Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

БШКнын төрагасы Корея Республикасына иш сапар менен барып келди
13.01.2015

БШКнын төрагасы Корея Республикасына иш сапар менен барып келди

Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) чакыруусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Д. Абдраимов 2015-жылдын 3-7-январында Корея Республикасынын борбор шаары Сеулга иш сапар менен барып келди.  Сапарынын учурунда, Туйгунаалы Абдраимов Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Дуйшөнкул Чотонов менен бирге KOICA агенттигин Президенти Ким Янг Мок мырза менен жолугушуп, КР шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча биргелешкен долбоордун алкагындагы кызматташтык маселелери тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. БШКнын төрагасы Бишкек жана Ош шаарларын, автоматтык өз алдынча эсептөөчү урналар менен гана эмес, шайлоочуларды индентификациялоо үчүн ридер, ноутбук, монитор жана видеокамералар менен кошумча жабдуу зарылчылыгы бар экендигин билдирди. Бул иштин жыйынтыгында, KOICAнын колдоосу менен Кыргызстандын эки шаары инновациялык технологияларды колдонуу менен шайлоо процессинин моделин ишке ашыруунун жүрүшүндө көрсөтмө катары болууга мүмкүн. KOICAнын президенти КР БШКнын төрагасынын ушул өтүнүчүн эске алып, карап чыгуусун билдирди. Ошондой эле Т. Абдраимов, KOICA менен долбоорду координациялоо үчүн A-WEB менен БШКнын ортосундагы кызматташтык  жөнүндө Меморандумга кол коюу демилгесин көтөргөн Шайлоо органдардын дүйнөлүк ассоциациясынын  (A-WEB) Башкы катчысы Ким Ёнг Хи  мырза менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын аймагында Шайлоо органдардын дүйнөлүк ассоциациясынын  (A-WEB) орус тилдүү мамлекеттер үчүн регионалдык окутуу борборун түзүү боюнча бирдиктүү долбоорду иштеп чыгуу жөнүндөгү маселе каралды. A-WEBдин Башкы катчысы, КР БШКга инновациялык технологияларды киргизүү процессин ишке ашыруу жана ишке киргизиле турган жабдууларды туура колдонууга КР БШКнын адистерин окутуу маселелеринде жардам бере тургандыгын билдирди. 2015-жылдын 19-январында жумушчу топтун Кыргызстанга келе тургандыгы күтүлүп жатат. Анын курамына KOICAнын, A-WEBдин, KOICA менен биргелешкен долбоорду ишке ашыруу боюнча тендерди жеңген эки кореялык компаниянын өкүлдөрү кирет. Кореялык адистердин ишинин жүрүшүндө, алар автоматтуу түрдө эсептөөчү урналарды көрсөтүп, аларга тест жүргүзүп, аталган жабдуунун техникалык спецификацияларын майда-чүйдөсүнө чейин иштеп чыгышат. БШК басма-сөз кызматы 
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилди
29.12.2014

Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдоруна ылайык,  Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер, Кара-Суу районунун Төлөйкөн, Чүй облусунун Москва районунун Петровка,  Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2014-жылдын 26-декабрында өткөрүлүп, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде Н.Т.Мурзуибраимов, А.А.Абдукаримов, Д.Б.Астаров, жана А.С.Кубанычбеков Зергер, Төлөйкөн, Петровка жана Боо-Терек айыл өкмөттөрүнүн башчылары болуп дайындалышты. КР БШКнын басма-сөз кызматы 
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу дайындалды
29.12.2014

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу дайындалды

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги отурумунда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу 2015-жылдын 16-январына дайындалды. Шайлоо саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлөт. Эскерте кетсек, мамлекеттик администрациясынын башчысы – Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акиминин 2015-жылдын 15-декабрындагы № 295 буйругуна ылайык, Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы А. Мадановдун  ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулган. БШК басма-сөз кызматы 
Кененирээк билүү >>
БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А. Ниязалиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына Н.А. Касымбековду каттоо жөнүндө токтомдорду кабыл алды
29.12.2014

БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А. Ниязалиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына Н.А. Касымбековду каттоо жөнүндө токтомдорду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 26-декабрындагы ПЖ № 230 Жарлыгынын негзинде, Ниязалиева Дамира Абаскановна Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына дайындалган. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы   “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмеси боюнча шайланган  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А. Ниязалиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкердин тизмесиндеги кезектеги талапкер Касымбеков Нурбек Айтыевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына каттоо боюнча тиешелүү токтом кабыл алынды. КР БШКнын басма-сөз кызматы 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр киргизилди
29.12.2014

КР БШКнын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Бүгүн, 29-декабрда, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн кезектеги отурумунда «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомду, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, кабыл алды.   Тактап айтканда, тиешелүү өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жана 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” жоболорго киргизилди.   КР БШКнын басма-сөз кызматы 
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери бекитилди
29.12.2014

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери бекитилди

Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү чечимдерин бекитүү боюнча токтом кабыл алды.   Жергиликтүү кеңештердин отрумдарында кабыл алынган токтомдорго ылайык, жергиликтүү кеӊештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган. Ушул чечимдердин негизинде аймактык шайлоо комиссиялар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан. Шайланган жергиликтүү кеӊештердин депутаттарына тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар тарабынан  белгиленген үлгүдөгү депутаттык күбөлүктөр жана төш белгилер берилет. КР БШКнын басма-сөз кызматы 
Кененирээк билүү >>
Председатель ЦИК КР встретился с Послом Республики Корея
25.12.2014

Председатель ЦИК КР встретился с Послом Республики Корея

24 декабря 2014 года состоялась встреча Председателя Центральной избирательной комиссии по выборам и  проведению референдумов Кыргызской Республики Абдраимова Т.Д. с Чрезвычайным и Полномочным Послом Республики Корея в Кыргызской Республике г-ом Ким Чанг Гю. В ходе встречи обсуждались вопросы внедрения в Кыргызской Республике автоматизированной системы подсчета бюллетеней во время выборов и референдумов, а также о финансировании данного проекта. Одновременно, Председатель ЦИК КР Абдраимов Т.Д. выразил надежду на укрепление сотрудничества между ЦИК КР и  KOICA.   Кроме этого, г-н Ким Чанг Гю сообщил о том, что в целях улучшения взаимных работ, Всемирная Ассоциация избирательных органов (A-WEB) рассматривает вопрос о направлении независимых наблюдателей на предстоящие выборы в Кыргызской Республике. Пресс-служба ЦИК КР
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын делегациясы Өзбекистан Республикасынын парламенттик шайлоосуна  байкоочу болуп катышты
23.12.2014

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын делегациясы Өзбекистан Республикасынын парламенттик шайлоосуна байкоочу болуп катышты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Т. Абдраимов жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлү кирген делегация 2014-жылдын 19-декабрынан 21-декабрына чейин Өзбекистан Республикасынын Олий Мажлисинин (парламент) мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттарын  шайлоого байкоочу катары катышып келишти. Алар, Өзбекистан Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мирзо-Улугбек Абдусаломов тарабынан 2014-жылдын 21-декабрындагы шайлоонун жүрүшүнө жана уюштуруусуна эл аралык байкоочу катары катышыш үчүн чакырылган. Өзбекистан Республикасынын Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасына Өзбекистандын Либерал-демократиялык партиясы, Өзбекистандын Элдик-демократиялык партиясы, Өзбекистандын Демократиялык “Миллий тикланиш” партиясы жана “Адолат” Социал-демократиялык партиясы катышкан. Олий Мажлис Мыйзам чыгаруу палатасын түзгөн 135 орунга 535 талапкер өз талапкерлигин көрсөткөн. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Т. Абдраимовдун пикири боюнча Өзбекистандагы парламенттик шайлоого эл жигер катышкан жана шайлоо жакшы жана ийгиликтүү өткөн. Өзбекистан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы республиканын Конституциясы жана шайлоо мыйзамдарына ылайык шайлоону өткөрүүдө жогорку даярдыкты жана уюштуруучулукту көрсөтүштү.     
Кененирээк билүү >>
«Республика» саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарылды
18.12.2014

«Республика» саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарылды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы И.Р. Холматованын арызына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына «Республика» саясий партиясынан аны талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимин кабыл алды.
Кененирээк билүү >>
Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
18.12.2014

Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумунда, түшкөн арыздардын негизинде, Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди. Комиссиянын курамынан «Эгемен Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жоробек кызы Кызсайкал; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ирекбаев Турдубай Абытович чыгарылды.  Комиссиянын резервинен «Азаттык» демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Анарбаев Султанбек Абдыкадырович чыгарылды. Ал эми, комиссиянын курамына резервден «Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Карабаев Туголбай Аипович; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Раева Махабатхан Акимовна киргизилди.  
Кененирээк билүү >>
Балыкчы жана Исфана шаарларынын мэрлерин шайлоо күнү дайындалды
18.12.2014

Балыкчы жана Исфана шаарларынын мэрлерин шайлоо күнү дайындалды

Бүгүн, 2014-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо күнү дайындалды. Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарларынын мэрлерин шайлоо 2015-жылдын 6-январында саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 11-декабрындагы № 523 буйругу менен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри М.Э.Бообеков, 2014-жылдын 12-декабрындагы № 525 буйругу менен Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын мэри Т.Р.Козубаев, өздөрүнүн берген арыздарынын негизинде ээлеген кызматтарынан бошотулган.  
Кененирээк билүү >>
Бишкекская ТИК сообщает:
09.12.2014

Бишкекская ТИК сообщает:

Ранее, 28 ноября 2014 года, Бишкекская территориальная избирательная комиссия (БТИК) объявила о формировании новых составов участковых избирательных комиссий (УИК). В связи с большой текучестью и пассивностью участия в работе составов резерва УИК, сформированного в 2012 году  на 5(пять) лет из числа представителей представительных органов местного самоуправления, возникла  необходимость пополнения всех составов резерва УИК.   В связи с этим, было направлено обращение в Бишкекский городской кенеш о выдвижении кандидатур от собраний граждан, общественных объединений в резервы УИК г.Бишкек (обращение здесь).   Приложение: образцы протокола о выдвижении (кыргызский, русский) и заявления кандидата (кыргызский, русский)
Кененирээк билүү >>
Назначены  выборы глав  некoтoрых  исполнительных  органов  местного  самоуправления
08.12.2014

Назначены выборы глав некoтoрых исполнительных органов местного самоуправления

На заседании Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики назначены выборы глав Петровского айыл окмоту Московского района Чуйской области, Зергерского айыл окмоту Узгенского района Ошской области и Толойконского айыл окмоту Кара-Суйского района Ошской Области на 26 декабря 2014 года в период с 09.00 до 12.00 часов. Распоряжениями глав соответствующих государственных администраций,   глава Петровского айыл окмоту Московского района Чуйской области Кадыркулов К.Б., а также  глава Зергерского айыл окмоту Узгенского района Ошской области Акматов Ю.А. были освобождены от занимаемых должностей на основании поданных заявлений.  Также, состоялись досрочные выборы депутатов Толойконского айылного кенеша Кара-Суйского района Ошской Области и первая организационная сессия айылного кенеша. На 26 декабря 2014 года также назначены выборы главы Боо-Терекского айыл окмоту Бакай-Атинского района Таласской области. Данное решение принято на основании справки  рабочей группы, созданной для изучения материалов выборов главы Боо-Терекского айыл окмоту Бакай-Атинского района Таласской области.                                                Пресс-служба ЦИК КР
Кененирээк билүү >>
Утверждены протоколы об итогах голосования и результатах выборов глав МСУ, прошедших 20, 25 ноября 2014 года.
08.12.2014

Утверждены протоколы об итогах голосования и результатах выборов глав МСУ, прошедших 20, 25 ноября 2014 года.

Сегодня, 8 декабря 2014 года, состоялось заседание Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики на котором утверждены протоколы об итогах голосования и результатах выборов глав исполнительных органов местного самоуправления, прошедших 20 и 25 ноября 2014 года. 20 ноября 2014 года проведены повторные выборы главы Чангетского айыл окмоту Узгенского района Ошской области, главой избран Эшиев Торобек Саматович. 25 ноября 2014 года проведены выборы глав Бекмолдоуского айыл окмоту Таласского района Таласской области – главой избран Абдыкадыров Токтогул Мырзакулович, Михайловского айыл окмоту Тюпского района Иссык-Кульской области – главой избран Отунчиев Талайбек Акматович, а также Тамгинского айыл окмоту Жети-Огузского района Иссык-Кульской области – главой избран Алымбеков Джаанбай Урсейитович. Избранным главам исполнительных органов местного самоуправления будут выданы удостоверения установленного образца.   Пресс-служба ЦИК КР   
Кененирээк билүү >>
ЦИК: состоялся Круглый стол «Опыт Монголии: биометрическая регистрация граждан и составление списков избирателей»
05.12.2014

ЦИК: состоялся Круглый стол «Опыт Монголии: биометрическая регистрация граждан и составление списков избирателей»

Сегодня, 5 декабря 2014 года, в гостинице “Парк отель” Центральная избирательная комиссия Кыргызской Республики провела Круглый стол на тему «Опыт Монголии: биометрическая регистрация граждан и составление списков избирателей». По инициативе Центризбиркома при содействии ПРООН в Кыргызскую Республику были приглашены эксперты Монгольской компании Интерактив,  разработавшей и реализовавшей в Монголии проект по созданию Регистра населения и формированию списков избирателей на основе биометрических данных. В течение недели Представители Монголии провели ряд совместных встреч с представителями Центральной избирательной комиссии и  Государственной регистрационной службы, где были обсуждены и предложены механизмы взаимодействия двух органов (ЦИК и ГРС) для оптимизации процесса формирования списков избирателей на основе биометрической базы данных. Круглый стол прошел при участии  руководителя Аппарата Президента КР Нарымбаева Д.И., первого вице-премьер-министра Кыргызской Республики Сарпашева Т.Д., а также представителей Государственной регистрационной службы, неправительственных организаций, политических партий и т.д. В ходе работы Круглого стола эксперт Монгольской компании Лхагвасурэн Ариунаа презентовала систему биометрической регистрации граждан Монголии и порядок составления списков избирателей (презентация здесь). Государственная регистрационная служба выступила с информацией о текущей ситуации сбора биометрических данных граждан Кыргызской Республики. После каждой презентации участники круглого стола имели возможность задавать вопросы и получить на них ответы.       Пресс-служба ЦИК КР  
Кененирээк билүү >>
ОБРАЩЕНИЕ Бишкекской территориальной избирательной комиссии по выборам и проведению референдумов к политическим партиям КР.
29.11.2014

ОБРАЩЕНИЕ Бишкекской территориальной избирательной комиссии по выборам и проведению референдумов к политическим партиям КР.

Уважаемые представители политических партий КР! Сегодня, как никогда, в свете реформирования избирательной системы, важна роль членов комиссий всех уровней в подготовке и организации выборов. Именно от их действий будет зависеть уровень  доверия населения  ко всему избирательному процессу.  В соотвествии с частью 1 статьи 19 Закона Кыргызской Республики “Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики” срок полномочий участковых избирательных комиссий (далее УИК) сформированных Бишкекской территориальной избирательной комиссией (далее БТИК) 24 сентября 2012 года истек. Согласно Закона УИК формируются ТИК сроком на 2 года, в составе одной второй представителей от политических партий и одной второй – от представительных органов местного самоуправления. В связи с этим, Бишкекская территориальная избирательная комиссия по выборам и проведению референдумов (далее БТИК) объявляет о формировании новых составов УИК. УИК являются коллегиальным органом, организующим подготовку и проведение выборов, обеспечивающими реализацию и защиту избирательных прав граждан. Работа в составе УИК ответственна, требует умения работать с людьми беспристрастно, добросовестно и задача их членов обеспечить законность, прозрачность выборов, чтобы подсчет голосов граждан и другие действия проходили честно, открыто и в строгом соответствии с избирательным законодательством. При выдвижении кандидатур в составы УИК необходимо учитывать согласие самих граждан, а также степень их подготовленности к работе в избирательных комиссиях. Субъектам выдвижения необходимо учитывать, что кандидат в члены избирательной комиссии, как правило, должен проживать на территории соответствующего населенного пункта. Выдвижение от политических партий производится в соответствии с их уставами (нотариально заверенная копия). В  БТИК представляется соответствующий документ заверенный подписью руководителя политической партии (или председателем собрания) и печатью. К вышеуказанным документам прилагаются: - заявление кандидата о согласии работать в составе участковой избирательной комиссии и обязательство о соблюдении норм избирательного законодательства Кыргызской Республики;  -  копия паспорта;  -  биографические данные с указанием места работы, учебы, образования (личный листок по учету кадров или резюме с фото 3х4); -  контактные данные: адрес места жительства, номера телефонов (моб.дом.раб.), эл.почта; - списки кандидатов от партий в УИК предлставить в электронном виде. Протоколы о выдвижении кандидатур от политических партий в УИК г. Бишкек принимаются до 18.00 часов 19 декабря 2014 года в Бишкекской ТИК.        Более подробно ознакомиться с Положением «О порядке формирования и расформирования избирательных комиссий», а также с образцами документов необходимых для выдвижения кандидатур в состав УИК можно на официальном сайте ЦИК www.shailoo.gov.kg.   Справки по телефонам: 620829 620824 28 ноября 2014 г.   Приложение: образцы протокола партии (кыргызский, русский) и заявления кандидата (кыргызский, русский)
Кененирээк билүү >>
1 440 442 482