Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды
20.11.2025

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын каттады: - №21 шайлоо округу боюнча талапкер Арбышев Бейшен Тургунбаевичтин 19 ишенимдүү адамы; - №5 шайлоо округу боюнча талапкер Мурзажигит кызы Зареманын 9 ишенимдүү адамы; - №3 шайлоо округу боюнча талапкер Шамаев Акылбек Арапбаевичтин 7 ишенимдүү адамы; - №20 шайлоо округу боюнча талапкер Курманбекова Бермет Курманбековнанын 7 ишенимдүү адамы; - №17 шайлоо округу боюнча талапкер Азыгалиев Нурланбек Асанбековичтин бир ишенимдүү адамы; - №22 шайлоо округу боюнча талапкер Иманбек кызы Бактыгүлдүн бир ишенимдүү адамы; - №8 шайлоо округу боюнча талапкер Семетей кызы Айзиректин ишенимдүү адамы катары катталган Г.М.Арыкбаеванын каттоосу жокко чыгарылып, анын ордуна С.Абдыкерим уулу ишенимдүү адам катары катталды. Ошондой эле №25 шайлоо округу боюнча талапкер Шерикулова Минара Анарбековнанын ишенимдүү адамы катары катталган Н.Ж. Мазекованын каттоосу жокко чыгарлды. Ал эми №3 шайлоо округу боюнча талапкер Шамаев Акылбек Арапбаевичтин КР БШКдагы өкүлү катары Э.Ж. Абдырахманов катталды. Ишенимдүү адамдарга жана БШКдагы өкүлгө белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
20.11.2025

КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады: - №6 шайлоо округу боюнча талапкер Арзибаев Бекболот Осконбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Р.М. Токтосунов жана каржы боюнча А.Ж. Жумабеков; - №22 шайлоо округу боюнча талапкер Акунова Лиранын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.Н.Эркинбаевдин каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна К.А.Уркунбаевди шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 20-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
20.11.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 20-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 20-ноябры Убактысы: 15:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы     №6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Арзибаев Бекболот Осконбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылыпР.М. Токтосуновду жана А.Ж. Жумабековду каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) №22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Акунова Лиранын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) №21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерАрбышев Бейшен Тургунбаевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) №5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мурзажигит кызы Зареманын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) №3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Шамаев Акылбек Арапбаевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Курманбекова Бермет Курманбековнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Азыгалиев Нурланбек Асанбековичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Иманбек кызы Бактыгүлдүн ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Семетей кызы Айзиректин ишенимдүү адамы жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Шерикулова Минара Анарбековнанын ишенимдүү адамы жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) Э.Ж. Абдырахмановду №3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Шамаев Акылбек Арапбаевичтин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы өкүлү кылып каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) Кадыракунов Адилет Кубанычбековичтин шайлоо алдында үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Калпаев Бактыяр Алиевичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) “Жаш FM” ЖЧКнын шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматынын КР ЖК депутаттыгына талапкер Саккараев Медербек Жаманкуловичке карата материалдары жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
Кененирээк билүү >>
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер өлкө аймактарында шайлоочулар менен жолугушууда
19.11.2025

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер өлкө аймактарында шайлоочулар менен жолугушууда

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер өлкө аймактарын кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууларда өздөрүнүн программалары менен тааныштырууну улантууда. Депутат болуп шайланып калса, келечекте аткара турган иш пландарын кеңири айтып берип, шайлоочулардын суроолоруна жооп беришүүдө. 2025-жылдын 10-ноябрында башталган талапкерлердин аймак тургундары менен жолугушуулары 26-ноябрда аяктайт. Жолугушууларды «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте алдын ала бекитилген график боюнча уюштурушууда. 2025-жылдын 18-19-ноябрында жолугушуулар төмөнкү шаар, айылдарда өткөрүлдү: Баткен облусу боюнча – Баткен шаары, Лейлек районунун Сүлүктү шаары,  Баткен районунун Ак-Сай, Карабак жана Төртгүл айыл өкмөтү, Кадамжай районунун Исхак Полотхан, Майдан айыл өкмөтү; Ош облусу боюнча – Ош шаарынын Жибек Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгы, Ноокат районунун Ноокат шаары жана Гулистан, А. Мирмахмудов, Кара-Таш айыл өкмөтү, Араван районунун Достук, С.Юсупов, Керме-Тоо айыл өкмөтү, Өзгөн районунун Салам-Алик, Кара-Шоро айыл өкмөтү, Жалал-Абад облусу боюнча – Сузак районунун Барпы, Кызыл-Туу, Кыз-Көл, Көк-Арт айыл өкмөтү, Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаары жана Акман, Арстанбап-Ата, Кеңеш айыл өкмөтү, Токтогул районунун Таш-Көмүр шаары, Ноокен районунун Шамалды-Сай шаары, Бүргөндү-Достук айыл өкмөтү, Тогуз-Торо районунун Атай, Каргалык, Тогуз-Торо айыл өкмөтү; Чүй облусу боюнча - Панфилов районунун Кайынды шаары жана Фрунзе, Курама, Күрпүлдөк айыл өкмөтү, Аламүдүн районунун Арашан, Байтик-Баатыр, Достук, Абдыкерим Сыдыков айыл өкмөтү; Ысык-Көл облусу боюнча - Ак-Суу районунун Хан-Теңири, Алтын-Арашан айыл өкмөтү, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу, Оргочор айыл өкмөтү; Нарын облусу боюнча - Жумгал районунун Чаек, Мин-Куш айыл өкмөтү, Ат-Башы районунун Кара-Суу, Казыбек жана Баш-Кайыӊды айыл өкмөтү,  Бишкек шаарынын Ленин, Биринчи Май жана Октябрь райондору.  
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров чет өлкөдөгү диаспоралардын жана мекендештердин коомдук бирикмелеринин жетекчилери менен онлайн-жолугушуу өткөрдү
19.11.2025

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров чет өлкөдөгү диаспоралардын жана мекендештердин коомдук бирикмелеринин жетекчилери менен онлайн-жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 19-ноябрда өлкөдөн тышкары жашаган кыргыз диаспораларынын жана мекендештердин коомдук уюмдарынын жетекчилери менен онлайн-жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга Улуу Британия, Египет, Италия, Польша, Түштүк Корея Республикасы, Россия, АКШ, Түркия, Өзбекстан, Франция, Чехия, Швейцария жана Япония мамлекеттеринде жашап, иштеп жүргөн 40тан ашуун мекендештер катышты. Тынчтык Шайназаров шайлоо мыйзамдарындагы негизги жаңычылдыктар, аралыктан добуш берүүнүн өзгөчөлүктөрү, ошондой эле 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берди. БШК төрагасы билдиргендей, чет өлкөдө добуш берүү үчүн толук ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында чет мамлекеттерде уюштурулган шайлоо тилкелеринин саны көбөйтүлдү. Бүгүнкү күнгө карата чет өлкөдө 100 шайлоо участкасы ачылып, алардын санын көбөйтүү багытында иштер улантылууда. Жолугушуунун катышуучулары шайлоо мыйзамдарын колдонуу, чет өлкөлүк шайлоо тилкелеринин ишин уюштуруу, диаспора өкүлдөрүн шайлоо процесстерине тартуу боюнча маселелерге кызыгуу менен кайрылышты. Ошондой эле шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү, түшүндүрүү иштерин күчөтүү, жарандарды шайлоо процесси жана талапкерлер тууралуу маалымдоо жаатында өз сунуштарын айтышты. КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров бардык суроолорго кеңири жана толук жооп берип, мекендештерге алардын жигердүү жарандык позициясы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошону менен бирге, чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктарды активдүү түрдө добуш берүүгө жана алдыдагы шайлоолор тууралуу башка мекендештерди да маалымдоого көмөк көрсөтүүгө чакырды.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 81 эл аралык байкоочуну аккредитациялады
19.11.2025

КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 81 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 19-ноябрда 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 81 эл аралык байкоочуну аккредитациялады. БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү аккредитацияланды: - Монголиянын Башкы шайлоо комиссиясынын; - Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын; - Венесуэла Боливариандык Республикасынын Улуттук шайлоо органынын; - Индонезиянын Шайлоо комиссиясынын; - Россия Федерациясынын Коомдук палатасынын; - Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Байкоочулар миссиясынын; - Түрк Мамлекеттеринин Уюмунун; - Шанхай Кызматташтык Уюмунун өкүлдөрү. Бүгүнкү күнгө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого жалпысынан 378 эл аралык байкоочулар аккредитацияланды.
Кененирээк билүү >>
Казакстандын Атырау шаарындагы шайлоо участогунун дареги өзгөрдү
19.11.2025

Казакстандын Атырау шаарындагы шайлоо участогунун дареги өзгөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 19-ноябрда Казакстан Республикасынын Атырау облусунун Атырау шаарындагы № 9063 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө маселени карап, тиешелүү токтом кабыл алды. Токтомго ылайык, Казакстандын Атырау облусунун Атырау шаарындагы Б. Кулманов көчөсү, 129 дарегинде жайгашкан Казакстан элдеринин ассамблеясынын Достук үйүндө орун алган № 9063 шайлоо участогунун дареги Шайхы Абышев көчөсү, 97А дарегинде жайгашкан Маданият үйүнүн имаратына өзгөртүлдү. Казакстандын Атырау облусундагы шайлоочулар арасында шайлоо участогунун дареги өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин КР Тышкы иштер министрлиги № 24 округдук шайлоо комиссиясы менен биргеликте жүргүзөт.
Кененирээк билүү >>
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 21 мекемесинин базасында (тергөө изолятору) аралыктан добуш берүү шайлоо участогу түзүлдү
19.11.2025

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 21 мекемесинин базасында (тергөө изолятору) аралыктан добуш берүү шайлоо участогу түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы КР Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 21 мекемесинин базасында 2025-жылдын 30-ноябрында мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоодо аралыктан добуш берүү үчүн шайлоо участогун түздү. Мындай чечимди КР БШКсы бүгүн, 19-ноябрда өзүнүн жыйынында кабыл алды. Бишкек шаарындагы Геология чолок көчөсү, 2а дарегинде жайгашкан бул шайлоо участогу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 21 мекемесинин сунушун эске алуу менен, жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү максатында түзүлдү. Тиешелүү округдук шайлоо комиссиясына аралыктан добуш берүү боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын курамын түзүп, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 21 мекемеси менен биргеликте шайлоочулар арасында аралыктан добуш берүү боюнча жаңы түзүлгөн шайлоо участогу жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 21 мекемеси шайлоо комиссиясын жайгаштыруу үчүн жайды бөлүп берүүгө, аны үзгүлтүксүз электр энергиясы, байланыш каражаттары, материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылууга көмөк көрсөтөт.
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды
19.11.2025

КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 19-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын каттады: - № 7 шайлоо округу боюнча талапкер Козуев Алишер Абибиллаевичтин 6 ишенимдүү адамы; - № 11 шайлоо округу боюнча талапкер Калбердиева Мавлюда Калмаматовнанын 13 ишенимдүү адамы; - № 1 шайлоо округу боюнча талапкер Набиева Асель Бурхановнанын 16 ишенимдүү адамы; - № 11 шайлоо округу боюнча талапкер Камчибекова Нуржамал Матисаковнанын 20 ишенимдүү адамы; - № 17 шайлоо округу боюнча талапкер Узакбаев Улукбек Камчибековичтин 2 ишенимдүү адамы; - № 25 шайлоо округу боюнча талапкер Карабаева Канымбу Исираиловнанын 13 ишенимдүү адамы; - № 19 шайлоо округу боюнча талапкер Акматов Сталбек Темирбековичтин 4 ишенимдүү адамы; - № 21 шайлоо округу боюнча талапкер Садырбаева Жылдыз Эсенбековнанын 5 ишенимдүү адамы; - № 22 шайлоо округу боюнча талапкер Ибрагимов Болот Адылбековичтин 46 ишенимдүү адамы. Ишенимдүү адамдарга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
19.11.2025

КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 19-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тууралуу маселени карап, төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алды: - № 5 шайлоо округу боюнча талапкер Исаева Гүлназ Назарбаевнанын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Акимованын, каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.Э. Солпуеванын каттоолорун жокко чыгарып, алардын ордуна Э.Н.Исаевди - шайлоо боюнча, Н.А. Жуманазарованы - каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады; - №24 шайлоо округу боюнча талапкер Исаева Майрамкуль Тургуновнанын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Э.Султанбекованын, каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Ж Имашовдун каттоолорун жокко чыгарды. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 19-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
19.11.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 19-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 19-ноябры Убактысы: 15:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Исаева Гулназ Назарбаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) №24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Исаева Майрамкуль Тургуновнанын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Козуев Алишер Абибиллаевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Калбердиева Мавлюда Калмаматовнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Набиева Асель Бурхановнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Камчибекова Нуржамал Матисаковнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Узакбаев Улукбек Камчибековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Карабаева Канымбу Исираиловнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Акматов Сталбек Темирбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Садырбаева Жылдыз Эсенбековнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ибрагимов Болот Адылбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 21 мекемесинде аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участкасын түзүү жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) Казакстан Республикасынын Атырау облусундагы Атырау шаарындагы Казакстан элдеринин ассамблеясынын Достук үйү № 9063 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө 14.2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө (баяндамачы – Турсунбаева Н.З., эл аралык кызматташуу жана шайлоо процессин катышуучулары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти) 15. Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (баяндамачы – Акимбаев А. Ж., маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы эки талапкерге жана бир жаранга айып пул салды
18.11.2025

КР БШКсы эки талапкерге жана бир жаранга айып пул салды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы жөнүндө маселени карады. Whatsap мессенджеринде таратылган фотоматериалдарга ылайык, Бишкек шаарындагы үйлөрдүн короолорундагы дарактарга № 20 округдан талапкер Темирлан Айтиевдин үгүт баннерлери илинип турганы аныкталган. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 27-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, үгүт материалдарын жайгаштыруу максатында жашыл өсүмдүктөрдү, бак-дарактарды, тоонун боорлорун жана чокуларын, адырларды, башка табигый дөңсөөлөрдү кандай түрдө болбосун пайдаланууга жол берилбейт. № 30 шайлоо округунан талапкер Мөндүрбаева Ырысбүбү Муканбетовнанын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды камтыган билдирүүлөрдү Facebook социалдык тармагында жаран Сатыбалдиева Мухара Асанбаевна калтырган. Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйынында М.Сатыбалдиева билдирүүнү жазгандыгын тастыктаган. Ал эми талапкер И.Кубанычбековдун үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү маалымдаган. Ага ылайык, 2025-жылдын 14-ноябрында Ош облусунун Кара-Суу шаарында тиешелүү келишим түзүлбөстөн жеке турак үйлөрдүн биринин дубалына талапкердин үгүт баннерлери илингендиги аныкталган. Жумушчу топ талапкерлер И.Кубанычбековго жана Т.Айтиевге карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган. Ал эми М.Сатыбалдиевага карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган. КР БШКсы Жумушчу топтун сунушунун негизинде, № 20 шайлоо округунан талапкер Айтиев Темирлан Тынычбековичке, № 7 шайлоо округунан талапкер Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичке, КР жараны Сатыбалдиева Мухара Асанбаевнага айып пул салуу милдетин КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүктөдү.
Кененирээк билүү >>
№ 21, 22, 23, 24 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
18.11.2025

№ 21, 22, 23, 24 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында бүгүн, 18-ноябрда № 21, 22, 23, 24 округдук шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселе каралып, тиешелүү чечим кабыл алынды. - № 21 округдук шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Э.Р. Карачалов чыгарылып, комиссиянын курамына А.Б. Абдыгулов, Ж.У. Ибрагимов, М.К. Канатов киргизилди; - № 22 округдук шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык А.У. Уланбекова чыгарылып, комиссиянын курамына Э.Р. Карачалов, А.К. Исакова киргизилди; - № 23 округдук шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Ч.А. Сыдыгалиева, С.И. Каракозиева, Ж.Д. Осмоналиева, Ж.К. Жумалиева, Э.М. Келешев, М.Р. Босумбаев, А.О.Эгембердиева, А.О. Абдысадыкова, Г.К. Исмаилова, А.Э. Шакирова, Ж.У. Ибрагимов, М.К. Канатов чыгарылып, комиссиянын курамына В.М.Богер, А.М. Мамбеталиев, В.А. Кан, Б.Н. Ташбаев, Р. Болотбек уулу, Г.О. Сулайманова, Г.Т. Абакова, И.А. Байназаров, Д.М. Абыкеев киргизилди; - № 24 округдук шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык А.Б. Абдыгулов, А.К. Исакова чыгарылып, комиссиянын курамына А.Э. Шакирова киргизилди.
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резерви толукталды
18.11.2025

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резерви толукталды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 18-ноябрда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө токтом кабыл алды. Токтомго ылайык, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине: - “Калк ынтымагы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн М.Р. Сарымсакова; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан В.М.Богер, А.М.Мамбеталиев, В.А.Кан, Б.Н.Ташбаев, Р.Болотбек уулу, Г.О.Сулайманова, Г.Т.Абакова, И.А.Байназаров жана Д.М.Абыкеев киргизилди.
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы шайлоо участкасынын дареги өзгөрдү
18.11.2025

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы шайлоо участкасынын дареги өзгөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 18-ноябрда “Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагынын Ак-Чий айылындагы № 3101 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө” токтом кабыл алды. Ага ылайык, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагынын Ак-Чий айылында Жеңиш көчөсү, 22А дарегиндеги мурунку айыл өкмөтүнүн имаратында жайгашкан № 3101 шайлоо участогунун дареги Жеңиш көчөсү, 16 дарегинде жайгашкан Ж. Ракымов атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлдү. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясына Хан-Теңири айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участогунун дареги өзгөргөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды
18.11.2025

КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын каттады: - № 5 шайлоо округу боюнча талапкер Мурзажигит кызы Зареманын 18 ишенимдүү адамы; - № 22 шайлоо округу боюнча талапкер Кожокулова Гуля Акматовнанын 2 ишенимдүү адамы; - № 21 шайлоо округу боюнча талапкер Сатынбаев Динмухамет Доктурбековичтин 3 ишенимдүү адамы; - № 24 шайлоо округу боюнча талапкер Карыбек уулу Улукбектин 4 ишенимдүү адамы; - № 19 шайлоо округу боюнча талапкер Акимжанова Рысгул Абдыманаповнанын бир ишенимдүү адамы; - № 10 шайлоо округу боюнча талапкер Эсенбай уулу Талантбектин 29 ишенимдүү адамы; - № 24 шайлоо округу боюнча талапкер Токторбаева Кыял Айтбековнанын 15 ишенимдүү адамы. Ишенимдүү адамдарга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.
Кененирээк билүү >>
1 27 29 482