Башкы Жаңылыктар 27 сентября 2011 года состоялась заседание Совета Обороны …

27 сентября 2011 года состоялась заседание Совета Обороны Кыргызской

27-Сен, 2011

2011-жылдын 27 - сентябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо Кенешинин жыйналышында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 

төрагасы Т.Абдраимовдун сүйлөй турган сөзүнүн тезистери 

 

Күн тартиби: «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө»

 

Урматтуу Президент, Урматтуу Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин мүчөлөрү, кутмандуу күнүңүздөр менен!

 

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын бирдиктүү шайлоо системасын башкарган Борбордук шайлоо комиссиясынын  баардык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын алдында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо, аны эркин, адилет жана ачык өткөрүү боюнча эң бир маанилүү маселе турат. Албетте, алдыдагы шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана шайлоону эркин, адилет жана таза өткөрүүгө байланышкан маселелер тыгыз байланышта экендигин танууга болбойт.

Адегенде, мен коргоо Кеңешинин мүчөлөрүн Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоого даярдыктар боюнча аткарган иштери жөнүндө маалымдап кетким келет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоону Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 5-июлундагы № 3 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календарлык планына ылайык ишке ашырат.

 

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнү дайындалгандан тартып, Борбордук шайлоо комиссиясы төмөндөгү иштерди аткарды:

 

294 токтом кабыл алынды;

 

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер үчүн 7 нускамалар жана усулдук колдонмолор кабыл алынды;

 

3) 16 жобо  кабыл алынды.

 

  1. БШКнын 8 жумушчу тобу түзүлгөн жана  иштеп жатат, алар:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча;

- аймактык шайлоо комиссияларын түзүү боюнча топ;

- шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча;

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде шайлоону уюштуруу боюнча;

- Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларды маалымдоо маселелери боюнча;

- Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежелерин сактоону контролдоо боюнча;

- Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы контролдук – текшерүү тобу;

- Борбордук шайлоо комиссиясынын коомдук кабылдамасы.

 

     2011-жылдын 25-июлуна карата 58 аймактык шайлоо комиссияларын, мунун ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жерлерде шайлоону уюштуруу боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын курамдары, ошондой эле алардын резервдери түзүлдү.

              Комиссияларды түзүүгө Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинде расмий каттоодон өткөн 27 саясий партиялардын өкүлдөрү жана жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрү катышты.

    Аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жарандардын чогулуштарынан, эмгек коллективдеринен, коомдук бирикмелерден 1170 талапкер, ошондой эле саясий партиялардан 869 өкүл көрсөтүлгөндүгүн белгилей кетүү зарыл.

2011-жылдын 1-августунда аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштары боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын аймагында 2289, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде 29 шайлоо участкаларынын схемасын жана чектерин бекиткен, алар «Эркин Тоо» газетасына жарыяланган жана Боршайкомдун расмий сайтына жайгаштырылган.

 

     Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесин ишке ашырууда кайрадан уюшулган аймактык шайлоо комиссияларына Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлдөрүн дайындады, алар комиссиялардын координациялык, уюштуруу-методикалык жана материалдык-техникалык иш-аракеттерин камсыз кылууну жүзөгө ашырышат. Бардыгы 54 атайын өкүл дайындалды. Ошондой эле биз 1-сентябрга карата жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системалык администраторлорун Борбордук шайлоо комиссиясынын структурасына котордук.

     3-4- августта жана 2-4-сентябрда шайлоо системаларынын Эл аралык фондунун  финансалык жана техникалык жардамы менен Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо укуктары маселеси боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, атайын өкүлдөр менен окутуу семинарлары өтүп жатат.

 

      Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо максатында Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын сунушу боюнча курамы  ысымдары таанымал 12 филологдон турган тил боюнча Комиссия түзүлгөн. Комиссиянын жыйындары 2011-жылдын 8-сентябрынан башталды жана 23-сентябрда аяктады.

 

Комиссия Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкерлердин 27 си мамлекеттик тилди билгендигин аныктады. Мында комиссия 5 талапкер С. Байгуттиев, Э. Булекбаев, З. Парманкулов, М. Абылов, А. Малиев мамлекеттик тилди билишпегендигин аныктады. 

 

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарууда Борбордук шайлоо комиссиясы өкмөттүн аппараты жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги менен бирдикте шаарлардын мэрлеринин жана айыл өкмөт башчыларынын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарымдарын мөөнөттөрүнө анализ жүргүзүлдү.

        Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 12-августунан жана 27-августунан токтому менен Республиканын 17-шаарларын мэрлерин шайлоо дайындалган.

Алардын ичинен 13 шаардын мэри шайланган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 6-сентябрдагы токтому менен республиканын 37 районунун 160 айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалган. Шайлоолор бекитилген график боюнча 20-сентябрдан 24-сентябрга чейин өттү. 

Бардыгы 142 айыл өкмөт башчысы шайланды.

         Борбордук шайлоо комиссиясы адам укуктарын коргоо тармагында зор кадыр – баркка ээ болгон эл аралык уюмдар, шайлоо мыйзамдары жана шайлоо маселеси боюнча адистешкен ОБСЕ, ПРООН, ШОС, КМШнын парламенттер аралык Ассамблеясы, чет мамлекеттердин шайлоо комиссиялары менен активдүү кызматташтыкты жүргүзүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн жүрүшүнө көзөмөлдүктү ишке ашыруу үчүн чет өлкөлөрдүн шайлоо комиссияларына, элчиликтерине, эл аралык уюмдарга чакырууларды жиберген. Эл аралык байкоочуларды акредитациялоо 2011-жылдын 30-сентябрында башталат.

 

        Эми алдыдагы шайлоого даярдыктын жүрүшүндө пайда болгон көйгөйлөр жөнүндө

       

Эң талуу маселе – бул шайлоочулардын тизмеси.

 Мыйзамдын талаптарына ылайык, катталган шайлоочулар туурасындагы маалыматтарды калыптандыруу жана тактоо жана шайлоочулардын тизмесин   түрдө түзүү боюнча иштер шайлоолор дайындалган күндөн башталган жана 2011 – жылдын 20 – октябрына чейин уланат.

 

Борбордук шайлоо комиссиясы катталган шайлоочулар туурасындагы маалыматтарды калыптандыруу жана тактоо жана шайлоочулардын тизмесин оперативдүү түзүү боюнча иш    чаралардын Планын иштеп чыккан жана          шайлоочулардын эсебинин Бирдиктүү системасын түзүү жана пайдалануу боюнча Жумушчу топ түзүлдү.

 

Техникалык тапшырмага  ылайык ПРООН менен бирдикте “Шайлоочулардын эсебинин бирдиктүү системасы” программалык камсыз кылуусун иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда Борбордук шайлоо комиссияларын шайлоочулары жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда эсепте турган пенсионерлер жөнүндө маалыматтар анализге алынган, ошондой эле, Мамлекеттик каттоо кызматынан, берилген паспорттор жөнүндө ачыкка чыгарылган маалыматтар алынды.

 

Алынган маалыматтардын негизинде шайлоочулардын тизмелери боюнча маалыматтардын бирдиктүү базасын түзүүнүн механизмдери жана программалык камсыз кылуусу иштелип чыгууда, ал боюнча ар бир шайлоочуга оздук номер берилет, бул болсо кийин шайлоо дареги боюнча добуш берүүнү каалагандыгы жөнүндө арыз менен участкалык шайлоо комиссиясына кайрылганда жаранды шайлоочунун тизмесин чыгарып салуу жөнүндө маалыматты алып салууга мүмкүндүктү берет.

 

Азыркы учурда аймактык шайлоо комиссияларына такталган тизмелерди берүүнүн графигине ылайык системдик администраторлор жергиликтүү өз алдынча органдарынан түшүп жаткан катталган жарандар жөнүндө маалыматтар боюнча маалымдоолорго ылайык, шайлоочулардын тизмесин күн сайын жаңыртууну жүргүзүшүүдө, ошондой эле муну менен катар паспорттук столдордон түшкөн каттоо жана чыгып кетүү талондорунун негизинде жарандарды каттоо жана чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Катталган шайлоочулар туурасында алынган маалыматтардын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясынын базасынын серверинде шайлоосулардын тизмесин жаңыртуу токтоосуз жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоочулардын тизмесинен каза болгондорду чыгарып салуу максатында 2001 – жылдан 2011- жылга чейинки мезгилде каза болгон жарандар туурасында маалыматтарды тактоо боюнча даярдык иштери жүргүзүлүп жатат.

 

Шайлоочулардын тизмесинде түспөлдөштөрдү (двойниктер) белгилөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Түспөлдөштөрдү идентификациялоо мүмкүнчүлүгү болбогон учурда түспөлдөштөр   жөнүндө маалыматтар ачылат жана суроо сапатында тактоо үчүн эсептик  каттоо органдарына берилет.

 

2011 – жылдын 19 – сентябрына карата республикада шайлоочулардын саны 2 842 411 шайлоочуну түзөт. Шайлоочулардын тизмеси конституциялык Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө 20 – сентябрда ачылган жана жалпыга тааныштыруу жана маалыматтарды тактоо үчүн шайлоо участкаларында илинип коюлган. Ошондой эле шайлоочулардын тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жайгаштырылды.

 

Мында мен айтып кеткен цифра алдын ала экендигин белгилей кетүүм керек. Шайлоочулардын тизмесин тактоо 20 – октябрга чейин жүргүзүлмөкчү.

Шайлоочулардын сапаттуу тизмесин түзүү боюнча аймактык комиссиялардан алынган маалыматтарды иштетип чыгуунун негизги көйгөйү болуп төмөндөгүлөр:

 

-аткарган ишти материалдык сыйлоонун жоктугунан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында катталган жарандар жөнүндө маалыматтарды тактоо боюнча иштин сапатынын төмөндүгү;

 

-шайлоочулардын тизмесин тактоонун сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк ачкан үймө –үй кыдыруунун зарылчылыгы. 

 

Участкалык шайлоо комиссияларынын мобилдик топторунун шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча   үймө үй кыдыруусу 30 – сентябрдан 20 – октябрга чейин жүзөгө ашырылмакчы.

Тилекке каршы, айрым жергиликтүү мамлекеттик органдар жана өз алдынча башкаруу органдары шайлоочулардын тизмесин түзүү боюнча жоопкерчилик мыйзам боюнча шайлоо комиссияларына жүктөлгөн деген шылтоо менен бул иштен бүгүнкү күндө оолактап жатышкандыктары туурасында маалыматтар түшүүдө.

Ушуга байланыштуу, каралып жаткан маселе боюнча коргоо Кеңешинин чечимине жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоочулардын тизмесин түзүү процессине катышуу жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча бардык чараларды көрүүгө милдеттендирүүчү пункту киргизүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейм.

“КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 15-беренесине ылайык добуш берүү күнүндө шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүүгө укуктуу.         

Ушундан     улам,   конституциялык Мыйзамга ылайык добуш берүү күнүнө “Кошумча тизме” дегендер каралган эмес

 

Биздин жарандардын менталитетин билип туруп добуш берүү күнү жүздөгөн ал түгүл миңдеген биздин жарандар өзүлөрүн шайлоочулардын тизмесинен көрө албагандыктан кыйынчылыктарга кабылышын оңой эле билүүгө болот, анткени алар өз убагында жарандардын тизмесинде болушун текшербей коюушу мүмкүн жана шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясына кайрылышпай коюушу мүмкүн.  

 

Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы 6 – сентябрындагы токтому менен “Шайлоочулардын тизмесинен өзүңөрдү текшергиле” деген шайлоочулар үчүн кабарландыруунун формасын бекиткен. Жакынкы убактарда бардык участкалык шайлоо комиссиялары бул кабарды ар бир үйгө, квартирага жеткирилет. Ошондой эле мобилдик компаниялар аркылуу жарандарга уюлдук телефон аркылуу кыскача кабар берилет.

Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы бийликтин жергиликтүү органдарын шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын көрсөтүлгөн жоболорун жергиликтүү калкка түшүндүрүүгө активдүү катышууга чакырат.

Чет элде жашаган жарандардын добуш берүүсү менен байланышкан көйгөйлөр да бар.

Шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 2 – беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турган же жашаган жарандары Кыргыз Республикасынын элчилик өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин аймагында гана добуш беришет. Бул дүйнөлүк тажрыйба, ошондуктан биздин оюбуз боюнча бул туура.  

Тилекке каршы, ушул маселеде түшүнбөстүктөр бар жана биздин жарандар Борбордук шайлоо комиссиясы алардын укуктарын чектеп жатат деген күнөө коюшууда.

Аталган маселе боюнча Тышкы иштер министрилиги жана биздин элчилик өкүлчүлүктөр, чет мамлекеттерде жашаган биздин жарандарга шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга ылайык добуш берүү укугуна консулдук каттоого турган жарандар ээ экендигин жана добуш берүү Кыргыз Республикасынын элчилик өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин аймагында гана ишке ашырылаарын түшүндүрүүнү активдүү жүргүзүшөт деп ойлойбуз.

 

Урматтуу коргоо Кеңешинин мүчөлөрү!

 

24 – сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо үчүн Мыйзамда белгиленген мөөнөт аяктады.

Жалпысынан 83 талапкер көрсөтүлүп, анын ичинен 18 талапкерди саясый партиялар көрсөткөн, 65 талапкер өзүн өзү көрсөткөн.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна  20 талапкерди каттады.

 

25 – сентябрдан баштап Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтү башталды.

Мындайча айтканда, көрсөтүлгөн талакерлердин жана алардын жактоочуларынын, ага жараша бүткүл коомдун бүйүрү күн санап кызыйт, демек, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу маселеси биринчи планга чыгат.

Мына ушуга байланыштуу, коргоо Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү маалында мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине арналган жыйналышы өз убагында өткөрүлүп жатат деп эсептейбиз.

 2005 –жылдын февралындагы жана 2007 –жылдын декабрындагы парламенттик шайлоолор, ошондой 2009 –жылдын июлундагы президенттик шайлоолор шайлоо жөнүндөгү шайлоолорду даярдап өткөрүүнүн тартибин ийне –жибине чейин так жөнгө салган, демократиялык бийик стандарттарга жооп берген мыйзамдардын бар экенине карабастан, жарандардын шайлоо укугу мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан административдик ресурстарды пайдалануу менен жана шайлоо комиссиялары жана укук коргоо органдары, соттор тарабынан камырабастыкка жол берилгендиктен улам шайлоочулардын добуштарын сатып алуу аркылуу уятсыздык менен бузулаарын ишенимдүү жана ачык көрсөттү. 

Өткөн шайлоолордун “ачуу” сабактарын эске алуу менен эмне кылуу керек?

        

         Биринчиден, Борбордук шайлоо комиссиясы мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын шайлоо процессине кандайдыр бир кийлигишүүсү жол берилгис деп эсептейт; 

 

           Экинчиден, Сиздер баарыңыздар жакшы түшүнүп тургандай, биздин өлкөнүн жарандары алдыдагы турган шайлоолордо кайсыл талапкерди болбосун колдоого “административдик ресурстарды” пайдаланууга жөн эле жол беришпейт. Андыктан сиздер менен биз мамлекет башчысын шайлоону эркин, адилет, ачык –айкын өткөрүүдөн башка жолубуз жок жана шайлоону жогорку деңгээлде уюштуруу жана өткөрүү үчүн колдон келгендин баарын жасоого милдеттүүбүз. 

 

Бүгүн айрым саясый партиялар жана коомдук ишмерлер тарабынан “бийлик алдыда турган шайлоолордо административдик ресурсту колдонот” деген үндөр угулууда. Мындан көрүнүп тургандай, айрым саясый күчтөр тарабынан али боло элек шайлоолордун алар үчүн мүмкүн болгон терс жактары боюнча коомчулук арасында коомдук терс пикир түзүү аракеттери ачык көрүнүүдө.

         Мына ушуга байланыштуу, азыркы бийлик сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө эркин, адилет жана ачык –айкын шайлоо өткөрүүгө ниети бар экенин ырастай турган чараларды кабыл алуу керек.

         Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан КР Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийликтин органдарынын жооптуу адамдары, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрү “административдик ресурсту колдонушуна жол  бербөөнүн конкреттүү чараларын реализациялоо керек.

 

 Биздин оюбузча төмөнкү чараларды кабыл алуу зарыл:

 

Биринчи. Мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдарынын иш-аракеттери  КРнын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жарандарга шайлоого катышуу же катышпоого күчтөп таасир берүү формаларын алып салууга, шондой эле тигил же бул талапкерге жаран эркин добуш берүүсүнө багытталышы керек.

Экинчи. Мамлекеттик бийликтин органдарынын жетекчилери, министрликтердин, мамлекеттик  комитеттердин,  администрациялык ведомстволордун, укук коргоо органдарынын жетекчилери, жергиликтүү администрацияларынын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары Кыргыз Республикасынын президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде төмөнкүлөргө милдеттүү:

 

1)Мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлер үчүн шайлоо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тийиштүү милдеттерди жана чектерди так сактоо;

 

       2) Шайлоо жөнүндө мыйзамда каралган КР Президентин кызмат ордуна талапкерлердин, жарандардын, саясый партиялардын, тлапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын үгүттү эркин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;

 

         3) Жогоку Кеңештин депуттарынын, аткаруу бийлигини органдарынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу логандарынын кызматтык адамдарынын шайлоо коммиссияларынын иштерине кийлигшиүүсүнө жол бербөө;

 

4) Талапкерлерге мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгууга мүмкүнчүлүгүнө бирдей шарттарды түзүп берүүнү камсыз кылуу;

 

        5) Мамлекеттик жана муниципиалдлык кызматкерлерге алар кызматтык  милдеттерин аткарууда шайлоо алдындагы үгүткө катышууга, талапкерлердин пайдасына кызматтык абалынын артыкчылыгын пайдаланууга тыюу салуу;

 

6) Орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучуларын жана студенттерин, социалдык камсыздоо органдарынын кызматкерлерин, медицина мекемелеринин персоналын башка мамлекеттик жана муниципиалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматчыларын белгилүү бир талапкердин пайдасына шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүгө мажбурлоого тыюу салуу;

 

        7) Аткаруу бийлигини органдарынын жетекчилерин жана аларга баш ийген кызматтык адамдарды, укук коргоо орандарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шайлоо алдындагы үгүткө мыйзамсыз катышкан, ошондой эле өзүнүн кызматтык абалын белгилүү талапкердин пайдасына жумшаган жетекчилердин токтоосуз тартиптик жоопкерчиликке тартуу, керек болсо кызмат ордунан бошотуу.

Бул  сунушталган катуу чараларды ишке ашыруу “адиминстрациялык ресурс” деп аталганга бөгөт коет жана өлкөдөгү коомдук –саясый абалды туруксуздаштыруунун алдын алат деп эсептейбиз.

 

Мындан тышкары  август айынын башында    Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенти Р. И. Отунбаеванын наамына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин Форумун өткөрүү жана улуттук макулдашуу Меморандумун түзүү демилгеси менен кайрылган.

Президенттин Аппараты жакынкы мезгилде Борбордук шайлоо комиссиясынын бул демилгесин ишке ашырып, катталган талапкерлердин жолугушусун уюштурат деген ишеничтемин.

Сөзүмдүн акырында мамлекеттик бийликтин бардык органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен ынтымактуу иши гана биздин алдыбызда турган негизги милдетти – Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү эркин, ачык, таза өткөрүүнү камсыз кылып, ошону менен Кыргыз мамлекетин сактап калууну  камсыз кылат деп белгилей кетким келет.

 

Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң ыракмат!

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү
21-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 21-сентябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинен байкоочулар миссиясынын Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасына 2026-жылдын 18-20-сентябрында өткөн депутаттарды шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.Тынчтык Шайназаров жарандардын добуш берүүгө активдүү катышканын, шайлоо процессин уюштуруунун жана технологиялык жактан даярдоонун жогорку деңгээлин, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесипкөй ишин белгиледи.КР БШКнын төрагасы өткөн шайлоо өзгөчө шарттарда өткөрүлгөнүн белгиледи. Добуш берүү мезгилинде учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен жасалган чабуулдар катталып, анын кесепетинен шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жабыркаган. Тынчтык Шайназаров жабыркагандарга тезирээк сакайып кетүүсүн каалады.Ал ошондой эле татаал шарттарда жарандардын жогорку активдүүлүгүн жана коомдун биримдигин белгиледи. Жарандардын шайлоого катышуусу жана болжол менен 58 пайызды түзгөн шайлоочулардын жогорку катышуусу коомчулуктун шайлоо процессине олуттуу кызыгуусун көрсөтүп турганын айтты.Тынчтык Шайназаров россиялыктарды шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктап, Россия элине жана мамлекетине тынчтык, гүлдөп-өнүгүү жана мындан аркы ийгиликтерди, ал эми тогузунчу чакырылыштагы Мамлекеттик Думанын шайланган депутаттарына жемиштүү иш каалады.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты
21-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты

Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты.Ал шайлоо процессин уюштуруунун жана технологиялык жактан даярдоонун жогорку деңгээлин, жарандардын эркин добуш берүүсүн камсыз кылуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн, ошондой эле салттуу добуш берүү менен аралыктан электрондук добуш берүүнүн айкалышын белгилеп өттү.КР БШКнын төрагасы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесипкөйлүгүн жана шайлоочулардын жогорку активдүүлүгүн баса белгиледи.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
20-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн алкагында Россия Федерациясында иш алып барууну улантууда. Бүгүн, 20-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү эл аралык миссиялардын курамында добуш берүү процессине жана шайлоо участкаларынын ишине байкоо жүргүзүүнү улантышууда. КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШнын байкоочу миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын курамында иш алып барууда. Эл аралык байкоого КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да катышууда. Күн ичинде КР БШКнын өкүлдөрү шайлоо участокторуна барып, добуш берүүнүн уюштурулушу жана шайлоо комиссияларынын иши менен таанышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында бир катар жумушчу жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган. КМШнын миссиясынын курамында добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын аймагында Бишкек, Ош, Каракол жана Кант шаарларында түзүлгөн шайлоо участокторунда иш алып барган КР БШКнын өкүлдөрү да катышууда. Эске салсак, 18–19-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү Москва шаарында өткөн «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышты. Тынчтык Шайназаров конференцияда баяндама жасады. Ошондой эле ал россиялык телеканалдарга интервью берип, Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо жаатындагы эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. Маалымат үчүн: Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоо 2026-жылдын 18–20-сентябрында өтүүдө. Россия Федерациясынын жарандары Мамлекеттик Думанын 450 депутаттарын шайлашат: алардын 225и федералдык шайлоо округу боюнча партиялык тизмелерден, 225и бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат. Өлкөдөн тышкары жашаган Россия жарандарынын добуш берүүсү үчүн 152 мамлекетте 333 шайлоо участкасы түзүлгөн. Ошол эле учурда Россия Федерациясынын аймактарында аймактык жана муниципалдык шайлоолор өтүүдө. Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына өтүүчү шайлоого 10 саясий партия катышууда. Партиялар үчүн шайлоо босогосу 5 пайызды түзөт.20312200250175
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү 2026-жылдын 18–20-сентябрь күндөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда. Т. Шайназаров КМШнын миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын ишине катышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да тартылган. Иш сапардын алкагында КР БШКнын өкүлдөрү «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышып, анда Тынчтык Шайназаров баяндама жасады. КР БШКнын төрагасы ошондой эле Россиянын телеканалдарына интервью берип, анда Кыргызстандын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. КМШ Миссиясынын курамында добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө КР БШКнын өкүлдөрү да Кыргыз Республикасынын аймагында Бишкек, Ош, Каракол жана Кант шаарларында түзүлгөн шайлоо участкаларында катышууда. Мындан тышкары, КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жүрүшүнө эл аралык байкоо жүргүзүүдө. Байкоо иштери эртең, 20-сентябрда да улантылат.    
Кененирээк билүү >>