Шайлоо 2024: шайлоо алдындагы үгүт күч алууда
21 октября 2024
2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдындагы үгүт иштери күч алууда. Борбордук шайлоо комиссиясы жарандардын ѳз эркин аң-сезимдүү жана эркин билдирүүсүнө жана шайлоонун ачык-айкындуулугуна көмөктөшүү болуп саналган шайлоо алдындагы үгүт иштеринин негизги принциби үгүт иштеринин формалары жана ыкмалары шайлоо жѳнүндѳ мыйзамдардын талаптарына ылайык келүүсүнѳ тийиш экендигин эске салат.
Төмөнкүлөр мыйзамда шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат:
- тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;
- талапкерлердин, саясий партиялардын биринеартыкчылык берүүнү билдирүү;
- талапкерлерди, талапкерлердин тизмесиншайлоонун же шайлабоонун мүмкүн болуучукесепеттерин баяндоо;
- алардын кесипкөйлүк иши же алардынөзүлөрүнүн кызматтык (кызмат ордунун) милдеттери менен байланышпаган талапкерлердиниши жөнүндө маалыматтарды таратуу.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 17-октябрындагы №171 токтому менен бекитилген Шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндө шайлоочулар арасында бекер таркатууга тыюу салынбаган үгүт материалдарынын жана товарларынын тизмесине ылайык, саясий партиялар жана депутаттыкка талапкерлер шайлоочулар арасында тѳмѳндѳгүлѳрдү акысыз бөлүштүрө алышат:
- басылган үгүт материалдары (гезиттер, баракчалар, плакаттар, буклеттер, календарлар, открыткалар, талапкерлердин визиттик карточкалары, пакеттер),
- талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин толук аты-жөнү же саясий партиянын символикасы бар төш белгилер, футболкалар, баш кийимдер, моюн орогучтар, желектер, шарлар, ручкалар, калем саптар, кружкалар, дептерлер.
Шайлоо өткөрүүдө үгүт төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
- жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;
- социалдык тармактар аркылуу;
- концерттерди, театрлаштырылган оюн-зоокторду, спорттук иш-чараларды өткөрүүнү кошпогондо, үгүттүк ачык иш-чараларды (митингдерди, чогулуштарды, телевизиондук дебаттарды жана башка) өткөрүү аркылуу;
- басылма, көрмө-укма жана башка үгүтматериалдарын чыгаруу, жайгаштыруу жанатаркатуу жолу менен (ѳлкѳдѳн тышкары жерлердеүгүт материалдарын даярдоого тыюу салынат. Үгүтматериалдарынын же алардын кѳчүрмѳлѳрүнүннускалары БШКга берилүүгѳ тийиш);
- мыйзам менен тыюу салынбаган башка түрлөрдө.
Тѳмѳндѳгүлѳрдүн үгүт иштерин жүргүзүүгө, бардык үгүт материалдарын чыгарууга же таркатууга укугу жок:
- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар;
- Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо, мамлекеттик саясий кызматтарды ээлеген адамдар;
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар;
- шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү;
- байкоочулар, анын ичинде эл аралык байкоочулар;
- диний ишмерлер;
- кайрымдуулук иштерин жүргүзгөн уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү;
- 18 жашка чейинки адамдар;
- чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар;
- жарандыгы жок адамдар;
- аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлери.
Каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө талапкерлер жана аларды көрсөткөн саясий партиялар менен макулдашуу боюнча, алардын шайлоо фонддору аркылуу гана жол берилет.