-февралына чейин;
- шайлоочуларга тааныштыруу үчүн шайлоочулардын алдын ала тизмесин илүү – 2023-жылдын 18-февралына чейин;
- шайлоочулардын тизмесиндеги каталар жана так эместиктер, тизмеде болбогондук жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу жана иштеп чыгуу – (2023-жылдын 24-мартына чейин (кошуп алганда);
- шайлоочуларга тааныштыруу үчүн шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү – 2023-жылдын 10-мартына чейин;
- шайлоочулардын шайлоо участокторунун чек араларына ылайык бөлүштүрүлгөн биротоло тизмесин түзүү – 2023-жылдын 30-мартына чейин.
Шайлоо округдарын түзүү
шайлоо округдарын түзүү – 2023-жылдын 18-февралына чейин;
- шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү – 2023-жылдын 18-февралына чейин.
Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо
- айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү – добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда (2023-жылдын 9-мартында саат 24.00гө чейин);
- айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн зарыл болгон документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү –добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен (2023-жылдын 9-мартында саат 24.00гө чейин);
- айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо – добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күнгө чейин (2023-жылдын 20-мартына чейин).
Шайлоо алдындагы үгүт
- шайлоо алдында үгүт жүргүзүү – 2023-жылдын 20-мартынан тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда (2023-жылдын 8-апрелинде саат 8.00дө) токтотулат.
Шайлоо бюллетендерин даярдоо жана шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү
- шайлоо бюллетенинин текстин бекитүү – 2023-жылдын 20-мартына чейин;
- шайлоо бюллетендерин даярдоо – 2023-жылдын 30-мартына чейин.
Добуш берүүнү өткөрүү тартиби
- добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө шайлоочунун жазуу жүзүндөгү арызын кабыл алуу – 2023-жылдын 6-апрелине чейин;
- добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү өткөрүү – добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн мурда (2023-жылдын 8-апрели, саат 8.00дөн 20.00гө чейин);
- добуш берүүнү өткөрүү – 2023-жылдын 9-апрели, саат 8.00дөн 20.00гө чейин;
- айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо – 2023-жылдын 29-апрелине чейин.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 8-февралындагы өткөн жыйналышында Нарын шаардык, Ат-Башы, Кара-Көл, Аксы, Сузак, Ысык-Ата, Кара-Суу, Өзгөн, Тоң, Түп, Кара-Буура жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депутаты Жунусова Ырыс Орокеевнанын (№3, «Өнүгүү-Прогресс» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Чоробек кызы Айзат (№6, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Коюн айылдык кеңешинин депутаты Айыпов Бейшенбек Жумабековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдыраев Турарбек Мукашовичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Таабалдиев Адилет Таабалдиевичтин (№8, «Ынтымак» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Шакиров Байбуура Садырбековичке (№11,«Ынтымак» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кашка-Суу айылдык кеңешинин депутаты Урустемов Керимкул Дуйшебаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Исманалиев Бегимкул Акимбаевичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кашка-Суу айылдык кеңешинин депутаты Сатыбалдиев Аман Жакыпбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Базаралиев Абдиназар Токтосуновичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты Жороев Нургалбек Асылбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Оморов Айбек Акматовичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Логвиненко айылдык кеңешинин депутаты Мамбетова Бактыгул Кудайбергеновнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Торогельдиева Эльмира Шекирбаевнага өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айылдык кеңешинин депутаты Айтмамбетов Айдарбек Есенкуловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Тагаев Бек Тагаевичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айылдык кеңешинин депутаты Кенжекулова Улукбү Полотбековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдуллаев Самат Ташболотовичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Өзгөн районунун Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты Токтогул кызы Заринанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Сыяев Женишбек Жусупжановичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Өзгөн районунун Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты Зарылбек уулу Данияр ыйгарым укуктары жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпагандыгына байланыштуу токтотулду. Мандат Чыпаев Сыргабай Турдумаматовичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Б.Мамбетов айылдык кеңешинин депутаты Сагын уулу Өмүрбектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Ашакеев Улукбек Нурлановичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ысык-Көл айылдык кеңешинин депутаты Мусаев Кумар Махмутбековичтин ыйгарым укуктары жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпагандыгына байланыштуу токтотулду.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сан-Таш айылдык кеңешинин депутаты Орозбаков Эдилбек Сыдыковичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сан-Таш айылдык кеңешинин депутаты Акматов Оразакун Усеновичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айылдык кеңешинин депутаты Байтереков Талант Оболбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айылдык кеңешинин депутаты Жайлобаев Марат Жайлобаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылдык кеңешинин депутаты Кожоева Шарапаткан Орозбаевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айылдык кеңешинин депутаты Эсенгожоев Эмил Сагыновичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Калиев Медет Мукашевичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айылдык кеңешинин депутаты Каныбекова Жылдыз Каныбековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айылдык кеңешинин депутаты Акматов Бактыбек Сагындыковичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.
Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Жунусалиев Тынчтык Токтогуловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Сариев Аман Токоновичке өткөрүп берилди.
Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү жыйналышта өз арыздарынын негизинде Абдыкайым уулу Улукбекти Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кашка-Суу айылдык кеңешинин, Токтакунова АсельТынычбековнаны (№12, «Бирге-Вместе» саясий партиясы) Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы 14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо 2023-жылдын 9-апрелине дайындалды
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-февралындагы №19 ЖП Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2023-жылдын 9-апрелине дайындалды.
Шайлоо өлкөнүн 5 облусунун 14 айылдык кенешинде өтөт:
- Ош облусунун Ноокат районунун Исанов айылдык кеңешинде, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинде, Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинде, Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешинде;
- Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдык кеңештеринде;
- Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек, Көк-Ой айылдык кеңештеринде;
- Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинде, Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинде;
- Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештеринде.
14 айылдык кенештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн 9 АШК жана 52 УШК иштейт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен КР БШКга убактылуу регламенттөө жана башка зарыл болгон чараларды көрүү менен аралыктан, электрондук добуш берүү формаларын, жабдуулардын модернизацияланган түрлөрүн колдонууну пилоттук режимде апробациялоо мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды.
БШКнын чечими менен жергиликтүү кеңеш жана добуш берүү форматы аныкталат. Бул маалымат шайлоочуларга кошумча маалымдалат.
2023-жылдын 9-апрелине дайындалган 14 айылдык кенештин депутаттарын шайлоо боюнча маалымат
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2023-жылы 8 - февралда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 8 февраль 2023-ж.
Убактысы: 11:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө каралган сметасын бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Дюшембаева Г.К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттулук бөлүмдүн башчысы)
3. 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө
(баяндамачы – Дюшембаева Г.К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттулук бөлүмдүн башчысы)
4. Шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунун тексти жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
5. 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча жумушчу топторун түзүү жѳнүндѳ
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
6. 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
7. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Нарын шаардык, Ат-Башы, Кара-Көл, Аксы, Сузак, Ысык-Ата, Кара-Суу, Өзгөн, Тоң, Түп, Кара-Буура жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
8. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Жер титирөөнүн курмандыктарына байланыштуу КР БШК Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешине жана Түркиянын КРдеги элчилигине көңүл айтуу жөнөттү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Түрк Республикасында 2023-жылдын 6-февралында болгон катуу жер титирөөнүн натыйжасында көп сандаган курмандыктарга байланыштуу Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешине жана Түркиянын КРдеги элчилигине көңүл айтуу жөнөттү.
“Катуу жер титирөө жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык жана каза болгондордун туугандарынын азасын тең бөлүшөбүз. Жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайбыз”.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
70 жарандык жана санариптик билим берүү борборунда ачык эшик күнү ѳткѳрүлдү
Кыргыз Респрубликасынын аймактарындагы бардык 70 жарандык жана санариптик билим берүү борборунда бүткүл дүйнѳдѳ белгиленүүчү Шайлоонун бүткүл дүйнѳлүк күнүнѳ карата ачык эшик күнү ѳткѳрүлдү.
Борбордун кызматкерлери балдарга «Жаштар жана шайлоо. Келечекке жоопкерчилик» темасында лекцияларды ѳткѳрүштү жана шайлоолордун ачык-айкындыгын жана аныктыгын камсыз кылган шайлоо системаларынын иши кѳрсѳтүлүп, добуш берүү күнүнүн жол-жоболорун моделдештирүү жүргүзүлдү.
Ачык эшик күнү бардыгы болуп борборго 1710 жаш жаран катышты, алар Кыргыз Республикасындагы шайлоо системасы жана шайлоо укуктары менен таанышты.
2014-2022-жылдардагы шайлоо реформасынын алкагында мамлекет демократиялык шайлоолорду ѳткѳрүү үчүн бардык шарттарды түзгѳн. Жаңы маалыматтык технологиялардын киргизилиши менен ачык-айкындык камсыз кылынды, ал эми шайлоо мыйзамдарына киргизилген соңку ѳзгѳртүүлѳр татыктуу талапкерди тандап алууга мүмкүнчүлүк берет.
Бүткүл республика боюнча бардык шайлоочулардын тизмесинин түзүмүндѳ жаш шайлоочуларга (18-29 жаш) берилген үлүш 32%, б.а. 1 201 533 адамды түзѳрүн эске алуу менен саясий чечимдердин кабыл алуу процессине жаштардын ѳкүлчүлүгү жана катышуусу ѳтѳ маанилүү. Ошону менен бирге, жаш адамдын саясий институттарда, чечимдерди кабыл алуу процессинде, анын ичинде шайлоолордо тийиштүү деңгээлде ѳкүлчүлүгүнүн болуусу үчүн, алар ѳз укуктарын жакшы билип, бардык деңгээлдерде катышуу үчүн зарыл билимдерге ээ болуусу зарыл.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча жаш жарандар жаштардын шайлоолорго катышуусунун зарылдыгына ишеништи, анткени жок дегенде бардык жаш шайлоочулардын жарымы катышкан күндѳ да ал шайлоолордун жыйынтыгына таасирин тийгизерине ынанышты. БШК келечекте алдыдагы 2025-2027-жылдарда болуучу шайлоолорго жаштарды активдүү катышууга чакырды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКда жаш жарандын мектеби ѳткѳрүлдү
Жыл сайын февралдын биринчи бейшембисиндн шайлоонун эл аралык күнү белгиленет. Салт боюнча ушул күнү КР БШКда электрондук тематикада ар түрдүү иш-чаралар ѳткѳрүлѳт.
Шайлоонун эл аралык күнүнүн урматына КР БШК Шайлоо системасынын эл аралык фонду (IFES) менен биргеликте Ж. Баласагын атындагы КУУ, «Ала-Тоо» эл аралык университети, АГУПКР, КРСУ, БГУ, И. Арабаев атындагы КМУ студенттери үчүн жаш жарандын мектебин ѳткѳрдү.
Жаш жарандын мектебинин үч күндүк программасында студенттерге жаштардын чечимдерди кабыл алууга катышуусунун жана бүгүнкү жана эртеңки саясатты иштеп чыгууга катышууда добуш кошуу укугуна ээ болуусунун мааниси тууралуу айтылды. Шайлоолорго жаштардын инклюзивдүү катышуусу жаш муундардын муктаждыгы эске алынган туруктуу жана тынч коомду курууда чечүүчү мааниге ээ.
Кыргызстандын жаш жараны потенциалдуу шайлоочу болуп саналат, ошондуктан шайлоого болгон алардын жоопкер, аң-сезимдүү мамилесин калыптандыруу маанилүү. Шайлоого катышып, добуш берүү аркылуу жаш адам мамлекеттин ѳнүгүшүнѳ таасирин тийгизүү менен ѳзүн кѳрсѳтүү мүмкүнчүлүгүнѳ ээ болот.
