Башкы Жаңылыктар КР БШК өкүлдөрү Нарын облусунда шайлоого карата даярдыктарды …

КР БШК өкүлдөрү Нарын облусунда шайлоого карата даярдыктарды талкуулашты

КР БШК өкүлдөрү Нарын облусунда шайлоого карата даярдыктарды талкуулашты
05-Ноя, 2026

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Тимур Оторбаев 2026-жылдын 3-5-ноябрында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда, Нарын облусунун Жумгал, Кочкор, Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.

Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоочулардын укуктарын ишке ашыруусу үчүн зарыл шарттарды түзүү, шайлоо процессинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана жарандардын шайлоо укуктарын сактоо маселелери талкууланды.

Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоо тартиби тууралуу маалымат берди. Ошондой эле шайлоону уюштурууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине токтолду.

Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн шайлоонун ачык-айкын жана мыйзамдуу өтүшүнө зарыл шарттарды түзүүгө көмөктөшүүгө, ошол эле учурда шайлоо процессине кийлигишпөөгө чакырды. Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө мыйзам бузуулардын, кысым көрсөтүү жана мыйзамсыз кийлигишүү аракеттерин алдын алуу, шайлоонун бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.

Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКда ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү
05-Ноя, 2026

КР БШКда ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) шайлоо маселелери боюнча кеңешчилери Ранко Вукчевич жана Каха Инаишвили менен жолугушуу болуп өттү.КР БШКнын өкүлдөрү ДИАУБ өкүлдөрүнө алдыдагы шайлоого карата уюштуруу жана техникалык даярдыктын жүрүшү, анын ичинде шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, иштин негизги багыттары жана ачык-айкын, демократиялык шайлоо процессин камсыз кылууга багытталган иш-чаралар тууралуу кеңири маалымат беришти.Өзгөчө көңүл шайлоого техникалык даярдык көрүү маселелерине, анын ичинде шайлоо жабдууларын жана шайлоочуларды идентификациялоо системасын алдыдагы тестирлөөгө, ошондой эле аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууга бурулду.Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар үчүн шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, анын ичинде пандустар менен жабдуу, ошондой эле жаштардын шайлоого катышуу активдүүлүгүн жогорулатуу маселелери каралды.Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү жарандардын эркин билдирүүсүн камсыз кылуу, ачык-айкын жана демократиялык шайлоолорду өткөрүү КР БШКнын ишмердүүлүгүнүн негизги артыкчылыктары болуп саналарын белгилешти.Маалымат үчүн:Жолугушуу ЕККУнун ДИАУБ жол-жоболоруна ылайык өткөрүлдү. Анын максаты - алдыдагы шайлоого карата эл аралык байкоочулар миссиясын жөнөтүүнүн максатка ылайыктуулугун жана мүмкүнчүлүгүн аныктоо.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүндө аралыктан добуш берүү системасын тестирлөөдөн өткөрдү
04-Ноя, 2026

КР БШК Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүндө аралыктан добуш берүү системасын тестирлөөдөн өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 4-ноябрда 2027-жылдагы президенттик шайлоого даярдыктын алкагында шайлоо системасынын иштешин жана аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн кезектеги тестирлөөдөн өткөрдү.Тестирлөө Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүндө өткөрүлдү. Ага аскер бөлүгүнүн офицерлери жана жоокерлеринен 215 адам катышты.Саат 10:00дөн 15:00гө чейин адистер шайлоо системасынын модулунун, байланыш каналдарынын жана шайлоо жабдууларынын туруктуу иштешин, ошондой эле шайлоочуларды онлайн идентификациялоо механизмин текшеришти. Өзгөчө көңүл шайлоочунун туруктуу катталган жерине карабастан добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө бурулду. Бул үчүн шайлоочунун инсандыгын онлайн форматта ырастоо каралган.Өткөрүлгөн тестирлөө 2026-жылдын 18-ноябрында өтө турган шайлоо системасын жалпы республикалык деңгээлде текшерүүгө даярдык көрүү этабындагы иштердин бир бөлүгү болуп саналат.Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына дайындалган.
Кененирээк билүү >>
Акай Кыдыров Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
04-Ноя, 2026

Акай Кыдыров Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 4-ноябрда, Кыдыров Акай Имаралиевич Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт. 
Кененирээк билүү >>
БШК мүчөлөрүнүн аймактардагы жолугушуулары уланууда
04-Ноя, 2026

БШК мүчөлөрүнүн аймактардагы жолугушуулары уланууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Тимур Оторбаевдин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушуулары уланууда.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери талкууланууда.Белгилей кетсек, жумушчу жолугушуулар 2026-жылдын 3-ноябрынан 5-ноябрына чейин Жалал-Абад жана Нарын облустарынын бир катар райондорунда  өтөт.
Кененирээк билүү >>