Башкы Жаңылыктар 2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы …

2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет-басылмаларына кайрылуу

15-Июн, 2017

«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14- июнунун № 1681-VI токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо  2017-жылдын 15-октябрына дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүт ишине катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары эфирдик убакыттын, басылма аянттын же интернет-басылмада жарыялоо укугун төлөөнүн өлчөмү жөнүндө маалыматтарды коштомо кат менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2017-жылдын 4-июлуна чейин берүүгө тийиш.

Аккредитациялоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттар жана интернет-басылмалар билдирүү менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүү керек:

- эфирдик убакыттын, басылма аянттын же интернет-басылмада жарыялоо укугун төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды;

- жалпыга маалымдоо каражаттын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;

 - жеке жактын мамлекеттик каттосу (кайра каттоо) же жеке ишкердин мамлекеттик каттоосу (интернет-басылмалар үчүн) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;

- жалпыга маалымдоо каражаттын уставынын көчүрмөсүн (бар болсо) берүү керек;

Документтер Бишкек ш., Раззаков к. 59, 210 каб. тапшырылат (документтик камсыздоо бөлүмү).

Жалпыга маалымдоо каражаттар жана интернет-басылмалар билдирүүсүндө камтылган маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын электрондук вариантын дагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоого аккредитациялоо үчүн” деген белги коюу менен  төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүүгө тийиш: pr.shailoo@gmail.com

Берилген маалыматтар жалпыга тааныштыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына 2017-жылдын 9-июлуна чейин жарыяланат.

Эскерте кетсек, эфир убактысын берүүнүн, мезгилдүү басма сөздө же интернет-басылмада жарыялоо үчүн акы төлөөнүн өлчөмү бардык талапкерлер үчүн бирдей болууга тийиш. Акы төлөнүүчү эфир  убактысынын, мезгилдүү басма сөздөгү же интернет-басылмадагы баа шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашышы мүмкүн эмес.

Билдирүүлөрүн жана керектүү документтерин 2017-жылдын 4-июлунан кийин берген жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан аккредитацияланбайт.  Билдирүүгө көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген  же керектүү документтерсиз жиберилгендер каралбайт.

Жалпыга маалымдоо каражат, интернет-басылма жана  алардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы  жалпыга маалымдоо каражаттын, интернет-басылманын жана алардын өкүлдөрүнүн аккредитациясын чакыртып алууга укуктуу.

Жалпыга маалымдоо каражаттардын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрүнүн саны чектелбейт.

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланбаган жалпыга маалымдоо каражаттар, интернет-басылмалар шайлоону маалыматтык камсыздоого расмий маалыматтарды жана маалыматтык (жаңылыктар) билдирүүлөрдү чагылдыруу жолу аркылуу гана, шайлоо алдындагы үгүт белгилерисиз катышууга укуктуу

Чет мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын шайлоонун даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдыруу үчүн аккредиттациялоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан, алардын тапшырыктары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 19-апрелиндеги № 215 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын аккредиттациялоо жөнүндө” Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген аккредиттациялоо жөнүндө күбөлүктү көрсөткөн учурда жүргүзүлөт.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн телефондор:

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү:  +(996 312) 66-54-52,  

Маалымдоо тобу:  +(996 312) 66 01 43.

Документтик камсыздоо бөлүмү: +(996 312) 62 08 23

 

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>