Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Шайлоо 17 ноябрь: Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна катышкан 39 саясий партия шайлоо эрежелерин сактоо боюнча Меморандумга кол коюшту
21.10.2024

Шайлоо 17 ноябрь: Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна катышкан 39 саясий партия шайлоо эрежелерин сактоо боюнча Меморандумга кол коюшту

2024-жылдын 17-ноябрына белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн катталган бардык 39 партия шайлоо эрежелерин, анын ичинде социалдык тармактардагы үгүт эрежелерин сактоо боюнча Меморандумга кол коюшту. Меморандумга кол коюу аземдери жер-жерлерде БШК мүчөлөрүнүн, аймактык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүнүн, саясий партия лидерлеринин, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн, жарандык коом уюмдарынын жана массалык маалымат каражаттарынын катышуусунда өттү. Меморандумдун тексти: 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялардын ортосундагы МЕМОРАНДУМ Биз, 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн каттоодон өткѳн, төмөндө кол койгон саясий партиялар ѳлкөдө тынчтыкты, туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү сактоо, ошондой эле жарандардын жашоо турмушун сапатын жакшыртуу үчүн жалпы жоопкерчиликти сезип, жарандардын кызыкчылыктары шайлоо процессинин ар бир катышуучусунун көңүл борборунда болууга тийиш экендигин жана элдин ишенимине реалдуу иш-аракеттер менен гана ээ болууну таануу менен, ѳткѳрүлгѳн шайлоо реформасы тарабынан кепилденген шайлоонун так жана ачык-айкын натыйжаларынын маанилүүлүгүн түшүнүү аркылуу шайлоону Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына толук ылайыктуу таза жана адилеттүү өткөрүүнү колдоо менен, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, жарандык уюмдардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана активисттердин катышуусунда ушул Меморандумга кол коюу менен биз ачык түрдө төмөнкүлөргө милдеттенебиз: • шайлоо өнөктүгүн ачыктык жана өз ара урматтоо, жарандардын кызыкчылыктарынын жана укуктарынын артыкчылыктуулугу, мыйзамдын улуктугу принциптеринде жүргүзүүгө; • шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүнүн конструктивдүү, зомбулуксуз ыкмаларын колдонууга; • катышып жаткан талапкерлер жана шайлоо процессинин башка катышуучулары менен конструктивдүү диалог жүргүзүүгѳ, саясий оппоненттер менен талаш-тартыштарды мыйзамдын негизинде ачык, коомдук талкууда чечүүгѳ; • шайлоо процессинде этикалык жана моралдык нормаларды сактоого, ыплас технологияларды колдонбостон үгүт иштерин жүргүзүүгө жана бири-бирине карата чынчыл болууга; • добуш берүүгө чейин жана добуш берүү күнү добуштарды сатып алууга ѳзүбүздүн жана өкүлдөрүбүздүн, ишенимдүү адамдарыбыздын, агитаторлорубуздун, туугандарыбыздын, досторубуздун, тааныштарыбыздын жана башка адамдардын катышуусуна жол бербөөгө, шайлоочулардын добуштарын сатып алууга каршы бардык чаралар менен күрөшүүгө, ошондой эле укук коргоо органдарына кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ; • өз максаттарына жетүү үчүн административдик ресурсту, анын ичинде кызматтык же кызмат абалынан пайдаланууну болтурбоого; • жарандардын эркин билдирүүсүнѳ, добуш берүү жана добуштарын эсептөө эркиндигине укукка сыйбаган таасир этүүчү бардык аракеттерден четте болууга, ошондой эле добуш берүүнүн купуялуулугун бузбоого; • аял-талапкерлердин шайлоо процессине катышуусун толук колдоого, маалыматтык-укуктук жардам көрсөтүүгѳ, аял-талапкерлердин мандаттан баш тартуусуна муктаждаган басмырлоонун жана кысымдын бардык түрлөрүнө жол бербөөгѳ; • ачык-айкындуулуктун жана шайлоо процессинин бардык катышуучуларын урматтоо принциптеринин негизинде таза жана акыйкат шайлоо өткөрүүгө ар тараптан көмөктѳшүүгѳ, шайлоо комиссияларынын жана укук коргоо органдарынын иштерине көмөк көрсөтүүгѳ; • шайлоо өнөктүгүн шайлоо алдындагы жана андан кийинки мезгилде жагымдуу жана тынч жагдайга өбөлгө боло тургандай уюштурууга жана өткөрүүгѳ. Жарандарды маалымдоодо социалдык тармактардын маанилүү ролун түшүнүү менен, шайлоо өнөктүгү учурунда социалдык тармактарда шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн төмөнкү эрежелерин сактоого даяр экенибизди билдиребиз: • социалдык тармактарда шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө саясий партиялар жана талапкерлер, алардын тарапташтары шайлоо мыйзамдарын, ушул меморандумдун шарттарын жана социалдык тармактарда жагымдуу конструктивдүү маалыматтык чөйрөнү сактоосун камсыз кылууга; • социалдык түйүндөрдө чыныгы жана расмий аккаунттарды гана колдонууга, өз талапкерлерин жарнамалоо үчүн фейк аккаунттарды же жасалма тармактарды колдонуудан алыс болууга, ошондой эле шайлоо процессине ишенимди адаштырган же бүлүндүрүүгѳ алып келген аракеттерге жол бербѳѳгѳ; • башка талапкерлердин ар-намысына жана кадыр-баркына, саясий партиялардын ишкердик беделине шек келтирүүчү, атайылап жалган маалыматтарга негизделген басылмаларды таркатпоого; • социалдык тармактар ​​аркылуу зордук-зомбулукка чакырыктарды, социалдык араздашууну пайда кылуу коркунучун, диний темаларга шилтемелерди, ошондой эле коомдук тартипти дестабилдештирүүчү башка билдирүүлөрдү жана маалыматтарды камтыган үгүт материалдарын жана маалыматтык материалдарды, анын ичинде анонимдүү түрдө таратуудан алыс болууга; • социалдык тармактардагы өзүбүздүн аракеттер жана ѳзүбүздүн тарапташтардын аракеттери үчүн, ошондой эле жарыяланмаларга жана маалыматтарды жайылтууга байланыштуу мүмкүн болуучу кесепеттер үчүн толук жоопкерчиликти алууга; • социалдык тармактарды колдонууга байланышкан мүмкүн болуучу тобокелдиктер жана коркунучтар жөнүндө өзүбүздүн тарапташтарыбызга, өзгөчө жаштарга маалымдоо боюнча үзгүлтүксүз аракеттерди жасоого жана социалдык тармактарда конструктивдүү жана жоопкерчиликтүү жүрүм-турумга жигердүү дем ​​берүүгѳ; • саясый оппоненттер жана шайлоо процесси тууралуу жалган маалыматтарды таркатпоого, ошондой эле интернетке жарыялоодон мурда бардык маалыматтардын тууралыгын кылдаттык менен текшерүүгѳ. Социалдык тармактарда шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн жогоруда көрсөтүлгөн эрежелерин сактоо боюнча милдеттердин аткарылышын камсыз кылуу максатында, 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү боюнча көз карандысыз институтту түзүүнү жана анын натыйжалуу иштешин колдойбуз. Биз шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн калыстыкты көрсөтүүгө жана саясий партиялар жана талапкерлер, укук коргоо органдары менен ачык ѳз ара аркеттенүүгѳ даяр болууга, административдик ресурсту колдонууга жол бербөөгѳ жана шайлоо процессинин бардык катышуучуларына бирдей шарттарды камсыз кылууга, ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарын фактыларды бурмалоону жана маалыматтарды манипуляциялоону болтурбоо менен адилет жана обьективдүү болууга чакырабыз.
Кененирээк билүү >>
Шайлоо 17 ноябрь: шайлоо алдындагы үгүт күч алууда
21.10.2024

Шайлоо 17 ноябрь: шайлоо алдындагы үгүт күч алууда

2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдындагы үгүт иштери күч алууда. Борбордук шайлоо комиссиясы жарандардын ѳз эркин аң-сезимдүү жана эркин билдирүүсүнө жана шайлоонун ачык-айкындуулугуна көмөктөшүү болуп саналган шайлоо алдындагы үгүт иштеринин негизги принциби үгүт иштеринин формалары жана ыкмалары шайлоо жѳнүндѳ мыйзамдардын талаптарына ылайык келүүсүнѳ тийиш экендигин эске салат. Төмөнкүлөр мыйзамда шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат: - тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр; - талапкерлердин, саясий партиялардын биринеартыкчылык берүүнү билдирүү; - талапкерлерди, талапкерлердин тизмесиншайлоонун же шайлабоонун мүмкүн болуучукесепеттерин баяндоо; - алардын кесипкөйлүк иши же алардынөзүлөрүнүн кызматтык (кызмат ордунун) милдеттери менен байланышпаган талапкерлердиниши жөнүндө маалыматтарды таратуу.   ​Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 17-октябрындагы №171 токтому менен бекитилген Шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндө шайлоочулар арасында бекер таркатууга тыюу салынбаган үгүт материалдарынын жана товарларынын тизмесине ылайык, саясий партиялар жана депутаттыкка талапкерлер шайлоочулар арасында тѳмѳндѳгүлѳрдү акысыз бөлүштүрө алышат: ​- басылган үгүт материалдары (гезиттер, баракчалар, плакаттар, буклеттер, календарлар, открыткалар, талапкерлердин визиттик карточкалары, пакеттер), ​- талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин толук аты-жөнү же саясий партиянын символикасы бар төш белгилер, футболкалар, баш кийимдер, моюн орогучтар, желектер, шарлар, ручкалар, калем саптар, кружкалар, дептерлер. Шайлоо өткөрүүдө үгүт төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн: - жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу; - социалдык тармактар аркылуу; - концерттерди, театрлаштырылган оюн-зоокторду, спорттук иш-чараларды өткөрүүнү кошпогондо, үгүттүк ачык иш-чараларды (митингдерди, чогулуштарды, телевизиондук дебаттарды жана башка) өткөрүү аркылуу; - басылма, көрмө-укма жана башка үгүтматериалдарын чыгаруу, жайгаштыруу жанатаркатуу жолу менен (ѳлкѳдѳн тышкары жерлердеүгүт материалдарын даярдоого тыюу салынат. Үгүтматериалдарынын же алардын кѳчүрмѳлѳрүнүннускалары БШКга берилүүгѳ тийиш); - мыйзам менен тыюу салынбаган башка түрлөрдө. ​Тѳмѳндѳгүлѳрдүн үгүт иштерин жүргүзүүгө, бардык үгүт материалдарын чыгарууга же таркатууга укугу жок: ​- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар; ​- Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо, мамлекеттик саясий кызматтарды ээлеген адамдар; ​- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар; ​- шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү; ​- байкоочулар, анын ичинде эл аралык байкоочулар; ​- диний ишмерлер; ​- кайрымдуулук иштерин жүргүзгөн уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү; ​- 18 жашка чейинки адамдар; ​- чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар; ​- жарандыгы жок адамдар; ​- аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлери. ​Каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө талапкерлер жана аларды көрсөткөн саясий партиялар менен макулдашуу боюнча, алардын шайлоо фонддору аркылуу гана жол берилет.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2024-жылы 21 - октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
21.10.2024

КР БШКнын 2024-жылы 21 - октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 21-октябры 2024-ж. Убактысы: 17:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы     1. 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколунун, добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун жана добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө жыйынды таблицасынын формасын бекитүү тууралуу. (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2. Ош облусунун Алай районундагы №5149 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө. (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 3. Кара-Кулжа, Тоң, Токмок, Москва, Кант жана Алай аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө. (баяндамачы – Темирканова Т.Э., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы) 4. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын өкүлдөрү Молдовадагы президенттик шайлоого жана республикалык конституциялык референдумга мониторинге катышууда
20.10.2024

Кыргызстандын өкүлдөрү Молдовадагы президенттик шайлоого жана республикалык конституциялык референдумга мониторинге катышууда

КР БШК мүчөлөрү А.К. Жумалиева жана А.Н. Кубатбеков Молдовада бүгүн - 2024-жылдын 20-октябрында өтүп жаткан Президенттик шайлоого жана Молдованын Европа Биримдигине кирүү маселеси боюнча республикалык конституциялыкреферендумга байкоо жүргүзүүдө. ​Шайлоонун алдында эл аралык байкоочулар үчүн брифинг болуп, анда Молдова Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Анжелика Караман шайлоого жана референдумга даярдыктын жүрүшү, Президентти шайлоонун тартиби, шайлоо комиссияларынын иши, эл аралык байкоочулардын жана чет элдик массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу жѳнүндѳ маалымат берди. ​Шайлоону жана республикалык референдумду уюштурууну жана өткөрүүнү 2221 шайлоо комиссиясы ишке ашырат, өлкөдөн тышкары 37 өлкөдө 231 шайлоо участогу ачылды, анын үчөө почта аркылуу добуш берүү үчүн арналган. ​Негизги шайлоо тизмелерине 2 714 239 шайлоочу киргизилген. ​Байкоочулар шайлоо участкаларына барышып, байкоо жүргүзүшөт, добуш берүү процессине, добуштарды эсептөөгө мониторинг жүргүзүүгө катышат. ​Маалымат үчүн: ​2024-жылдын май айында Молдова Республикасынын Парламенти 2024-жылдын 20-октябрна Молдова Республикасынын Президентинин кызмат ордуна шайлоону жана республикалык конституциялык референдумду ѳткѳрүү датасын белгилеген. ​Республикалык референдумга: «Сиз Молдова Республикасынын Европа Биримдигине кириши үчүн Конституцияны өзгөртүүнү колодойсузбу?” деген суроо коюлган. ​Шайлоого укугу бар, 40 жашка толгон, Молдова Республикасынын аймагында кеминде 10 жыл жашаган же туруктуу жашаган жана румын тилинде эркин сүйлөй алган жаран Молдова Республикасынын Президенти болуп шайлана алат. Молдова Республикасынын Президентинин мандаты 4 жылга созулат жана ант берген күндөн тартып башталат.
Кененирээк билүү >>
-
20.10.2024

-

-
Кененирээк билүү >>
Чүй облусунун укук коргоо органдары үчүн шайлоо мыйзамдарынын маселелери боюнча тренинг ѳткѳрүлдү
19.10.2024

Чүй облусунун укук коргоо органдары үчүн шайлоо мыйзамдарынын маселелери боюнча тренинг ѳткѳрүлдү

2024-жылдын 18-октябрында Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн “2024-жылдын 17-ноябрында жергиликтүү кеңештерге шайлоону өткөрүүдө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна чара көрүүдөгү укук коргоо органдарынын ролу” деген темада тренинг өткөрүлдү. Иш-чара КР Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен УКМКнын, Ички иштер министрлигинин жана прокуратурасынын кызматкерлери үчүн уюштурулду. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаров шайлоо мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү жана шайлоо мезгилинде түзүлгөн Ыкчам чара кѳрүү координациялык тобунун (ЫЧКТ) иши жөнүндө баяндама жасады. Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү мыйзам бузуулар, анын ичинде добуштарды сатып алуу (М. Ажыгулов) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселелерин, арыздарды каттоо жана кароо тартибин, ошондой эле аймактык шайлоо комиссиялары (С. Океев – КР БШК жана С. Макилов -ИИМ) менен өз ара аракеттенүү алгоритмдерин баса белгилешти. Башкы прокуратуранын өкүлү Т.Атабаев мамлекеттик органдардын ишин көзөмөлдөө жана административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууну болтурбоо боюнча маалымат берди. Тренингдин катышуучулары шайлоо процессинин мыйзамдуулугун жана коопсуздугун камсыздоого багытталган практикалык маселелерди жана иштерди активдүү талкуулашты. Окууга жалпысынан Чүй облусунун укук коргоо органдарынын 50 кызматкери катышты. Укук коргоо органдары менен шайлоо комиссияларынын өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин талкуулоодо шайлоо процессинин мыйзамдуулугун жана анын коопсуздугун камсыз кылууга катышкан ар бир адамдын аракеттери бир түрдүү жана мыйзамда белгиленген компетенциялардын чегинде так болушу сунушталат. Буга чейин Баткен, Нарын, Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Талас облустарында ЫЧКТ мүчөлөрү окуудан өтүшкөн.  
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт өнөктүгү башталганы тууралуу Биринчи радиодон билдирди
18.10.2024

Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт өнөктүгү башталганы тууралуу Биринчи радиодон билдирди

Бүгүн, 2024-жылдын 18-октябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова Кыргызстандын бардык аймагындагы шаардык кеңештерге шайлоо боюнча үгүт өнөктүгүнүн башталышына карата Биринчи радионун түз уктуруусуна катышты. БШКнын маалыматы боюнча, алдыдагы шайлоого 39 партиядан 187 талапкерлердин тизмеси катталып, өлкөнүн бардык 33 шаарында дээрлик 5200 талапкер көрсөтүлгөн. Аялдар талапкерлердин жалпы санынын 36% түзөт, бул гендердик теңчилик боюнча мыйзам талаптарына жооп берет. Айылдык кеңештерге талапкерлерден документтерди кабыл алуу 17-октябрда аяктады. 5391 орун үчүн 10 452ге жакын талапкер ат салышууда. Учурда маалыматтардын мыйзамдарга ылайык келүүсү текшерилүүдө, ал санариптештирүүнүн аркасында адам факторунун кийлигишүүсүз жүргүзүлүүдө. 28-октябрдан тарта айылдык кеңештерге шайлоо өнөктүгү башталат.   Активдүү үгүт кампаниясы   Үгүт өнөктүгү ар кандай ыкмаларды колдонуу менен, атап айтканда шайлоочулар менен жолугушуулар, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо, телекөрсөтүүдөгү берүүлөр, ошондой эле тышкы жарнак аркылуу жүргүзүлөт. Бардык партиялар өз программаларын жайылтуу жана талапкерлерди тааныштыруу үчүн бул каналдарды активдүү колдонушат. Меморандумга кол коюу маанилүү кадам болду, ага ылайык партиялар моралдык жана этикалык нормаларды сактоого милдеттеништи, бул шайлоо өнөктүгү учурунда таза жана сергек атаандаштыкты шарттары бышык.   Мамлекеттик кызматкерлерди шайлоого катышуунун жаңы шарттары   Мыйзамдарда шайлоого катышуу үчүн ыйгарым укуктарын токтотууга милдеттүү же убактылуу токтотушу мүмкүн болгон мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин категориялары так бөлүнгөн. Тактап айтканда, бул шайлоо өнөктүгү учурунда кызматтык милдеттерин токтоткон билим берүү жана медициналык мекемелердин жетекчилерине тиешелүү. Алардын шайлоого катышуусу өзгөчө жагымдуу жагдай, анткени алар жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүдө негизги ролду ойногон айылдык интеллигенциянын өкүлдөрү.   Бузуулар боюнча чаралар Шайлоонун мыйзамдуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн БШК укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүнүн таасирдүү системасын ишке киргизди. Шайлоочуларды сатып алуу жана административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча билдирүүлөр тиешелүү органдарга - ички иштер органдарына жана прокуратурага тез арада берилет. Шайлоо комиссияларына айып салуу менен гана чектелбестен, мыйзам бузуулар аныкталган учурда конституциялык жана юридикалык жоопкерчилик чараларын колдонууга, анын ичинде эскертүүлөрдү берүүгө жана талапкерлерди каттоону жокко чыгарууга укуктары берилген.   Каржылоо жана жабдууларды жаңыртуу   2024-жылдын 17-ноябрында шайлоону ѳткѳрүү үчүн 495 миллион сом бөлүнүп, бир шайлоочуга орточо чыгым 120 сомду түздү. Мамлекет жарандардын ѳз эркин ээн-эркин билдирүүсү үчүн бардык шарттарды түзүп, шайлоону демократиялык стандарттарга толук шайкеш келтирүү боюнча олуттуу кадамдарды жасады. Каржылоо чыгашалардын бардык негизги беренелерине багытталган. Мындан тышкары, ушул жылы шайлоо жабдуулары, анын ичинде учурдагы эл аралык талаптарга жооп берген заманбап идентификациялык системалар толугу менен жаңыланат.   Аралыктан добуш берүү: жеткиликтүү жана коопсуз   Шайлоонун алдында шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгүн жана айкындуулугун жогорулатуу үчүн жаңы технологиялар киргизилүүдө. Чет өлкөдө жашаган жарандар үчүн 2023-жылы ийгиликтүү сыноодон өткөн аралыктан добуш берүү оң баа алды. Быйыл ал жергиликтүү шайлоолорго да жеткиликтүү болуп, шайлоочулардын катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Аралыктагы шайлоо участкалары видеокамералар менен жабдылып, алар реалдуу убакыт режиминде добуш берүү процессин онлайн көрсөтүүнү камсыз кылып, шайлоонун айкындуулугун жана ишенимин арттырат.   Жаштар - шайлоо процессинин келечеги   Шайлоочулардын дээрлик 45% түзгөн жаштарга өзгөчө көңүл бурулууда. Жаштар шайлоонун жыйынтыгына чоң таасирин тийгизгендиктен, биз алардын шайлоо процессине катышуусун арттыруу боюнча жигердүү иштеп жатабыз. Жаш шайлоочулардын маалымдуулугун жогорулатуу үчүн ЖОЖдордо студенттер менен жолугушуулар, жаштар кыймылдары менен биргеликте уюштурулган маалыматтык ѳнѳктүктѳр өткөрүлүүдө.   Активдүү катышууга чакырабыз Биз бардык жарандарды, өзгөчө жаштарды алдыдагы шайлоодо активдүү жарандык позицияны карманууга чакырабыз. Сиздин катышууңуз шайлоо процессинин ачыктыгын жана камсыз кылууга жана коомдун кызыкчылыктарын натыйжалуу коргой алган татыктуу өкүлдөрдү шайлоого жардам берет.   Түз эфирдин кайталоосун ушул жерден көрө аласыз  
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы шаардык кеңештерге шайлоонун алдында партиялар үчүн семинар өткөрдү
18.10.2024

Борбордук шайлоо комиссиясы шаардык кеңештерге шайлоонун алдында партиялар үчүн семинар өткөрдү

17-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партиялардын өкүлдөрү үчүн окуу семинарын өткөрдү. Семинарга Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясында катталган саясий партиялардын лидерлери, алардын шайлоо жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты. Семинардын катышуучулары төмөндөгүлөр менен тааныштырылды: - алдыдагы шайлоонун өзгөчөлүктөрү; - шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелери; - аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби; - шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелери; - арыздарды жана даттанууларды кароонун тартиби; - шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар үчүн юридикалык жоопкерчилик; - добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби. Ошондой эле административдик укук бузууларды кошуп алганда шайлоо мыйзамдарын бузуунун түрлөрү; шайлоо процессинин катышуучуларынын жазыктык жазалануучу жосундары; шайлоо процессинин катышуучуларынын аракеттерине жана аракетсиздигине даттануунун тартиби жана ыкмалары; актыларды түзүүнүн жана арыздарды берүүнүн эрежелери; шайлоо мыйзамдары бузулган учурда далилдерди чогултуу эрежелери ж.б. каралды. Добуш берүүнүн жыйынтыгынывн ачык-айкындыгын жана аныктыгын камсыз кылуу максатында шайлоо процессинде колдонулган электрондук технологиялардын иши даана көрсөтүлдү. БШКнын шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы М.Кожокеева жергиликтүү кеңештерге шайлоону өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү жана шайлоонун жыйынтыгын аныктоонун тартиби тууралуу баяндама жасады. Шайлоонун каржылык аспектилери боюнча БШК мүчөсү, көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси И.Гаипкулов семинардын катышуучуларынын көптөгөн суроолоруна жооп берип, кеңири маалымдады. Алсак, шайлоо мыйзамдарына киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, үгүтчүлөр, байкоочулар, талапкерлердин ишенимдүү адамдары, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо өнөктүгү учурунда алышкан кирешелеринен киреше салыгы салынбайт жана социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү алынбайт. Ошондой эле үгүт жүргүзүү боюнча кызматтарына салыктар жана жыйымдар салынбайт. И.Гаипкулов үгүт иш-чараларын каржылоо шайлоо фонддору аркылуу гана жүргүзүлүшү керектигин эске салды. Шаарларда 18-октябрдан, ал эми айылдарда 28-октябрдан тарта баштала турган шайлоо алдындагы үгүт иштеринин принциптери жана эрежелери боюнча БШК мүчөсү У. Жылкыбаев кеңири маалымат берди. Ал талапкерлер жана партиялар жалпыга маалымдоо каражаттары (анын ичинде интернет-басылмалар), социалдык тармактар ​​аркылуу шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө; эл алдында үгүт иш-чараларын уюштурууга (митингдер, чогулуштар, теледебаттар); басма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын таратууга укуктуу экендигин белгиледи. Ошону менен бирге негизги талап үгүт иштери административдик ресурсту колдонууга, үгүт иштерине катышууга тыюу салынган мамлекеттик кызматкерлердин, диний ишмерлердин, жашы жете элек балдардын жана бир катар башка категориядагы адамдардын катышуусуна; шайлоочуларды сатып алууга жана башка укук бузууларга жол бербей, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде так жүргүзүлүшү керек. Ошондой эле шайлоонун катышуучулары тиешелүү Меморандумга кол коюу менен коомдо кабыл алынган моралдык-этикалык нормаларды сактоого милдеттенишкени баса белгиленди. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда БШКда даттанууларды жана арыздарды кароо боюнча катчылык иштеп турат. Мыйзам ар бир мыйзам бузуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө ыкчам маалымат алмашуу жана аны каттоо, кароонун жүрүшү жана кабыл алынган чечимдер Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде (КЖБР), БШКнын сайтында токтоосуз чагылдырылышын талап кылат.
Кененирээк билүү >>
Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады 5391 мандат үчүн 10452 талапкер ат салышууда
18.10.2024

Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады 5391 мандат үчүн 10452 талапкер ат салышууда

Республика боюнча 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган шайлоого катышуу үчүн айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү процесси аяктады. Мандаттарынын жалпы саны 5391 болсо, жалпысынан 10452 адам айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер болуу ниетин билдиришкен, анын ичинен 3888 - аялдар. 107 адам саясий партиялардан көрсөтүлгөн. Талапкерлердин көбү - өзүн өзү көрсөткөндөр (10 304 талапкер). Мандаттардын жалпы санынын 2185и аялдарга арналган. Аялдар үчүн 30%дан кем эмес мандатты калтыруу мыйзам тарабынан жер-жердеги мыйзам чыгаруу органдарынын ишине аялдардын катышуусун жогорулатууну активдештирүү максатында киргизилген. Шайлоо процессинин кийинки этабы – талапкерлердин документтерин текшерүү жана каттоо. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары 28-октябрга чейин талапкерлер тапшырган документтердин шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүсүн текшерет. Паспорттун маалыматтарын, жарандыгын, каттоосун, соттолбогондугун жана башкаларды текшерүү ведомстволор аралык «Тундук» электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу ишке ашырылат. 2024-жылдын 17-ноябрында шайлоо 1259 шайлоо округундагы 231 айылдык кеңештерде өткөрүлөт.  
Кененирээк билүү >>
Шайлоо 2024: шаарларда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды
18.10.2024

Шайлоо 2024: шаарларда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды

Бүгүнкү күндөн тартып 33 шаарда шаардык кеңештерге шайлоого карата шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды, деп билдирет Борбордук шайлоо комиссиясы. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, шайлоо алдындагы үгүт иштери жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына бардык талапкерлерди, шайлоого катышкан саясий партиялар берген талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат. Алдыда болуучу жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышуу үчүн шаардык кеңештерге шайлоого өз талапкерлеринин 187 партиялык тизмесин кѳрсѳтүшкѳн 39 саясий партия катталды. Жалпысынан 4928 талапкер катталса, анын 3183 - эркектер, 1745и - аялдар болду, бул 35,41%ды түзѳт. Ошентип, 2024-жылдын 18-октябрынан тартып шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлер, партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары, саясий партиялардын мүчөлөрү жана башка кызыкдар жарандар шайлоочуларды алардын талапкерлери (же талапкерлердин тизмеси) же аларга каршы добуш берүүгө шыктандырууга багытталган маалыматтарды даярдоо жана жайылтуу боюнча иш-чараларга катышууга; талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо алдлындагы программаларын эркин жана ар тараптуу талкуулоого укуктуу. Мында үгүт иштеринин формалары менен ыкмаларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирип жүргүзүү негизги талап болуп саналат. Төмөнкүлөр мыйзамда шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат: - тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр; - талапкерлердин, саясий партиялардын бирине артыкчылык берүүнү билдирүү; - талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин шайлоонун же шайлабоонун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндоо; - алардын кесипкөйлүк иши же алардын өзүлөрүнүн кызматтык (кызмат ордунун) милдеттери менен байланышпаган талапкерлердин иши жөнүндө маалыматтарды таратуу. Шайлоо өткөрүүдө үгүт төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн: - жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу; - социалдык тармактар аркылуу; - концерттерди, театрлаштырылган оюн-зоокторду, спорттук иш-чараларды өткөрүүнү кошпогондо, үгүттүк ачык иш-чараларды (митингдерди, чогулуштарды, телевизиондук дебаттарды жана башка) өткөрүү аркылуу; - басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу, жайгаштыруу жана таркатуу жолу менен (ѳлкѳдѳн тышкары жерлерде үгүт материалдарын даярдоого тыюу салынат. Үгүт материалдарынын же алардын кѳчүрмѳлѳрүнүн нускалары БШКга берилүүгѳ тийиш); - мыйзам менен тыюу салынбаган башка түрлөрдө. Тѳмѳндѳгүлѳрдүн үгүт иштерин жүргүзүүгө, бардык үгүт материалдарын чыгарууга же таркатууга укугу жок: - мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар; - Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо, мамлекеттик саясий кызматтарды ээлеген адамдар; - жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар; - шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү; - байкоочулар, анын ичинде эл аралык байкоочулар; - диний ишмерлер; - кайрымдуулук иштерин жүргүзгөн уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү; - 18 жашка чейинки адамдар; - чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар; - жарандыгы жок адамдар; - аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлери. Каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө талапкерлер жана аларды көрсөткөн саясий партиялар менен макулдашуу боюнча, алардын шайлоо фонддору аркылуу гана жол берилет.
Кененирээк билүү >>
Талас облусунун укук коргоо органдары шайлоолор боюнча окуудан өтүштү
18.10.2024

Талас облусунун укук коргоо органдары шайлоолор боюнча окуудан өтүштү

Талас облусу жана Талас шаарынын укук коргоо органдары, 2024-жылдын 17-ноябрына белгиленген жергиликтүү кеңештердин шайлоолорун өткөрүүдө мыйзамдуулукту жана коопсуздукту камсыздоо үчүн тартылган өкүлдөрү ЫЧКТ (Ыкчам чара көрүүчү топ ) алкагында тиешелүү окуудан өтүштү. КР БШКсы Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү С. Макилов, М. Ажыгулов жана Башкы прокуратуранын өкүлү Т. Атабаев менен биргеликте окуу өткөрдү. Шайлоо процессинин мыйзамдуулугун жана коопсуздугун камсыздоо үчүн тартылган адамдардын ишинде мыйзамды бирдей колдонушун камсыздоо максатында, алар укук коргоо органынын кызматкерлерин төмөнкүлөр менен тааныштырышты: Ыкчам чара көрүү тобунун ишинин тартиби Шайлоо мыйзамдарына байланыштуу арыздарды каттоонун жана кароонун тартиби, ошондой эле кылмыштар жана укук бузуулар боюнча алдын ала өндүрүш жүргүзүү; Укук бузууларды аныктоодо жасала турган аракеттердин алгоритми, анын ичинде шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү учурунда добуш сатып алууга каршы чаралар, административдик ресурсту пайдалануу; Ар бир мыйзам бузуулар боюнча кабыл алынган чаралар тууралуу оперативдик маалымат алмашуу механизми; Шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги нормалары; Укук бузууларды жана алар боюнча кабыл алынган чечимдерди КЖБР (Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри) жана БШКнын сайтында каттоо. Келип түшкөн бардык арыздар жана укук бузуулар БШКнын укук бузуулардын жана сунуштардын ачык каралуусун камсыздоо үчүн түзүлгөн арыздар жана сунуштар реестрине катталышы керек. КР БШК, Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратура тарабынан уюштурулган окуу тренингине Талас шаары жана Талас облусунун 30дан ашык укук коргоо органынын кызматкерлери катышты.  
Кененирээк билүү >>
Акысыз таркатыла турган үгүт материалдарынын жана товарлардын тизмеси
17.10.2024

Акысыз таркатыла турган үгүт материалдарынын жана товарлардын тизмеси

Борбордук шайлоо комиссиясы 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндө саясий партиялар жана депутаттыкка талапкерлер шайлоочуларга бир катар үгүт материалдарын жана товарларды бекер тарата ала турганын эске салат. Мындай материалдарга жана товарларга төмөнкүлөр кирет: - басылма үгүт материалдары (гезиттер, баракчалар, плакаттар, буклеттер, календарлар, открыткалар, талапкерлердин визиткалары, пакеттер); - талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин толук аты-жөнү же саясий партиянын символикасы бар төш белгилер, футболкалар, баш кийимдер, моюн орогучтар, желектер, шарлар, калем саптар, калемдер, чѳйчѳкчѳлѳр, дептерлер. Шайлоо алдындагы үгүт маалында шайлоочулар арасында бекер таркатууга тыюу салынбаган үгүт материалдарынын жана товарларынын тизмеси тиркемеге ылайык БШКнын 2024-жылдын 17-октябрындагы №171 токтому менен бекитилген.
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШК Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетенинде партиялардын кезегин  аныктоо жана акысыз эфир убакытысын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрдү
17.10.2024

Бишкек АШК Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетенинде партиялардын кезегин аныктоо жана акысыз эфир убакытысын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрдү

2024-жылдын 17-октябрында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 2024-жылдын 17-ноябрында өтө турган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенинде саясий партиялардын кезегин аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрдү. Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча бюллетенде партиялар төмөнкүдөй тартипте жайгаштырылат: 1. «Адилет» 2. «Жаны күч - Новая сила» 3. «Ынтымак» 4. «Эмгек партиясы» 5. «Эл Үмүтү» 6. «Социал-демократтар» 7. «Улуу-Журт» Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шаардык кеңештерге шайлоо алдындагы үгүт иштери 2024-жылдын 18-октябрында, айылдык кеңештерге - 2024-жылдын 28-октябрында башталып, 2024-жылдын 16-ноябрында саат 08:00дө аяктайт.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2024-жылы 17 - октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
17.10.2024

КР БШКнын 2024-жылы 17 - октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 17-октябрь 2024-ж. Убактысы: 17:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Ош шаарындагы №5273, №5325, №5563, №5564 жана №5283 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 2. Ош облусунун Чоң-Алай районундагы №5162 жана №5155 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 3. Ош облусунун Араван районундагы №5341 жана №5493 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 4. Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарындагы №8017 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 5. Бишкек шаарындагы №1033, №1064, №1068, №1213, №1235, №1242, №1349 шайлоо участкаларынын дарекетерин өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 6. Чүй облусунун Кант шаарындагы №7117 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 7. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы №7107, №7150 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 8. Чүй облусунун Москва районундагы №7278, №7280 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 9. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө шайлоочулардын арасында акысыз жайылтууга тыюу салынбаган үгүт материалдардын жана товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Аскарбекова А.А. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 10. Ар кандай маселелер  
Кененирээк билүү >>
КР БШК талапкерлер жана саясий партиялар боюнча ченемдик-укуктук актыларды “Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргѳ ылайык келтирди
17.10.2024

КР БШК талапкерлер жана саясий партиялар боюнча ченемдик-укуктук актыларды “Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргѳ ылайык келтирди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамынын жаңы редакциясына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык бир катар чечимдерди кабыл алды жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышкан талапкерлер жана саясий партиялар боюнча ченемдик укуктук актыларды шайлоо мыйзамдарына ылайык келтирүү үчүн түзѳтүүлѳрдү киргизди. Шайлоо мыйзамдарына кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарын түзүүнүн, келип түшүн эсепке алуунун жана чыгымдалышынын тартиби жөнүндө”, “Депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгуунун тартиби, шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин кезегин ѳзгѳртүү жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, “Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө” жоболорго жана жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн колдонмого жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо тѳмѳндѳгүдѳй айрым нормалар киргизилди: - айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсү алынып салынды (мурда күрөөнүн суммасы 1000 сом болгон); - шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүнүн шарттарына кошумча өзгөртүүлөр киргизилди; - талапкерлердин, саясий партиялардын даректүү социалдык жардам алуучу Кыргыз Республикасынын жарандары, калктын аз камсыз болгон катмары жана жөлөкпул алууга укугу бар жарандар менен кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимдерди түзүүнүн кошумча нормасы киргизилди; - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын активдүү шайлоо укугун ишке ашыруу механизмдери кеңейтилди, ал саясий партияларды шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин түзүүдө кеминде 1 талапкерди - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамды киргизүүгө милдеттендирет; - талапкерди көрсөтүүгө жана (же) шайлоого көмөктөшүүчү ишти жүзөгө ашыруу үчүн административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбестик жөнүндө норма күчөтүлдү; - жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына ат салышып жаткан талапкерлер боюнча кызмат адамдарын шайлоого катышуу жагынан талаптар күчөтүлдү. Бул түзөтүүлөр жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюуга ниеттенген учурда ыйгарым укуктарын кимдер убактылуу токтотот жана ким толугу менен токтотот деген айырмачылыкты тактайт. Тактап айтканда, шайлоого катышкан учурда, депутаттарды, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерин, 30 пайыздан ашык мамлекеттик (муниципалдык) үлүшү болгон юридикалык жактарды жана алардын бөлүмдөрүн кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматкерлердин ыйгарым укуктары толугу менен токтотулат; - санариптештирүүгө байланыштуу талапкерлердин, саясий партиялардын документтерин кабыл алуунун айрым жол-жоболору такталды - талапкерлер жөнүндө бардык маалыматтар БШКга электрондук түрдө берилет, талапкерлерден, саясий партиялардан соттолбогондугу жөнүндө маалымкаттарды берүү талабы алынып салынды. Ошол эле учурда талапкерлердин соттолбогондугун жана башкаларын текшерүү ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумун жана мамлекеттик органдардан тастыктоонун атайын формаларын колдонуу менен ишке ашырылат, бул талапкерлердин мыйзамдарга ылайык келишин текшерүүдө маалымат үчүн жоопкерчиликти жогорулатууга тийиш; - эгерде шайлоо мыйзамдарын бузуунун натыйжасында алар үчүн берилген добуштар жараксыз деп табылса, мындай учурларда шайлоо күрөөсүн төлөгөн талапкерлер жана партиялар кийинки шайлоого катышууга укугу жок деген норма киргизилген, мындай учурда партия тѳккѳн шайлоо күрѳѳсү кайтарылууга тийиш эмес; - шаардык кеңештерге шайлоодо саясий партиялар үчүн шайлоо босогосун өзгөртүү боюнча түзѳтүү киргизилди (мурда бул норма 7% болсо, азыр 5%), талапкерлердин тизмесин көрсөтүүдө саясий партиялар кеңештеги мандаттардын санына барабар санда талапкерлерди көрсөтүшөт; Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо процессинин катышуучуларын – талапкерлерди, саясий партияларды мыйзамдарды жана мыйзамдын жаңы редакциясында белгиленген эрежелерди сактоого чакырат. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-августундагы №158 Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр жана ички жоболор жөнүндө кененирээк маалыматты Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтынан алсаңыз болот.  
Кененирээк билүү >>
Кѳңүл буруңуз, 17-октябрь - айылдык кеңештерге шайлоого документтерди кабыл алуунун акыркы күнү. АШК  сиздерди күтөт, урматтуу талапкерлер!
16.10.2024

Кѳңүл буруңуз, 17-октябрь - айылдык кеңештерге шайлоого документтерди кабыл алуунун акыркы күнү. АШК сиздерди күтөт, урматтуу талапкерлер!

2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган шайлоого катышуу үчүн айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү уланууда. Борбордук шайлоо комиссиясы айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 2024-жылдын 17-октябрында саат 18:00дө аяктарын эскертет. Республика боюнча жалпысынан 1259 шайлоо округунда 231 айылдык кеңешке шайлоо дайындалган. Мандаттардын жалпы саны - 5391, анын 30%, б.а. 2185 аялдар үчүн сакталган (аялдар квотасы). “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсү жокко чыгарылды. Мурда депозиттин суммасы 1000 сом болгон. Талапкерлер арыздын формаларын, ошондой эле шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу боюнча бардык методикалык материалдарды жана нормативдик актыларды Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтынан https://www.shailoo.gov.kg/ru/17-noy-2024-g-vyb-dep-mestnyh-keneshej/ ) таба алышат же шайлоо комиссияларынан сурап алса болот. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жергиликтүү кеңештин депутаты болуп 21 жашка толгон, ортодон тѳмѳн эмес билими бар жергиликтүү жамааттын мүчөсү шайлана алат. Талапкерди саясий партиялар сыяктуу эле жарандар да өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен көрсөтө алат. Шайлоо мажоритардык система боюнча өтөт, б.а. көпчүлүк добуш алган талапкерлер шайланды деп эсептелет.
Кененирээк билүү >>
1 … 73 75 … 488