№56

Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокен, Базар-Коргон, Токтогул, Чаткал, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Талас шаардык, Талас, Нарын, Ат-Башы, Кочкор, Түп, Ак-Суу, Ысык-Ата, Панфилов, Сокулук, Кемин жана Сүлүктү аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери келип түштү:

  1. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер:

– Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 13-апрелиндеги № 7 Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айылдык кеңеши боюнча;

Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 6 Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылдык кеңеши боюнча;

– Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 15-апрелиндеги № 5 Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаардык кеңеши боюнча;

– Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 2 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңеши боюнча;

– Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 8 жана 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 9 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык, Кетмен-Дөбө жана Толук айылдык кеңештери боюнча;

– Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 1 Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңеши боюнча;

– Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 1 Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңеши боюнча;

– Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 12 Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңеши боюнча;

– Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 1 Талас облусунун Талас шаардык кеңеши боюнча;

Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 9 Талас облусунун Талас районунун Чоң-Алыш айылдык кеңеши боюнча;

– Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 4 жана 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 5 Нарын облусунун Нарын районунун Чет-Нура жана Учкун айылдык кеңештери боюнча;

Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 1 Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңеши боюнча;

Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 5 Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылдык кеңеши боюнча;

Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 15-апрелиндеги № 6 Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Каракол айылдык кеңеши боюнча;

– Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 7 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айылдык кеңеши боюнча;

Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 2 Чүй облусунун Сокулук районунун Күнтуу айылдык кеңеши боюнча;

Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 8 Чүй облусунун Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши боюнча;

Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 5 Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңеши боюнча;

2) Түп аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 5 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 11-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылдык кеңешинин депутаты каза болгондугуна байланыштуу жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечими;

3) Жеке арыздарынын негизинде катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдер:

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 8 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айылдык кеңеши боюнча;

Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 1 Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңеши боюнча;

Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 2 Чүй облусунун Сокулук районунун Күнтуу айылдык кеңеши боюнча;

Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 8 Чүй облусунун Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши боюнча;

Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 5 Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңеши боюнча;

4).“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:

– Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 13-апрелиндеги № 7 Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айылдык кеңеши боюнча;

Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-апрелиндеги №7 Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылдык кеңеши боюнча;

– Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 8 жана 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 9 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кетмен-Дөбө жана Толук айылдык кеңештери боюнча;

– Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 1 Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңеши боюнча;

Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 10 Талас облусунун Талас районунун Чоң-Алыш айылдык кеңеши боюнча;

– Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 4 жана 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 5 Нарын облусунун Нарын районунун Чет-Нура жана Учкун айылдык кеңештери боюнча;

Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 1 Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңеши боюнча;

Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 6 Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылдык кеңеши боюнча;

Түп аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 6 Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылдык кеңеши боюнча;

Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 15-апрелиндеги № 7 Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Каракол айылдык кеңеши боюнча;

– Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 7 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айылдык кеңеши боюнча;

Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 14 Чүй облусунун Панфилов районунун Орто-Кайыңды айылдык кеңеши боюнча;

Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 2 Чүй облусунун Сокулук районунун Күнтуу айылдык кеңеши боюнча;

Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 9 Чүй облусунун Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши боюнча;

5) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде бош калган мандатты саясий партиянын тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:

– Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 2 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңеши боюнча;

– Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 8 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңеши боюнча;

– Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 1 Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңеши боюнча;

– Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 13 Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңеши боюнча;

– Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 2 Талас облусунун Талас шаардык кеңеши боюнча;

Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 5 Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңеши боюнча.

Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык: Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет.

Бекитүүгө келип түшкөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына шайкештигин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

. Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокен, Базар-Коргон, Токтогул, Чаткал, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Талас шаардык, Талас, Нарын, Ат-Башы, Кочкор, Түп, Ак-Суу, Ысык-Ата, Сокулук, Кемин жана Сүлүктү аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;

. Токтогул, Ат-Башы, Сокулук, Кемин жана Сүлүктү аймактык шайлоо комиссияларынын катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык;

Кара-Суу, Кара-Кулжа, Базар-Коргон, Токтогул, Чаткал, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Талас шаардык, Талас, Нарын, Ат-Башы, Кочкор, Түп, Ак-Суу, Ысык-Ата, Панфилов, Сокулук, Кемин жана Сүлүктү аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ырастамалары ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.

3. Кара-Суу, Кара-Кулжа, Базар-Коргон, Токтогул, Чаткал, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Талас шаардык, Талас, Нарын, Ат-Башы, Кочкор, Түп, Ак-Суу, Ысык-Ата, Панфилов, Сокулук, Кемин жана Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиялары ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырышсын.

4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                              Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 29-апрели

№56