Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Оштогу жалпыга маалымдоо каражаттары жана ЖКУлар шайлоодо саясий партияларды көзөмөлдөө механизмдери жөнүндө айтып беришти
Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жалпыга маалымат каражаттарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү үчүн “Шайлоо кампанияларын каржылоого мониторинг” деп аталган тренинг өткөрдү.
Бул тренингдер сериясы БУУнун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен Кыргыз Республикасында ЖКУ өкүлдөрүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарын глобалдык жана улуттук масштабда саясий каржылоонун негизги аспектилери менен тааныштыруу максатында уюштурулган.
Тренингдин катышуучуларына үгүт иштерин каржылоонун институционалдык негиздери, саясий каржы жаатындагы эл аралык стандарттар жана түшүнүктөр түшүндүрүлдү, алар кирешелердин, чыгымдардын мониторингине, отчеттуулукка жана саясий партиялар тарабынан үгүт иштерин каржылоо боюнча маалыматтарды ачып берүүгө жардам берет.
Тренингдин жүрүшүндө саясий ишмердикти каржылоо тутумунун ачыктыгын жогорулатуу зарылчылыгы жөнүндө түшүнүк жогорулады, байкалган жана жарыяланган кирешелер менен чыгымдардын ортосундагы олуттуу айырмачылыктарды аныктоочу инструменттер көрсөтүлдү, алар кийинчерээк саясий партияларды жоопко тартуу үчүн колдонулушу мүмкүн, ошондой эле колдонуудагы эрежелерди натыйжалуу жүзөгө ашырууга колдоо көрсөтүү жана ачык-айкындуулуктун жогорку деңгээлин талап кылуу белгиленди.
Жарандар, жарандык коом уюмдары (ЖКУ) жана ЖМК мамлекеттик органдардын өз функцияларын аткаруусунун сапатын текшерүүдө маанилүү роль ойноого жөндөмдүү. Алар шайлоо кампанияларынын чыгымдарына мониторинг жасап, анын жыйынтыгында саясий партиялар жана талапкерлер саясий каржылоонун тиешелүү мыйзамдарына баш иерин, ошондой эле бул тармактагы текшерүү органдарына талаптагыдай укук колдонууну камсыз кылышаарын көрсөтөт.
КР БШК Маалыматы болот
Кененирээк билүү >>
“Мекен Ынтымагы” партиясы Балыкчы шаардык кеңешке шайлоого талапкерлигин коюудан баш тартты
2021-жылы 11-мартта Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясына “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынан Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз түштү.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык саясий партия ар кандай убакта, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен талапкерлердин тизмесин чакыртып алууга жана шайлоого катышуудан баш тартууга же болбосо тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндөгү тиешелүү арыз берүү менен талапкерди (талапкерлерди) тизмеден чыгарып салууга укуктуу. Бул учурда талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комиссиясы тиешелүүлүгүнө жараша төмөнкү чечимдерди кабыл алууга милдеттүү: 1) талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө; 2) талапкерди (талапкерлерди) талапкерлердин тиешелүү жөнүндө.
Мыйзамдарга ылайык Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясы “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон алып салуу жөнүндө чечим кабыл алды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 18-мартында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 18-март 2021-ж.
Убактысы: 10:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Баткен жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 1 «макул», жетекчиси – Тентишев 3..)
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 2 «макул», жетекчиси – Сапаркулова М.С.)
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 3 «макул», жетекчиси – Исмаилов Ф.Д.)
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 1 «каршы», жетекчиси – Карасартова Р.Р.)
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
6. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 2 «каршы», жетекчиси – Сооронкулова К.С.)
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
7. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) катталган үгүт топторунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
8. "Эмгек Партиясы" саясий партиясынын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 11-мартындагы чечимине даттануусу боюнча
(баяндамачы – Абдысатаров Т.З., Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
9. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК «Тизме» мамлекеттик порталында Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) катышуучуларынын алдын ала тизмесин жайгаштырды
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31 Мыйзамы менен жекшембиге – 2021-жылдын 11-апрелине Кыргыз Республикасынын бүт аймагында «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындалды.
2021-жылдын 15-мартында Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) катышуучуларынын алдын ала тизмеси түзүлүп КР БШКга өткөрүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмеси «Тизме» шайлоочуларынын мамлекеттик порталында - https://tizme.gov.kg/ жайгаштырылды.
2021-жылдын 16-мартына карата алдын ала тизмелер 2482 участкалык шайлоо комиссияларында, №3203 УШКдан тышкары (“Кумтөр” кениндеги УШК) илинди. Алдын ала тизмелердеги катышуучулардын саны: 3 597 476 жаран, анын ичинен 1 721 153 эркек, 1 876324 аял же тийиштүүлүгүнө ылайык 47,84% жана 52,16%. 2021-жылы 10-январда өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу шайлоочулардын биротоло тизмесине жана референдумдун катышуучуларынын тизмесине салыштырмалуу өсүш 33 902 шайлоочуну түздү.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары 48 шайлоо участогу түзүлдү, 2021-жылдын 15-мартында алдын ала тизмеде референдумдун катышуучуларынын саны 54138 жаранды түздү.
Урматтуу референдумдун катышуучулары!
2021-жылдын 11-апрелине (жекшембиге) дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумуна катышуу үчүн 2021-жылдын 27-мартына чейин тизмеден жеке маалыматтарыңызды тактооңуз зарыл:
- «Тизме» шайлоочулардын мамлекеттик порталында - https://tizme.gov.kg/;
- өзүңүздүн шайлоо участогуңузда;
- паспортуңузда көрсөтүлгөн ПИН-номуруңуз менен 119 номуруна чалып же SMS жөнөтүү менен (чалуу жана SMS акысыз), Сиз шайлоо участогуңуздун номурун жана дарегин аласыз.
Эгерде шайлоочулардын тизмесинен кандайдыр бир ката же так эместик табылса, анда 2021-жылдын 27-мартына чейин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына паспортту (ID-card) көрсөтүп, анын көчүрмөсүн арызга тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө арыз менен кайрылуу керек.
Шайлоо участогунда арыз бергенде, шайлоочу биометрикалык идентификациядан милдеттүү түрдө өтөт!
Көңүл буруңуз! Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары жашаган же жүргѳн Кыргыз Республикасынын 18 жашка чыккан жараны тышкы иштер маселелерин тескеген мамлекеттик органдын (КР элчиликтери, консулдуктары) консулдук эсепке (убактылуу консулдук эсепке) эсепке туруу жана биометрикалык идентификациядан өтүү жолу менен референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилет.
Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарында (Калкты тейлөө борборлорунда, паспорт столдорунда жана ЗАГС бөлүмдөрүндө) биометрикалык каттоодон өтүп же паспорттук маалыматтарыңызды жаңырта аласыз!
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
“Ак Бата” саясий партиясы Бишкек АШКга даттануусун кайра чакыртып алды
Бүгүн – 2021-жылы 16-мартта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында КРде шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ “Ак Бата” саясий партиясынын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын аракеттерине даттануусун кайра чакыртып алгандыгы жөнүндө маалымат берди.
Жумушчу топ саясий партиялардын тизмелерин каттоо тартиби жөнүндө мыйзамдын, “Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Нускаманын ченемдерин түшүндүргөндөн кийин, ошондой эле талкуунун жүрүшүндө арыз ээси өз арызын кайра чакыртып алуу жөнүндө чечим кабыл алды.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ жөнүндө” Жобонун 3.1-пунктун жетекчиликке алып, Жумушчу топ “Ак Бата” саясий партиясы Бишкек АШКнын аракеттерине даттануусун кайра чакыртып алгандыгы жөнүндө КР БШКга маалымат берди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын даттануусун канааттандыруудан баш тартты
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылдын 16-мартындагы жыйналышында Сүлүктү АШКнын 2021-жылдын 11-мартындагы №18 чечими мыйзамдуу болгондугуна байланыштуу «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Сүлүктү шаары боюнча координатору М.И. Шадиевдин даттануусу боюнча талаптарды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.
2021-жылы 13-мартта КР БШКга «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Сүлүктү шаары боюнча координатору М.И. Шадиевдин ишеним каты боюнча өкүлү С.А. Топбаевден Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 11-мартындагы №18 чечимине даттануу түшкөн.
Арызда арыз ээси “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык пропорциялуу система боюнча шайлоодо саясий партия – ар бир бирдиктүү шайлоо округу боюнча ошол жергиликтүү кеңеш үчүн белгиленген депутаттык орундардын санынан бир жарым эседен кем эмес ашкан сандагы талапкерлерди көрсөтүүгө укуктуу экендигин көрсөтөт. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы Сүлүктү АШКга документтерди берген учурда көрсөтүлгөн тизмеде 47 талапкер болгон, бул жогоруда көрсөтүлгөн ченемге ылайык келет (Сүлүктү шаардык кеңеште – 31 мандат).
Арыз ээси “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 4-бөлүгүнө шилтеме берип, Сүлүктү АШК талапкерлердин тизмесин каттабаганга укуксуз болчу, себеби АШК 53-берененин 8-бөлүгүн жетекчиликке алууга тийиш эле, ал талапкерлерди каттоодон баш тартуу үчүн толук негиз берет деп эсептейт.
Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) даттанууда баяндалган жагдайлар боюнча бардык жагдайларды алдын ала аныктоо жана изилдөө үчүн Сүлүктү АШКдан түшүндүрмө алган.
Документтерди кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы берген документтерди текшерип, тизмеде 35 эркек жана 12 аял бар экендигин жана эркектердин саны 70%га ашык экендигин, 37 номурунан кийинки 8 позицияда – эркектер болгондугун, тизмедеги үч талапкердин жарактуу мөөнөтү бүткөндүгүн, 1 талапкер белгиленген жаш куракка жетпегендигин аныктады.
Сүлүктү шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүүдө «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүндө белгиленген талаптарды сактабагандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 11-мартындагы №18 чечиминде Сүлүктү АШК көрсөтүлгөн ченемге туура шилтеме жасаган деген тыянакка келди.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41, 42, 49, 53-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы №212 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары карап чыгышынын тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сүлүктү АШКнын 2021-жылдын 11-мартындагы №18 чечими мыйзамдуу болгондугуна байланыштуу «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Сүлүктү шаары боюнча координатору М.И. Шадиевдин даттануусу боюнча талаптарды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК «Тилектештик» саясий партиясынын даттануусу боюнча Ош АШК чечимин күчүндө калтырды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 16-мартындагы жыйналышында Ош шаардык АШКнын 2021-жылдын 11-мартындагы №14 чечими мыйзамдуу болгондугуна байланыштуу «Тилектештик» саясий партиясынын арызы боюнча талаптарды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.
2021-жылы 14-мартта КР БШКга «Тилектештик» саясий партиясынын төрагасы Т. Келдибаевден “«Тилектештик» саясий партиясы көрсөткөн Ош шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлердин тизмеси жөнүндө” Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 11-мартындагы №14 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арыз түшкөн. Арызда саясий партия өз съездинде Ош шаардык кеңешине депутаттыкка 75 талапкердин тизмесин көрсөткөндүгүн, 52 талапкердин документери толук көлөмдө, 23 талапкердики кээ бир кемчиликтер менен берилгенин көрсөтөт.
Арызда 2021-жылы 10-мартта саат 19.00дө Ош шаардык АШК кээ бир документтердин жетпегендиги жана документтердеги дал келбестиктерди 2021-жылдын 11-мартында саат 12.00гө карата оңдоо зарылдыгы жөнүндө билдиргени айтылат. Маалымдоо алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде да, талапкердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин да “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин талаптарына ылайык керектүү документтер «Тилектештик» саясий партиясы тарабынан Ош шаардык АШКга берилген эмес.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү тартиби “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинде белгиленген. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 8-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн ушул Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө талапкерлердин тизмесин каттоодо баш тартуунун негизи боло алат.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык аймактык шайлоо комиссиясы “жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларына талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин, алардын өкүлдөрүн каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берет”.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ош шаардык АШКнын 2021-жылдын 11-мартындагы №14 чечими “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49, 53-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык кбал алынган деген тыянакка келди.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41, 42, 49, 53-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18, 20-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары карап чыгышынын тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ош шаардык АШКнын 2021-жылдын 11-мартындагы №14 чечими мыйзамдуу болгондугуна байланыштуу «Тилектештик» саясий партиясынын арызы боюнча талаптарды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун башчыларын шайлоо графиги
ЖӨБОнун башчыларын шайлоо графиги
№
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
Шайлоону өткөрүү убактысы
Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөөнөтү
Талапкерлердин
каттоо мөөнөтү
кайра шайлоо
2021-жылдын 26-марты
Баткен облусу
Баткен району
1
Ак-Сай айыл өкмөтү
саат 9:00дөн 12:00 чейин
саат 18:00гө чейин
20.03.2021-ж.
саат 18:00гө чейин 23.03.2021-ж.
кайра шайлоо
2021-жылдын 31-марты
Талас облусу
Кара-Буура району
1
Бакыян айыл өкмөтү
саат 9:00дөн
12:00 чейин
саат 18:00гө чейин
25.03.2021-ж.
саат 18:00гө
чейин
28.03.2021-ж.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаарынын жарандык коомунун уюмдарына партиялардын шайлоо фонддоруна кандай байкоо жүргүзүүгө болорун түшүндүрүштү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУ ӨП) колдоосу менен жарандык коомдун уюмдары (ЖКУ) жана жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) үчүн шайлоо өнөктүктөрүн каржылоого байкоо жүргүзүү боюнча тренинг өткөрдү.
Шайлоо өнөктүктөрүн каржылоонун институттук негиздери, киреше, чыгашаларга, отчёттуулукка жана талапкерлердин, саясий партиялардын өнөктүктөрүн каржылоо жөнүндө маалыматтарын ачууга, алардын шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо боюнча ченемдик актыларга жана эрежелерге жалпы ылайык келүүсүнө учурунда контролдук жүргүзүүгө көмөктөшүүчү негизги ыкмалар жана инструменттер тууралуу ЖКУга жана ЖМКга маалымдоо максатында тренингдердин сериясы бүт өлкөдө башталды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан шайлоону мамлекеттик бюджеттен каржылоонун айкындуулугун, ошондой эле шайлоого катышуучу партиялардын шайлоо фонддорунун айкындуулугун камсыздоого багытталган ченемдик актылардын топтому кабыл алынганы катышуучуларга маалымдалды.
Кабыл алынган жоболор мерчемдөөнүн стандарттарынан жана мамлекеттик бюджеттин шайлоо боюнча отчёттуулугунан тышкары, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна төгүлүүчү акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын ачууну, шайлоо өнөктүгү убагында саясий партиялардын чыгымдарынын айкындуулугун дагы караштырат.
БШКнын сайтында шайлоо фонддорунун каражаттарынын кыймылы тууралуу төмөнкүдөй маалыматтар жума сайын жарыяланып турат:
фондго түшкөн каражаттардын булактары боюнча – партиянын фондуна качан, ким, канча каражат төккөнү;
чыгымдар боюнча – товар же кызмат көрсөтүү үчүн качан, кимге, канча каражат төлөнгөнү.
Тренингдер Ош, Талас, Нарын, Каракол, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларында дагы өтөт.
Төмөнкү шилтеме боюнча катталса болот.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК журналисттерди үгүт иштерин каржылоого мониторинг жүргүзүү боюнча тренингдерге чакырат
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун колдоосу менен жарандык коом уюмдары жана жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн үгүт иштерин каржылоого мониторинг жүргүзүү боюнча бир катар тренингдерди баштады.
Тренингдердин максаты – жарандык коом уюмдарынын (ЖКУ) өкүлдөрүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарын дүйнөлүк жана улуттук масштабда саясий каржылоонун негизги аспектилери менен тааныштыруу. Катышуучулар үгүт иштерин каржылоонун институционалдык негиздери, кирешелерди, чыгымдарды көзөмөлдөө, отчеттуулук жана талапкерлер, саясий партиялар тарабынан үгүт иштерин каржылоо жөнүндө маалыматты ачуу, ошондой эле алардын ченемдик укуктук актыларга жана үгүт иштерин каржылоого жалпы шайкештигине жардам берүүчү негизги ыкмалар жана эрежелер жөнүндө түшүнүк алышы керек.
Мындан тышкары, тренингдердин темаларында 2021-жылдын 11-апрелинде боло турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо учурунда шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо, талапкерлердин жана саясий партиялардын каржылык отчетторун даярдоонун эрежелери жөнүндө суроолор камтылган, ошондой эле шайлоону өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрүнө жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерине көңүл бурулат.
Жарандык жана журналисттик коомчулукта мониторинг жүргүзүү, жарандарды саясат менен акчанын өз ара байланышы, каржылоонун шайлоонун натыйжаларына тийгизген таасири жөнүндө маалымат берүү жана үгүт иштерин каржылоо жаатында Кыргыз Республикасынын улуттук саясаты жөнүндө билим алууга сонун мүмкүнчүлүк бар. саясий ишмердүүлүктү каржылоо тутуму канчалык ачык-айкын болсо, коррупцияга азыраак дуушар болот, бул үчүн ачык-айкындуулук деңгээлин жогорулатуу керек.
Тренингдер 15-27-март аралыгында төмөнкү шаарларда өткөрүлөт: Баткен, Ош, Талас, Нарын, Каракол, Жалал-Абад жана Бишкек.
Катышуу үчүн бул жерден катталсаңыз болот.
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
«Клооп Медиа» коомдук фонду жергиликтүү кеңештердеги шайлоолорго жана референдумга байкоо жүргүзөт
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 16-мартындагы дагы отурумунда 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Клооп Медиа» коомдук фондунан келип түшкөн билдирүүлөрдү эске алды.
Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына «Клооп Медиа» КФнун коомдук байкоочуларын мыйзамда белгиленген тартипте каттоо жана аларга белгиленген формадагы күбөлүктөрдү берүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.
«Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-1-беренесин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы №31 Мыйзамын, 2021-жылдын 8-февралындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» ПЖ № 21 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, «Клооп Медиа» коомдук фондунун 2021-жылдын 15-мартындагы билдирүүсүнүн негизинде кабыл алынды.
КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Бакыян айыл өкмөтүнун башчысын кайра шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 16-мартындагы отурумунда Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2021-жылдын 31-мартына дайындоо жөнүндө чечим кабыл алды.
Шайлоо саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлөт.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 25-февралындагы № 49 токтому менен 2021-жылдын 16-мартына дайындалган Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо катталган талапкер добуштардын зарыл болгон санын албай калган.
Ушуга байланыштуу Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясына Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүү тапшырылды.
БШК «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кайра шайлоо жөнүндө чечим кабыл алды.
БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК референдумдун добуш берүү үчүн бюллетенинин формасын жана текстин бекитти
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 16-мартындагы жыйналышында 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүдө) добуш берүү үчүн бюллетенинин формасын жана текстин бекитүү жана добуш берүү үчүн бюллетендерди “Учкун” ААКсында даярдоону ишке ашыруу жөнүндө токтом кылды.
Чечим«Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 31-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31 Мыйзамынын 3-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, «Катуу көзөмөлдөгү отчеттуулук документтерин даярдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 22-сентябрындагы № 540 токтомун жетекчиликке алып кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 16-мартында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 16-март 2021-ж.
Убактысы: 19.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) добуш берүү үчүн бюллетени жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы )
2. Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы )
3. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана Кыргыз Республикасынын референдумунда байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Клооп Медиа» коомдук фондунун билдирүүсү жөнүндө.
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти)
4. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана Кыргыз Республикасынын референдумунда байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Коомар Медиа» коомдук фондунун билдирүүсү жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти)
5. "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын Сүлүктү шаарындагы координатору М.И.Шадиевдин даттануусу жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
6. «Тилектештик» саясий партиясынын даттануусу жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
7. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Ош шаарында АШК, укук коргоо органдары жана прокуратура шайлоодо бузууларга жол бербөө үчүн партиялар менен бирге иштейт
Бүгүн – 2021-жылы 15-мартта Ош аймактык шайлоо комиссиясында 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Ош шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партиялар менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга КР БШК Төрагасынын орун басары Бекматов А.Г., Ош шаарынын ИИББ начальнигинин орун басары Раимбердиев А., Ош шаарынын прокурорунун орун басары Баатыров К. М., УКМКнын аймактык башкармалыгынын өкүлү Жороев К. Т. катышты.
Жолугушууда бардык партияларга жана талапкерлерге тең укуктук шарттарды камсыздоо, тигил же бул партиялардын кызыкчылыктарына администрациялык ресурсту колдонууга жол бербөө, добуштарды сатып алууга ж.б. бузууларга каршы аракеттенүү маселелери талкууланды.
Бир дарекке жапырт каттоо учурларын жоюу үчүн шайлоочулардын тизмесин түзүүгө байланыштуу коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу боюнча КР БШК тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу айтылды.
А. Бекматов Ош АШК тараптан ички иштер, прокуратура органдары, УКМК менен өз ара аракеттешип, шайлоо өнөктүгүн өткөрүүдө бардык партиялар үчүн тең шарттарды камсыздоо, шайлоо укуктарын жана шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам жана натыйжалуу чара көрүү боюнча бардык аракеттер жасалары тууралуу партиялардын өкүлдөрүнө маалымат берди. Бул үчүн Ошто Ош АШКнын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн турган Ыкчам чара көрүүчү координациялык топ (ЫЧКТ) түзүлдү, шайлоодо бузуулар орун алган учурда ага кайрылса болот.
Партиялардын өкүлдөрү администрациялык ресурсту колдонуу ж.б. бузуулар жөнүндө түшкөн маалыматтрга байланыштуу тынчсыздануусун билдиришти, ошондой эле айрым талапкерлерге кысым жасалып жаткандыгы тууралуу маалымат беришти.
Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү ар бир билдирүү боюнча кылдат, калыс териштирүү жүргүзүлөрүн, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартыла тургандыгын убада кылышты.
А. Бекматов шайлоо комиссиялары жана ЫЧКТ партиялар менен өз ара аракеттешип иштөөгө эшиги ачык экендигин билдирип, мыйзамдуу жана акыйкат шайлоо өткөрүү үчүн укук нугунда биргелешип аракеттенүүгө чакырды.
Партиялар өз өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын, партиялаштарынын, үгүтчүлөрүнүн, ага-туугандарынын, досторунун, тааныштарынын ж.б. адамдарынын шайлоочулардын добуштарын сатып алууга катышуусуна, администрациялык ресурсту колдонууга жол бербесе, адил жана акыйкат шайлоо өткөрүүгө ар тараптан көмөктөшсө деген каалоо айтылды.
Ош АШКнын ЫЧКТ партиялар менен дайыма жолугушуп, учурдагы шайлоо кырдаалы тууралуу маалымат алышып турууга даяр экендигин билдирди. Жолугушууда тараптар ыкчам түрдө маалымат алмашып туруу максатында саясий партиялардын өкүлдөрү жана Ош АШКнын ЫЧКТ мүчөлөрү менен whatsapp-топторду түзүү жөнүндо сунушту колдошту.
Ош шаардык кеңешке шайлоого төмөнкү 9 партия катышат: "Ата Журт Кыргызстан", "Улуттар биримдиги", "Бүтүн Кыргызстан", "Ишеним", "Бир Бол", "Ыйман Нуру", "Ынтымак", "Улуу-Журт", "Республика".
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
08.10.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 9-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
07.10.2026
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07.10.2026
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
05.10.2026
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
02.10.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады