Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
04.03.2023

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 4-мартындагы өткөн жыйналышында Түп, Ак-Суу, Базар-Коргон жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Мандат Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылдык кеңешинин депутаты Мамытов Бактыбек Орозгелдиевичке өткөрүп берилди. Мандат Ысык-Көл облусунун Талды-Суу районунун Арал айылдык кеңешинин депутаты Орозбаева Айзада Дуйшеновнага өткөрүп берилди. Мандат Ысык-Көл облусунун Талды-Суу районунун Арал айылдык кеңешинин депутаты Мамытканов Бакыт Ракымжановичке өткөрүп берилди. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное айылдык кеңешинин депутаты Апазов Адилет Усеновичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Касымбеков Уланбек Усеналыевичке өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айылдык кеңешинин депутаты Ажиматов Курманбек Мажитовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Бейшенов Айбек Тыныбековичке өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айылдык кеңешинин депутаты Паязова Динара Омурзаковнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мамалиев Кубанычбек Бакытбековичке өткөрүп берилди. Ош облусунун Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Умаралиев Санжарбек Маматмусаевичтин (№4, «Нур» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдукаримов Тохтасин Акбаржановичке (№7, «Нур» саясий партиясы) өткөрүп берилди. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү        
Кененирээк билүү >>
БШК Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
04.03.2023

БШК Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылы 4-мартта Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди. Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - «Ата Мекен» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Пиназаров Алмамат Атыркулович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Эсенбаева Миргуль Эсенбаевна, Абдибает кызы Гулдар комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Додоев Уланбек Абдимиталипович, Мамасадыков Адилбек Раимжанович, Даткабек кызы Гулбара резервден комиссиянын курамына киргизилсин. Токтом Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү А.А. Пиназаровдун, М.Э. Эсенбаеванын жана Г. Абдибает кызынын  Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2023-жылы 4-мартта өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
04.03.2023

КР БШКнын 2023-жылы 4-мартта өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 4 март 2023-ж.                                                                                    Убактысы: 14:00                                                                                    Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы 1. «Баткен облусунун Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаардык кеӊештеринин жана Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондорунун айрым жергиликтүү кеңештердин аймагындагы шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30- январындагы №14 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2. «2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө каралган сметасын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 8-февралындагы №3 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Түп, Ак-Суу, Базар-Коргон жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 4. Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө      (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 5. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү менен куттуктоо
03.03.2023

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү менен куттуктоо

Урматтуу кыргызстандыктар! Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү менен куттуктайт! Кыргызстандын Мамлекеттик туусу биздин көз карандысыздыгыбыздын жана биримдигибиздин символу болуп саналат. Мамлекеттик туу биз бир улут болуп саналарыбызды, биздин Ата мекенибиздин гүлдөп-өнүгүшүнө жана бакубат турмушуна бирге умтулаарыбызды дайыма эске салып турсун! Сиздерге ден соолук жана бакыт, ал эми Кыргызстанга тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайбыз!
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Самаркандек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүүнү пилоттук режимде апробациядан өткөрөт
25.02.2023

КР БШК 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Самаркандек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүүнү пилоттук режимде апробациядан өткөрөт

«Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө»  Кыргыз  Республикасынын  Президентинин  2023-жылдын  6-февралындагы  №19  ПЖ  Жарлыгын аткаруу үчүн БШК электрондук добуш берүүнү пилоттук режимде апробациялоо катары Баткен облусунун Баткен  районунун Самаркандек айылдык кеңешин аныктады. Электрондук добуш берүү электрондук шайлоо бюллетенин пайдалануу жана шайлоочунун эрк-ниетин купуя билдирүүсүн камсыздоо менен добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерлерде добуш берүү дегенди билдирет. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар – Самаркандек айылдык кеңешинин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү электрондук добуш берүүгө катыша алышат. Электрондук добуш берүүгө катышуу үчүн Баткен облусунун Баткен  районунун Самаркандек айылдык кеңешинин шайлоочулары добуш берүү  күнүнө  чейин  15  календардык  күндөн  кечиктирбестен б.а. 2023-жылдын  24-мартына  чейин  (кошуп  алганда)  мыйзамдарга ылайык идентификациядан жана авторлоштуруудан өтүп, тиешелүү шайлоо  комиссиясына  арыз берүүгө же «Шайлоочунун кабинети» (voter-cabinet.srs.kg) сервиси аркылуу электрондук түрдө арыз бере алышат. Электрондук добуш берүүгө катышуу жөнүндө арыз берген шайлоочу электрондук добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизилип, электрондук жол менен гана добуш берүүгө катыша алат. Электрондук добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочунун төмөнкүлөрү болушу керек: - “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнүн мамлекеттик порталында колдонуудагы эсепке алынуучу каттоосу; - булут электрондук кол тамгасы; - Интернет түйүнүнө кирүү мүмкүнчүлүгү менен мобилдик түзүлүшү же персоналдык компьютери; - атайын тиркемеси. Маалымат үчүн: Самаркандек айылдык кеңешинин шайлоочуларынын алдын ала тизмесине 7 524 адам киргизилген, анын ичинде, ЖӨБ органдарынын маалыматы боюнча 1 568 адам Самаркандек айылдык кеңешинин чегинен тышкары жерлерде аргасыздан жашап келатат.  Сурап ​​билүү үчүн телефондор: коомдук кабылдама +996 312 660240, 1255 кыска номери.  
Кененирээк билүү >>
Таанышып, тактоо үчүн шайлоочулардын алдын ала тизмеси шайлоо участокторунда илинди
25.02.2023

Таанышып, тактоо үчүн шайлоочулардын алдын ала тизмеси шайлоо участокторунда илинди

Урматтуу шайлоочулар! 2023-жылдын 18-февралынан тартып 24-мартына чейинки (кошуп алганда) мезгилде шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз: 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен; «tizme.gov.kg.» сайтында; шайлоо участогунда; өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуу акысыз).   Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 2023-жылдын 24-мартына чейин (кошуп алганда) тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга же  электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg.” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу арызды тапшырсаңыз болот.   Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык, шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнү активдүү шайлоо укугуна ээ, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болгон жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын баардык жарандары киргизилет. Шайлоочунун жергиликтүү жамаатка мүчөлүгү туруктуу жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы белги менен аныкталат (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-бер. 41-абз.; 12-бер.1-бөл.).  
Кененирээк билүү >>
КР БШК кыргызстандыктарды Мекен коргоочулар күнү менен куттуктайт!
22.02.2023

КР БШК кыргызстандыктарды Мекен коргоочулар күнү менен куттуктайт!

Урматтуу мекендештер! Сиздерди Мекен коргоочулар күнү менен куттуктайбыз! 23-февраль – бул Ата Мекенибизди коргогон жана учурда коргоп жүргөн бардык адамдардын эрдигин жана каармандыгын белгилөөчү күн. Бул күн өлкөбүздө тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоодогу сиздердин ролдун маанилүүлүгүн, ошондой эле өзүңүздөрдүн жакындарыңарды, досторуңарды жана туугандарыңарды коргоодогу сиздердин берилгендигиңерди, эр жүрөктүүлүгүңөдү эске салат. Биз сиздер өтөп жаткан кызматты, сиздердин жетишкендиктериңерди жогору баалайбыз, сиздерге бекем ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайбыз. Ар бир күн сиздерге жаңы жеңиштерди алып келсин, ал эми өлкөбүз сиздердин эрдигиңердин жана берилгендигиңердин аркасында ар дайым коргоодо болсун. Майрамыңыздар кут болсун, кымбаттуу Мекен коргоочулар! Өтөгөн кызматыңар жана эрдигиңер үчүн сиздерге ыракмат айтабыз!
Кененирээк билүү >>
БШК Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн ЖМКларды жана интернет-басылманы аккредитациядан өткөрдү
22.02.2023

БШК Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн ЖМКларды жана интернет-басылманы аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылы 22-февралда өткөн жыйналышында 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган  Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн 18 жалпыга маалымдоо каражатын жана интернет-басылманы аккредитациядан өткөрдү, анын ичинде: Телекөрсөтүү – 3 (үч); Радио - 5 (беш); Басма басылышы - 9 (тогуз); Интернет-басылма – 1 (бир). Аккредитациядан өткөрүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылманын тизмеси        КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
22.02.2023

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 22-февралындагы өткөн жыйналышында Панфилов, Сокулук, Кара-Көл, Сузак жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Чүй облусунун Панфиловка районунун Вознесеновка айылдык кеңешинин депутаты Омуркулова Рима Джолдошовнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Султаналиев Максат Султанбековичке өткөрүп берилди. Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты Стойко Оксана Васильевнанын ыйгарым укуктары жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосуна байланыштуу токтотулду. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Болгомбеков Асылбек Арстанкуловичтин (№4, «Энергетик» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Касымов Ильхам Рахимовичке (№26,«Энергетик» саясат партиясы)  өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Чондолоев Таалай Турганбековичтин (№2, «Мекен-Ынтымагы» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Томошов Талгат Жакутбековичке (№7, «Мекен-Ынтымагы» саясат партиясы) өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айылдык кеңешинин депутаты Джайчиев Улан Аканбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Бусурманкулов Кайратбек Калысбековичке өткөрүп берилди. Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айылдык кеңешинин депутаты Турузбекова Самара Сыртбаевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Султанов Жаныбек Макеновичке өткөрүп берилди. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2023-жылы 22-февралда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
22.02.2023

КР БШКнын 2023-жылы 22-февралда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 22.02.2023-ж. Убактысы: 14:45 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет басылманы аккредитациялоо жөнүндө (баяндамачы – Р.Р. Изреков, маалымат бөлүмүнүн башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Панфилов, Сокулук, Кара-Көл, Сузак жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 3. 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүүнү жана идентификациялоодо колдонуучу модернизацияланган түзүлүштөрдү пилоттук режиминде апробациялоо жөнүндө (жумушчу кеңешмени өткөрүү менен)  (баяндамачы – М.М. Кутбердиева, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 4. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти
15.02.2023

БШК айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 15-февралында өткөн жыйналышында 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек, Көк-Ой айылдык кеңештеринин, Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдык кеңештеринин, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешинин, Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинин, Ноокат районунун Н. Исанов айылдык кеңешинин, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештеринин жана Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин, Алүмүдүн районун Байтикайылдык кеңешине депутаттарды шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти. Токтом Жумгал, Баткен, Ноокат, Кара-Суу, Алай, Кара-Кулжа, Кара-Буура, Жайыл жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүүнү сунуштаган чечимдеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык кабыл алынды. Нарын облусу        Баткен облусу        Ош облусу          Талас облусу         Чүй облусу         КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
15.02.2023

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 15-февралындагы өткөн жыйналышында Ак-Суу, Тоң, Сүлүктү, Кара-Көл, Сузак, Аксы, Ноокат, Кара-Суу, Ак-Талаа, Жумгал, Сокулук жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылдык кеңешинин депутаты Кенжебек уулу Эрмектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Джангазиев Талант Максимовичке өткөрүп берилди. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылдык кеңешинин депутаты Тулкубаев Алтынбек Турганбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Асанбеков Калыс Бектеновичке өткөрүп берилди. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айылдык кеңешинин депутаты Турганбаев Асылбек Омурбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Үсөнтүр уулу Жеңишбекке өткөрүп берилди. Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Абдыназаров Нурбек Рахманбердыевичтин (№2, «Жаны Доор» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Омурзаков Бексултан Абдунаимовичке (№5, «Жаны Доор»саясий партиясы) өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Нусубалиев Гульжигит Бекболсуновичтин (№1, «Ыйман - Нуру» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Сандыбаев Байсалбек Токтогазиевич (№7, «Ыйман - Нуру» саясий партиясы) өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Курманбек айылдык кеңешинин депутаты Шырдаков Мирбек Жаныбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Нарматов Куралбек Токталиевичке өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кыз-Көл айылдык кеңешинин депутаты Эргешов Эрлан Мамарасуловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Бердалиев Жылдызбек Ражабалиевичке өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Добо айылдык кеңешинин депутаты Көкчөев Арзыгул Абдикеримовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Шакиев Курсантбек Тагайбековичке өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Дуйшебаева Самара Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Чойбекова Тинатин Жумабековнага өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Ашырбеков Шакирбек Ашырбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Надырбеков Туратбекке өткөрүп берилди. Каза болгондугуна байланыштуу Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты Усманов Ядгарбек Шафкатовичтин (№5, «Биздин Кыргызстан» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Урманов Хабибилла Нематжанович (№22, «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы өткөрүп берилди. Мандат Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин Маматурдиев Зайнобидин Абдурахмановичке (№24,«Биздин Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.  Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс айылдык кеңешинин депутаты Абдували уулу Айбектин ыйгарым укуктары жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпагандыгына байланыштуу токтотулду. Мандат Калмурзаев Улукбек Жакшыбаевичке өткөрүп берилди. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылдык кеңешинин депутаты Аалиев Аманбек Насирдиновичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Келдибек уулу Бердибекке өткөрүп берилди. Нарын облусунун Жумгал районунун Жаңы-Арык айылдык кеңешинин депутаты Майрамбек кызы Айжананын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Маламкулова Жаркын Сулкарбековнага өткөрүп берилди. Чүй облусунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаты Раимкулова Венера Сагынбековнанын (№4, «Ата-Журт Кыргызстан» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Итибаева Жылдыз Белековна (№8, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди. Чүй облусунун Сокулук районунун  Асылбаш айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбек кызы Жадыранын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Качкынбаев Эстен Насировичке өткөрүп берилди. Чүй облусунун Сокулук районунун  Төмөнкү – Чүй айылдык кеңешинин депутаты Шералиев Манас Мыкимовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Пириев Киёмидин Асомидиновичке  өткөрүп берилди. Талас облусунун Талас районунун Бердике баатыр айылдык кеңешинин депутаты Кенжебекова Айдана Кенжебековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Касмалиева Элмира Мелиспековнага өткөрүп берилди. Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү жыйналышта өз арыздарынын негизинде Сатыбалдиев Бактияр Жемабековичти Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылдык кеңешинин, Жусупов Сүйүнбек Садыковичти (№21, «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы) Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин, Кенешов Толкунбек Зулумбаевичти (№23, «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы) Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин, Маматкулов Гуломиддин Исломиддиновичти Чүй облусунун Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айылдык кеңешинин, Анарбекова Турсунай Базарбековнаны Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Нарын  облусунун Жумгал  районунун Чаек айыл аймагындагы № 4116 шайлоо участогунун  дарегин өзгөрттү
15.02.2023

БШК Нарын  облусунун Жумгал  районунун Чаек айыл аймагындагы № 4116 шайлоо участогунун  дарегин өзгөрттү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 15-февралындагы жыйналышында Жумгал  районунун Чаек айыл аймагындагы № 4116 шайлоо участкасынын  дарегин өзгөртүү жөнүндө токтом кылды: Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл аймагындагы № 4116 шайлоо участкасынын дареги Т. Турсунбаева атындагы орто мектеп-гимназиясынын имаратынан Т.Турсунбаева атындагы «Соң-Көл» кинотеатрынын имаратына өзгөртүлсүн. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн. Чечим Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4-пунктарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, кабыл алынды. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкасынын дареги өзгөртүлгөндүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
15.02.2023

БШК Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылы 15-февралда Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Осмоналиев Алмазбек Шарипович комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Алибаев Жоомарт Акылбекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин. Токтом Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Ш. Осмоналиевдин Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2023-жылы 15-февралда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
15.02.2023

КР БШКнын 2023-жылы 15-февралда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 15.02.2023  Убактысы: 13:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын, Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу  жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ак-Суу, Тоң, Сүлүктү, Кара-Көл, Сузак, Аксы, Ноокат, Кара-Суу, Ак-Талаа, Жумгал, Сокулук жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 3. Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин №4116 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 4. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 224 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 6. Ар түрдүү маселелер  
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмесин жарыялады
09.02.2023

КР БШК 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмесин жарыялады

Шайлоочулардын алдын ала тизмеси, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, мындан ары – КР СӨМ) маалыматтарынын негизинде түзүлүп, шайлоочулардын "Тизме" мамлекеттик порталына жайгаштырылды- https://tizme.gov.kg/view/public/tik_list_public_regional.xhtml. 2023-жылдын 8-февралына карата алдын ала тизмедеги шайлоочулардын саны - 71 696 шайлоочуну түздү, анын ичинен эркектер - 36 027, аялдар - 35 669 шайлоочу же тиешелүү түрдө 50,25% 49,75%. Шайлоочулардын кагазга басылып чыгарылгын тизмелери 52 шайлоо участкасында 2023-жылдын 18-февралына чейин илинет. Шайлоо мезгилинде шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу жана тактоо күн сайын, шайлоочулардын кайрылуусу боюнча жана КР СӨМ менен өз ара байланышта жүргүзүлөт. Урматтуу шайлоочулар! 2023-жылдын 18-февралынан тартып 24-мартына чейинки (кошуп алганда) мезгилде шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз: 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен; «tizme.gov.kg» сайтында; шайлоо участогунда; өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуу акысыз). Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 2023-жылдын 24-мартына чейин (кошуп алганда) Сиз паспортуңуздун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт. Ошондой эле арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, "tizme.gov.kg" сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса болот. Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ – ЦОН) бул жол-жободон өтө алышат. Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык-шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнү активдүү шайлоо укугуна ээ, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болгон жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын баардык жарандары киргизилет. Шайлоочунун жергиликтүү жамаатка мүчөлүгү туруктуу жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы белги менен аныкталат. (Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 2-бер. 41-абз.; 12-бер.1-бөл.) Шайлоочулардын контролдук тизмеси 2023-жылдын 5-мартына чейин түзүлүп, «Тизме» мамлекеттик порталына жайгаштырылат, ал эми шайлоо участкаларында 2023-жылдын 10-мартына чейин илинет. Шайлоочулардын биротоло тизмеси 2023-жылдын 30-мартына чейин түзүлүп, “Тизме” мамлекеттик порталына жайгаштырылат, ал эми шайлоо участкаларында 2023-жылдын 6-апрелине чейин илинет.     2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2023-жылдын 8-февралына карата шайлоочулардын саны боюнча маалымат     Облус, аймактык шайлоо комиссия, айылдык кеңеш УШК саны шайлоочулардын саны 19.05.2019 (*02.12.2018 Нарын обл) шайлоочулардын саны 08.02.2023     Баардыгы: 52 61868 71696   Ош облусу 19 22803 26863   Ноокат АШК 8 9057 10768   Н.Исанов айылдык кеңеш 8 9057 10768   Кара-Суу АШК 7 10236 12220   Отуз-Адыр айылдык кеңеш 7 10236 12220   Алай АШК 2 1620 1783   Кабылан-Көл айылдык кеңеш 2 1620 1783   Кара-Кулжа АШК 2 1890 2092   Кеңеш айылдык кеңеш 2 1890 2092   Баткен облусу 12 13722 16045   Баткен АШК 12 13722 16045   Ак-Татыр айылдык кеңеш 3 3460 4031   Самаркандек айылдык кеңеш 5 6411 7497   Ак-Сай айылдык кеңеш 4 3851 4490   Нарын облусу 9 8911 10217   Жумгал АШК 9 8911 10217   Көк-Ой айылдык кеңеш 3 1825 2048   Чаек айылдык кеңеш 6 7086 8169   Чүй облусу 6 8026 9032   Жайыл АШК 2 2321 2717   Кызыл-Дыйкан айылдык кеңеш 2 2321 2717   Аламүдүн АШК 4 5705 6315   Байтик айылдык кеңеш 4 5705 6315   Талас облусу 6 8406 9539   Кара-Буура АШК 6 8406 9539   Шекер айылдык кеңеш 2 2968 3351   Бейшеке айылдык кеңеш 3 3267 3742   Бакыян айылдык кеңеш 1 2171 2446    
Кененирээк билүү >>
1 … 133 135 … 485