Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
БШК Талас облусунун бир катар айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 21-майындагы жыйналышында Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ленинполь, Акназаров жана Шадыкан, ошондой эле Талас районунун Көк-Ой, Бердике баатыр, Нуржанов, Калба, Жергетал жана Долон айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды:
№
Жергиликтүү өз алдынча
башкаруунун аткаруу
органдарынын аталышы
Мандаттардын
саны
Жергиликтүү
кеңештин төрагасын шайлоо датасы
Кеңештин
шайланган төрагасы
Шайлоо өткөрүү датасы жана убактысы
Талас облусу
Бакай-Ата району
1
Ленинполь
айыл өкмөтү
21
17.05.2021
Атантаев
Куштарбек
Орозбекович
7-июнь 2021
саат 9-00дөн 12-00гө чейин
2
Акназаров
айыл өкмөтү
21
17.05.2021
Жорготаев
Капар
Орозбекович
9 июня 2021 года,
саат 15-00дөн 18-00гө чейин
3
Шадыкан
айыл өкмөтү
11
17.05.2021
Назаралиев
Абжалбек
Токтосунович
7-июнь 2021
саат 9-00дөн 12-00гө чейин
Талас району
1
Көк-Ой
айыл өкмөтү
21
14.05.2021
Джусупбеков
Канатбек
Мырсабекович
8-июнь 2021
саат 9-00дөн 12-00гө чейин
2
Бердике баатыр
айыл өкмөтү
11
14.05.2021
Азизбек уулу
Улукмырса
8-июнь 2021
саат 15-00дөн 18-00гө чейин
3
Нуржанов
айыл өкмөтү
11
15.05.2021
Нусубалиева
Гуля Бектуровна
9-июнь 2021
саат 9-00дөн 12-00гө чейин
4
Калба
айыл өкмөтү
21
15.05.2021
Сатыбек уулу
Максат
9-июнь 2021
саат 15-00дөн 18-00гө чейин
5
Жергетал
айыл өкмөтү
21
17.05.2021
Молдояров
Жумакадыр
Темирбекович
10 -июнь 2021
саат 9-00дөн 12-00гө чейин
6
Долон
айыл өкмөтү
21
17.05.2021
Абдышов
Таласбек
Жээнбекович
10 -июнь 2021
саат 15-00дөн 18-00гө чейин
Чечимдер “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
Бакай-Ата жана Талас аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл облусунун бир катар айыл өкмөт башчыларын шайлоо дайындалды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 21-майындагы жыйналышында Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол, Көк-Мойнок, Төрт-Күл, Б. Мамбетов жана Жети-Өгүз районунун Ырдык, Липенка, Жети-Өгүз, Ак-Дөбө, Оргочор, Светло-Поляна айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды:
№
Жергиликтүү өз алдынча
башкаруунун аткаруу
органдарынын аталышы
Мандаттардын
саны
Жергиликтүү
кеңештин төрагасын шайлоо датасы
Кеңештин
шайланган төрагасы
Шайлоо өткөрүү датасы жана убактысы
Ысык-Көл облусу
Тоң району
1
Улахол
айыл өкмөтү
11
14.05.2021
Мамытбаев
Келдибек
Аскарбекович
9-июнь 2021
саат 9-00дөн 12-00гө чейин
2
Көк-Мойнок
айыл өкмөтү
11
14.05.2021
Жангазиев
Элдияр
Сыргатович
9-июнь 2021
саат 15-00дөн 18-00гө чейин
3
Төрт-Күл
айыл өкмөтү
21
15.05.2021
Жунушалиев
Максат
Женишбекович
10-июнь 2021
саат 9-00дөн 12-00гө чейин
4
Б.Мамбетов
айыл өкмөтү
21
15.05.2021
Белекова
Рана
Мусаевна
10-июнь 2021
саат 15-00дөн 18-00гө чейин
Жети-Өгүз району
1
Ырдык
айыл өкмөтү
21
17.05.2021
Календеров
Самат
Курманбекович
8-июнь 2021
саат 9-00дөн 12-00гө чейин
2
Липенка
айыл өкмөтү
11
17.05.2021
Маданбеков
Таалайбек
Карынбаевич
8-июнь 2021
саат 15-00дөн 18-00гө чейин
3
Жети-Өгүз
айыл өкмөтү
21
17.05.2021
Ургаипов
Бактыбек
Артыкбекович
9-июнь 2021
саат 9-00дөн 12-00гө чейин
4
Ак-Дөбө
айыл өкмөтү
21
18.05.2021
Тыныбеков
Айбек
Базаркулович
9-июнь 2021
саат 15-00дөн 18-00гө чейин
5
Оргочор
айыл өкмөтү
11
18.05.2021
Акматов
Жаналы
Урсаевич
10-июнь 2021
саат 9-00дөн 12-00гө чейин
6
Светло-Поляна
айыл өкмөтү
11
18.05.2021
Бакчиев
Кубанычбек
Айсаракунович
10-июнь 2021
саат 15-00дөн 18-00гө чейин
Чечимдер “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
Аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 4 айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 21-майындагы жыйналышында Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол, Кара-Кочкор, Кара-Гуз жана Ылай-Талаа айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды:
№
Жергиликтүү өз алдынча
башкаруунун аткаруу
органдарынын аталышы
Мандаттардын
саны
Жергиликтүү
кеңештин төрагасын шайлоо датасы
Кеңештин
шайланган төрагасы
Шайлоо өткөрүү датасы жана убактысы
Ош облусу
Кара-Кулжа АШК
Кашка-Жол
айыл өкмөтү.
21
17.05.2021
Бакиров
Жамшитбек
Токтосунович
8-июнь 2021
саат 9-00дөн 12-00гө чейин
Кара-Кочкор
айыл өкмөтү
21
17.05.2021
Борубаев
Суймонкул
Эркинбаевич
8-июнь 2021
саат 15-00дөн 18-00гө чейин
Кара-Гуз
айыл өкмөтү
21
18.05.2021
Шабданов
Кубанычбек
Илиязович
9-июнь 2021
саат 9-00дөн 12-00гө чейин
Ылай-Талаа айыл өкмөтү
21
18.05.2021
Жолдошов
Нурбек
Жапашович
9-июнь 2021
саат 15-00дөн 18-00гө чейин
Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК 6 шаардын мэрлерин шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылдын 21-майындагы жыйналышында Талас, Каракол, Чолпон-Ата, Кант, Кочкор-Ата, Өзгөн шаарларында мэрлерди шайлоону дайындоо тууралуу токтом кылды.
2021-жылдын 19-майында Талас облусунун Талас шаарында, 2021-жылдын 20-майында Чүй облусунун Кант шаарында, 2021-жылдын 10-майында Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында, 2021-жылдын 17-майында Ош облусунун Өзгөн шаарында, 2021-жылдын 17-майында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, 2021-жылдын 18-майында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында шаардык кеңештердин жаңы шайланган депутаттарынын биринчи сессиясы болуп өттү.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык, КР БШК Талас, Каракол, Чолпон-Ата, Кант, Кочкор-Ата, Өзгөн шаарларында төмөнкү күндөрү мэрлерди шайлоону дайындоо тууралуу токтом кылды:
Талас шаары:
Талас облусунун Талас шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 10-июнуна дайындалды.
Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Каракол шаары:
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 10-июнуна дайындалды.
Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Чолпон-Ата шаары:
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 10-июнуна дайындалды.
Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Кант шаары:
Чүй облусунун Кант шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 10-июнуна дайындалды.
Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Кочкор-Ата шаары:
Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 10-июнуна дайындалды.
Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Өзгөн шаары:
Ош облусунун Өзгөн шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 10-июнуна дайындалды.
Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 21-майда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 21 май 2021-ж.
Убактысы: 17.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Талас облусунун Талас шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
4. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
5. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
6. Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
7. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол, Кара-Кочкор, Кара-Гуз жана Ылай-Талаа айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
8. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол, Көк-Мойнок, Төрт-Көл,Б. Мамбетов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
9. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык, Липенка,Жети-Өгүз, Ак-Дөбө, Оргочор, Светло-Поляна айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
10. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ленинполь, Акназаров жана Шадыкан айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
11. Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой, Бердике баатыр, Нуржанов, Калба, Жергетал жана Долон айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
12. Баткен облусунун Баткен районунун Төрт-Гүл жана Дараайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
13. Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик, Совет, Халмион жана Көтөрмө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
14. Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек, Катран жана Тогуз-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
15. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
16. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш, Ленин, Таш-Булак, Сузак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
17. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук, Бел-Алды, Сары-Камыш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
18. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ак-Коргон жана Т.Балтагулов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
19. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө жана Жерге-Тал айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
20. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз, Баш-Кайынды, Кара-Суу жана Талды-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
21. Нарын облусунун Жумгал районунун Кабак, Таш-Дөбө жана Чоң-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
22. Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө, Кум-Дөбө, Көк-Жар жана Семиз-Бел айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
23. Нарын облусунун Нарын районунун Ак-Кудук, Казан-Куйган, Эмгекчил жана Эмгек-Талаа айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
24. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар, Октябрь, Арашан жана Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
25. Чүй облусунун Жайыл районунун Красновосточный, Кара-Суу, Сары-Булак жана Суусамыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
26. Чүй облусунун Москва районунун Төлөк, Целинный, Сретенка жана Чапаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
27. Чүй облусунун Панфилов районунун Орто, Вознесеновка, Күрпүлдүк жана Чалдыбар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
28. Чүй облусунун Сокулук районунун Асылбаш, Төш-Булак, Орок жана Новопавловка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
29. Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим, Ибраимов, Искра жана Кош-Коргон айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
30. Талас аймактык шайлоо комиссиясынын курамын таркатуу жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
31. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Шаар мэрин шайлоо тартиби жөнүндө
Шаар мэрин шайлоо тартиби жөнүндө
(КР Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 27-февралындагы № 54, 2018-жылдын 17-февралындагы № 32, 2018-жылдын 27-августундагы № 170, 2020-жылдын 30-январындагы № 25, 2021-жылдын 23-июнундагы № 555 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Негизги жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан жана шаар мэрин шайлоону өткөрүү тартибин аныктайт.
Шаар мэрин шайлоо Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары, “Жергиликтүү өз алдынча бащкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Жобо менен жөнгө салынат.
2. Шаар мэри тиешелүү шаардык кеңештин сессиясында депутаттар тарабынан анын чакырылган мөөнөтүнө жашырын добуш берүү жолу менен шайланат.
3. Шаар мэри кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө шаардык кеңештин депутаттык фракциялары жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри укуктуу.
4. Жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта же билим берүү, саламаттык сактоо мамлекеттик мекемелеринде иш стажы бар же жеке менчик формасындагы уюмдардын, мекемелердин жана чарбакер субъекттердин жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди билген, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны шаар мэри боло алат.
Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандары шаар мэри боло албайт:
- талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган, ошондой эле соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон жарандар.
4-1. Шаар мэринин кызмат ордуна талапкер карым-катыштын бардык чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш, бул деңгээл Өкмөт бекиткен "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык "ортодон жогорку" деңгээл катары мүнөздөлөт. Тилди билүү деңгээли белгиленген үлгүдөгү сертификат (мындан ары - мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат) менен ырасталат.
Мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мекеме тарабынан берилет.
Шаар мэринин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу өз сертификатын аймактык шайлоо комиссиясына бербей коюусу каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.Кылмыш кылгандыгы үчүн соттолгон жана соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынбаган же жоюлбаган Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло албайт.
5. Шаар мэрин шайлоо жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи жыйналышы өткөн күндөн тартып 10 календарлык күндөн кечиктирилбестен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат.
Шаар мэри ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун түзүлгөн күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен шаар мэрин шайлоону дайындайт.
Прокуратура органдары тарабынан белгиленген, мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын же өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Премьер-министр тарабынан ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, шаар мэри кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугу жөнүндө арыз менен сотко кайрылса, жаңы шайлоону дайындоо сот арызды биротоло карап бүткөнгө чейин токтотулуп турат.
Шаар мэри шаардык кеңештин чакырылыш мөөнөтү аяктаганга чейин 90 календардык күн калганда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи жыйналышы өткөнгө чейин шаар мэрин шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалбайт.
6. Шаар мэрин шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календарлык күндүн ичинде өткөрүлөт.
7. Борбордук шайлоо комиссиясынын тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөрү шаар мэрин шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү координациялоону жүргүзүшөт.
8. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы шаар мэрин шайлоону координациялоо жана байкоо жүргүзүү үчүн тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүн жиберүүгө укуктуу.
II. Шаар мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоо тартиби
9. Шаар мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоо үчүн шаар мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн шаардык кеңештин депутаттар фракциясы жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри шайлоо күнүнө чейин 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
1) шаар мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим;
2) талапкердин көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө арызы;
3) талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, туулган күнү, ээлеген кызматы (ишинин түрү) жана жашаган жерин көрсөтүлгөн өмүр баянынын маалыматтары;
4) шаар мэринин кызмат ордуна талапкердин бул жобонун I главасынын 4-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү билими жана иш стажысы бар экендигин ырастаган эмгек китепчесинин жана жогорку билими тууралуу дипломунун нотариус тарабынан күбөлөндүргөн көчүрмөлөрү;
5) шаар мээринин кызмат ордуна талапкерде соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкатты же соттуулугунун жоюлгандыгы жөнүндө (оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугунан тышкары) соттун мыйзам тартибинде белгиленген чечимин;
6) мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификат;
7) белгиленген формадагы жеке маалыматтарды жыйноого жана иштеп чыгууга толтурулган макулдук.
9-1. Талапкер шайлоо комиссиясына берилген маалыматтардын аныктыгын ырастайт жана көрсөтүү, каттоо, же болбосо шайлоо максатында анык маалыматтарды берүүсү үчүн жоопкерчиликтүү болот.
10. Тийиштүү шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынгандан тартып үч календарлык күндүн ичинде талапкердин жана шаар мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү тартибинин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жобонун талаптарына ылайыктыгын текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алат.
Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы катталган же катталбаган талапкерлер жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына дароо кабарлайт.
11. Эгерде аймактык шайлоо комиссиясы шаар мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоо үчүн тоскоол болуп саналган талапкердин документтериндеги ылайык келбөөчүлүктү аныктаса, документтер кабыл алынгандан тартып 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы талапкерди көрсөткөн шаардык кеңештин депутаттык фракциясына, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине ылайык келбөөчүлүк тууралуу маалымдоого милдеттүү.
Талапкерди шаар мэрине көрсөткөн шаардык кеңештин депутаттык фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, маалыматты алган учурдан тартып, 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.
12. Шаар мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерди шаар мэринин кызмат ордуна көрсөткөн шаардык кеңештин депутаттык фракциясына, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине аймактык шайлоо комиссиясынын баш тартуусунун негиздери баяндалган чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
13. Шаар мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоодон баш тартууга төмөнкүлөр негиз болот:
1) “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган көрсөтүү тартибин сактабагандык;
2) талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;
3) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүү экендиги;
4) талапкерди шаар мэринин кызмат ордуна көрсөткөн субъектилер тарабынан (шаардык кеңештин депутаттык фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри) “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 1-бөлүгүндө жана ушул Жобонун II главасынын 9-пунктунда көрсөтүлгөн каттоо үчүн бардык зарыл документтерди берилбегендиги;
5) шаар мэринин кызмат ордуна талапкердин аймактык шайлоо комиссиясына мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификатты бербегендиги.
14. Талапкерди шаар мэринин кызмат ордуна каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.
15. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы бардык талапкерлерди каттагандан кийин 2 календарлык күндүн ичинде шаар мэрин шайлоону уюштурат.
16. Шаар мэринин кызмат ордуна талапкер каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Бул учурда талапкерди шаар мэринин кызмат ордуна каттаган тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
17. Талапкерди шаар мэринин кызмат ордуна көрсөткөн шаардык кеңештин депутатттык фракциясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бардык учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен талапкерди кайра чакыртып алууга укуктуу. Мындай учурда тийиштүү талапкерди шаар мэринин кызмат ордуна каттаган аймактык шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
18. Эгерде белгиленген мөөнөттөрдө бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкерлер добуш берүүгө катышуудан баш тартса, бул Жобонун VI главасына ылайык кайталап шайлоо дайындалат жана өткөрүлөт.
Эгерде кайталап шайлоого бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкер добуш берүүгө катышуудан баш тартса, шаардык кеңештин фракциясы, шаардык кеңештин фракцияларынын коалициясы жана Премьер-министр тарабынан талапкерди көрсөтүү менен кайталап шайлоо өткөрүлөт.
III. Шайлоону уюштуруу
19. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендеринин текстин жана формасын жана тиешелүү кеңештеги депутаттардын тизмесин бекитет, аларды даярдоону жана сактоону камсыз кылат, өздөрүнүн жыйналыштарынын протоколун алып барууну уюштурат, ушул Жобого ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
20. Шайлоо бюллетендери жана тиешелүү кеңештин депутаттарынын тизмеси комьпютердик жол менен мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдалат, ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылып, аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын колу менен күбөлөндүрүлөт.
21. Бюллетенге шаар мэринин кызмат ордуна катталган талапкердин аты-жөнү алфавиттик тартипте жазылат. Бюллетендин акыркы сабына – “бардык талапкерлерге каршы” позициясы киргизилет.
22. Шаар мэриясынын аппараты аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону уюштурууда атайын жай берүү, добуш берүү үчүн кабиналарды, добуш берүү үчүн үкөктөрдү коюу жана башка шайлоону өткөрүүгө байланышкан башка маселелерди чечүү жолу менен жардам берүүгө милдеттүү.
23. Депутаттардын катышуусун камсыз кылуудагы жоопкерчиликти тиешелүү шаардык кеңештин төрагасы тартат. Тийиштүү шаардык кеңештин төрагасы добуш берүү башталуучу убакка чейин 24 саат калгандан кечиктирбестен, тийиштүү шаардык кеңештин депутаттарына шаар мэрин шайлоонун орду, күнү жана убактысы жөнүндө маалымдоого милдеттүү.
24. Добуш берүү жол-жобосун камсыз кылуу боюнча жоопкерчиликти аймактык шайлоо комиссиясы тартат.
IV. Шайлоону өткөрүү жана добуш берүү тартиби
25. Шаар мэрин шайлоо шаардык кеңештин жыйналыштары өтүүчү жайда өткөрүлөт. Шаар мэрин шайлоо саат 9:00дөн 12.00гө чейин, же саат 15:00дөн 18.00гө чейин өткөрүлөт.
26. Добуш берүү алдында добуш берүү үкөгү текшерилип, пломба коюлат жана комиссиянын төрагасынын жана катчысынын колу коюлуп, аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылат.
27. Ар бир депутат жеке өзү добуш берет, башка адам үчүн добуш берүүгө жол берилбейт. Ар бир депутат шаар мэрине бир гана талапкерге же “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн добуш бере алат. Бир талапкерден ашык талапкерге белги коюлган бюллетень жараксыз деп табылат.
28. Шайлоо бюллетенин алгандыгы үчүн депутат шаардык кеңештин депутаттар тизмесине кол коет.
V. Шаар мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө жана шайлоонун натыйжасын аныктоо жана аларды жарыялоо тартиби
29. Добуш берүү убактысы аяктагандан кийин аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүү жол-жобосу токтотулгандыгы жана шаар мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө жана шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө кулактандырат.
30. Добуштарды эсептөө ачык-айкын, аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү тарабынан гана жүргүзүлөт жана добуш берүү үчүн бөлмөдө тыныгуусуз өткөрүлөт.
31. Пайдаланылбаган бюллетендер аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан эсептелип, добуш берүү үкөгүн ачканга чейин жок кылынат. Жок кылынган бюллетендердин саны тууралуу маалымат добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө Протоколго жана анын добуш берүү үчүн жайга илинген чоңойтулган көчүрмөсүнө жазылат.
32. Аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүү үкөгүн ачууну жүргүзөт. Үкөктөн алынып чыккан бюллетендердин негизинде добуш берүүгө катышкан депутаттардын жалпы санын, жараксыз бюллетендердин санын, ар бир талапкерге “макул” деп берилген добуштардын санын жана шаар мэринин кызмат ордуна көрсөтүлгөн “бардык талапкерлерге каршы” позициясына берилген добуштардын санын аныктайт.
Добуш берүүчүнүн эрк-ниет билдирүүсүн аныктоого мүмкүн болбогон, бирден ашык талапкерге белги коюлган, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылбаган жана же аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кол койбогон бюллетендер жараксыз болуп саналат.
33. Аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген, добуш берүү үкөгүнөн алынып чыккан бюллетендердин негизиндеги бардык маалыматтар добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Протоколго жана анын добуш берүүчү жайга илинген чоңойтулган көчүрмөсүнө жазылат. Протокол аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана аймактык шайлоо комиссиясынын белгиленген санынын көпчүлүк бөлүгүнөн аз эмес мүчөлөрүнүн колу коюлат.
34. Протоколго кол коюлгандан кийин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүүнүн жыйынтыгын шаардык кеңештин депутаттарынын жана катышкан адамдардын алдында дароо жарыялайт.
35. Аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө Протоколдун негизинде шайлоонун натыйжасын аныктайт.
Аймактык шайлоо комиссиясы эгерде ага шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, шаар мэринин кызмат ордуна шайлоо өттү деп тааныйт. Мындай болбогон учурда бул Жобонун VI главасына ылайык кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде шайлоо өттү деп таанылса, аймактык шайлоо комиссиясы – тиешелүү шаардык кеңештеги депутаттардын көпчүлүк бөлүгүнүн (жарымынан көбүнүн) добушуна ээ болгон талапкерди шаар мэри болуп шайланды деп эсептейт.
Эгерде:
- эки талапкер катталып жана алардын бири дагы зарыл болгон добушту албаса, көбүрөөк сандагы добуш алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт;
- экиден ашык талапкер катталып, биринчи турда талапкерлердин бири көбүрөөк сандагы добуш алып, кийинки эки талапкер бирдей сандагы добуш алып калса, көбүрөөк сандагы добуш алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт;
- экиден ашык талапкер катталып жана биринчи турда эки талапкер баарынан көбүрөөк сандагы бирдей добуш алып калса, ал эми башка талапкерлер азыраак добуш алса, көбүрөөк сандагы бирдей добуш алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт;
- экиден ашык талапкер катталып алардын бири да депутаттардын зарыл сандагы добушун ала албаса, көбүрөөк сандагы добуш алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт.
Добуш берүүнүн экинчи туру, бул Жобонун III, IV, V главаларында белгиленген тартипте өткөрүлөт.
Эгерде:
- шаар мэринин кызмат ордуна бир талапкер катталып, ал депутаттардын зарыл сандагы добушун ала албай калса, шаар мэрин кайра шайлоо өткөрүлөт;
- эки талапкер катталып жана биринчи турда эки талапкер тең депутаттардын бирдей сандагы добушун алып калса, шаар мэрин кайра шайлоо өткөрүлөт;
- экиден ашык талапкер катталып жана биринчи турда бардык талапкерлер бирдей сандагы добуш алса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- депутаттар талапкерлерге караганда “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн көбүрөөк сандагы добуш берсе, кайра шайлоо өткөрүлөт;
Добуш берүүнүн натыйжасын аныктоодо бул Жободо каралбаган башка жагдай келип чыккан учурларда кайра шайлоо өткөрүлөт.
Кайра шайлоо өткөрүү бул Жобонун VI главасында белгиленген тартипте дайындалат жана өткөрүлөт.
36. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжасын аныктагандан кийин шайлоонун натыйжасы жөнүндө Протокол түзүп, ага аймактык шайлоо комиссиясынын бардык катышкан мүчөлөрүнүн белгиленген санындагы көпчүлүгүнөн аз эмес сандагы мүчөлөрү кол коюшат.
Протоколго кол коюлгандан кийин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы шаар мэрин шайлоо натыйжасын шаардык кеңештин депутаттарынын жана катышкан адамдардын алдында дароо жарыялайт.
37. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Протоколдун биринчи нускасы мөөр басылган бардык шайлоо документтери менен бирге (депутаттардын тизмеси, шайлоо бюллетендери ж.б.) Борбордук шайлоо комиссиясына бекитүү жана расмий жарыялоо үчүн жөнөтүлөт. Экинчи нускасы аймактык шайлоо комиссиясында сакталат. Күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү, тиешелүү шаардык кеңешке жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жөнөтүлөт, ошондой эле бардык катышуучуларга алардын талабы боюнча берилет.
38. Аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү жалпыга каражаттарына шайлоонун натыйжасы тууралуу жалпы маалыматты жарыялайт.
39. Шайланган шаар мэрине тиешелүү аймактык комиссиясы тарабынан күбөлүк берилет. Күбөлүктүн формасы жана тексти Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
40. Добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжасын аныктоо боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын чечимине, аракетине же аракетсиздигине даттануу, ошондой эле шаар мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгынын жана шайлоонун натыйжасынын өзүнө даттануу, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинде белгиленген тартипте жана мөөнөттө жүргүзүлөт.
VI. Шаар мэрин кайра шайлоо
41. Бул Жобонун 18, 35-пункттарында каралган негиздер келип чыккан учурларда, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен шаар мэрин кайра шайлоо бул Жобонун II-V главаларында белгиленген тартипте өткөрүлөт.
42. Борбордук шайлоо комиссиясы шаар мэри шайланбай калган күндөн тартып, үч календарлык күндүн ичинде жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоону дайындайт.
43. Жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календарлык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт.
44. Эгерде кворум болбой калгандыктан, башкача айтканда, добуш берүүгө шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнөн азы катышып калса, Борбордук шайлоо комиссиясы үч календарлык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.
Бул учурда аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып, он беш календарлык күндөн кечиктирилбестен, бул Жобонун III-V главаларына ылайык мурда катталган талапкерлер боюнча кайра шайлоо өткөрүлөт.
44-1. Шаар мэрин кайра шайлоо өткөрүлгөн учурда, иш-аракеттери шайлоону жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлер шайлануучу кызмат орундарына талапкерликке кайрадан көрсөтүлүшү мүмкүн эмес.
44-2. Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын, шайлоо комиссияларынын чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана (же) шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп таануу үчүн негиз катары кызмат кылган учурда, кайра шайлоо шайлоого катышкан талапкерлердин арасында өткөрүлөт. Эгерде мурда катталган баардык талапкерлер шаар мэрин шайлоого катышуудан баш тартышса, кайра шайлоо жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен өткөрүлөт.
VII. Шаар мэринин шайланбай калуусунун натыйжалары
47. Эгерде тиешелүү кеңештин депутаттары белгиленген мөөнөттөрдө шаар мэрин шайлай албаган учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңешти таркатат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.
Мэрди шайлоо, эгерде:
- кворумдун жоктугунан эки жолу болбой калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- эки жолу болсо, бирок талапкерлер добуштардын зарыл санын албай капса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган, ал эми кайра шайлоо талапкерлер зарыл болгон добуштардын санын албаганынан улам болбой калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди кайра шайлоону дайындоого укуктуу.
Эгерде шайлоо талапкерлердин добуштардын зарыл санын албаганынан улам болбой калган, ал эми кайра шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди кайра шайлоону дайындоого укуктуу.
Эгерде кайра шайлоонун жыйынтыгы боюнча шаар мэри жогоруда көрсөтүлгөн себептер боюнча шайланбай калса, Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңешти таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтөт.
48. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тиешелүү шаардык кеңештин жаңы депутаттар курамы шаар мэрин шайлаганга чейин шаар мэринин милдетин аткаруучуну дайындайт.
VIII. Шаардын шайланган мэринин кызмат ордуна киришүүсү
49. Шаардын шайланган мэринин кызмат ордуна Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо натыйжасы бекитилип жана расмий жарыялангандан кийин киришет. Шаар мэринин кызматына киришүү датасын аймактык шайлоо комиссиясы атайын реестрге киргизүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына расмий кат жүзүндө берет.
IX. Жаңы ачылган жагдайларга жана шаар мэрин шайлоодо белгиленген тартипти бузуу фактылары табылганына байланыштуу маселелерди жөнгө салуу
50. Эгерде шаар мэрин шайлоонун натыйжасы аныкталгандан кийин жана шаардын шайланган мэри кызмат кызмат ордуна киришкенге чейин анын пассивдүү шайлоо укугу жоктугу же болбосо анын шаар мэринин кызмат ордуна белгиленген тартипти бузуу менен шайланган фактылары аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан ырасталса, Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алынган чечимдерди жана токтомдорду жокко чыгарып, добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп тааныйт, шайлоону өткөн жок деп тааныйт жана зарыл болсо шаар мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоону жокко чыгарат.
51. Эгерде шаар мэри кызмат кызмат ордуна киришкенден кийин анын пассивдүү шайлоо укугу жоктугу же анын шаар мэринин кызмат ордуна белгиленген тартипти бузуу менен шайланган фактылары ырасталса, Борбордук шайлоо комиссиясы чечим кабыл алат жана көрсөтүлгөн фактылар, жагдайлар жана негиздер белгиленген күндөн тартып, бир айдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине аны ээлеген кызмат ордуна мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу сунуштама менен кайрылат.
X. Бул Жободо каралган эсептерди жүргүзүү тартиби
52. Шаар мэрин щайлоо жана шайлоону өттү же өткөн жок деп таануу үчүн бул Жободо тиешелүү шаардык кеңештин депутаттарынын белгиленген санына (жалпы санына) карата депутаттардын керектүү саны аныкталган.
53. Депутаттардын белгиленген саны (жалпы саны) – 21 болгон шаардык кеңештер үчүн:
- белгиленген сандын (жалпы саны) үчтөн экисин түзгөн депутаттардын саны – 14;
- жалпы санынын көпчүлүгүн (жарымынан көбү) түзгөн депутаттардын саны – 11;
54. Депутаттардын белгиленген саны (жалпы саны) – 31 болгон шаардык кеңештер үчүн:
- белгиленген сандын (жалпы саны) үчтөн экисин түзгөн депутаттардын саны – 21;
- жалпы санынын көпчүлүгүн (жарымынан көбү) түзгөн депутаттардын саны – 16.
Кененирээк билүү >>
Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартиби жөнүндө
Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби
(КР Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 27-февралындагы № 54, 2018-жылдын 17-февралындагы № 32, 2018-жылдын 27-августундагы № 170, 2020-жылдын 30-январындагы № 25, 2021-жылдын 23-июнундагы № 555 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Негизги жоболор
II. Айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерди каттоо тартиби
III. Шайлоону уюштуруу
IV. Шайлоону өткөрүү жана добуш берүү тартиби
V. Айыл өкмөт башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө жана шайлоонун натыйжасын аныктоо жана аларды жарыялоо тартиби
VI. Айыл өкмөт башчысын кайра шайлоо
VII. Айыл өкмөт башчысынын шайланбай калуусунун натыйжалары
VIII. Айыл өкмөтүнүн шайланган башчысынын кызмат ордуна киришүүсү
IX. Жаңы ачылган жагдайларга жана айыл өкмөт башчысын шайлоодо белгиленген тартипти бузуу фактылары табылганына байланыштуу маселелерди жөнгө салуу
X. Бул Жободо каралган эсептерди жүргүзүү тартиби
I. Негизги жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан жана айыл өкмөт башчысын шайлоону өткөрүү тартибин аныктайт.
Айыл өкмөт башчысын шайлоо Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Жобо менен жөнгө салынат.
2. Айыл өкмөт башчысы тиешелүү айылдык кеңештин сессиясында депутаттар тарабынан анын чакырылган мөөнөтүнө жашырын добуш берүү жолу менен шайланат.
3. Айыл өкмөт башчысы кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө айылдык кеңештин депутаттары (депутаты) жана райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими (мындан ары – район акими) укуктуу.
4. Жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта же билим берүү, саламаттык сактоо мамлекеттик мекемелеринде иш стажы бар же жеке менчик формасындагы уюмдардын, мекемелердин жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин жетекчилик кызмат орундарында 2 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди билген, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөт башчысы боло алат.
Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандары айыл өкмөт башчысы боло албайт:
- кылмыш кылгандыгы үчүн соттолгон жана талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган;
- соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон.
4-1. Айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкер карым-катыштын бардык чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш, бул деңгээл Өкмөт бекиткен “Кыргызтест” мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык “ортодон жогорку” деңгээл катары мүнөздөлөт. Тилди билүү деңгээли белгиленген үлгүдөгү сертификат менен ырасталат.
Мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мекеме тарабынан берилет.
5. Айыл өкмөт башчысын шайлоо жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи жыйналышы өткөн күндөн тартып 10 календарлык күндөн кечиктирилбестен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат.
Айыл өкмөт башчысы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун түзүлгөн күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындайт.
Прокуратура органдары тарабынан белгиленген, мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын же өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн район акими тарабынан ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, айыл өкмөт башчысы кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугу жөнүндө арыз менен сотко кайрылса, жаңы шайлоону дайындоо сот арызды биротоло карап бүткөнгө чейин токтотулуп турат.
Айыл өкмөт башчысы айылдык кеңештин чакырылыш мөөнөтү аяктаганга чейин 90 календардык күн калганда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи жыйналышы өткөнгө чейин айыл өкмөт башчысын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалбайт.
6. Айыл өкмөт башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календарлык күндүн ичинде өткөрүлөт.
7. Борбордук шайлоо комиссиясынын тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөрү айыл өкмөт башчысын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү координациялоону жүргүзүшөт.
8. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы айыл өкмөт башчысын шайлоону координациялоо жана байкоо жүргүзүү үчүн тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүн жиберүүгө укуктуу.
II. Айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерди каттоо тартиби
9. Айыл өкмөт башчысына талапкерди каттоо үчүн айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн айылдык кеңештин депутаттары (депутаты), ошондой эле айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерди сунуштаган район акими шайлоо күнүнө чейин 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди беришет:
1) айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү жөнүндө жазуу жүзүндө чечим же сунуштама;
2) талапкердин көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө арызы;
3) талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, туулган күнү, ээлеген кызматы (ишинин түрү) жана жашаган жери көрсөтүлгөн өмүр баянынын маалыматтары;
4) айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкердин бул жобонун I главасынын 4-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү билими жана иш стажысы бар экендигин ырастаган эмгек китепчесинин жана жогорку билими тууралуу дипломунун нотариус тарабынан күбөлөндүргөн көчүрмөлөрү;
5) айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкердин соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат же соттуулугунун жоюлгандыгы жөнүндө (оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугунан тышкары) соттун мыйзам тартибинде белгиленген чечими;
6) мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификат;
7) белгиленген формадагы жеке маалыматтарды жыйноого жана иштеп чыгууга толтурулган макулдук.
9-1. Талапкер шайлоо комиссиясына берилген маалыматтардын аныктыгын ырастайт жана көрсөтүү, каттоо, же болбосо шайлоо максатында анык маалыматтарды берүүсү үчүн жоопкерчиликтүү болот.
10. Тийиштүү шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынгандан тартып үч календарлык күндүн ичинде талапкердин жана айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү тартибинин ушул Жобонун жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайыктыгын текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алат.
Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы катталган же катталбаган талапкерлер жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына дароо кабарлайт.
11. Эгерде аймактык шайлоо комиссиясы айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерди каттоо үчүн тоскоол болуп саналган талапкердин документтериндеги ылайык келбөөчүлүктү аныктаса, документтер кабыл алынгандан тартып 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы талапкерди көрсөткөн айылдык кеңештин депутаттарына (депутатына), ошондой эле айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерди сунуштаган район акимине ылайык келбөөчүлүк тууралуу маалымдоого милдеттүү.
Айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн айылдык кеңештин депутаттары (депутаты), ошондой эле айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерди сунуштаган район акими, маалыматты алган учурдан тартып, 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.
12. Айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерди айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна көрсөткөн айылдык кеңештин депутаттарына (депутатына), ошондой эле айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерди сунуштаган район акимине аймактык шайлоо комиссиясынын баш тартуу негиздери баяндалган чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
13. Айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерди каттоодон баш тартууга төмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн:
1) “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган көрсөтүү тартибин сактабагандык;
2) талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;
3) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандык экендиги;
4) талапкерди айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна көрсөткөн субъектилер тарабынан (айылдык кеңештин депутаты, депутаттары, район акими) “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 1-бөлүгүндө жана ушул Жобонун II главасынын 9-пунктунда көрсөтүлгөн каттоо үчүн бардык зарыл документтердин берилбегендиги;
5) айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкердин аймактык шайлоо комиссиясына мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификатты бербегендиги.
14. Талапкерди айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.
15. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы бардык талапкерлерди каттагандан кийин 2 календарлык күндүн ичинде айыл өкмөт башчысын шайлоону уюштурат.
16. Айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкер каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Бул учурда айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерди каттаган тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
17. Айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн айылдык кеңештин депутаттары (депутаты), айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерди сунуштаган район акими бардык учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен талапкерди кайра чакыртып алууга укуктуу. Мындай учурда айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна тийиштүү талапкерди каттаган аймактык шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
18. Эгерде белгиленген мөөнөттөрдө бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт, кайра шайлоо бул Жобонун VI главасына ылайык дайындалып, өткөрүлөт.
Эгерде кайра шайлоого бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, талапкерлерди айылдык кеңештин депутаттары (депутаты) жана район акими көрсөтүп, кайра шайлоо өткөрүлөт.
III. Шайлоону уюштуруу
19. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендеринин текстин, формасын жана тиешелүү кеңештеги депутаттардын тизмесин бекитет, аларды даярдоону жана сактоону камсыз кылат, өз жыйналыштарынын протоколун алып барууну уюштурат, ушул Жобого ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
20. Шайлоо бюллетендери жана тиешелүү кеңештин депутаттарынын тизмеси компьютердик жол менен мамлекеттик же расмий тилдерде даярдалат, ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылып, аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын колу менен күбөлөндүрүлөт.
21. Бюллетенге айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна катталган талапкердин аты-жөнү алфавиттик тартипте жазылат. Бюллетендин акыркы сабына “баардык талапкерлерге каршы” позициясы киргизилет.
22. Айыл өкмөтүнүн аппараты атайын жай берүү, добуш берүү үчүн кабиналарды, добуш берүү үчүн үкөктөрдү коюу жана шайлоону өткөрүүгө байланышкан башка маселелерди чечүү жолу менен аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону уюштурууда жардам берүүгө милдеттүү.
23. Тиешелүү айылдык кеңештин төрагасы депутаттардын катышуусун камсыз кылуудагы жоопкерчиликти тартат. Тийиштүү шаардык кеңештин төрагасы добуш берүү башталуучу убакка чейин 24 саат калгандан кечиктирбестен, тийиштүү айылдык кеңештин депутаттарына айыл өкмөт башчысын шайлоонун орду, датасы жана убактысы жөнүндө маалымдоого милдеттүү.
24. Аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүү жол-жобосун камсыз кылуу боюнча жоопкерчиликти тартат.
IV. Шайлоону өткөрүү жана добуш берүү тартиби
25. Айыл өкмөт башчысын шайлоо айылдык кеңештин жыйналыштары өтүүчү жайда өткөрүлөт. Айыл өкмөт башчысын шайлоо саат 9:00дөн 12.00гө чейин же саат 15:00дөн 18.00гө чейин өткөрүлөт.
26. Добуш берүү алдында добуш берүү үкөгү текшерилип, пломба коюлат жана комиссия төрагасынын жана катчысынын колу коюлат, аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылып, бекитилет.
27. Ар бир депутат жеке өзү добуш берет, башка адам үчүн добуш берүүгө жол берилбейт. Ар бир депутат айыл өкмөт башчылыгына бир гана талапкерге же “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн добуш бере алат. Бир талапкерден ашык талапкерге белги коюлган бюллетень жараксыз деп табылат.
28. Шайлоо бюллетенин алгандыгы үчүн депутат айылдык кеңештин депутаттар тизмесине кол коет.
V. Айыл өкмөт башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө жана шайлоонун натыйжасын аныктоо жана аларды жарыялоо тартиби
29. Добуш берүү убактысы аяктагандан кийин аймактык шайлоо комиссиянынын төрагасы добуш берүү жол-жобосу токтотулгандыгы жана айыл өкмөт башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө кулактандырат.
30. Добуштарды эсептөө ачык-айкын, аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан гана жүргүзүлөт жана добуш берүү үчүн бөлмөдө тыныгуусуз өткөрүлөт.
31. Пайдаланылбаган бюллетендер аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан эсептелип, добуш берүү үкөгүн ачканга чейин жок кылынат. Жок кылынган бюллетендердин саны тууралуу маалымат добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө Протоколго жана анын добуш берүү үчүн жайга илинген чоңойтулган көчүрмөсүнө жазылат.
32. Аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүү үкөгүн ачууну жүргүзөт. Добуш берүү үчүн үкөктөн алынып чыккан бюллетендердин негизинде добуш берүүгө катышкан депутаттардын жалпы санын, жараксыз бюллетендердин санын, ар бир талапкерге “макул” деп берилген добуштардын санын жана айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна көрсөтүлгөн “баардык талапкерлерге каршы” позициясына берилген добуштардын санын аныктайт.
Добуш берүүчүнүн эрк-ниет билдирүүсүн аныктоого мүмкүн болбогон, бирден ашык талапкерге белги коюлган, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылбаган жана, же аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кол койбогон бюллетень жараксыз болуп саналат.
33. Добуш берүү үкөгүнөн алынып чыккан бюллетендердин негизинде аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген бардык маалыматтар добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Протоколго жана анын добуш берүүчү жайга илинген чоңойтулган көчүрмөсүнө жазылат. Протокол аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана ага аймактык шайлоо комиссиясынын белгиленген санынын көпчүлүк бөлүгүнөн аз эмес мүчөлөрүнүн колу коюлат.
34. Протоколго кол коюлгандан кийин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүүнүн жыйынтыгын айылдык кеңештин депутаттарынын жана катышкан адамдардын алдында дароо жарыялайт.
35. Аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө Протоколдун негизинде шайлоонун натыйжасын аныктайт.
Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоого айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна шайлоо өттү деп тааныйт. Мындай болбогон учурда бул Жобонун VI главасына ылайык кайра шайлоо дайындалат жана өткөрүлөт.
Эгерде шайлоо өттү деп таанылса, аймактык шайлоо комиссиясы тиешелүү шаардык кеңештеги депутаттардын көпчүлүк бөлүгүнүн (жарымынан көбүнүн) добушуна ээ болгон талапкерди айыл өкмөт башчысы болуп шайланды деп эсептейт.
Эгерде:
- эки талапкер катталса жана алардын бири дагы зарыл болгон добушту албаса, көбүрөөк сандагы добуш алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт;
- экиден ашык талапкер катталса жана биринчи турда талапкерлердин бири көбүрөөк сандагы добуш алып, кийинки эки талапкер бирдей сандагы добуш алып калса, көбүрөөк сандагы добуш алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт;
- экиден ашык талапкер катталса жана биринчи турда эки талапкер баарынан көбүрөөк сандагы бирдей добуш алып калса, ал эми башка талапкерлер азыраак добуш алса, көбүрөөк сандагы бирдей добуш алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт;
- экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын зарыл сандагы добушун албаса, көбүрөөк сандагы добуш алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт.
Добуш берүүнүн экинчи туру бул Жобонун III, IV, V главаларында белгиленген тартипте өткөрүлөт.
Эгерде:
- айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна бир талапкер катталып, ал депутаттардын зарыл сандагы добушун албай калса, айыл өкмөт башчысын кайра шайлоо өткөрүлөт;
- эки талапкер катталса жана биринчи турда эки талапкер тең депутаттардын бирдей сандагы добушун алып калса, айыл өкмөт башчысын кайра шайлоо өткөрүлөт;
- экиден ашык талапкер катталса жана биринчи турда бардык талапкерлер бирдей сандагы добуш алса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- депутаттар талапкерлерге караганда “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн көбүрөөк сандагы добуш берсе, кайра шайлоо өткөрүлөт;
Добуш берүүнүн натыйжасын аныктоодо бул Жободо каралбаган башка жагдай келип чыккан учурларда кайра шайлоо өткөрүлөт.
Кайра шайлоо бул Жобонун VI главасында белгиленген тартипте дайындалат жана өткөрүлөт.
36. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжасын аныктагандан кийин шайлоонун натыйжасы жөнүндө Протокол түзүп, ага аймактык шайлоо комиссиясынын белгиленген санынын көпчүлүк бөлүгүнөн аз эмес санда катышкан бардык мүчөлөрүнүн колу коюлат.
Протоколго кол коюлгандан кийин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы айыл өкмөт башчысын шайлоо натыйжасын айылдык кеңештин депутаттарынын жана катышкан адамдардын алдында дароо жарыялайт.
37. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Протоколдордун биринчи нускалары мөөр басылган бардык шайлоо документтери менен бирге (депутаттардын тизмеси, шайлоо бюллетендери ж.б.) Борбордук шайлоо комиссиясына бекитүү жана расмий жарыялоо үчүн жөнөтүлөт. Экинчи нускалары аймактык шайлоо комиссиясында сакталат. Күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү, тиешелүү айылдык кеңешке жана район акимине жөнөтүлөт, ошондой эле добуш берүүчү жайда катышкан бардык адамдарга алардын талабы боюнча берилет.
38. Аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына шайлоонун натыйжасы тууралуу жалпы маалыматты жарыялайт.
39. Айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына тиешелүү аймактык комиссиясы тарабынан күбөлүк берилет. Күбөлүктүн формасы жана тексти Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
40. Добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжасын аныктоо боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын чечимине, аракетине же аракетсиздигине даттануу, ошондой эле айыл өкмөт башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгынын жана шайлоонун натыйжасынын өзүнө даттануу, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинде белгиленген тартипте жана мөөнөттө жүргүзүлөт.
VI. Айыл өкмөт башчысын кайра шайлоо
41. Бул Жобонун 18, 35-пункттарында каралган негиздер келип чыккан учурларда, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен айыл өкмөт башчысын кайра шайлоо бул Жобонун II-VI главаларында белгиленген тартипте өткөрүлөт.
42. Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөт башчысы шайланбай калган күндөн тартып, үч календарлык күндүн ичинде жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоону дайындайт.
43. Жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалгандан тартып 15 календарлык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт.
44. Кворум болбой калгандыктан, башкача айтканда, добуш берүүгө айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнөн азы катышып калса, Борбордук шайлоо комиссиясы үч календарлык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.
Бул учурда аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып, он беш календарлык күндөн кечиктирилбестен, мурда катталган талапкерлер боюнча бул Жобонун III-V главаларына ылайык кайра шайлоо өткөрүлөт.
44-1. Айыл өкмөт башчысын кайра шайлоо өткөрүлгөн учурда, иш-аракеттери шайлоону жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлер шайлануучу кызмат орундарына талапкерликке кайрадан көрсөтүлүшү мүмкүн эмес.
44-2. Эгерде мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын, шайлоо комиссияларынын чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана (же) шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп таануу үчүн негиз катары кызмат кылган учурда, кайра шайлоо иш-аракеттери добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлерди кошпогондо, шайлоого катышкан талапкерлердин арасында өткөрүлөт. Эгерде мурда катталган баардык талапкерлер айыл өкмөт башчысын шайлоого катышуудан баш тартышса, кайра шайлоо жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен өткөрүлөт.
VII. Айыл өкмөт башчысынын шайланбай калуусунун натыйжалары
45. Тиешелүү кеңештин депутаттары белгиленген мөөнөттөрдө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлай албаган учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.
Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо, эгерде:
- кворумдун жоктугунан улам эки жолу болбой калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- эки жолу өткөрүлсө, бирок талапкерлер добуштардын зарыл санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган, ал эми кайра шайлоо талапкерлер добуштардын зарыл санын албаганынан улам болбой калган учурларда Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоого укуктуу.
Эгерде шайлоо талапкерлердин добуштардын зарыл санын албаганынан улам болбой калган, ал эми кайра шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоого укуктуу.
Эгерде кайра шайлоонун жыйынтыгы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы жогоруда көрсөтүлгөн себептер боюнча шайланбай калса, Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңешти таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтөт.
VIII. Айыл өкмөтүнүн шайланган башчысынын кызмат ордуна киришүүсү
46. Айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо натыйжасы бекитилип, расмий жарыялангандан кийин кызмат ордуна киришет. Айыл өкмөт башчысынын кызматына киришүү датасын аймактык шайлоо комиссиясы атайын реестрге киргизүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына расмий кат жүзүндө берет.
IX. Жаңы ачылган жагдайларга жана айыл өкмөт башчысын шайлоодо белгиленген тартипти бузуу фактылары табылганына байланыштуу маселелерди жөнгө салуу
47. Эгерде айыл өкмөт башчысын шайлоонун натыйжасы аныкталгандан кийин жана шаардын шайланган мэри кызмат кызмат ордуна киришкенге чейин анын пассивдүү шайлоо укугу жоктугу же болбосо анын айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна белгиленген тартипти бузуу менен шайланган фактылары аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан ырасталса, Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алынган чечимдерди жана токтомдорду жокко чыгарып, добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп тааныйт, шайлоону өткөн жок деп тааныйт жана зарыл болсо айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерди каттоону жокко чыгарат.
48. Эгерде айыл өкмөт башчысы кызмат кызмат ордуна киришкенден кийин анын пассивдүү шайлоо укугу жоктугу же анын айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна белгиленген тартипти бузуу менен шайланган фактылары ырасталса, Борбордук шайлоо комиссиясы чечим кабыл алат жана көрсөтүлгөн фактылар, жагдайлар жана негиздер белгиленген күндөн тартып, бир айдан кечиктирбестен район акимине аны ээлеген кызмат ордуна мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу сунуштама менен кайрылат.
X. Бул Жободо каралган эсептерди жүргүзүү тартиби
49. Айыл өкмөт башчысын щайлоо жана шайлоону өттү же өткөн жок деп таануу үчүн бул Жободо тиешелүү айылдык кеңештин депутаттарынын белгиленген санына (жалпы санына) карата депутаттардын керектүү саны аныкталган.
50. Депутаттардын белгиленген саны (жалпы саны) – 11 болгон айылдык кеңештер үчүн:
- белгиленген сандын (жалпы саны) үчтөн экисин түзгөн депутаттардын саны – 8;
- жалпы санынын көпчүлүгүн (жарымынан көбү) түзгөн депутаттардын саны – 6;
51. Депутаттардын белгиленген саны (жалпы саны) – 21 болгон айылдык кеңештер үчүн:
- белгиленген сандын (жалпы саны) үчтөн экисин түзгөн депутаттардын саны – 14;
- жалпы санынын көпчүлүгүн (жарымынан көбү) түзгөн депутаттардын саны – 11;
52. Депутаттардын белгиленген саны (жалпы саны) – 31 болгон айылдык кеңештер үчүн:
- белгиленген сандын (жалпы саны) үчтөн экисин түзгөн депутаттардын саны – 21;
- жалпы санынын көпчүлүгүн (жарымынан көбү) түзгөн депутаттардын саны – 16.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Ош жана Токмок АШК курамдарын таркатты
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 20-майындагы жыйналышында Ош жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарын таркатуу жөнүндө токтом кылды.
"Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 3-майындагы №192 токтому менен Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын жоопкерчилигин кароо жөнүндө чечим кабыл алынган.
"Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 11-майындагы №196 токтому менен Ош аймактык шайлоо комиссиясынын жоопкерчилигин кароо жөнүндө чечим кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 6, 7, 18, 20, 24-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу" Жобону жетекчиликке алып, КР БШК Ош жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарын таркатуу жөнүндө токтом кылды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратына үч календарлык күн ичинде Ош жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын жаңы курамдарын түзүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 2 айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 20-майындагы жыйналышында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол жана Жаны-Жол айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.
№
Жергиликтүү өз алдынча
башкаруунун аткаруу
органдарынын аталышы
Мандаттардын
саны
Жергиликтүү
кеңештин төрагасын шайлоо датасы
Кеңештин
шайланган төрагасы
Шайлоо өткөрүү датасы жана убактысы
Жалал-Абад облусу
Аксы району
1
Жаны-Жол
айыл өкмөтү
21
12.05.2021
Бейшеналиев
Камбар
Кокумбаевич
9-июнь 2021
саат 9-00дөн 12-00гө чейин
2
Ак-Жол
айыл өкмөтү
21
12.05.2021
Султамуратов
Таалай
Акматбекович
9-июнь 2021
саат 15-00дөн 18-00гө чейин
Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
Аксы аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Талас облусунун 5 айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 20-майындагы жыйналышында Талас облусунун Манас районунун Кайыңды, Покровка, Үч-Коргон, Май жана Кыргызстан айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.
№
Жергиликтүү өз алдынча
башкаруунун аткаруу
органдарынын аталышы
Мандаттардын
саны
Жергиликтүү
кеңештин төрагасын шайлоо датасы
Кеңештин
шайланган төрагасы
Шайлоо өткөрүү датасы жана убактысы
Талас облусу
Манас району
1
Кайыңды
айыл өкмөтү
11
14.05.2021
Узенбеков
Кубатбек
Каныбекович
9-июнь 2021
саат 9-00дөн 12-00гө чейин
2
Покровка
айыл өкмөтү
21
17.05.2021
Джапаркулов
Турусбек
Уваделдаевич
9-июнь 2021
саат 9-00дөн 12-00гө чейин
3
Үч-Коргон
айыл өкмөтү
21
14.05.2021
Жакыпбеков
Аскарбек
Калдыбаевич
7-июнь 2021
саат 15-00дөн 18-00гө чейин
4
Май
айыл өкмөтү
11
15.05.2021
Турсунова
Салтанат
Калиаскаровна
8-июнь 2021
саат 15-00дөн 18-00гө чейин
5
Кыргызстан
айыл өкмөтү
11
15.05.2021
Оморов
Кемел
Раимбабаевич
8-июнь 2021
саат 9-00дөн 12-00гө чейин
Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
Манас аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Нарын облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 20-майындагы жыйналышында Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов, Кызыл-Белес жана Жаны-Талап айыл өкмөттөрүнүн, Жумгал районунун Байзак, Кызыл-Жылдыз, Жаңы-Арык, Түгөл-Сай жана Миңкуш айыл өкмөттөрүнүн, Кочкор районунун Ак-Кыя жана Кочкор айыл өкмөттөрүнүн, ошондой эле Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды:
№
Жергиликтүү өз алдынча
башкаруунун аткаруу
органдарынын аталышы
Мандаттардын
саны
Жергиликтүү
кеңештин төрагасын шайлоо датасы
Кеңештин
шайланган төрагасы
Шайлоо өткөрүү датасы жана убактысы
Нарын облусу
Ак-Талаа району
1
Баетов
21
13.05.2021
Азимжанов
Черлэнс
Мукашович
7-июнь 2021
саат 9-00дөн
12-00гө чейин
2
Жаңы-Талап
11
14.05.2021
Турдубеков
Жекшенбек
Абысейитович
8-июнь 2021
саат 15-00дөн 18-00гө чейин
3
Кызыл- Белес
11
14.05.2021
Шерматов
Бакытбек
Кубанычбекович
8-июнь 2021
саат 9-00дөн
12-00гө чейин
Жумгал району
1
Байзак
21
14.05.21
Молдалиева
Мээрим
Болотбековна
7-июнь 2021
саат 9-00дөн
12-00гө чейин
2
Кызыл- Жылдыз
11
14.05.21
Жолдошбек уулу
Жоодар
7-июнь 2021
саат 15-00дөн
18-00гө чейин
3
Жаңы-Арык
11
14.05.21
Акматалиева
Медина
Момунусовна
6-июнь 2021
саат 9-00дөн
12-00гө чейин
4
Түгөл- Сай
11
14.05.21
Ишенбек уулу
Жолдошбек
6-июнь 2021
саат 15-00дөн
18-00гө чейин
5
Миңкуш
11
14.05.21
Жапаров
Адис
Канчороевич
8-июнь 2021
саат 15-00дөн
18-00гө чейин
Кочкор району
1
Кочкор
21
Эшмукамбетов
Эрлан
Эшмуканбетович
7-июнь 2021
саат 15-00дөн
18-00гө чейин
2
Ак-Кыя
21
14.05.2021.
Сагынбек уулу
Алтынбек
7-июнь 2021
саат 9-00дөн
12-00гө чейин
Нарын району
1
Дөбөлү
11
15.05.2021
Кадырбеков
Султанмурат
Кадырбекович
7-июнь 2021
саат 9-00дөн
12-00гө чейин
Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
Аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ош облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо дайындалды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 20-майындагы жыйналышында Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди, Чоң-Алай жана Кашка-Суу айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.
№
Жергиликтүү өз алдынча
башкаруунун аткаруу
органдарынын аталышы
Мандаттардын
саны
Жергиликтүү
кеңештин төрагасын шайлоо датасы
Кеңештин
шайланган төрагасы
Шайлоо өткөрүү датасы жана убактысы
Ош облусу
Чоң-Алай району
1.
Жекенди
21
14.05.2021
Абдикалилов
Акылидин
Абдикасымович
8-июнь 2021
саат 9-00дөн
12-00гө чейин
2.
Чон-Алай
21
15.05.2021
Мадалиев
Галдарбек
Абдыганиевич
8-июнь 2021
саат 15-00дөн
18-00гө чейин
3.
Кашка-Суу
21
16.05.2021
Баатыркулов
Акмат
Мурзабекович
9-июнь 2021
саат 9-00дөн
12-00гө чейин
Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүм
Кененирээк билүү >>
КР БШК Ысык-Көл облусунун бир катар айыл өкмөт башчыларын шайлоо дайындалды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 20-майындагы жыйналышында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке, Каракол, Отрадное, Ак-Чий, Ак-Булуң, Жыргалаң, Боз-Учук, Кереге-Таш, Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр, Тамчы, Чоң-Сары-Ой, Кара-Ой, Бостери, Темир, ошондой эле Түп районунун Сары-Булак жана Талды-Суу айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды:
№
Жергиликтүү өз алдынча
башкаруунун аткаруу
органдарынын аталышы
Мандаттардын
саны
Жергиликтүү
кеңештин төрагасын шайлоо датасы
Кеңештин
шайланган төрагасы
Шайлоо өткөрүү датасы жана убактысы
Ысык-Көл облусу
Ак-Суу району
1
Тепке
11
14.05.2021
Сатывалдиев
Тилек
Тынычпекович
6-июнь 2021
саат 9-00дөн
12-00гө чейин
2
Каракол
11
14.05.2021
Касмакунов
Бек
Касмакунович
6-июнь 2021
саат 15-00дөн
18-00гө чейин
3
Отрадное
11
14.05.2021
Сагындыкова
Салтанат
Бейшеевна
7-июнь 2021
саат 9-00дөн
12-00гө чейин
4
Ак-Чий
11
14.05.2021
Дорбаев
Максат
Кудаваевич
7-июнь 2021
саат 15-00дөн
18-00гө чейин
5
Ак-Булуң
21
14.05.2021
Алымжан уулу
Исламбек
8-июнь 2021
саат 9-00дөн
12-00гө чейин
6
Жыргалаң
11
14.05.2021
Букаева
Кызылкуль
Султанбековна
8-июнь 2021
саат 15-00дөн
18-00гө чейин
7
Боз-Учук
21
15.05.2021
Тилекманов
Айбек
Таалайбекович
9-июнь 2021
саат 9-00дөн
12-00гө чейин
8
Кереге-Таш
21
15.05.2021
Телтаев
Эрнат
Жумагазиевич
9-июнь 2021
саат 15-00дөн
18-00гө чейин
Ысык-Көл району
1
Тору-Айгыр
11
13.05.2021
Эмилбекова
Элмира
Дакеновна
7-июнь 2021
саат 9-00дөн
12-00гө чейин
2
Тамчы
11
13.05.2021
Самат уулу
Арзымат
7-июнь 2021
саат 15-00дөн
18-00гө чейин
3
Чоң-Сары-Ой
21
14.05.2021
Туйгунов
Таалай
Кубатович
8-июнь 2021
саат 9-00дөн
12-00гө чейин
4
Кара-Ой
11
17.05.2021
Ильязов
Джолдошбек
Токинович
8-июнь 2021
саат 15-00дөн
18-00гө чейин
5
Бостери
21
17.05.2021
Усубалиев
Эмильбек
Джумаевич
9-июнь 2021
саат 9-00дөн
12-00гө чейин
6
Темир
21
17.05.2021
Деркембаев
Олжобек
Жийдебаевич
9-июнь 2021
саат 15-00дөн
18-00гө чейин
Түп району
1
Сары-Булак
21
14.05.2021
Жайлобаев
Марат
Жайлобаевич
9-июнь 2021
саат 9-00дөн
12-00гө чейин
2
Талды-Суу
21
14.05.2021
Тыйтаков
Канатбек
Кадырович
9-июнь 2021
саат 15-00дөн
18-00гө чейин
Чечимдер “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
Аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Ак-Жар айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 20-майындагы жыйналышында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.
№
Айыл кеңешинин аталышы
(шайланган дата)
Мандаттардын саны
Жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоо датасы
Жергиликтүү кеңештердин шайланган төрагалары
ЖӨБО башчыларын шайлоону өткөрүү датасы
Нарын облусу
Ат-Башы району
1
Ак-Жар айыл кеңеши (11.04.21)
11
15.05.2021
Шүкүрбеков
Акматбек
Шүкүрбекович
07-июнь 2021
саат 9:00дөн 12:00гө чейин
Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 20-майда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 20 май 2021-ж.
Убактысы: 16:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке, Каракол, Отрадный, Ак-Чий, Ак-Булуң, Жыргалаң, Боз-Учук, Кереге-Таш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр, Тамчы, Чоң-Сары-Ой, Кара-Ой, Бостери, Темир айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
4. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак жана Талды-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
5. Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди, Чоң-Алай жана Кашка-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
6. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов, Кызыл-Белес жана Жаны-Талап айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
7. Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак, Кызыл-Жылдыз, Жаңы-Арык, Түгөл-Сай жана Миңкуш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
8. Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыян жана Кочкор айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
9. Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
10. Талас облусунун Манас районунун Кайынды, Покровка, Үч-Коргон, Май жана Кыргызстан айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
11. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол жана Жаңы-Жол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
12. Ош жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларын таркатуу жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШК Баткен облусунун бир катар айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 19-майындагы жыйналышында Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак, Кадамжай районунун Үч-Коргон, Масалиевского, Чаувай, Марказ жана Орозбеков, Лейлек районунун Ак-Суу жана Сумбула айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.
№
Жергиликтүү өз алдынча
башкаруунун аткаруу
органдарынын аталышы
Мандаттардын
саны
Жергиликтүү
кеңештин төрагасын шайлоо датасы
Кеңештин
шайланган төрагасы
Шайлоо өткөрүү датасы жана убактысы
Баткен облусу
Баткен району
1
Кара-Булак айыл
айыл өкмөтү
21
11.05.2021
Калыкова
Дарыйка
Буркановна
6 -июнь 2021
саат 9:00дөн 12:00гө чейин
Кадамжай району
3
Орозбеков
айыл өкмөтү
31
11.05.2021
Кожонов
Замирбек
Ырысбаевич
4 -июнь 2021
саат 9:00дөн 12:00гө чейин
4
Масалиев
айыл өкмөтү
21
08.05.2021
Галботоев
Тилекбай
Акжолович
5 -июнь 2021
саат 9:00дөн 12:00гө чейин
5
Марказский
айыл өкмөтү
21
10.05.2021
Алиева
Айзада
Сатаровна
5 -июнь 2021
саат 15:00дөн 18:00гө чейин
6
Үч-Коргон
айыл өкмөтү
31
08.05.2021
Юрсунов
Бахтиёр
Юрсунович
6 -июнь 2021
саат 9:00дөн 12:00гө чейин
7
Чаувай
айыл өкмөтү
11
10.05.2021
Юсупов
Азимбек
Садыкович
6 -июнь 2021
саат 15:00дөн 18:00гө чейин
Лейлек району
2
Ак-Суу
айыл өкмөтү
21
12.05.2021
Саматов
Абдугафар
Рахманкулович
6 -июнь 2021
саат 9:00дөн 12:00гө чейин
3
Сумбула
айыл өкмөтү
21
12.05.2021
Артыкбаев
Дуйшөбай
Гапарович
6 -июнь 2021
саат 15:00дөн 18:00гө чейин
Чечимдер “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
Аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
09.10.2026
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09.10.2026
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09.10.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
07.10.2026
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07.10.2026
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби