Башкы Жаңылыктар КР БШК № 24 шайлоо округу боюнча шайлоонун …

КР БШК № 24 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти

07-Дек, 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, № 24 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин  депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
     № 24 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Салымбеков Жумабек Мамытбаевич – 7481 добуш 22,16%;
- Карыбек Уулу Улукбек – 6038 добуш 17,89%;   
- Акимбаева Гульнара Орозбековна – 3505 добуш 10,38%;
№ 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 60 шайлоо участогу жана кошумча 4 аралыктан добуш берүү участогу ачылып, шайлоочулардын тизмесине 134 994  шайлоочу киргизилген. 
Добуш берүүгѳ 34 309 шайлоочу, же 25,42% катышты. Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 29339 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 21,73% түздү. 4970 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 3,68% түздү. 
№ 24 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо КР БШКсы 14 талапкерди каттады, шайлоого 13 талапкер катышты.
№ 24 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы     № 24 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1.    Карыбек Уулу Улукбек – 6038 добуш 17,89%;   
2.    Салымбеков Жумабек Мамытбаевич – 7481 добуш 22,16%;
3.    Исмаилов Арафат Сайдахматович – 5595 добуш 16,58%;
4.    Кульмамбетова Алтынай Болотовна –  325 добуш 0,96%;
5.    Акимбаева Гульнара Орозбековна – 3505 добуш 10,38%;
6.    Исаева Майрамкуль Тургунбековна 324 добуш 0,96%;
7.    Ибраймакунов Данияр Омурбекович 486 добуш 1,44%;
8.    Молдалиева Шарийпа Токтоматовна 1757 добуш 5,21%;
9.    Орозбаев Мирлан Кубатбекович 288 добуш 0,85% ;
10.    Шарапова Жибек Закировна 683 добуш 2,02%%;
11.    Кайыпов Эржан Сулайманович 305 добуш 0,90%;
12.    Токторбаева Кыял Айтбековна 1102 добуш 3,26%;
13.    Эргешов Казыбек Кочкорович 3434 добуш 10,17%;
14.    Каттоосу жокко чыгарылган; 
15.    Баарына каршы 2432 добуш 7,20%.

№ 24 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко 3 арыз (даттануу) келип түштү жана округдук шайлоо комиссиясынын чечими менен 2 участоктун жыйынтыгы жокко чыгарылды.
Ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. Кабыл алынган чечимдер даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди.
КР БШКсы, № 24 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-декабрындагы № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 24 көп шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Салымбеков Жумабек Мамытбаевич, Карыбек Уулу Улукбек жана Акимбаева Гульнара Орозбековна таанылды.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
21-Сен, 2026

КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты

КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү
21-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 21-сентябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинен байкоочулар миссиясынын Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасына 2026-жылдын 18-20-сентябрында өткөн депутаттарды шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.Тынчтык Шайназаров жарандардын добуш берүүгө активдүү катышканын, шайлоо процессин уюштуруунун жана технологиялык жактан даярдоонун жогорку деңгээлин, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесипкөй ишин белгиледи.КР БШКнын төрагасы өткөн шайлоо өзгөчө шарттарда өткөрүлгөнүн белгиледи. Добуш берүү мезгилинде учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен жасалган чабуулдар катталып, анын кесепетинен шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жабыркаган. Тынчтык Шайназаров жабыркагандарга тезирээк сакайып кетүүсүн каалады.Ал ошондой эле татаал шарттарда жарандардын жогорку активдүүлүгүн жана коомдун биримдигин белгиледи. Жарандардын шайлоого катышуусу жана болжол менен 58 пайызды түзгөн шайлоочулардын жогорку катышуусу коомчулуктун шайлоо процессине олуттуу кызыгуусун көрсөтүп турганын айтты.Тынчтык Шайназаров россиялыктарды шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктап, Россия элине жана мамлекетине тынчтык, гүлдөп-өнүгүү жана мындан аркы ийгиликтерди, ал эми тогузунчу чакырылыштагы Мамлекеттик Думанын шайланган депутаттарына жемиштүү иш каалады.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты
21-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты

Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты.Ал шайлоо процессин уюштуруунун жана технологиялык жактан даярдоонун жогорку деңгээлин, жарандардын эркин добуш берүүсүн камсыз кылуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн, ошондой эле салттуу добуш берүү менен аралыктан электрондук добуш берүүнүн айкалышын белгилеп өттү.КР БШКнын төрагасы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесипкөйлүгүн жана шайлоочулардын жогорку активдүүлүгүн баса белгиледи.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
20-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн алкагында Россия Федерациясында иш алып барууну улантууда. Бүгүн, 20-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү эл аралык миссиялардын курамында добуш берүү процессине жана шайлоо участкаларынын ишине байкоо жүргүзүүнү улантышууда. КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШнын байкоочу миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын курамында иш алып барууда. Эл аралык байкоого КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да катышууда. Күн ичинде КР БШКнын өкүлдөрү шайлоо участокторуна барып, добуш берүүнүн уюштурулушу жана шайлоо комиссияларынын иши менен таанышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында бир катар жумушчу жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган. КМШнын миссиясынын курамында добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын аймагында Бишкек, Ош, Каракол жана Кант шаарларында түзүлгөн шайлоо участокторунда иш алып барган КР БШКнын өкүлдөрү да катышууда. Эске салсак, 18–19-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү Москва шаарында өткөн «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышты. Тынчтык Шайназаров конференцияда баяндама жасады. Ошондой эле ал россиялык телеканалдарга интервью берип, Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо жаатындагы эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. Маалымат үчүн: Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоо 2026-жылдын 18–20-сентябрында өтүүдө. Россия Федерациясынын жарандары Мамлекеттик Думанын 450 депутаттарын шайлашат: алардын 225и федералдык шайлоо округу боюнча партиялык тизмелерден, 225и бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат. Өлкөдөн тышкары жашаган Россия жарандарынын добуш берүүсү үчүн 152 мамлекетте 333 шайлоо участкасы түзүлгөн. Ошол эле учурда Россия Федерациясынын аймактарында аймактык жана муниципалдык шайлоолор өтүүдө. Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына өтүүчү шайлоого 10 саясий партия катышууда. Партиялар үчүн шайлоо босогосу 5 пайызды түзөт.20312200250175
Кененирээк билүү >>