№58

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 24-апрелиндеги №6 Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын №5384 шайлоо участогунун схемасына жана чек арасына өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын Таштак айылында жаңы шайлоо участогун түзүү жөнүндө чечими келип түшкөн.

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын чечими Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын 2026-жылдын 24-мартындагы №01-19/1114 Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын Таштак айылында шайлоо участогун түзүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде кабыл алынган.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтому менен бекитилген Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобого ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы №33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

₋ Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын №5384 шайлоо участогунун схемасы жана чек арасы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

₋ Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын Таштак айылында жаңы №5618 шайлоо участогу түзүлсүн жана анын схемасы жана чек арасы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулар арасында Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын Таштак айылындагы жаңыдан түзүлгөн №5618 шайлоо участогунун дареги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын Таштак айылындагы №5618 участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзсүн.

4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                                                Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 29-апрели

№58