Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алды.
Муратбеков Табылды Муратбекович Кыргыз Республикасынын « Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык мыйзамынын 65-беренесинин 3 жана 4-1-бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары катталды.
Депутатка белгиленген үлгүдөгү депутаттык күбөлүк жана төш белгиси тапшырылды.



