Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Президенттик шайлоодо талапкерлердин шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү тартиби бекитилди 28.08.2026

Президенттик шайлоодо талапкерлердин шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү тартиби бекитилди

Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү тартиби жөнүндө Жобо бекитилди.Аталган Жобо шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылып, талапкерлер үчүн бирдей шарттарды түзөт жана шайлоо документтерин кабыл алуу жана алардын мыйзам талаптарына шайкештигин текшерүүнүн так тартибин аныктайт. Ошондой эле, конституциялык Мыйзамда белгиленген талаптарды конкреттештирип, аларды иш жүзүндө колдонуу механизмдерин тактоого багытталган.Мындан тышкары документтердин бирдиктүү формаларын бекитүү каралган. Бул шайлоо мыйзамдарынын бир түрдүү колдонулушун камсыз кылууга, процесстик каталардын алдын алууга жана шайлоо процессин уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 28-августундагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
27.08.2026

КР БШКнын 2026-жылдын 28-августундагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери: Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 50 3-кабат, жыйындар залы Өткөрүү убактысы: саат 11:00дө   Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”   токтом долбоору жөнүндө Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө               Баяндамачы: Закиров А. М. - укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө Баяндамачы: Закиров А. М. - укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти    
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Казакстан Республикасынын Курултайынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда 23.08.2026

КР БШКнын өкүлдөрү Казакстан Республикасынын Курултайынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда

Бүгүн, 23-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын өкүлдөрү Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Казакстан Республикасынын Курултайынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда.КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Байкоочулар миссиясынын курамында шайлоо процессине байкоо жүргүзүүдө.Мындан тышкары КР БШКнын өкүлдөрү Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) эл аралык байкоочулар миссияларынын ишине катышты.Алардын арасында КР БШКнын мүчөлөрү Бодош Мамырова жана Алмаз Айбалаев, ошондой эле КР БШК аппаратынын кызматкерлери бар.Астана шаарындагы иш сапардын алкагында КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров менен Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдировдун эки тараптуу жолугушуусу өттү.Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар парламенттик шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү, шайлоо комиссияларынын ишин уюштуруу, эл аралык байкоочулардын катышуусу, ошондой эле эки өлкөнүн шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.КР БШКнын өкүлдөрү Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын чет мамлекеттердин борбордук шайлоо органдарынын өкүлдөрү үчүн өткөргөн брифингине катышты.Иш-чаранын жүрүшүндө Курултайдын депутаттарын шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн негизги өзгөчөлүктөрү, шайлоо комиссияларынын ишмердүүлүгү, шайлоо процессине байланыштуу актуалдуу маселелер боюнча маалымат берилди.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын өкүлдөрүнүн эл аралык байкоого катышуусу шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жаатында кесиптик жана практикалык тажрыйба алмашууга, Казакстан Республикасынын шайлоо практикасын үйрөнүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн шайлоо органдарынын ортосундагы эл аралык жана эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган.КМШнын Байкоочулар миссиясынын алкагында шайлоо процесси, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен чектеш аймактардагы Казакстандын шайлоо участкаларындагы добуш берүү процесси көзөмөлдөндү.Бул өз кезегинде Кыргызстан менен Казакстандын шайлоо органдарынын ортосунда практикалык тажрыйба алмашууга жана өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө кошумча мүмкүнчүлүк түздү.Маалымат үчүн2026-жылдын 15-мартында Казакстан Республикасында өткөн жалпы элдик референдумдун жыйынтыгы боюнча жаңы Конституция кабыл алынган. Ал 2026-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирген.Жаңы Конституцияга ылайык, Казакстан парламенттин бир палаталуу моделине өттү. Жаңы парламент Курултай деп аталды.Курултай 145 депутаттан турат.Депутаттар беш жылдык мөөнөткө шайланат.Шайлоого жети саясий партия катышууда.Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн 10 423 шайлоо участогу түзүлгөн.Шайлоочулардын саны 12,56 миллионго жакын адамды түзөт.Шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүү үчүн 777 эл аралык байкоочу аккредитациядан өткөн. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров ТМУга мүчө мамлекеттердин борбордук шайлоо органдарынын Консультативдик платформасынын жумушчу жыйынына катышты 22.08.2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров ТМУга мүчө мамлекеттердин борбордук шайлоо органдарынын Консультативдик платформасынын жумушчу жыйынына катышты

Бүгүн, 22-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин борбордук шайлоо органдарынын Консультативдик платформасынын жумушчу жыйынына катышты.Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын борбордук шайлоо органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышкан жыйындын жүрүшүндө “Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин шайлоо системалары” аттуу биргелешкен жыйнактын бет ачары болуп өттү.Басылмада ТМУга мүчө мамлекеттердин шайлоо системаларынын өзгөчөлүктөрү, шайлоолорду уюштуруунун жана өткөрүүнүн негизги принциптери, ошондой эле шайлоо мыйзамдарын өнүктүрүүнүн жана укук колдонуу практикасынын актуалдуу багыттары камтылган.Жыйындын алкагында дипфейктердин шайлоо процессине тийгизген таасири жана шайлоо мезгилинде анык эмес санариптик контенттин жайылышына каршы күрөшүү маселелери талкууланды.Ошондой эле маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жана шайлоо процессин заманбап санариптик коркунучтардан коргоо боюнча тажрыйба жана практикалар менен алмашууга өзгөчө көңүл бурулду.Катышуучулар ТМУга мүчө мамлекеттердин борбордук шайлоо органдарынын шайлоо процесстерин өркүндөтүү, заманбап чакырыктарга туруктуулугун жогорулатуу максатында мындан ары да кызматташуунун жана тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.  
Кененирээк билүү >>
КР БШК аралыктан добуш берүү жана шайлоо документтери боюнча Жоболорду бекитти 19.08.2026

КР БШК аралыктан добуш берүү жана шайлоо документтери боюнча Жоболорду бекитти

Бүгүн, 19-августта Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу, өткөрүү жана жыйынтыктарын чыгаруу тартиби жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө” токтомдорду кабыл алды.“Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу, өткөрүү жана жыйынтыктарын чыгаруу тартиби жөнүндө” Жобо “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31¹, 36¹-беренелерине ылайык иштелип чыкты.Жобо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу, өткөрүү, анын жыйынтыктарын чыгаруу жана жарыялоо тартибин аныктайт.Ал эми “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ жөнүндө” Жобо менен Жумушчу топтун негизги милдеттери жана ыйгарым укуктары, анын ичинде талапкерлердин шайлоо документтерин жана шайлоочулардын кол тамгаларынын аныктыгын текшерүү, ошондой эле топтун курамын түзүү, ишин уюштуруу, жыйындарды өткөрүү жана текшерүүнүн жыйынтыктарын документтештирүү тартиби белгиленет.Мындан сырткары жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын бир катар чечимдеринин күчүн жоготкон токтомдор кабыл алынды.
Кененирээк билүү >>
Араван жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
19.08.2026

Араван жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы “Араван жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды. Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Алибекова Феруза Кадыралиевна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Сайибжанов Талибжон (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди. Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Асанбеков Куватбек Асанбекович (“Замандаш” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Торобекова Наргиза Медетбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.
Кененирээк билүү >>
Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн тартиби жана шайлоочуларды маалымдоо боюнча Жумушчу топ жөнүндө Жоболорго өзгөртүүлөр киргизилди
19.08.2026

Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн тартиби жана шайлоочуларды маалымдоо боюнча Жумушчу топ жөнүндө Жоболорго өзгөртүүлөр киргизилди

Бүгүн, 19-августта Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жана “Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө” токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилди. Киргизилген өзгөртүүлөр шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн тартибин жөнгө салууга, ошондой эле шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун ишмердигин тактоого багытталган. Өзгөртүүлөрдүн бири катары шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мезгилинде шайлоочулар арасында акысыз таратууга уруксат берилген үгүт материалдарынын жана товарларынын тизмеси такталды. Ага талапкердин сүрөтү жана/же аты-жөнү же саясий партиянын символикасы түшүрүлгөн басма материалдар, экосумкалар, төш белгилер, футболкалар, жилеттер, баш кийимдер, моюн орогучтар, желектер, аба шарлары, калемдер, карандаштар, кружкалар жана блокноттор киргизилди. Мындан тышкары, үгүт материалдарын жайгаштырууга тыюу салынган объекттердин тизмеси такталып, алардын катарына кире бериш аркалар (стелалар) да киргизилди. Дагы бир өзгөртүү менен Жумушчу топтун айрым ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби такталды. Атап айтканда, Жумушчу топтун курамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү Жумушчу топтун жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылары бекитилди, ошондой эле аймактык шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү тартиби каралды.  
Кененирээк билүү >>
Президенттикке талапкерлердин бюллетендеги кезектүүлүгүн аныктоо тартиби бекитилди
19.08.2026

Президенттикке талапкерлердин бюллетендеги кезектүүлүгүн аныктоо тартиби бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитти. Өзгөртүүлөргө ылайык, чүчүкулакты өткөрүүнүн колдонуудагы негизги тартиби сакталат, ошол эле учурда бардык катталган талапкерлер же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү макул болгон учурда чүчүкулакты бир этапта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Мындай ыкма талапкерлердин кезектүүлүгүн кокусунан аныктоо принцибин сактоо менен, алардын макулдашылган позициясын эске алууга шарт түзөт. Ошондой эле, чүчүкулак өткөрүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, этаптардын санын жана убакыт чыгымдарын кыскартат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 19-августундагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
18.08.2026

КР БШКнын 2026-жылдын 19-августундагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери: Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 50 3-кабат, жыйындар залы Өткөрүү убактысы: саат 15:00дө   Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу, өткөрүү жана жыйынтыктарын чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү” токтом долбоору жөнүндө Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө Баяндамачы:Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 37 “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө Баяндамачы: Закиров А. М. - укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 29-августундагы № 66 “Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө Баяндамачы: Закиров А. М. - укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын айрым токтомдорун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 22-мартындагы №5 чечимин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө Баяндамачы: Алмазбеков Э. А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Араван жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө Баяндамачы: Алмазбеков Э. А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы
Кененирээк билүү >>
Шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр боюнча онлайн окутуу өткөрүлдү
18.08.2026

Шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр боюнча онлайн окутуу өткөрүлдү

Бүгүн, 18-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышовдун катышуусунда БШКнын атайын өкүлдөрү жана системалык администраторлору үчүн онлайн форматта жумушчу жыйын өткөрүлдү. Жыйында БШКнын аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдарга киргизилген негизги өзгөртүүлөр боюнча окутуу өтүп, кеңири маалымат берилди. Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр боюнча БШКнын атайын өкүлдөрү жана системалык администраторлору толук маалыматка ээ болушу зарыл экенин белгилеп, аларды шайлоочуларга туура жана жеткиликтүү түшүндүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Ошондой эле алдыдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюшкандыкта жана жогорку деңгээлде өткөрүүдө БШКнын аймактардагы өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги чоң экенин белгиледи. Жумушчу жыйын суроо-жооп форматында уланып, катышуучулар шайлоо мыйзамдарына киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө байланыштуу суроолоруна юристтерден кеңири жана так жоопторду алышты.
Кененирээк билүү >>
Участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерине документтерди кабыл алуу жарыяланды
18.08.2026

Участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерине документтерди кабыл алуу жарыяланды

Аймактык шайлоо комиссиялары участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо максатында жарандардан жана саясий партиялардан документтерди кабыл аларын жарыялайт. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясы беш жылдык мөөнөткө саясый партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлөт. Саясий партиялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары (жергиликтүү кеңештер) шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине көрсөтүүчү субъекттер болуп саналат. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде төмөнкүлөр шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло алышпайт: - Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты; - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары; - судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы; - талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү; - башка мамлекеттин жарандыгы бар адам; - мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам; - башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү; - терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам. Ошондой эле, бир участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жубайлар жана жакын туугандар шайлана алышпайт. Саясий партиялардан участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди сунуштоо алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. Саясий партиялар талапкерлердин документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына 2026-жылдын 1-сентябрына саат 18:00гө чейин беришет. Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине киргизүү үчүн жарандар, коомдук бирикмелер 2026-жылдын 1-сентябрына саат 18.00гө чейин тиешелүү жергиликтүү кеңешке документтерди тапшыруусу зарыл. Жергиликтүү кеңештин шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди сунуштоо боюнча сессиясы шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт. Сессиянын чечими бардык талапкерлердин документтери менен бирге тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына дароо ѳткѳрүлүп берилет. Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине берилүүчү документтердин тизмеги: - талапкердин участкалык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси; - паспорттун көчүрмөсү; - иштеген жери, окуган жери, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча же резюме); - байланыш маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номерлери; - жеке дайындарды жыйноого жана иштетүүгө макулдугу; - көрсөтүүчү субъекттин протоколу. Көрсөтүүчү субъекттер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашоого тийиш экенин эске алуусу зарыл. Керектүү документтердин үлгүлөрү: арыз, саясий партиянын протоколу, жарандардын чогулушунун протоколу, жеке дайындарды жыйноого жана иштетүүгө макулдугу. Маалымат алуу үчүн телефон: 0312660116 Эскертүү: “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясынын курамында ар бир саясый партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн.
Кененирээк билүү >>
Ноокат жана Түп райондорундагы шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлдү
14.08.2026

Ноокат жана Түп райондорундагы шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Ноокат жана Түп райондорундагы бир катар шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү. Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл аймагынын Нойгут айылындагы № 5397 шайлоо участогунун жайгашкан жери Нойгут айылы, Акбар Каары көчөсү, 40, “Белек” балдар бакчасынын имараты дарегинен Нойгут айылы, Жаңы конуш, 31, “Нойгут” орто мектебинин имараты дарегине өзгөртүлдү. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына Кара-Таш айыл аймагынын айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулар арасында № 5397 шайлоо участогунун дареги өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Балбай айыл аймагынын Кудургу айылындагы № 3056 шайлоо участогунун дареги Ленин көчөсү, 55б, айыл өкмөтүнүн имараты дарегинен Кудургу айылы, Ленин көчөсү, 55а, К. Усенбеков атындагы орто мектептин имараты дарегине өзгөртүлдү. Балбай айыл аймагынын Фрунзе айылындагы № 3057 шайлоо участогунун дареги Киров көчөсү, 59, айыл өкмөтүнүн имараты дарегинен Фрунзе айылы, Д. Садыбеков көчөсү, 31/1, М. Фрунзе атындагы орто мектептин имараты дарегине өзгөртүлдү. Балбай айыл аймагынын Ак-Булак айылындагы № 3059 шайлоо участогунун дареги А. Усенов көчөсү, н/ж, айыл өкмөтүнүн имараты дарегинен Ак-Булак айылы, А. Усенов көчөсү, 2а, «Байэл» балдар бакчасынын имараты дарегине өзгөртүлдү. Карасаев айыл аймагынын Сары-Дөбө айылындагы № 3083 шайлоо участогунун дареги Садыракун көчөсү, 73, “Ынтымак” маданият үйүнүн имараты дарегинен Сары-Дөбө айылы, Садыракун көчөсү, 56, С. Карачев атындагы орто мектептин имараты дарегине өзгөртүлдү. Түп аймактык шайлоо комиссиясына Балбай жана Карасаев айыл аймактарынын айыл өкмөттөрү менен биргеликте шайлоочулар арасында № 3056, № 3057, № 3059 жана № 3083 шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
14.08.2026

Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы “Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды. Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Макенов Бекмамат Султаналиевич, Абдыкеримов Кумарбек Абдыкеримович, Турматов Чынарбек Кеңешбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан) чыгарылып, ордуна резервден Эргешова Назира Осмонбековна, Эрназарова Гүлшайыр Дүйшөналиевна, Мамытов Тынарбек Тургунбаевич (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
14.08.2026

КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 14-августта Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйынында Бишкек, Кемин, Москва, Нарын, Талас, Сузак, Ноокат жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. • Бишкек шаардык кеңешининдеги бош мандат Солтонов Ренат Сартбековичке (“Жаңы күч-Новая сила” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; • Кемин районунун Чоң-Кемин айылдык кеңешинин депутаты Туратбеков Айбек Туратбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерЕгиналиев Нурдин Зарлыковичке өткөрүлүп берилди; • Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Сатиев Данияр Базарбаевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Султанкулов Нарынбек Узгенбаевичке өткөрүлүп берилди; • Нарын районунун Учкун айылдык кеңешинин депутаты Болотбек уулу Назарбектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тостоков Кылычбек Абдраимовичке өткөрүлүп берилди; • Талас шаардык кеңешинин депутаты Нартаева Айнура Канатбековнанын (“Аманат ЭСП” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Бортникова Елена Викторовнага (“Аманат ЭСП” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; • Сузак районунун Кыз-Көл айылдык кеңешинин депутаты Абдырасулов Нурбек Акжигитовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Аманкулов Советбек Аманкуловичке өткөрүлүп берилди; • Ноокат районунун Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаты Рахматиллаев Таалайбек Аттокуровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жарматов Абдыганы Жаамбаевичке өткөрүлүп берилди; • Ноокат районунун Төөлөс айылдык кеңешинин депутаты Жапарова Тажихандын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Манапов Асан Мамаюнусовичке өткөрүлүп берилди; • Өзгөн районунун Дөң-Булак айылдык кеңешинин депутаты Рахманова Манзура Хусанбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Ибрагимов Оятилла Дилмуратжановичке өткөрүлүп берилди.  
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча Жобо бекитилди
14.08.2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча Жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы “Майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу жөнүндө” Жобонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды. Аталган Жобо укуктук базаны актуалдаштырууга, терминологияны унификациялоого жана майыптыгы бар шайлоочуларга тийиштүү шарттарды түзүү иштерин системалаштырууга багытталган. Жобонун бүтүндөй тексти боюнча “майыптыгы бар жарандар” деген түшүнүк “майыптыгы бар шайлоочулар” терминине алмаштырылды. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптары эске алынып, Борбордук шайлоо комиссиясынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүү формалары жаңыртылды. Маанилүү өзгөртүүлөрдүн бири катары Жобонун аталышынан “шайлоо жана референдум өткөрүүдө” деген сөздөр алып салынды. Бул майыптыгы бар шайлоочулардын укуктарын камсыздоо, инфратүзүмдү адаптациялоо жана маалымдоо иштери шайлоо өнөктүгү учурунда гана эмес, шайлоолор аралык мезгилде да дайыма жана системалуу түрдө жүргүзүлөрүн аныктайт.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын жаңы Регламенти бекитилди
14.08.2026

КР БШКнын жаңы Регламенти бекитилди

Бүгүн, 14-августта Кыргыз Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын жаңы Регламенти бекитилди. Документ 2026-жылдын 16-майындагы №66 жана 28-июлундагы №137 Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары менен “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө шайкеш келтирүү максатында иштелип чыкты. Ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясынын колдонуудагы Регламентинин жоболорун жаңылоо зарылчылыгы да эске алынды. Регламенттин жаңы редакциясын кабыл алуу Борбордук шайлоо комиссиясынын ички жол-жоболорун жана ишин уюштурууну конституциялык Мыйзамдын талаптарына шайкеш келтирүүгө, ошондой эле анын ченемдерин практикада бирдей колдонууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын регламентин бекитүү жөнүндө” 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 73 токтому күчүн жоготту.  
Кененирээк билүү >>
1 3 481