№76
Майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча жумушчу топ жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 29, 33-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23, 36-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29, 33-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча жумушчу топ жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2026-жылдын 5-августу
№76
