Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого "Ак-Тан Би" КФ байкоо жүргүзөт
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 1-апрелиндеги отурумунда, КР БШКсына "Ак-Тан Би" коомдук фондусунан 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүү ниети жөнүндө билдирүү келип түшкөн. Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына белгиленген формадагы күбөлүктөрдү берүү менен коммерциялык эмес уюмдун коомдук байкоочуларын каттоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.
Чечим "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-1-беренесине, "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7, 18-беренелерине, КР Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы УП №21 "КР жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө" жарлыгына, КР БШКнын 2017-жылдын 11-июлунда бекитилген "КР Президентин, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана КР референдумунда коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө" №226 жобосуна ылайык жана "Ак-Тан Би" коомдук фондунун билдирүүсүнүн негизинде кабыл алынды.
КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
№1 «макул» үгүт тобунда каржы маселелери боюнча жаңы ыйгарым укуктуу өкүл катталды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 8-апрелиндеги жыйналышында КР БШКнын 2021-жылдын 18-мартындагы № 36 чечими менен катталган №1 «макул» үгүт тобунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эдигеев Джанат Асылбековичти каттоону жокко чыгаруу жана ага берилген күбөлүктү жараксыз деп таануу жөнүндө чечим кылды.
КР БШК Тологонов Данияр Нурдиновичти 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) катталган №1 «макул» үгүт тобунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттады.
Чечим Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечимин эске алып, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК референдумда үгүт ишине катышуу үчүн ЖМКларды жана интернет-басылмаларын аккредитациядан өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 1-апрелиндеги жыйналышында 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгѳ) үгүт ишине катышуу үчүн 7 жалпыга маалымдоо каражатын жана интернет-басылманы аккредитациялоо жөнүндө токтом кылды:
- 7 (жети) жалпыга маалымдоо каражаттары;
- 2 (эки) интернет басылмалар.
Телевидение
№
ЖМК аталышы
1
Коомдук телерадиоберүү корпорациясы
Телеканал: «ОТРК/КТРК»
2
Коомдук телерадиоберүү корпорациясы
Телеканал: «Ала-Тоо 24»
Радио
№
ЖМК аталышы
3
ОсОО «Радиокомпания «Европа»
Радиостанция «Ретро ФМ»
4
ОсОО «Радиокомпания «Европа»
Радиостанция: «Европа плюс Кыргызстан»
5
ОсОО «Радиокомпания «Европа»
Радиостанция:
«Кыргызстан Обондору»
6
ОсОО «Радиокомпания «Европа»
Радиостанция:
«Суйунчу ФМ»
7
Коомдук телерадиоберүү корпорациясы
Радиостанция: «Биринчи радио»
Интернет басылмалар
№
Наименование интернет-изданий
8
ОсОО «Агентство коммерческой информации «Кыргызстан»
Интернет басылма: «АКИpress»
www.akipress.org
9
ОсОО «Информационное агентство «24.kg»
Интернет басылма: www.24.kg
Токтом «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумунда (бүткүл элдик добуш берүүдѳ) жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо тууралуу шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча Жумушчу топтун сунушун эске алып, «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20, 25, 26-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарына жана 18-беренесине ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумга эл аралык байкоочуларды аккредитациядан өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 1-апрелиндеги жыйналышында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда Ислам Кызматташтык Уюмунун байкоочулар миссиясынын 4 өкүлүн, Македония Республикасынын Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын 4 өкүлүн, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 4 өкүлүн эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо токтомун кабыл алды.
2021-жылдын 1-апрелине карата абал боюнча төмөнкү 14 мамлекеттин уюмдарынан 59 эл аралык байкоочу аккредитациядан өттү:
Шайлоо органдары:
- 8
Эл аралык уюмдар:
- 3
Дипломатиялык өкүлчүлүктөр:
- 1
№
Чет мамлекеттердин шайлоо органдары
Саны
Молдова
2
Азербайжан
2
Россия
1
Украина
2
Беларусь
2
Түркия
2
Казакстан
2
Македония
4
Бардыгы:
17
Эл аралык уюмдар
Ханнс Зайдель Фондунун КР өкүлчүлүлүгү
1
КМШ ПАА
33
ШТУ
4
Бардыгы:
38
Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөр
Япония Элчилиги
4
Бардыгы: 59
№
Жарандыгы боюнча
Саны
ГФР
1
Молдова
2
Азербайжан
4
Россия
30
Украина
2
Беларусь
3
Түркия
2
Казакстан
3
Тажикстан
1
Мальдив Республикасы
1
Республика Ирак
1
Сауд Республикасы
1
Македония Республикасы
4
Япония
4
Бардыгы:
59
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК эки талапкерди "Бир Бол" мамлекеттик биримдик жана патриоттуулук саясий партиясынын тизмесинен чыгарды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 1-апрелиндеги жыйынында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлер тизмесинен төмөнкү адамдарды саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн тизмеден чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. "Бир Бол" мамлекеттик биримдик жана патриоттуулук саясий партиясынан көрсөтүлгөн:
Малабаев Медербек Муратбекович;
Султанов Марат Сейитбаевич.
Ошондой эле жыйында БШКнын 2015-жылдын 3-сентябрындагы №61 “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана патриоттуулук саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо жөнүндө” чечиминдеги Медербек Малабаевге жана Марат Султановго тиешелүү каттоосунун күчүн жоготту деп таануу чечимин кабыл алды.
Чечим Малабаев Медербек Муратбековичтен жана Султанов Марат Сейитбаевичтен "Бир Бол" мамлекеттик биримдик жана патриоттуулук саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө келип түшкөн арыздардын негизинде, “КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 65-беренесине, “КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 18-беренесине ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 1-апрелиндеги жыйналышында Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону болуп өттү деп таануу токтомун кабыл алды.
2021-жылы 26-мартта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 12-мартындагы №56 токтому менен дайындалган Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жергиликтүү кеңештин депутаттары көрсөткөн 1 талапкер – Сабиров Алимбек Ибрахимович катталган.
Добуш берүүгө Ак-Сай айылдык кеңешинин 21 депутатынын 19у катышкан. Добуш берүүдө А.И. Сабиров 18 добуш алган, “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 1 добуш берилген.
Шайлоонун натыйжасы тууралу Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 26-мартындагы протоколу менен Сабиров Алимбек Ибрахимович Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп аныкталган.
Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжасы боюнча арыз, даттануулар түшкөн эмес.
Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу 2021-жылдын 26-мартындагы протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык менен Сабиров Алимбек Ибрахимович Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп таануу чечими кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР ЖК депутаты Бакиров Мирландын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 1-апрелиндеги өз жыйналышында «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакиров Мирлан Исабековичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
«Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакиров Мирлан Исабековичтин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2021-жылдын 30-мартындагы №304 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы болуп дайындалган.
КР БШК депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга айкалышпаган ишке өтүүсүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык М. Бакировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Жогорку Кеңештин депутаты Бакиров Мирлан Исабековичтин күбөлүгү анык эмес деп табылды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР ЖК депутаты Аманкулов Мараттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 1-апрелиндеги өз жыйналышында «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аманкулов Марат Аскеровичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Токтом «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аманкулов Марат Аскеровичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча келип түшкөн жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык кабыл алынды.
Жогорку Кеңештин депутаты Аманкулов Марат Аскеровичтин күбөлүгү анык эмес деп табылды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын отурумунун 2021-жылдын 1-апрелине күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 1 апрель 2021-ж.
Убактысы: 11:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М. А. Аманкуловдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.И. Бакировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. 2021-жылдын 26-мартында өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Малабаев Медербек Муратбековичти чыгаруу жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
6. «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Султанов Марат Сейитбаевичти чыгаруу жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
7. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
(баяндамачы – Уметалиев А.Т., эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы)
8. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда (бүткүл элдик добуш берүүдө) үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет басылмаларын аккредитациялоо жѳнүндѳ
(баяндамачы – Абдысатаров Т.З., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
9. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) №1 «макул» үгүт тобунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
10. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Ак-Тан Би» коомдук фондунун билдирүүсү жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти)
11 . 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарыншайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Гулнур вей» коомдук фондунун билдирүүсү жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти)
12. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
БШКда Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун жумушчу кеңешмеси болуп өттү
30-мартта Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Н. Шайлдабекованын төрагалыгы астында, Ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык топтун жумушчу жыйыны болуп өттү. Онлайн жолугушууга ошондой эле аймактардагы ЫАККТын мүчөлөрү да катышты.
БШКнын төрагасы жолугушуунун катышуучуларына ЫАККТга келип түшкөн мыйзам бузуулар жөнүндө маалымдады.
«Мыйзам бузуулар боюнча 31 билдирүү келип түшкөн, алардын бири шайлоочулардын укугун бузгандыгы үчүн, 14ү пара алгандыгы үчүн, 8и административдик ресурсту колдонгону үчүн, бирөөсү коркутуу жана кысым көрсөткөндүгү үчүн, бирөө талапкерлерден жалган маалымат тараткандыгы үчүн, 3ү үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн, үчөө шайлоо өнөктүгүн каржылоонун бузулушу боюнча", - деди Н. Шайлдабекова.
БШКнын төрайымы ошондой эле шаарлар менен айылдарды көрктөндүрүү боюнча иштерди активдештирүү жөнүндө ЖМКлар аркылуу сигналдар келип жаткандыгын белгиледи. Мындай иш-аракеттер жергиликтүү администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пландаштырылган иши катары партиянын же талапкерлердин символдорун пайдалануу менен жабык же ачык жүргүзүлөт. Бул паракорчулуктун же административдик ресурстарды пайдалануунун белгилери. ЫАККТтын мүчөлөрү бирдиктүү ыкманы иштеп чыгуу жана партиялардын жана талапкерлердин мындай аракеттерине жооп берүүсү зарыл.
Учурда пара алуу боюнча 14 факт катталды. Н.Шайлдабекова укук коргоо кызматкерлери тез арада чечим кабыл алып, маалыматтарды АШКларга өткөрүп бериши керектигин баса белгиледи. Шайлоо комиссиялары тиешелүү түрдө партияларга жана талапкерлерге карата чара көрүшү зарыл - эскертүү же каттоону жокко чыгаруу.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов бүгүнкү күнгө чейин республика боюнча 11 миңден ашуун милиция кызматкерлери шайлоо участкаларына жөнөтүлгөндүгүн маалымдады. Мындан тышкары, 1500 жол инспектору бюллетендерди аймактарга жеткирүүнү коштоп жүрөт.
«Биз 78 арызды каттадык, анын ичинен 21 кылмыш иши козголгон. Пара берүү фактылары болгон. Айрым партиялар жана талапкерлер мурдагыдай эле эски схема менен иштеп жатышат. Ошондой эле муниципалдык кызматкерлер шайлоо процессине кийлигишпеши керек. Азыр мындай фактыларды текшерип жатабыз », - деди О.Урманбетов.
Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Эшимкан уулу Нурдин Ички иштер министрлиги добуштарды сатып алуу боюнча 9 материал катталгандыгын билдирди. Бардык фактылар текшерилет, анын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат.
«Мындан тышкары, Ош облусунун Кара-Суу районунда бир дарек боюнча массалык түрдө катталуу фактысы аныкталды. Тергөө иштери жүрүп жатат », - деди Н.Эшимкан уулу.
УКМКнын бөлүм башчысы Дулат Жановдун айтымында, комитет шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктоо боюнча чараларды көрүп жатат.
"Учурда көңүл бурууга арзый турган бир факт бар. Социалдык тармактын колдонуучусу Ленин районунун муниципалдык администрациясы тарабынан административдик ресурстарды колдонуу фактысын көрсөттү. Мыйзамсыз аракеттерди, сотко чейинки материалдарды документтештирүү үчүн процесстери ЕРППге катталып, буга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» 320-беренеси коюлду. Ленин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин бюджеттик каражаттарды БГКнын депутаттарын шайлоого катышып жаткан бир партиянын кызыкчылыгында максатсыз пайдалангандыгы боюнча, сотко чейинки процесстин материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин "Менчиктештирүү же уурдоо" негизинде катталган. Бул факт боюнча, шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгын текшерүү үчүн ЫАККТга маалымат жөнөтүлдү. Учурда маалыматтарды тактоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат », - деди ал.
Административдик ресурстарды колдонууга жол берилбестиги боюнча иш күчөтүлдү, - деп билдирди Башкы прокуратуранын улук прокурору А.Бит-Аврагим.
«Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция буйрук чыгарып, ага ылайык, кызматкерлер АШКларга жана участкалык шайлоо комиссияларына келип, өрт коопсуздугун сактабагандыгы жана каттоодон өтпөгөн пандустар боюнча актыларды түзүп, участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына тапшырып, өздөрүнө бул үчүн адаттан тыш ыйгарым укуктарды тапшырышкан учур болду. Прокуратура тарабынан актылар берилип, текшерүүлөр токтотулган. Ошондой эле, биз шайлоо процессин чагылдырган интернет ресурстарына байкоо жүргүзөбүз. Ошентип, прокуратурага 29-мартка карата 13 арыз келип түшкөн», - деди ал.
Ошондой эле, ЫАККТтын аймактардагы мүчөлөрү жериндеги маалыматтардан бөлүшүштү. Жолугушуунун жыйынтыгында, укук коргоо органдары шайлоо мыйзамдарын бузуунун ар кандай фактыларына өз убагында жооп кайтарышы керектиги белгиленди. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде 28 шаарда жана 420 айыл аймактарында өтөт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Республикадагы 26 колледждин студенттери өнүгүүнүн эң маанилүү максаты үчүн добуш берди
Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы Билим жана илим берүү министрлиги менен биргеликте, Швейцария жана Япониянын каржылоосу менен ПРООНдун жана ЮНИСЕФтин колдоосу аркылуу өлкөдөгү 26 колледждердин 3000 студенти катышкан шайлоону моделдөө өткөрүлдү. Шайлоо процессине жаштарды катыштырууга кызыктыруу жана шайлоочулар катары алардын практикалык билимин жакшыртуу максатында ошондой эле БУУ кабыл алган Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары менен тааныштыруу болду.
Шайлоону моделдөө - бул жаштарды добуш берүүгө кызыктырып, чыныгы шайлоодо добуш берүүгө адат кылып алууга үндөө жолу.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоочулардын дээрлик 33% 18ден 30 жашка чейинки жаштар, ошол эле учурда жаштардын 40% га жакыны шайлоого катышпайт. Жаштардын шайлоого болгон кызыгуусун арттыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы ПРООН жана ЮНИСЕФтин, ошондой эле Швейцария менен Япониянын өкмөттөрүнүн биргелешкен колдоосу менен шайлоону моделдөөнү уюштурду.
Моделдөө учурунда студенттер Туруктуу өнүгүүнүн 17 максатынын бирин тандашат. 2021-жылдын 11-апрелине белгиленген жергиликтүү шайлоонун алдында мектептерде шайлоону моделдөөнү уюштуруу - бул жаштарга добуш берүү кандайча болорун көрсөтүү жана бардык шаймандарды колдонуп көрүп, өздөрүн биринчи жолу шайлоочу катары сынап көрүү мүмкүнчүлүгүн берүү. Шайлоону моделдөөгө ЮНИСЕФтин 70тен ашык ыктыярчылары уюштуруучулук жардам көрсөтүштү.
“Жаштардын шайлоого активдүү катышуусу өтө маанилүү, анткени жаштар өлкөнү өнүктүрүүдө чоң ролду ойношот. Өлкөнүн өнүгүшүндө дал ошол жаштар Кыргызстандын келечегин түзөт. Ошондуктан, жаштардын добуш берүүгө активдүү катышуусу, добуш берүү процедуралары, шайлоо процесси жөнүндөгү билимдерин жогорулатуусу, аң-сезимдүү, эркин жана жоопкерчиликтүү тандоосу абдан маанилүү."
Жаштардын добуш берүүсү үчүн теманын тандалышы кокусунан болгон жок. 2016-жылдын 1-январынан баштап Бириккен Улуттар Уюмунун тарыхый саммитинде 2015-жылы дүйнө лидерлери тарабынан кабыл алынган Туруктуу өнүгүүнүн 2030-жылга чейинки күн тартибинде белгиленген 17 Туруктуу нүгүү максаттары (ТӨМ) ишке кирди.
Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин миссиясынын башчысынын орун басары Анн Мулен айым өз сөзүндө:
«Жарандык билим берүү демократиянын өнүгүшүндө абдан маанилүү ролду ойнойт, анткени ал билим гана бербестен, мамлекеттин демократиялык өнүгүүсү үчүн фундаменталдык баалуулуктарды калыптандырууга мүмкүнчүлүк берет. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, канчалык эрте добуш берип баштасаң, өлкөнүн саясий жашоосуна жарандык катышуу ошончолук активдүү болот"
«Демократия, ошондой эле демократия кепилдеген эркиндиктер жана укуктар өз алдынча берилип жана туруктуу боло бербейт. Алар элдин тынымсыз аракетине негизделген жана таза шайлоо өткөрүү элдин талап кылынган аракеттеринин бири. Сураныч, демократия камсыз кылган эркиндиктер жана укуктар коомду өркүндөтүү үчүн колдонулушу керек. Сиздерди демократиялык коомдун мүчөсү катары дебют болгон бүгүнкү моделденген шайлоо менен куттуктайм жана Кыргызстандагы демократиянын туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүүңүзгө тилектешмин”, - деди Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин атташеси, Япониянын элчиси Сигеки Маеданын атынан катышуучуларга кайрылган Минори Симизу айым.
«Жаштардын Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө катышуусу абдан маанилүү жана биз үчүн БУУда жаштардын бул максаттарды билиши, алардын баалуулугун кабыл алышы жана аларга жетүүгө багытталган иш-чараларды ишке ашырууга активдүү катышуусу өзгөчө маанилүү. Бүгүнкү моделдөө бир жагынан, жаштарды Туруктуу өнүгүүнүн максаттары менен тааныштырууга, экинчи жагынан, шайлоо участкасында чыныгы шайлоо кандай өтүп жаткандыгын көрсөтүп, жаштарды активдүү жаш шайлоочу болууга үйрөтүүгө мүмкүнчүлүк берет», - деди ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен айым.
«Данное моделирование позволило молодым людям, которые являются волонтерами ЮНИСЕФ, попробовать себя в роли организаторов выборов, проявить свои лидерские качества и помочь сверстникам попробовать себя в роли избирателей. Особенно приятно, что волонтеры сыграли ключевую роль в освещении данного мероприятия в социальных медиа, позволяя ребятам со всей страны наблюдать как проходит голосование в других колледжах, а также провести просветительскую работу по целям устойчивого развития по принципу равный равному».
Өз кезегинде ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы Башчысы Кристин Жолм:
«Бул моделдөө ЮНИСЕФтин ыктыярчылары болгон жаштарга өздөрүн шайлоонун уюштуруучулары катары сынап көрүүгө, лидерлик сапаттарын көрсөтүүгө жана теңтуштарына өздөрүн шайлоочу катары көрсөтүүгө жардам берди. Өзгөчө бул иш-чараны социалдык медиада чагылдырууда ыктыярчылардын чечүүчү ролду ойногондугу абдан кубандырат, бул республиканын бардык аймактарындагы балдарга башка колледждерде добуш берүүгө байкоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, ошондой эле Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча теңчиликке теңчилик принциби аркылуу агартуу иштерин жүргүзүүгө жол ачат", - деди.
Кененирээк билүү >>
2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумда "макул", "каршы" үгүт топторунун 2021-жылдын 26-мартына карата референдум фонддорунан акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат
«Кыргыз Республикасынын референдум жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинин 10-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер “макул” же “каршы” демилгечи топтун атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.
КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2021-жылдын 26-мартына карата 15 “макул” жана “каршы” үгүт топтордун ичинен 15-и БШК тарабынан белгиленген эки банк мекемеси – “РСК Банк” ААКда жана “Айыл Банк” ААКда атайын эсептерин ачып, референдум фондуларын түзгөнүн билдирет.
КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2021-жылдын 9-январына банк маалыматтарынын негизинде 2 “макул”, “каршы” үгүт топтун фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди. Башка “макул”, “каршы” үгүт топтордун референдум фондуларында атайын эсептериндеги каражаттардын кыймылы азырынча жок.
№ п/п
"макул", "каршы" үгүт топторунун аталышы
Келип түштү
Чыгымдалды
1
"МАКУЛ" №11 үгүт тобу
6 167 150
1 701 655
2
"МАКУЛ" №12 үгүт тобу
100
0
Бардыгы:
6 167 250
1 701 655
Толугураак маалымат шилтеме аркылуу
КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу
Кененирээк билүү >>
Чет өлкөлөрдө жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну камсыздоо боюнча Жумушчу топтун кезектеги жыйналышы болуп өттү
Жыйналыштын жүрүшүндө катышуучулар 2021-жылдын 11-апрелиндеги чет өлкөлөрдөгү референдумдун катышуучуларынын тизмесинин толуктугун жана аныктыгын камсыздоо маселелерин, ошондой эле добуш берүүнү уюштуруу боюнча практикалык чараларды талкуулашты.
Бүгүнкүгө карата чет өлкөлөрдөгү референдумдун катышуучуларынын тизмесинде 58 357 жаран бар, бул 2021-жылдын 10-январындагы чет өлкөлөрдөгү референдумдун катышуучуларынын биротоло тизмесине (49 479) салыштырмалуу дээрлик 10 миң жаранга көп.
Чет өлкөлөрдө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын толук жана инклюзивдүү камсыздоо максатында КР ТИМ менен МКК биргеликте чет өлкөлөрдөгү референдумдун катышуучуларынын тизмесин кылдат текшерүүдө.
Жарандарды тааныштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорунун мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексти менен «Эркин Тоо» газетасынын атайын чыгарылышы басып чыгарылды. Чет өлкөлөрдөгү мекемелерде жайгаштыруу үчүн, ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында таратуу үчүн газетанын жетиштүү нускасы КР ТИМге берилет.
Бүт дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, чет өлкөлөрдөгү референдумдун катышуучулары жеке коргоочу каражаттар менен камсыздалып, ар бир жаран термометриядан өтөт жана колдору санитайзерлер менен иштетилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2021-жылдын 9-мартында №82 токтом кабыл алгандыгына байланыштуу паспортту колдонуу мөөнөтүнүн аякташы референдумга катышуу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт, ага ылайык 2021-жылдын 1-сентябрына чейин төмөнкү паспортторду колдонуу мөөнөтү узартылды:
- Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн же барган жарандар үчүн 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-августуна чейинки мезгилде колдонуу мөөнөтү бүткөн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);
- 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-августуна чейинки мезгилде колдонуу мөөнөтү бүткөн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту, Кыргыз Республикасынын 16 жашка чыга элек жаранынын паспортунан тышкары.
Ошондой эле шайлоо жабдыктарын жана документтерин чет өлкөлөрдөгү референдум участокторуна жеткирүүгө байланыштуу практикалык маселелер талкууланды.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын алдыдагы – 2021-жылдын күзүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого болжолдолуп жаткан айрыкча кызыгуусун эске алып, чет өлкөлөрдөгү мекемелерге «Консулдук каттоо» автоматташтырылган маалымат тутумунун базасында түзүлүүчү чет өлкөлөрдөгү референдумдун катышуучуларынын тизмесинин толуктугун жана аныктыгын камсыздоо боюнча жигердүү иштерди улантуу сунушу айтылды.
Жумушчу топко чет өлкөлөрдөгү мекендештердин алдыдагы референдумдун маңызы, ошондой эле ага катышуу тартиби тууралуу кабардар болуусун арттыруу үчүн чараларды күчөтүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандатын Абдылдаев Шералы Итибаевичке тапшырды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандаты болгондуктан, Абдылдаев Шералы Итибаевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары таануу токтомун чыгарды.
БШК токтому менен Абдылдаев Шералы Итибаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты болуп катталып ага күбөлүк жана төш белги берилди.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бөлүгүнө, 65-беренесинин 3, 4-1 бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
08.10.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 9-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
07.10.2026
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07.10.2026
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
05.10.2026
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
02.10.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады