Башкы Жаңылыктар Саат 18:00гө карата шайлоого катышуу 31 % түздү

Саат 18:00гө карата шайлоого катышуу 31 % түздү

30-Ноя, 2025

Саат 18:00гө карата  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 1 330 602  шайлоочу добуш берди, бул тизмеге кирген жалпы шайлоочулардын 31 %ын түздү.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.

КР БШК төрагасы саат 18.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө катышуу көрсөткүчү 40 %ды түзгөн округдарды атады.

Алар: № 4, 10, 13 жана 30 шайлоо округдары. Ал эми шайлоочулардын активдүүлүгү төмөн округдар – Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы округдар, мында көрсөткүч орто эсеп менен 25-26 %дын деңгээлинде.

Бүгүн аралыктан добуш берүүнүн колдонулуп жаткандыгын жана чет өлкөлөрдөгү участоктор Бишкек убактысынан кеч жабыла тургандыгын эске алган төрага шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусунун көрсөткүчү көбөйөт деген ишенимин билдирди.

Төрага бүгүнкү күндүн 18.00гө болгон катышуу менен 2021-жылдагы парламенттик шайлоодогу катышуу деңгээлин салыштыруу маалыматын берди.

Ага ылайык, 2021-жылы саат 18.00гө карата 1 032 684 шайлоочу катышкан, бул 28,53 %. Натыйжада, бүгүн добуш берүүгө 300 миңдей шайлоочуга, же 2,5 % га көп катышты.

БШКнын төрагасы билдиргендей, шайлоо кампаниясы башталгандан бүгүнкү күнгө чейин шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча жалпысынан 261 кайрылуу-билдирүүлөр келип түшкөн.

Алардын 124ү – үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу, 37си – талапкердин ар намысына шек келтиргендиги тууралуу, административдик ресурстун колдонулгандыгы тууралуу - 8 арыз, добуштарды сатып алуу боюнча – 41. Калган 51 арыз – ар кандай маселелер.

Төраганын айтымында, бүгүн добуш берүү күнүндө добуш сатып алуулар боюнча арыз-кайрылуулар көбөйдү. “Тиешелүү укук коргоо орандары мыйзамга ылайык иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Бүгүң-эртең ар бир факт боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, укуктук баалар берилет. Алардын канчалык негиздүү болгонун өз кезегинде прокуратура органдары көзөмөлгө алат”, - деди КР БШКнын төрагасы Т.Шайназаров.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>