Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрдү
23.01.2025

БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 2025-жылдын 23-январындагы жыйынында Панфилов, Айтматов, Сузак жана Өзгөн райондорунун аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге ыйгаруу боюнча чечимдерин бекитти. Төмөндөгү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди: Панфилов районунун, Кайыңды шаардык кеңешинен «Бирге-Вместе» депутаттык фракциясынан Молдалиев Бакытбек Джусуповичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Зайнидинов Муканбет Жожобаевичке берилди. Айтматов районунун, Кара-Буура айылдык кеңешинен Керимкулов Эсенбек Мирлановичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Асылбеков Копболсун Кушубаковичке берилди. Сузак районунун, Сузак айылдык кеңешинен Хакимов Жахонгир Абдумуталиповичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Арипов Аслиддин Алимбаевичке берилди. Өзгөн районунун, Төрт-Көл айылдык кеңешинен Марат уулу Ибрагимдин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Мамытов Шекербек Өмүрзаковичке берилди.
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы П.Р.Тулендыбаевге Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын тапшырды
23.01.2025

КР Борбордук шайлоо комиссиясы П.Р.Тулендыбаевге Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын тапшырды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 23-январдагы жыйынында «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Тулендыбаев Пархат Розымович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.  
Кененирээк билүү >>
БШК КР ЖКнын депутаты Ж.Ш.Токторбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
23.01.2025

БШК КР ЖКнын депутаты Ж.Ш.Токторбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-январындагы №13 Жарлыгынын негизинде “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Токторбаев Жеңишбек Шермаматович Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэри болуп дайындалганына байланыштуу, анын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. КР БШК Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Ш.Токторбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кылды.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылы 23 -январындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
23.01.2025

КР БШКнын 2025-жылы 23 -январындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 23январь 2025-ж. Убактысы: 14:30 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Ш. Токторбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Панфилов, Айтматов, Сузак жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Айтикеев Т.О., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) ​​3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)  
Кененирээк билүү >>
КР БШК туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө шайлоо процесстеринин ролу боюнча борбордогу ЖОЖдордун студенттери менен жолугушуу өткөрдү
20.01.2025

КР БШК туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө шайлоо процесстеринин ролу боюнча борбордогу ЖОЖдордун студенттери менен жолугушуу өткөрдү

КР БШКда Борбордук шайлоо комиссиясынын тѳрагасы Н.Шайлдабекова менен борбордогу ЖОЖдордун студенттеринин жолугушуусу болуп, анда “Кыргызстандын жаштарын ТѲМ боюнча билим берүү” программасынын алкагында “Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө шайлоо процесстеринин ролу” деген тема талкууланды.   2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан ТӨМдү ишке ашыруунун натыйжалуулугу боюнча алдыңкы 50 өлкөнүн катарына кирип, 45-орунду ээледи. 2030-жылга карата Кыргызстан ТӨМдү ишке ашыруу боюнча БУУнун алдыңкы 30 өлкөсүнө кирүүнү максат кылууда. ​Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) жакырчылыкты жоюуга, социалдык инклюзивдүүлүккө жетишүүгө, климаттын өзгөрүшүнө жол бербөөгө жана кийинкимуундардын туруктуу келечегин камсыз кылууга багытталган 17 глобалдык максаттарды кѳздѳйт. ​ТӨМдү ишке ашырууга таасир эте ала турган ѳбѳлгѳлѳрдүн бири бул шайлоо болуп саналат. Шайлоо – бул жөн гана лидерлерди жана эл өкүлдөрүн шайлоо процесси эмес, бул ошондой эле Туруктуу өнүгүү максаттарынын көптөгөн аспектилерин ишке ашыруунун маанилүү механизми болуп саналат. ​Шайлоо натыйжалуу институттарды калыптандырууга, ресурстарды адилет бөлүштүрүүгө, инклюзивдүүлүккө, жарандардын коомго катышуусуна жана туруктуу өнүгүүгө багытталган узак мөөнөттүү чечимдерди кабыл алууга таасирин тийгизет. ​Иш-чаранын катышуучулары өздөрүнүн шайлоо укуктары, Кыргызстандагы шайлоо укуктарынын негиздери жана процесстери, колдонулуп жаткан шайлоо технологиялары менен таанышты. ​КР БШК бардык деңгээлде таасирдүү, отчеттуу институттарды түзүүгө жана гендердик теңчиликти камсыз кылууга багытталган 16 ТӨМ жана 5 ТӨМ алкагында активдүү иш алып барууда. ​ 16 ТѲМ: Шайлоо реформасынын алкагында маалыматтык технологияларды киргизүүнүн аркасында биометрикалык идентификация аркылуушайлоочуларды каттоонун тактыгы, автоматтык эсептөө (АЭУ) жана сайтта ыкчам көрсөтүү аркылуу добуштарды эсептөөнүн тактыгы камсыз кылынды. Ошону менен добуш берүүнүн натыйжаларынын ишенимдүүлүгү камсыз кылды. ​5 ТѲМ: Жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын жана шайлоонун жыйынтыктары боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында Жогорку Кеңешке 20 аял (депутаттардын жалпы санынын 22%), ал эми жергиликтүү кеңештерге 2538 (39,75%) аял депутаттар шайланды, бул жергиликтүү шайлануучу органдарга аялдардынкатышуусунун өсүп жаткандыгын чагылдырат. ​ТѲМ биз күн сайын туш болуп жаткан маселелер экенин эстен чыгарбоо керек. Ал эми бул максаттарды ишке ашыруу бардык жарандардын, анын ичинде жаштардын шайлоодогу активдүүлүгүнө жана чечимдерди кабыл алуу процессине катышуусуна көз каранды. Жаштар - туруктуу өнүгүү маселелери мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп калышына жардам берүүчү күч. ​Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештерге шайлоодо шайлоочулардын тизмесинде 4 135 039 адам катталса, анын 42% жаш шайлоочулар (18 жаштан 35 жашка чейинки) болуп саналат, бул 1 735 417 адамды түзөт. Жергиликтүү кеңештерге шайланган 6384 депутаттын ичинен 561 депутат -жаштар, анын ичинен 96сы шаардык кеңештерге, 465и айылдык кеңештерге шайланышкан. ​Жолугушуунун жүрүшүндө анын жаш катышуучулар шайлоого катышуу босогосун киргизүү, чет өлкөдөгү мигранттардын, этностордун шайлоо укуктарын ишке ашыруунуншарттары, жаштардын укуктук маданиятын жогорулатуу сыяктуу өздөрүн кызыктырган суроолорун беришти. ​Жолугушуу жаштарды жарандык тарбиялоодо, алардын шайлоо процессине активдүү катышуусуна дем берүүдѳ жана шайлоочулардын укуктары боюнча маалымдуулугун жогорулатууда маанилүү кадам болду.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жарандардан жана саясий партиялардан 56 аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине документтерди кабыл алууну 2025-жылдын 20-январына чейин узартты
09.01.2025

КР БШК жарандардан жана саясий партиялардан 56 аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине документтерди кабыл алууну 2025-жылдын 20-январына чейин узартты

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек, Ош, Баткен шаардык, Баткен, Кадамжай, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Лейлек, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу, Алай, Араван, Ноокат, Чоң-Алай, Жалал-Абад, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Токтогул, Тогуз-Торо, Чаткал, Балыкчы, Каракол, Ысык-Көл, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң, Түп, Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын шаардык, Нарын, Жумгал, Кочкор, Талас шаардык, Талас, Бакай-Ата, Айтматов, Манас, Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата, Кемин, Чүй, Сокулук, Москва, Панфилов, Токмок, Кант, Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүү максатында, жарандардан жана саясий партиялардан документтерди 2025-жылдын 10-январына чейин кабыл алууну  жарыялаган. Белгилей кетсек, аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүү боюнча кайрылуу Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында, ошондой эле бул маалымат "Эркин Тоо" мамлекеттик газетасынын 2024-жылдын 13-декабрындагы №96 (3651) санында жарыяланган. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы 2025-жылдын 1-январынан 7-январына чейинки өлкө боюнча жалпы эс алуу күндөрдү эске алуу менен аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүү максатында жарандардан жана саясий партиялардан документтерди кабыл алууну 2025-жылдын 20-январынын саат 18:00гө чейин узартылгандыгын маалымдайт. Жобо менен КР БШКнын https://www.shailoo.gov.kg/kg/news/7724/ сайтынан таанышууга болот. Маалымат алуу үчүн телефон: (0312) 66-01-16
Кененирээк билүү >>
Президент Садыр Жапаровдун Жаңы 2025-жыл менен куттуктоосу
07.01.2025

Президент Садыр Жапаровдун Жаңы 2025-жыл менен куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 2025-жаңы жыл менен куттуктады. Мамлекет башчысынын жаңы жылдык куттуктоосу: “Ардактуу мекендештер! Кымбаттуу кыргызстандыктар! Алыс-жакында жүргөн кадырлуу журтташтар! Биз саналуу мүнөттөрдөн кийин эски жылыбызды узатып, жаңы дем, жаңы маанай менен жаңы 2025-жылга аяк басабыз. Мезгил деген закым куш экен, узап бараткан жылыбызга аста көз чаптырсак, өлкөбүздө бир далай натыйжалуу иштерди аткарууга жетишиптирбиз. Эсиңиздерде болсо, биз кызматка келгендеги алгачкы жылдарыбызда бар аракетибиз коом турмушун бир нукка салып, мамлекеттик башкарууну элдин кызыкчылыгына иштетүү, уюштуруу иштери менен алек болдук эле. Бара-бара элдин бийликке болгон ишеними өсүп, нааразычылык акциялар, тынымы жок митингдер артта калды. Эл аралык коомчулукка Кыргызстан өз алдынча өнүгүп кете алаарын жар салып, дүйнө өлкөлөрү менен алакаларыбызды жолго коюуга жетиштик. Натыйжада тең салмактуу, көп векторлуу тышкы саясий курс менен Кыргызстандын эл аралык айдыңдагы позициясын бекемдей алдык. Элибизди көп жылдардан бери түйшүккө салып, жүрөк үшүн алган кыргыз-өзбек чек арасы толугу менен чечилсе, кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыкты. Албетте, сиздердин колдоп-коштооңуздарсыз бул ийгиликтерге жетүү мүмкүн эмес эле. Ак ниет, адал иш-аракеттерибиздин акыбети кайтып, анын негизинде дүйнө өлкөлөрү Кыргызстан демилгелеген ири долбоорлорго кол суна баштады. Мынакей ошол далалаттарыбыз өз жемишин берип, мурда кандай шарттары болсо да эптеп инвестиция тартсак деген ойдон арылып, инвесторлорду тандоого өттүк. Кечээ Борбор Азия чөлкөмүнүн транспорттук инфратүзүмүнүн өнүгүшүндө жаңы доорду баштай турган “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу” курулушунун алгачкы ташын койдук. Кудай буюрса, бул жол бүтүндөй региондун өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, экономиканы чыңдап, миллиондогон адамдардын жашоосун жакшыртат. Чыгыш жана Батыш элдеринин ортосунда карым-катнаш түзүлүп, кадимки Улуу Жибек жолунун жаңы тарыхый деми калыбына келет. Ал ортодо, өлкөнүн кан тамыры саналган миңдеген чакырым жолдорубуз оңдолуп, 800 чакырым жолго асфальт басылды. Ал эми кылым долбоору атанган “Камбар- Ата 1” ГЭСинин курулушу азыркы тапта Казакстан менен Өзбекстандын катышуусунда жана Дүйнөлүк банктын колдоосунда активдүү кадам менен алдыга жылууда. Бул ГЭСтин курулушу – Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталган даңгыр жол экенин жакшы билесиздер. Ошондой эле Борбор Азия чөлкөмүндө суу ресурстарын натыйжалуу башкарууда “Камбар-Ата-1” ГЭСинин мааниси зор. Урматтуу мекендештер! Дагы бир артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири - жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу долбоорубуз четинен ишке аша баштады. Борбор калаабыз Бишкекте турак жай комплекстери курулуп, миңден ашуун жарандарыбыз жаңы жылдын алдында батирлүү болушту. Келерки жылдан тарта дагы бир топ турак жай комплекстер курулуп, кийинки кезекте турган жарандарга четинен бериле баштайт. 2024-жыл эл аралык, дүйнөлүк деңгээлдеги спорттук иш-чараларга жык болду. Алардын эң ириси – ушул жылдын жайында Парижде өткөн Олимп оюндарында Манас атабыздын урпактары өзгөчө намыстуу эл экендигибизди далилдеп, чакан өлкө болсок да чоң жеңиштерге жете алаарыбызды бүткүл дүйнөгө даңазалай алышты. Мындай жетишкендиктер келечекке карай чаап жаткан жолубуздун башаты гана. Кийинки Олимп оюндарында да чоң ийгиликтерге жетүү үчүн азыртадан даярдыктарды баштайбыз. Бизди мамлекеттин демографиялык маселелери дагы ойлондурбай койгон жок. Эл аралык изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстандын калкы улгаюу тенденциясына өткөндүгү – биз үчүн чоң коңгуроо! Бул багытта “Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын аймактарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку “Бала – береке” төлөмү жөнүндө” Жарлыкка кол койдум. Биз мындай аракеттерибиз менен калктын демографиялык өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы, барууга кыйын аймактарда жашаган көп балалуу энелерди колдоого алабыз. Өтүп бараткан жылда саламаттык сактоо тармагында тарыхый жетишкендиктер жаралды: бөйрөк, боор, жилик чучугун алмаштырууга кадам ташталды. Биз бардык ийгиликтердин башатында билим менен илим турарын, ансыз Кыргызстандын бакубат келечегин элестетүү мүмкүн эместигин жакшы түшүнөбүз. Мындан улам, билим берүүнүн мазмуну менен сапатына көңүл бурууга тыкыр киришип жатабыз. Бул багытта мектептерде “Алтын казык” мамлекеттик программасы ишке ашырылууда. Ал эми өнүгүүгө аракет кылган жогорку окуу жайларына өзгөчө макам берүүдөбүз. Кыргызстандын илимий очогу болгон Улуттук илимдер академиябыздын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында түп-тамырынан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Кудай буюрса, мамлекеттин интеллектуалдык флагманы боло турган бул жайда иштеген кызматкерлердин айлыгы жаңы жылдан тарта 100 пайызга чейин көтөрүлөт. Урматтуу замандаштар! Көчмөндөр цивилизациясынын алтын бешиги аталган ажайып кооз кыргыз жери – улуттук деми акырындап артып бараткан нарктуу, айкөл элдин Мекени. Мына ошол ак кар-көк муздуу асман тиреген тоолорубузду байырлаган ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө жарлыкка кол койгон элем. Кыргызстаныбыздын кайталангыс табиятын коргоо максатында аска тоолорубуздун символу болгон ак илбирсти эл аралык күн катары белгилөө демилгебизди быйыл Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы колдоп, тийиштүү резолюция менен 23-октябрь – Эл аралык ак илбирс күнү катары жарыялады. Мунун өзү биз үчүн узап бара жаткан жылдагы жагымдуу көрүнүш болду. Байыртадан эле элибиз ак илбирсти сыпаттап келишкендей, уул-кыздарыбыз айбат-сүрдүү, кайрат-күчтүү, аруу-айкөл, максатына жете билген өжөр болуп чыгышына төлгө кылалы. Ушу жылы азыркы Кыргызстаныбыз башат алган Кара-кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилеп, тарыхый бурулуш жасоого өмүрүн арнаган аталарыбызды эскерип, аларга таазим кылдык. “Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы” дегендей, 100 жылдыктын алкагында ондогон өнөр жай имараттары, ондогон социалдык-экономикалык мекемелер ачылды. Эл кызматындагы бийлик бутактарынын бир максатты көздөө менен ынтымактуу иш алпаруусунун натыйжасында узап бараткан жылда бажы жана салыктан түшкөн кирешелер эселеп өстү. Натыйжада ички дүң продукциянын көлөмү 9,4%га өсүп, бир жарым триллион сомдук чектен ашырдык, 2025-жылы анын көлөмү бир триллион сегиз жүз миллиард сомдон ашат деп болжолдонууда. Быйыл өлкө бюджетин 687 млрд сомго чыгардык. 2025-жылы 700 млрд сомдон ашыруу менен мамлекеттин каржылык өзөгүн дагы чыңдайбыз. Кымбаттуу кыргыз элим! Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы өзүнүн көп этностуу, ынтымакта жашаган, нарктуу жана жаратман эли менен бирге ылдам жана ырааттуу өнүгүүнүн туура багытына түштү. Мына ушундай учурда маани бере турган дагы бир жагдай – кийинки мезгилдерде кылымдап тутунуп келген уңгужолубузга түшүүгө мезгил жетти деп ойлойм. Кыргыз Республикасынын мамлекет катары ыкчам жана туруктуу өнүгүүсү үчүн адегенде соңку он жылдыктарда пайда болгон зыяндуу адаттардан, өнөкөткө айланган терс көрүнүштөрдөн, түрдүү идеологиялык түркөйлүктөн, жагымсыз таасирлерден биротоло арылып, андан соң ички мүмкүнчүлүктөрүбүздү жана каражаттарыбызды акылмандык менен колдонууга өтүүбүз кажет. Биз кыргыз элинин миңдеген жылдар бою сакталып келишине, кайрадан көз карандысыз мамлекетке ээ болушуна нукура, өзүнө гана таандык баалуулуктары жана нарк принциптери, уңгулуу тарыхый тажрыйбасы өзөк болуп бергендигин эгерим эсибизден чыгарбайлы. Аталган кырдаалдан ылдам чыгуунун ишенимдүү жолдорунун бири – кыргыз жарандарын бир муштумга бириктире турган, куттуу келечекке ишеним арттырган, жарандык мекенчилдикти күчөткөн, улуттун демин арттырып, жаңы демилгелердин жаралышына жол ачкан идеяларды иштеп чыгып, аны ыкчамдык менен ишке киргизүү! Мына ушул максатта “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлык кабыл алдым. Биз бул Жарлыктын негизинде Кыргызстанды бардык жагынан жапырт өнүккөн, эли байгер жашап, өз өлкөсү менен сыймыктанган, элдик нарк баалуулуктары бекем сакталган мамлекет катары дүйнөлүк деңгээлге чыгууга багыт алабыз. Урматтуу кыргызстандыктар! Ошентип 2024-жылы алдыга койгон пландарыбызды ишке ашыруудагы аракеттерибиздин акыбети кайтты, жемиши мол болду десек болот. Мунун баары албетте, элибиздин бекем ынтымагынын, бир максатты көздөгөн биримдигинин натыйжасы. Мындай жетишкендиктердин жыйынтыгында өлкөбүздө туруктуулук орноду, өнүгүүгө багыт алдык, жаңы Кыргызстанды куруу жолуна түштүк деп сыймыктануу менен айтууга толук негиз бар. Жаңы жыл ар дайым жаңы милдеттер менен жаңы максаттарды алдыбызга коет. Биз 2025-жылы талбаган эмгектин аркасында гана жаңы-жаңы жетишкендиктерди багындырабыз деген ишеничим чоң. Жаңы жылда чет элдик инвестицияларды тартуу жана ишкерликке кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүү иштерин арттырабыз. Илим менен билимди, инновацияны, IT секторун, “жашыл” экономиканы өнүктүрүүгө жана санарип технологияларды түзүүгө өзгөчө көңүл бурабыз. Өнөр жай ишканаларын ачуу менен жаңы жумуш орундарын түзүүгө, калктын кирешесин жогорулатууга басым жасалат. Социалдык чөйрөнү өнүктүрүүнү жаңы деңгээлге көтөрөбүз. Ошентип, биз сиздер менен бирге күчтүү Кыргызстанды курабыз. Эң башкысы бир түндүктүн астындагы биримдигибизди, ырыс-кешик тартуулаган ынтымагыбызды барктай билели. Ардактуу мекендештер, кирип келген жаңы жылыбыз баарыбызга кут болсун! Жаңы жылыбыз жаңылануунун, өзгөрүүлөрдүн, жаңы бийиктиктердин жылы болсун! Төрт түлүгүбүз түгөл болуп, ар бир үйдө бакыт-таалай, ынтымак, ырыс уяласын! Жаңы жылыңыздар менен!”
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиздерди келе жаткан жаңы 2025-жылыңыздар менен куттуктайт!
31.12.2024

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиздерди келе жаткан жаңы 2025-жылыңыздар менен куттуктайт!

Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы чын жүрөктөн куттуктайт! 2025-жыл элибиз үчүн ынтымактын жана жаратмандыктын, өлкөбүз үчүн тынчтыктын жана өнүгүүнүн жылы болсун! Сиздерге жана үй-бүлѳңүздѳргѳ бекем ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай, бакубат жашоо каалайбыз!
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2024-жылы 31 -декабрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
31.12.2024

КР БШКнын 2024-жылы 31 -декабрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 31 декабры 2024-ж.                                                          Убактысы: 11:00                                                          Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы     1. Тургунбай уулу Аскаттын Талас АШКнын 2024-жылдын 13-декабрындагы №14 чечимине карата арызы тууралуу (баяндамачы – А. Нурбеков, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 2. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШКда БУУнун системасынын ѳкүлдѳрү менен    шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча кызматташууну чыңдоо маселелери боюнча жолугушуу болуп өттү
24.12.2024

КР БШКда БУУнун системасынын ѳкүлдѳрү менен шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча кызматташууну чыңдоо маселелери боюнча жолугушуу болуп өттү

Шайлоо системасын өркүндөтүү жаатында кызматташууну чыңдоо маселелери КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова менен БУУнун Кыргызстандагы системасынын туруктуу координатору Антже Грейвдин жана ПРООНдун туруктуу өкүлү А. Соловьеванын жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуу 2024-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында өттү. Мурда, 2024-жылдын 9-сентябрынан 16-сентябрына чейин КР БШКнын чакыруусу менен шайлоо муктаждыктарын баалоо боюнча БУУнун миссиясы Кыргызстанда иштеген. Эксперттер Ричард Ги жана Дэн Малинович өлкөдөгү шайлоо процесстеринин учурдагы абалын талдоо үчүн бир катар жолугушууларды өткөрүштү. Консультациялардын жыйынтыгында БУУнун эксперттери 2025-2027-жылдарга жаңы шайлоо циклинин алкагында шайлоого даярдык көрүүдѳ жана өткөрүүдө Кыргызстанга колдоо көрсөтүү боюнча сунуштарды даярдашты. Жолугушуунун жүрүшүндө анын катышуучулары БУУнун миссиясынын КР шайлоо муктаждыктарын баалоонун жыйынтыгы боюнча сунуш кылынган сунуштамаларды талкуулашты, ошондой эле БУУнун системасы Кыргызстанга көрсөтө ала турган техникалык жардамдын параметрлерин макулдашышты. БШКнын Төрагасы 2017–2021-жылдары шайлоо системасын демократиялаштырууга багытталган бир катар долбоорлордун алкагында натыйжалуу колдоосу үчүн БУУнун Кыргыз Республикасындагы уюмдар системасына ыраазычылык билдирди. Өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн аркасында ПРООНдун координациясы менен Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессин реформалоо боюнча ырааттуу жана комплекстүү чараларды киргизүү мүмкүн болду. БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве шайлоолорду жана референдумдарды даярдоодо жана өткөрүүдө БШКнын лидерлигинин жана кесипкөйлүгүнүн жогорку деңгээлин белгиледи, бул шайлоо процессинин бардык катышуучулары тарабынан жогору таанылууга татыктуу болду. ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү А.Соловьева БШК менен кызматташуунун ийгиликтүү тажрыйбасын жана анын өлкөнүн шайлоо системасын мындан ары өркүндөтүү үчүн маанисин баса белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө анын катышуучулары 2026-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону жана 2027-жылы президенттик шайлоону даярдоодо Борбордук шайлоо комиссиясына колдоо көрсөтүү боюнча БУУнун миссиясынын сунуштамалары боюнча пикир алышты. Сунушталган колдоо тѳмѳндѳгү үч негизги багытты камтыйт: • жарандык билим берүү боюнча иш-чараларын ишке ашыруу; • шайлоолордун инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу; • шайлоонун жүрүшүндѳ жалган маалыматтардын опурталдуулугу жөнүндө шайлоочулардын маалымдуулугун жогорулатуу. БШКнын төрагасы бул багыттар шайлоочулардын укуктук маданиятын жогорулатууга жана жарандык билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган Комиссиянын стратегиялык милдеттерине толугу менен шайкеш келерин белгиледи. Ишенимди бекемдөө үчүн жарандардын шайлоолор, башкаруунун саясий системасы, демократиянын баалуулуктары, жарандардын укуктары жана милдеттери тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу боюнча ишти улантуу маанилүү. Антье Граве шайлоо процесстерине жаштарды, этникалык азчылыктарды жана майыптыгы бар адамдарды тартуунун өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи. Бул шайлоону инклюзивдүү өткөрүүгө өбөлгө түзөт, анын жыйынтыгына болгон ишенимди бекемдейт жана туруктуулукту сактайт. Жыйынтыгында тараптар сунушталган колдоону конкреттештирүүгө багытталган андан аркы кызматташууну макулдашышты. Бул кадамдар Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүүгө багытталган жаңы биргелешкен долбоордун негизи болуп калат.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Борбордук шайлоо комиссиясынын Ысык-Көл, Түп, Ак-Суу жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларындагы  атайын өкүлү Кендирбаев Улан Сапаровичке атасынын мезгилсиз дүйнѳдѳн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтат
21.12.2024

КР БШК Борбордук шайлоо комиссиясынын Ысык-Көл, Түп, Ак-Суу жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлү Кендирбаев Улан Сапаровичке атасынын мезгилсиз дүйнѳдѳн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты Борбордук шайлоо комиссиясынын Ысык-Көл, Түп, Ак-Суу жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлү Кендирбаев Улан Сапаровичке атасы Кендирбаев Сапар Бокоевичтин мезгилсиз каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат. Оор жана орду толгус жоготуунун азасын кошо күтүп, кайгысын тең бөлүшөбүз. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты.  
Кененирээк билүү >>
Бишкекте мониторинг боюнча атайын түзүлгөн Коомдук байкоочу кеңеш тарабынан жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнүн алгачкы тажрыйбасы талкууланды
20.12.2024

Бишкекте мониторинг боюнча атайын түзүлгөн Коомдук байкоочу кеңеш тарабынан жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнүн алгачкы тажрыйбасы талкууланды

Бүгүн, 19-декабрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасындагы IFES эл аралык шайлоо системалары фонду менен биргеликте “2024-жылдын 17-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайлоодо социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү боюнча кеңештин биринчи тажрыйбасы” деген темада тегерек стол өткөрдү. Иш-чарага КР БШКнын, социалдык тармактарга шайлоо мезгилинде мониторинг жүргүзүү боюнча кеңештин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын, мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын, Кыргызстан журналистер бирлигинин, “Журналисттер” коомдук бирикмесинин ѳкүлдѳрү, медиа-эксперттер, ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Иш-чараны ачып жатып, БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова КР БШК шайлоо учурунда жарандарды маалымдоо процессинде социалдык тармактардын маанилүү ролун түшүнүү менен, шайлоо мезгилинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү үчүн медиа тармагындагы белгилүү жана абройлуу эксперттердин катышуусунда көз карандысыз коомдук консультациялык-кеңеш берүү институтун түзүү демилгесин көтөргѳндүгүн белгиледи. Практика көрсөткөндөй, саясий партиялар үгүт иштерин социалдык түйүндөрдө жүргүзүүнү артык көрүшөт, анткени бул жол менен алар шайлоочулардын кеңири чөйрөсүнө өз программалары тууралуу маалыматты түз жана онлайн жеткире алышат. Бирок өткөн шайлоолор дал ушул социалдык түйүндөр оппоненттердин жана атаандаштардын абийирине жана кадыр-баркына шек келтирген, чындыкка дал келбеген маалыматтар тараган жайга айланганын көрсөттү. Өз кезегинде БШК ар кандай деңгээлдеги шайлоого катышкан саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүнүн негизги принциптерин белгилеген Меморандумга кол коюу тажрыйбасын көптөн бери колдонуп келет. 2024-жылдын 17-ноябрында өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо биринчи жолу Гуманитардык диалог борбору (Австрия) баяндамасын сунуштаган эл аралык тажрыйбанын негизинде мындай Меморандумда өзүнчө бөлүм камтылган, ал социалдык тармактарда шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин жөнгө салат. Ошентип, бул эрежелерге ылайык, партиялар социалдык түйүндөрдө чыныгы жана расмий аккаунттарды гана колдонууга, өз талапкерлерин кѳтѳрмѳлѳѳ үчүн фейк аккаунттарды же жасалма тармактарды колдонуудан алыс болууга, ошондой эле саясий оппоненттери жана шайлоо процесси тууралуу жалган маалыматтарды таркатпоого, ошондой эле Интернетке жарыялоодон мурун бардык маалыматтын тууралыгын кылдаттык менен текшерүүгѳ макул экендиктерин билдиришет. Андыктан көз карандысыз эксперттер Меморандумга кол койгон партиялар тарабынан ошол эрежелердин сакташына калыс мониторинг жүргүзүүсү маанилүү болчу. Жалпысынан шайлоо учурунда маалыматтык чөйрөнү жакшыртуу үчүн БШК 2020-жылдан бери Фейсбук менен ѳз ара аракеттенип, тигил же бул шайлоолорго катышкан бардык талапкерлер боюнча маалыматтарды берип келет. Фейсбуктун партияларды саясий жарнак таратуучусу катары аныктоодо көп учурда партияларды дүйнөлүк платформанын ички эрежелерин сактоого, чынчыл, этикалык үгүт иштерин жүргүзүүгө жана Кыргызстандын мыйзамдарын бузууга жол бербөөгө жетиштүүсүнѳ кыйла деңгээлде кѳмѳк кѳрсѳтѳ алды. БШКнын төрагасы үстүбүздөгү жылдын ноябрында Facebookтун (Meta) өкүлү менен болгон жолугушууда Мета Фейсбук платформасында таза шайлоону камсыз кылууда шайлоо комиссияларына колдоо көрсөтүүгө багытталган ички саясатты жүргүзүп жатканы айтылганын баса белгиледи. Ал эми бул жерде жарнак китепканасы маанилүү роль ойнойт, мында саясий жарнактар ​​талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу аккаунттарынан жайгаштырылат жана каржылоо, анын ичинде каражат булактары жөнүндө маалыматтар жазылат. БШК үчүн Facebook, Tik Tok сыяктуу глобалдык социалдык тармактык платформалар менен өз ара аракеттенүүсү маанилүү, анткени алардын ички эрежелери ѳздѳрүнүн тармактарынын өлкөлөрдөгү кырдаалга, өзгөчө шайлоо учурундагы татаал жана ошол эле учурда саясий күчтөрдүн ортосунда кандайдыр бир карама-каршылыктар орун алган маанилүү саясий процесске зыяндуу таасиринин тобокелдиктерин азайтууга мүмкүндүк берет. «Ошондуктан, Борбордук шайлоо комиссиясы үчүн Социалдык тармактарды көзөмөлдөө кеңешинин алгачкы тажрыйбасы маанилүү. Эгерде республикалык деңгээлдеги шайлоолордо социалдык тармактарда шайлоо алдындагы үгүт иштерине жарандык көзөмөл жүргүзүүнүн таасирдүү ѳбѳлгѳлѳрүн түзүүгө мүмкүн болсо, бул шайлоо мезгилиндеги коомдук ынтымакты бекемдөөгө жана туруктуулукту арттырууга жакшы негиз болуп калат», - деп жыйынтыктады Н.Шайлдабекова. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын ѳткѳн шайлоодо Социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү боюнча кеңештин ишинин жыйынтыгы менен тааныштырып жатып, Кеңештин жетекчиси, медиа-эксперти Элмира Токтогулова Кеңеш жалпыга маалымдоо каражаттарынын, журналисттик бирикмелердин, медиа уюмдардын өкүлдөрүнөн турган 15 адамдан турганын, ошондой эле блоггерлерди жана университеттин мугалимдерин камтыгандыгын белгиледи. Шайлоонун жүрүшүндө Кеңеш 6 отурум өткөрдү. Анын айтымында, Кеңештин мүчөлөрү шайлоо процессине катышкан 39 саясий партия кол койгон меморандумдун нормаларын сактоо боюнча социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүштү. Жалпысынан Кеңеш Facebook, Instagram жана Telegram тармактарында жайгаштырылган 50дөн ашык маалыматтык материалдарды талдады. Партиялардын, талапкерлердин, партиялардын өкүлдөрүнүн жана мүчөлөрүнүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана блоггерлердин, топтордун аккаунттары, ошондой эле катардагы колдонуучулар тарабынан шайлоо темасында түзүлгөн контент (мыйзам бузуулар болушу мүмкүн болгон учурларда гана) мониторингдин объектилери болду. Социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү боюнча кеңеш меморандумдун социалдык тармактарда үгүт жүргүзүү боюнча жоболорун бузуу фактыларын карап чыгып, БШКнын маалымат жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу тобуна тапшырды. Шайлоо алдындагы өнөктүктүн жүрүшүндѳ социалдык тармактарда колдонуучулар тарабынан бир катар талапкерлерге жана партияларга карата жынысына жана курагына карата кастык маанайдагы сөздөр айтылып, талапкерлер менен партиялардын беделине шек келтирген фактылар жайылтылгандыгы Кеңеш тарабынан каттоого алынган. Талапкерлер тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузууга, алсак шайлоо мезгилинде кызматтык абалынан пайдаланууга жол берилген. Тийиштүү фактылардын негизинде Кеңеш партияларга жана БШКнын жумушчу тобуна мындан ары ыкчам чара кѳрүү боюнча кабарлаган. Жыйынтыктарды чыгарып, иш-чаранын катышуучулары жалпысынан саясий партиялар жана талапкерлер шайлоочулар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү үчүн социалдык түйүндөрдүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонушпайт деген тыянакка келишти. Көптөгөн партиялар шайлоочуларга маалымат берүү жана алар менен баарлашуу үчүн ѳздѳрүнүн расмий аккаунттарын колдонушпайт. Айрымдары башкаларды жээрип, шайлоо алдындагы материалдарды жарыялоо менен чектелип, бир гана байланыш каналын колдонушат. Саясий партиялардын айрым аккаунттары колдонуучу аккаунт катары катталган, көпчүлүк аккаунттар текшерилген эмес. Келечекте сунуш катары иш-чаранын катышуучулары шайлоолор аралыгындагы мезгилде партия мүчөлөрүн жана тарапташтарын шайлоо алдындагы процессте үгүт жана маалымат жүргүзүүнүн эрежелерине, ошондой эле контент менен иштөөгө жана интернет мейкиндигиндеги өзгөрүүлөргө ыкчам ылайыкташууга үйрөтүүнү сунушташты. Социалдык түйүндөрдө партия жана анын талапкерлери тууралуу сөз болуп жатканына байкоо салып, терс билдирүүлөргө таасирдүү жооп берип, туура маалымат аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Шайлоо ѳнѳктүгүнүн ийгилигине баа берүү үчүн социалдык медианын метрикасын, анын ичинде камтуулардын, тартуулардын (лайктар, комментарийлер, репостор) жана шилтемелерге ѳтүүнүн санын кошкондо, колдонуу сунушталат, Ошондой эле шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү үчүн керектүү аудитория арасында ишенимге ээ болгон санариптик контентти жаратуучулар жана пикир лидерлери менен кызматташуу маанилүү. Бирок улуттук деңгээлдеги шайлоолордо (парламенттик жана президенттик) кырдаал башкача болот. Андыктан Кеңеш үгүт жүргүзүү эрежелери сакталышы жана социалдык тармактарда маалымат чөйрөсү туруктуу болушу үчүн мониторингди кантип жакшыртуу керектигин талкуулады.
Кененирээк билүү >>
Шайлоо комиссиялары менен республикалык кеңешмеде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары талкууланды
17.12.2024

Шайлоо комиссиялары менен республикалык кеңешмеде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары талкууланды

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Шайлоо өнөктүгүнүн жыйынтыгы аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын жана катчыларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын аймактардагы өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн республикалык кеңешмеде чыгарылды. Иш-чара Шайлоо системалары боюнча эл аралык фонддун көмөгү менен уюштурулду.          Жыйынды ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө демократиялык шайлоо процессин камсыз кылуу боюнча миссиясын аткаруудагы кесипкөйлүгү, ак ниет мамилеси жана жогорку жоопкерчилиги үчүн ыраазычылык билдирип, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон маанилүү салымын белгилеп,   шайлоо комиссияларынын жоопкерчиликтүү мамилелери, компетенттүү иштери жана ак ниеттүүлүгү шайлоону ийгиликтүү ѳткѳрүүдѳ гана эмес, коомчулуктун шайлоонунун жыйынтыктарынын мыйзамдуулугуна  жана  аныктыгына болгон ишенимин жогорулатууга байланыштуу экендигин баса белгиледи.            Кеңешменин  жүрүшүндө катышуучулар шайлоо процессинин бардык аспектилерин дыкат талдоо менен   айрым  көйгөйлөргө жана аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдоруна өзгөчө көңүл бурушту. Талкуунун жыйынтыгында алдыдагы шайлоо өнөктүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар белгиленди.          Кеңешменин алкагында  козголгон  негизги маселелер:          1. 2024-жылдын 17-ноябрындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү: укуктук негиздери.          2. Шаардык жана айылдык кеңештерге шайлоонун жыйынтыктары.          3. Шайлоонун мыйзамдуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу: мыйзам бузууларды талдоо жана сунушталган чаралар.          4. Комиссиянын жарандардын арыздары жана даттануулары менен иштөөсү          5. Шайлоо фонддорунун  ачыктыгы: шайлоону каржылоо жана талапкерлердин финансылык отчеттору.          6. Шайлоодо инклюзивдүүлүктү камсыз кылуу: майыптыгы бар шайлоочулардын жана жарандардын айрым категорияларынын катышуусу.          7. Жаңы маалыматтык системаларды жана шайлоо жабдууларын колдонуу: технологиялык инновацияларды киргизүүнүн натыйжалары.          8. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону маалыматтык камсыздоо          1. 2024-жылдын 17-ноябрындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү: укуктук негиздери          2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарында шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн шайлоо комиссиялары Министрлер Кабинети жана жергиликтүү бийлик органдары менен бирдикте  масштабдуу уюштуруу иштерин жүзѳгѳ ашырышты.          Административдик-аймактык реформа          Шаарларды ирилештирүүгө жана айыл аймактарын бириктирүүгө багытталган административдик-аймактык реформанын алкагында административдик-аймактык бирдиктердин саны 484төн 264кө кыскартылды. Жаңы чек аралар  Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын  Президенти кол койгон мыйзам менен бекитилди.  Мыйзам 2024-жылдын 2-августунан тартып күчүнө кирген.          2024-жылдын октябрына карата Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүш тутумуна төмөнкүлөр кирет:          • 7 облус,          • 40 район,          • 33 шаар (анын ичинде Бишкек жана Ош),          • 231 айыл аймагы.          Шайлоону дайындоо          Аймактык түзүлүштүн чек араларын жана түзүмүн өзгөртүүгө, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарын оптималдаштырууга байланыштуу жергиликтүү кеңештерди таркатуу жана депутаттарын шайлоону дайындоо  жѳнүндѳ 2024-жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы жарыялданды. Бул Жарлыкка ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы аралыктан добуш берүүнү колдонуу менен шайлоолорду өткөрдү. Шайлоо мыйзамдарындагы соңку өзгөртүүлөр 1. Жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 5 жыл. 2. Шайлоо босогосун өзгөртүү: саясий партиялар үчүн шаардык кеңештерге шайлоодо босого 7 пайыздан 5 пайызга төмөндөтүлдү. 3. Шайлоо күрөөсүн алып салуу: айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн (мурда күрөө 1000 сом болгон. 4. Жергиликтүү кеңештердин сандык курамы тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин калкынын санынын негизинде белгиленет (шайлоо ѳткѳрүлгѳн  жылдын 1-январына карата): Бишкек жана Ош шаарларына – 51 депутат, Шаардык жана айылдык кеңештерге: 6000 адамга чейин – 11 депутат, 6001ден 20000ге чейин – 21 депутат,  20 001ден 70 000ге чейин – 31 депутат, 70001 жана андан жогору – 41 депутат.          Талапкерлерге коюлуучу талаптар          Талапкерлерди көрсөтүүгө талаптарды күчөтүү үчүн төмөнкү нормалар каралган:          • Талапкер катары бардык категориядагы мамлекеттик кызматчылар (аскердик, укук коргоо, дипломатиялык), муниципалдык кызматчылар, журналисттер жана мамлекеттик/муниципалдык мекемелердин жетекчилери кызмат ордун сактап калуу менен көрсөтүлүшү мүмкүн, бирок бул учурда алардын кызматтык ыйгарым укуктары токтотулат.          • Мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматчылар (жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо) жана мамлекеттин үлүшү 30%дан ашкан мамлекеттик же муниципалдык ишканалардын жетекчилери шайлоого катышууда өз ыйгарым укуктарын аткарууну токтотууга милдеттүү.          Аралыктан добуш берүү          Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы Жарлыгына ылайык, аралыктан добуш берүү атайын шайлоо участкаларында жүргүзүлөт. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык, добуш берүүнүн натыйжалары электрондук системада автоматтык түрдө иштетилип чыгат.           Шайлоонун инклюзивдүүлүгү жана ачык-айкындуулугу • Майыптыгы бар  шайлоочулар үчүн шайлоо участкаларына тоскоолдуксуз кирүү жана добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн милдеттүү стандарттар киргизилди (29-берененин 6-бөлүгү). • Так маалымат берүү үчүн мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги күчөтүлдү. Ыйгарым укуктуу органдар шайлоо комиссияларына маалыматтарды электрондук кол тамга менен күбөлөндүрүү менен «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу беришет. • Талапкерлер жөнүндө маалыматтарды текшерүү үчүн шайлоо комиссияларына талапкердин соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө бекитилген форма боюнча расмий корутунду берилет.          2. Шаардык жана айылдык кеңештерге шайлоонун натыйжалары          Республикалык кеңешмеде шаардык жана айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоонун натыйжалары  боюнча шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Махабат Кожокоева маалымат берди.          Кыргыз Республикасынын жарандары 33 шаардык кеңешке 993 депутатты, 231 айылдык кеңешке 5391 депутатты шайлашты.          Шаардык кеңештер          Шаардык кеңештерге шайлоого талапкер көрсөткөн 39 саясий партия 188 талапкердин тизмесин берген.          Орто эсеп менен алганда,  бир орунга атаандаштык  4 талапкерди түзгѳн.          Катталгандардын саны 4928, анын ичинен 3183- эркек, 1745 - аял болгоон, бул  35,41 түздү.          Жалпысынан 185 талапкердин тизмеси боюнча 39 саясий партия катышты (Бишкекте “Социал-демократтар” саясий партиясынын каттоосу жокко чыгарылды, Өзгөн шаарында “Социал-демократтар” саясий партиясы, Чолпон-Ата шаарында «Эмгек» партиясы катышуудан баш тартышты).          Шаардык кеңештердин депутаттарына добуш берүү партиялык талапкерлердин тизмелери боюнча жүргүзүлүп, орундар  5%дан ашык добуш алган саясий партиялардын  добуштарынын санына пропорционалдуу бөлүштүрүлдү.          Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча талапкерлердин 172 тизмеси боюнча 34 саясий партия шайлоочулардын 5 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду.          24 шаарда шайлоого катышкан бардык саясий партиялар добуштардын 5 жана андан көп пайызын алышты. Айылдык кеңештер          Айылдык кеңештердин депутаттарына добуш берүү көп мандаттуу шайлоо округдарында жүргүзүлүп, анда шайлоочулардын көпчүлүк добушун алган талапкерлер шайланды деп эсептелинет. Ошол эле учурда ар бир райондо 30%дан кем эмес орун аялдарга резервге алынган. Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 10 081 талапкер катталып, атаандаштык бир орунга 2 адамдан туура келген. Алардын 9984ү - өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер, 97си - саясий партиялардан (“Ынтымак” саясий партиясынан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда).          Добуш берүү күнү шайлоого 9984 талапкер катышты: 6351- эркек (63,61%) жана 3633 - аял (36,38%).          Айылдык кеңештердин жалпы 5391 депутаты шайланып, анын ичинен 3143 эркек (58,3%) жана 2248 аял (41,7%) депутат болуп шайланышты. Добуш берүүнүн рейтинги боюнча 84 аял (3,73%) шайланды.          1260 шайлоо округу боюнча 231 айылдык кеңештерде 5391 мандаттын ичинен 2178 мандат аялдар үчүн резервге алынган, анын ичинен 2164 аял квота боюнча мандат алышкан, ошондой эле айрым айылдык кеңештерде 84 аял квотадан ашыкча мандат алышкан жана жалпысынан бүгүнкү күнгө карата 2248 аял депутаттар шайланды, бул 41,72 % түзѳт.          Шайлоонун жалпы жыйынтыктары          2024-жылдын 17-ноябрындагы шайлоодо 264 жергиликтүү кеңештерге 6384 депутат шайланган, анын ичинен 2538и (39,75%) - аялдар:          • 33 шаардык кеңеште – 993 депутат, анын 703 - эркектер жана 290 - аялдар (29,20%);          • 231 айылдык кеңеште – 5391 депутат, анын 3143 -  эркектер (58,3%) жана 2248 - (41,7%) аялдар.          Жергиликтүү кеңештердин шайланган 6384 депутатынын арасында: • жаш депутаттардын саны 561 түзѳт, анын ичинен 96сы шаардык кеңештерде, 465и айылдык кеңештерде; • 26 депутат майыптыгы барлар; • 15,87% башка улуттардын өкүлдөрү.          2024-жылдын 26-30-ноябрында аймактарда 264 жергиликтүү кеңештин, атап айтканда  33 шаардык жана 231 айылдык кеңештин алгачкы жыйындары өттү. Жергиликтүү кеңештердин төрагалыгына жалпысынан 15 аял шайланса, анын ичинен бир аял Айдаркен шаардык кеңешинин төрагалыгына шайланды. 3. Шайлоонун мыйзамдуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу          Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун мыйзамдуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу шайлоо процессинин бардык этаптарында укуктук, уюштуруучулук жана координациялык чараларды камтыган комплекстүү мамилени талап кылат.          БШКнын мүчөсү, ыкчам чара кѳрүү координациялык топтун (ККК) мүчөсү Алтынбек Кубатбеков   жергиликтүү кеңештерге шайлоодо 5 кылмыш иши козголгонун белгиледи. Салынган 19 айып пулдун төртөөсү соттун чечиминин негизинде коюлган.          Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор шайлоо комиссиялары менен укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүү механизминин натыйжалуулугун көрсөттү, бул ЫЧКТнын ишмердүүлүгүнүн алкагында иштелип чыккан.          Ѳткѳн шайлоодогу ЫЧКТнын ишинин өзгөчөлүгү          • Арыздар жана кайрылуулар алардын мазмунуна жана мамлекеттик органдардын компетенциясына жараша каралган.          • Материалдар укук коргоо органдарына жоопкерчиликке тартылуучу адамдарды идентификациялоо үчүн гана жөнөтүлгөн. Мурда шайлоо комиссиялары маңызы боюнча алдын ала   талдоо жүргүзбөстөн, бардык кайрылууларды дароо укук коргоо органдарына жөнөтүшчү. Мындай мамиле арыздарды жана кайрылууларды кароо процессин оптималдаштырууга, аныкталган мыйзам бузууларга ыкчам  чара көрүүгѳ жана укук коргоо органдарына жүктөлгөн жүктү азайтууга мүмкүндүк берди. Ошентип, ЫЧКТ алкагында шайлоо комиссияларынын укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү шайлоонун мыйзамдуулугунун жана ачык-айкындуулугунун деңгээлин жогорулатууга, анын коопсуз жана уюшкандыкта өткөрүлүшүн камсыз кылууга өбөлгө түздү. Комиссиянын жарандардын даттануулары жана арыздары менен иштѳѳсү            2024-жылдын 17-ноябрында өткөн шайлоодо жарандардын кайрылуулары боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, арыздарды жана даттанууларды кароо, маалымат жана үгүт иштери боюнча жумушчу топтун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев чыгарды. Ал тѳмѳндѳгү бир нече негизги жагдайларды  белгиледи:          1. Мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу алганда келип түшкөн даттануулардын жалпы санынын азайышы байкалууда, бул шайлоо процесси жакшы уюштурулганынан кабар берет.          2. Арыздарды жана даттанууларды кароонун жыйынтыгы боюнча салынган айып пулдардын суммасы 293,5 миң сомду түзгѳн.          Бул шайлоо мыйзамдарынын сакталышына көзөмөл күчөтүлгөнүн жана аныкталган   бузууларга карата кыйла катаал мамилени көрсөтүп турат.          Аймактык шайлоо комиссияларына (АШК) сунуштар:          • Жер-жерлерде  даттанууларды жана арыздарды  кароо жол-жоболорунун айкындыгын  жана ачыктыгын камсыз кылуу.          • Талаштуу кырдаалдарды натыйжалуу чечүү үчүн жарандар менен өз ара аракеттенүүнүн деңгээлин жогорулатуу. Шайлоо фонддорунун ачык-айкындыгы Шайлоону финансылык камсыз кылуу          БШК мүчөсү, КР БШКнын Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобунун жетекчиси Искендер Гаипкулов шайлоолорду жана шайлоо фонддорун каржылоо маселелерине токтолуп, шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларынын иштерин финансылык жактан камсыз кылуу   республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын жана мыйзамда тыюу салынбаган жана белгилүү бир максатка багытталган башка финансылык булактардын  эсебинен жүргүзүлө тургандыгын белгиледи.          2024-жылы АШК тарабынан төлөмдөрдү жүргүзүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилген. Алсак, ачык-айкындуулукту, ачыктыкты жана отчеттуулукту камсыз кылуу максатында шайлоо комиссияларын финансылык колдоо  «Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп» автоматташтырылган маалыматтык тутуму (ББЭ) аркылуу ишке ашырылат, бул өз кезегинде жергиликтүү кеңештерге шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн каржылоого жана ишке тартылган адистерди “Элдик Банк” ААК жана “Айыл Банк” ААК банк мекемелери аркылуу накталай эмес формада бекитилген сметага ылайык каржылоого мүмкүндүк берди.          КР БШКнын 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 133 токтому менен 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 495 718,4 миң сом суммасында бекитилген.          Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө алдын ала маалыматтар боюнча 425 865,0 миң сом  чыгымдалган, үнѳмдѳѳ алдын ала маалыматтар боюнча 95 053,0 миң сомду түзөт. Партиялардын жана талапкерлердин шайлоо фонддору           2024-жылдын 17-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышкан талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталган банк мекемелеринин тизмесине “Элдик Банк” ААК жана “Айыл Банк” ААК киргизилди.   (КР БШКнын 23.09.2024-ж. № 134 токтому).          Бардыгы болуп саясий партиялардын шайлоо фонддорунун 191 атайын эсеби ачылган (алардын ичинен 3 атайын эсеп - 3 саясий партиянын талапкерлеринин 3 тизмеси каттоодон ѳтпѳгѳндүктѳн  акча каражаттары жүгүртүлгѳн эмес, ѳздѳрүнүн талапкерлеринин тизмесин чакыртып алган   саясий партиянын 1 атайын эсеби).          Шайлоо фонддорунун атайын эсептерине акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтар жогоруда аталган банк мекемелеринен автоматтык түрдө БШКнын «Финансылык ачыктык» автоматташтырылган маалыматтык системасына «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жеке маалымат жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарды  жана шайлоочулар үчүн 24/7 жеткиликтүү болуусун эске алуу менен  БШКнын сайтындагы “Талапкерлер жана партиялар” баракчасына келип түшѳт.          Шайлоо фонддорунун ѳлчѳмү: Алдын ала маалыматтар боюнча саясий партиялардын шайлоо фонддоруна 95580,8 миң сом (100%) түшкөн.          Эң кѳп түшүүлөр:          • Бишкек шаардык кеңеши: 43128,8 миң сом (жалпы кѳлѳмдүн  45,1%).          • Ош шаардык кеңеши: 14152,7 миң сом (14,8%).          Эң аз түшүүлөр:          • Көк-Жаңгак шаардык кеңеши: 148,6 миң сом (0,16%).          • Орловка шаардык кеңеши: 176,3 миң сом (0,18%).          Шайлоо фонддорун түзүү булактары          • Негизги киреше булагы: жеке адамдардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары – 47175,7 миң сом (51,1%).          • Минималдуу түшүүлѳр: юридикалык жактардан кайрымдуулук – 220,2 миң сом (0,2%).          Шайлоо фонддорунун чыгашалары          • Чыгашалардын жалпы суммасы 90691,1 миң сомду түздү.          Чыгымдардын негизги багыттары:          • Үгүт материалдарын даярдоо жана ЖМК кызматтарына акы төлөө: 39293,1 миң сом (44,9%).          •Агитаторлордун жана байкоочулардын кызматына акы тѳлѳѳ: 22 812,7 миң сом (26,1%). Шайлоо күрѳѳсү          Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин көрсөткөн партиялардан 4100,0 миң сом (жалпы кирешенин 4,5%) түшкөн.          Шайлоо фонддорунун кирешелери жана чыгашалары боюнча жыйынтыктоочу маалыматтар саясий партиялардын отчеттору текшерилгенден кийин берилет. Шайлоонун инклюзивдүүлүгүн камсыз кылуу          Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жакшыртуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Акбалык Жумалиева   жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 26 жаран шаардык жана айылдык кеңештерге депутат болуп шайланганын белгиледи.  Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо майыптыгы бар адамдардын саны мурунку шайлоолорго караганда бир топ жогору. Бул процесс саясий партияларды талапкерлердин тизмесине кеминде бир майыптыгы бар  адамды киргизүүгө милдеттендирген мыйзамдык чаралардын аркасында мүмкүн болду. Ченемдик укуктук актыларга ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандар түз жана жашыруун добуш берүү аркылуу бирдей шарттарда добуш берүүгө катышып, шайлоого жана шайланууга бирдей укуктарга ээ. Мындай чаралар майыптыгы бар  жарандардын шайлоого катышуусу үчүн жеткиликтүү, инклюзивдик чөйрөнү түзүүнүн маанилүүлүгүн көрсөтөт.          Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочуларды эсепке алуу үчүн мыйзамдарга социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Борбордук шайлоо комиссиясына жыл сайын 1-февралга жана 1-августка карата бардык жеке маалыматтарын көрсөтүү менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын иш жүзүндөгү саны жөнүндө маалыматтарды берүү талабы киргизилген.            2024-жылдын 1-августуна карата муктаждыктар картасына шайлоо күнү шайлоо участкасында жардамга муктаж 18 541 майптыгы бар шайлоочу киргизилген.  Алардын ичинен 9385 (50,6%) - эркектер, 9156 (49,4%) - аялдар. Жаш категориялары боюнча: 18-30 жаштан - 4030, 31-60 жаштан - 9512, 60 жаштан жогоркулар - 4999 адам.          Шайлоо мыйзамдарында майыптыгы бар адамдар үчүн шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча так талаптар белгиленген. Шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте добуш берүү үчүн жайлардын жеткиликтүүлүгүнѳ такай баа берип  турушат. Шайлоо участкасынын имаратынын кире беришинде пандус бар же жок экендиги жөнүндө маалымат муктаждыктар картасына жазылат.          Шайлоо күнү майптыгы бар шайлоочуларга ыктыярчылар тарабынан  жардамдар көрсөтүлүп, жергиликтүү бийлик органдары транспорт менен камсыз кылууда. Добуш берүүчү жайларды ылайыкташтыруу жана шайлоо участкаларын жеткиликтүү кылуу инклюзивдүү шайлоо процессин түзүүнүн маанилүү элементтери болуп саналат.          2024-жылы шайлоо мыйзамдарында шайлоо участкаларынын пандустары белгиленген стандарттарга жооп бере турган нормалар  киргизилет. Бул норма прокуратура тарабынан көзөмөлгө алынат жана участкаларда орнотулган пандустардын сапатын жогорулатуунун укуктук негизи болуп калды.          Көрүүсү начар шайлоочулар катталган шайлоо участокторуна Брайль шрифти менен атайын бюллетендер жана трафареттер жөнөтүлдү. 2024-жылы Брайль арибинде 983 бюллетень даярдалган: 749 - шаарлар үчүн,          • 234 - айыл жерлери үчүн.          Добуш берүүчү кабиналар коляска менен жүргөн шайлоочулар үчүн ылайыкташтырылган. Добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо үчүн алар трафареттер, лупа, кошумча жарыктандыруу жана отургучтар менен жабдылган.          Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо орун-жайдан тышкары  добуш берүү мүмкүнчүлүгү уюштурулуп, аны майыптыгы бар  1979 шайлоочу пайдаланды.          Борбордук шайлоо комиссиясы майыптыгы бар  шайлоочуларга атайын форматтар аркылуу шайлоолор жөнүндө маалымат берет. Бул максаттар үчүн Брайль шрифтин колдонуу менен ыңгайлаштырылган плакаттар жана брошюралар даярдалат. Бардык маалыматтык видеолор субтитрлер же сурдокотормо менен коштолуп, угуусу начар адамдар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.          Ошондой эле майыптыгы бар шайлоочуларды маалыдоо үчүн мүмкүнчүлүгү чектелген талапкерлер үчүн жана мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн жеткиликтүү форматтарда маалымат китепчелери  даярдалган.          Бул маалыматтык китепчелер ѳткѳн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эң ири коомдук бирикмеси болгон “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна”   тапшырылды.           Шайлоо мыйзамдары талапкерлерди, саясий партияларды ѳздѳрүнүн үгүт материалдарына жалпы нусканын кеминде 1% өлчөмүндөгү атайын форматтарды киргизүүгө милдеттендирет:          • сурдокотормосу жана субтитрлери бар видео – угуусу начар шайлоочулар үчүн,          • Брайль шрифтиндеги басма материалдары - көрүүсү начар шайлоочулар үчүн          Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде БШКнын колл-борбору иштеп турду, анда 10го жакын майыптыгы бар  жарандар эмгектеништи. Ошондой эле WhatsApp номери аркылуу шайлоочулар менен видеобайланыш түзүлүп, угуу жана сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар жаңдоо тилинде суроолоруна жооп алышты. Жарандардын айрым категориялары          Борбордук шайлоо комиссиясы мамлекеттик органдар менен бирдикте өзгөчө шарттардагы жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу механизмдерин иштеп чыгууну улантууда.          Алсак, КР БШК тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жарандардын айрым категорияларынын тизмесин тактоо боюнча иштерди жүргүздү. Бул багыттагы иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.          Жыйынтыгында вахталык  негизде иштеген 745 жаран аралыктан добуш берүү жолу менен орун-жайдан тышкары добуш берди.          2024-жылдын 16-ноябрында тѳмѳндѳгүлѳрдүн кызматкерлерин кошуп алганда  8143 жаран орун-жайдан тышкары добуш берген:          •Жаза аткаруу кызматтары,          • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети,          • Коргоо министрлиги,          • Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги,          • Саламаттык сактоо министрлиги. 7.      Жергиликтуу кеңештердин депутаттарын шайлоодо жаңы маалыматтык системаларды жана шайлоо жабдууларын пайдалануунун натыйжалары жѳнүндѳ           БШКнын Маалыматтык системалар жана шайлоочулардын тизмелери менен иштөө бөлүмүнүн башчысы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жаңы маалыматтык системаларды жана шайлоо жабдууларын колдонуунун жыйынтыктарына токтолду.  ШАЙЛООНУН АНЫКТЫГЫ 1. Шайлоочуларды эсепке алуу:           •Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин жана биометрикалык каттоонун негизинде шайлоочулардын тизмесин түзүү;          • Биометрикалык идентификациянын негизинде шайлоого катышуу.          2. Добуштарды эсепке алуу:          • Бюллетендерди автоматтык түрдө сканерлөө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын электрондук эсептөө;          • Ыкчам маалыматтарды берүү жана AЭУнун  натыйжаларын автоматтык түрдө көрсөтүү;          • Кол менен эсептөө протоколдорунун сүрөттөрүн сканерлөө, АЭУнун отчеттору, идентификациялоо жана ИИС сайтында жарыялоо.          3. Ачык-айкындык:          • «Электрондук талапкер» АМС:          - "Тундук" СМЭВ аркылуу талапкерлердин мыйзам талаптарына шайкештигин автоматтык түрдө текшерүү;          - шайлоочуларга талапкерлер жана алардын программалары жөнүндө маалымат берүү;          - фонддордун финансылык ачыктыгы;          • Даттануулардын жана кайрылуулардын электрондук реестри;          • Видеобайкоо (биринчи жолу).          4. Аралыктан добуш берүү:          • шайлоо участогунда добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок шайлоочулардын катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү;          • жаштардын шайлоого катышуусун жогорулатуу;          • ишенимдүүлүк жана ачыктык технологияларын өркүндөтүү          5. Шайлоочуларды идентификациялоо          Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо  мурда  5 компоненттен туруп, бардык функцияларды бириктирген, ошондой эле бюллетенди басып чыгаруу функциясын камтыган курама жабдуулар колдонулду.          2024-жылдын 17-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо 5700 даана УИП колдонулду.          Мурда  шайлоолорду республикалык масштабда өткөрүү үчүн 4 миллионго жакын бюллетенди басып чыгаруу керек болчу. Ар бир бюллетень болжол менен 6-7 сомдон турат.          Ошондой эле ошол  бюллетендерди АШКга жеткирүү да талап кылынган, бул дагы кошумча чыгымдарды талап кылган.          6. Шайлоочулардын катышуусу           Республика боюнча шайлоочулардын жалпы катышуусу 28,80%ы түздү.    Шайлоочулардын тизмесине киргизилген 4 миллион 135 миң 39 жарандын ичинен 1 миллион 190 миң 857 шайлоочу добуш берди.          Шаардык кеңештерге добуш берүү:          1 620 243 шайлоочунун ичинен 404 139 адам катышты, бул 24,94%ды түзөт. Шайлоочулардын эң жогорку активдүүлүгү Сүлүктү шаарында катталды - 44,31%.          Шайлоочулардын эң төмөнкү активдүүлүгү Өзгөн шаарында катталды - 17,77%.          Айылдык кеңештерде добуш берүү:          2514796 шайлоочунун ичинен 786718 адам добуш берди, бул 31,28%.          Шайлоочулардын эң жогорку активдүүлүгү - Байтик айылдык кеңеши - 46,62;          Эң төмөнкү шайлоочулардын катышуусу – Жайыл айылдык кеңеши - 12,52% Добуштарды эсептѳѳ          «Маалыматтык шайлоо системасы» - МШС          1. Автоматтык эсептѳѳ урнасы (АЭУ) – бюллетендерди кабыл алуу жана эсептөө.          Модем – добуш берүү аяктагандан кийин БШКнын серверине маалыматтарды берүү.          2024-жылы добуш берүү процессинин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн бардык 5,700 АЭУнун  иштеши жакшыртылды.          2. Негизги жана резервдик байланыш каналдары бар сервердик жана тармактык жабдуулар, АЭУнун маалыматтарын чогултуу үчүн программалык камсыздоо.          2024-жылы сервердик   жабдууларды жаңыртуу максатында МШС серверлери жана киберкоопсуздук тармагынын жабдуулары үзгүлтүксүз иштөөнүн натыйжасында эскиргендигине байланыштуу  жакшыртылды (2025-жылдан бери иштейт). Үзгүлтүксүз иштөө үчүн сервердин сыйымдуулугу жогорулатылды, температураны көзөмөлдөө жана БШК серверин үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн жабдуулар жаңыланды. 3. МШС сайты          Жалпыга кѳрүнүктүү болуу үчүн добуш берүүнүн натыйжаларын  ачык жана тез көрсөтүү.          2024-жылы аралыктан добуш берүүнү (АДБ) киргизүүгө байланыштуу, ар бир УШК боюнча АДБнын жыйынтыгын көрсөтүү жагынан МШСга өзгөртүүлөр киргизилген.          4. 2024-жылдын 17-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоогдо жаңыртылган функция менен 5700 даана АЭУ   (автоматтык эсептѳѳ  урнасы) колдонулду.          5. 2024-жылдын 17-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо уюлдук байланыш жок болгон айрым алыскы райондорду кошпогондо, дээрлик бардык УШКлар байланыш менен камсыз болгон.          2024-жылдын 30-октябрында мамлекет башчынын тапшырмасы менен MEGA мамлекеттик уюлдук оператору Баткен районунун эң обочолонгон бийик тоолуу жана барууга кыйын болгон Зардалы айылында 2G жана LTE (4G) стандарттуу базалык станцияларын ишке киргизди.          Ошентип Зардалы айылындагы №8068 шайлоо участогунан 20.03тѳ материалдар  кезек боюнча    келип түшкөн.          Бул участканын  өзгөчөлүгү мурда айылда таптакыр байланыш болгон эмес. Добуш берүүдөн кийин шайлоо участкасынын кызматкерлери   тоонун боорун бойлой жөө жүрүп, АЭУ коммуникациялары бар районго жеткирип, добуш берүү маалыматтары андан ары жөнөтүлгөн.          6. 2024-жылы аралыктан добуш берүүнүн (ВВ) киргизилишине байланыштуу жыйынды таблицага жана МШСда  көрсөтүлгөн ар бир шайлоо участкасы боюнча АДБнун жыйынтыктарын көрсөтүүгө карата өзгөртүүлөр киргизилген.          3 жагдай  кошулду:          - аралыктагы  участкалардан добуш берген шайлоочулардын маалыматтары;          - УШКнын АЭУнун корутунду маалыматтары + АДБнын  маалыматтары;          - УШКга кол менен киргизүүнүн акыркы маалыматтары + АДБнын маалыматтары; АЧЫК-АЙКЫНДЫК          1. Саясий партиялар (СП) тарабынан шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмелерин түзүүдө Система талапкерлердин мыйзамдардын  талаптарына ылайык келүүсүн аныктоого жардам берет жана автоматтык түрдө төмөнкүлөрдү сыдыргыдан ѳткѳрѳт:          - бир жыныстагы адамдардын үлүшү;          - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;          - талапкерлердин соттуулугу бар/жок экендиги жөнүндө маалыматтар;          - жарандыгы жана талапкерлердин катталган жери жөнүндө маалыматтар;          - талапкерлерди башка саясий  партиялардын тизмесинде болуп калуусу.          2. Шайлоонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу үчүн бардык 2437 УШКлар видеокөзөмөл камералары менен жабдылган.          Аралыктан добуш берүү ѳткѳрүлгѳн  шайлоо участокторунда коомчулукка шайлоонун жүрүшүнө түз байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берген онлайн-трансляция жүргүзүлдү.          Видеокөзөмөлдүн жазуулары 2 шайлоо участкасында  талаштуу жагдайларды чечүүгө жардам берди. КИБЕРКООПСУЗДУК          1. Шайлоо учурунда киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар:          • сервердик инфраструктураны модернизациялоо;          • кибер чабуулдардан коргоону күчөтүү;          • программалык камсыздоону жана маалыматтык системаларды адаптациялоо;          • кадрларды даярдоо.          2. Кибер коркунучтарды алдын алуу:          • 6 кол салуу учуру;          • 260 миңден ашык зыяндуу суроо-талаптар;          • коопсуздукту бузууга 22 миңден ашык аракет;          • 91 инцидент (4 бөгөттөө талап кылынды);          • 1,6 миллиондон ашык окуя, анын ичинен 282 миң коркунуч бөгөттөлгөн. АРАЛЫКТАН ДОБУШ БЕРҮҮ          1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы Жарлыгы менен КР БШКга аралыктан добуш берүүнү колдонуу тапшырылды.          Аралыктан добуш берүү (АДБ) - электрондук жана/же кагаз бюллетенин пайдалануу   жана добуш берүүнүн маалыматтарын автоматтык түрдө электрондук системада чогултуу менен   шайлоо участкасында (аралыктан) добуш берүү («Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси).          Аралыктан добуш берүүнүн максаты:          - шайлоо участкасында добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок шайлоочулардын катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү;          - шайлоодо жаштардын активдүүлүгүн жогорулатуу;          - аныктык жана ачыктык технологияларын өркүндөтүү.          2. Аралыктан добуш берүү шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок убактылуу жок болгондугуна байланыштуу туруктуу катталган жери боюнча шайлоо участогунда добуш бере албаган жана аралыктан добуш берүүгө катышууга арыз берген жарандарга добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн арналган.           3. Бардык округдардан шайлоочулар аралыктагы участкада добуш беришет, бирок алардын добуштары паспортунда (каттоодо) белгиленген жерде эсептелет.          Ар бир шайлоочуга тиешелүү округдун талапкерлери менен бюллетень басылып чыгарылат.          4. Республика боюнча 10 аралыктагы участка ачылган (областтык борбордо - 6 жана   Бишкек шаарында -4).          Ачылыш критерийлери калктын саны, студенттердин саны, ички миграциянын жогорку деңгээли болду.          Берилген арыздардын жалпы саны: 9050.          Жаш шайлоочулар (18–35): 72%.          Арыз бергендердин арасында мамлекеттик органдардын жетекчилери, студенттер, аскер кызматкерлери, вахталык нөөмөттө иштегендер бар.          Арыздарды эң активдүү кабыл алуу пункту Кыргыз улуттук университети болду (Бишкек) – 2134 арыз.          5. Аралыктан добуш берүү аяктагандан кийин шайлоонун маалыматтык системасы (мындан ары – МШС)) тиешелүү шайлоо участокторунун жана округдарынын контекстинде бекитилген формада аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө электрондук протоколду автоматтык түрдө түзөт.          Аймактык шайлоо комиссияларындагы системалык администраторлор ЭПДГны басып чыгарышат жана аны аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасына өткөрүп беришет, бул аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо ар бир округ боюнча шайлоонун жыйынтыктарын чыгарууда эске алынат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону маалыматтык камсыз кылуу          Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, арыздарды жана даттанууларды кароо, маалымат жана үгүт маселелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо жүргүзүлүп жаткан маалыматтык иштердин негизги багыттарына кеңири токтолду.           Шайлоочуларды маалымдоо шайлоо процессинин ачык, айкындыгын камсыз кылууда жана жарандык активдүүлүктүн деңгээлин жогорулатууда негизги ролду ойнойт. Борбордук шайлоо комиссиясы жалпыга маалымдоо каражаттары менен активдүү өз ара аракеттенип, төмөнкүлөрдү камтыган кеңири масштабдуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү:          • шайлоону ѳткѳрүү мѳѳнѳтү,            • добуш берүү эрежелери,          • катышуучу саясий партиялар, талапкерлер жана алардын программалары. Шайлоону маалыматтык камсыз кылуу  боюнча БШКнын ишинин негизги багыттары: ЖМКны аккредитациялоо • Борбордук шайлоо комиссиясы 66 жалпыга маалымдоо каражаттарын  жана 16 интернет-басылманы аккредитациядан өткөрдү. • Бардык аккредитацияланган ЖМКларга БШКнын ресурстарына (расмий веб-сайт, Facebook, Instagram, Telegram баракчалары, ошондой эле Google Drive'дагы материалдар) шилтемеси бар басма сѳз релиздери жана маалымат каттары үзгүлтүксүз жөнөтүлүп турду. 2. Саясий партиялардын теледебаттарын уюштуруу жана өткөрүү          • Үгүт өнөктүгү учурунда “УТРК”, “Ош УТРК”, “Жалал-Абад УТРК”, “Нарын УТРК”, “Талас УТРК”, “Чүй УТРК” жана “Ысык-Кѳл ТК УТРК” телеканалдарында түз эфирде теледебаттар уюштурулду.           • Дебаттар 7 областтык шаарда өткөрүлүп, саясий партияларга шайлоочулардын кеңири аудиториясына өз программаларын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу жана жайылтуу • БШК кыргыз жана орус тилдеринде 116 видеоматериалдарды (телевизорлор жана социалдык тармактар, LED экрандар, статикалык телеэкрандар​​үчүн клиптер), жаңылыктар жана жарандардын шайлоо укуктарын жана добуш берүү эрежелерин түшүндүргөн башка материалдарды даярдап, өзүнүн платформаларына жайгаштырды.          • 117 пресс-релиз даярдалып, веб-сайтка жайгаштырылды, ошондой эле ЖМКга жөнөтүлдү          • БШКнын маалыматтык ресурстары: веб-сайт жана Facebook, Instagram, Telegram, YouTube'дагы расмий аккаунттары          • УТРК, обл. теле кѳрсѳтүү , ЭлТР, НТС, Регион ТВ, 7-канал, ТВ15, Азия ТВ, ТВ1 телеканалдары менен кызматташуу.          • Акипресс, 24KG, Sputnik Кыргызстан, Кабар маалымат агенттиктери менен кызматташуу.          • Топтук WhatsApp чаттары жайылтуу үчүн ачылды:          - ѳкүлчүлүктѳрдүн, акимчиликтердин, шаарлардын мэрлеринин, айыл өкмөттөрдүн катышуусу менен;          - УТРКнын аймактык телеканалдарынын жетекчилеринин катышуусу менен;          - «Кыргыз Туусу», «Эркин-Тоо», «Ош жаңырыгы», «Талас байрагы», «Баткен таңы», «Чүй баяны», «Акыйкат Жалал-Абад» гезиттеринин башкы редакторлорунун катышуусу менен;          - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы менен;          - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы;          - блогерлердин жана коомдук пикир лидерлеринин катышуусу менен. ЖМКлар менен маалыматтык ѳз ара аркеттенүү          • КР БШКнын төрагасы жана мүчөлөрү телеканалдарга, радиостанцияларга, гезиттерге жана маалымат агенттиктерине түз жана жаздырып алган 116 интервью беришти.          • КР БШКнын көмөгү менен «УТРК Ала-Тоо 24» жана «ЭлТР» мамлекеттик телеканалдарында шайлоонун жүрүшү тууралуу 67 жаңылыктар сюжети даярдалды. 4.  БШКнын Instagram баракчасы: • Шайлоо мезгилинде жалпы көрүүлөрдүн саны 925 825 адамды түздү. • 140тан ашык видео жарыяланды. • Эң популярдуу видеолор 120 миңден ашуун көрүүчүлѳрдү чогулткан. • Инстаграм аркылуу жалпы аудитория 1 672 182 адамды түздү.          Шайлоо учурунда социалдык тармактарга мониторинрг жүргүзүү  боюнча кеңеш          Гуманитардык диалог борбору (Швейцария) менен биргеликте уюштурулган “Кыргызстандагы шайлоо учурунда социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү” семинарынын алкагында Социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү боюнча кеңеш түзүлдү. Кеңешке журналисттик бирикмелердин өкүлдөрү, медиа эксперттер жана медиа уюмдарынын өкүлдөрү кирди.          Кеңештин мүчөлөрү социалдык тармактарда шайлоо процессине катышкан 39 саясий партия кол койгон Меморандумдун нормаларынын сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүштү. Жалпысынан Кеңеш Facebook, Instagram жана Telegram тармактарында жайгаштырылган 50дөн ашык маалыматтык материалдарды талдады.          Шайлоо алдындагы  өнөктүктүн жүрүшүндѳ социалдык тармактарда колдонуучулар тарабынан бир катар талапкерлерге жана партияларга карата жынысына жана курагына карата кастык маанайдагы сөздөр айтылып, талапкерлер менен партиялардын беделине шек келтирген фактылар жайылтылгандыгы  катталган. Талапкерлер тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузууга, алсак  шайлоо мезгилинде кызматтык абалынан пайдаланууга жол берилген. Тийиштүү фактылардын негизинде Кеңеш партияларга  жана БШКнын жумушчу тобуна мындан ары  ыкчам чара кѳрүү боюнча  кабарлаган.          Негизинен саясий партиялар жана талапкерлер шайлоочулар менен натыйжалуу баарлашуу үчүн социалдык түйүндөрдөгү аянтчаларды толук пайдаланышпайт. Көптөгөн партиялар шайлоочуларга маалымат берүү жана алар менен баарлашуу үчүн ѳздѳрүнүн  расмий аккаунттарын колдонушпайт. Айрымдары башкаларды жээрип, шайлоо алдындагы материалдарды жарыялоо менен  чектелип,  бир гана байланыш каналын колдонушат. Саясий партиялардын айрым аккаунттары колдонуучу аккаунт катары катталган, көпчүлүк аккаунттар текшерилген эмес. КР БШКнын  жана Мета (Facebook)   өз ара аракеттери:          • 2024-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Facebook өкүлдөрү менен онлайн жолугушуусу болуп өттү, анда саясий жарнактарга мониторинг жүргүзүү жана каржылоонун ачык-айкындуулугун камсыздоо жолдору талкууланды.          • 15 000 талапкердин тизмеси жөнөтүлдү, анын ичинен 5 000 талапкер саясий жарнак таратуучулар катары эсепке алуу үчүн партиялык тизмесин беришти.          • Аккаунттарды текшерүү жана жарнамага уруксат берүү мыйзам бузууларды, анын ичинде жалган маалыматтын жана кастык сөздөрдүн жайылышын азайтууга жардам берди. Блогерлер жана коомдук пикирдин лидерлери менен кызматташуу          Жаш шайлоочулардын маалымат алуусун жогорулатуу жана аларды шайлоо процессине тартуу үчүн БШК инфлюенсерлер жана жарандык активисттер менен активдүү кызматташып келди.          Чакырылган блоггерлердин арасында: Эртай Искаков, Таттубек Мамытов, Нуржан Элдияр уулу (Нурик Миньон), Нурбек Монолов, Мээрим Толепберген, Азирет Осмонов жана башкалар болду.          Алардын демилгеси боюнча  БШКнын төрагасы менен 44 блоггер, активист жана коомдук ишмерлердин жолугушуусу болуп өттү, алардын  ичинде Атакул Жалилов, Анжелика Кайратова, Азамат Шаршенов, Атай Бейшенбек, Жакшылык Бекназаров, Эркин Рыскулбеков ж.б. бар.          Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор тууралуу маалымат берүү процессине блогерлер жана инфлюенсерлер активдүү катышып, элди добуштарды сатпоого, айылдын, шаардын, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн туура тандоо жасоого чакырышты.  Алардын активдүү катышуусу кеңири  аудиторияны камтууга,  ѳзгѳчѳ жаштар арасында,   кѳмѳктѳшѳ алды. Корутунду          Ѳзүнүн корутунду сөзүндө КР БШКнын тѳрагасы Н.Шайлдабекова жаңы шайлоо циклинин алдыда болуучу шайлоолору шайлоо комиссияларынан дагы дыкат координациялоону, даярдыкты жана кылдат мамилени талап кылаарын баса белгиледи. Ачык-айкындуулукту, мыйзамдуулукту жана шайлоо процессинин бардык катышуучуларына бирдей шарттарды камсыз кылуу үчүн максималдуу күч-аракетти жумшоо жана мурдагыдай эле  жогорку деңгээлде ишти улантуу зарыл экендигине токтолду. Шайлоо комиссияларынын миссиясы шайлоону уюштуруу менен эле чектелбейт, ал ошондой эле ѳзүнѳ жарандардын шайлоо системасына ишенимин арттырууну жана Кыргыз Республикасында демократиянын негиздерин чыңдоону камтый тургандыгы белгиленди.          Шайлоо комиссияларынын сиңирген эмгегин жана натыйжалуу иштерин баалоо менен    БШК аларга Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына Ардак грамоталарын жана ыраазычылык баракчаларын тапшырды.    
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы Дж.Д.Нышановго Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын тапшырды
16.12.2024

КР Борбордук шайлоо комиссиясы Дж.Д.Нышановго Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын тапшырды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 16-декабрдагы жыйынында «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Нышанов Джайлообай Данибаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.
Кененирээк билүү >>
БШК КР ЖК депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16.12.2024

БШК КР ЖК депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2024-жылдын 16-декабрдагы жыйналышында «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Толонов Чынберди Толоновичдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. КР БШК «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө түшкөн өз арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Ч.Т. Толоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кылды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Толонов Чынберди Толоновичдин күбөлүгү анык эмес деп табылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2024-жылы 16 - декабрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
16.12.2024

КР БШКнын 2024-жылы 16 - декабрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

​Өткөрүү датасы: 2024-ж. 16-декабры ​​​​​​​Убактысы: 17:30 ​​​​​​​Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   ​1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.Т. Толоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө; ​(баяндамачы – баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруубашкармалыгынын башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Сузак, Ноокен, Өзгөн, Ноокат, Ак-Талаа жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу; ​(баяндамачы – баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруубашкармалыгынын башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө ​(баяндамачы – баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруубашкармалыгынын башчысы) ​4. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
1 … 59 61 … 482

Акыркы жаңылыктар

25.09.2026 Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө 25.09.2026 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу! 25.09.2026 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду 25.09.2026 «Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды 25.09.2026 КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти 25.09.2026 КР БШКсы шайлоо жана референдум мезгилинде ЖМКларды аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитти