Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШКнын 2025-жылдын 18-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
18.11.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 18-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 18-ноябры Убактысы: 15:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   №5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мурзажигит кызы Зареманын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кожокулова Гуля Акматкуловнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сатынбаев Динмухамбет Доктурбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Карыбек уулу Улукбектин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Акимжанова Рысгул Абдыманаповнанын ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эсенбай уулу Таланатбектин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Токторбаева Кыял Айтбековнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагынын Ак-Чий айылындагы № 3101 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө (баяндамачы – Исаев Э.А., Шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы) № 21, 22, 23, 24 округдук шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Исаев Э.А., Шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы) № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Айтиев Темирлан Тынычбековичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) Сатыбалдиева Мухара Асанбаевнанын № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мөндүрбаева Ырысбүбү Муканбетовнанын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды камтыган жарыялоолорду тараткандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
Кененирээк билүү >>
Шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары уланууда
17.11.2025

Шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары уланууда

Шайлоо округдарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары уланууда. Жолугушууларда талапкерлер өздөрүнүн программалары тууралуу айтып берип, шайлоочулардын суроолоруна жооп беришүүдө. Шайлоочулар талапкерлердин программасына байланыштуу гана суроолор менен чектелбей, өз айыл, шаарларындагы социалдык-экономикалык маселелерди козгошуп, талапкерлердин аймактарды өнүктүрүүгө багытталган мыйзам демилгелерине да кызыгышууда. Талапкерлердин өлкө аймактарынын жашоочулары менен жолугушуулары 2025-жылдын 26-ноябрына чейин уланат. Жолугушууларды «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте алдын ала бекитилген график боюнча 2025-жылдын 10-ноябрынан баштап уюштурушууда. 2025-жылдын 16-17-ноябында жолугушуулар төмөнкү шаар, айылдарда өткөрүлдү: Баткен облусу боюнча – Лейлек районунун Раззаков шаары, Тогуз-Булак жана Лейлек айыл өкмөтү, Кадамжай районунун Кызыл-Кыя шаары жана Ак-Турпак, Молдо Нияз айыл өкмөтү; Ош облусу боюнча – Ноокат районунун Бел, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү, Араван районунун Чек-Абад, Дөбө-Коргон айыл өкмөтү, Ош шаарынын Манас Ата муниципалдык аймактык башкармалыгы, Кара-Суу районунун Жоош, Отуз-Адыр, Мады, Баш-Булак, Датка айыл өкмөтү жана Кара-Суу шаары, Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтү, Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айыл өкмөтү; Жалал-Абад облусу боюнча – Сузак районунун Кара-Дарыя, С. Атабеков айыл өкмөтү, Ноокен районунун Кочкор-Ата жана Майлуу-Суу шаарлары, Момбеков айыл өкмөтү, Токтогул районунун Кара-Көл шаары, Аксы районунун Ак-Суу, Үч-Коргон жана Кош-Дөбө айыл өкмөтү; Чүй облусу боюнча – Аламүдүн районунун Таш-Мойнок, Кара-Жыгач айыл өкмөтү, Ысык-Ата районунун Кант шаары жана Ысык-Ата айыл өкмөтү, Чүй районунун С.Ибраимов, Бурана айыл өкмөтү; Ысык-Көл облусу боюнча – Түп районунун Ысык-Көл айыл өкмөтү, Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл өкмөтү, Тоң районунун Барскоон, Жаргылчак айыл өкмөтү; Нарын облусу боюнча - Жумгал районунун Жумгал, Куйручук-Кызарт, Түгөл-Сай жана Байзак айыл өкмөтү, Нарын районунун Учкун айыл өкмөтү, Ат-Башы районунун Ат-Башы жана Ак-Моюн айыл өкмөтү; Бишкек шаарынын Ленин, Октябрь жана Свердлов райондору.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы өлкө аймактарында участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууда
17.11.2025

КР БШКсы өлкө аймактарында участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууда

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы республиканын облустарында участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууда. Окутуунун алкагында шайлоо мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү, участкалык шайлоо комиссияларынын укуктары жана алардын иштөө принциптери түшүндүрүлөт. Мындан тышкары, шайлоо процессин уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча, атап айтканда, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоочу протоколдорду толтуруу жаатында кеңири маалымат берилет. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууга шайлоо боюнча тренерлер тартылган.  
Кененирээк билүү >>
Шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузуу боюнча талапкерлер Н.Койчумановага, Ж. Салымбековго жана К.Эргешовго айып пул салынды
17.11.2025

Шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузуу боюнча талапкерлер Н.Койчумановага, Ж. Салымбековго жана К.Эргешовго айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө маселени карап, тиешелүү чечимдерди кабыл алды. Маселени БШКнын кароосуна Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ киргизген. Натыйжада, үгүт шарттарын бузгандыгы үчүн айып пул № 12 шайлоо округу боюнча талапкер Койчуманова Нуркан Кадыровнага, № 24 шайлоо округу боюнча талапкер Салымбеков Жумабек Мамытбаевичке жана № 24 шайлоо округу боюнча талапкер Эргешов Казыбек Кочкоровичке салынды. Жумушчу топтун социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүсүнүн натыйжасында, Facebook социалдык тармагындагы № 12 шайлоо округунан талапкер Н.Койчуманованын баракчасында жарыяланган фотоматериалдарга ылайык, талапкердин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы аныкталган. Ал эми Whatsapp мессенджери аркылуу жөнөтүлгөн фотоматериалдарга ылайык, № 24 шайлоо округунан талапкер Ж.Салымбековдун шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы аныкталган. Ага ылайык, 2025-жылдын 8-ноябрында Ж.Салымбековдун үгүт баннери спорткомплексте илинип турганы маалым болгон. Ал эми № 24 шайлоо округунан талапкер Эргешов Казыбек Кочкоровичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу материалдар КР БШКга Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн келип түшкөн. Ага ылайык, талапкердин ишенимдүү адамы Н.Жумабеков Whatsapp группасында талапкер К.Эргешов үчүн шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү шарттарын бузган маалымат таратып жаткандыгы аныкталды. Жумушчу топтун жыйынында талапкердин ишенимдүү адамы Н.Жумабеков Ала-Арча айылынын тургундары үчүн Whatsapp группасында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты К.Эргешовдун демилгеси менен Бишкек мэриясы балдар аянтчасын реконструкциялап, жарыктандырып, ошондой эле канализациялык түтүктөрдү төшөгөнү тууралуу маалымат таратканын тастыктады. Анын айтымында, ал шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузуп жатканын билген эмес, кийинчерээк ал группадагы аудио билдирүүнү өчүргөн. Жумушчу топ талапкерлер Н. Койчумановага, Ж.Салымбековго жана К.Эргешовго карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган. КР БШКсы Жумушчу топтун чечиминин негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине, № 12 шайлоо округу боюнча талапкер Койчуманова Нуркан Кадыровнага жана № 24 шайлоо округу боюнча талапкер Салымбеков Жумабек Мамытбаевичке “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 22-23-беренелерине, ал эми № 24 шайлоо округу боюнча талапкер Эргешов Казыбек Кочкоровичке ушул мыйзамдын 22-беренесине ылайык, административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салуу милдетин КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүктөдү.
Кененирээк билүү >>
Талапкер Э.Сейтказиеванын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды тараткан жаранга айып пул салынды
17.11.2025

Талапкер Э.Сейтказиеванын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды тараткан жаранга айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 17-ноябрда № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Сейтказиева Эркеайым Алымовнанын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды камтыган жарыялоолорду тараткандыгы жөнүндө маселени карады. КР БШКнын кароосуна бул маселени шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ киргизген. Жумушчу топтун социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүсүнүн натыйжасында, Instagram социалдык тармагындагы «ukuk_official» тобунда жарыяланган видеоматериалдарга ылайык, Таалай Ашканбаев аттуу колдонуучу № 25 шайлоо округунан талапкер Э.Сейтказиеванын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды тараткандыгы аныкталган. Т.Ашканбаев Жумушчу топтун жыйынында Э.Сейтказиева Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп турганда мыйзамсыз токтомдорду чыгарганын айтты. Анын айтымында, ал укук коргоо органдарына чыгарылган токтомдордун мыйзамдуулугун карап берүү өтүнүчү менен кайрылган, бирок чыгарылган токтомдордун мыйзамсыздыгы жөнүндө чечимдер жок. Жумушчу топ Ашканбаев Таалай Таабалдиевичке карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган. КР БШКсы Жумушчу топтун чечиминин негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 22, 47-беренелерине, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66, 451, 455-беренелерине ылайык, КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына Т.Т.Ашканбаевге административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдетин жүктөдү.
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды
17.11.2025

КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын каттады: - № 17 шайлоо округу боюнча талапкер Азыгалиев Нурланбек Асанбековичтин 9 ишенимдүү адамы; - № 15 шайлоо округу боюнча талапкер Турсунбаев Азизбек Атакозуевичтин 24 ишенимдүү адамы. Ишенимдүү адамдарга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 17-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
17.11.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 17-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 17 - ноябры Убактысы: 16.00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Азыгалиев Нурланбек Асанбековичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турсунбаев Азизбек Атакозуевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) Ашканбаев Таалай Таабалдиевичтин № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сейтказиева Эркеайым Алымовнанын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды камтыган жарыялоолорду тараткандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.) 4. № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Койчуманова Нуркан Кадыровнанын шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.) 5. № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Салымбеков Жумабек Мамытбаевичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.) 6. № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эргешов Казыбек Кочкоровичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.)
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16.11.2025

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-ноябрда, Лейлек, Токтогул, Ош, Ноокат жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. - Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаардык кеңешинин депутаты Якубжонов Жавлонбек Абдикаимовичтин (“Милдет” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Илашов Сохибжон Ахматовичке («Милдет» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; - Лейлек районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Хамракулов Обиджон Жабаркуловичтин каза болгондугуна байланыштуу, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сулейманов Файзулло Хабибуллаевичке өткөрүлүп берилди; - Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Дүйшеналиев Болотбек Согушбековичтин («Эркин Эл»  депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Тургунов Эрлан Эстебезовичке («Эркин Эл» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; - Ош облусунун Ош шаардык кеңешинин депутаты Жоробаев Жоомарт Тойчиевичтин  (“Бир бол) ыйгарым укугу токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Алимов Козимжон Насировичке («Бир Бол» саясий партиясы) берилди; - Ош облусунун Ноокат районунун А. Мирмахмудов айылдык кеңешинин депутаты  Абдувахидинов Кадиржан Шакировичтин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Колдошов Абдумутал Ташболтаевичке өткөрүлүп берилди; - Ош облусунун Ноокат районунун Т.Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Хамзаев Авазбек Мураталиевичтин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкеримов Үсөн Аскарбековичке өткөрүлүп берилди; - Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты  Айтыкулов Урмат Калыбековичтин («Жаңы Кыргызстан» депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Пеньков Александр Николаевичке (“Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы, Сузак жана Ноокен райондорундагы айрым шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
16.11.2025

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы, Сузак жана Ноокен райондорундагы айрым шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-ноябрда «Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы, Сузак жана Ноокен райондорундагы айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү жөнүндө” токтом кабыл алды. Төмөнкү шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү: - Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын № 2211 шайлоо участогу З.Кутманова көчөсү, 20 дарегинде жайгашкан Ю. Гагарин атындагы № 4 орто мектебинен З. Кутманова көчөсү, 19 дарегинде жайгашкан № 5 “Рахат” бала бакчанын имаратына өзгөртүлдү; - Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ айылындагы № 2216 шайлоо участоктун дареги Карл Маркс көчөсү, 11 дарегинде жайгашкан № 3 орто мектебинен Сары-Бээ айылындагы Клубная көчөсү, 8 дарегинде жайгашкан № 5 “Гаухар” бала бакчасынын имаратына өзгөртүлдү; - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Төш айылындагы Тагаев көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан № 68 Т.Сартбаев орто мектебиндеги № 2001 шайлоо участкасынын дареги Төш айылындагы Төш көчөсү, 137 дарегинде жайгашкан Ак-Сай атындагы № 92 жалпы билим берүү мектебине өзгөртүлдү; - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Жаңгак айылындагы Султанов көчөсү, 22 дарегинде жайгашкан Б.Төрөгелдиев атындагы мектебиндеги № 2414 шайлоо участкасынын дареги Жалгыз-Жаңгак айылындагы Р.Санатбаев көчөсүндө жайгашкан С. Казакбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү; - Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл аймагындагы Достук айылындагы Абдувахапов көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан Достук маданият үйүнүн имаратындагы № 2203 шайлоо участогу Достук айылындагы Токтогул көчөсү, 19 дарегинде жайгашкан № 21 Фуркат атындагы орто мектептин жаңы имаратына өзгөртүлдү; - Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Д. Садырбаев айыл аймагынын Масы айылындагы Турдумбетов көчөсү, 50/1 дарегиндеги Ж.Бөкөнбаев атындагы № 1 орто мектебинин имаратында жайгашкан № 2170 шайлоо участогу Масы айылындагы И.Турдумбетов көчөсү, № 55а дарегинде жайгашкан Масы спорт мектебинин имаратына өзгөртүлдү. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясына Майлуу-Суу шаарынын мэриясы, Сузак аймактык шайлоо комиссиясына Кара-Дарыя жана Көк-Арт айыл өкмөттөрү, Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына Бүргөндү-Достук жана Д. Садырбаев айыл өкмөттөрү менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участокторунун даректери өзгөргөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды
16.11.2025

КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын каттады: - №10 шайлоо округу боюнча талапкер Ормонов Улугбек Зулпукаровичтин бир ишенимдүү адамы; - №30 шайлоо округу боюнча талапкер Абдыкаров Адылбек Бейшембаевичтин 4 ишенимдүү адамы; - №23 шайлоо округу боюнча талапкер Исатбек кызы Аиданын бир ишенимдүү адамы; - №22 шайлоо округу боюнча талапкер Абдыкадыров Эмилбек Мырзакуловичтин 2 ишенимдүү адамы; - №20 шайлоо округу боюнча талапкер Алымбеков Максат Джумакадыровичтин бир ишенимдүү адамы; - №24 шайлоо округу боюнча талапкер Акимбаева Гульнара Орозбековнанын 6 ишенимдүү адамды; - №23 шайлоо округу боюнча талапкер Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин 2 ишенимдүү адамы; - №18 шайлоо округу боюнча талапкер Чомоев Бакыт Муратбековичтин 2 ишенимдүү адамы; - № 17 шайлоо округу боюнча талапкер Эсенаманова Чолпон Замирбековнанын 2 ишенимдүү адамы; - № 30 шайлоо округу боюнча талапкер Сыдыков Мурадил Жанышбековичтин 20 ишенимдүү адамы; - № 19 шайлоо округу боюнча талапкер Алиев Медербек Кубанычевичтин 7 ишенимдүү адамы; - № 8 шайлоо округу боюнча талапкер Мамырова Бөдөш Аманбаевнанын 19 ишенимдүү адамы. Ишенимдүү адамдарга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
16.11.2025

КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тууралуу маселени карап, төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алды: -№22 шайлоо округу боюнча талапкер Абдрахманов Сагынбек Уметалиевичтин каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кылып А.Т. Козукееваны каттады; -№12 шайлоо округу боюнча талапкер Масабиров Талайбек Айтмаматовичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Буркановдун каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна Э.М.Абдырахмановду шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады; -№28 шайлоо округу боюнча талапкер Абдымамбетова Мунара Байсымаковнанын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү К.Ш. Асаналиеванын каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна С.С.Осконбаевди шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады. Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы № 17 шайлоо округунан талапкер Б. Бообековдун каттоосун жокко чыгарды
16.11.2025

КР БШКсы № 17 шайлоо округунан талапкер Б. Бообековдун каттоосун жокко чыгарды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-ноябрда № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бообеков Бахтияр Таласовичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын карап, анын каттоосун жокко чыгарды. Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы менен талапкер Б.Бообеков КР БШКга 2025-жылдын 15-ноябрында кайрылган.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 16-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
16.11.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 16-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 16-ноябры Убактысы: 12:00  Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы     № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бообеков Бахтияр Таласовичтин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө  (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдрахманов Сагынбек Уметалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) №12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Масабиров Талайбек Айтмаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) №28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдымамбетова Мунара Байсымаковнанын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ормонов Улугбек Зулпукаровичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдыкаров Адылбек Бейшембаевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Исатбек кызы Аиданын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдыкаров Эмилбек Мырзакуловичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алымбеков Максат Джумакадыровичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Акимбаева Гульнара Орозбековнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Чомоев Бакыт Муратбекочтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эсенаманова Чолпон Замирбековнанын ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сыдыков Мурадил Жанышбековичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алиев Медербек Кубанычевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө  (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мамырова Бөдөш Аманбаевнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) Лейлек, Токтогул, Ош, Ноокат жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы, Сузак жана Ноокен райондорундагы айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү жөнүндө  (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө окутуу өткөрдү
15.11.2025

КР БШКсы аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө окутуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 15-ноябрда аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана тренерлер үчүн окутуу өткөрдү. Республиканын аймактары үчүн окутуу онлайн форматта, ал эми Бишкек шаары жана Чүй облусу үчүн офлайн форматта жүргүзүлдү. Окутуу шайлоо процессинин негизги маселелери боюнча, 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоолордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен болууда. Тактап айтканда, окутуунун программасы төмөнкү багыттарды камтыды: -Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоонун өзгөчөлүктөрү жана аралыктан добуш берүү тартиби; -Округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын иштөө принциптери жана ыйгарым укуктары. БШКнын жумушчу топтору менен өз ара аракеттенүү тартиби; - Жогорку Кеңештин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоодо аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тартиби. Окутуу тажрыйба жана билим алмашуу, суроо-жооп форматында болуп, мурдагы шайлоо кампанияларынан мисалдар менен коштолууда. Мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоолорду уюштурууга жана өткөрүүгө аймактык шайлоо комиссияларынын 437 мүчөлөрү катышат. Республика боюнча добуш берүү үчүн 2492 шайлоо участогу ачылган. 2025-жылдын 17-ноябрынан 24-ноябрына чейин бардык участкалык шайлоо комиссияларынын 24 995 мүчөсү жана 30 аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн окутуу өткөрүлөт.  
Кененирээк билүү >>
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер шайлоочуларды өз программалары менен тааныштырууда
15.11.2025

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер шайлоочуларды өз программалары менен тааныштырууда

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер өлкө аймактарында шайлоочулар менен жолугушуларды өткөрүп, өз программалары менен тааныштырууда. Жолугушууларда  программаларды талкуулоо менен бирге, аймактарды өнүктүрүү багытындагы мыйзам демилгелери боюнча суроо-жооп форматында ой-пикир алмашуу болууда. Жолугушууларды «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте алдын ала бекитилген графикке ылайык уюштурушууда. Мында бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүү – негизги талап. Талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары 2025-жылдын 10-ноябрынан 26-ноябрына чейин уланат. 2025-жылдын 14-15-ноябында жолугушуулар төмөнкү шаар, айылдарда өткөрүлдү: Баткен облусу боюнча – Лейлек районунун Кен-Талаа, Ак-Суу жана Сумбула айыл өкмөтү; Ош облусу боюнча – Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтү, Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтү, Ош шаары (№ 2, № 3, Курманжан Датка муниципалдык аймактык башкармалыгы), Алай районунун Тилектеш, Курманжан Датка, Жаңы-Алай жана Гүлчө айыл өкмөтү, Кара-Суу районунун Ынтымак, Савай, Ала-Тоо жана Манас айыл өкмөтү, Өзгөн районунун Ийри-Суу, Жазы айыл өкмөтү, Кара-Кулжа районунун Карагуз айыл өкмөтү; Жалал-Абад облусу боюнча – Сузак районунун Багыш айыл өкмөтү, Токтогул районунун Сары-Камыш, Толук айыл өкмөтү, Аксы районунун Ак-Жол, Кара-Камыш жана Сары-Челек айыл өкмөтү, Ноокен районунун Д.Садырбаев, Э.Алиев айыл өкмөтү; Талас облусу боюнча – Айтматов районунун Аманбаев, Шекер айыл өкмөтү, Талас районунун Шумкар-Уя, Каракол айыл өкмөтү; Манас районунун Семетей, Үч-Коргон жана Кыргызстан айыл өкмөтү; Чүй облусу боюнча - Сокулук районунун Сокулук, Сары-Өзөн, Төмөнкү-Чүй, Жаңы-Жер, Кайназарова жана Шопоков айыл өкмөтү, Ысык-Ата районунун Сын-Таш, Нурманбет, Узун-Кыр жана Жайылма айыл өкмөтү, Чүй районунун Токмок шаары жана Чүй, Биримдик, Онбир-Жылга айыл өкмөтү; Ысык-Көл облусу боюнча – Түп районунун Түп, Карасаев айыл өкмөтү; Нарын облусу боюнча – Кочкор районунун Чолпон, Кара-Суу жана Сары-Булак айыл өкмөтү, Нарын районунун Миӊ-Булак, Э.Дайракунов, Жан-Булак жана Эмгек-Талаа айыл өкмөтү; Бишкек шаарынын Ленин, Октябрь, Свердлов райондору, МТУ-106, МТУ-103.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен онлайн-жолугушуу өткөрдү
14.11.2025

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен онлайн-жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 14-ноябрда Россия Федерациясындагы кыргызстандыктардын кызыкчылыктарын коргогон кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, коомдук бирикмелердин жетекчилери жана жарандык активисттер менен онлайн-жолугушуу өткөрдү. Талкууга Россиянын Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Красноярск, Новосибирск, Челябинск, Тюмень, Пермь, Иркутск, Улан-Удэ, Владивосток, Казань, Краснодар, Воронеж, Нижний Новгород, Сургут, Балашиха, Видное, Красногорск, Лобня, Петропавловск-Камчатский, Благовещенск, Самара, Тула, Томск, Мурманск, Набережные Челны жана башка шаарларынан 40ка жакын адам катышты. Тынчтык Шайназаров 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле жаңы киргизилген аралыктан добуш берүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берди. «Биз өлкө аймагынан тышкары жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатабыз. Алгачкы жолу аралыктан добуш берүү механизми колдонулат. Мекендештерибиз үчүн консулдук каттоого туруунун зарылдыгы жок - tizme.gov.kg сайтынан өзүн шайлоочулардын тизмесинен текшерип, паспорт же “Түндүк” тиркемеси менен шайлоого келсе жетиштүү», – деп баса белгиледи ал. Талкуу эки саатка жакын созулуп, ага мекендештер активдүү катышып, чет өлкөдөгү шайлоо комиссиялардын иши, аралыктан добуш берүүнүн өзгөчөлүктөрү, талапкерлер жана алардын программалары, Москвада жана Россиянын башка аймактарында жаңы шайлоо участокторун ачуу мүмкүнчүлүгү, добуш берүү тартиби жана шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларын алдын алуу боюнча суроолорду беришти. Тынчтык Шайназаров катышуучулардын ар бир суроосуна кенен жана так жооп берип, дипломатиялык өкүлчүлүктөргө жөнөтүлгөн бардык кайрылуулар оперативдүү тартипте караларын белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар tizme.gov.kg сайтынан өздөрү тууралуу маалыматтарды текшерип, добуш берүүгө катыша ала турганына ынанышты. Жолугушуунун аягында Тынчтык Шайназаров кыргызстандык жаран кайда болбосун, ар биринин добушу өлкө үчүн маанилүү экенин баса белгиледи. КР БШКсы чет өлкөдөгү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууда болушунча ыңгайлуу, ачык жана жеткиликтүү шарттарды түзүүнү улантат. Бүгүнкү күндө чет өлкөдө 100 шайлоо участкасы ачылган, анын 40ы Россия Федерациясында.
Кененирээк билүү >>
1 28 30 482