Жалал-Абад областынын Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоо кворум болбогондугуна байланыштуу өткөн жок деп табылды.
17 июля 2013
Бүгүнкү күнгө белгиленген Жалал-Абад областынын Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоо кворум болбогондугуна байланыштуу өткөн жок деп табылды. Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин шаар башчысын шайлоо боюнча өткөрүлгөн жыйынына 21 депутаттан 12 депутат катышты. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчилик кызматына Кыргызстан социал-демократтар партиясынан Алмамат Саражиевдин, «Өнүгүү-прогресс» фракциясынан Жалалидин Юсуповдун талапкерлиги көрсөтүлгөн. Шаардын мэрин шайлоо, эгерде ага шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса өткөрүлдү деп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
