Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров ТМУ жана ШКУнун байкоо Миссияларынын делегациялары менен жолукту
27.11.2025

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров ТМУ жана ШКУнун байкоо Миссияларынын делегациялары менен жолукту

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 27-ноябрда, 30-ноябрдагы мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн Кыргызстанга келген Түрк мамлекеттеринин уюму (ТМУ) жана Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) байкоо Миссияларынын делегациялары менен жолугушту. ТМУ байкоо Миссиясынын башчысы, ТМУнун Башкы катчысынын орун басары Мирвохид Озимов шайлоонун ийгиликтүү өтүшүн каалап, боордош мамлекеттердин колдоосун белгиледи. Ал жаңы киргизилип жаткан аралыктан добуш берүү системасына кызыгуусун билдирди. КР БШКнын төрагасы шайлоочулардын укуктарын коргоого, «айлампа» жана кошумча бюллетень салуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттерди алдын алууга багытталган шайлоо процессиндеги негизги жаңычылдыктарга кеңири токтолду. Делегацияга жаңы шайлоо жабдуулары көрсөтүлүп, алардын иштөө принциби тууралуу маалымат берилди. Андан соң КР БШКнын төрагасы ШКУ байкоо Миссиясынын башчысы, ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Пяо Янфань менен жолугушту. Миссиянын башчысы ШКУнун Кыргызстанга болгон колдоосун айтып, миссия бейтараптык принциптерин карманып, өлкөнүн суверенитетине урмат көрсөтөөрүн, ар кандай деңгээлдеги шайлоолорду байкоодо чоң тажрыйбасы бар экенин баса белгиледи. Ал ШКУнун байкоочулары өлкөнүн аймактарын кыдырып, шайлоочулар арасында жүргүзүлгөн маалыматтык-түшүндүрүү иштери, шайлоочулардын, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жана жаштардын укуктарынын сакталышы менен таанышууну көздөп жатканын билдирди. Тынчтык Шайназаров шайлоо реформаларынын максаты - «бир шайлоочу - бир талапкер - бир добуш» негизги принцибин жүзөгө ашыруу, ошондой эле жарандардын эркин добуш берүү укугун камсыз кылуу үчүн максималдуу шарттарды түзүү экенин белгиледи. Шайлоочулардын катышуусун жогорулатуу куралдарынын бири катары ал аралыктыктан добуш берүү системасын белгиледи. ШКУнун байкоо Миссиясынын башчысы ийгилик каалап, шайлоо жогорку деңгээлде өтүшүнө тилектештигин билдирди.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы депутаттыкка талапкер Лира Акунованы жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берди
27.11.2025

КР БШКсы депутаттыкка талапкер Лира Акунованы жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-ноябрда, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч катын карады. КР БШКсына 2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акунова Лираны жазык жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тартибинде жаза чараларына тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч каты келип түшкөн. Бишкек ШИИББнин өндүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүгүндө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Өтүнүч катта тергөө иш-аракеттерин жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө талапкер Л. Акунованын жакын туугандары добуштарды сатып алууга багытталган ири өлчөмдөгү акча каражаттарын атайын жарандарга бергендиги аныкталган. Бул аракеттер Л. Акунованын шайлоо штабында анын көзөмөлү жана тапшырмасы менен жүргүзүлгөндүгү далилденген. КР БШКсы шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек ШИИББнин № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акунова Лираны кылмыш жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тартибинде салынуучу жаза чараларына тартууга макулдук берүү жөнүндөгү өтүнүчүн канааттандырды.  Чечимдин көчүрмөсү Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгына жана талапкер Л. Акуновага жөнөтүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы депутаттыкка талапкер Гульназ Халилованы жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берди
27.11.2025

КР БШКсы депутаттыкка талапкер Гульназ Халилованы жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүчүн карады. КР БШКсына 2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнен №24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Халилова Гульназ Мажитовнаны жазык жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тартибинде жаза чараларына тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч кат келип түшкөн. Бишкек шаарынын Свердлов РИИБде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүндө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө. Өтүнүч катта тергөө иш-аракеттерин жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө талапкер Г.Халилова жеке өзү жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу шайлоочуларды сатып алууга багытталган шайлоо алдындагы штабдын ишин уюштургандыгы аныкталган. Жарандар менен жалган келишимдер үгүтчүлөр менен түзүлгөн келишимдер катары таризделген, бирок иш жүзүндө добуштарды сатып алууга багытталган (ар бир добуш үчүн 2000 сом). Шайлоочуларды сатып алууга багытталган 40 000 сом, ошондой эле 80 200 АКШ доллары, 116 000 сом жана 29 500 сом суммасындагы акча каражаттары тинтүү учурунда документтештирилген. Акча каражаттарынын кармоочулары - Г. Халилованын тарапташтарына айып угузулуп, башка жакка чыкпоо тууралуу баш коргоо чарасы тандалган. КР БШКсы жогоруда баяндалгандардын негизинде, шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаарынын Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгынын №24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Халилова Гульназ Мажитовнаны кылмыш жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тартибинде салынуучу жаза чараларына тартууга макулдук берүү жөнүндөгү өтүнүчтү канааттандырды. Чечимдин көчүрмөсү Бишкек шаарынын Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгына жана талапкер Г.Халиловага жөнөтүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 27-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
27.11.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 27-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 27 -ноябры Убактысы: 10:30 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Бишкек шаарынын Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүчүн кароо тууралуу. (баяндамачы – Кайыпов Ш.Т.  укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)          2. Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүчүн кароо тууралуу.          (баяндамачы – Закиров А.М.  укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)  
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгы тууралуу талапкерлердин, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн даттануу арыздарын карады
26.11.2025

КР БШКсы шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгы тууралуу талапкерлердин, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн даттануу арыздарын карады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 26-ноябрда үгүт кампаниясынын учурунда шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгы тууралуу талапкерлердин, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн даттануу арыздарын карап, чечимдерди кабыл алды.  КР БШКга №13 шайлоо округунан талапкер Сыдыков Бактыбек Усеновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү Аскар Муратбековдон арыз келип түшкөн. Арызда белгисиз жаран тарабынан талапкер Б.Сыдыков тууралуу аудиобилдирүү таратылып, ага добуш берген шайлоочуларга 2500 сомдон акча төлөнөт деген жалган маалыматтар боюнча тиешелүү чараларды кабыл алуу өтүнүчү билдирилген. Аталган материалдар боюнча Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү Н.Жоробековдун токтомунун негизинде алдын ала текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында аудиоматериалды WhatsApp аркылуу Зухрат Осоров аттуу жаран тараткандыгы, талапкердин добуш сатып алгандыгы тууралуу эч кандай далилдер жок экендиги аныкталды. Ошондой эле, аудиоматериалдарды таратуу боюнча катталган иште кылмыштын курамы болбогондуктан, кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун отурумунда талапкер Б.Сыдыковдун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Муратбеков, Ноокен РИИБнин ТКсынын тергөөчүсү Н.Жоробеков чакырылып, угулган. Жумушчу топ З.Осоровго карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган. КР БШКга № 17 шайлоо округунан талапкер Узакбаев Улукбектин ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Карабаевден ушул эле округдан талапкер Бактыбек Чойбековго карата арызы келип түшкөн. Арыз ээси талапкер У.Узакбаевдин апасы Э.Жумалиеванын катышуусунда Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышына 2021-жылы депутаттарды шайлоо өнөктүгү учурунда тартылган, учурдагы шайлоого тиешеси жок видеороликти талапкер Б.Чойбековдун тарапташтары таратып жатканы баяндалган. Арыз ээси видеороликти талапкер Б.Чойбековдун макулдугу менен таратуунун максаты - коомчулукта “талапкер У.Узакбаевдин апасы анын атаандашын колдоп жатат” деген маанидеги маалыматты таратып, № 17 шайлоо округунун шайлоочуларына туура эмес таасир бериши мүмкүн деген пикирин билдирген. Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун отурумуна талапкерлер Б. Чойбеков жана У.Узакбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү чакырылып, угулду.  Жумушчу топтун отурумунда, көрсөтүлгөн видеоролик талапкер  Б. Чойбековдун макулдугу менен жана анын расмий катталган үгүтчүлөрү тарабынан таратылгандыгы аныкталган.  Жумушчу топ талапкер Б.Чойбековго эскертүү берүүнү сунуштаган. КР БШКсы жогорудагыларды эске алып, талапкер тууралуу жалган маалымат тараткан жаран З.Осоровго карата 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдетин КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүктөдү, № 17 шайлоо округунан талапкер Б.Чойбековго эскертүү берди.
Кененирээк билүү >>
№ 19 шайлоо округунан талапкерлер Н.Усеинова жана Э.Баямановдун  жамааттык арызын КР БШКсы канааттандыруудан баш тартты
26.11.2025

№ 19 шайлоо округунан талапкерлер Н.Усеинова жана Э.Баямановдун жамааттык арызын КР БШКсы канааттандыруудан баш тартты

КР БШКга № 19 шайлоо округунан талапкерлер Усеинова Нургул Эмилькановна жана Баяманов Эркинбек Мусалиевичтен жамааттык арыз келип түшкөн. Арыз ээлери Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Жолдошалы Мусурманкулов өзүнүн жакын тууганы, № 19 шайлоо округунан талапкер Эгембердиев Адылбек Жолдошалиевичтин кызыкчылыгында административдик ресурсту колдонуп жаткандыгын  билдиришкен. Бул факт боюнча Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп, тараптар суракка чакырылган.  Манас айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан административдик ресурстар колдонулгандыгы тууралуу маалымат тастыкталган эмес, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом кабыл алынган. Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун отурумуна арыз ээси талапкер Н.Усеинова, Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсү Д.Калыков чакырылган жана угулган. Жумушчу топтун отурумунда Манас айыл өкмөтүнүн башчысы  Ж.Мусурманкулов 2025-жылдын октябрь айынан тартып ден соолугуна байланыштуу ооруканада экендиги, 2025-жылдын 17-ноябрында ээлеген кызмат ордунан бошотулгандыгы маалымдалды.  Манас айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүнө ылайык, Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан административдик ресурсту колдонуу фактысы такталган эмес. Үгүт ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу фактысын тастыктай турган жетиштүү негиздердин жоктугуна байланыштуу Жумушчу топ талапкерлер         Н.Усеинова жана Э.Баямановдун жамааттык арызында баяндалган талаптарды канааттандыруудан баш тартууну сунуштаган. КР БШКсы жыйында тараптардын пикирлерин кошумча угуп, Жумушчу топтун сунушун эске алып, № 19 шайлоо округунан талапкерлер Н.Усеинова жана Э.Баямановдун жамааттык арызын канааттандыруудан баш тартты.
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды
26.11.2025

КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын каттады: - № 13 шайлоо округу боюнча талапкер Сыдыков Бактыбек Усеновичтин 68 ишенимдүү адамы; - № 20 шайлоо округу боюнча талапкер Намазалиев Алтынбек Абдисаламовичтин 10 ишенимдүү адамы; - № 7 шайлоо округу боюнча талапкер Козуев Алишер Абибиллаевичтин 15 ишенимдүү адамы; - № 20 шайлоо округу боюнча талапкер Алымбеков Максат Джумакадыровичтин 4 ишенимдүү адамы; - № 28 шайлоо округу боюнча талапкер Сагынаев Болот Турусбековичтин 69 ишенимдүү адамы; - № 26 шайлоо округу боюнча талапкер Бейшеналиев Алымкадыр Савирдиновичтин 11 ишенимдүү адамы; - № 15 шайлоо округу боюнча талапкер Турсунбаев Азизбек Атакозуевичтин 4 ишенимдүү адамы; - № 26 шайлоо округу боюнча талапкер Абакиров Эльдар Курманбековичтин бир ишенимдүү адамы; - № 4 шайлоо округу боюнча талапкер Алимжанова Нулифар Якубжановнанын 39 ишенимдүү адамы; - № 24 шайлоо округу боюнча талапкер Карыбек уулу Улукбектин 3 ишенимдүү адамы; - № 19 шайлоо округу боюнча талапкер Найзабекова Нуржан Байтемировнанын 5 ишенимдүү адамы; - № 20 шайлоо округу боюнча талапкер Ибраимова Малика Багдатовнанын 5 ишенимдүү адамы; - № 5 шайлоо округунан талапкер Мурзажигит кызы Зареманын 3 ишенимдүү адамы.  Ишенимдүү адамдарга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
26.11.2025

КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 26-ноябрда №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Акматов Сталбек Темирбековичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Т.Абдыкеримовдун каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна Н.Ш. Сальпиеваны шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлгө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 26-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
26.11.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 26-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 26-ноябры Убактысы: 17:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар зал   №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Акматов Сталбек Темирбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сыдыков Бактыбек Усеновичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Намазалиев Алтынбек Абдисаламовичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) №7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Козуев Алишер Абибиллаевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алымбеков Максат Джумакадыровичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сагынаев Болот Турусбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бейшеналиев Алымкадыр Савирдиновичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турсунбаев Азизбек Атакозуевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абакиров Эльдар Курманбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алимжанова Нулифар Якубжановнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Карыбек уулу Улукбектин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Найзабекова Нуржан Байтемировнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ибраимова Малика Багдатовна ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 14. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б. У. Сыдыковдун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б. Муратбековдун арызы жөнүндө (баяндамачы – Кайыпов Ш.Т., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 15. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер У.К. Узакбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Р. Карабаевдин арызы жөнүндө   (баяндамачы – Кайыпов Ш.Т., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 16. № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Усеинова Нургул Эмилькановнанын жана Баяманов Эркинбек Мусалиевичтин жамааттык арызы жөнүндө (баяндамачы – Кайыпов Ш.Т., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы талапкерге эскертүү берип, анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө айып пул салуу чечимин чыгарды
25.11.2025

КР БШКсы талапкерге эскертүү берип, анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө айып пул салуу чечимин чыгарды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 25-ноябрда шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы боюнча №1 шайлоо округунан талапкер Исманали Жороевге карата чара көрүү тууралуу жаран Камчыбек Асановдун арызын карады. Арыз ээси К.Асанов талапкер И.Жороев үгүт иштеринин жүрүшүндө жарандарга акча берип, шайлоо мыйзамдарын бузгандыгын белгилеп, талапкерге чара көрүүнү суранган. КР БШКга И.Жороевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Баймурат Бекмуратовдон да арыз келип түшкөн. Ал К.Асанов аттуу жаран талапкер И.Жороевге карата кара пиар элементтери камтылган, талапкерди кемсинткен маалыматтарды таратып жаткандыгын белгилеп, К.Асановго карата чара көрүүнү суранган. К.Асановдун арызы боюнча 2025-жылдын 20-ноябрында Лейлек РИИБне тиешелүү тергөө иштерин жүргүзүү максатында билдирүү жөнөтүлүп, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө аныктама келип түшкөн. Анда тараптардын бардыгы суракка алынып, арыздарда көрсөтүлгөн жарандар бир нече жолу акча каражаттарын которушкандыгы, алардын максаттары шайлоо өнөктүгүнө тиешеси жок экендиги аныкталып, К. Асановдун талапкер И.Жороевдин шайлоо штабынан накталай акча каражаттарын алгандыгы тастыкталган. Бул жагдайлар боюнча шайлоо мыйзамдарына ылайык чара колдонууга болоору белгиленген. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо талапкер же саясий партия шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайызынан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда талапкерди каттоо жокко чыгарылат. Лейлек РИИБнин тергөө иштеринде И. Жороевдин шайлоо фондунда 1 871 420 сом болгондугу аныкталган. Ал эми 2025-жылдын 24-ноябрына карата талапкердин фондуна жалпы келип түшкөн каражаттардын суммасы 6 869 420 сомду түзгөн. Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун 2025-жылдын 24-ноябрындагы жыйынында арыздануучу К. Асанов, Лейлек РИИБнин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү С.Жаназаков, талапкер И.Жороевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Б.Бекмуратов, А.Абдисаламов, даттануу материалдарын кароого катышкан башка адамдар чакырылып, угулду. Жумушчу топтун отурумунда К.Асанов өзү тастыктагандай талапкер И.Жороевдин штабынын кызматкерлеринин биринен 10 000 (он миң) сом акча алганы аныкталды. Жумушчу топ талапкер И.Жороевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Бекмуратовко карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну, ал эми И.Жороевге эскертүү берүүнү сунуштаган. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, КР БШКсы №1 шайлоо округунан талапкер И.Жороевдин ыйгарым өкүлү Б. Бекмуратовко 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдетин КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүктөдү. Ал эми талапкер И.Жороевге эскертүү берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 18 эл аралык байкоочуну аккредитациялады – бүгүнкү күнгө 788
25.11.2025

КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 18 эл аралык байкоочуну аккредитациялады – бүгүнкү күнгө 788

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 25-ноябрда 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 18 эл аралык байкоочуну аккредитациялады. КР БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү аккредитацияланды: - Индия Республикасынын Шайлоолор боюнча комиссиясынын; - Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин; - Индонезия Республикасынын Ташкент шаарындагы Элчилигинин; - Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин; - Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин; - Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү. Ошону менен, бүгүнкү күнгө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого жалпысынан 788 эл аралык байкоочу аккредитацияланды.
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды
25.11.2025

КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын каттады: - № 17 шайлоо округу боюнча талапкер Азыгалиев Нурланбек Асанбековичтин 7 ишенимдүү адамы; - № 21 шайлоо округу боюнча талапкер Арбышев Бейшен Тургунбаевичтин 35 ишенимдүү адамы; - № 23 шайлоо округу боюнча талапкер Маматалиев Марлен Абдрахмановичтин 8 ишенимдүү адамы; - № 1 шайлоо округу боюнча талапкер Набиева Асель Бурхановнанын 19 ишенимдүү адамы; - № 10 шайлоо округу боюнча талапкер Ормонов Улугбек Зулпукаровичтин 2 ишенимдүү адамы; - № 18 шайлоо округу боюнча талапкер Оскомбаев Азат Кубанычбековичтин 3 ишенимдүү адамы; - № 21 шайлоо округу боюнча талапкер Сатынбаев Динмухамбет Доктурбековичтин 5 ишенимдүү адамы; - № 30 шайлоо округу боюнча талапкер Бакасов Улан Болотбековичтин 6 ишенимдүү адамы; - № 13 шайлоо округу боюнча талапкер Сыдыков Бактыбек Усеновичтин 70 ишенимдүү адамы; - № 10 шайлоо округу боюнча талапкер Эсенбай уулу Талантбектин 14 ишенимдүү адамы; - № 25 шайлоо округу боюнча талапкер Никитенко Наталья Владимировнанын 2 ишенимдүү адамы; - № 27 шайлоо округу боюнча талапкер Деркимбаева Асель Урусовнанын 20 ишенимдүү адамы; - № 19 шайлоо округу боюнча талапкер Эгембердиев Абдылдабек Жолдошалиевичтин 9 ишенимдүү адамы; - № 5 шайлоо округу боюнча талапкер Мурзажигит кызы Зареманын 21 ишенимдүү адамы; - № 20 шайлоо округу боюнча талапкер Разиков Аброр Джононовичтин 9 ишенимдүү адамы; - № 8 шайлоо округу боюнча талапкер Мамырова Бөдөш Аманбаевнанын 4 ишенимдүү адамы. Ишенимдүү адамдарга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет. Ал эми № 2 шайлоо округу боюнча талапкер Калпаев Бактыяр Алиевич 2025-жылдын 24-ноябрында КР БШКга мурда сунуш кылган ишенимдүү адамын чакыртып алуу жөнүндө билдиргендигине байланыштуу талапкердин ишенимдүү адамы Н.Ш.Сальпиеванын каттоосу жокко чыгарылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 25-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
25.11.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 25-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 25-ноябры Убактысы: 15:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Азыгалиев Нурланбек Асанбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 2. № 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Арбышев Бейшен Тургунбаевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 3. № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Маматалиев Марлен Абдрахмановичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 4. № 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Набиева Асель Бурхановнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 5. № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ормонов Улугбек Зулпукаровичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 6. № 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Оскомбаев Азат Кубанычбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 7. № 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сатынбаев Динмухамбет Доктурбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 8. № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бакасов Улан Болотбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 9. № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сыдыков Бактыбек Усеновичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 10. № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эсенбай уулу Талантбектин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 11. № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Никитенко Наталья Владимировнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 12. № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Деркимбаева Асель Урусовнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 13. № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эгембердиев Абдылдабек Жолдошалиевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 14. № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Калпаев Бактыяр Алиевичтин ишенимдүү адамы жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 15. № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мурзажигит кызы Зареманын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 16. № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Разиков Аброр Джононовичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 17. № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мамырова Бөдөш Аманбаевнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 18.2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө (баяндамачы - Турсунбаева Н.З., эл аралык кызматташуу жана шайлоо процессин катышуучулары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти) 19.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер И. Жороевге шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы боюнча чара көрүү тууралуу Асанов Камчыбек Мидиновичтин арызын кароо жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КРдеги Евробиримдиктин Өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло менен жолугушту
24.11.2025

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КРдеги Евробиримдиктин Өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 24-ноябрда Кыргызстандагы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата даярдыктардын жүрүшү, ошондой эле шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында эл аралык өнөктөштөр менен өз ара кызматташуу маселелери талкууланды. Т. Шайназаров Кыргыз Республикасы эл аралык байкоочулардын кеңири катышуусуна ачык экенин белгиледи. 2025-жылдын 24-ноябрына карата Борбордук шайлоо комиссиясы 58 мамлекеттен 770 эл аралык байкоочуну аккредитациялады. Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло Кыргызстандагы парламенттик шайлоолорго ЕБден алты байкоочу катышарын маалымдады. БШК төрагасы өлкөнүн шайлоо мыйзамдарындагы реформалар тууралуу айтып берип, алардын маанилүү жыйынтыктарынын бири - “бир шайлоочу - бир добуш - бир талапкер” принцибинин толук камсыздалышы экенин баса белгиледи. Реми Дюфло аралыктан добуш берүүнү уюштуруу тартибине, талапкерлер менен иштөөдө белгиленген процедураларды сактоо жаатына, үгүт маалында мыйзамда каралган чаралардын колдонушуна, ошондой эле талапкерлердин жыныстык жана этностук өкүлчүлүгүнө кызыгуу билдирди. Ошондой эле чет өлкөдө жашаган Кыргызстандын жарандарынын добуш берүүсүнүн өзгөчөлүктөрү жана аларды өз убагында маалымдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды. Бардык суроолор боюнча Тынчтык Шайназаров кеңири жана толук маалымат берди. Жолугушуунун жүрүшүндө алдыдагы шайлоодо колдонулуучу аралыктан добуш берүүнүн жаңы шайлоо жабдуулары да салттуу түрдө көрсөтүлдү. Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло толук маалымат алганын белгилеп, алдыдагы шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алууну каалады.
Кененирээк билүү >>
Шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузуу боюнча талапкерге жана жарандарга, талапкердин ар намысына шек келтирген жаранга айып пул салынды
24.11.2025

Шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузуу боюнча талапкерге жана жарандарга, талапкердин ар намысына шек келтирген жаранга айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 24-ноябрда шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузган талапкерлер, жарандар жана талапкердин ар намысына шек келтирген жаран боюнча маселелерди карады. Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун социалдык тармактарга жүргүзгөн мониторингдин натыйжасында, социалдык тармактарда талапкерлер Акаев Жанарбек Кубанычович (№ 8 шайлоо округу), Ашимова Динара Ашимовна (№ 8), Бакасов Улан Болотбекович (№ 30), Сейтказиева Эркеайым Алымовна (№ 25) үчүн шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузган маалыматтар таратылып жатканы аныкталган. Тактап айтканда, Facebook социалдык тармагындагы “Janar Akaev” аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык, үгүт шарттарын бузган маалымат таратылып жатканы аныкталган. 2025-жылдын 18-ноябрында № 5139 шайлоо участогунун жанында талапкер Ж.Акаевдин катышуусунда үгүт материалдарын жайгаштыруу менен үгүт иш-чарасы өткөрүлгөн. Шайлоо мыйзамдарында үгүт материалдарын шайлоо комиссияларынын орун жайларына, алардын кире бериш жерлерине жана добуш берүүчү жайларга жайгаштырууга тыюу салынат. Ал эми талапкер Д.Ашимова үчүн шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузган маалымат Instagram социалдык тармагындагы “dinara_ashimova_official” аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык аныкталган. Анда талапкердин кесиптик ишине же кызматтык (кызмат орду боюнча) милдеттерин аткаруусуна байланыштуу жана материалдык баалуулуктарды эл алдында убада кылуу тууралуу маалымат таратылып, мыйзам талаптары бузулган. Талапкер Э.Сейтказиева үчүн үгүт шарттарын бузган маалыматты Instagram социалдык тармагындагы А.Р. Яхизов “iakhizovanvar” аттуу колдонуучу тараткан. Мында да “талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратууга тыюу салынат” деген мыйзам талабы бузулган. Ошондой эле шайлоо дайындалган учурдан тартып, шайлоочуларга пара берүүгө, акчалай каражаттарды берүүгө, белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды берүүгө тыюу салынат. Жумушчу топтун жыйынында А.Яхизов талапкер менен социалдык тармактарда үгүт иштерин жүргүзүү боюнча келишим түзгөнүн, анын жарыялоосу үгүт иштеринин шарттарын бузганын билбегенин түшүндүрдү. Ал эми талапкер У.Бакасов үчүн үгүт шарттарын бузган маалыматты Facebook социалдык тармагында “Adilet Kadyrakunov” аттуу колдонуучу тараткан, ага 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынган. Жумушчу топтун жыйынында А.К. Кадыракунов үгүт шарттарын бузган социалдык тармактагы постторду алып салууга үлгүрбөгөнүн түшүндүрдү. Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 61-беренесине ылайык, шайлоо комиссиясынын өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин жана талаптарын аткарбоо физикалык жактарга айып пул салууга алып келет. КР БШКсына ошондой эле Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнөн № 2 шайлоо округунан талапкер Аманова Бурун Кушбековнанын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды камтыган Ажибаева Насиба Кубатовна жарыялаган материалдар келип түшкөн. Анда Н.Ажибаева WhatsApp мессенджериндеги “Домкомы Кадамжай-Суу каналы” группасында талапкер Б.Аманованын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды тараткандыгы аныкталган. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкерлер жөнүндө атайылап жалган маалымат тараткан же ар-намысына шек келтирген адамдар жазык же башка жоопкерчиликке тартылат. Жумушчу топ талапкер Ж.Акаевге, талапкерлер үчүн үгүт шарттарын бузган жарандар А.Кадыракуновго жана А. Яхизовго Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну, ал эми талапкер Д.Ашимовага эскертүү берүүнү сунуштаган. Н.Ажибаевага Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган. КР БШКсы ошондой эле № 23 шайлоо округунан талапкер Карыпбеков Илим Майрамбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү Т.М. Алхожоевдин арызын карады. Анда үгүт иш-чараларын өткөрүүгө тоскоолдук кылынган факты тууралуу, тактап айтканда Бишкек шаарынын Биринчи май районунда арыз ээсинин үгүтчүлөрүнө көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосуна кирүүгө уруксат берилген эмес деп баяндалган. Кирүүгө тоскоолдук кылган адамдардын айтымында, бул үй талапкер Умбеталы Кыдыралиевге "иштегендиги" менен негизделген. Арыз ээси бул жагдайлар үгүт иштерин жүргүзүүгө тоскоолдуктарды жаратып, бардык талапкерлер үчүн бирдей шарттардын принциптерин бузууга алып келет деген пикирин билдирген. Жумушчу топ арызды карап чыгып, үгүт ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу фактыларын тастыктаган жетиштүү негиздердин жоктугуна, арыз ээсинин жүйөөлөрү далилденбегендигине байланыштуу талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Алхожоевдин арызда көрсөтүлгөн талаптарын канааттандыруудан баш тартууну сунуштаган. Натыйжада, КР БШКсы Жумушчу топтун сунуштарынын негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык талапкер Ж.Акаевге, жарандар А.Кадыракуновго, А.Яхизовго 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, Н.Ажибаевага 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө административдик айып пул салуу милдетин КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүктөдү. Талапкер Д.Ашимовага эскертүү берип, талапкер И.Карыпбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Т.М. Алхожоевдин арызында баяндалган талаптарды канааттандыруудан баш тартты.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы талапкерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартты
24.11.2025

КР БШКсы талапкерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартты

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын өтүнүчүн карады. Натыйжада, КР БШКсы Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынан КР БШКсына 2025-жылдын 22-ноябрында № 30 шайлоо округунан талапкер Бейшеналы Нурдиновду жазык жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тартибинде салынуучу жаза чараларына макулдук берүү жөнүндө өтүнүч келип түшкөн. Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгы билдиргендей, 2025-жылдын 30-октябрында Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүгүндө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө. Өтүнүч катта тергөө иш-аракеттерин жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө талапкер Б.Нурдинов жана анын жакын тууганы көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы аныкталган деп билдирилген. Тактап айтканда, Б.Нурдинов үчүт иш-чараларынын жүрүшүндө 45 000 сом акча каражаттарын С.Тайчыманов аттуу жаранга шайлоодо добуш алуу максатында берген деп жазылган. Муну менен катар КР БШКсына 2025-жылдын 22-ноябрында талапкердин жубайы А. Касымбековадан 2025-жылдын 20-ноябрында С.Тайчымановго 45 000 сомду карызга берип, тил кат жаздырып алгандыгы тууралуу кайрылуу келип түшкөн. Мындай жагдайда КР БШКсы тергөө иштерин кошумча ар-тараптуу жана объектидүү жүргүзүү үчүн өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты.
Кененирээк билүү >>
1 25 27 482