Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосу өтүп жатат
17.11.2024

Бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосу өтүп жатат

Өлкө боюнча шайлоо участкалары саат 8:00дө ачылды. КР Борбордук шайлоо комиссиясы саат 20.00гө карата шайлоо участкаларында шайлоочулардын катышуусу төмөнкүдөй болгонун билдирет:   Шайлоочу-лардын саны Катышуу 10:00 Катышуу 12:00 Катышуу 14:00 Катышуу 16:00 Катышуу 18:00 Катышуу 20:00 Баардык жергиликтүү кеңештер 4 135 039 114 348 (2.77%) 351 541 (8.50%) 580 452 (14.04%) 771 767 (18.66%) 969 787 (23.45%) 1 178 060 (28.49%) Шаардык кенеш 1 620 243 41 052 (2.53%) 127 704 (7.88%) 201 585 (12.44%) 266 757 (16.46%) 332 207 (20.50%) 399 413 (24.65%) Айылдык кенеш 2 514 796 73 296 (2.91%) 223 837 (8.90%) 378 867 (15.07%) 505 010 (20.08%) 637 580 (25.35%) 778 647 (30.96%) Аралыктан добуш берүү 9 050 1 457 (16.1%) 2 652 (29,30%) 3 541 (39.13%) 4 270 (47.18%) 4 716 (52.11%) 4 994 (55.18%)   Добуш берүү саат 20:00дө аяктайт.
Кененирээк билүү >>
Мамлекет башчылары Бишкекте добуш беришти
17.11.2024

Мамлекет башчылары Бишкекте добуш беришти

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаров Бишкек шаарындагы Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин имаратында жайгашкан №1046 шайлоо участкасында добуш берди. Мамлекет башчы шайлоочуларды жергиликтүү кеңештерге шайлоого активдүү катышууга чакырды. “Кечке чейин дагы убакыт бар! Келгиле, добушуңарды бергиле – мен үчүн эмес, өзүңѳр үчүн! Шайланган депутаттар беш жыл бою сиздердин аймактын көйгөйлөрүн чечип, жергиликтүү бюджетти башкарат. Коррупционерди, добуш сатып алгандарды шайласаң, ал акыры жергиликтүү каражаттардын уурдалышына алып келет. Биз башкаруу системасын реформаладык, азыр чынчыл жана татыктуу адамдарды тандоо маанилүү”, - деди Кыргыз Республикасынын Президенти. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н.Шакиев №95 орто мектепте жайгашкан №1063 шайлоо участкасында болду. Добуш бергенден кийин ал ушул сайтта шайлоого мониторинг жүргүзгѳн байкоочулар менен баарлашты. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаров жергиликтүү кеңештерге шайлоого небереси менен бирге келди. Ал Бишкек шаарындагы №71 орто мектепте жайгашкан №1142 шайлоо участкасында добуш берди. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова Бишкек шаарынын Ю.Абдрахманов кѳч., 167, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын имаратында жайгашкан аралыктан добуш берүү шайлоо участкасында добуш берди. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы аралыктан добуш берүүгө катышууга арызын алдын ала тапшырды. Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында жалпысынан 268 шайлоо участкасы бар. Алардын баары бюллетендерди автоматтык эсептөөчү урналар менен жабдылган, ал эми операторлор жаңыланган жабдууларды колдонууга үйрөтүлгөн.    
Кененирээк билүү >>
БШК келип түшкөн арыздарды жана даттанууларды карап чыкты
17.11.2024

БШК келип түшкөн арыздарды жана даттанууларды карап чыкты

2024-жылдын 15 жана 16-ноябрында КР БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө келип түшкөн даттанууларды жана арыздарды карап, чечим кабыл алды. 1. БШК Токмок АШКнын 2024-жылдын 11-ноябрындагы №19 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө «Адилет» саясий партиясынын арызын карады. Токмок АШКнын 2024-жылдын 11-ноябрындагы № 19 чечими менен «Адилет» саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Абдинасир кызы Гүлзаданы кызматтык милдеттерин токтотуу жөнүндө буйрукту өз убагында бербегендигине байланыштуу каттоосу жокко чыгарылган, БШК жогорудагы чечимди жокко чыгарды, анткени Токмок АШКсы «Адилет» саясий партиясынын документтериндеги карама-каршылыктар тууралуу өз убагында кабарлаган эмес, ушуга байланыштуу БШК бул чечимди мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейт. Ошону менен бирге, Токмок АШКсына талапкерлерге маалымат бербегендиги жана жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тиешелүү документтерди өз убагында бербегендиги үчүн «Адилет» саясий партиясына эскертүү берүү сунушталды. 2. БШК «Адилет» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жөнүндө Токмок АШКнын чечимин жокко чыгаруу тууралуу «Адилет» саясий партиясынын арызын карады. АШКнын чечими «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык көрсөтүү тартибин сактабагандыгына байланыштуу кабыл алынган. Бирок, “Адилет” саясий партиясынын талапкерлерин көрсөтүүдө Мыйзамдын бирден кем эмес талапкердин – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын өкүлчүлүгүнүн болушу тууралуу талаптары эске алынган. Мындан тышкары, “Адилет” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесине дагы эки мүмкүнчүлүгү чектелген талапкер киргени аныкталган. Ушуга байланыштуу “Адилет” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин көрсөтүү тартибин бузуулар аныкталган жок. Ушуга байланыштуу БШК Токмок АШКнын “Адилет” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгаруу чечимин жокко чыгарды. 3. БШК Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 37/8 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө «Социал-демократтар» саясий партиясынын арызын карады. БШК даттанылган БАШКнын 2024-жылдын 12-ноябрындагы №37/8 чечимин негиздүү жана колдонуудагы шайлоо мыйзамдарына ылайык кабыл алынган деп эсептейт. Борбордук шайлоо комиссиясы “Социал-демократтар” саясий партиясынын арызын четке кагып, БТИКтин чечимин күчүндө калтырууну чечти. 4. Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 13-ноябрындагы №27 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө Д.Д.Рахмановдун арызын карады. Жогорудагы чечим менен Д.Д. Рахманов «Ынтымак» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинен чыгарылган. Борбордук шайлоо комиссиясы Ош АШКнын чечимин карап чыгып, аны негиздүү жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 54-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган деп эсептейт. 4. Фрунзе айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Жапралиев Алмазбек Кадырбековичтин Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары - АШК) 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 28 чечими жокко чыгаруу тууралуу арызын карап чыгып, (АШКга эскертүү берди) Арыз ээси орто мектептин имаратында үгүт иштерин жүргүзгѳндүгү үчүн № 1 Фрунзе айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер М.Б.Карбосовду, Д.Умуралиевди жана Б.И.Ибраимовду каттоону жокко чыгарууну өтүнгөн. БШК А.Жапарлиевдин арызын карап чыгып, Панфилов АШКнын 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 28 токтомун корутунду бөлүгүндө жокко чыгарып, Панфилов АШКсына Фрунзе айылдык кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин жоопкерчилигин Кыргыз Республикасынын ЖоК 65-беренесине ылайык кароону сунуштады. 5. «Бирге-Вместе» саясий партиясынан Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен алып салуу тууралуу Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу жѳнүндѳ К.М.Жандралиевдин, К.Н. Бажандын, Кеңешбек уулу Кутманбектин арызы боюнча. БШК Кара-Балта АШКынын даттанылган чечимин шайлоо комиссияларынын жыйналыштарын өткөрүүнүн жол-жоболору бузулгандыгына байланыштуу жокко чыгарды. 6. «Бирге - Вместе» саясий партиясынан Талас шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Т.К.Жумабековдун “Бирге-Вместе” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Т.К. Жумабековдун каттоосун жокко чыгарган Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 23 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арызын карап чыгып, Т.К. Жумабековго шайлоого талапкер катары катышууга чектөөлөр болбогондугуна байланыштуу арыздагы талаптары канааттандырды.   КР БШКнын чечимдеринин кѳчүрмѳлѳрү арыз ээлерине берилет.  
Кененирээк билүү >>
Добуш берүү үчүн бардык шарттар: жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандар үчүн жеткиликтүүлүк камсыз кылынган
17.11.2024

Добуш берүү үчүн бардык шарттар: жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандар үчүн жеткиликтүүлүк камсыз кылынган

Добуш берүү күнүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (ДСМЧА) КР жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышуусу үчүн шайлоо участкаларында бардык шартар уюштурулду. Бул чаралар «Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык көрүлгөн жана бардык жарандар үчүн тең укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталган мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Шайлоонун алдында шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте белгилүү бир жерде жашаган ден соолунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын керектөөлөрүнүн карталары түзүлдү. Ушул карталарга ылайык шайлоо участкаларында ден солугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларды колдоо боюнча иш-чаралар жүзөгө ашырылды. Алсак: добуш берүү үчүн жай имараттардын биринчи кабаттарында жайгаштырылды; ыңгайлуу келип-кетүү жана жөө жүрүү жолдору, жеке автотранспортун токтотуучу жерлер уюштурулду; пандустар, жардамга чакыруу баскычтары, тактилдик көрсөткүчтөр орнотулду; жетиштүү жарыктандыруу камсыз кылынды ; талапкерлер жана саясий партиялар жөнүндө материалдар менен маалыматтык такталар жайгаштырылды. Маалыматтар чоңойтулган шрифте, ошондой эле Брайль шрифтин пайдалану менен даярдалды; шайлоо материалдары бардык категориялардагы шайлоочулар үчүн жеткиликтүү болгудай жайгаштырылды; добуш берүү үчүн кабиналар кресло-колясканы пайдаланган шайлоочулар үчүн ыңгайлаштырылды жана добуш берүүнүн жашыруундуулугу камсыз кылынды. Кабиналар атайын трафареттер, лупалар, кошумча жарыктандыруу жана стулдар менен жабдылды. Көрүүсү бузулган шайлоочулар катталган бардык шайлоо участкалары үчүн Брайль шрифти менен шайлоо бюллетендери жана трафареттер жиберилди. Брайль шрифти менен бардыгы 983 бюллетень даярдалды: 749 бюллетень — шаардык шайлоо участкалары үчүн; 234 бюллетень — айылдык шайлоо участкалары үчүн. КР БШК добуш берүү үчүн тең шарттарды түзүү шайлоо реформасынын бирден бир чечүүчү багыттарынан болуп саналаарын баса белгилейт. ДСМЧ жарандар добуш берүүгө катышууга толук жеткиликтүүлүккө жана шайлоо участкаларындагы комфорттук чөйрөгө ишене алышат.
Кененирээк билүү >>
КР БШК: жарым күнгө карай аралыктан добуш берүүгө катышуучулардын 30%га жакыны добуш берди
17.11.2024

КР БШК: жарым күнгө карай аралыктан добуш берүүгө катышуучулардын 30%га жакыны добуш берди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев аралыктан добуш берүүгө арыз беришкен шайлоочулардын келүүсү жогору экендиги жөнүндө билдирди. Анын сөзү боюнча түшкү саат 12:00гө карата 2652 адам добуш беришти, бул арыз берүүчүлөрдүн жалпы санынын дээрлик 30% түзөт. Бүткүл республика боюнча аралыктан добуш берүүгө 9050 арыз келип түшкөн. Арыз бергендердин арасында – мамлекеттик органдардын жетекчилери, студенттер, аскер кызматчылары, ошондой эле вахталык режимде иштегендер бар. Арыздардын 70%дан ашыгы 18-35 жаштагы жаш адамдар тарабынан берилген. «Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу аралыктан добуш берүү Президенттин Жарлыгына ылайык киргизилген. Бул иш, окуу же башка себептер боюнча үйүнөн алыста жүргөн жарандарга өзүнүн конституциялык парзын аткарууга мүмкүнчүлүк түзөт», – деп баса белгиледи Н.Койчукеев. Ал добуш берүүнү өткөрүү үчүн шайлоочулардын көп саны жайгашкан ири шаарларда 10 шайлоо участкасы уюшулгандыгын да белгиледи. КР БШКнын төрагасынын орун басары өлкөнүн келечеги – ар бир жарандын жоопкерчилиги экендигин белгилөө менен, шайлоочуларды жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна активдүү катышууга да чакырды.
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жайдан тышкары 8167 адам добуш берди
17.11.2024

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жайдан тышкары 8167 адам добуш берди

16-ноябрда шайлоо күнүндө шайлоо участкасына келүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон жарандар үчүн жайдан тышкары добуш берүү саат 20:00дө аяктады. Күн боюу саат 8:00дөн саат 20:00гө чейин добуш берүүгө 8167 адам катышты, бул жайдан тышкары добуш берүүгө арыз беришкен шайлоочулардын 85,6% түзөт. Добуш берүүнүн ушул форматына катышууга бардыгы 9538 арыз келип түшкөн. Алардын арасында: курагы боюнча – 3746 арыз, майыптыгы боюнча – 1979 арыз, ден соолугунун абалы боюнча – 3145 арыз, айрым категориялардагы шайлоочулардан – 668 арыз. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жайдан тышкары добуш берүү ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча шайлоо участкаларына келе алыщпаган шайлоочулар, ошондой эле ооруканаларда, камакта кармоо жайларында кармалып турган же алыскы калктуу конуштарды жана мал чарбасынын алыскы участкаларын кошуп алганда, жетүүгө кыйын райондордо убактылуу жашаган жарандар үчүн уюштурулат. Ушул мүмкүнчүлүктүн аркасында шайлоо жарандардын бардык категориялары үчүн жеткиликтүү болуп калууда, бул шайлоочулардын тартылышынын жакшы деңгээлин ырастайт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын ЫЧКТ: шайлоо өнөктүгү башталгандан бери 49  бузуулар боюнча маалымат келип түшкөн
17.11.2024

КР БШКнын ЫЧКТ: шайлоо өнөктүгү башталгандан бери 49 бузуулар боюнча маалымат келип түшкөн

Шайлоо өнөктүгү башталгандан бүгүнкү күнгө чейин КР Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 49 бузуулар фактысы боюнча маалымат келип түшкөн, деп билдирди БШКнын төрагасынын орун басары жана КР БШКнын ЫЧКТ жетекчиси Т.Шайназаров. Келип түшкөн арыздар, кайрылуулар жана билдирүүлѳр боюнча статистика төмөнкүдөй: • шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузуу – 17, • талапкердин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу – 6; • административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу – 2, • талапкерлердин шайлоо фонддоруна байланыштуу мыйзам бузуулар – 2, • шайлоочулардын добуштарын сатып алуунун мүмкүн болушу – 9, • шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктарын бузуу – 2, • талапкерлерди каттоонубузуу/каттоону жокко чыгаруу – 6, • башка бузуулар – 5. Бузуулардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында – 17, Ош облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 1, Чүй облусунда – 16, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 1 бузуу фактылары катталган. Мыйзамга ылайык бардык бузуулар боюнча чаралар көрүлдү. Тактап айтканда, 11 айып пул салынып, талапкерлерге же саясий партияларга 11 эскертүү берилген, такталбаган 20 уаук бузуу фактысы аныкталып, 4 кылмыш иши козголгон. Саясий партиялардын 1 каттоосу жана аймактык шайлоо комиссияларынын 4 чечими жокко чыгарылган.
Кененирээк билүү >>
Аралыктан добуш берүү 10 шайлоо участкасында  өтүп жатат
17.11.2024

Аралыктан добуш берүү 10 шайлоо участкасында өтүп жатат

Кыргызстанда биринчи жолу аралыктык режимде добуш берүү өтүп жатат – деп билдирди КР Борбордук шайлоо комиссиясы. Аралыктан добуш берүү туруктуу катталган жери боюнча шайлоого катышууга мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочулар үчүн уюштурулган. Шайлоо жөнүндө мыйзамдардагы акыркы өзгөртүүлөргө ылайык ушундай шайлоочулар үчүн иш жүзүндө жүргн жери боюнча өзүлөрүнүн жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Аралыктан добуш берүү үчүн 10 шайлоо участкасы уюштурулган. КР БШК аралыктан добуш берүүгө арыз бергендердин баардыгын төмөнкү даректер боюнча шайлоо участкаларында күтөөрүн эсиңерге салат: Бишкек ш., Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусу ( М.Фрунзе, көчөсү 547); Бишкек ш., Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын имараты (Байтик Баатыр көчөсү, 17); Бишкек ш., библиотека для детей и юношества им. К.Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн китепкана (А.Огонбаев көчөсү, 242); Бишкек ш., А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театры ( Ю.Абдрахманов көчөсү, 167); Ош ш., А.Навои атындагы орто мектеп (А.Масалиев көчөсү, 37); Жалал-Абад ш., Б.Осмонов атындагы мамлекеттик университет (Т.Байзаков көчөсү, 25); Каракол ш., К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университет (К.Тыныстанов көчөсү, 26); Нарын ш., Ленин көчөсү № 76, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын имараты; Баткен ш., Ж.Боконбаев атындагы орто мектеп ( Ж.Момунов көчөсү, 16); Талас ш., областная библиотека им. А.Токтогулов атындагы областтык китепкана (Ч.Айтматов көчөсү, 353).Бүткүл республика боюнча өзүлөрүнүн жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн аралыктан добуш берүүнү каалагандыгын билдирген 9 миңден ашык шайлоочу катталган. Көбүнчө мындай мындай шайлоочулар Бишкекте - 4879 адам. Арыз бергендердин ичинде – мамлекеттик органдардын жетекчилери, студенттер, аскер кызматчылары, жашаган жеринен алыста вахталык режимде иштеген адамдар. Арыздардын 70% ашыгы 18-35 жаштагы жаш шайлоочулардан келип түшкөн. Баардык суроолор боюнча тез линиянын – 1255 жана 119 кыска номерлерине чалууга болот. Чалуулар акысыз.    
Кененирээк билүү >>
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берүү башталды
17.11.2024

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берүү башталды

Түз эфирде кыргыз элин куттуктап, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайылдабекова жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Бүгүн таңкы саат 08.00дө Кыргызстандын бардык аймактарында 2437 шайлоо участкасында добуш берүү башталды. Шайлоону уюштурууга участкалык шайлоо комиссияларынын 27 миң 327 мүчөсү, ошондой эле 56 аймактык шайлоо комиссиясы катышууда. Добуш берүү эртең мененки саат 08:00дөн 20:00гө чейин уланат. Орун-жайдан тышкары добуш берүү кечээ өттү. Орун-жайдан тышкары добуш берүү үчүн 9536 арыз берилип, 8167 шайлоочу добуш берди. Бардыгы болуп жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоочулардын тизмелерине 4 135 039 шайлоочу киргизилген. Шайлоо күнү негизги катталган жери боюнча шайлоого катыша албаган, бирок катышууну каалагандар үчүн биринчи жолу аралыктан добуш берүү колдонулуп жатат. Аралыктан добуш берүү үчүн 10 шайлоо участкасы аралыктан добуш берүү үчүн ачык. Республика боюнча аралыктан добуш берүүгө катышууга 9050 арыз түшкөн. Арыздардын 72 пайызы 18-35 жаштагы жаш шайлоочулардан келген. Арыз бергендердин арасында мамлекеттик органдардын жетекчилери, студенттер, аскер кызматкерлери, вахталык нөөмөттө иштегендер бар. Шайлоочулардын тизмелери боюнча маалымат менен "Тизме" мамлекеттик порталынан таанышса болот. Шайлоо участогуңуздун дарегин 1255 же 119 номуруна чалып, же паспортуңуздагы ПИН – жеке идентификациялык номерди көрсөтүү менен 119 номуруна SMS жөнөтүү аркылуу текшересе болот. Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо: Кыргызстандын жарандары 33 шаардык кеңешке 993 депутатты, 231 айылдык кеңешке 5391 депутатты шайлашат. Шаардык кеңештердин депутаттарына добуш берүү партиялардын талапкерлеринин тизмелери аркылуу жүргүзүлөт. Орундар шайлоочулардын 5 пайыздан кѳбүрѳѳк добушун алган саясий партиялардын жалпы добуштарынын санына пропорционалдуу бөлүштүрүлөт. Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышкан 39 саясий партия 4822 талапкер көрсөттү жана орто эсеп менен бир орунга 4 талапкер ат салышат. Айылдык кеңештердин депутаттарына добуш берүү көп мандаттуу шайлоо округдарында жүргүзүлөт, анда шайлоочулардын көпчүлүк добушун алган талапкерлер шайланды деп эсептелет. Ошол эле учурда ар бир айылдык кеңештеги орундардын 30% аялдарга бөлүнгөн. Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 9996 талапкер катталган, атаандаштык бир орунга 2 адамга туура келет. БШК шайлоочуларды «Талапкер» маалымат ресурсунда саясий партиялар жана жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер тууралуу маалыматтар менен таанышууну сунуш кылат. Ушул ресурстаншШайлоочулар саясий партиялар жана талапкерлер жөнүндө толук маалыматты, атап айтканда партия жөнүндө жалпы маалыматты, шайлоо программасын жана шайлоо фондунун каражаттарынын кыймылын биле алышат. 2024-жылдын 14-ноябрынан 15-ноябрына чейинки аралыкта “УТРК”, “Ош УТРК”, “Жалал-Абад УТРК”, “Нарын УТРК”, “Талас УТРК”, “Чүй УТРК” жана “Ысык- Көл ТВ” телеканалдарында 7 областтык шаарларда саясий партиялар үчүн теледебаттар өткөрүлдү. Дебат түз эфирде өттү. Көрүүсү начар шайлоочулар катталган шаарлардагы жана айылдардагы бардык шайлоо участкалары үчүн Брайль шрифти менен бирден шайлоо бюллетени жана трафарет берилет. Брайль арибинде жалпысынан 983 бюллетень чыгарылган, анын ичинен: 749 бюллетень - шаардык шайлоо участкалары үчүн; 234 шайлоо бюллетень - муктаждыктардын алдын ала түзүлгөн карталары боюнча айылдык шайлоо участкалары үчүн. ЖМК жана эл аралык/коомдук байкоочулар: 66 ЖМК жана 14 интернет-басылма аккредитациядан өткөн: Шайлоо процессине азыр коомдук жана эл аралык байкоочулар көз салууда. Жалпысынан 10 өлкөдөн 54 эл аралык байкоочу катталган, алар башка өлкөлөрдүн 10 шайлоо органынан, 4 эл аралык уюмдан жана Кыргызстандагы 6 дипломатиялык өкүлчүлүктөн турат. Кыргызстан жаштар кыймылы шайлоолорго биринчи жолу кеңири форматта байкоо жүргүзүүдө. Шайлоого байкоо жүргүзүүгө жаштардын катышуусунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгилей кетүү керек. Бүгүнкү шайлоого жаштар өздөрү да активдүү катышат деген ишеним бар. Шайлоонун мыйзамдуулугун жана коопсуздугун камсыздоо үчүн борбордук, шаардык жана райондук деңгээлде ыкчам чара кѳрүү боюнча координациялык топтор түзүлүп, алардын курамына шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, прокуратура, ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын өкүлдөрү кирген. Бул топтордун негизги милдети мыйзам бузууларга ыкчам чара көрүү жана таасирдүү чараларды кабыл алуу, ошондой эле көрүлгөн чаралар жөнүндө жарандарга дайыма маалымдоо болуп саналат. Эгерде мыйзам бузууларга күбө болсоңуз, ЫЧКТ номуруна - 1255, ишеним телефонуна - 0 (312) 660240, WhatsApp - 0990 12 55 00 номуруна кайрылсаңыз болот. КР БШК төрагасы шайлоо аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын тутуму оптималдаштырылып жатканын баса белгиледи. Жергиликтүү кеңештер биринчи жолу 5 жылга шайланат. Айылдарды, шаарларды ѳнүктүрүү, жарандардын жыргалчылыгын жогорулатуу боюнча шайлана турган кеңештердин алдында зор милдеттер турат. Ошондуктан, кеңештерге компетенттүү, жоопкерчиликтүү адамдар шайланышы абдан маанилүү. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды шайлоого жигердүү катышууга жана кеңештердин жергиликтүү жамааттарды, аймактарды жана бүтүндөй мамлекетти өнүктүрүү үчүн натыйжалуу иштеши үчүн туура тандоо жасоого чакырды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2024-жылы 16 - ноябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
16.11.2024

КР БШКнын 2024-жылы 16 - ноябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2024-ж. 16-ноябры                                                          Убактысы: 22:30                                                          Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы     Панфилов АШКнын 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 28 чечимине карата А.К. Жапаралиевдин арызы жөнүндө  (баяндамачы – Нурбеков А.Н. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) Кала-Балта АШКнын 2024-жылдын 13-ноябрындагы №40 чечимин кайрадан карап чыгуу жөнүндө К.М.Жандралиевдин, К.Н.Бажандын, Кеңешбек уулу Кутманбектин арызы жөнүндө. (баяндамачы – Нурбеков А.Н. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) Т.К. Жумабековдун Талас шаарынын АШКнын 2024-жылдын 15-ноябрындагы чечимине карата арызы жөнүндө        (баяндамачы –) Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Эл аралык жана коомдук байкоочуларга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти
16.11.2024

Эл аралык жана коомдук байкоочуларга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти

17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова шайлоонун жүрүшүнө көз салуучу эл аралык жана коомдук байкоочулар менен жолугушуу өткөрүп, анда ал “2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү” деген презентация менен баяндама жасады. ​Н.Шайлдабекова бул шайлоолор өлкөдө жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын этаптарынын бири катары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарын оптималдаштыруу максатында өтүп жатканын белгиледи: “Кыргызстандагы административдик-аймактык реформа жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бүтүндөй системасын өзгөртүүгө багытталган. Үстүбүздөгү жылдын август-сентябрь айларында анын аткаруу бийлигин оптималдаштыруу жүргүзүлгѳн эле, эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарын оптималдаштыруу зарыл». ​Административдик-аймактык реформанын натыйжасында административдик-аймактык бирдиктердин саны 484төн (32 шаар жана 452 айыл аймагы) 264кө (33 шаар жана 231 айыл аймагы) чейин өзгөрдү. Мына ушул өзгөртүүлөрдүн, ошондой эле жалпысынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана аймактарды башкаруунун түзүмүндөгү өзгөртүүлөрдүн негизинде 6-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти жергиликтүү кеңештерди таркатуу жана 17-ноябрдажаңы чакырылыштагы шайлоону дайындоо жөнүндө Жарлык чыгарган. ​Байкоочуларга депутаттарды шайлоо тартиби жалпысынан өзгөрбөгөндүгү тууралуу маалымат берилди: шаардык кеңештердин депутаттары (993 мандат) партиялык тизме боюнча пропорционалдык система боюнча, айылдык кеңештердин депутаттары (5391 мандат) – мажоритардык система боюнча бир мандаттуу округдар боюнча шайланат. Аялдардын саясий шайлоо процессине катышуусун күчөтүү үчүн кабыл алынган атайын мыйзамдык чара катары мандаттын 30% кем эмеси аялдар үчүн сакталат. ​КР БШКнын төрагасы белгилегендей, Кыргызстанда 10 жылдан бери шайлоо реформасы жүрүп жатат. 2015-жылдан бери өлкөдө шайлоочуларды каттоонун жана шайлоочулардын тизмесиндеги фальсификациянын ар кандай түрүн жоюуга багытталган ѳзгѳчѳ жаңы шайлоо модели колдонулууда. ​Бул модель башынан эле өзүн ийгиликтүү кѳрсѳтѳ алды жана азыркы учурда көп кырдуу шайлоо процессинин алкагында башка милдеттер этап-этабы менен чечилүүдө. ​Кыргызстанда 2015-жылдан бери шайлоо реформасынын алкагында Калктын бирдиктүү электрондук реестринин негизинде шайлоочулардын тизмелерин автоматташтырылган түзүү системасы ишке киргизилген. 18 жаштан жогорку бардык жарандардын маалыматтары автоматтык түрдө реестрден алынып, шайлоочулардын тизмелери түзүлөт. Учурда дээрлик бардык шайлоочулар биометрикалык каттоодон өтүштү. Бардык шайлоочулардын тизмелери Tizme.kg платформасында жайгаштырылган, анда ар бир жаран өзүнүн маалыматтарын жана ѳздѳрү бекитилген шайлоо участогу тууралуу маалыматты таба алат. Кошумчаколл борбору иштеп турат, ал жерде кошумча маалымат алуу үчүн 1255 жана 119 номерлерине чалууга болот. Кыргызстандагы шайлоочулардын жалпы саны 4 миллион 135 миң 39 адамды түзсө, анын 43 пайыздан ашыгын 18 жаштан 35 жашка чейинки жаштар түзөт (жаштар жѳнүндѳ мыйзамга ылайык). Жаш шайлоочулардын мындай олуттуу бөлүгү алардын өлкөнүн саясий турмушуна катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгилеп турат. ​Азыркы шайлоолор ѳтѳ технологиялуу, биринчи жолу талапкерлердин жана саясий партиялардын маалыматтарын текшерүү үчүн заманбап санариптик технологиялар колдонулууда.Талапкерлер адам факторунун таасирин минималдаштыруучу автоматташтырылган ыкманы колдонуу менен мыйзам талаптарына алардын шайкештиги текшерилет. Бул ачык жана инклюзивдүү каттоо процессин камсыз кылууга жардам берет. Текшерүү "Электрондук талапкер" системасы менен мамлекеттик реестрлердин ортосунда маалымат алмашуу аркылуу жүргүзүлөт.Мындай интеграция талапкерлерди каттоо процессинде чыр-чатактарды дээрлик толугу менен жок кылууга мүмкүндүк берет. «Электрондук талапкер» системасы документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырганга чейин маалыматтарды алдын ала текшерүүнү камсыз кылат. Талапкер маалыматтарын системага өз алдынча киргизет, ал документтердеги мүмкүн болгон көйгөйлөр жөнүндө кабарлайт жана ага керектүү маалыматтарды тез арада жаңыртууга же толуктоого мүмкүндүк берет. ​Кыргызстанда биринчи жолу аралыктан добуш берүү колдонулат. Добуш берүүнүн бул түрү ички мигранттар катталган жери боюнча добуш бере албаса, шайлоого катышууга жардам бериши керек. Аралыктан добуш берүү үчүн 10 шайлоо участкасыачык: ар бир облустун борборунда жана 4 участка Бишкек шаарында болот. Аталган шайлоо участкаларындагы добуштар туруктуу катталган жери боюнча эсептелет. Аралыктан добуш берүү үчүн шайлоочулардын тизмесинде 9050 адам бар. ​Кыргызстанда алдыдагы шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында үч негизги багытта иш жүргүзүлдү: ​1. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр. ​Жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү төрт жылдан беш жылга чейин көбөйтүлдү, бул өкүлчүлүктүү органдардын ишинин туруктуулугун камсыздоого багытталган. Саясий партиялар үчүн мандатты бөлүштүрүүгө жетүү босогосу 7%дан 5%га чейин төмөндөтүлдү, бул жергиликтүү бийликтердин өкүлчүлүктүү курамын түзүүгө көбүрөөк партиялардын катышуусуна шарт түзөт. ​2. Жарандык билим берүү. Түшүндүрүү иш-чаралары бардык шайлоочулар сыяктуу эле, ошондой эле айрым категорияларга, анын ичинде аялдарга, жаштарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, ошондой эле комиссия мүчөлөрүнө жана байкоочуларга жүргүзүлдү. ​3. Технологияларды модернизациялоо. Программалар жана техникалык бөлүктөр жаңыртылды. Технология модели эки компоненттен турат: ​• Биометрикалык каттоо жана идентификациялоо аркылуу шайлоочуларды эсепке алуу. ​• Добуштарды эсепке алуу, шайлоо бюллетендерин автоматтык түрдө сканерлөө мененнатыйжаларды веб-сайтта жарыялоо менен камсыз кылынат. ​Шайлоочуларды идентификациялоонун заманбап аппараттары паспорттун бардык түрү: ID-карталар, чет өлкөлүк жана электрондук паспорттор менен иштѳѳнү камсыз кылатИдентификациядан ийгиликтүү өткөндөн кийин шайлоочу жеке маалыматтары, шайлоочулардын тизмесиндеги номери жана шайлоо бюллетени жазылган чекти алат. Жолугушуунун катышуучуларына жаңы шайлоо жабдууларынын иштеши көрсөтүлдү. ​Бул шайлоонун өзгөчөлүгү бардык шайлоо участкалары видеокамералар менен жабдылышы болот. Аралыктан добуш берүү үчүн участкаларда видео БШКнын маалымат борборуна онлайн режиминде көрсөтүлүп, башка шайлоо участкаларында жаздырып алынат. ​Ачык-айкындуулукту жогорулатуу үчүн БШК арыздардын жана кайрылуулардын реестрин түздү.Бардык даттануулар келип түшкөн күнүн, шайлоо комиссияларынын, укук коргоо органдарынын же сот органдарынын чечимин көрсөтүү менен катталат. Талапкерлер арыздарынын абалын көзөмөлдөй алышат. Эгерде даттануу укук коргоо органдарынын компетенциясына кирсе, ал ыкчам чара кѳрүүнүн координациялык тобуна (ЫЧКТ) өткөрүп берилет, ал бузууларды натыйжалуукароону жана көрүлгөн чаралар жөнүндө жарандарды маалымдоону камсыз кылат. ​Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн колдоо көрсөтүүлөр, анын ичинде Брайль шрифиндеги бюллетендер жана трафареттер бар. Участкаларалардын муктаждыктарына жараша жабдылган. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (ДМЧА) катышуусун камсыздоо маселелери дайыма көңүл борборунда турууда. Алардын добуш берүүгө катышуусун колдоого багытталган көптөгөн мыйзам кормалары бар. ​Жыйындын соңунда КР Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы бүгүнкү күндө Кыргызстандын шайлоо системасында коомчулук тарабынан шайлоо процессине мониторинг жүргүзүү үчүн бардык инструменттер калыптанып, ачык жана кѳз карандысыз байкоо жүргүзүү үчүн шарттар түзүлгөндүгүн баса белгиледиБайкоочулар алдыңкы технологиялардын кеңири колдонулушуна, фото/видео жазууга, ачык-айкын добуш берүү процессине, бюллетендерди ачык саноого күбө боло алышат. Ушунун баары өлкө жетекчилигинин ачык жана айкын шайлоо саясатына, жарандардын эркин билдирүүсүнө, эл аралык стандарттарды сактоого, таза саясий атаандаштыкка берилгендигинин так позициясынын аркасында мүмкүн болду. ​КР Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 54 эл аралык байкоочу аккредитациядан өттү. ​10 өлкөнүн: Азербайжандын, Беларусиянын, Грузиянын, Индиянын, Казакстандын, Молдованын, Монголиянын, Россиянын, Түркиянын, Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиялары ѳздѳрүнүн эл аралык байкоочуларын жиберүү каалоосун билдиришти. ​Он өлкөнүн, анын ичинде Азербайжандын, Беларусиянын, Грузиянын, Индиянын, Казакстандын, Молдованын, Монголиянын, Россиянын, Түркиянын жана Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиялары өз өкүлдөрүн жѳнѳтүшкѳн. Шайлоо органдарынын Бүткүл дүйнөлүк ассоциациясы (A-WEB), Ханнс Зайдель Фонду, Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ), Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ), ЕБнин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Улуу Британиянын, Ирандын, Кытайдын, АКШнын, Швейцариянын, Россиянын жана Япониянын элчиликтери да байкоо жүргүзүүгѳ катышат.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын колл-борбору күн сайын шайлоочулардан 150дөн чалууларды кабыл алат
16.11.2024

КР БШКнын колл-борбору күн сайын шайлоочулардан 150дөн чалууларды кабыл алат

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун алдында БШКнын колл-борбору күн сайын шайлоочуларданкелген 150гө чейинки кайрылууларды иштеп чыгуу менен күчөтүлгөн режимде иштеп жаткандыгын билдирет. КР Президенти «КР жергиликтүү кеңештерди таркатуу жана КР жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгондон кийин, 2024-жылдын сентябрында аны түзгөн учурдан тартып колл-борбор жарандар менен байланыштын маанилүү инструменти болуп калды. Борбордун адисттери даярдыктын жана натыйжалуулуктун жогорку деңгээлин көрсөтүү менен, ай сайын 2000ге жакын чалууларды кабыл алышат. Көбүнчө жарандар төмөнкүлөргө кызыгышат: • Өзүнүн участкалык шайлоо комиссиясынын номерин жана дарегин кантип аныктоо; • Аралыктан добуш берүүнүн шарттары жана тартиби. Колл-борбордун командасы мурдагы төрт шайлоодо тажрыйбасы бар кесипкөйлөрдөн турат. Бардык кызматкерлер жарандарга консультация берүү жана суроо-талаптарды ыкчам иштеп чыгуу боюнча атайын окуудан өтүштү. Инклюзивдүү шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду: колл-борбордун адисттеринин көпчүлк бөлүгү – бул ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар. Мындай саясат калктын аз мобилдүү топторун колдоого багытталган «Жеткиликтүү өлкө» Мамлекеттик программасынын (2023-2030-жж.) алкагында ишке ашырылат. КР БШК ар бир жаран зарыл маалыматты алуусу жана өзүнүн шайлоо укугун ишке ашыруусуүчүн ачыктык, жеткиликтүүлүк жана кесип көйлүк принциптерин жактагандыгын ырастайт. КР Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерди шайлоонун убагында колл-борбор жарандардан 1255 жана 119 акысыз номерлери боюнча чалууларды кабыл алаарын эскертет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК эске салат: бүгүн  - 16-ноябрь  шайлоо алдындагы “жымжырт күн”
16.11.2024

КР БШК эске салат: бүгүн - 16-ноябрь шайлоо алдындагы “жымжырт күн”

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин катышуучуларына 2024-жылдын 16-ноябрында “жымжырттык күнү” башталгандыгы тууралуу маалымдайт, бул күнү шайлоо алдындагы үгүт иштеринин бардык түрлѳрүнѳ катуу тыюу салынат. Чектөөлөргө төмөнкүлөр кирет: • ЖМК, интернет басылмалар жана социалдык тармактар ​​аркылуу үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салуу; • Ачык үгүт иш-чараларына, анын ичинде митингдерге, чогулуштарга жана теледебаттарга тыюу салуу; • Үгүт материалдарын (басма, аудиовизуалдык жана башка) таратууну токтотуу; • Мыйзамда каралган үгүт жүргүзүүнүн башка формаларын чектөө. • Мурда жайгаштырылган үгүт материалдары (плакаттар, көрнөк-жарнактар ​​ж.б.), эгерде алар шайлоо комиссияларынын имаратынан тышкары жайгаштырылса, ѳз ордунда тура берет. БШК мыйзам бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик чараларына алып келерин эскертет. “Жымжырттык күнүндө” шайлоо комиссияларынын маалыматтык иш-чаралары улантылат: ага мыйзамдарды жана добуш берүүнүн жол-жоболорун түшүндүрүү, ошондой эле шайлоого катышууга чакырыктар кирет. Бул маанилүү күнү жоопкерчиликтүү болуп, мыйзамдарды сактаңыз!
Кененирээк билүү >>
Кыргызстанда орун-жайдан тышкары добуш берүү ѳтүп жатат
16.11.2024

Кыргызстанда орун-жайдан тышкары добуш берүү ѳтүп жатат

Бүгүн, 2024-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо орун-жайдан тышкары добуш берүү өтүүдө. Өлкөнүн шайлоо комиссияларына орун-жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча 9538 арыз түшкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Жаш курагы боюнча шайлоо участкаларына келе албаган шайлоочулардан - 3746 арыз, майыптыгы боюнча -1979 арыз, оорусуна байланыштуу – 3145 арыз жана айрым категориялардын өкүлдөрүнөн, башкача айтканда үзгүлтүксүз иштөө (вахта иштери) цикли бар ишканаларда, стационардык медициналык мекемелерде, камакта шектүү жана айыпкер катары кармоо жайларында турган жарандардан, ошондой эле аскер кызматчыларынан жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнѳн, аскер бөлүктөрүндө жашаган башка адамдардан жана мѳѳнѳттүү аскер кызматындагылардан 668 арыз келип түшкѳн. 2437 участкалык шайлоо комиссиясынын ичинен 1129 комиссия добуш берүүнү орун-жайдан тышкары өткөрөт.
Кененирээк билүү >>
Саясий партиялардын эсине: Саясий партияларга жана шайлоо процессине ыңгайлуу болушу үчүн Айылбанк 16-ноябрь күнү иштиейт
15.11.2024

Саясий партиялардын эсине: Саясий партияларга жана шайлоо процессине ыңгайлуу болушу үчүн Айылбанк 16-ноябрь күнү иштиейт

«Айылбанк» ААК саясий партияларга, шайлоо комиссияларына жана жарандарга 2024-жылдын 16-ноябрында ишемби күнү райондун борборлорунда жайгашкан банктын бардык филиалдары жана сактык кассалары штаттык режимде иштей тургандыгын маалымдайт. Мындай чечим алдыда боло турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу финансылык операцияларды өз убагында аткарууну камсыз кылуу максатында кабыл алынды. Тѳмѳндѳүгүлѳр жеткиликтүү болот: • Эсеп-кассалык операциялар: шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу төлөмдөрдү жана которууларды иштетүү. • Шайлоо комиссиялары үчүн финансылык кызмат кѳрсѳтүүлѳр: зарыл болгон каражаттарга тез алууну камсыз кылуу. • Жарандарды тейлѳѳ: шайлоонун катышуучулары жана байкоочулар үчүн пайдалуу болушу мүмкүн болгон каражаттарды алуу жана салуу боюнча кызмат кѳрсѳтүүлѳр. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы “Айылбанк” ААК жетекчилигине шайлоону уюштурууга жана шайлоо процессине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет. КР БШК шайлоонун бардык катышуучуларын, анын ичинде саясий партияларды 16-ноябрдагы иш күнүндө банктын кызматтарынан пайдалануу менен каржы маселелерин алдын ала чечип алууга чакырат. Иштѳѳ графиги же кызмат көрсөтүүлөр боюнча кошумча маалымат алуу үчүн «Айылбанк» ААКтын ишеним телефонуна чалыңыз же банктын расмий сайтына кирсеңиз болот.
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын БШКда Монголиянын, Түркиянын жана түрк   мамлекеттер уюмунун  делегациялары менен эки тараптуу жолугушуулар болуп ѳттү
15.11.2024

Кыргызстандын БШКда Монголиянын, Түркиянын жана түрк мамлекеттер уюмунун делегациялары менен эки тараптуу жолугушуулар болуп ѳттү

Бүгүн, 2024-жылдын 15-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова менен эл аралык байкоочулар жана Монголиянын, Түркиянын жана Түрк мамлекеттер уюмунун миссиясынын (ТМУ) шайлоо органдарынын делегациялары менен жолугушуулар болуп өттү. Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы эл аралык байкоочуларга жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү жана инновациялар тууралуу айтып берди. «Бул шайлоолор биз үчүн өзгөчө, анткени биз биринчи жолу толук түрдѳ жаңы техниканы жана заманбап технологияларды колдонуп жатабыз», - деп баса белгиледи КР БШКнын башчысы. Шайлоонун негизги өзгөчөлүктөрү төмөнкүлөрдү камтыйт: • модернизацияланган автоматташтырылган сканерлерди колдонуу; • шайлоо процессин жазып алуу үчүн видеокөзөмөлдү киргизүү; • аралыктан добуш берүүнү киргизүү боюнча алгачкы кадамдар, бул жарандарга башка шаарларда жүргөндө өз аймагындагы талапкерлерге добуш берүүгө мүмкүнчүлүгүн берет. Эл аралык байкоочулар Кыргызстандын шайлоо системасын жаңылоо аракетине жогору баа беришти. Алар инновациялар ачык-айкындуулукту гана арттырбастан, шайлоолорго болгон ишенимди бекемдеп, Кыргызстанды чөлкөмдөгү башка өлкөлөргө үлгү катары кѳрсѳтүп жатканын белгилешти. Монголиянын Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын төрагасы Пурвээ Дэлгэрнаран чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, алдыдагы шайлоодо ийгиликтерди каалап, тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи. ТМУнун Башкы катчысынын орун басары Мирвохид Азимов Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн электоралдык чѳйрѳдѳ өз ара аракеттерин чыңдоонун келечегин белгилеп, шайлоо органдарынын жетекчилеринин консультациялык кеңешин түзүүгө үмүттөнөрүн билдирди. КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жетишилген жыйынтыктар 2015-жылы башталган шайлоо системасын модернизациялоо боюнча көп жылдык иштердин аркасында мүмкүн болгонун баса белгиледи. Ал белгилегендей, алдыдагы шайлоо Кыргызстандын демократиялык процесстерди мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын тастыктоочу маанилүү кадам болот. Шайлоого байкоо жүргүзүүгө 10 өлкөнүн жана негизги эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн 54 эл аралык байкоочу катышат, бул Кыргызстандагы шайлоо процесстерине көңүл буруунун жогору экендигин баса белгилейт.
Кененирээк билүү >>
1 … 62 64 … 482

Акыркы жаңылыктар

25.09.2026 Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө 25.09.2026 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу! 25.09.2026 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду 25.09.2026 «Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды 25.09.2026 КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти 25.09.2026 КР БШКсы шайлоо жана референдум мезгилинде ЖМКларды аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитти