Башкы Жаңылыктар Бүркѳк электрондук колтамганы ѳлкѳнүн бардык аймактарында ачылган Жарандык …

Бүркѳк электрондук колтамганы ѳлкѳнүн бардык аймактарында ачылган  Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунан алса болот

31-Янв, 2023

Бүркѳк электрондук колтамга (БЭК) ѳлкѳнүн бардык аймактарында ачылган  Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунан (ЖСБББ)  алса болот.

Ошол эле жерден каалоочулардын баары Тундук -https://portal.tunduk.kg/. кызмат кѳрсѳтүүнүн мамлекеттик порталын пайдаланууну окуп үйрѳнѳ алат.

БЭК акысыз берилет. Электрондук колтамга толук юридикалык күчкѳ ээ жана «кол менен коюлган колтамганын» эквиваленти болуп саналат. БЭК аркылуу жарандар идентификацияланат жана «Түндүк» порталынан кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү ала алат.

Жалпысынан мамлекеттик порталда 149 кызмат кѳрсѳтүү бар. ЖСБББ борборлорунда Интернетке жетүүнү пайдалануу  аркылуу электрондук документтерди алуу, ошондой эле порталда бар керектүү маалымкаттарды жана маалыматтарды (жарандын катталган жери жѳнүндѳ маалымкатты, кыймылсыз мүлуккѳ укугунун кѳчүрмѳсүн, транспорт каражаты жана айып пулдардын бар экендиги тууралуу маалыматты, салык тѳлѳѳлѳр боюнча маалыматты, никеге катталгандыгы жѳнүндѳ маалыматты, баланын туулгандыгы жѳнүндѳ күбѳлүк маалыматын жана башкаларды)  бастырып чыгарып алуу үчүн арыз берип, мамлекеттик порталдын кызматынан пайдаланса балат.

Борбордун кызматкерлери күн сайын жумушчу күндѳрү саат 10.00дѳн 11.00гѳ чейин электорондук кызмат кѳрсѳтүүлѳрдүн мамлекеттик проталын пайдалануунун эржелерин окутууну жүргүзѳт. Жарандык жана санариптик билим берүүнүн айрым борборлорунда иштѳѳнүн башка графиги белгилениши мүмкүн. Жамааттардын тапшырыктары боюнча ЖСБББ макулдашылган график боюнча топ-топтордун тренингин ѳткѳрѳ алат.

Бүркѳк элекрондук колтамга дайыма  бир күндүн ичинде берилет.

Аймактардагы жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун даректерин жана иштѳѳ графигин ушул жерден кѳрсѳ болот .

Пайда болгон куроолор боюнча 1255, +312 620171 телефону же болбосо   bilim@shailoo.gov.kg электорндук почтасына кайруу алкылуу билсе болот.

Маалымат иретинде: Жарандык жана санариптик билим берүүнүн 70 борборунда бүткүл республика боюнча китепканалардын, жаштар борборлорунун, маданият үйлѳрүнүн, ЖӨАБ имараттарынын базасында ачылган.

Бул долбоор Санариптик ѳнүктүрүү министрлиги («Түндүк» МИ жана «Инфоком» МИ), БШКнын жарандык билим берүү борбору жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги  менен биргеликте жүзѳгѳ ашырылууда.

Борборлордо жарандык билим берүүнүн программалары ишке ашырылып, калктын бардык катмалары үчүн санариптик кѳндүмдѳрдү үйрѳтүү жүргүзүлѳт. Борборлордун ишинин алкагында иш-чаралардын форматы ѳлкѳдѳ жарандык, укуктук жана санариптик билим берүүгѳ багытталган онлайн/оффлайн курстарды окутуу, тренингдерди, семинарларды, конференцияларды, дебаттарды, аялдар клубдарын  ѳткѳрүү каралган.

КР БШКнын Жарандык билим берүү жана IT  борбору

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>