Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдайт…
12 октября 2015
2015-жылдын 4-октябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын отчетторун жана жыйынтыктоочу протоколдорун кабыл алуу боюнча иштерди алып барууда.
2015-жылдын 12-октябрына карата Баткен, Ысык-Көл жана Талас облустарынын аймактык шайлоо комиссиялары толугу менен отчетторун тапшырышты. Кыргыз Республикасынын калган облустарындагы аймактык шайлоо комиссияларынын отчетторун кабыл алуу жакынкы күндөрдө соӊуна чыгат.
Жыйынтыктоочу протоколдорду кабыл алуунун жүрүшүндө БШКтарабынан шайлоо участкасынан борбордук серверге келип түшкөнАЭУ маалыматтарын, ошол участкаларда идентификацияланган шайлоочулардын саны тууралуу МКК маалыматтарын жана бюллетендерди кол менен эсептөөнүн негизинде шайлоо участкасынын жыйынтыктоочу протоколдорунда камтылган маалыматтар менен салыштыруулардын негизинде маалыматтарды кайра текшерүүлөр жүрүп жатат.
Келип түшкөн маалыматтарды алдын ала талдоо төмөнкүлөрдү кабарлайт: МКК маалыматтары жана участкалык комиссияларынын көрсөткүчтөрүнүн ортосундагы ажырымдуулук дээрлик жокко эсе. Мындай ажырымдуулуктар аныкталган айрым участкалар боюнча кошумча талдоолор жүргүзүлөт, бирок алар жалпысынан өлкө боюнча шайлоонун жыйынтыктарына анчалык таасирин тийгизбейт.
Добуш берүү күнү дээрлик бардык шайлоо участкаларында Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого аттанышкан саясий партияларынын ар биринен байкоочулар катышкан. Алардын катышуусу шайлоо комиссияларынын иштеринин ачык жана так өткөрүлүшүнө өбөлгө болду. Ар бир байкоочу добуштарды эсептөөнүн тууралыгына жана участкалык шайлоо комиссияларынын жыйынтыктоочу протоколдорун түзүүгө жеке өз көзү менен көрүп туруп катышты. Участкалык шайлоо комиссияларынын аракеттерине келишпестиктер жаралганда бардык саясий партиялардын өкүлдөрү жогору турган шайлоо комиссияларына даттануулар менен кайрылууга мүмкүнчүлүк алышты.
БШК түшкөн мындай даттануулар болгон учурда, алар сөзсүз түрдө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйнылышында каралат.
КР БШК Басма сөз кызматы
