Башкы Жаңылыктар КР БШК № 27 шайлоо округу боюнча шайлоонун …

КР БШК № 27 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти

07-Дек, 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.

Токтомго ылайык, № 27 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин  депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.

 № 27 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:

- Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич – 13 445 добуш (22,13%);

- Муратбеков Табылды Муратбекович – 5 992 добуш (9,86%);

- Молдобекова Гулкан Сакиновна – 5 156 добуш (8,48%).

№ 27 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 120 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 157 463 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 61 465 шайлоочу катышкан, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 39,03% түздү.

Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 53 710 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 34,1% түздү. 7 604 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 4,83% түздү. 

№ 27 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 24 талапкерди каттады, шайлоого 24 талапкер катышты.

№ 27 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы     № 27 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

1.    Алымбеков Искендер Кенешбекович – 3 205 добуш (5,27%);

2.    Дубанбаева Анар Сартбаевна – 203 добуш (0,33%);

3.    Намазова Бурул Тилековна – 926 добуш (1,52%);

4.    Качкынов Самат Турганбекович – 1 232 добуш (2,03%);

5.    Султанов Каныбек Султанович – 4 510 добуш (7,42%);

6.    Муратбеков Табылды Муратбекович – 5 992 добуш (9,86%);

7.    Шабданбаев Канат Кенешович – 2 905 добуш (4,78%);

8.    Сураналиев Талгат Чыныбекович – 1 321 добуш (2,17%);

9.    Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич – 13 445 добуш (22,13%);

10.    Асамудинов Бактыбек Асанович – 270 добуш (0,44%);

11.    Атаев Акжол Сабырбекович – 1 247 добуш (2,05%);

12.    Таалайбеков Тагир Таалайбекович – 1 180 добуш (1,94%);

13.    Исаматова Айзат Тыныбековна – 1 757 добуш (2,89%);

14.    Джаилов Таалайбек Карыпович – 2 285 добуш (3,76%);

15.    Молдобекова Гулкан Сакиновна – 5 156 добуш (8,48%);

16.    Джумабекова Акылсайра Кадыралиевна – 1 004 добуш (1,65%);

17.    Асанкулова Алтынай Джолучуевна – 3 000 добуш (4,94%);

18.    Озбекова Женишгул Авазовна – 1 926 добуш (3,17%);

19.    Мерканов Адилет Асанович – 668 добуш (1,10%);

20.    Супатаева Альфира Илиясовна – 1 319 добуш (2,17%);

21.    Деркимбаева Асель Урусовна – 1 837 добуш (3,02%);

22.    Абдыкалыкова Гүлбара Кадырбековна – 648 добуш (1,07%);

23.    Асакеев Ринат Сапарбекович – 1 161 добуш (1,91%);

24.    Алымбаева Эльнура Сталиковна – 2 288 добуш (3,77%);

25.    “Баарына каршы” позициясына – 1 281 добуш (2,11%).

Шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко  арыз (даттануу) келип түшкөн жок.

КР БШК № 27 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 27 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.

№ 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич, Муратбеков Табылды Муратбекович жана Молдобекова Гулкан Сакиновна таанылды.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>