Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 4-ноябрда 2027-жылдагы президенттик шайлоого даярдыктын алкагында шайлоо системасынын иштешин жана аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн кезектеги тестирлөөдөн өткөрдү.
Тестирлөө Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүндө өткөрүлдү. Ага аскер бөлүгүнүн офицерлери жана жоокерлеринен 215 адам катышты.
Саат 10:00дөн 15:00гө чейин адистер шайлоо системасынын модулунун, байланыш каналдарынын жана шайлоо жабдууларынын туруктуу иштешин, ошондой эле шайлоочуларды онлайн идентификациялоо механизмин текшеришти. Өзгөчө көңүл шайлоочунун туруктуу катталган жерине карабастан добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө бурулду. Бул үчүн шайлоочунун инсандыгын онлайн форматта ырастоо каралган.
Өткөрүлгөн тестирлөө 2026-жылдын 18-ноябрында өтө турган шайлоо системасын жалпы республикалык деңгээлде текшерүүгө даярдык көрүү этабындагы иштердин бир бөлүгү болуп саналат.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына дайындалган.