Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
БШК КР ЖК депутаты А.Ү. Жапаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 2-июнундагы жыйналышында “Бир Бол” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жапаров Акылбек Үсөнбековичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
КР БШК Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри болуп дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 241 Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык А.Ү. Жапаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кылды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жапаров Акылбек Үсөнбековичтин күбөлүгү анык эмес деп табылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021-жылдын 2-июнунда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы:02 июнь 2021-ж.
Убактысы:17.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А. У. Жапаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Жалал-Абад, Өзгөн жана Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
4. Ар кандай маселелер
ТӨРАГА
Кененирээк билүү >>
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоо процессинин катышуучуларына КАЙРЫЛУУСУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 27-майындагы № 231 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна дайындалды.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык талапкерлер, алардын жакын туугандары, талапкердин жубайы, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз.
Мындан тышкары, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды төмөнкүдөй сатып алууну жүзөгө ашырууга тыюу салынары белгиленген:
акча каражаттарын төлөп берүү;
белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшыруу;
товарларды жеңилдетилген баада сатуу;
саясий партиянын символун, талапкердин сүрөтүн камтыган басылма үгүт материалдарын, төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн орогучтарды албаганда, ар кандай товарларды акысыз таркатуу;
акысыз же жеңилдетилген шартта кызмат көрсөтүү.
Учурда Бишкек АШКга Бишкек шаардык кеңешинин иштеп жаткан депутаттары жана келечектеги депутаттыкка талапкерлер тараптан жүргүзүлүп жаткан кайрымдуулук иш-чаралары тууралуу билдирүүлөр келип түшүүдө. Түшкөн маалыматтардын баары жазылууда, кийинчерээк тиешелүү чаралар көрүлөт.
Ушуга байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы саясий партияларды, ошондой эле келечектеги талапкерлерди жогоруда аталган Мыйзам белгилеген ченемдерди бузуучу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келүүчү аракеттерге жол бербөөгө чакырат.
Маалымат катары Бишкек АШК Бишкек шаарынын шайлоочуларына шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузууну күбөлөндүргөн фактылар тууралуу 0500 382426 телефону (WhatsApp) боюнча Бишкек АШКнын ыкчам чара көрүүчү координациялык тобуна билдирүүнү өтүнөбүз.
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу жана катышууга ниеттенген саясий партияларга КАЙРЫЛУУСУ
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 28-майындагы кайрылуусунда участкалык шайлоо комиссияларынын (мындан ары – УШК) резервине жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын жана саясий партиялардын өкүлдөрүн көрсөтүү жөнүндө жарыялаган. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык УШК саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн курамында түзүлөт.
Айкындуулук, көз карандысыздык, калыстык принциптерин сактоо максатында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы саясий партияларды Бишкек шаарынын УШК резервине өз өкүлдөрүн киргизүүгө тиешелүү документтерди берүүгө чакырат.
Кошумча катары төмөнкүнү белгилейбиз: “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу жөнүндө кабарламасыз саясий партиянын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына шайлоо жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн документтерин берүүсүн карайт.
Маалымат алуу телефондору:
Бишкек шаардык кеңеши - 0 312 61 04 32,
Бишкек АШК - 0 312 38 24 26
Кененирээк билүү >>
КР БШК Талас облусунун Бекмолдо айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 1-июнундагы жыйналышында Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.
Талас облусунун Талас районунун жаңы шайланган Бекмолдо айылдык кеңешинин биринчи сессиясы 2021-жылдын 31-майында болуп өттү.
Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөт башчысын шайлоо 2021-жылдын 20-июнуна дайындалды.
Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
Талас аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Жалал-Абад облусунун Бүргөндү айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылдын 1-июнундагы жыйналышында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун жаңы шайланган Бүргөндү айылдык кеңешинин биринчи сессиясы 2021-жылдын 31-майында болуп өттү.
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөт башчысын шайлоо 2021-жылдын 19-июнуна дайындалды.
Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Чүй облусунун бир катар айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 1-июнундагы жыйналышында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Тузского, Кочкорбаев, Ново-Покровка, Интернациональное, Люксембург, Логвиненко, Сын-Таш, Юрьевка жана Узун-Кыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.
№
Жергиликтүү өз алдынча
башкаруунун аткаруу
органдарынын аталышы
Мандаттардын саны
Жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоо датасы
Жергиликтүү кеңештердин шайланган төрагалары
ЖӨБО башчыларын шайлоону өткөрүү датасы
Чүй облусу
Ысык-Ата району
1
Туз айыл өкмөтү
11
23.05.2021
Аскат
Уулу
Афтандил
15.06.2021 саат 9:00дөн 12:00гө чейин
2
Кочкорбаев айыл өкмөтү
21
23.05.2021
Кочукеев
Эмил
Саатбекович
15.06.2021 саат 9:00дөн 12:00гө чейин
3
Ново-Покровка айыл өкмөтү
21
23.05.2021
Касымов
Аскар
Тимурчинович
16.06.2021 саат 15:00дөн 18:00гө чейин
4
Интернациональное айыл өкмөтү
11
23.05.2021
Аскаров
Афтандил
Аскатович
16.06.2021 саат 15:00дөн 18:00гө чейин
5
Люксембург айыл өкмөтү
21
23.05.2021
Шайлдабеков
Курманбек
Русланович
17.06.2021 саат 9:00дөн 12:00гө чейин
6
Логвиненко айыл өкмөтү
21
23.05.2021
Жонгучкаев
Кыялбек
Муратбекович
17.06.2021 саат 15:00дөн 18:00гө чейин
7
Сын-Таш
айыл өкмөтү
21
23.05.2021
Ашырбаев
Замир
Молдобаевич
20.06.2021 саат 9:00дөн 12:00гө чейин
8
Юрьевка
айыл өкмөтү
11
23.05.2021
Тсилаев
Мурат
Низамович
20.06.2021 саат 15:00дөн 18:00гө чейин
9
Узун-Кыр
айыл өкмөтү
11
23.05.2021
Синалапов
Бекмурат
Кубанычбекович
21.06.2021 саат 9:00дөн 12:00гө чейин
Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
Аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН КҮН ТАРТИБИНИН ДОЛБООРУ
Өткөрүү датасы:01 июнь 2021-ж.
Убактысы:13:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Туз, Кочкорбаев, Ново-Покровка, Интернациональный, Люксембург, Логвиненко, Сын-Таш, Юрьевка жана Узун-Кыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2.Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
4. Ар кандай маселелер
ТӨРАГА
Кененирээк билүү >>
Жарандарга, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, коммерциялык эмес уюмдарга КР БШКнын кайрылуусу
Урматтуу жарандар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү!
«Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 27-майындагы № 231 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна дайындалды.
2021-жылдын 11-апрелинде өткөн Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жүрүшүндө жана добуш берүү күнү шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүсүнө, добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына олуттуу таасир эткен көп сандаган бузуулар орун алды.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо процессинин субъектилеринен, анын ичинде ыкчам чара көрүүчү координациялык топтордун алкагында түшкөн билдирүүлөрдү кошкондо, Бишкек шаарынын шайлоо комиссияларына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) 107, Ош шаарына 170, Токмок шаарына 39 даттануу жана арыз түштү.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 7-бѳлүгүнѳ ылайык Бишкек АШК 2021-жылдын 12-майындагы №46/6 чечими менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жараксыз деп тааныган.
КР БШКнын 2021-жылдын 19-майындагы № 239 токтому менен Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын «Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп табуу жөнүндө» 2021-жылдын 12-майындагы № 46/6 чечими бекитилди.
КР БШКнын 2021-жылдын 11-майындагы № 199 токтому менен Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо № 5271, 5276, 5278, 5279, 5281, 5282, 5283, 5285, 5289, 5290, 5294, 5295, 5296, 5300, 5301, 5308, 5309, 5310, 5311, 5312, 5315, 5316, 5319, 5325, 5553, 5904, 5905 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылды жана Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу Ош аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жокко чыгарылды, 2021-жылдын 11-апрелинде болуп ѳткѳн Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жараксыз деп таанылды жана 2021-жылдын 11-апрелинде болуп ѳткѳн Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 21-апрелиндеги протоколу жокко чыгарылды.
КР БШКнын 2021-жылдын 3-майындагы № 192 токтому менен Токмок аймактык шайлоо комиссиясы Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо №7068, 7069, 7070, 7071, 7072, 7075, 7081 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп таанылды жана Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол жокко чыгарылды. Токмок аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 11-апрелинде болуп ѳткѳн Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары анык эмес деп таанылды жана 2021-жылдын 11-апрелинде болуп ѳткѳн Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 1-майындагы протоколу жокко чыгарылды.
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын пропорциялуу система боюнча шайлоону өткөрүүдө тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин бүткүл аймагы шайлоо округу болуп саналат.
Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ.
Добуш берүү күнүнө карата жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү туруктуу жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы белги менен аныкталат.
Биометрикалыккаттоодон өтпөгөн жарандаржашаган жери боюнча Калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) жана жарандык абалдын актыларын жазуу, калкты паспорттоштуруу жана каттоо органдарында (Мамлекеттик каттоо кызматынын ведомствого караштуу түзүмдөрүндө) бул жол-жободон өтсө болот.
Алдын ала тизмедобуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күн мурда б.а. 2021-жылдын 2-июнуна чейинwww.tizme.gov.kg мамлекеттик порталынажайгаштырылат, анда Сиз өзүңүз тууралуу маалыматтарды тактай аласыз.
Ошондой эле алдын ала тизме2021-жылдын 9-июнуна чейинтийиштүү шайлоо участкаларында илинет.
Кандай гана болбосун ката же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле Сиз шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, Сиз добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күн мурда б.а. 2021-жылдын 2-июлуна чейинСиздин жергиликтүү жамаатка таандыгыңызды ырастаган КР жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз.
Шайлоо участогундаарыз берген учурда жаран биометрикалык идентификациядан өтөт.
Ошондой эле белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, www.tizme.gov.kg сайтында«Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу арыздарды электрондук форматта берүүгө болот.
Добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүүгө укуктуу экендигин эске салабыз.
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрү, саясий партиялардын өкүлдөрү!
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынаылайык,жергиликтүү кеңештердин депутаттарышайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналганжарандар тарабынан шайланат.
21 жаш куракка толгон, жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу.
Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого жана шайланууга укугу жок.
Соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайланууга укугу жок.
Бишкек, Ош жана Токмок шаардыккеңештердин депутаттарын шайлоо пропорциялуу тутум боюнчажүргүзүлөт.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнөылайык,талапкерлерди көрсөтүү укугу шаарлардын жергиликтүү кеңештерине – саясий партияларгатаандык.
Саясий партиянын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечими жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү саясий партиянын съездинде (конференциясында), анын региондук бөлүмүнүн чогулушунда (конференциясында) жүзөгө ашырылат. Саясий партиялар башка партиялардын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды талапкерликке көрсөтүүгө укуксуз.
Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына керектүү документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 27 календардык күн калганда б.а. 2021-жылы13-июнуна саат 24.00кө чейин аяктайт.
Бишкек, Ош жана Токмокшаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө чейин 20 календардык күн калганда б.а. 2021-жылы 20-июнунан кечиктирилбестен аяктайт.
Талапкерлерди каттоого талапкерлерге жана саясий партияларга көмөктөшүү тартибинде КР БШКнын www. shailoo.gov.kg расмий сайтында талапкерлерге талаптар тууралуу арыздардын тариздери жана эскертме жайгаштырылган. Шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелерин сактоо үчүн КР БШКнын сайтында тиешелүү нускамалар жана жоболор жайгаштырылган. Талапкерлердин тизмелери катталгандан кийин www.talapker.shailoo.gov.kg сайтында жалпы маалыматтар, саясий партиялардын шайлоо алдындагы программалары, алардын шайлоо фонддорунун маалыматтары чагылдырылат.
2021-жылы 7-июнунан тартып саясий партиялар үчүн шайлоого катышуу маселелери, каттоо маселелери, үгүт жүргүзүү, шайлоо талаш-тартыштарын чечүү эрежелери, байкоо жүргүзүү, добуш берүүнүн жыйынтыктары ж.б. маселелер боюнча семинарлар өткөрүлөт. Ошондой эле тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларында жана участкалык шайлоо комиссияларында көрсөтүлгөн маселелер боюнча жумушчу топтор иштейт.
Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессинде аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү чечүүчү ролду аткарат. Калктын бүтүндөй шайлоо процессине ишеним деңгээли көбүнесе силердин иш-аракеттериңерге жараша болот.
Мыйзамдуулук, калыстык, айкындуулук, ачыктык – бул бардык деңгээлдердеги шайлоо комиссияларынын негизги иш принциптери.
Аймактыкшайлоо комиссияларына өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөт, аларжергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерин каттоо процессинен баштап, жергиликтүү кеңештердиндепутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоону аяктаганга чейиншайлоочулар, талапкерлержанасаясий партиялар менен иштерди түздөн-түз уюштурууга тийиш. Шайлоонун бардык катышуучулары үчүн тең шарттарды түзүү – бул процесстеги башкы талаптардан болуп калууга тийиш!
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын пропорциялуу система боюнча шайлоону өткөрүүдө тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин бүткүл аймагы шайлоо округу болуп саналат.
Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү!
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык,мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга төмөнкү маселелер боюнча көмөктөшүүгө милдеттүү:
- керектүү жабдууларды, транспорт каражаттарын берүү;
- орун-жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды (такта, добуш берүү үчүнүкөк ж.б.), жогору турган шайлоо комиссиясына же архивге өткөрүп бергенге чейин шайлоо өткөрүү боюнча документтерди сактоо үчүн орун-жайларды берүү, ошондой эле алардын кайтарылышын камсыздоо;
- үзгүлтүксүзтелефон, интернет байланышын, электр (ошондой эле электр аркылуу азыктандыруунун альтернативалуу булагы менен камсыздоо), жылуулукменен камсыздоо;
- керектүүмаалыматтарды жана материалдарды берүү;
- шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу шайлоо комиссияларынын кайрылууларына – дароо, тиешелүү маселени кошумча изилдөө же текшерүү зарыл болгон учурда – 3күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү – токтоосуз жооп берүү.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын29-беренесинин 6-пунктуна ылайык, добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын бул жайга тоскоолдуксуз кирүүсүн жана анда добуш берүүсүн, анын ичинде ыңгайлуу келип-кетүү жана жөө жүрүү жолдорун, жеке автотранспортун токтотуучу атайын жерлердин, имараттын биринчи кабаттарында добуш берүү үчүн жайлардын жайгаштырылышын же лифттердин, эшиктердин кең улагасынын, пандустардын болушу (пандусту орнотуу мүмкүн болбосо, жардамга чакыруу баскычтары менен жабдылышы), төшөмөлөр, тактилдик көрсөткүчтөр, жетиштүү жарыктандыруу менен камсыздалууга тийиш.
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелерин тактоомаселелери боюнча көмөктөшүүгөмилдеттүү.
Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо дайындалган күндөн тартып 23 календардык күндүн ичинде ар бир шайлоо участкасында үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүүгө жана жабдууга милдеттүү.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары тарабынан ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор түзүлөт, анын курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирет.
Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун негизги иш-милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча ыкчам аракеттенүү жана натыйжалуу чараларды көрүү;
- шайлоо мыйзамдарын бузууга ыкчам чара көрүү;
- көрүлүүчү чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо.
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 7 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2021-жылдын 3-июлуна чейин ЖМК, интернет-басылмалар эфир убактысын, басма аянтты берүү үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары же интернет-басылмага жарыялооукугу жөнүндө маалыматтарды КР БШКга берет.
Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт талапкерлердин тизмелери катталгандан кийин б.а. 2021-жылдын 20-июнунан тартып башталат.
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында депутаттарды шайлоого мурда аккредитациядан өткөн ЖМК, интернет-басылмалар алдыдагы шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катталган саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт ишине катышууну уланта алышат.
Урматтуу жарандар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү!
Кыргыз Республикасындагыжана бүтүндөй эле дүйнө жүзүндөгү эпидемиологиялык татаал кырдаалга байланыштуу, коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылышын болтурбай коюу максатында иш-чараларды (съезд, дебат, жолугушууларды) уюштурууда төмөнкү санитардык-эпидемиологиялык эрежелердисактоо зарыл:
- орун-жайларды жана үстүнкү беттерди дезинфекциялоону жүргүзүү;
- адамдардын ортосунда 1,5-2 метр аралыкты сактоо;
- санитайзерлерди, биржолку бет каптардыжана кол каптарды пайдалануу;
- катышуучулардынтемператураларынконтролдоо;
- пайдалануучуматериалдардыжанабуюмдарды кайта-кайта дезинфекциялоо.
КР БШК тараптан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана шайлоочулардын, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, шайлоо процессинин катышуучуларынынден соолугун коргоону камсыздоо боюнча дагы чаралар көрүлөт.
Шайлоону жана референдумду уюштуруучулардын деңгээлинде б.а. бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларында жаңы технологиялардын киргизилиши менен иш жүзүндө шайлоого катышууну жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылды. Шайлооөткөрүүдө ал технологияларды пайдалануу жалпы улуттук добуш берүү процессинадил жана айкын кылуу үчүн маанилүү кадам болуп калды, анда өлкөнүн ар бир жаранынын добушу эсепке алынып, анык саналат.
КР БШК алдыдагы 2021-жылдын 11-апрелине дайындалганБишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү максатында шайлоопроцессинин бардык субъектилерин шайлоо мыйзамдарындагы ченемдердин талаптарын катуу сактоону жана шайлоо процессинин башка катышуучулары менен өз ара аракеттешүүдө өз ара сый-урмат көрсөтүп, сабырдуу болууну суранат.
КР БШК өз ишин мыйзамдуулук,айкындуулук, көз карандысыздык принциптеринде жүргүзөт жана шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн ачык иштейт.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 31-майындагы жыйналышында Кадамжай, Ноокат, Өзгөн, Аламүдүн, Бакай-Ата жана Манас аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү жөнүндө токтом кылды.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Алга айылдык кеңешинин депутаты Батырова Гүлнаранын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат стоматологиялык поликлиниканын тиш врачы Мадаминов Хуснидин Баходыржоновичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айылдык кеңешинин депутаты Жолдошов Абдыганы Тагаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Байсаров Шүкүрали Сайтмуратовичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Моминова Махмуджона Турдукуловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Ураимов Набижан Зикиряевичке (“Ата-Журт” саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылдык кеңешинин депутаты Машрапова Үмүтгүл Адановнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Сабытбек уулу Бактыярга өткөрүп берилди.
Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин депутаты Кедеева Чыныбектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Ибраимов Бакытбек Ашымовичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаты Кочкорова Мимоза Ажыбаевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат орто мектептин электриги Васильев Николай Павловичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаты Исакунова Сайкал Женишовнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат КР Экономика министерлигинин техникалык администратор Сопиев Абдыманап Үсөкеевичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаты Турдалиева Жылдыз Аскербековнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Аттокурова Акылыйма Кадыровнага өткөрүп берилди.
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылдык кеңешинин депутаты Бейшебаев Эрнис Айнабаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Султанбаев Дамирбек Куттубековичке өткөрүп берилди.
Талас облусунун Манас районунун Үч-Корго айылдык кеңешинин депутаты Акимбаев Алмазбек Абдижалиловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Максат-А» СПА директору Акимбаев Сухраб Аширбаевичке өткөрүп берилди.
Токтом “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Чүй облусунун айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 31-майындагы жыйналышында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Нижнее-Аларча, Таш-Дөбө жана Маевка, Москва районунун Петровка жана Беловодское, Ысык-Ата районунун Ивановского, Ак-Кудук, Милянфан жана Бирдик айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.
№
Жергиликтүү өз алдынча
башкаруунун аткаруу
органдарынын аталышы
Мандаттардын саны
Жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоо датасы
Жергиликтүү кеңештердин шайланган төрагалары
ЖӨБО башчыларын шайлоону өткөрүү датасы
Чүй облусу
Аламүдүн району
1
Нижнее-Аларча айыл өкмөтү
21
20.05.2021
Акаев
Суеркул Султанович
18.06.2021 саат 9:00дөн 12:00гө чейин
2
Таш-Дөбө айыл өкмөтү
21
20.05.2021
Курманбаев
Алмазбек Болотбекович
18.06.2021 саат 15:00дөн 18:00гө чейин
3
Маевка айыл өкмөтү
21
26.05.2021
Аликулов
Манас
Нишанбаевич
19.06.2021 саат 9:00дөн 12:00гө чейин
Москва району
1
Петровка
айыл өкмөтү
21
19.05.2021
Абылдаев Улан Сагынбекович
18.06.2021 саат 9:00дөн 12:00гө чейин
2
Беловодское айыл өкмөтү
31
26.05.2021
Иманкулова АлмираМаданбековна
18.06.2021 саат 15:00дөн 18:00гө чейин
Ысык-Ата району
1
Ивановка айыл өкмөтү
21
20.05.2021
Самсалиева
Гульбара
Токоновна
18.06.2021 саат 9:00дөн 12:00гө чейин
2
Ак-Кудук айыл өкмөтү
11
20.05.2021
Суваналиев
Улан
Шайлообаевич
18.06.2021 саат 15:00дөн 18:00гө чейин
3
Милянфан айыл өкмөтү
11
21.05.2021
Исма
Абдура
Вундизович
19.06.2021 саат 9:00дөн 12:00гө чейин
4
Бирдик айыл өкмөтү
11
21.05.2021
Сыдыков
Аскар
Назарбекович
19.06.2021 саат 15:00дөн 18:00гө чейин
Чечимдер “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
Аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК 2 шаардын мэрлерин шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 31-майындагы жыйналышында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл жана Базар-Коргон шаарларында мэрлерди шайлоону дайындоо тууралуу токтом кылды.
№
Мэрди шайлоо дайындалган шаардын аталышы
Шаардык кеңештин жаңы шайланган депутаттарынын биринчи сессиясынын датасы
Мэрди шайлоону өткөрүү датасы
Мэрди шайлоону өткөрүү убактысы
1
Кара-Көл
2021-ж. 17-май
2021-ж. 18-июнь
Саат 9:00дөн 12:00гө чейин
2
Базар-Коргон
2021-ж. 26-май
2021-ж. 18-июнь
Саат 9:00дөн 12:00гө чейин
Чечим «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине, Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Шаар мэрин шайлоо тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык кабыл алынды.
Аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН КҮН ТАРТИБИНИН ДОЛБООРУ
Өткөрүү датасы:31 май2021-ж.
Убактысы:16.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2.Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Төмөнкү-Аларча, Таш-Дөбө жана Маевка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
4. Чүй облусунун Москва районунун Петровка жана Беловодский айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
5. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка, Ак-Кудук, Милянфан жана Бирдик айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
6. Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүүжөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
7. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кадамжай, Ноокат, Өзгөн, Аламүдүн, Бакай-Ата жана Манас аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
8. 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоодо шайлоо участкалары үчүн календардын текстин бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
9. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусу жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
10. Ар кандай маселелер
ТӨРАГА
Кененирээк билүү >>
Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуу
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 27-майындагы № 231 ЖП Жарлыгына ылайык Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо дайындалды. Ушуга байланыштуу БШК шаардык кеңештерге шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн ЖМКларды аккредитациялоо башталганын жарыялайт.
ЖМКлар жана интернет-басылмалары обо убакытын, басылма аянтын же интернет-басылмада жарыялоо укугун төлөөнүн өлчөмү жөнүндө маалыматтарды коштомо кат менен КР БШКга шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып 7 календарлык күндөн кечиктирбестен б.а. 2021-жылдын 3-июлуна чейин берүүгө тийиш.
Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмелерин каттагандан кийин б.а. 2021-жылы 20-июнда башталат жана 2021-жылы 10-июлда саат 8:00дө аяктайт.
Бул шайлоонун өзгөчөлүгүн эске алганда шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларга маалымдоодо жана үгүт жүргүзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу жана катышуусу абдан маанилүү.
Жалпыга маалымдоо каражат, интернет-басылма жана алардын өкүлдөрү мыйзамдардын талаптарын бузган учурда КР БШК жалпыга маалымдоо каражатынын же интернет-басылманын аккредитациясын чакыртып алууга укуктуу.
Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланбаган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар шайлоо алдындагы үгүт белгилерисиз шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтарды чагылдыруу жолу аркылуу гана катышууга укуктуу.
Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;
2) шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга;
3) шайлоо комиссиясынан протоколдорду жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;
4) шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жашырындуулугун бузбастан участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан аныкталган жерде добуш берүү күнү фото- жана көрмө тартууну жүзөгө ашырууга;
5) шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбаган, өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, өзү өкүл болгон уюмдун аталышы бар төш белгисин тагынып жүрүүгө.
Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган ЖМКлар төмөнкү документтерди берүү керек:
- КР БШК төрагасынын атына арыз (шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы тууралуу билдирме, анда жалпыга маалымдоо каражаттарынын же интернет-басылманын жетекчисинин ФААсын, координаттарын жана байланыш маалыматтарын көрсөтүү жана өз өкүлдөрүнүн тизмесин берүү зарыл);
- жалпыга маалымдоо каражаттын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
- укуктук жактын мамлекеттик каттоосу (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн же жеке ишкердин салык органдарында мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн (патент) көчүрмөсүн (интернет-басылмалар үчүн);
- уставынын көчүрмөсүн (бар болсо);
- берүүгө лицензиясын (радио жана телеканалдар үчүн);
- обо убакытын, басылма аянттын же интернет-басылмада жарыялоо укугун төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө күбөлөндүрүлгөн маалыматтарды.
Жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар ошондой эле билдирмеде жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн тизмеси ж.б. маалымат камтылган электрондук вариантын дагы Борбордук шайлоо комиссиясынын электрондук дарегине жөнөтүүгө тийиш.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2021-жылдын 3-июнунан кечиктирбестен.
Документтер Бишкек ш., Пушкин к. 50, 107-бөлмөдө кабыл алынат.
КР БШКнын расмий сайты – www.shailoo.gov.kg .
Кошумча маалыматтар үчүн телефон: 66-54-52
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына, коммерциялык эмес уюмдарына, саясий партияларына КАЙРЫЛУУСУ
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна дайындалгандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын УШКларынын резервдерин толуктоо зарылдыгы келип чыкты. Ушуга байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (мындан ары – АШК) УШКлардын курамына жана резервине жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын жана саясий партиялардын өкүлдөрүн көрсөтүү жөнүндө жарыялайт. Мыйзамга ылайык УШК саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн курамында түзүлөт. УШК шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурган, жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жана ишке ашырууну камсыздаган коллегиялык орган болуп саналат. УШК курамындагы иш жооптуу жана шайлоо мыйзамдарына ылайык так жүргүзүлөт.
УШК курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын макулдугун, алардын ишке даярдык деңгээлин, шайлоо комиссияларына катышкан иш тажрыйбасын эске алуу зарыл. Талапкерлерди көрсөтүүчү субъектилер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу конуштун аймагында жашоого тийиш.
Жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор чогулуштун төрагасынын жана катчысынын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго жашаган жери көрсөтүлгөн жана кол тамгалары менен күбөлөндүрүлгөн чогулушка катышкандардын тизмеси тиркелүүгө тийиш.
Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. Аймактык шайлоо комиссиясына саясий партиянын региондогу бөлүмүнүн төрагасынын жана чогулуштун катчысынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тийиштүү документ тапшырылат.
Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет:
- УШК курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө талапкердин арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;
- паспортунун көчүрмөсү;
- иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же резюмеси);
-байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык төмөнкүлөр УШК мүчөсү боло албайт:
- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы;
- судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;
- талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;
- мыйзамда белгиленген тартипте соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;
- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү.;
- шайлоо комиссиясы мүчөсүнүн милдеттеринен терс негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.
Жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан участоктук шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2021-жылдын 11-июнунун саат 18-00нө чейин Бишкек шаардык кеңешинде кабыл алынат.
Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2021-жылдын 11-июнунун саат 18-00нө чейин Бишкек АШКда кабыл алынат.
Маалымат алуу телефондору:
Бишкек шаардык кеңеши - 0 312 61 04 32,
Бишкек АШК - 0 312 38 24 26
Кененирээк билүү >>
КР БШК Чүй облусунун айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-майындагы жыйналышында Чүй облусунун Сокулук районунун Кайназарова атындагы, Первомай жана Крупская атындагы айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды:
№
Жергиликтүү өз алдынча
башкаруунун аткаруу
органдарынын аталышы
Мандаттардын
саны
Жергиликтүү
кеңештин төрагасын шайлоо датасы
Кеңештин
шайланган төрагасы
Шайлоо өткөрүү датасы жана убактысы
Чүй облусу
Сокулук району
1
Кайназарова атындагы айыл өкмөтү
11
18.05.2021
Раимкулов Исламбек Майорович
16- июнь 2021
09-00дөн 12-00гө чейин
2
Первомай айыл өкмөтү
11
18.05.2021
Кочкорова Замират Маданбекова
16- июнь 2021
15-00дөн 18-00гө чейин
3
Крупская атындагы айыл өкмөтү
21
19.05.2021
Сагынбеков Алтынбек Маршалович
17- июнь 2021
09-00дөн 12-00гө чейин
Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
10.10.2026
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
09.10.2026
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09.10.2026
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09.10.2026
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09.10.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби