14.07.26 №72 Өзгөн, Таш-Көмүр, Сокулук жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу

Өзгөн, Таш-Көмүр, Сокулук жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу

 

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Өзгөн, Таш-Көмүр, Сокулук жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;

- Түп аймактык шайлоо комиссиясынын катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечими 2-тиркемеге ылайык;

- Өзгөн, Таш-Көмүр, Сокулук жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.

2. 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.

3. Өзгөн, Таш-Көмүр, Сокулук жана Түп аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеге ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттоодон өткөрүшсүн жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырышсын.

4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р.Ш. Жакышовго жүктөлсүн.

 

Төраганын м. у. а.                                                                                                                 Л. Лурова

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 14-июлу

№ 72