Башкы Жаңылыктар Президент Садыр Жапаровдун Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө карата …

Президент Садыр Жапаровдун Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө карата кайрылуусу

06-Фев, 2025

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-февралда, Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

“Урматтуу мекендештер!

Жыл сайын февраль айынын биринчи бейшембисинде дүйнө жүзүндө Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү белгиленет. Бул күн мындан 20 жыл мурун Будапештте шайлоо органдарынын кесиптик майрамы катары бекитилген.

Шайлоо – бул ар бир жаран өз келечеги менен өз өлкөсүнүн тагдырына таасир эте турган маанилүү процесс. Шайлоо аркылуу өлкөнү башкаруу укугу ишенип берилген бийлик органдары түзүлөт.

Кыргызстан адилеттүү жана эркин шайлоосуз саясий стабилдүүлүк жана мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү мүмкүн эместигин түшүнүү менен демократиялык шайлоо стандарттарын бекем карманат. Кыргыз Республикасынын Конституциясында эркин демократиялык шайлоонун бардык маанилүү принциптери чагылдырылган. Баш мыйзамыбыздын алгачкы беренесинде “эл мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы болуп саналат жана шайлоолор, референдумдар аркылуу өз эркин ишке ашырат” деп белгиленген.

Соңку жылдары өлкөбүздө шайлоо процессинин бардык негизги жагдайларын камтыган масштабдуу шайлоо реформасы жүргүзүлүп жатат. Реформанын алкагында шайлоочуларды каттоо жана биометрикалык идентификациялоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөөнүн тактыгын, ачык-айкындуулугун жана шайлоонун натыйжаларына коомдук көзөмөлдү камсыз кылуунун заманбап технологиялары киргизилип, мыйзамдуулукту жогорулатуу боюнча чаралар көрүлдү.

Кыргызстандын шайлоо практикасы эл аралык деңгээлде жарандардын шайлоо укуктарын, шайлоонун ачык-айкындуулугун жана аныктыгын камсыз кылуу боюнча алдынкы тажрыйба катары таанылгандыгы абдан кубанычтуу.

Ошол эле учурда татыктуу талапкерлерди таза жана калыс тандоого мамлекеттин гана эмес, шайлоонун бардык катышуучуларынын чогуу-чаран аракет кылышы абдан маанилүү. Мен бул багытта эки жагдайды белгилей кетмекчимин:

1. Кыргызстанда бардык тармакта коррупцияга каршы саясат жүргүзүлүүдө. Коррупциянын кейиштүү көрүнүштөрүнүн бири – бул шайлоодо добуштарды сатып алуу. Добуштарды сатып алуу менен эртеңки кызмат адамынын шайлоо учурунан баштап эле коррупцияга белчесинен батышына негиз түзүлөт.

Көрүлгөн мыйзамдык чаралардын жана укук коргоо органдары менен шайлоо комиссияларынын аракеттеринин аркасында соңку мезгилде шайлоочулардын добушун сатып алуу деңгээли кыйла төмөндөдү. Бирок добуш сатып алуу аракеттерине каршы жарандардын өздөрүнүн келишпес позициясы, албетте, эң күчтүү жана таасирдүү курал болмок. Мына ушундай позиция гана добуштарды сатып алууну толугу менен жок кыла алат. Тынымсыз аракеттерибиз менен биз буга да жетишебиз деп ишенем.

2. Мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштей турган иш билги, абийирдүү талапкерлерди шайлоо үчүн жарандардын шайлоого активдүү катышуусу маанилүү. Жүргүзүлүп жаткан реформанын аркасында добуш берүүнүн жыйынтыгында бүгүнкү күндө жарандардын ар бир добушу так эсепке алынып, ким депутат, же Президент болорун шайлоочулардын өздөрү аныктап жатат. “Ар бир жарандын добушу маанилүү, ал өлкөнүн өнүгүшүнө таасир эте алат” деген тезис Кыргызстанда реалдуу мазмунга ээ!

Шайлоо маалында шайлоочулардын активдүүлүгү төмөн болгон учурда бийликке келүүнү кѳздѳгѳндѳрдүн ѳзүнүн тарапташтарынын чакан тобун ишке тартуу менен, шайлоочуларды адаштырып-жазгырып жеке кызыкчылыктары үчүн “жеңил” өтүшүнө мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Ошондуктан жарандар активдүү катышып, татыктууларды тандоо аркылуу шайлануучу органдардын сапаттык курамына таасир эте турган ѳздѳрүнүн укуктарын жүзѳгѳ ашырышы маанилүү!

Ардактуу кыргызстандыктар!

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргызстандын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Административдик-аймактык реформага байланыштуу ѳткѳрүлгөн жергиликтүү шайлоолор ѳзгѳчѳ актуалдуу жана маанилүү болду. Шайлоо аркылуу жер-жерлерде жарандардын кызыкчылыгында натыйжалуу иштөөгө жөндөмдүү өкүлчүлүктүү органдардын системасы оптималдаштырылды.

Ошентип биз мурда убада кылгандай, жергиликтүү кеңештерге жигердүү, жоопкерчиликтүү жана татыктуу депутаттардын келүүсү үчүн шайлоону ачык-айкын жана эркин өткөрүүгө бардык шарттар түзүлдү.

Эми жергиликтүү кеңештердин жаңы чакырылыштагы депутаттарынын алдында жакынкы 5 жылда жергиликтүү өнүгүүнүн эң орчундуу маселелерин чечүүдө чоң милдеттер турат. Бул үчүн жарандардын пикирлерин жана суроо-талаптарын эске алуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын биргелешкен иштерин уюштуруу зарыл.

Андыктан, билекти бек түрүп, баарыбыздын жалпы ишибизди – жарандарыбыздын жашоо деңгээлин жогорулатууну жана аймактарды өнүктүрүүнү жана жаңы, өнүккөн Кыргызстанды курууну колго алышыбыз керек!

Жергиликтүү кеңештерди шайлоодо аткарган иштери үчүн шайлоо комиссияларынын тутумунун бардык мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирем. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү мыйзамга жана демократиялык шайлоо принциптерине берилгендигин көрсөтүштү.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо бардык деңгээлдеги шайлоолордун жаңы циклинин башталышын шарттады. Эми 2026-жылы Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо, андан кийин президенттик шайлоо өткѳнү турат. Бул шайлоолор бардык катышуучулар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу менен, таза атаандаштыктын жана мыйзамдуулуктун шартында өтүшү керек. Элдин эрки Кыргызстандын өнүгүүсүндѳ чечүүчү фактор болуп келгенин жана болуп кала берерин, ал эми эркин жана таза шайлоо демократиянын жана мамлекеттүүлүктүн негизи экенин эстен чыгарбоо зарыл!

Шайлоо комиссияларынын жамааты бардык кызыкдар органдар жана уюмдар менен биргеликте, алдыдагы шайлоо циклинин бардык иш-чараларын татыктуу уюштуруу үчүн бүт күч-аракетин жумшаарына ишенем.

Борбордук, аймактык жана тилкелик шайлоо комиссияларынын урматтуу мүчөлөрү!

Сиздерди бүгүнкү маанилүү майрам – Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер!

Өз ишмердигиңиздер менен шайлоо процесстеринин таза жана мыйзамдуу өтүшүн камсыз кылуунун, жарандардын өз пикирин эркин билдирүү укугун коргоонун алдынкы сабында турасыздар.

Атуулдук парзыңыздар жана өз ишиңиздерге берилгендигиңиздер, кесипкөйлүгүңүздөр, калыс жана бекем принциптериңиздер Кыргызстанда таза жана ачык шайлоонун өтүшүнүн маанилүү шарты болуп саналат!

Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө чың ден соолук, бакубатчылык, ийгилик жана байгерчилик каалайм!

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>