Мамлекеттик түзүлүш жана адамдын жана жарандын укуктары жѳнүндѳ билим берүү менен бирге, окуунун катышуучуларына шайлоолордун ачык-айкындыгын жана аныктыгын камсыз кылган шайлоо системаларынын иши кѳрсѳтүлүп, добуш берүү күнүнүн жол-жоболорун моделдештирүү жүргүзүлдү.
Иш-чаранын катышуучулары БШК аппаратынын иштери менен таанышып, Жогорку Кеңештин пленардык жыйынына катышты жана депутат М. Маматалиев менен жолугушуп, шайлоо тематикасы жана инсандын ѳсүүсү боюнча кызыккан суроолроун беришти.
Иш-чаранын соңунда катышуучуларга сертификаттар берилип, ал эми эң активдүү жаштар эстелик белектер менен сыйланышты.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоонун эл аралык күнү менен куттуктоосу
Урматтуу коллегалар – шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү жана КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери, урматтуу ѳнѳктѳштѳр, жаранадар!
Борбордук шайлоо комиссиясы Сиздерди шайлоонун эл аралык күнү менен куттуктайт.
Жыл сайын февралдын биринчи бейшембиси шайлоонун эл аралык күнү деп белгиленет. Ушул күн 2005-жылдын сентябрында Венгрияда шайлоону уюштуруучулардын глобалдык конференциясында уюштурулган. Коомдун аң-сезиминде демократиялык жана эркин шайлоолордун баалуулуктарын бекемдѳѳ, калктын укуктук жана электоралдык маданиятын кѳтѳрүү, шайлоо укугунун жана процессинин ѳнүгүүсү жѳнүндѳ коомчулукка маалымдоо шайлоонун бүткүл дүйнѳлүк күнүн ѳткѳрүүнүн негизги максаты болуп саналат.
Кыргыз Республикасында жүргүзүлгѳн шайлоо укуктарын жана процессин реформалоонун натыйжасында шайлоочулардын санынын аныктыгына жана ачык-айкындыгына жетишилип, шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгү жакшыртылып, ден соолунунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды кошуп алганда шайлоочулардын ар түрдүү категорияларынаын жеткиликтүүсү камсыз кылынып жана улам ѳркүндѳтүлүп, эркин жана атаандаштык шайлоолордун механизмдерин ѳркүндѳтүү, шайлоо мыйзамдарын бузууга натыйжалуу каршы туруу, шайлоонун жүрүшүндѳ шайлоодогу талаш-тартыштарды мыйзамдуу жана акыйкат чечүү боюнча, шалооунун укуктук жана саясий маданиятын кѳтѳрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдѳ.
Реформанын азыркы этабындагы ушул натыйжалар рефороманын бардык катышуучуларынын: Президенттин, Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик органдардын жана ЖӨАБ органдарынын, жарандык коомдун, кѳз карандысыз эксперттердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, эл аралык ѳнѳктѳштѳрдүн саясий эрки жана активдүү кѳмѳктѳшүүсү аркылуу жетишилди, эң башкысы – Кыргызстандын жарандарынын катышуусунан жана колдоосунан улам болду.
Али алдыда шайлоорлордун ачык-айкындыгын жана инклюзивдүүлүгүн ѳркүндѳтүү боюнча, шайлоолордун саясий маданиятын кѳтѳрүү жана жарандардын ишенимин жогорулатуу боюнча кѳп иштер бар.
Борбордук шайлоо комиссиясы биргелешкен иштериңиздер жана колдооңуздар үчүн баарыңыздарга ыраазычылыктбилдирет жана маанилүү милдеттерди чечүүнү алга жылдыруу жана реформанын андан аркы максаттарына жетишүү үчүн жалпы күч-аракеттерди жумшай тургандыгыңыздарга ишенгендигин билдирет.
Урматтуу кесиптештер жана ѳнѳктѳштѳр!
