Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук …

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын КАЙРЫЛУУСУ

08-Фев, 2023

Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү, саясий партиялардын, 

жалпыга  маалымдоо  каражаттарынын  ѳкүлдѳрү,  шайлоо  процессинин  катышуучулары!

 

«Кыргыз  Республикасынын  жергиликтүү  кеңештеринин  депутаттарын  шайлоону  дайындоо  жѳнүндѳ»  Кыргыз  Республикасынын  Президентинин  2023-жылдын  6-февралындагы  №19  ПЖ  Жарлыгы  (мындан  ары  –  Жарлык)  менен  Нарын  облусунун  Жумгал  районунун  Чаек,  Көк-Ой  айылдык  кеңештеринин,  Баткен  облусунун  Баткен  районунун  Самаркандек,  Ак-Сай,  Ак-Татыр  айылдык  кеңештеринин,  Ош  облусунун  Кара-Кулжа  районунун  Кеңеш  айылдык  кеңешининАлай  районунун  Кабылан-Көл  айылдык  кеңешинин,  Ноокат  районунун  Исанов  айылдык  кеңешинин,  Кара-Суу  районунун  Отуз-Адыр  айылдык  кеңешинин,  Талас  облусунун  Кара-Буура  районунун  Шекер,  Бейшеке,  Бакыян  айылдык  кеңештеринин  жана  Чүй  облусунун  Жайыл  районунун  Кызыл-Дыйкан  айылдык  кеңешинин, Аламүдүн районунун Байтик айылдык  кеңешинин   депутаттарын  шайлоо  2023-жылдын  9-апрелине  дайындалды. 

Урматтуу  Кыргыз  Республикасынын  жарандары,  шайлоочулар!

Кыргыз  Республикасынын  18  жаш  куракка  чыккан,  шайлоо  ѳткѳрүлүп  жаткан    тийиштүү  администрациялык-аймактык  бирдиктин  жергиликтүү  жамаатынын  мүчѳсү  болуп  саналган  жаран  жергиликтүү  кеңештердин  депутаттарын  шайлоого  укугу    бар. 

  Шайлоочулардын  тизмесине  добуш  берүү  күнүнө  карата  жигердүү  шайлоо  укугуна  ээ  болгон,  жергиликтүү  жамааттын  мүчөсү  болуп  саналган  жана  "Кыргыз  Республикасынын  жарандарын  биометрикалык  каттоо  жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамында  белгиленген  тартипте  биометрикалык  каттоодон  өткөн  Кыргыз  Республикасынын  бардык  жарандары  киргизилет.

Жергиликтүү  жамааттын  мүчөсү  -  тиешелүү  айылдык  аймактын,  шаардын  аймагында  туруктуу  жашаган  жана  жергиликтүү  маанидеги  маселелерди  чечүүдө  жергиликтүү  жамаат  менен  жалпы  кызыкчылыктары  байланышкан  Кыргыз  Республикасынын  жараны.  Шайлоочунун  жергиликтүү  жамааттагы  мүчөлүгү  туруктуу  жашаган  жерин  каттоо  жөнүндө  жарандын  паспортундагы  белги  менен  аныкталат;

Шайлоочулардын  алдын ала    тизмеси  шайлоочулардын  кѳрсѳтүлгѳн  маалыматтар  менен  таанышуусу  жана  тактап  алуусу  үчүн  2023-жылдын  8-февралында  www.tizme.gov.kg  мамлекеттик  порталында  (добуш  берүү  күнүнѳ  чейин  60  календардык  күн  калганга  чейин) участоктор боюнча жайгаштырылган. 

Добуш  берүүнү  уюштуруу  үчүн  52  шайлоо  участогу түзүлдү.  52  УШК  боюнча  шайлоочулардын  жалпы  саны  71061  шайлоочуну  түзѳт. 

Шайлоо  участокторунда  шайлоочулардын  тизмеси  мыйзамдарга  ылайык  2023-жылдын  18-февралына  чейин  илинет. 

Өзүңүз  жѳнүндѳ  маалыматтарды  тѳмѳндѳгүлѳрдѳн  тактасаңыз  болот:

  • 1255  же    119  номерлерине  чалуу  менен;
  • www.tizme.gov.kg мамлекеттик  порталында; 
  • шайлоо  участогунда;
  • “119”  номерине  ѳзүңүздүн  ПИН  –  паспорттогу  жеке  идентификациялык  номериңизди  кѳрсѳтүү  менен    СМС-билдирүү  жиберүү  аркылуу,  Сиз  шайлоо  участогунун  номерин  жана  дарегин  ала  аласыз  (СМС-билдирүү  жѳнѳтүү  жана  телефон  чпалуу  акысыз).

Кандай  гана  болбосун  ката  же  так  эместикти  тапкан  учурда,  ошондой  эле  Сиз  шайлоочулардын  алдын  ала  тизмесинде  жок  болсоңуз,  добуш  берүү  күнүнө  чейин  15  календардык  күндөн  кечиктирбестен  КР  жаранынын  паспортунун    көчүрмөсүн  тиркеп,  арыз  менен  2023-жылдын  24-мартына  чейин  (ошол  күндү  кошуп  алганда)  тиешелүү  участоктук  шайлоо  комиссиясына  кайрылууга  укугуңуз  бар.

Шайлоо  участогуна  арыз  бергенде  жаран    биометрикалык  идентификациядан  өтөт.

Биометрикалык  идентификациядан  өтпѳгѳн  жарандар  калкты  тейлѳѳ  борборлорунда  (КТБ)  жана  жашаган  жери  боюнча  жарандык  абалдын  актысын  жазуу,  паспорттоштуруу  жана  калкты  каттоо  органдарынан  (Кыргыз  Республикасынын  Санариптик  ѳнүктүрүү  министрлигине  караштуу  ведомстволук  түзүм)    ушул  жол-жободон  ѳтсѳ  болот. 

Арызды  электрондук  форматта,  «Шайлоочунун  кабинети»  сервиси  аркылуу  www.tizme.gov.kg сайтына,  белгиленген  тартипте  авторлошуудан  ѳтүү  аркылуу  берсе  да  болот. 

Шайлоолордо  добуш  берүү  күнү  шайлоочулардын  тизмесине  киргизилген  жарандар  гана  добуш  берүү  укугуна  ээ  экендигин  эсиңиздерге  салабыз. 

 

Урматтуу  Кыргыз  Республикасынын    жергиликтүү  жамааттарынын  мүчѳлѳрү,  саясий  партиялардын  ѳкүлдѳрү

 

         «Кыргыз  Республикасынын  жергиликтүү  кеңештеринин  депутаттарын  шайлоо  жѳнүндѳ»    КР  Мыйзамына  ылайык  шайлоо  ѳткѳрүлүп  жаткан    тийиштүү  администрациялык-аймактык  бирдиктин  жергиликтүү  жамаатынын  мүчѳсү  болуп  саналган  жаран  жергиликтүү  кеңештин  депутаты  болуп  шайлана  алат. 

21  жаш  куракка  толгон,  жалпы  орто  билимден  төмөн  эмес  билими  бар,  тиешелүү  администрациялык-аймактык  бирдиктин  жергиликтүү  жамаатынын  мүчөсү  жергиликтүү  кеңештин  депутаты  болуп  шайлана  алат.

Сот  тарабынан  аракетке  жөндөмсүз  деп  табылган  же  соттун  мыйзамдуу  өкүмү  күчүнө  киргендиги  боюнча  эркиндигинен  ажыратуу  жайларында  кармалып  турган  жарандар  шайлоого  жана  шайланууга  укугу  жок.

Соттуулугу  мыйзамда  белгиленген  тартипте  жоюлбаган  адамдар  жергиликтүү  кеңештердин  депутаттыгына  шайланууга  укугу  жок.

Айылдык  кеңештердин  депутаттарын  шайлоо  мажоритардык  тутум  боюнча  жүргүзүлѳт. 

Кыргыз  Республикасынын  Нарын,  Баткен,  Ош,  Талас  жана  Чүй    облустарынын айрым  жергиликтүү  кеңештеринин  депутаттарын  шайлоону  ѳткѳрүү  үчүн  аймактык  шайлоо  комиссиялары  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдарынын  өкүлдөрүнүн  катышуусу  менен  добуш  берүү  күнүнө  чейин  50  календардык  күндөн  кечиктирбестен,  б.а.  2023-жылдын  18-февралына  чейин  шайлоо  округдарынын  схемасын  жана  чек  араларын  иштеп  чыгат  жана  аларды  бекитүү  үчүн  КР БШКга    киргизет.

Кѳп  мандаттуу  шайлоо  округдары  бир  мандатка  шайлоочулардын  санынын  болжолдуу  бирдейлиги  менен  (шайлоочулардын  өкүлчүлүгүнүн  орточо  ченеминен  10  пайыздан  ашпаган,  ал  эми  жетүүгө  кыйын  жана  алыскы  жерлерде  15  пайыздан  ашпаган  жол  берилген  орточо  ченеминен  четтөө  менен)    түзүлѳт.

Ар  бир  округда  мандаттардын  30%ынан  кем  эмесин аялдар үчүн резервде калтыруу  2023-жылдын  9-апрелине  дайындалган  14  жергиликтүү  кеңешке  азыркы  шайлоолордун  ѳзгѳчѳлүгү  экендигин  белгилѳѳ  зарыл.  Бул  кеңештерде  аялдар  үчүн  квота  биринчи  жолу  колдонулууда. 

Шайлоо  округдарынын  схемасы  жана  чек  аралары  жана  ар  бир  округ  боюнча  аялдар  үчүн  резервде  калтырылган  мандаттардын  саны  жѳнүндѳ  маалыматтар  менен  КР  БШКнын  расмий  сайтынан  www.shailoo.gov.kg (Башкы  баракча/шайлоочулар/шайлоо  округдары  жана  чек  аралар)  жана  ЖМКдан  таанышса  болот. 

“Жергиликтүү  кеңештердин  депутаттарын  шайлоо  жѳнүндѳ”  Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамынын  49-беренесинин  2-бѳлүгүнѳ  ылайык,  айыл  аймактарынын  жергиликтүү  кеңештерине  талапкерлерди  кѳрсѳтүү  укугу  саясий  партияларга  жана  ѳзүн  ѳзү  кѳрсѳтүү  аркылуу  жарандарга  берилет. 

Шайлоолорго  катышуу  боюнча  талапкерлерге  жана  саясий  партияларга  кѳмѳк  кѳрсѳтүү  иретинде  КР  БШКнын  расмий  сайтына  арыздардын тариздери  жана талапкерлерге  коюлуучу  талаптар  жѳнүндѳ  эскертемелер, үгүт жүргүзүү, шайлоо өнөктүгүн каржылоо жѳнүндѳ маалымат  жайгаштырылган. 

  (https://shttps://shailoo.gov.kg/ru/vybory-mestnyh-keneshej-aprel-2023-g/)

Кыргыз  Республикасын  санариптештирүү  саясатынын  алкагында  тадапкерлерди  каттоо  үчүн  “Электрондук  талапкер”  программасы  киргизилген,  ал  талапкерлерге  документтерин  электрондук  түрдѳ  киргизүүгѳ  мүмкүнчүлүк  берет.  Талапкерлердин  маалыматтарынын  мыйзамдардын  талаптарына  ылайык  келишин  текшерүү  “Түндүк”  ведомстволор  аралык  электрондук  ѳз  ара  аракеттешүү  тутуму  аркылуу  ишке  ашырылат  (паспорттогу  маалыматтары  (катталгандыгы),  КР  жарандыгы  (СӨМ),  соттуулугунун  жоктугу  (ИИМ),  жалпы  орто  билиминин  болушу  (ББжИМ),  саясий  партиянын  катталгандыгы  (Минюст)  ж.б.). 

Аймактык  шайлоо  комиссиялары  талапкерлерге  кеңеш  беришет  жана  «Электрондук  талапкер»  программасын  пайдаланууга  кѳмѳктѳшѳт. 

