Башкы Жаңылыктар КР БШКнын төрагасы Т. У. Шайназаров билдирүү жасады

КР БШКнын төрагасы Т. У. Шайназаров билдирүү жасады

02-Дек, 2025

Урматтуу, кыргызстандыктар.

 

Үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында Жогорку Кеңештин VIII чакырылышына депутаттарды шайлоо өткөрүлүп, ал ачык-айкын жана мыйзамдын негизинде уюштурулду.

Мамлекет кайсы бир талапкерди сүрөп же кайсы бир талапкерге бут тосуп административдик ресурсту колдонгон жок.

Тескерисинче, мамлекеттик кызматкерлерди үгүт иштерине аралашпоону талап кылды. Кыргызстанда алгачкы ирет жаңы система — аралыктан (алыстан) добуш берүү колдонулду. Мындай шартты түзүү менен ар бир шайлоочунун катышуусуна кам көрүлдү.

Добуш берүү саат 20:00дө аяктап, 20:01дө болжолдуу жыйынтыктар жарыяланып баштады.

Анын баарын түз эфирде, ачык-айкын сиздер менен биргеликте көзөмөлдөп турдук.

Ал эми добушун саткан жарандар, добуш сатып алган талапкерлер боюнча маалыматтар, видео фактылар келип жатат.

Андай далилдер социалдык тармактарда дагы жарыяланып жатканын көрүп жатабыз. Ал видео фактылардын көпчүлүгү бизде жана ИИМде да бар. Биздин колубузга келе электерин социалдык тармактардан алып, териштирип баштадык.

Бул боюнча комиссия карап чыгат, чечим кабыл алабыз. Ага чейин эле, айрыкча социалдык тармактарда “БШК эмне уктап жатасыңар, чара көрбөйсүңөрбү?!” — деген сын-пикирлер айтылууда.

Мыйзамды бузган ар бир шайлоо тилкеси, ошондой эле сөз болуп жаткан 13-округ боюнча дагы материалдарды карап чыгабыз, 2-3 күндүн ичинде чечим кабыл алабыз.

Биз мамлекеттин репутациясына көлөкө түшүүсүнө жол бербеш үчүн адилеттүү чечимдерди чыгарышыбыз керек. Ага чейин дүрбөлөңгө түшпөй, бизди ашыкча сындабай, шашылыш чечим чыгарбай турууга чакырам.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>