Башкы Жаңылыктар БШК КР Президентинин кызмат ордуна 14 талапкерди каттады

БШК КР Президентинин кызмат ордуна 14 талапкерди каттады

23-Сен, 2011

2011-жылдын 23-сентябрындагы абал боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна 14 талапкерди каттады

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-главасына ылайык шайлоо күрөөсүн киргизүүнү тастыктагын документтин жана Тил боюнча комиссиянын, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун  корутундуларынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна төмөнкү талапкерлерди каттады:

  1. Камчыбек Ташиев («Ата-Журт»);
  2. Адахан Мадумаров («Бүтүн Кыргызстан» - («Единый Кыргызстан»);
  3. Кубатбек Байболов - өзүн-өзү көрсөткөн;
  4. Марат  Султанов - өзүн-өзү көрсөткөн;
  5. Роман Оморов, - өзүн-өзү көрсөткөн;
  6. Омурбека Суваналиева - өзүн-өзү көрсөткөн
  7. Темирбека Асанбекова  (партия «Мекен Ынтымагы»);
  8. Анарбек Калматов -  («Ар-Намыс» саясий партиясы);
  9. Шамшыбек Медетбеков  «Эл бийлиги»; 
  10. Исхак Масалиев («Кыргызстан коммунисттер партиясы»);
  11.  Курманбек Осмонов -  самовыдвиженец;
  12.  Алмамбета Матубраимова- өзүн-өзү көрсөткөн;
  13. Марат Иманкулов -  өзүн-өзү көрсөткөн;
  14. Кубанычбек Исабеков -  өзүн-өзү көрсөткөн.

Белгилүү болбондой, 2011-жылдын 30-октябрына Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2011-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык  Кыргыз Республикасынын Президентин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө чейин 35 календардык күн калганда, тактап айтканда 2011-жылдын 25-сентябрына чейин аяктоого тийиш.

Каттоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген талапкерлер шайлоо мыйзамдарынын талаптарын аткарууга тийиш. Атап айтканда шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн өздүк шайлоо фонддор түзүлөт

(талапкердин шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен чыгымдарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 500000 эседен ашуусу мүмкүн эмес), мыйзамда бекитилген мин  эседеги эсептик көрсөткүчтөгү (100 мин сом)  шайлоо күрөөсүн Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсепке төгүү, эзүнүн колдоосуна шайлоочулардын 30 мин колтамгаларын чогултат.

Президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 6 жылга шайланат. Бир эле адам эки жолу Президент болуп шайлана албайт.

Президент болуп 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.

Талапкерлерди каттоо 2011–жылдын 25 -сентябрында аяктайт. Ушул күндөн тартып, талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат жана ал 2011 –жылдын 29–октябрында аяктайт.

 

КР БШК маалыматтык саясат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>