Башкы Жаңылыктар Боршайлооком “Шайлоочулардын тизмесин түзүүдө шайлоо комиссияларынын жергиликтүү өз …

Боршайлооком “Шайлоочулардын тизмесин түзүүдө шайлоо комиссияларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар жана башка шайлоо процессинин катышуучулары менен аракеттенүүсү” тегерек столун өткөрдү

21-Июн, 2012

2012-жылдын 21-июнунда “Жаннат” мейманканасында “Шайлоочулардын тизмесин түзүүдө шайлоо комиссияларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар жана башка шайлоо процессинин катышуучулары менен аракеттенүүсү” темасында тегерек стол өттү. Аталган иш чара Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан шайлоо системаларынын Эл аралык фондусунун (IFES) каражаттоосу менен уюштурулган.

Тегерек столдун ишине Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Т. Абдраимов, төраганын орун басары Г. Джурабаева, КР БШК аппаратынын кызматкерлери, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, ошондой эле саясий партиялардын, Бишкек шаарынын мэриясынын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Тегерек столдун негизги максаты  шайлоочулардын тизмесин түзүүдө шайлоо комиссияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар жана башка шайлоо процессинин катышуучулары менен аркеттенүүсүнүн натыйжалуу формасын иштеп чыгуу болгон. Иш чаранын жүрүшүндө шайлоочулардын тизмесин түзүү жана тактоо процессинде пайда болгон проблемалар талкууланды. Кварталдык жана үйлүк комитеттер шайлоочулардын тизмелерин түзүүдө жана тактоодо алардын алдыларындагы кыйынчылыктар жөнүндө айтып берүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Катышуучулардын чыгып сүйлөгөндөрүн угуп жана талкуулап, ошондой эле алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын күзүндө шайлоодогу тематиканын актуалдуулугун эске алуу менен катышуучулар шайлоочулардын тизмесин тактоо процессинде мындан аркы өз ара аракеттенүүдөгү сунуштарды киргизишти. Иш чаранын катышуучулары ошондой эле “Шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн ачыктыгын камсыз кылууда, сапатын жакшыртууда аймактык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча коомдук комиссияларды түзүү жөнүндө” КР БШКнын токтомун талкуулашты. Катышуучулардын көпчүлүгү АШКлар алдында коомдук комиссияларды түзүү идеясына оң баа беришти жана аталган чара шайлоочулардын тизмесинин сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк ачат деген ойлорун билдиришти.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>