Башкы Жаңылыктар КР БШК талапкерлер жана саясий партиялар боюнча ченемдик-укуктук …

КР БШК талапкерлер жана саясий партиялар боюнча ченемдик-укуктук актыларды “Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргѳ ылайык келтирди

17-Окт, 2024

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамынын жаңы редакциясына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык бир катар чечимдерди кабыл алды жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышкан талапкерлер жана саясий партиялар боюнча ченемдик укуктук актыларды шайлоо мыйзамдарына ылайык келтирүү үчүн түзѳтүүлѳрдү киргизди.

Шайлоо мыйзамдарына кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарын түзүүнүн, келип түшүн эсепке алуунун жана чыгымдалышынын тартиби жөнүндө”, “Депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгуунун тартиби, шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин кезегин ѳзгѳртүү жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, “Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө” жоболорго жана жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн колдонмого жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо тѳмѳндѳгүдѳй айрым нормалар киргизилди:

- айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсү алынып салынды (мурда күрөөнүн суммасы 1000 сом болгон);

- шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүнүн шарттарына кошумча өзгөртүүлөр киргизилди;

- талапкерлердин, саясий партиялардын даректүү социалдык жардам алуучу Кыргыз Республикасынын жарандары, калктын аз камсыз болгон катмары жана жөлөкпул алууга укугу бар жарандар менен кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимдерди түзүүнүн кошумча нормасы киргизилди;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын активдүү шайлоо укугун ишке ашыруу механизмдери кеңейтилди, ал саясий партияларды шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин түзүүдө кеминде 1 талапкерди - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамды киргизүүгө милдеттендирет;

- талапкерди көрсөтүүгө жана (же) шайлоого көмөктөшүүчү ишти жүзөгө ашыруу үчүн административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбестик жөнүндө норма күчөтүлдү;

- жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына ат салышып жаткан талапкерлер боюнча кызмат адамдарын шайлоого катышуу жагынан талаптар күчөтүлдү. Бул түзөтүүлөр жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюуга ниеттенген учурда ыйгарым укуктарын кимдер убактылуу токтотот жана ким толугу менен токтотот деген айырмачылыкты тактайт. Тактап айтканда, шайлоого катышкан учурда, депутаттарды, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерин, 30 пайыздан ашык мамлекеттик (муниципалдык) үлүшү болгон юридикалык жактарды жана алардын бөлүмдөрүн кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматкерлердин ыйгарым укуктары толугу менен токтотулат;

- санариптештирүүгө байланыштуу талапкерлердин, саясий партиялардын документтерин кабыл алуунун айрым жол-жоболору такталды - талапкерлер жөнүндө бардык маалыматтар БШКга электрондук түрдө берилет, талапкерлерден, саясий партиялардан соттолбогондугу жөнүндө маалымкаттарды берүү талабы алынып салынды. Ошол эле учурда талапкерлердин соттолбогондугун жана башкаларын текшерүү ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумун жана мамлекеттик органдардан тастыктоонун атайын формаларын колдонуу менен ишке ашырылат, бул талапкерлердин мыйзамдарга ылайык келишин текшерүүдө маалымат үчүн жоопкерчиликти жогорулатууга тийиш;

- эгерде шайлоо мыйзамдарын бузуунун натыйжасында алар үчүн берилген добуштар жараксыз деп табылса, мындай учурларда шайлоо күрөөсүн төлөгөн талапкерлер жана партиялар кийинки шайлоого катышууга укугу жок деген норма киргизилген, мындай учурда партия тѳккѳн шайлоо күрѳѳсү кайтарылууга тийиш эмес;

- шаардык кеңештерге шайлоодо саясий партиялар үчүн шайлоо босогосун өзгөртүү боюнча түзѳтүү киргизилди (мурда бул норма 7% болсо, азыр 5%), талапкерлердин тизмесин көрсөтүүдө саясий партиялар кеңештеги мандаттардын санына барабар санда талапкерлерди көрсөтүшөт;

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо процессинин катышуучуларын – талапкерлерди, саясий партияларды мыйзамдарды жана мыйзамдын жаңы редакциясында белгиленген эрежелерди сактоого чакырат.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-августундагы №158 Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр жана ички жоболор жөнүндө кененирээк маалыматты Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтынан алсаңыз болот.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>