Өмүрбек Тургунбаев Ноокат шаарынын мэри болуп шайланды

17 июля 2013

Бүгүн Ноокат шаарынын аткаруу бийлигинин жетекчисин шайлоо өткөрүлдү. Шайлоонун жыйынтыгында «Биримдик»  коалициясынан (КСДП-Замандаш Современник) талапкерлиги көрсөтүлгөн Өмүрбек Тургунбаев шаардын мэри болуп шайланды. Шаардык кеңештин 21 депутатынан 15 депутат Өмүрбек Тургунбаевди колдоп добуш беришти. Ал эми «Ата-Мекен» фракциясынан талапкер болуп көрсөтүлгөн Абдилвохоп Кодиралиев 6 добуш алды. Шайлоо кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде таза, ачык өттү.

          Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы