Башкы Жаңылыктар Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын тургундарына, саясий …

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын тургундарына, саясий партияларга, коомдук уюмдарга жана Бишкек шаардык кеңешине Кайрылуусу

02-Авг, 2017

Урматтуу шайлоочулар жана саясий партиялардын өкүлдөрү! 
Миграцияга байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата шарттарды түзүү максатында, Бишкек шаарынынын аймагында жашап, бирок каттоосу жок, ошондой эле жашаган жеринен шайлоого мүмкүнчүлүгү жок жарандар үчүн  Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы, Бишкек шаарынын мэринин сунушу менен  кошумча 6 шайлоо участкаларын түздү. (Тиркеме).

Ушуга байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы, саясий партиялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарын, Бишкек шаардык кеңешин, кошумча шайлоо участкаларынын тутумуна өкүлдөрдү көрсөтүүнү жарыялайт.  

Шайлоо комиссиясы шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча жарандардын укугун коргоочу жана камсыздоочу коллегиялуу орган болуп саналат,

 Шайлоо комиссиясынын тутумунда иштөө жооптуу, бир гана  шайлоо мыйзамдарына ылайык иштөөнү талап кылат.

Ушуга байланыштуу, шайлоо комиссияларынын тутумуна талапкерлерди көрсөтүү, жарандын өзүнүн макулдугу болуусу керек, анын ишке жөндөмдүүлүгүнүн деңгээли, шайлоо комиссияларында иштөө тажрыйбасы, ошондой эле кесипкөйлүк жана өздүк сапаты эске алынат.  

Саясий партиялар, Бишкек шаардык кеңешинин-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары комиссиянын тутумун түзүүдө жарандардын комиссияга кирүүгө макулдугун эске алуусу керек,  ошондой эле комиссиянын мүчөсүнө талапкер ошол аймактагы элдүү пунктта жашоого тийиш.

.Жарандардын жыйынынан, коомдук бирикмелерден шайлоо комиссияларынын тутумуна талапкерлерди көрсөтүү тууралуу Протоколдо жыйындын төрагасынын жана катчынын колу коюлушу зарыл.

Протоколго жашаган жерлери көрсөтүлүп, колдору коюлган жыйындын катышуучуларынын тизмеси тиркелиши керек.

Саясий партиялдардан талапкерлерди көрсөтүү алардын уставына ыйлайык жүргүзүлөт.

Бишкек АШКсына саясий партиянын (жыйындын төрагасы) жетекчисинин колу коюлуп печаты басылган тиешелүү документ берилет. 

Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет:

-Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын нормаларын сактаган милдеттенме жана шайлоо комиссиясынын тутумунда иштөөгө макулдугу  боюнча арыз;

-паспорттун көчүрмөсү;
-иштеген жери, окуусу, билими  көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракача же резюме);

-байланыш маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номерлери, электрондук почтасы.

Кошумча шайлоо участкаларынын тутумуна  саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү боюнча протоколдор 2017-жылдын 9-августунда саат 18:00гө чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясында кабыл алынат.  

Кошумча шайлоо участкаларынын тутумуна  жарандардын жыйынынан, коомдук уюмдардан  талапкерлерди көрсөтүү боюнча протоколдор 2017-жылдын 9-августунда саат 18:00гө чейин Бишкек шаардык кеңешинде  кабыл алынат.  

Сурап-билүү телефондору: Бишкек шаардык кеңеши 62-58-14,
Бишкек АШК: 62-08-24.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>