Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

-
11.04.2021

-

-
Кененирээк билүү >>
Шайлоого – 3,3 млн, референдумга 3,6 млн адам шайлоочулардын тизмесине киргизилген
11.04.2021

Шайлоого – 3,3 млн, референдумга 3,6 млн адам шайлоочулардын тизмесине киргизилген

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоочулардын тизмесине бардыгы 3 318 130 шайлоочу, ал эми референдумдун катышуучуларынын тизмесине 3 606 201 адам киргизилген. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо бүт бардык шаарларда жана аймактарда жана чет өлкөлөрдө өткөрүлбөгөндүгүнө байланыштуу шайлоочулардын тизмеси референдумдун катышуучуларынын тизмесинен айырмаланып турат. Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо партиялардын талапкерлеринин тизмеси үчүн добуш берилет, орундар шайлоочулардын 7%дан ашык добушун алган саясий партиялардын ортосунда шайлоочулардын добушун алган санына пропорциялуу бөлүштүрүлөт. Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуучу 59 саясий партия 11 782 талапкерди көрсөттү жана атаандаштык орточо алганда бир орунга 14 талапкерди түзөт. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү көп мандаттуу шайлоо округдарында ишке ашырылат, аларда шайлоочулардын көпчүлүк добушун алган талапкерлер шайланды деп эсептелет. Мында ар бир айылдык кеңештеги орундардын 30%ы аялдар үчүн резервге калтырылган. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 18 772 талапкер катталган, атаандаштык орточо алганда бир орунга 2ден ашык адамды түзөт. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Шайлоо участокторунан тышкары 17 099 жаран добуш берди
11.04.2021

Шайлоо участокторунан тышкары 17 099 жаран добуш берди

Кечээ добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү болуп өттү. жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү үчүн 19 298 арыз түшкөн. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү үчүн ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар, ошондой эле ооруканаларда, шектүүлөр жана айыпталуучулар кармалган жайларда камалып турган,  алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо жайгашкан жерлерде, мал чарбасынын алыскы участкаларында убактылуу жашаган шайлоочулар шайлоочулардын тизмесине киргизилген. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү үчүн тизмеге киргизилген шайлоочулардын ичинен иш жүзүндө 17 099 шайлоочу добуш берди. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жана референдумда добуш берүү башталды
11.04.2021

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жана референдумда добуш берүү башталды

Бүгүн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана референдумда добуш берүү өтүүдө. Кыргызстанда жарандар 28 шаардык кеңештердин 796 депутатын жана айылдык кеңештердин 7560 депутатын шайлашат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоору боюнча добуш беришет. Эртең менен саат 8.00дө Кыргыз Республикасынын аймактарындагы 2 435 шайлоо участогунда добуш берүү башталды, 2 273 шайлоо участогунда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана референдумда добуш берүү өтүүдө, жергиликтүү кеңештердин иштеп жаткан депутаттарынын ыйгарым укуктары аяктай элек 4 мшаар менен 32 айыл аймагынын 162 шайлоо участогунда тийиштүүлүгүнө жараша бул жекшембиде шайлоо өткөрүлгөн жок, референдумда гана добуш берүү өтүүдө. Ошондой эле чет өлкөлөрдө ачылган 48 шайлоо участогунда референдумда добуш берүү өтүүдө. Маселен, ушул учурда Кыргызстандын жарандары Владивостокто (РФ) 6 сааттан бери добуш берүүдө. Жалпысынан алганда добуш берүү 2 483 шайлоо участогунда өтүүдө. Добуш берүү саат 20.00гө чейин өткөрүлөт. Добуш берүү үчүн шайлоочу катталган шайлоо участогуна жеке өзү келүүгө тийиш. Шайлоочу өзүнүн шайлоо участогун “Тизме” порталынан, 1255 номуру боюнча (чалуу акысыз) же ПИН менен 119 номуруна СМС жөнөтүп, биле алат. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
ШКУнун байкоочулар миссиясы менен жолугушуу болуп өттү
10.04.2021

ШКУнун байкоочулар миссиясы менен жолугушуу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н. Шайлдабекова Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясы менен 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду даярдоо жана өткөрүү маселелерин талкуулады. Шайлоодо жана референдумда байкоо жүргүзүү үчүн келген миссиянын курамына төмөнкүлөр кирди: Н.В. Косихина – Россия Федерациясынын сенатору, Е.А. Шевченко – Россия Федерациясынын БШКсы, М.У .Хидирзода – Тажикстан Республикасынын БШКсы, О.М. Козихонова – Өзбекстан Республикасынын БШКсы ж.б. Кыргыз Республикасынын шайлоо тутуму жана шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү, анын ичинде добуш сатып алууга жана администрациялык ресурсту пайдаланууга каршы аракеттенүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу байкоочуларга маалымат берилди. Байкоочулар бир күндүн ичинде шайлоо участокторуна барышканын жана участоктордун добуш берүүгө даярдыгы, санитардык-гигиеналык контроль, ыкчам чара көрүүчү топтордун иштери тууралуу айтышты. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
-
10.04.2021

-

-
Кененирээк билүү >>
КР БШК жана чет өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрү шайлоонун аныктыгын камсыздоо боюнча тажрыйба алмашты
10.04.2021

КР БШК жана чет өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрү шайлоонун аныктыгын камсыздоо боюнча тажрыйба алмашты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында чет өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга төмөнкүлөр катышты: Чимил Дорин – Молдова Республикасынын БШК төрагасы, Даштевски Александар – Македония  Республикасынын Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын төрагасы, бул өлкөлөрдүн,  Азербайжандын, Тажикстандын, Украинанын жана  Белорустун шайлоо органдарынын, Түркиянын Жогорку  шайлоо кеңешинин өкүлдөрү. Шайлоону жана референдумду уюштурууда  шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын күч-аракеттери жана тажрыйбасы белгиленди. КР БШК төрагасы катышуучуларга алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу өзгөчөлүктөр, анын ичинде айылдык кеңештерде мандаттардын 30 пайызын аялдар үчүн резервге калтыруу,  саясий партиялардын жана талапкерлердин  шайлоо фонддорунун каржылык айкындуулугу жөнүндө маалымат берди. Македониянын  МШК төрагасы Даштевски Александар өз өлкөсүндө шайлоо тутумуна Кыргызстандыкына окшош механизмди киргизүүгө даярданып жаткандыгына байланыштуу шайлоочуларды  идентификациялоо жана добуштарды автоматтык түрдө саноо технологиялары аркылуу шайлоонун аныктыгын камсыздоо боюнча Кыргызстандын тажрыйбасына кызыккандыгын айтты. Молдованын БШК төрагасы Чимил Дорин чет өлкөлөрдө добуш берүүнү уюштуруу тажрыйбасы менен бөлүшүп, тышкы мигранттардын саны көп экендигине карабастан, өлкөсү чет өлкөлөрдө жашаган же жүргөн 400 миң шайлоочунун эрк-ниетин билдирүүсүн эки турда камсыздай алгандыгын белгиледи. Түркиянын Жогорку  шайлоо кеңешинин мүчөсү Акгюн Махмут шайлоо пандемия мезгилинде өткөнүнө басым жасап, бардык зарыл шарттар көрүлгөндүгүн канааттануу менен белгиледи. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКда эл аралык байкоочулар үчүн брифинг өттү
10.04.2021

БШКда эл аралык байкоочулар үчүн брифинг өттү

Бүгүн – 2021-жылдын 10-апрелинде БШКда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда айкындуулукту жана аныктыкты камсыздоо маселелери боюнча эл аралык байкоочулар үчүн брифинг өттү. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31 Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү, шайлоону жана референдумду даярдоо жана өткөрүү үчүн көрүлгөн чаралар тууралуу эл аралык байкоочуларга маалымат берилди. 2019-жылы шайлоо мыйзамдарына жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берүү үчүн апрелде жана октябрда бирдиктүү күн киргизилди. Мурда шайлоолор жылдын ар кайсы мезгилинде өткөрүлчү, шайлоо графиги жыш болгон, шайлоолор ар башка убакта өткөрүлчү. Эми добуш берүү апрелде жана октябрда өтөт, ал шайлоолордо 2016-жылы декабрда, 2017-жылы март жана май айларында шайланган кеңештердин депутаттары шайланат. Заманбап технологиялар шайлоо алдындагы даярдоонун төмөнкү бардык этаптарын камсыздайт: ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн “Түндүк” электрондук тутумун колдонуу менен маалыматтарды алмашуу жүргүзүлөт, шайлоочулардын тизмеси ачык жеткиликтүү түрдө болот, күн сайын жаңыланып турат, идентификация жабдыктары жана автоматтык эсептөөчү урналар добуш берүүнүн аныктыгын жана айкындуулугун камсыздайт. Дагы бир маанилүү өзгөчөлүк – жергиликтүү кеңештерге шайлоодо каржы айкындуулугунун механизмдери алгач ирет колдонулат. Саясий партиялардын шайлоо фонддору тууралуу бардык маалыматтар КР БШКнын https://talapker.shailoo.gov.kg атайын сайтында жайгаштырылат, андан суммаларды төккөн же аларды алган адамдардын аты-жөнү көрсөтүлгөн каражат түшкөндүгүн жана чыгымдалгандыгын ачык жеткиликтүү түрдө көрүүгө болот. Ошондой эле ачык жеткиликтүү түрдөгү https://talapker.shailoo.gov.kg расмий сайтында партиялардын жана талапкерлердин программалары жайгаштырылган, мурда шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларга маалымдоонун мындай форматы колдонулчу эмес. Талапкерлер, саясий партиялар маалыматтык материалдарын сурдокотормону же субтитрди колдонуп, окууга ыңгайлуу чоңойтулган шрифт менен басылып, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочулар үчүн Брайль шрифтин пайдалануу менен үгүт материалдарынын жалпы нускасынын санынын бир пайызынан кем эмес санда басып чыгарууга жана таркатууга тийиш. Ошондой эле үгүт жүргүзүү алкагында КР БШК теледебаттарды өткөрүү үчүн жергиликтүү кеңештерге талапкерлердин тизмелерин каттаткан саясий партияларга медиа аянтча берди. Алдыдагы 11-апрелдеги шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү – айылдык кеңештерде мандаттардын 30%ынан аз эмесин аялдар үчүн резервде калтыруу биринчи жолу колдонулат. БШКда эл аралык байкоочулардын суроолоруна жооп берилди. Добуш берүүнү даярдоого жана анын жүрүшүнө дүйнөнүн 31 өлкөсүнөн (10 эл аралык уюмдан, 10 шайлоо органынан, 16 дипломатиялык өкүлчүлүктөн) 183 эл аралык байкоочу байкоо жүргүзүүдө.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 10-апрелинде өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
10.04.2021

2021–ж. 10-апрелинде өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 10 апрель 2021-ж. Убактысы: 22:30 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу өлкөбүз үчүн жабыркагандын «Баатырлар үмүтү» коомдук бирикмесинин билдирүүсү жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти) 2. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Бишкек -Динамо» спорттук баскетболдук клубу коомдук фондусунун билдирүүсү жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти) 3. А.Б Дуйшеналиевдин арызы жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 4. М.А. Беккоенованын арызы жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 5. «Айкөл Кыргызстан» саясий партиясынын арызы жөнүнд (баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 6. 2021-жылдын 10-апрелиндеги (кириш №04-08/1156) Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын арызы жөнүндө (баяндамачы – Абдысатаров Т.З., Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 7. Ар кандай маселелер  
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 10-апрелинде өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
10.04.2021

2021–ж. 10-апрелинде өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 10 апрель 2021-ж. Убактысы: 17:30 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. КТРКга карата “Айкөл Кыргызстан” саясий партиясынын арызы жөнүндө (баяндамачы – Абдысатаров Т.З., Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 2. М. Буванованын арызы жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 3. Б.А.Дуйшеналиевдин арызы жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 4. “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын арызы жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 5. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Кыргызстанда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү жүрүүдө
10.04.2021

Кыргызстанда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү жүрүүдө

Бүгүн, 2021-жылдын 10-апрелинде, Кыргызстанда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү жүрүүдө. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча 2021-жылдын 11-апрелиндеги жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү үчүн 19298 арыз түшкөн. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкү шайлоочулар добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш бере алышат: шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар; добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөр жана айыпталуучулар кармалган жайларда камалып турган шайлоочулар; алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо жайгашкан жерлерде, мал чарбасынын алыскы участкаларында убактылуу жашаган шайлоочулар. Ошондой эле өзгөчө учурларда тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечим боюнча төмөнкү шайлоочулар өздөрүнүн жайгашкан жери боюнча добуш беришет: калктуу конуштардан алыс обочолонгон жерлерде жайгашкан аскер бөлүктөрүндө шайлоо күнү кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары; шайлоо күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери; тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген иштин үзгүлтүксүз цикли менен ишканаларда иштеген шайлоочулар; вахта ыкмасы менен иштеген шайлоочулар; өзүнүн жайгашкан жери боюнча убактылуу турган жери боюнча шайлоо участкасынын аймагында туруктуу жашаган, үй камагында турган референдумдун катышуучулары. Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү күнүнө бир календардык күн калганда добуш берүү мүмкүндүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 8ден 20.00гө чейинки мезгилде гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.       КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бүгүн Кыргызстанда – “жымжырттык күнү”
10.04.2021

Бүгүн Кыргызстанда – “жымжырттык күнү”

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык шайлоо алдында үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда б.а. 2021-жылдын 10-апрелинде саат 8:00дөн тартып токтотулат. Ошону менен бирге мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана жайларынан тышкары жайгаштырылган басылма үгүт материалдары (баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар) добуш берүү күнү мурдагы орундарында сакталат. Бардык каржылык операциялар, анын ичинде жеке жана юридикалык жактар менен атайын эсептер боюнча эсептешүү добуш берүү күнүнөн мурунку күнү б.а. 2021-жылдын 10-апрелинде саат 18де токтотулат. Укукка каршы үгүт иштери жүргүзүлгөн учурда бузуучуларга карата тиешелүү чаралар колдонулат. Кыргыз Республикасынын 448 жергиликтүү кеңешине, анын ичинде 420 – айылдык, 28 шаардык кеңешке шайлоо эртең – 2021-жылы 10-апрелде өтөт. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КМШ ПАА Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү шайлоо менен референдумга байкоо жүргүзөт
09.04.2021

КМШ ПАА Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү шайлоо менен референдумга байкоо жүргүзөт

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н. Шайлдабекова жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) эл аралык байкоочулар тобу 11-апрелге дайындалган Конституциянын долбоору боюнча референдумду жана  жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү маселелерин талкуулашты. Координатор,Тажикстан Республикасынын Оли Мажлисинин Мили Мажлисинин конституциялык негиздерди, адамдын, жарандын укуктарын жана эркиндиктерин жана мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча комитетинин төрагасы Дилшод Рахмон жетектеген КМШ ПААнын эл аралык байкоочулар тобу Армениянын, Казакстандын, Молдованын, Өзбекстандын, Азербайжандын, Белорустун парламенттеринин өкүлдөрүн, КМШ ПААнын Катчылыгынын жана КМШга катышкан мамлекеттеринин ПААсынын демократия, парламентаризмди өнүктүрүүгө байкоо жүргүзүү, жарандардын шайлоо укуктарын сактоо эл аралык институтунун (ДӨБЭИ) өкүлдөрүн камтыйт. КР БШК Төрагасы Н. Шайлдабекованын айтуусу боюнча эл аралык байкоочулардын сунуштары шайлоо тутумун өркүндөтүүгө, аны ачык-айкын жана анык кылууга жардам берет. Жолугушуунун катышуучулары 2020-2021-жылдар ичиндеги Кыргызстандагы шайлоо процессинин жигердүү болгондугун белгилешти, жаштарды шайлоо процессине тартуу маселелерин талкуулашты жана алдыдагы шайлоолор өткөн жылдагы кризисти турукташтырууга көмөктөшөрүнө ишенгендигин билдиришти. КМШга катышкан мамлекеттеринин ПААсынын демократия, парламентаризмди өнүктүрүүгө байкоо жүргүзүү, жарандардын шайлоо укуктарын сактоо эл аралык институту шайлоону жана шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча пикир алмашуу үчүн шайлоонун жана референдумдун жыйынтыгы боюнча тегерек стол өткөрүүнү сунуштады. Дилшод Рахмондун айтуусу боюнча КМШ ПАА боюнча 8 мамлекеттен 54  байкоочу аккредитациядан өткөн. Эл аралык институттун эксперттери КРдин мыйзамдарын, анын ичинде референдум боюнча мыйзамдарын эл аралык стандарттарга ылайыктуулугун талдап, анын жыйынтыгы боюнча отчёт даярдашкан, ал отчёт жолугушууда КР БШКга тапшырылды. Миссия коомдук байкоочулар менен жолугушууларды өткөрдү. Миссиянын байкоочулары шайлоо участокторунда, анын ичинде чет өлкөлөрдө – Бакуда, Минскиде, Алматыда, Москвада, Екатеринбургда, Новосибирскиде, Санкт-Петербургда, Дүйшөнбүдө, Берлинде жана Пекинде добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүшөт.  КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
ТүркПА миссиясына алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу өзгөчөлүктөр жөнүндө маалымат берилди
09.04.2021

ТүркПА миссиясына алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу өзгөчөлүктөр жөнүндө маалымат берилди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында ведомство башчысы Нуржан Шайлдабекованын Түркиянын Улуттук жыйынынын депутаты Шекер Реджеп башында турган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынан (ТүркПА) эл аралык байкоочулар  миссиясы менен жолугушуусу болуп өттү. Эл аралык байкоочуларга алдыда – 11-апрелде өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу өзгөчөлүктөр жөнүндө маалымат берилди. Шайлоо жергиликтүү кеңештерге шайлоону апрелде жана октябрда өткөрүүнү бекиткен жаңы мыйзамдар боюнча алгач ирет өткөрүлөт. Айылдык кеңештерге аялдардын квотасы биринчи жолу колдонулат. Айылдык кеңештерде аялдардын өкүлчүлүгү болгону 9%ды түзөт, ошондуктан өлкө аялдар үчүн 30 пайыздык атайын квота киргизди. Эми резервге калтырылган 2,9 миң орунга 5,3 миң аял б.а. бир орунга эки адам ат  салышууда. Экинчи өзгөчөлүк – каржылык айкындуулук. БШК сайтында шайлоо фонддорунун каражаттарынын кыймылы – фондго түшкөн каражаттардын булактары боюнча – партиянын фондуна качан, ким жана канча каражат төккөнү, чыгымдары боюнча – товар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн качан, ким жана канча каражат төлөгөнү тууралуу маалыматтар жума сайын жарыяланып турат. Тараптар 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум өлкөдөгү саясий кырдаалды турукташтырууга багытталгандыгын дагы белгилешти. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешинин миссиясы менен жолугушуу болуп өттү
09.04.2021

БШКда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешинин миссиясы менен жолугушуу болуп өттү

Бүгүн – 2021-жылы 9-апрелде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н. Шайлдабекованын Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешинин (ТМКК) Башкы катчысынын орун басары Омера Кожаман башында турган ТМКК эл аралык байкоочулар миссиясы менен жолугушуусу болуп өттү. Тараптар 2021-жылы 10-январда өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого байланыштуу пикир алышты, 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана референдумда добуш берүүнү даярдоо маселелерин талкуулашты. КР БШК Төрагасы Н. Шайлдабекова шайлоо комиссиялары менен укук коргоо органдарынын өз ара аракеттешүүсүнүн жаңы алгоритмин түзүү, мыйзамдар базасын өркүндөтүү, үч кодекске бузуулардын жаңы курамдарын киргизүү жөнүндө маалымат берди. Аткарылган иштердин натыйжасында коомдо добуш сатып алууга терс мамиле калыптанды, жарандардын өз добушун сатпоо эрки, талапкерлерде андай ыкмалар менен шайлоочулардын ишенимине ээ болуудан баш тартуу көз карашы бекемделди. Миссиянын байкоочусу, Азербайжан Республикасынын БШК мүчөсү Аскеров Бахшейн Маммад шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча КР БШКнын күч-аракеттерине оң баа берди. “Кыргызстан бүгүн – бул Азиянын Европасы. Январда шайлоо кандай өткөрүлсө, ал мындан ары дагы мыйзамга ылайык өткөрүлөрүнө ишенемин”, - деп белгиледи ал. Миссиянын байкоочусу, Өзбекстан Республикасынын БШК өкүлү Шухрат Джураев дагы Кыргызстандын чыңдалышы кошуна өлкөлөр үчүн маанилүү экендигин белгилеп, шайлоо өлкөнүн туруктуулугуна кызмат кыларына ишенерин билдирди. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Жайыл АШКга даттанууну канааттандыруудан баш тартты
09.04.2021

БШК Жайыл АШКга даттанууну канааттандыруудан баш тартты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 9-апрелиндеги жыйналышында К.М. Жандралиевдин Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 3-апрелиндеги №51 протоколун жокко чыгаруу жөнүндө даттануусун канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алды. 2021-жылдын 4-апрелинде КР БШКга шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга байланыштуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 3-апрелиндеги №51 протоколун жокко чыгаруу жөнүндө талапкер К.М. Жандралиевден даттануу түшкөн. 2021-жылдын 8-апрелинде берилген документтерди ар тараптуу изилдөө максатында шайлоочуларга жана шайлоонун башка катышуучуларына маалымдоо жана үгүт эрежелеринин маселелери боюнча Жумушчу топ менен КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун биргелешкен жыйналышына Жайыл АШК төрагасы Т.И. Бешкемпирова жана арыз ээси К.М. Жандралиев онлайн режиминде катышты. Арыз ээси Чүй облусунун Жайыл районунун Красновосток айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Д. Абдиев, З. Бошкоева, П.Калмыков, Ж. Кожоналиев, М.Тультемиров, К.Утуров, М. Чокморова жана Т.Щипачева тараптан биргелешип басылма үгүт материалдарын даярдоодо чыгаруу маалыматтарын көрсөтүү бөлүгүндө шайлоо мыйзамдарынын ченемдери бузулгандыгын белгилейт (ал үгүт материалы талапкер Д. Абдиевдин шайлоо фондунан төлөнгөн), ошондой эле арыз ээси басылма үгүт материалдары ар бир талапкердин шайлоо фондунан төлөнүүгө тийиш деп эсептейт. Жайыл АШК төрагасы Т.И. Бешкемпирова ал үгүт материалы айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер Д. Абдиевге таандык экендигин жана аларда шайлоо фондунан төлөнгөндүгү жөнүндө чыгаруу маалыматтары көрсөтүлгөндүгүн белгиледи. Ошондой эле төрага жогоруда аталган бардык талапкерлер катталгандыгын, баарынын шайлоо фонддору ачылгандыгын, алардын баары үгүт өнөктүгүн Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык жүргүзүп жатышкандыктарын белгиледи. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 22-беренесинин 14-бөлүгүнө ылайык талапкер, саясий партиялар жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн үгүт иштеринин түрүн жана мүнөзүн өз алдынча аныктоого укуктуу. Жумушчу топтордун жыйналышына шайлоо фонддоруна каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтар берилди, аларга ылайык ал басылма үгүт материалы айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер Д. Абдиевдин шайлоо фондунан төлөнгөн, шайлоо фондунан төлөнгөндүгү, тиражы жана даярдоочунун маалыматтары жөнүндө маалыматтар бар. Мындай жагдайда Жумушчу топтордун мүчөлөрү айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер тараптан шайлоо мыйзамдарынын ченемдери бузулган эмес, Жайыл АШКнын чечими мыйзамдуу жана негиздүү экендиги белгиленди деп эсептейт. Жогоруда баяндалгандын негизинде, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16, 22, 23, 27-беренелерин,  “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин, КР БШКнын 2017-жылдын 14-июнундагы №157 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иши жөнүндө” Жобону, КР БШКнын 2016-жылдын 20-октябрындагы №161 токтому менен бекитилген “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 3-апрелиндеги №51 протоколун жокко чыгаруу жөнүндө К.М. Жандралиевдин даттануусун канааттандыруудан баш тартууну чечти. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү              
Кененирээк билүү >>
1 … 235 237 … 484