Айылдык  кеңештердин  депутаттыгына  талапкерлерди  кѳрсѳтүү    жана  зарыл  керектүү  документтерди  берүү  шайлоолор  дайындалган  күндѳн  (2023-жылдын  7-феваралынан) башталып,  шайлоо күнүнѳ  30  календардык  күн  калганга  чейин,  б.а.  2023-жылдын  9-мартында  саат 24.00гө    чейин  аяктайт. 

Документтер  кагаз  жүзүндө  жана  электрондук  вариантта  кабыл  алынат.

Айылдык  кеңештердин  депутаттыгына  талапкерлерди  каттоо  шайлоо  күнүнө  20  календардык күн калганда, б.а.  2023-жылдын  20-мартына  чейин  аяктайт.

Айылдык  кеңештердин  депутаттарын  шайлоодо  шайлоо  алдындагы  үгүт  иштерин  жүргүзүү  2023-жылдын  20-мартынан  тартып  башталат  жана  2023-жылдын  8-апрелинде    саат  8.00дө  токтотулат.

 

2023-жылдын  9-апрели  –  добуш  берүү  күнү.

Айылдык  кеңештердин  депутаттарын  шайлоонун  натыйжалары                      2023-жылдын  29-апрелине  чейин  (добуш  берүү  күнүнөн  тартып                        20  календардык  күндөн  кечиктирилбестен)  аныкталат.

Айылдык  кеңештердин  депутаттарын  шайлоонун  натыйжаларын  аныктоодо  резервге  калтырылган  мандаттар  алгач  башка  аял-талапкерлерге  караганда  көбүрөөк  добуштардын  санына  ээ  болгон  аял-талапкерлер  ортосунда  бөлүштүрүлөт.

Эгерде  шайлоо  округунда  аял-талапкерлердин  саны  резервге  калтырылган  мандаттардын  санынан  аз  болсо,  анда  жогоруда  көрсөтүлгөн  мандаттар  бөлүштүрүлгөндөн  кийин  калган  мандаттар  башка  талапкерлер  ортосунда  бөлүштүрүлөт.

Урматтуу  аймактык  жана  участкалык  шайлоо  комиссияларынын  мүчөлөрү!

Айылдык  кеңештердин  депутаттарын  шайлоону  даярдоо  жана  өткөрүү  процессинде  аймактык  жана  участкалык  шайлоо  комиссияларынын  мүчөлөрү  жергиликтүү  деңгээлде  чечүүчү  ролду  аткарат.  Калктын  бүтүндөй  шайлоо  процессине  ишеним  деңгээли  көбүнесе  сиздердин  иш-аракеттериңиздерге жараша болот.

Мыйзамдуулук,  калыстык,  айкындуулук,  ачыктык  –  бул  бардык  деңгээлдердеги  шайлоо  комиссияларынын  негизги  иш  принциптери.

Аймактык  шайлоо  комиссияларына  өзгөчө  жоопкерчилик  жүктөлөт,  алар  айылдык  кеңештердин  депутаттыгына  талапкерлерди  каттоо  процессинен  баштап, айылдык  кеңештердин  депутаттарын  шайлоонун  жыйынтыктарын  аныктоо  аяктаганга  чейин  шайлоочулар,  талапкерлер  жана  саясий  партиялар  менен  түздөн-түз  иштерди  уюштуруусу  керек.  Шайлоонун  бардык  катышуучулары  үчүн  тең  шарттарды  камсыздоо  –  бул  процесстеги  башкы  талаптардан  болуп  калууга  тийиш!

Урматтуу  Кыргыз  Республикасынын  мамлекеттик  жана  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдарынын  өкүлдөрү!

“Жергиликтүү  кеңештердин  депутаттарын  шайлоо  жөнүндө”  Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамына  ылайык,  мамлекеттик  органдар  жана  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдары,  ошондой  эле  алардын  кызмат  адамдары  шайлоо  комиссияларына  алардын  ыйгарым  укуктарын  ишке  ашырууга  көмөктөшүүгө  милдеттүү:

-  керектүү  жабдууларды,  транспорт  каражаттарын  берүү;

-  орун-жайларды,  анын  ичинде  жогору  турган  шайлоо  комиссиясына  же  архивге  өткөрүп  бергенге  чейин  технологиялык  жабдууларды  (такта,  добуш  берүү  үчүн  үкөк,  кабиналар  ж.б.),  шайлоо  өткөрүү  боюнча  документтерди  сактоо  үчүн  орун-жайларды  берүү,  ошондой  эле  аларды  кайтарууну  камсыздоо;

-  үзгүлтүксүз  телефон,  интернет  байланышы,  электр  (ошондой  эле  электр  аркылуу  азыктандыруунун  альтернативалуу  булагы  менен  камсыздоо  зарыл),  жылуулук  менен  камсыздоо;

-  керектүү  маалыматтарды  жана  материалдарды  берүү;

-  шайлоону  даярдоого  жана  өткөрүүгө  байланыштуу  шайлоо  комиссияларынын  кайрылууларына  –  дароо,  тиешелүү  маселени  кошумча  изилдөө  же  текшерүү  зарыл  болгон  учурда  –  3  күндүк  мөөнөттө,  ал  эми  добуш  берүү  күнү  же  добуш  берүү  күнүнөн  кийинки  күнү  –  токтоосуз  жооп  берүү.

“Жергиликтүү  кеңештердин  депутаттарын  шайлоо  жөнүндө”  Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамынын  29-беренесинин  6-бөлүгүнө  ылайык,  добуш  берүү  үчүн  жай  ден  соолугунун  мүмкүнчүлүктөрү  чектелүү  шайлоочулардын  бул  жайга  тоскоолдуксуз  кирүүсүн  жана  анда  добуш  берүүсүн,  анын  ичинде  ыңгайлуу  келип-кетүү  жана  жөө  жүрүү  жолдорун,  жеке  автотранспортун  токтотуучу  атайын  жерлердин,  имараттын  биринчи  кабаттарында  добуш  берүү  үчүн  жайлардын  жайгаштырылышын  же  лифттердин,  эшиктердин  кең  улагасынын,  пандустардын  болушу  (пандусту  орнотуу  мүмкүн  болбосо,  жардамга  чакыруу  баскычтары  менен  жабдылышы),  төшөмөлөр,  тактилдик  көрсөткүчтөр,  жетиштүү  жарыктандыруу  менен  камсыздалууга  тийиш.

Мамлекеттик  органдар,  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдары  аймактык  жана  участкалык  шайлоо  комиссияларына  шайлоочулардын  тизмелерин  тактоо  маселелери  боюнча  көмөктөшүүгө  милдеттүү.

Ошондой  эле  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдары  шайлоо  дайындалган  күндөн  тартып  35  календардык  күндүн  ичинде  ар  бир  шайлоо  участогунда  басылма  үгүт  материалдарын  илүү  үчүн  атайын  орундарды  берүүгө  жана  жабдууга  милдеттүү.

“Жергиликтүү  кеңештердин  депутаттарын  шайлоо  жөнүндө”  Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамынын  41-беренесинин  4-бөлүгүнө  ылайык,  шайлоону  даярдоодо  жана  өткөрүүдө  шайлоо  комиссиялары  тарабынан  ыкчам  чара  көрүүнүн  координациялык  топтору  түзүлөт,  анын  курамына  укук  коргоо  органдарынын  өкүлдөрү  кирет.

Ыкчам  чара  көрүүнүн  координациялык  тобунун  негизги  иш-милдеттери  болуп  төмөнкүлөр  саналат:

-  шайлоо  мыйзамдарын  бузууларга  ыкчам  чара  көрүү;

-  көрүлүүчү  чаралар  жөнүндө  жарандарга  маалымдоо.

 

Урматтуу  жалпыга  маалымдоо  каражаттарынын  жана  интернет-басылмалардын  өкүлдөрү!

Шайлоо  алдындагы  үгүт  иштерине  катышуу  үчүн  ЖМК  жана  интернет-басылмалар  КР  БШКдан  аккредитациядан  өтөт.

Шайлоо  алдындагы  үгүт  иштерине  катышууну  каалаган  ЖМК,  интернет-басылмалар  шайлоону  дайындоо  жөнүндө  чечим  расмий  жарыяланган  күндөн  тартып  10  календардык  күндөн  кечиктирбестен  б.а.  2023-жылдын  17-февралына  чейин  обо  убактысын,  басма  аянтын  берүү  үчүн  акынын  өлчөмү  жана  башка  шарттары  же  интернет-басылмага  жарыялоо  укугу  жөнүндө  маалыматтарды  КР  БШКга  берет.

КР  БШК  аймактардагы  жалпыга  маалымдоо  каражаттарын  маалыматтык  өнөктүккө  жигердүү  катышууга  чакырат  жана  өз  кезегинде  шайлоо  өнөктүгүнүн  жүрүшү  жана  шайлоо  комиссияларынын  иши  тууралуу  бардык  зарыл  маалыматтарды  берүүгө  даяр  экендигин  билдирет.

Урматтуу  талапкерлер,  шайлоо  процессинин  катышуучулары!

Шайлоонун  укуктук  нукта  өтүшү  үчүн  шайлоо  мыйзамдарынын  ченемдеринин  талаптары  бекем  сакталууга  тийиш,  ал  эми  шайлоо  процессинин  башка  катышуучулары  менен  өз  ара  аракеттешүүдө  өз  ара  сый-урмат  көрсөтүү  зарыл.

КР  БШК  тарабынан  шайлоо  процессинин  бардык  катышуучулары  үчүн  эшик  ачык,  добуш  берүүнүн  жыйынтыктарынын  аныктыгын,  айкындуулукту,  калыстыкты  кепилдейт  жана  шайлоо  тынч,  туруктуу    маанайда  өтүшүнө  болгон  күч-аракетин  жумшайт,  талапкерлердин  жана  шайлоочулардын  шайлоо  укуктарын  толук  баалуу  ишке  ашыруу  үчүн  бардык  зарыл  жана  бирдей  шарттарды  түзөт.

Кыргыз  Республикасынын  Президентинин  Жарлыгы  менен  КР    БШКга  пилоттук  режимде дистанциялык,  электрондук  добуш  берүү,  убактылуу  регламенттөө  менен  жабдуулардын  модернизацияланган      түрлѳрүн  колдонуу  жана  башка  зарыл  чаралдарды  көрүү    мүмкүнчүлүгүн  кароо  сунуш  кылынды.

БШКнын  чечими  менен  жергиликтүү  кеңеш  жана  добуш  берүү  форматы  белгиленет.  Бул  маалымат  кошумча  түрдѳ  шайлоочуларга  билдирилет. 

БШКнын  маалымат  ресурстары

КР  БШКнын  расмий  сайтынанда  www.shailoo.gov.kg тѳмѳндѳгүлѳр  менен  таанышса  болот:

www.talapker.shailoo.gov.kg сайтында  талапкерлер,  талапкерлердин  шайлоо  программалары  жана  шайлоо  фонддору  тууралуу  жалпы  маалыматтар  көрсөтүлгөн.

 

БШКнын  Даттануулар  жана  кайрылуулар  реестринде

(https://www.shailoo.gov.kg/ru/registry/ )    атайын  электрондук  ресурсунда  шайлоо  комиссияларына  (КР  БШК,  АШК,  УШК)  келип  түшкөн  даттануулар  жана  арыздар,  алар  боюнча  кабыл  алынган  чечимдер  жана  сот  актылары  менен  тааныша  аласыз.

БШКнын  ыкчам  чара  көрүүнүн  координациялык  тобунун  (ЫЧКТ)  шайлоочулар  жана  шайлоо  мыйзамдарынын  башка  субъектилери  үчүн  шайлоо  мыйзамдарын  бузуу  фактылары  жөнүндө  маалымат  берүү  үчүн  байланыш  каналдары:

  • 1255  –  кыска  номери;
  • 0990  02-12-55;  0502  00-12-55  WhatsApp  номерлери;
  • 0312  62-62-46  –  ишеним  телефону;
  • kgor_cec@shailoo.gov.kg  –  электрондук  дарек.

0312  66-02-40  –  КР  БШКнын  коомдук  кабылдамасы.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>