Шайлоолорду уюштуруудагы жана жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуудагы сиздердин компетенттүү жана жоопкер мамилеңиздерден улам, мына ушул жарандык ардактуу миссияны аткарууда сиздердин атуулдук жана эмгекчил мамилелеңиздер менен Кыргызстанда тынч, мыйзамдуу, ачык-айкын жана эркин шайлоолор камсыз кылынып жатат, бул ѳлкѳнүн туруктуу, демократиялуу ѳнүгүшүнүн маанилүү факторлорунун бири болуп саналат.
Борбордук шайлоо комиссиясы Сизге жана сиздердин үй-бүлѳңүздѳргѳ чың ден-соолук, бакубат турмуш, бардык жакшылыктарды калайт!
Кененирээк билүү >>
Бүркѳк электрондук колтамганы ѳлкѳнүн бардык аймактарында ачылган Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунан алса болот
Бүркѳк электрондук колтамга (БЭК) ѳлкѳнүн бардык аймактарында ачылган Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунан (ЖСБББ) алса болот.
Ошол эле жерден каалоочулардын баары Тундук -https://portal.tunduk.kg/. кызмат кѳрсѳтүүнүн мамлекеттик порталын пайдаланууну окуп үйрѳнѳ алат.
БЭК акысыз берилет. Электрондук колтамга толук юридикалык күчкѳ ээ жана «кол менен коюлган колтамганын» эквиваленти болуп саналат. БЭК аркылуу жарандар идентификацияланат жана «Түндүк» порталынан кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү ала алат.
Жалпысынан мамлекеттик порталда 149 кызмат кѳрсѳтүү бар. ЖСБББ борборлорунда Интернетке жетүүнү пайдалануу аркылуу электрондук документтерди алуу, ошондой эле порталда бар керектүү маалымкаттарды жана маалыматтарды (жарандын катталган жери жѳнүндѳ маалымкатты, кыймылсыз мүлуккѳ укугунун кѳчүрмѳсүн, транспорт каражаты жана айып пулдардын бар экендиги тууралуу маалыматты, салык тѳлѳѳлѳр боюнча маалыматты, никеге катталгандыгы жѳнүндѳ маалыматты, баланын туулгандыгы жѳнүндѳ күбѳлүк маалыматын жана башкаларды) бастырып чыгарып алуу үчүн арыз берип, мамлекеттик порталдын кызматынан пайдаланса балат.
Борбордун кызматкерлери күн сайын жумушчу күндѳрү саат 10.00дѳн 11.00гѳ чейин электорондук кызмат кѳрсѳтүүлѳрдүн мамлекеттик проталын пайдалануунун эржелерин окутууну жүргүзѳт. Жарандык жана санариптик билим берүүнүн айрым борборлорунда иштѳѳнүн башка графиги белгилениши мүмкүн. Жамааттардын тапшырыктары боюнча ЖСБББ макулдашылган график боюнча топ-топтордун тренингин ѳткѳрѳ алат.
Бүркѳк элекрондук колтамга дайыма бир күндүн ичинде берилет.
Аймактардагы жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун даректерин жана иштѳѳ графигин ушул жерден кѳрсѳ болот .
Пайда болгон куроолор боюнча 1255, +312 620171 телефону же болбосо bilim@shailoo.gov.kg электорндук почтасына кайруу алкылуу билсе болот.
Маалымат иретинде: Жарандык жана санариптик билим берүүнүн 70 борборунда бүткүл республика боюнча китепканалардын, жаштар борборлорунун, маданият үйлѳрүнүн, ЖӨАБ имараттарынын базасында ачылган.
Бул долбоор Санариптик ѳнүктүрүү министрлиги («Түндүк» МИ жана «Инфоком» МИ), БШКнын жарандык билим берүү борбору жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте жүзѳгѳ ашырылууда.
Борборлордо жарандык билим берүүнүн программалары ишке ашырылып, калктын бардык катмалары үчүн санариптик кѳндүмдѳрдү үйрѳтүү жүргүзүлѳт. Борборлордун ишинин алкагында иш-чаралардын форматы ѳлкѳдѳ жарандык, укуктук жана санариптик билим берүүгѳ багытталган онлайн/оффлайн курстарды окутуу, тренингдерди, семинарларды, конференцияларды, дебаттарды, аялдар клубдарын ѳткѳрүү каралган.
КР БШКнын Жарандык билим берүү жана IT борбору
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 25-январындагы өткөн жыйналышында Кадамжай, Лейлек, Сүлүктү, Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Сокулук, Чүй, Москва, Нарын жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин депутаты Абдуллаева Кумушай Коргонбаевнанын ыйгарым укуктары соттун өкүмүнүн негизинде токтотулду. Мандат Урустамова Сайдана Абдувалиевнага өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек айылдык кеңешинин депутаты Мукарамов Равшанбек Атамбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду Мандат Шакиров Бурханхожо Ташкожоевичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек айылдык кеңешинин депутаты Жамилова Мукадас Абдирашитовнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду Мандат Касымов Тыныбек Мавлидиновичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Бактыбек уулу Толкунбектин (№2, «Республика» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Рахманов Мамаюсуп Туйгуновичке (№4, «Республика» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Ош облусунун Ноокат районунун Т.Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Назаров Жыргалбек Сабыровичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Шарипбаев Асланбек Буркановичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Ашимов Самат Абдумажитовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдыразаков Атамкул Абдиназаровичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Ракманберди уулу Эламандын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Жееналиев Сагынбай Апишовичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Амат уулу Алимбектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Исаев Аскарбек Тынчыевичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Айдарбек уулу Чубактын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Сарыков Батырбек Жунусовичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылдык кеңешинин депутаты Сүйүндүк уулу Айбектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мааткалыков Турдали Абдижамиловичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылдык кеңешинин депутаты Кадыр уулу Тыныбектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Өзгөнбаев Акжол Төлөнбаевичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылдык кеңешинин депутаты Мойдунов Абдумалик Сатаровичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Жолдошов Абдисамат Кубатбековичке өткөрүп берилди.
Каза болгондугуна байланыштуу Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Ниязалиева Жибек Шаршеевнанын ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Акматов Мирбек Рахматуллаевичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаты Шакенбаева Клара Октябревнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Калыкова Салтанат Кусеиновнага өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Дархан айылдык кеңешинин депутаты Жаманаков Мухтар Субанбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Оторбаев Муратбек Жолоочиевичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айылдык кеңешинин депутаты Асакеев Алтынбек Усупжановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Жолдошбек уулу Аскарга өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Сокулук районунун Камышановка айылдык кеңешинин депутаты Жусупов Ташполот Иброхимжоновичтин ыйгарым укуктары жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосуна байланыштуу токтотулду. Мандат Камаров Камчыбекке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Чүй районунун Шамшы айылдык кеңешинин депутаты Орозбаков Куванычбек Джолдошбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Анарбаев Нурадил Кадырбековичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Усенбаев Марат Бекболотовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Супатаев Чыныбек Жеңилдиковичке өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Нарын районунун Миң-Булак айылдык кеңешинин депутаты Усенов Илияз Төлөбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Тыналиев Алтынбек Турдакуновичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Абдулажанов Султанбек Абдулажановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Нурмаматов Медеткан Мамашовичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ырыс айылдык кеңешинин депутаты Дадажанов Махаммадрасул Хусанбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдужалилов Расулжан Сайдирахмановичке өткөрүп берилди.
Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү жыйналышта өз арыздарынын негизинде Тотуева Зулкумар Моллоевна жана Жанкараев Кайратбек Абдимиталиповичти Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек айылдык кеңешинин, Турсунов Каарбек Жеенбаевичти Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айылдык кеңешинин, Колчоков Аттокур Абдрашутовичти Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылдык кеңешинин, Дуйшеева Ардак Кеңешовнаны Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2023-жылы 25 - январда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2023-жылдын 25-январы
Убактысы: 11:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кадамжай, Лейлек, Сүлүктү, Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Сокулук, Чүй, Москва, Нарын жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу.
(баяндамачы – Кожокеева М., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Жаңы жылдык куттуктоо!
Урматтуу кыргызстандыктар!
Урматтуу кесиптештер – шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиздерди кирипкелген жаңы 2023-жылыңыздар менен куттуктайт!
Өтүп жаткан 2022-жыл мамлекетибиздин ѳнүгүүсүнүн бардык чѳйрѳсүндѳ Кыргызстан үчүн, ошондой эле ар бир жараныбыз үчүн маанилүү окуяларга жык болду.
Баткен жана Ош облустарындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялар Кыргызстан элинин болоттой бекем эркин кѳрсѳтүп, баатырдык кубат-демин айгинеледи. Кыргызстандыктар атуулдуктун жана каармандыктын, ынтымак-ырашкерликтин, биримдиктин мыкты сапаттарын, мамлекетибиздин андан ары ѳнүгүүсүнѳ ѳз салымдарын кошуунун үлгүсүн кѳрсѳтѳ алышты.
2022-жылы Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык биринчи Элдик Курултай ѳткѳрүлдү, ал жүрѳк ооруткан ар түрдүү кѳйгѳйлѳрдү жана ѳлкѳбүздүн алдында турган милдеттерди чечүү боюнча бардык аймактардан келишкен жергиликтүү жамааттын ѳкүлдѳрүнүн, ошондой эле тармактык топтордун ой-пикирлерин жана сунуштарын билдирген маанилүү аянтчага айланды. Курултайда кѳп жылдык кризистин себептери менен бирге, коомду руханий-ахлактык ѳнүктүрүү, жарандык билим берүү жана маданият жаатындагы кѳйгѳйлѳр да аталды.
2022-жылдын сентябрь айында ѳлкѳбүздүн аймактарында Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин колдоосунда БШКнын, маданият жана санариптик ѳнүктүрүү министрликтеринин күч-аракеттери менен биргеликте социалдык маанилүү долбоор болгон «Жарандык жана санариптик билим берүү борбору» иштей баштады.
Мамлекет тарабынан бардык аймактарда жайылтылган, компьютерлер менен жабдылган 70 борбордун базасында ыңгайлуу шарттарды түзүү долбоорду жүзѳгѳ ашыруунун модели болду, ал эми долбоордун кызыкдар ѳнѳктѳштѳрү жарандык жана санариптик билим берүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү жана билим берүү иштери үчүн бардык мүмкүнчүлүктѳрүн жана күч-аракеттерин бириктире алды. Жаңы жылда алыскы райондордо жана айылдарда жаңы борборлорду ачуу аркылуу долбоор акырындап жайылтылмакчы.
Кийинки шайлоо цикли 2025-жылы жергиликтүү шайлоолор менен башталарын эске алуу менен, БШК ѳнѳктѳштѳр менен биргеликте алдыдагы жылдарда жарандарга шайлоо укуктарын жана процесстерин, адам укугун, демократияны жана эл бийлигин, акниет башкарууга жана ѳлкѳнүн туруктуу ѳнүгүшүнѳ таасир берүүчү коомдогу маанилүү коомдук-саясий процесс катары шайлоолор, шайлоо институттары аркылуу мамлекетти жана коомду башкарууга эркин жана реалдуу түрдѳ жетүүнү түшүндүрүүгѳ жана маалымдоого ѳзгѳчѳ кѳңүл бурмакчы.
Долбоор жарандык жана санариптик тематиканын кеңери спектри боюнча иштерге багытталган жана калктын бардык курактык топтору эске алынган.
Урматтуу мекендештер!
Жаңы 2023-жыл кайратман элибиз жана эгемен мамлекетибиз үчүн тынчтыктын, элдердин биримдигинин, сүйүктүү ѳлкѳбүздүн гүлдѳп ѳсүүсүнүн жылы болсун!
Сиздерге жана үй-бүлѳңүздѳргѳ чың ден-соолук, кесиптик жана жекемүдѳѳңүздѳрдүн ишке ашышын, бакубат турмуш жана бак-таалай каалайбыз!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
22.10.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
21.10.2026
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
19.10.2026
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19.10.2026
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19.10.2026
Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери
16.10.2026
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү