Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

-
09.04.2021

-

-
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 9-апрелинде өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
09.04.2021

2021–ж. 9-апрелинде өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 9 апрель 2021-ж. Убактысы: 19:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын  3-апрелиндеги протоколуна карата К.М. Джандаралиевдин даттануусу жөнүндө (баяндамачы – Абдысатаров Т.З., Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 2.Ар кандай маселелер 
Кененирээк билүү >>
БШК Конституция долбоорун Брайль ариби менен басып чыгарды
09.04.2021

БШК Конституция долбоорун Брайль ариби менен басып чыгарды

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын (ДМЧШ) шайлоо укуктарын камсыздоо алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин колдоосу алдында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорун өткөөл жоболор менен Брайль арибинде басып чыгарды. Бардык нускалар ДМЧ адамдар менен иштеген уюмдардын арасында таратылды. КР БШК ДМЧ адамдардын шайлоо укуктарын камсыздоо жана алардын коомдогу саясий турмушка катышуусун кеңейтүү боюнча дайыма бардык зарыл чараларды көрүүдө. ДМЧ шайлоочуларга атайын форматта маалымдоо үзгүлтүксүз ишке ашырылып турат. 2015-жылдан тартып бюллетендер Брайль ариби менен басып чыгарылып келатат. Мындан тышкары, 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде референдумдун катышуучуларын  маалыматтык жактан камсыздоо максатында КР БШК Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорун «Эркин Тоо» газетасына 1 100 000 нускадагы тираж менен жарыялады. «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун электрондук варианты Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында «БШК билдирет» бөлүгүндө – https://shailoo.gov.kg/ru/faq//  жарыяланды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) «макул», «каршы» үгүт топторду каттоо жөнүндө маалымат
09.04.2021

2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) «макул», «каршы» үгүт топторду каттоо жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын дарегине референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) «макул», «каршы» үгүт топторду каттоо үчүн 15 сунуштама түшкөн. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 15 үгүт топторду каттоодон өткөрдү: - «макул» - 12 үгүт тобу; - «каршы» - 3 үгүт тобу. 2021-жылдын 18-мартында төмөнкү үгүт топтору катталды: 1) 1 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Тентишев Бакыт Эркинович, курамы 15 адамдан турат: 1 Тентишев Б.Э. 9 Жапаркулов Р.Ж. 2 Абылгазиев М.А. 10 Жумабеков А.Ж. 3 Аджигулов Т.Б. 11 Нурманбетов А.К. 4 Алаков Ч.К. 12 Сагынбаев Т.Т. 5 Амантуров А.З. 13 Тологонов Д.Н. 6 Аскаров Э.А. 14 Укумалиев Р.Э. 7 Байымбеков А.И. 15 Эдигеев Д.А. 8 Жамангулов К.К.     2) 2 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Сапаркулова Мээрим Сапаркуловна, курамы 11 адамдан турат: 1 Сапаркулова М.С. 7 Додоева Ж. 2 Абдураимов Ж.Ж. у. 8 Мейманбеков Э.М. 3 Айталиев Т.Т. 9 Назарбекова А.Ж. 4 Акылбекова Б.Ю. 10 Садирдинова А.Д. 5 Алмазбекова А.А. 11 Самарбек к. А. 6 Барсанаев Э.Ы.     3) 3 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Исмаилов Фархат Даткабаевич, курамы 14 адамдан турат: 1 Исмаилов Ф.Д. 8 Жыргалбек у. А. 2 Абдыкалыков М.Б. 9 Исмаилов Э.М. 3 Азимжанов Э.Н. 10 Мырзабеков М.Э. 4 Аширалиев А.А. 11 Нажиев Ш.О. 5 Бекболсун к. А. 12 Сатвалдиева М.А. 6 Жолонов Ч.А. 13 Үсөнова М.М. 7 Жумашов А.К. 14 Юсупов Р.А. 4) 1 - катар номери менен «каршы» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Карасартова Рита Рахмановна, курамы 10 адамдан турат: 1 Карасартова Р.Р. 6 Мамырбаева К.Н. 2 Акунова Г.Б. 7 Нурбаев Э.Р. 3 Бирюкова В.А. 8 Труханова О.Ю. 4 Иманалиева М.Э. 9 Усманалиева Б.М. 5 Макенбаева Б.Д. 10 Чакиев А.А. 5)   2 - катар номери менен «каршы» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Сооронкулова Клара Сыргабековна, курамы 13 адамдан турат: 1 Сооронкулова К.С. 8 Мамасалиева Г.Э. 2 Айтбаева А.Ж. 9 Октяброва Н.У. 3 Алымбаева А.Б. 10 Омуркул у. У. 4 Карасартова С.Р. 11 Таалайбек у. М. 5 Каримова А.А. 12 Тологонов М.З. 6 Качиева Ж.А. 13 Эшимбеков Н.К. 7 Кельдибекова Л.П.     2021-жылдын 19-мартында төмөнкү үгүт топтору катталды: 6) 4- катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Абдумаликов Туголбай, курамы 12 адамдан турат: 1 Абдумаликов Т. 7 Асанбекова Д.Ж. 2 Абдипаттаев Т.М. 8 Жолдошов Ж.И. 3 Аташбаев Н.А. 9 Жоодарбек уулу Н. 4 Анарбаева А.Г. 10 Мекенова А.М. 5 Абидинова А.А. 11 Назаров Б.С. 6 Акимбай кызы Г. 12 Парпиев М.М. 7) 5 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Акунов Кенешбек Жасынович, курамы 12 адамдан турат: 1 Акунов К.Ж. 7 Кулмаматов Б.С. 2 Амиракулов У.О. 8 Маткаликов А.Ж. 3 Акыев Н.Т. 9 Мурзакметов Т.Т. 4 Авазов Э.А. 10 Мамасыдыков М.М. 5 Байырбек кызы А. 11 Маматбеков А.М. 6 Исаков Б.М. 12 Халматов К.А. 8) 6 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси- Бектур Жанарбек, курамы 12 адамдан турат: 1 Бектур Ж. 7 Осмоналиев К. 2 Асыранбеков К.С. 8 Озубеков А.А. 3 Бакчиев Т.А. 9 Сатыбалдиева А.Ж. 4 Ибраев А.А. 10 Усубалиев Т.С. 5 Мамбетова Н.И. 11 Асанбеков Т.И. 6 Набиева А. 12 Чакиев М.Ж. 9) 7 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Арстанкулов Утарбек Бектурович, курамы 11 адамдан турат: 1 Арстанкулов У.Б. 7 Раимова Ж.Ж. 2 Акылбекова Б.Ю. 8 Турдумамбет уулу Т. 3 Жолдошбаев К.К. 9 Чынгызов О.Ч. 4 Маткеримов Х.Ш. 10 Чикиев Т.Д. 5 Мырзагулов А.М. 11 Шербек уулу Б. 6 Мойдунов Б.П.     10) 8 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Пулатов Азамат Акбаралиевич, курамы 12 адамдан турат: 1 Пулатов А.А. 7 Орунбаев Э.С. 2 Азизбаев А.С. 8 Саматов У.К. 3 Баратов Р.П. 9 Саттаров Б.А. 4 Жасын кызы М. 10 Суюнбаев О.С. 5 Казыев А.К. 11 Ибрагимов З.К. 6 Нурматов Б.Б. 12 Иманкулов А.М. 11) 9 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Байматов Азамат Тарзанович, курамы 13 адамдан турат: 1 Байматов А.Т. 8 Мирбеков Н.М. 2 Ажибеков Э.А. 9 Мусаканова С.А. 3 Алтынбеков У.А. 10 Молдали уулу Н. 4 Джакыпбеков Б.К. 11 Надырбеков Э.Н. 5 Джумабеков С.С. 12 Озорбаев М.Э. 6 Жузупаев А.А. 13 Усон уулу А. 7 Качкеева Н.М.     12) 3 - катар номери менен «каршы» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Шабдан уулу Чынарбек, курамы 10 адамдан турат: 1 Шабдан уулу Ч. 6 Кайыпов Э.С. 2 Абдыисаева Б.А. 7 Казакбаев У.А. 3 Жаныкулова С.Ш. 8 Муканбетов Ж.Ж. 4 Жолдошева Н.М. 9 Сыдыгалиева Н.Ж. 5 Курманкожоев С.С. 10 Эрдоолатов М.М. 13) 10 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Мадаминов Аскаралы Шукуралиевич, курамы 11 адамдан турат: 1 Асанов Н.А. 6 Курвантаев Б.Т. 2 Аликулов А.М. 7 Кулов А.С. 3 Батырканов Т.К. 8 Кенешбек уулу К. 4 Илиязова А.Д. 9 Очокеев М.М. 5 Исеналиев Э.А. 10 Эркинов С.Э. 2021-жылдын 22-мартында төмөнкү үгүт топтору катталды: 14) 11 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Акматалиев Алмазбек Акматалиевич, курамы 12 адамдан турат: 1 Акматалиев А.А. 7 Казакбаева Ч.С. 2 Абдиева А.И. 8 Осмонкулова А.М. 3 Баймулдинова А.Т. 9 Султаналиев А.Т. 4 Бекмуратова Э.А. 10 Супатаева Н.Т. 5 Исланова Р.У. 11 Туйбаев Р.Ж. 6 Кадырова Б.М. 12 Жапаров Т.Т. 15) 12 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Макеева Жаркынай Болотбековна, курамы 13 адамдан турат: 1 Макеева Ж.Б. 8 Медербекова И.З. 2 Абдиева Ч.У. 9 Мисиркан у. У. 3 Акмолдоева Г.Ч. 10 Мыктарбек к. А. 4 Алыбаев Т.Б. 11 Рыскулбеков А.Ж. 5 Бегалиев М.А. 12 Таалайбеков Н.Т. 6 Литовченко В.Д. 13 Убайдылдаев М.Ж. 7 Макеева Э.Б.     Кыргыз Республикасынын референдумга «макул», «каршы» үгүт топтордун каттоо үчүн түшкөн арыздарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ, КР БШК
Кененирээк билүү >>
19миңден ашык кыргызстандыктар добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү жөнүндө арыз берди
09.04.2021

19миңден ашык кыргызстандыктар добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү жөнүндө арыз берди

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкү шайлоочулар добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш бере алышат: шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар; добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөр жана айыпталуучулар кармалган жайларда камалып турган шайлоочулар; алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо жайгашкан жерлерде, мал чарбасынын алыскы участкаларында убактылуу жашаган шайлоочулар. Ошондой эле өзгөчө учурларда тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечим боюнча төмөнкү шайлоочулар өздөрүнүн жайгашкан жери боюнча добуш беришет: калктуу конуштардан алыс обочолонгон жерлерде жайгашкан аскер бөлүктөрүндө шайлоо күнү кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары; шайлоо күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери; тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген иштин үзгүлтүксүз цикли менен ишканаларда иштеген шайлоочулар; вахта ыкмасы менен иштеген шайлоочулар; өзүнүн жайгашкан жери боюнча убактылуу турган жери боюнча шайлоо участкасынын аймагында туруктуу жашаган, үй камагында турган референдумдун катышуучулары. Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү күнүнө бир календардык күн калганда добуш берүү мүмкүндүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 8ден 20.00гө чейинки мезгилде гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча 2021-жылдын 11-апрелиндеги жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү үчүн 19298 арыз түшкөн. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү үчүн мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө арыз берген шайлоочулардын саны тууралуу 2021-жылдын 8-апрелине карата маалымат   № АШК саны Кеңештердин  саны УШК саны Жайдан тышкары добуш берүүгө түшкөн арыздардын саны     Республика боюнча бардыгы: 52 393 1483 19298   Бишкек ш. 1 1 228 4990   Ош ш. 1 1 73 1519   Чүй облусу 9 81 173 2830   Ош облусу 7 82 333 3811   Жалал-Абад облусу 10 60 246 2691   Нарын облусу 6 57 128 1217   Ысык-Көл облусу 7 48 134 912   Баткен облусу 6 31 110 883   Талас облусу 5 32 58 445            
Кененирээк билүү >>
№1 «макул» үгүт тобунда каржы маселелери боюнча жаңы ыйгарым укуктуу өкүл катталды
08.04.2021

№1 «макул» үгүт тобунда каржы маселелери боюнча жаңы ыйгарым укуктуу өкүл катталды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 8-апрелиндеги жыйналышында КР БШКнын 2021-жылдын 18-мартындагы № 36 чечими менен катталган №1 «макул» үгүт тобунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эдигеев Джанат Асылбековичти каттоону жокко чыгаруу жана ага берилген күбөлүктү жараксыз деп таануу жөнүндө чечим кылды. КР БШК Тологонов Данияр Нурдиновичти 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) катталган №1 «макул» үгүт тобунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттады. Чечим Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечимин эске алып, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
БШК Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
08.04.2021

БШК Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 8-апрелиндеги жыйналышында Баткен облусунун Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мусурманкулов Байышбек Жусупович, Шамши уулу Сражидин комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Өмүрзакова Чынара Зиядиновна, Сейдалиев Элмурат Акрамалиевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин. Чечим Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Б.Ж. Мусурманкуловдун жана С. Шамши уулунун арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 14, 18, 19-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.       КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021-жылдын 8-апрелине карата 183 эл аралык байкоочу аккредитациядан өткөрүлдү
08.04.2021

2021-жылдын 8-апрелине карата 183 эл аралык байкоочу аккредитациядан өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында Өзбекстан Республикасынын, Улуу Британиянын, Казакстан Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Германия Федеративдүү Республикасынын, Түркмөнстандын элчиликтеринин, «32 тобу» Мониторинг жана эксперттик борборунун Автономдук коммерциялык эмес уюмунун, Европа Өкүлчүлүгүнүн, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин өкүлдөрүн 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо, ошондой эле ТүркПА Ассамблеясынын Миссиясын 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо жөнүндө токтом кылды. Чечим «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31 Мыйзамына жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №21 ПЖ Жарлыгына ылайык, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, кабыл алынды. 2021-жылдын 8-апрелине карата 31 мамлекеттен төмөнкү уюмдардан 183 эл аралык байкоочу аккредитациядан өткөрүлдү:   Шайлоо органдары: - 10   Эл аралык уюмдар: - 10   Дипломатиялык өкүлчүлүктөр: - 16     № Чет мамлекеттердин шайлоо органдары   Саны   Молдова 2   Азербайжан 2   Россия 2   Украина 3   Беларусь 2   Түркия 2   Казакстан 2   Македония 4   Өзбекстан 2   Тажикстан 3   Бардыгы: 24 Эл аралык уюмдар   Ханнс Зайдель Фондунун КРдеги өкүлчүлүгү 1   КМШ ПАА 54   ШТУ 4   НДИ 1   ТТМКК 9   ШКУ 15   ЖКЖКУ ПА 12   «32 тобу» Мониторинг жана эксперттик борборунун Автономдук коммерциялык эмес уюму (Россия) 20   "Эл аралык илгерилетүү борборунун" Улуттук демилгелерди эл аралык илгерилетүүгө көмөктөшүү фонду (Россия) 2   ТүркПА Миссиясы 8   Бардыгы: 126 Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөр     Япония Элчилиги 4   Россия Элчилиги 2   Иран Элчилиги 1   Афганистан Элчилиги 1   Тажикстан Элчилиги 1   Монголия Элчилиги 1   Франция Элчилиги 2   Швейцария Элчилиги 1   Азербайжан Элчилиги 2   Өзбекстан Элчилиги 1   Улуу Британия Элчилиги 8   ЕБ КРдеги Өкүлчүлүгү 4   Казакстан Элчилиги 1   Беларусь Элчилиги 1   ГФР Элчилиги 2   Түркмөнстан Элчилиги 1   Бардыгы: 33   Бардыгы: 183   № Жарандыгы боюнча саны   Азербайжан 16   Албания 1   Армения 2   Австрия 1   Афганистан 1   Беларусь 6   Болгария 1   Улуу Британия 8   Индия 2   Иран 1   Казакстан 14   КЭР 4   Латвия 1   Люксембург 1   Мальдив Республикасы 1   Молдова 4   Монголия 1   Пакистан 2   Ирак Республикасы 1   Македония Республикасы 4   Россия 70   Сауд Республикасы 1   Тажикстан 7   Түркия 8   Туркменистан 1   Өзбекстан 10   Украина 3   Франция 2   ГФР 3   Швейцария 1   Япония 4   Бардыгы: 183   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын отурумунун 2021-жылдын 8-апрелине күн тартибинин долбоору
08.04.2021

КР БШКнын отурумунун 2021-жылдын 8-апрелине күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 8 апрель 2021-ж. Убактысы: 17:30 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө (баяндамачы – Уметалиев А.Т., эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы) 2. Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобунун курамы жөнүндө (№ 6 «макул», жетекчиси – Ж. Бектур) (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4.Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
-
08.04.2021

-

-
Кененирээк билүү >>
-
08.04.2021

-

-
Кененирээк билүү >>
БШК Жалал-Абад шаардык кеңештин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
07.04.2021

БШК Жалал-Абад шаардык кеңештин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 7-апрелиндеги жыйналышында жергиликтүү кеңештин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерин бекитүү жөнүндө токтом кылды. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 20-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесине ылайык төмөнкүдөй чечим кабыл алган: Жалал-Абад шаардык кеңеш: Ашимов Улан Абдуманаповичтин (№7, «Ɵнүгүү-Прогресс» деп. фракция) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Карылар үйүндө директордун орун басары Исраилов Нурали Шералиевичке (№32, «Ɵнүгүү-Прогресс» с/п) өткөрүп берилди. Сыдыков Аслидин Махаматюсуповичтин (№13, «Ɵнүгүү-Прогресс» деп. фракция) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Арстанбап” ЖЧК директору Бегимкулов Мурат Эркиновичке (№35, «Ɵнүгүү-Прогресс» с/п) өткөрүп берилди. Пулатов Саиб Сабировичтин (№17, «Ɵнүгүү-Прогресс» деп. фракция) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Тойгонбаев Султанбек Кутманбековичке (№40, «Ɵнүгүү-Прогресс» с/п) өткөрүп берилди. Батыров Бабур Исраиловичтин (№4, «Республика» деп. фракция) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Наркулов Арстанбек Оросбековичке (№8, «Республика» с/п) өткөрүп берилди. БШК чечимди «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алды.   БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ыкчам чара көрүүчү координациялык топ билдирет
07.04.2021

Ыкчам чара көрүүчү координациялык топ билдирет

Ыкчам чара көрүүчү координациялык топ билдирет   2021-жылы 23-мартта КР ИИМ кызматкерлери жана КР БШКнын Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобунун (ЫЧКТ) мүчөлөрү интернет сайттарга байкоо жүргүзгөндө Бишкек шаарынын Октябрь районунун №8 МАБ (муниципалдык аймактык башкармасы) башкы адиси тараптан «Эмгек» саясий партиясынан шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер Ш.С.Рдин пайдасына Whatsapp мессенжеринде үгүт жүргүзүү мүнөзүндөгү смс-билдирүү аныкталды. Бул факт КР Жоруктар кодексинин административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу жөнүндө 87-1-беренесинин 2-бөлүгү боюнча Октябрь районунун ИИБдин Кылмыштардын жана укук бузуулардын бирдиктүү реестрине (КУБР) 2021-жылы 23-мартта кир. № 03-055-2021-002845 менен катталды. Жүргүзүлгөн териштирүүнүн натыйжасында жана шектенүү үчүн негиз берген жетиштүү далилдер болгондуктан 2021-жылы 7-апрелде Бишкек шаарынын Октябрь районунун ИИБдин ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан КР Жоруктар кодексинин административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу жөнүндө 87-1-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган жорук жасаган деп шектенүү жөнүндө №8 МАБ башкы адиси Ш.Л.Га билдирме тапшырылды. Изилдөө жүргүзүү жана андан ары сотко өткөрүп берүү үчүн иш прокуратурага жөнөтүлдү. Учурда ички иштер органдары тарабынан үй комитеттеринин саясий партиялардын/талапкерлердин пайдасына үгүт жүргүзүүгө катышуусу жөнүндө башка бир катар билдирүүлөр боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө. Бишкек шаарынын Октябрь жана Свердлов райондорундагы кичи райондорунун үй комитеттеринин өкүлдөрү суракка чакырылды. Жыйынтыгы боюнча күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылып, үй комитеттеринин өкүлдөрүнүн аракеттерине укуктук баа берилет. ЫЧКТ тарабынан шайлоонун жүрүшүндө административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануунун башка бир катар аныкталган фактылары боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө. ЫЧКТ үй комитеттеринин өкүлдөрүн шайлоонун жүрүшүндө мыйзамсыз аракеттерге жол бербөөгө чакырат жана мыйзамдардын төмөнкү беренелеринде каралган бузуулар үчүн жоопкерчилик бар экендиги тууралуу эскертет: - КР Жазык кодексинин 192-беренеси. Шайлоочуларды сатып алуу – 180 000 сомдон 260 000 сомго чейин айып пул салууга же болбосо 2 жыл 6 айга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат. - КР Жоруктар кодексинин 87-1-беренеси. Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануусу – белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 30 000 сомдон 60 000 сомго чейин айып пул түрүндөгү жазага алып келет.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
ЫКЧТ шайлоочуларды сатып алуу боюнча бузууларга карата көрүлгөн чаралар тууралуу билдирет
07.04.2021

ЫКЧТ шайлоочуларды сатып алуу боюнча бузууларга карата көрүлгөн чаралар тууралуу билдирет

1. 2021-жылы 30-мартта “Кымбат Айтиева” деген акаунт менен “Фейсбук” социалдык түйүндүн пайдалануучусу өз баракчасында №5308 шайлоо участогунун аймагында бир нече аял “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан Ош шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер Ж.М. Азимовдун атынан ал талапкерди колдоо үчүн шайлоочулардын добуштарын сатып алып, шайлоочуларга тамак-аш продуктыларын таратып жатканы тартылган видео жана фото материалдарды тараткан. Бул факт КР Жазык кодексинин 192-беренесинде (“Шайлоочуларды сатып алуу”) каралган жазыктын белгилери боюнча ошол эле күнү Ош шаарынын ИИБдин Кылмыштардын жана укук бузуулардын бирдиктүү реестринин (КУБР) АМТсына кир. № 03-041-2021-000663 менен катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүү башталды. Сотко чейинки өндүрүш жүргүзүүнүн жүрүшүндө “Фрунзе” мектебинин мугалими Ж. Р. Арзибекова аныкталды, ал “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Ж.М. Азимовдун атынан өзү жашаган жер боюнча аталган талапкерди колдоо үчүн 2002-жылы туулган 2-топтогу майып Сохибилло Зулипатовго тамак-аш продуктыларын алып келген. Учурда сотко чейинки өндүрүш жүргүзүү боюнча териштирүү улантылууда. 2. 2021-жылы 19-мартта «VESTI.KG» газетасынын журналисти Д.Советбековдон маалымат түштү, ал «Инстаграмм» интернет түйүнүндө "Мегаком" уюлдук операторунун 0550 77 77 10 абонентинин аудио жазмасы талкууланып жатканын билдирген. Аудио жазмада «Штаб» деген ат менен WhatsApp топто белгисиз аял шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн 1-форма боюнча каттоо үчүн адамдарды участоктук шайлоо комиссияларына жөнөтүүгө мүмкүн экендиги жөнүндө көрсөтмө берет. Ал ошондой эле жарандарды участоктук шайлоо комиссияларына ташып келүүнү камсыздоо жөнүндө көрсөтмө берет. Андан ары ал мыйзамга ылайык адамдарды батирлерге каттаса болорун, бирок шек туудурбаш үчүн алардын саны 10дон ашпоосу зарыл экендигин билдирет. Видеодо автор 3 000 сом төлөө боюнча агитаторлор менен түзүлүүчү келишимди көрсөтөт. 2021-жылы 20-мартта КР Жазык кодексинин 192-беренесинде (“Шайлоочуларды сатып алуу”) каралган жазыктын белгилери боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ИИБдин КУБР АМТсына кир. 03-002-2021-003274 менен катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүү башталды. Териштирүүнү уюштуруунун жүрүшүндө көрсөтүлгөн топко билдирүүнү «НДПК» партиясынан депутаттыкка талапкер Р.Р. Идырова жөнөткөнү аныкталды. 2021-жылы 5-апрелде сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын көчүрмөлөрү КР Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык шайлоо мыйзамдары боюнча Р.Р. Идыровага карата чара көрүү үчүн Бишкек АШКга жөнөтүлдү. 2021-жылы 6-апрелде Бишкек АШКнын токтому менен шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерге КР Бузуулар жөнүндө кодексинин 42-беренесине ылайык 5 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Шайлоочуларды сатып алуу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүүнүн натыйжасы боюнча маселе шайлоо комиссиясы тарабынан кайра каралышы мүмкүн.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын отурумунун 2021-жылдын 7-апрелине күн тартибинин долбоору
07.04.2021

КР БШКнын отурумунун 2021-жылдын 7-апрелине күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 07-апрель 2021-ж. Убактысы: 21:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир  депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы –Айтикеев Т.О., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. “Эмгек” саясий партиясынын арызы жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 3. Ы. Кадыралиеванын арызы жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 4. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
2021-жылдын 6-апрелине карата Бишкек АШКнын пресс-релизи
06.04.2021

2021-жылдын 6-апрелине карата Бишкек АШКнын пресс-релизи

2021-жылдын 6-апрелинде Бишкек АШК өз жыйынында төмөнкү суроолор боюнча чечимдерди кабыл алды: Бишкек АШКсына Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгынан социалдык тармактарда жана массалык маалымат каражаттарында кеңири резонанс жараткан видеотасманы жайылтуу боюнча материалдар келип түштү, ал жерде “штаб” WhatsApp тобунда аудио жазуу талкууланган. Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгы аудио жазууда БККнын депутаттыгына "НДПК" саясий партиясынан талапкер Р.Р.Идырова бар экендигин аныктады. Берилген материалдарды карап чыгып, Бишкек АШК Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 42-беренесинде каралган мыйзам бузуу белгилери бар деп эсептеп, саясий партиянын талапкерине 3 категориядагы 5,500 сом өлчөмүндө айып пул салды.   Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерине мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдөө учурунда Бишкек АШКнын мүчөлөрү “Кыргызстан” саясий партиясынан талапкер Т.А.Асылбековдун сүрөтү түшүрүлгөн үгүт баннери баштапкы маалыматтарсыз чыккан, бул шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелеринин талаптарын бузуу болуп саналат. Бишкек АШКсы КР Бузуулар жөнүндө кодексинин 47-беренесине ылайык "Кыргызстан" саясий партиясынан талапкер Т.А.Асылбековго 12,500 сом өлчөмүндө 6-категориядагы айып пул салды.    
Кененирээк билүү >>
1 … 236 238 … 484