Башкы Жаңылыктар Эл аралык байкоочулар болуп өткөн шайлоого жогорку баасын …

Эл аралык байкоочулар болуп өткөн шайлоого жогорку баасын беришти

09-Окт, 2015

2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын (парламентти) шайлоо болуп өттү.

Аталган шайлоо Кыргыз Республикасы Советтер Союзу таркагандан кийинки аймакта биринчилерден болуп жарандардын биометрикалык маалыматтарынын негизинде инновациялык технологияларды колдонуу менен шайлоо өткөрдү.

Жаӊы чакырылыштын депутаттарын шайлоого катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 14 саясий партиясын каттаган:

 

  1. «Аалам-партияларгы кирбегендердин партиясы»
  2. «Ар Намыс»
  3. «Замандаш»
  4. «Азаттык» демократиялык партиясы»
  5. «Республика-АтаЖурт»
  6. «Ата-Мекен»
  7. «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы»
  8. «Өнүгүү-Прогресс»
  9. «Кыргызстан элдеринин конгресси»
  10. «Улуу Кыргызстан»
  11. «Бүтүн Кыргызстан Эмгек»
  12. «Бир Бол»
  13. «МекенЫнтымагы»
  14. «Кыргызстан» 

 

Шайлоо өткөрүү максатында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан 2 374 участок уюштурулган, алардын ичинен 36 – чет өлкөдө. Участкалар камсыздалган автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) жалпы саны 3 695 түздү, алардын ичинен Кыргызстандын аймагынын сыртындагы 26 участокто. Шайлоочулар тизмесине өзүнүн биометрикалык маалыматтарын тапшырган 2 761 297 адам кирген.

Шайлоону даярдоо жана өткөрүү жүрүшүн байкоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Шайлоо органдар Ассоциацияларына, чет өлкөлүк шайлоо комиссияларына, ошондой эле эл аралык уюмдарга чакыруулар жөнөтүлгөн.

Келген байкоочулардын кеӊири географиясы бардык күтүүлөрдү ашып түштү. Жакынкы чет өлкөлөрдүн жана КМШ мейкиндигинин салттуу байкоочулары менен катар биринчи жолу Кыргыз Республикасына экзотикалык өлкөлөр деп саналган Перу, Кения, Бутан, Камбоджа, Эквадор, Малайзия, Парагвай, ТАР сыяктуу өлкөлөрдү байкоочулары дагы катышты. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан жалпы жонунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине шайлоону өткөрүүдө эл аралык байкоочу катары катышуу үчүн дүйнөнүн 69 өлкөсүнөн 40 эл аралык уюмдан 613 эл аралык байкоочу аккредитациядан өткөрүлгөн.

Шайлоонун жыйынтыктары боюнча, Боршайком байкоолордун жыйынтыгы боюнча пресса алдында арыздары менен чыгуу ниетин билдирген шайлоого даярдануу жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүү Миссияларына эркин мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берди.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жалпысынан ийгиликтүү, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык тынч абалда өттү деп бир добуштан эл аралык байкоочулар белгилешти, ошондой эле байкоочулар шайлоонун даярдыгынын уюшкандык менен жакшы өткөндүгүнө басым коюп, шайлоо комиссияларынын компетенттүүлүгүн жана уюшкандыгын баса белгилешти. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын ушунчалык кыска мөөнөттүн ичинде шайлоо процессин жакшыртуу маселелерин жогорку көрсөткүчкө жеткире алгандыгын суктануу менен белгилеп жатышты.

“Шайлоо процессинде инновациялык технологияларды пайдалануу – бул мезгилдин талабы жана суроосу. Келечекте, мен ойлойм, көп өлкөлөр да буга келиши керек”, – деп белгиледи КР БШК төрагасы Т. Абдраимов.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине шайлоого катышууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын БШКсы жашоого киргизген шайлоо процессиндеги жаӊычылдык менен таанышууга мүмкүндүк бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирген эл аралык уюмдардан бир катар каттар келип түшүүдө.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>