Башкы Жаңылыктар КР Борбордук шайлоо комиссиясы интернет-сайттар менен кызматташтык жөнүндө …

КР Борбордук шайлоо комиссиясы интернет-сайттар менен кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол койду

22-Окт, 2012

Бүгүн, 2012-жылдын 22-октябрында "Park Hotel" отелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен интернет-сайттардын ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюуга карата тегерек стол өттү.

Тегерек столдун ишине КР БШК төрагасы Т.Абдраимов, КР БШК төрагасынын орун басарлары Г.Джурабаева жана А.Шайымкулова, КР БШК мүчөлөрү, маалыматтык агенттиктердин жетекчилери жана өкүлдөрү, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Таза жана адилет шайлоону даярдоо жана өткөрүү маселесинде маалыматтык камсыздоо процессинин маанилүүлүгүн, ошондой эле интернет-сайттардын жана алардын өкүлдөрүнүн шайлоо процессине, мунун ичинде үгүт иштерине да жалпыга маалымдоо каражаттары жана алардын өкүлдөрү менен бирдей шартта катышуусун камсыз кылуу максатында Борбордук шайлоо комиссиясы маалыматтык агенттиктер менен кызматташтык жөнүндө Меморандумду иштеп чыккан.

Куттуктоо сөзүндө КР БШК төрагасы Туйгуналы Дүйшөналиевич Абдраимов шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын алдында турган актуалдуу проблемалардын бири биздин республиканын жарандарын маалыматтык камсыз кылуу экендигин белгиледи. Бул өтө маанилүү иш чарада өзгөчө орун маалыматтык агенттиктерге таандык. Т.Абдраимов шайлоо процессинин бардык баскычтарында маалыматтык камсыз кылуу анын маанилүү жана ажыратылгыс бөлүгү болоорун баса белгиледи. Ушундан улам, өлкөнүн ичиндеги кана эмес анын тышкары жагындагы да жарандарды зарыл маалымат менен камсыз кылууда алардын бардыгын камтуунун, маалыматты тез арада жеткирүүнүн зор каражаты болуп эсептелген интернет-сайттарга өзгөчө орун берилет.

Сөзүн улантуу менен БШК төрагасы Меморандумду даярдоо жана келишим түзүү маселесин демилгелеп жатып, Борбордук шайлоо комиссиясы биздин жарандарды таза жана адилет шайлоо маселелери боюнча маалымдоонун, шайлоо жөнүндө маалыматка жетишүүдөгү шайлоочулардын укугун толук камсыз кылуунун, ошондой эле шайлоочуларды жергиликтүү кеңештерге талапкерлердин жана саясий партиялардын платформалары менен кеңири тааныштыруунун маанисине көңүл бургандыгын белгиледи.

Мында аталган маселе Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турган биздин жарандар үчүн өтө актуалдуу экендигин айта кетүү зарыл. Анткени алар үчүн маалыматтын негизги булагы болуп интернет-сайттар эсептелет.

Боршайлоокомдун төрагасы маалыматтык агенттиктеринин катышкан өкүлдөрүнө өткөндөгү президенттик шайлоонун алдында КР Борбордук шайлоо комиссиясы КР Жогорку Кеңешине “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Мыйзамдын
1-беренесин расмий чечмелеп берүү
өтүнүчү менен кайрылгандыгын айтты.

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Комитети Борбордук шайлоо комиссиясынын кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинде жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) сапатында катталган интернет-сайттар Борбордук шайлоо комиссиясында акредиттелүү укугуна ээ деген расмий жообун берген. Тилекке каршы, калк арасында кадыр-баркка ээ болгон бир дагы интернет-сайт Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинде жалпыга маалымдоо каражаттары сапатында белгиленген тартипте каттоодон өтпөптүр.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен жалпыга маалымдоо каражаттары жана маалыматтык агенттиктер үчүн бирдей шарттарды түзүү максатында Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо алдында интернет-сайттар менен макулдашуу жөнүндө Меморандумга кол койду-деп белгиледи КР БШК төрагасы.

Аталган Меморандумга кол коюуну каалаган айрым интернет-сайттар бүгүнкү тегерек столго катыша албай калгандыгына байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн интернет-сайттар менен кол коюлгандан кийин кызматташтык жөнүндө Меморандум КР БШКнын расмий сайтына жайгаштырылат.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>