Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

-
24.11.2025

-

-
Кененирээк билүү >>
Шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузуу боюнча талапкерге, талапкердин ар-намысына шек келтирген жаранга айып пул салынды
24.11.2025

Шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузуу боюнча талапкерге, талапкердин ар-намысына шек келтирген жаранга айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 24-ноябрда шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузган жана талапкердин ар намысына шек келтирген жаран боюнча маселени карады. КР БШКга № 1 шайлоо округунан талапкер Набиева Асель Бухановнанын ыйгарым укуктуу өкүлү Набиева Аида Кадыралиевна арыз менен кайрылып, анда № 1 шайлоо округунан талапкер Темирбаева Миргул Омурзаковна Лейлек районунун Кулунду айылында баннерлерди алдын ала төлөмсүз илгендигин билдирген. Муну менен талапкер М.Темирбаева шайлоо мыйзамдарындагы “үгүт материалдарын тиешелүү шайлоо фондунан алдын ала акы төлөбөстөн даярдоого тыюу салынат” деген талапты бузган. КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу арызды карап чыгып, талапкер М.Темирбаевага Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган. КР БШКсы ошондой эле № 27 шайлоо округунан талапкер Дубанбаева Анар Сартбаевнанын арызын карады. Анда белгисиз жаран талапкер А.Дубанбаеванын ар намысына шек келтирген, чындыка дал келбеген провокациялык мүнөздөгү аудио-билдирүүнү WhatsApp тиркемеси аркылуу таратып жаткандыгы билдирилген. Бул билдирүү боюнча Ак-Суу РИИБнин Тергөө кызматынын тергөөчүсү А.Турдакунов КР ЖПКнин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык кылмыштын курамы жок болгондуктан, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарып, билдирүүнү тараткан Алымбаев Самат Сталиковичтин (№ 27 шайлоо округунан талапкер Алымбаева Эльнура Сталиковнанын бир тууган агасы) аракеттерине укуктук баа берүү үчүн токтомдун көчүрмөсүн № 27 округдук шайлоо комиссиясына жөнөткөн. КР БШКнын Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун отурумуна С.Алымбаев, талапкер А.С. Дубанбаеванын ыйгарым укуктуу өкүлү чакырылып, угулду. Арызда көрсөтүлгөндөй, чындыкка дал келбеген, терс мааниде А.Дубанбаевага карата багытталган аудио-билдирүүнү жүргүзгөн жана жайылткан С.Алымбаев экендиги аныкталып, ага карата КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунуштаган. КР БШКсы Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун, Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун сунуштарынын негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык, № 1 шайлоо округунан талапкер М.Темирбаевага үгүт шарттарын бузгандыгы үчүн 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, депутаттыкка талапкердин ар намысына шек келтирген С.Алымбаевге 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдетин КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүктөдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 393 эл аралык байкоочуну аккредитациялады - бүгүнкү күнгө 770
24.11.2025

КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 393 эл аралык байкоочуну аккредитациялады - бүгүнкү күнгө 770

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 24-ноябрда 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 393 эл аралык байкоочуну аккредитациялады. БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү аккредитацияланды: - Филиппин Республикасынын Шайлоолор боюнча комиссиясынын; - Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Байкоочулар миссиясынын; - Түштүк Кореянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин; - Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин; - Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин; - Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин; - Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин; - Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин; - Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблеясынын; - Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын; - Шанхай Кызматташтык Уюмунун жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун; - Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун өкүлдөрү. Ошону менен, бүгүнкү күнгө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого жалпысынан 770 эл аралык байкоочу аккредитацияланды.
Кененирээк билүү >>
Араван районундагы шайлоо участогунун дареги өзгөрдү
24.11.2025

Араван районундагы шайлоо участогунун дареги өзгөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 24-ноябрда «Араван районундагы № 5351 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө» токтом кабыл алды. Ош облусунун Араван районунун Араван айылындагы М.Султанов көчөсү, 40 дарегиндеги Ж.Абдрахманов атындагы орто мектебинде жайгашкан № 5351 шайлоо участогунун дареги Ленин көчөсү, 27де жайгашкан Балдар чыгармачылык мектебинин имаратына өзгөртүлдү. Тийиштүү округдук шайлоо комиссиясына С.Юсупов айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участогунун дареги өзгөргөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
24.11.2025

КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 24-ноябрда № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Токтомуратова Гульпери Абдылдаевнанын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Маматназар кызынын каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна Б. Медетбек кызын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлгө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары жана өкүлү катталды
24.11.2025

КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары жана өкүлү катталды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын каттады: - № 18 шайлоо округу боюнча талапкер Биймырсаева Дамира Байтерековнанын 6 ишенимдүү адамы; - № 20 шайлоо округу боюнча талапкер Байтемирова Гуляим Кудайбердиевнанын бир ишенимдүү адамы; - № 26 шайлоо округу боюнча талапкер Исеналиев Эркинбек Аскеевичтин бир ишенимдүү адамы; - № 18 шайлоо округу боюнча талапкер Бийбосунов Эркин Куватбековичтин 5 ишенимдүү адамы; - № 19 шайлоо округу боюнча талапкер Эгембердиев Абдылдабек Жолдошалиевичтин 10 ишенимдүү адамы; - № 13 шайлоо округу боюнча талапкер Сыдыков Бактыбек Усеновичтин 54 ишенимдүү адамы; - № 10 шайлоо округу боюнча талапкер Баатырова Гүлнара Маришовнанын 33 ишенимдүү адамы; - № 23 шайлоо округу боюнча талапкер Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин бир ишенимдүү адамы; - № 21 шайлоо округу боюнча талапкер Сатынбаев Динмухамбет Доктурбековичтин 4 ишенимдүү адамы; - № 17 шайлоо округу боюнча талапкер Чыныбаева Айжан Адамкалиевнанын бир ишенимдүү адамы; - № 23 шайлоо округу боюнча талапкер Аскарбеков Мавлян Амангельдиевичтин 2 ишенимдүү адамы; - № 12 шайлоо округу боюнча талапкер Чолпонбай уулу Бекмырзанын 11 ишенимдүү адамы; - № 20 шайлоо округу боюнча талапкер Алымбеков Максат Джумакадыровичтин КР БШКдагы өкүлү : М.Ы. Абдыкалыкова. Ишенимдүү адамдарга жана өкүлгө белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 24-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
24.11.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 24-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 24 -ноябры Убактысы: 10:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Токтомуратова Гульпери Абдылдаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) №18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерБиймырсаева Дамира Байтерековнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Байтемирова Гуляим Кудайбердиевнанын ишенимдүү адаммын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Исеналиев Эркинбек Аскеевичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бийбосунов Эркин Куватбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эгембердиев Абдылдабек Жолдошалиевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сыдыков Бактыбек Усеновичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Баатырова Гүлнара Маришовнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 9. № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 10. № 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сатынбаев Динмухамбет Доктурбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 11. № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Чыныбаева Айжан Адамкалиевнанын ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 12. № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Аскарбеков Мавлян Амангельдиевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 13. № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Чолпонбай уулу Бекмырзанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 14. М.Ы. Абдыкалыкованы № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алымбеков Максат Джумакадыровичтин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы өкүлү кылып каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 15. Араван районундагы № 5351 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 16. 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө ( баяндамачы - Турсунбаева Н.З., эл аралык кызматташуу жана шайлоо процессин катышуучулары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти) 17. № 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Набиева Асель Бурхановнанын ыйгарым укуктуу өкүлү А.К. Набиеванын арызы жөнүндө (баяндамачы – Амангелди кызы М., контролдук-ревизиялык жана аудиттик иш секторунун башчысы) 18. № 27 шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер Алымбаева Эльнура Сталиковнанын бир тууган агасы Алымбаев Самат тарабынан жайылтылган маалымат тууралуу талапкер Дубанбаева Анар Сартбаевнын арызы жөнүндө (баяндамачы – Кайыпов Ш.Т., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 19. Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүчүн кароо тууралуу (баяндамачы – Кайыпов Ш.Т., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 20. Жаран Ажибаева Насиба Кубатованын № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Аманова Бурун Кушбековнанын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды камтыган жарыялоолорду тараткандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.) 21.№ 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Акаев Жанарбек Кубанычовичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.) 22.№ 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Карыпбеков Илим Майрамбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү Т.М. Алхожоевдин арызы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.) 23.№ 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ашимова Динара Ашимовнанын шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.) 24.Жаран Кадыракунов Адилет Кубанычбековичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.) 25. Жаран Яхизов Анвар Рамазановичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.)
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмесин жарыялады
23.11.2025

КР БШКсы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмесин жарыялады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмесин “Тизме" https://tizme.gov.kg/ порталында жайгаштырды. Шайлоочулардын биротоло тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (КБМР) камтылган маалыматтарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси (ММ «Кызмат») тарабынан түзүлдү. Шайлоочулардын биротоло тизмелери 2025-жылдын 25-ноябрына чейин 2492 шайлоо участокторунда илинет. Биротоло тизмеде 4 294 243 шайлоочу, анын ичинен: - эркектер – 2 081 514, же 48,47%; - аялдар – 2 212 729, же 51,52%. Жашы боюнча: - 18 жаштагылар – 104 693, же 2,44%: - 19-35 жаштагылар – 1 707 851, же 39,77% - 36-45 жаштагылар – 923 975, же 21,52% - 46-55 жаштагылар – 650 851, же 15,16% - 56-65 жаштагылар – 528 771, же 12,31% - 66 жаштан жогоркулар – 378 102, же 8,80%. Эске салсак, шайлоочулар тизмеден өздөрүн төмөнкүдөй жолдор менен тактаса болот: - 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен; - шайлоо участкасына барып; - “tizme.gov.kg” сайтында; - же ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо участкасынын номери менен дарегин ала алат. SMS жана чалуулар акысыз.
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош шаарларындагы жана Чоң-Алай районундагы айрым шайлоо участокторунун дареги өзгөрдү
21.11.2025

Баткен, Ош шаарларындагы жана Чоң-Алай районундагы айрым шайлоо участокторунун дареги өзгөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 21-ноябрда “Баткен шаарындагы № 9801 аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө”, “Ош шаарындагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү жөнүндө” токтомдорду кабыл алды. Баткен облусунун Баткен шаарындагы С. Садыков көчөсү, 96 дарегинде жайгашкан 86017 аскер бөлүгүнүн Өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын имаратында жайгашкан № 9801 аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участогунун дареги И. Жусупов көчөсү, 11 де жайгашкан Баткен мамлекеттик университетинин имаратына өзгөртүлдү. Ош шаарындагы М.Куренкеев көчөсүндөгү “Стомклиника” стоматологиялык клиникасынын имаратында жайгашкан № 5551 шайлоо участогунун дареги Юнусов көчөсүндөгү “Терекзар” чайканасынын имаратына өзгөртүлдү.  Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынын Ачык-Суу айылындагы Кожомуратов көчөсү, 5 дарегиндеги Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектептин эски имаратында жайгашкан № 5165 шайлоо участогунун дареги Мурас көчөсү, 15те жайгашкан Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектептин жаңы имаратына өзгөртүлдү. Тийиштүү округдук шайлоо комиссиясына Баткен шаарынын мэриясы, Ош аймактык шайлоо комиссиясына Ош шаардык мэриясы, Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясына Кашка-Суу айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участокторунун даректери өзгөргөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
Шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузуу боюнча үч талапкерге, атаандашынын ар намысына шек келтирген бир талапкерге айып пул салынды
21.11.2025

Шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузуу боюнча үч талапкерге, атаандашынын ар намысына шек келтирген бир талапкерге айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 21-ноябрда шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузган талапкерлер жана атаандашынын ар намысына шек келтирген талапкер боюнча маселелерди карады. Натыйжада, Жогорку Кеңештин депутаттыгына № 22 шайлоо округунан талапкер Абдыкадыров Эмилбек Мырзакуловичке, № 12 шайлоо округунан талапкер Койчуманова Нуркан Кадыровнага, № 10 шайлоо округунан талапкер Саматов Жыргалбек Алимбаевичке үгүт шарттарын бузгандыгы үчүн, ал эми № 6 шайлоо округунан талапкер Арзибаев Бекболот Осконбаевичке ушул эле округдан талапкер Кудайбердиев Алтынбек Мусажановичтин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды камтыган жарыяларды тараткандыгы үчүн айып пул салуу чечими кабыл алынды. Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун социалдык тармактарга жүргүзгөн мониторингдин натыйжасында социалдык тармактарда “emilbek_abdykadyrov” аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык, талапкер Э.Абдыкадыров үчүн шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү шарттарын бузган маалымат таратылып жатканын аныктаган. Тактап айтканда, талапкердин кесиптик ишмердүүлүгү же кызматтык (милдеттик) ыйгарым укуктарын аткаруу жөнүндө маалымат чыккан. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, шайлоо алдындагы үгүттүн жүрүшүндө талапкерлердин кесиптик ишине же алардын кызматтык (кызмат орду боюнча) милдеттерин аткаруусуна байланышкан ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматты таратууга тыюу салынган. Талапкер Н.Койчуманова жана талапкер Ж.Саматов шайлоо мыйзамдарындагы “Талапкер жогорку чыңалуудагы электр берүү линияларынын ичинде, алардын жанында үгүт иш-чараларын өткөрүүгө, үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт” деген талапты бузушкан. Талапкерлердин үгүт шарттарын бузгандыгы Whatsapp аркылуу таратылган фотоматериалдарга ылайык аныкталган. Ал эми № 6 шайлоо округунан талапкер Б.Арзибаев ушул эле округдан талапкер А.Кудайбердиевдин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды камтыган жарыяларды тараткандыгы тууралуу арыз менен КР БШКга А.Кудайбердиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.А. Адамбаев кайрылган. Ал Б.Арзибаев шайлоочулар менен жолугушуу учурунда ушундай маалыматты жарыялаганын маалымдаган. КР БШКсы Жумушчу топтун сунуштарынын негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкерлер Э.Абдыкадыровго, Н.Койчумановага, Ж.Саматовго 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, Б.Арзибаевге 125 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө административдик айып пул салуу милдетин КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүктөдү.  
Кененирээк билүү >>
Казакстандын Атырау шаарындагы шайлоо участогунун дареги өзгөрдү
21.11.2025

Казакстандын Атырау шаарындагы шайлоо участогунун дареги өзгөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 21-ноябрда Казакстан Республикасынын Атырау облусунун Атырау шаарындагы № 9063 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө маселени карап, тиешелүү токтом кабыл алды. Токтомго ылайык, Казакстандын Атырау облусунун Атырау шаарындагы Шайхы Абишев көчөсү, 97Ада жайгашкан Маданият үйүнүн имаратындагы № 9063 шайлоо участогунун дареги Бейбарыс Султан проспектиси, 3 дарегиндеги “Дина” базарынын аймагындагы административдик имаратка өзгөртүлдү. Казакстандын Атырау облусундагы шайлоочулар арасында шайлоо участогунун дареги өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин КР Тышкы иштер министрлиги № 24 округдук шайлоо комиссиясы менен биргеликте жүргүзөт.
Кененирээк билүү >>
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары уланууда
21.11.2025

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары уланууда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер өлкө аймактарында шайлоочулар менен жолугушууларын улантууда. Жолугушуулардын негизги максаты – шайлоочуларды талапкерлердин программалары менен тааныштыруу. Шайлоочулар программалардын алкагында суроолорду берип, андан тышкары Жогорку Кеңештин, депутаттардын ыйгарым укуктары тууралуу да суроолоруна жооп алышууда. Жолугушууларды «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте бардык талапкерлер үчүн уюштурушууда.  2025-жылдын 20-21-ноябрында талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары төмөнкү шаар, айылдарда өткөрүлдү: Баткен облусу боюнча – Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр, Суу-Башы жана Алтын-Бешик айыл өкмөтү; Ош облусу боюнча - Ноокат районунун Көк-Бел, Исанов, Кеңеш, Кыргыз-Ата айыл өкмөтү, Араван районунун Чөгөм, Кичи-Алай айылдары, Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймактык башкармалыгы; Жалал-Абад облусу боюнча - Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл өкмөтү; Чүй облусу боюнча - Панфилов районунун Орто-Кайынды айыл өкмөтү, Аламүдүн районунун Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтү; Ысык-Көл облусу боюнча – Балыкчы шаары, Ак-Суу районунун Каракол айыл өкмөтү, Ысык-Көл районунун Тамчы, Тору-Айгыр айыл өкмөтү, Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл өкмөтү; Нарын облусу боюнча - Ак-Талаа районунун Ала-Буга, Кара-Бүргөн, Баетов жана Тоголок-Молдо айыл өкмөтү; Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи Май райондору. Алдын ала бекитилген графикке ылайык, 2025-жылдын 10-ноябрында башталган жолугушуулар 26-ноябрда аяктайт.
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды
21.11.2025

КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын каттады: - № 28 шайлоо округу боюнча талапкер Дороев Азамат Кубанычбековичтин бир ишенимдүү адамы; - № 22 шайлоо округу боюнча талапкер Абдрахманов Сагынбек Уметалиевичтин 2 ишенимдүү адамды; - № 13 шайлоо округу боюнча талапкер Сыдыков Бактыбек Усеновичтин 3 ишенимдүү адамы; - № 26 шайлоо округу боюнча талапкер Айтимбетова Айсулуу Курманбаевнанын 5 ишенимдүү адамы; - № 15 шайлоо округу боюнча талапкер Абдибаева Айсаракан Нышановнанын 24 ишенимдүү адамы; - № 10 шайлоо округу боюнча талапкер Омурзаков Сүйүнбек Абдылдаевичтин 3 ишенимдүү адамы; - № 26 шайлоо округу боюнча талапкер Исеналиев Эркинбек Аскеевичтин бир ишенимдүү адамы; - № 25 шайлоо округу боюнча талапкер Шабазов Бахридин Валиевичтин 70 ишенимдүү адамы; - № 21 шайлоо округу боюнча талапкер Арбышев Бейшен Тургунбаевичтин 100 ишенимдүү адамы; - № 15 шайлоо округу боюнча талапкер Турсунбаев Азизбек Атакозуевичтин 21 ишенимдүү адамы. КР БШКсы ошондой эле № 8 шайлоо округу боюнча талапкер Семетей кызы Айзиректин ишенимдүү адамы Г.Б. Сактанованын каттоосун жокко чыгарды. Ишенимдүү адамдарга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
21.11.2025

КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 21-ноябрда № 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Абыкеев Темирболот Асаналиевичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б.С. Жолдошовдун каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна Э.К. Керимкуловду шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлгө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 21-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
21.11.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 21-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 21 -ноябры Убактысы: 18:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   №29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абыкеев Темирболот Асаналиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) №28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Дороев Азамат Кубанычбековичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) №22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдрахманов Сагынбек Уметалиевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сыдыков Бактыбек Усеновичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) №26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Айтимбетова Айсулуу Курманбаевнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) №15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдибаева Айсаракан Нышановнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) №10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Омурзаков Суйунбек Абдылдаевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) №26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Исеналиев Эркинбек Аскеевичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) №25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Шабазов Бахридин Валиевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) №21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Арбышев Бейшен Тургунбаевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) №15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турсунбаев Азизбек Атакозуевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) №8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Семетей кызы Айзиректин ишенимдүү адамы жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) Казакстан Республикасынын Атырау облусунун Атырау шаарындагы № 9063 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) Баткен шаарындагы № 9801 аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) Ош шаарындагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 16. № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдыкадыров Эмилбек Мырзакуловичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.) 17. № 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кудайбердиев Алтынбек Мусажановичтин ыйгарым укуктуу өкүлү А.А. Адамбаевдин арызы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.) 18. № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Койчуманова Нуркан Кадыровнанын шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.) 19. № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Саматов Жыргалбек Алимбаевичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.)
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы талапкерге, жаранга жана юридикалык тарапка айып пул салып, бир талапкерге эскертүү берди
20.11.2025

КР БШКсы талапкерге, жаранга жана юридикалык тарапка айып пул салып, бир талапкерге эскертүү берди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 20-ноябрда талапкерлер, юридикалык тарап жана жаран тарабынан шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу маселелерди карады. КР БШКнын кароосуна маселелерди Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ киргизген. Жумушчу топ социалдык тармактарга жүргүзгөн монитрингдин натыйжасында Facebook социалдык тармагындагы Адилет Кадыракунов (Adilet Kadyrakunov) аттуу колдонуучу № 30 шайлоо округунан талапкер Бакасов Улан Болотбекович үчүн шайлоо алдындагы үгүт иштерин мөөнөтүнөн мурда баштап, үгүт шарттарын бузгандыгын аныктаган. Instagram социалдык тармагындагы “samarakarimovasinger” аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык, № 2 шайлоо округунан талапкер Калпаев Бактыяр Алиевич үчүн үгүт шарттарын бузган маалымат таратылып жатканы аныкталган. Тактап айтканда, Самара Каримова Майдан айылынын тургундарына 2025-жылдын 17-ноябрында талапкер менен жолугушуу болорун, ошондой эле өзүнүн катышуусунда концерт уюштурууларын маалымдаган. Жумушчу топтун жыйынында талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Аманбаева С.Каримова менен үгүт жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө түзүлгөн келишимге ылайык, С. Каримованын катышуусунда талапкердин гимни жазылып, аны талапкердин шайлоочулар менен жолугушуусунда коюшканын билдирди. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, үгүт концерттерди, театрлаштырылган оюндарды жана спорттук иш-чараларды кошпогондо, ачык үгүт иш-чараларын (митингдер, чогулуштар, теледебаттар жана башкалар) өткөрүү аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Facebook социалдык тармагындагы “T-Media” аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык, № 7 шайлоо округунан талапкер Козуев Алишер Абибиллаевич үчүн үгүт шарттарын бузган маалымат таратылып жатканы аныкталган. Жумушчу топтун жыйынында “Жаш FM” ЖЧКнын башкы директору Данияр кызы Даяна талапкер А.Козуев менен түзүлгө келишимге ылайык, 2025-жылдын 10-ноябрынан тартып көрсөтүлгөн талапкердин үгүт материалдары “Жаш FM” телеканалында жайгаштырылууга тийиш экенин маалымдады. Анын айтымында, 2025-жылдын 13-ноябрында телеканалдын жаңылыктар чыгарылышында Кыргыз Республикасынын биринчи адамдары катышкан, аткарылган иштер тууралуу репортаж көрсөтүлүп жатканда талапкердин үгүт баннери кокустан жайгаштырылып калган. Муну менен “Жаш FM” ЖЧК “жалпыга маалымдоо каражаттарында талапкерлерге бирдей шарттар кепилдениши керек” деген шайлоо мыйзамдарындагы талапты бузган. Ал эми № 26 шайлоо округунан талапкер Саккараев Медербек Джаманкуловичке карата материалдар КР БШКга Чүй облусунун ИИББнын тергөө кызматынан келип түшкөн. Ага ылайык, Instagram социалдык тармагындагы «moldos.b» баракчасында М.Саккараев тарабынан үгүтчүлөрдү тартуу аркылуу шайлоочуларды сатып алуу аракети жасалгандыгы тууралуу маалымат алынган. Бул факт Чүй ОИББда катталып, ал боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталган, 16-ноябрда аракеттеринде кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Жумушчу топтун жыйынында М. Саккараевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алмазбеков 2025-жылдын 10-ноябрында Кудайбергенова Надира-Бегимай Жыргалбековна менен үгүт жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө келишим түзүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, Н.Кудайбергенова менен келишим түзүлөрдүн алдында шайлоо мыйзамдарын бузууга жол бербөө тууралуу окуу өткөрүлгөн. Бул окуя белгилүү болгондон кийин Н.Кудайбергенова менен түзүлгөн келишим бузулган. Жумушчу топ шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесине ылайык, жаран Кадыракунов Адилет Кубанычбековичке, № 2 шайлоо округунан талапкер Калпаев Бактыяр Алиевичке карата каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү, “Жаш FM” ЖЧКга карата 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган. Ал эми № 26 шайлоо округунан Саккараев Медербек Джаманкуловичке эскертүү берүү сунуштаган. КР БШКсы Жумушчу топтун сунуштарынын негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкер М.Саккараевге эскертүү берип, жаран А.Кадыракуновго, талапкер Б.Калпаевге, “Жаш FM” ЖЧКга айып пул салуу милдетин КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүктөдү.      
Кененирээк билүү >>
1 26 28 482