Башкы Жаңылыктар Ыкчам чара көрүүчү координациялык топ билдирет

Ыкчам чара көрүүчү координациялык топ билдирет

07-Апр, 2021

Ыкчам чара көрүүчү координациялык топ билдирет

 

2021-жылы 23-мартта КР ИИМ кызматкерлери жана КР БШКнын Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобунун (ЫЧКТ) мүчөлөрү интернет сайттарга байкоо жүргүзгөндө Бишкек шаарынын Октябрь районунун №8 МАБ (муниципалдык аймактык башкармасы) башкы адиси тараптан «Эмгек» саясий партиясынан шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер Ш.С.Рдин пайдасына Whatsapp мессенжеринде үгүт жүргүзүү мүнөзүндөгү смс-билдирүү аныкталды.

Бул факт КР Жоруктар кодексинин административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу жөнүндө 87-1-беренесинин 2-бөлүгү боюнча Октябрь районунун ИИБдин Кылмыштардын жана укук бузуулардын бирдиктүү реестрине (КУБР) 2021-жылы 23-мартта кир. № 03-055-2021-002845 менен катталды.

Жүргүзүлгөн териштирүүнүн натыйжасында жана шектенүү үчүн негиз берген жетиштүү далилдер болгондуктан 2021-жылы 7-апрелде Бишкек шаарынын Октябрь районунун ИИБдин ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан КР Жоруктар кодексинин административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу жөнүндө 87-1-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган жорук жасаган деп шектенүү жөнүндө №8 МАБ башкы адиси Ш.Л.Га билдирме тапшырылды. Изилдөө жүргүзүү жана андан ары сотко өткөрүп берүү үчүн иш прокуратурага жөнөтүлдү.

Учурда ички иштер органдары тарабынан үй комитеттеринин саясий партиялардын/талапкерлердин пайдасына үгүт жүргүзүүгө катышуусу жөнүндө башка бир катар билдирүүлөр боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө.

Бишкек шаарынын Октябрь жана Свердлов райондорундагы кичи райондорунун үй комитеттеринин өкүлдөрү суракка чакырылды. Жыйынтыгы боюнча күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылып, үй комитеттеринин өкүлдөрүнүн аракеттерине укуктук баа берилет.

ЫЧКТ тарабынан шайлоонун жүрүшүндө административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануунун башка бир катар аныкталган фактылары боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө.

ЫЧКТ үй комитеттеринин өкүлдөрүн шайлоонун жүрүшүндө мыйзамсыз аракеттерге жол бербөөгө чакырат жана мыйзамдардын төмөнкү беренелеринде каралган бузуулар үчүн жоопкерчилик бар экендиги тууралуу эскертет:

- КР Жазык кодексинин 192-беренеси. Шайлоочуларды сатып алуу – 180 000 сомдон 260 000 сомго чейин айып пул салууга же болбосо 2 жыл 6 айга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

- КР Жоруктар кодексинин 87-1-беренеси. Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануусу – белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 30 000 сомдон 60 000 сомго чейин айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>