Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

БШК бир нече АШКлардын резервин толуктады
02.10.2020

БШК бир нече АШКлардын резервин толуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 2-октябрындагы жыйналышында аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлердин келип түшкөн документтерин кароо боюнча Жумушчу топтун  2020-жылдын 30-сентябрындагы жана 2-октябрындагы чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан төмөнкү талапкерлерди киргизүү жөнүндө токтом кылды. Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары: № Фамилиясы, аты, атасынын аты Ким тарабынан көрсөтүлдү   Цой Вера Ирьевна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү  органынан   Мусурманкулов Байыш жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү  органынан   Акматова Замирахан Кадыровна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү  органынан Баткен облусу, Кадамжай шаары: № Фамилиясы, аты, атасынын аты Ким тарабынан көрсөтүлдү   Абдыразаков Азизбек Камчибекович жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү  органынан   Абдимомунова Айзирек Абдимомуновна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү  органынан   Айдарали кызы Каныгул жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү  органынан   Жапарова Айжаркын Бахадыровна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү  органынан   Кошбаков Сапарбек Балтабаевич жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү  органынан   Мамажанова Гулмира Мирзатовна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү  органынан Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген”«Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө” Жобосуна, аймактык шайлоо комисиялардын резервдерине келип түшкөн документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун 2020-жылдын 30-сентябрындагы жана 2-октябрындагы чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) 2020-жылдын 22-августундагы кайрылуусунун негизинде, аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жергиликтүү кеңештеринин токтомдорунун негизинде кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү   
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 1-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
02.10.2020

2020–ж. 1-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2-октябрь 2020-ж.                                                                                               Убактысы: 18.30                                                                                               Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Базар-Коргон, Каракол, Ысык-Көл, Кадамжай жана Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө (баяндамачы – Уметалиев А.Т., эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы) 4. «Ордо» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке\ешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерди чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 5. «Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясий партиясынын ишенимдүү адамынын каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 6. «Мекенчил» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарынын каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 7. «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 8. «Республика» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 9. «Кыргызстан” саясий партиясынын ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 10. “Ата Мекен” саясий партиясынын ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 11. «Мекенчил» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 12. М.Аманкуловдун сүйлөгөн сөзү тууралуу А. Арыковадан, Б. Касымалиевадан, М. Кудайбердиевадан, Болотбек Темирден, А. Турдалиевадан, М. Кабылбековадан, Б. Макенбаевадан, А. Турсуновадан, К.Р. Султанбаевден, Б. Ушалиевден, Д.С.Касмалиевден түшкөн арыздар жөнүндө (баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 13. «Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмеси тууралуу  «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” КБнын даттануусу жөнүндө (баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 14. «Замандаш» саясий партиясы тарабынан диагностикалык борбор ачылгандыгы  тууралуу  «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” КБнын даттануусу жөнүндө (баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 15. «Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмеси тууралуу  «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” КБнын даттануусу жөнүндө (баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 16. «Биримдик» саясий партиясынын баннерлери тууралуу “Кыргызстандын шайлоочулары ассоциациясы” КБнын даттануулары жөнүндө (баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 17. «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик», «Кыргызстан» саясий партиялардын талапкерлери тууралуу “Кыргызстандын шайлоочулары ассоциациясы” КБнын даттануусу жөнүндө (баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)   18. «Бир Бол»  саясий партиясынын талапкери А. Сулайманов тууралуу “Кыргызстандын шайлоочулары ассоциациясы” КБнын даттануусу жөнүндө (баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 19. «Ата Мекен» саясий партиясынын талапкерлери тууралуу “Кыргызстандын шайлоочулары ассоциациясы” КБнын даттануусу жөнүндө (баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 20. «Кыргызстан» саясий партиясынын баннери тууралуу «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” КБнын даттануусу жөнүндө (баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)              21. «Бир Бол» саясий партиясынын жарнама ролиги тууралуу «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” КБнын даттануусу жөнүндө (баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)    22. Об агитационном материале ПП "Кыргызстан" (баяндамачы –Шаршеналы у. Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 23. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
-
02.10.2020

-

-
Кененирээк билүү >>
БШКнын башчысы КМШнын Аткаруу комитетинин Миссиясы менен жолугушту
01.10.2020

БШКнын башчысы КМШнын Аткаруу комитетинин Миссиясы менен жолугушту

Бүгүн, 2020-жылдын 1-октябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова В.Гуминский баштаган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинин Миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту. «Миссия шайлоо өнөктүгүнө байкоо жүргүзүүнү 2020-жылдын 14-сентябрында баштаган, шайлоо процессине жана мамлекеттин ички ишине кийлигишпестен өз функцияларын аткарат. Миссия ачык жана айкын иштейт, анын ишмердүүлүгү басма сөздө чагылдырылып, жаңылыктар боюнча репортаждар жарыяланып турат. Республикада шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүү үчүн зарыл шарттар түзүлгөн”, - деди В.Гуминский. КМШ миссиясы Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин бир топ өркүндөтүлгөндүгүн белгиледи. “2017, 2019 жана 2020-жылдары парламенттик шайлоону өткөрүүнү жөнгө салган жоболорго шайлоо босогосун 9 пайыздан 7 пайызга чейин төмөндөтүү, ошондой эле административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалангандыгы жана үгүт өнөктүгү учурунда шайлоочулардын добушун сатып алуу үчүн санкциялардын күчөтүлүшүнө байланыштуу түзөтүүлөр киргизилген. Депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө аялдардын катышуусун камсыз кылуу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлгөн», - деп белгиледи миссиянын башчысы. Жолугушууда, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча иш-чаралар, анын ичинде добуш берүүчү жайларга, ошондой эле үгүт иш-чараларынын жүрүшүндө саясий партияларга карата атайын талаптар каралгандыгы айтылды. Тактап айтканда, шайлоого катышкан партиялар үгүт материалдарынын жок дегенде бир пайызын сурдокотормо, окууга оңой типтеги чоңойтулган шрифт менен басылган, ошондой эле Брайль шрифти же башка атайын каражаттарды колдонуу менен басып чыгарууга жана жайылтууга милдеттүү. Шайлоонун узак мөөнөттүү мониторингинин алкагында Миссиянын мүчөлөрү Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын иши менен таанышты. Эпидемиялык оор кырдаалды эске алып, шайлоо өнөктүгү негизинен жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалары, социалдык тармактар ​​аркылуу, ошондой эле басылма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана жайылтуу аркылуу жүргүзүлдү. Партиялар үймө-үй кыдыруу, митингдерди жана жолугушууларды өткөрүүнү азыраак колдонушту. КМШ байкоочулары БШКнын жыйындарына катышып жатып, Боршайкомдун ишиндеги коллегиалдуулуктун жана ачыктыктын, каралып жаткан маселелердин ачык талкууланышын белгилешти. Миссиянын маалыматына ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча зарыл чараларды көрүп жатат. Миссия шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү улантууда жана шайлоонун жүрүшүнө карата жыйынтык корутундусун жана бааларын корутунду документте көрсөтмөкчү. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК башчысы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин миссиясы менен жолукту
01.10.2020

БШК башчысы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин миссиясы менен жолукту

Бүгүн – 2020-жылы 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н.Шайлдабекованын Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин делегация башчысы, ТМККнын Башкы катчысы Г. Гозалов менен жолугушуусу болуп өттү. Миссия башчысы Кыргызстандагы шайлоолорго бир нече жолу байкоочу болгонун белгилеп, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого чакырганы үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына ыраазычылыгын билдирди. Н. Шайлдабекова 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Анын айтымында, бул парламенттик шайлоо 2021-жылдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоону жана  2023-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин  шайлоону өзүнө камтыган шайлоо  процессиндеги жаңы циклди ачат. “Шайлоо тутумун реформалоо алкагында 2015-жылдан тартып шайлоо жаңы шайлоо моделин колдонуу менен өткөрүлүүдө. Мындан мурдагы шайлоодон баштап, эки жаңы компонент – шайлоочуларды биометрикалык каттоо жана добуштарды автоматтык түрдө саноо киргизилди”,- деди ал. Н. Шайлдабекова эпидемиянын жайылышына жол бербөө максатында социалдык аралыкты сактоону камтыган санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун зарыл чаралары колдонураарын айтып берди. “Алгоритм иштелип чыкты, ага ылайык добуш берүү күнү участокко кире бериште контактысыз температуралык контроль уюштурулат. Участкалык шайлоо комиссияларынын бардык мүчөлөрү жана шайлоочулар жеке коргоо каражаттары (беткап, колкап) менен камсыздалат. Атайын чийин-көрсөткүчтөр добуш берүүнүн катышуучуларына контактысыз басып жүрүүнү жана социалдык аралыкты сактоону камсыздоого жардам берет. Жугузуп алуу коркунучун болтурбай коюу үчүн добуш берүүчү орун-жайларда дайыма санитардык иштеп чыгуу ишке ашырылып турат. Өздөрүнүн жигердүү шайлоо укугун жүзөгө ашырууну каалаган обсервацияда жүргөн адамдар, оорунун белгилери бар же оорулуулар менен байланышта болгон шайлоочулар 2020-жылдын 2-октябрына чейинки мөөнөттө 2020-жылдын 3-октябрында добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары – үйдө добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылуулары керек”, - деп айтты КР БШК башчысы. БШК башчысы иденттештирүү боюнча жабдыкка акча бөлүп берген Түркия элчилигине ыракматын айтып, парламенттик шайлоону даярдоодо эл аралык уюмдардын чоң салымын белгиледи. Ошондой эле Япония, Германия жана Швейцария техникалык көмөк көрсөттү. “Бул колдоодон биздин тутумга ишеничти көрүүгө болот”, - деп белгиледи БШК Төрагасы. ТМККнын Башкы катчысы Г. Гозалов шайлоону даярдоо боюнча кеңири маалымат берилгени үчүн ыраазычылыгын билдирди. “Мурда биздин миссия үч топко бөлүнүп, аймактарга баруучу, бул жолу баарыбыз Бишкекте калалы деген чечимге келдик”. Г. Гозалов шайлоону өткөрүүдө ийгилик каалап, жолугушуу үчүн ыраазычылыгын айтты. КР БШК маалымат бөлүмү       
Кененирээк билүү >>
С. Анарбаев Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды
30.09.2020

С. Анарбаев Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды

2020-жылдын 30-сентябрындагы отурумунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына "Кыргызстан" саясий партиясынын катталган талапкерлеринин тизмесиндеги кийинки талапкер Анарбаев Султанбек Сатывалдиевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө чечим кабыл алды. Чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
“Мекеним Кыргызстан” партиясы шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн алмаштырды
30.09.2020

“Мекеним Кыргызстан” партиясы шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн алмаштырды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 30-сентябрындагы жыйналышында КР БШКнын 2020-жылдын 2-сентябрындагы №101 чечими менен катталган “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан Токтакунова Таалайкүл Аскаралиевнанын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосун жокко чыгаруу жана “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Токтакунова Таалайкүл Аскаралиевнага берилген №107 каттоо күбөлүгүн анык эмес деп таануу чечимин кабыл алды. БШК 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо ушул чечим күчүнө кирген учурдан тартып “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Мамытов Нурбек Закирбаевичти каттоону чечти. Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
БШК "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө чечим кабыл алды
30.09.2020

БШК "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө чечим кабыл алды

 2020-жылдын 30-сентябрындагы отурумунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын төмөнкү ишенимдүү адамдарын каттоодон өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алды. №   Ф. А. А. Туулган жылы   Тагаев Мирзаакмат Абдиразакович 23.01.1973   Атабеков Карим Эргешович 23.04.1964   Каримов Рустам Дуйшеевич 30.09.1967   Кадыров Абдилкасым Камалович 29.01.1967   Жээнбаева Алтынай Ниязбековна 12.11.1978   Умаров Замирбек Кожоахматович 17.01.1979   Абдисаламов Токтомурат Кубанычбекович 11.02.1988   Саткеев Суюнбай Толембаевич 22.04.1971   Кыдыров Кубанычбек Абдираимович 02.08.1987   Алтымышов Шамурза Аралбаевич 19.05.1991   Болушова Каныкей Акматалиевна 19.04.1982   Атакозуев Эркин Омонович 12.07.1977   Джолдубаев Пайзилла Шайдуллаевич 10.04.1981   Кыдыралиев Орунбай Космонахович 14.10.1983   Шанаев Кылычбек Нурдинович 22.10.1985   Нурумбетов Абдыкаар Бараканович 05.05.1964   Эркинбаев Абдулбек Джумакович 23.05.1963   Мадумаров Абдусатар Кимсанбаевич 28.07.1969   Эрматов Бакытбек Карыбекович 09.12.1969   Турдуев Болуш Турдуевич 01.01.1958   Жеенбаев Абдисамат Ниязбекович 01.03.1968   Турдубаев Калмамат 01.04.1956   Доскулов Гулбай Абдыралыкович 21.06.1992   Эбдрешов Еркегали Калдыгул улы 14.04.1992   Шамшидин уулу Дилмурат 21.04.1992 Чечим жарандардын жазуу жүзүндөгү арыздарынын жана 2020-жылдын 30-сентябрындагы "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын сунушунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК “Эл коррупцияга каршы” КБдан коомдук байкоочуну каттады
30.09.2020

БШК “Эл коррупцияга каршы” КБдан коомдук байкоочуну каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 30-сентябрындагы жыйналышында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Орозбаков Алмас Сатаркуловичти “Эл коррупцияга каршы” коомдук бирикмесинен КР БШКда коомдук байкоочу катары каттоо чечимин кабыл алды. Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 2-июлундагы ПЖ №139 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы №226 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
БШК коммерциялык эмес уюмдардын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети жөнүндө билдирүүлөрүнө көңүл бурду
30.09.2020

БШК коммерциялык эмес уюмдардын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети жөнүндө билдирүүлөрүнө көңүл бурду

2020-жылдын 30-сентябрында өткөн отурумунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КРнын БШКсына коммерциялык эмес уюмдардан келип түшкөн, 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн мезгилиндеги жүрүшүнө байкоо жүргүзүү ниети жөнүндө билдирүүлөрдү эске алды. Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, 2020-жылдын 2-июлундагы ПЖ №139 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып кабыл алынды. Бул чечимди аймактык комиссияларга жана участкалык шайлоо комиссияларына коммерциялык эмес уюмдардан коомдук байкоочуларды каттоо жана аларга белгиленген формадагы күбөлүктөрдү берүү боюнча шайлоо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте тиешелүү чараларды көрүү үчүн жиберүү чечими кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК 55 эл аралык байкоочуну аккредитациялады
30.09.2020

БШК 55 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 30-сентябрындагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын төмөнкү өкүлдөрүн эл аралык байкоочу катары аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алды.       Аккредитацияланган эл аралык байкоочулардын тизмеси № к/м күб. № Эл аралык уюм тарабынан көрсөтүлгөн байкоочу Ф. А. А.   Өлкө Кызмат орду     КМШ Миссиясы Макаров Иван Иванович Россия Федерациясы Ленинград облусунун Шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары     КМШ Илавская Ирина Борисовна Россия Федерациясы Ленинград облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, этностор аралык жана конфессиялар аралык мамилелер боюнча комитетинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү департаментинин башчысы     КМШ Богославский Дмитрий Дмитриевич Россия Федерациясы Ленинград облусунун жалпы жана кесиптик билим берүү комитетинин билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо департаментинин башчысы     КМШ Ермакова Екатерина Борисовна Россия Федерациясы Ленинград облусунун Всеволожск муниципалдык районунун "Морозов шаардык конушу" муниципалдык түзүлүшүнүн башчысы     КМШ Абдуяминов Улугбек Абдуяминович Өзбекстан Республикасы Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин кеңешчиси     Парламенттик Ассамблея (ТүркПА) Учма Исмет Түркия Республикасы Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү (Стамбул)     ТүркПА Озкан Юксель Түркия Республикасы Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү (Бурса)     ТүркПА Карадаг Яшар Түркия Республикасы Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү (Ыгдыр)     ТүркПА Шекер Реджеп Түркия Республикасы Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү (Караман)     ТүркПА Озтюрк Сабри Түркия Республикасы Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү (Гиресун)       ТүркПА Курт Нечип Фазил Түркия Республикасы Эл аралык мамилелер жана протокол бөлүмүнүн башчысы       ТүркПА Сариарслан Кюршад Мелих Түркия Республикасы ТУУЖ кызматкери     ТүркПА Байрамов Камран Фархад Оглу Азербайжан Республикасы   “Жаңы Азербайжан” партиясынын мүчөсү, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин эл аралык жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитетинин мүчөсү     ТүркПА Аббасзадех Махир Тапдиг Оглу Азербайжан Республикасы   “Жаңы Азербайжан” партиясынын мүчөсү, Азербайжан Республикасынын Милли Межилисинин экономикалык саясат, өнөр жай жана ишкердик боюнча комитетинин мүчөсү     ТүркПА Нукетаева Динар Жусупалиевна Казакстан Республикасы Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Алматыдан депутаты     ТүркПА Мынгбай Дархан Казакстан Республикасы Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин депутаты     ТүркПА Йылдыз Али     Казакстан Республикасы Генералдык катчысынын орун басары     ТүркПА Айдаров Наурыз Казакстан Республикасы Генералдык катчысынын орун басары     ТүркПА Рахимов Анар Нурмеммед Оглу Казакстан Республикасы Укуктук экспертиза, коомчулук менен байланыш жана протокол бөлүмүнүн башчысы       ТүркПА Агаев Аласгар Айдын Оглу Казакстан Республикасы Каржы менеджери     ТүркПА Маммадов Азер Азад Оглу Казакстан Республикасы Адис       Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү Эдуард Ауэр Австрия Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн делегация башчысы, Элчи     Европа Бирлигинин КРдагы Өкүлчүлүгү Вингрис Раймондс Латвия Европа Бирлигинин КРдагы Өкүлчүлүгүнүн саясий бөлүмүнүн башчысы     Европа Бирлигинин КРдагы Өкүлчүлүгү Ламберти Фоссати Косимо Италия Европа Бирлигинин КРдагы Өкүлчүлүгүнүн долбоор кызматкери     Европа Бирлигинин КРдагы Өкүлчүлүгү Сергеенков Светлин Вячеславов Болгария Европа Бирлигинин КРдагы Өкүлчүлүгүнүн саясий бөлүмүнүн кеңешчиси     Европа Бирлигинин КРдагы Өкүлчүлүгү Лазарис Данай Ирландия Европа Бирлигинин КРдагы Өкүлчүлүгүнүн саясий бөлүмүнүн атташеси     Европа Бирлигинин КРдагы Өкүлчүлүгү Маркс Александро Люксембург Европа Бирлигинин КРдагы Өкүлчүлүгүнүн кенже кызматкери     АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Лу Доналд   АКШ АКШнын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси     АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Брайан Стиммлер АКШ АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчисинин орун басары     АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Де Боер Мэри Элизабет АКШ ЮСАИД Билим берүү кеңсесинин директору     АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Стоун Эдриенн   АКШ ЮСАИД өнүктүрүү маселелери боюнча улук адиси       АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Брюшон Эмили Сьюзенн   АКШ АКШ Элчилигинин маалымат бөлүмүнүн директорунун орун басары     АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Харрингтон Мэри АКШ АКШ Элчилигинин саясий жана экономикалык бөлүмдөрүнүн директорунун орун басары       КМШ мамлекеттеринин Парламенттер Аралык Ассамблеясы Якубов Юлий Якубович Россия Федерациясы Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын депутатынын жардамчысы     Улуу Британиянын  Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Чарльз  Эдмунд Гаррет Улуу Британия Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси     Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Дженнифер Луиз Таскер Улуу Британия Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчисинин орун басары     Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Пол Энтони Роббинс Улуу Британия Портфолио менеджери     Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Рио Ашрафи Улуу Британия Программа менеджери     Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Дэвид Риннерт Германия Федеративдик Республикасы Өнүктүрүү иштери боюнча директордун орун басары     Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Эндрю Холтон Великобритания Аскер атташеси     Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Пол Берри Улуу Британия Аскер атташесинин жардамчысы     Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Ричард Хипкин Улуу Британия Административдик жардамчысы     Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы  Элчилиги Ульманн Марти Вероник Швейцария Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси       Россия Федерациясынын БШК Кинёв Александр Юрьевич Россия Федерациясы Россия Федерациясынын БШК мүчөсү       Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Рахимов Акмырт Течмурадович Түркмөнстан Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин атташеси     ТМКК Миссиясы Ферда Аккерман Түркия Түркиянын ТИМнин Элчиси     Афганистандын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Эршад Мохаммад Шафи Афганистан Ислам Республикасы Афганистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Экинчи катчысы     Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ Миссиясы) Крючек Сергей Иванович Россия Федерациясы Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты     ШКУ Миссиясы Архаров Юрий Викторович Россия Федерациясы Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Сенатору       ШКУ Миссиясы Куденеева Юлия Сергеевна Россия Федерациясы РФнын БШКнын Эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн кеңешчиси       ШКУ Миссиясы Лян Цян Кытай Эл Республикасы КЭРнын КРдагы Элчилигинин Экинчи катчысы     ШКУ Миссиясы Исокбоев Алишер Ахмаджонович Өзбекстан Республикасы Наманган Мамлекеттик университетинин проректору       ШКУ Миссиясы Расулов Орифджон Талбакович Тажикстан Республикасы Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Биринчи катчысы       Кыргыз Республикасындагы Улуттук Демократиялык институту Хюсени Дорарта Албания Республикасы   Кыргыз Республикасындагы Улуттук Демократиялык институтунун директорунун милдетин аткаруучусу     Кыргыз Республикасындагы Улуттук Демократиялык институту Шерил Отус Канада Кыргыз Республикасындагы Улуттук Демократиялык институтунун Улуу программалык менеджери Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2 жана 21-пункттарын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө» Жобонун 3.4 жана 3.5-пункттарын жетекчиликке алып кабыл алынды. БШК маалымат бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
30.09.2020

БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 30-сентябрындагы өз жыйналышында Жалал-Абад, Ноокат жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Жалал-Абад шаардык кеңеши – Орозбаев Нуртилек Орозбаевич (№9, «Ата-Журт» деп. фракциясы) – жеке арызы боюнча. Мандат жеке ишкер Маатжакыпов Жыргалбек Кимсановичке (№11, «Ата-Журт» деп. фракциясы) өткөрүп берилди. Ош облусу, Ноокат району, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши – Калдар уулу Муртаз – жеке арызы боюнча. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Бекташева Этибар Кадирбердиевнага өткөрүп берилди. Ош облусу, Өзгөн району, Ак-Жар айылдык кеңеши –Баймурзаев Сталбек Жаныбекович – жеке арызы боюнча. Мандат Өзгөн районунун профсоюздук комитетинин төрагасы Табалдыев Абдилазизге өткөрүп берилди. Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Жалал-Абад, Ноокат жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын чеечимдеринин негизинде кабыл алынган. КР БШК маалымат бөлүмү   
Кененирээк билүү >>
А.Т. Жапаров Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
30.09.2020

А.Т. Жапаров Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 30-сентябрындагы жыйналышында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжаларын бекитүү чечимин кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 7-сентябрындагы №205 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылы 25-сентябрда болуп өттү. Бостери айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жергиликтүү кеңештин депутаттары көрсөткөн 2 талапкер – Жапаров Айбек Тилекович менен Сопуев Курманбек Момунбаевич катталган. Добуш берүүдө А.Т. Жапаров 11 добуш, К.М. Сопуев 10 добуш алган, “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн добуш берилген эмес. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжасы боюнча арыз, даттануулар түшкөн эмес. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралу протоколдордун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык КР БШК Жапаров Айбек Тилековичти Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп таануу токтомун кабыл алды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 30-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
30.09.2020

2020–ж. 30-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 30-сентябрь 2020-ж.                                                                                               Убактысы: 19.00                                                                                               Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2020-жылдын 25-сентябрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун  Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуужана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Жалал-Абад, Ноокат жана өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө (баяндамачы – Уметалиев А.Т., Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы) 4. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу коммерциялык эмес уюмдардын билдирүүлөрү жөнүндө (баяндамачы –Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 5. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө  (баяндамачы –Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 6. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 7. “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 9. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесинен 3 талапкерди чыгарды
29.09.2020

БШК “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесинен 3 талапкерди чыгарды

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 29-сентябрындагы жыйналышында “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен төмөнкү адамдарды чыгаруу чечимин кабыл алды: Мусаев Люшер Лажаловичти; Мамытов Нурлан Мамбетжановичти; Абдысатаров Айтбек Абдысатаровичти. Чечим Мусаев Люшер Лажаловичти, Мамытов Нурлан Мамбетжановичти жана Абдысатаров Айтбек Абдысатаровичти талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын 2020-жылдын 29-сентябрындагы кат жүзүндөгү билдирүүсүнүн  негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК “Социал-демократтар” саясий партиясынын тизмесинен 4 талапкерди чыгарды
29.09.2020

БШК “Социал-демократтар” саясий партиясынын тизмесинен 4 талапкерди чыгарды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 29-сентябрындагы жыйналышында “Социал-демократтар” саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен төмөнкү адамдарды чыгаруу чечимин кабыл алды: Талиева Камилла Абдуразаковнаны; Маматбуваев Бахадир Сайдуллаевичти; Самиева Машхура Шавкатовнаны; Заитов Мамир Моминжановичти. Чечим Талиева Камилла Абдуразаковнаны, Маматбуваев Бахадир Сайдуллаевичти, Самиева Машхура Шавкатовнаны жана Заитов Мамир Моминжановичти талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө “Социал-демократтар” саясий партиясынын 2020-жылдын 28-сентябрындагы кат жүзүндөгү билдирүүсүнүн  негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
1 … 294 296 … 483