Бүгүн, 20-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө токтом кабыл алды.
Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Базарбаева Фарида Джумадиловна, Кимсанов Эрдем Камчибекович, Джумакадыров Камчибек Кимсанович, ошондой эле «Ата Мекен» саясий партиясынан Аманов Кымбат Эсенович киргизилди.
20-Ноя, 2026