Башкы Жаңылыктар Жарандарга, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү …

Жарандарга, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, коммерциялык эмес уюмдарга КР БШКнын кайрылуусу

31-Май, 2021

Урматтуу жарандар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү!

 

«Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 27-майындагы № 231 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна дайындалды.

2021-жылдын 11-апрелинде өткөн Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жүрүшүндө жана добуш берүү күнү шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүсүнө, добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына олуттуу таасир эткен көп сандаган бузуулар орун алды.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо процессинин субъектилеринен, анын ичинде ыкчам чара көрүүчү координациялык топтордун алкагында түшкөн билдирүүлөрдү кошкондо, Бишкек шаарынын шайлоо комиссияларына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) 107, Ош шаарына 170, Токмок шаарына 39 даттануу жана арыз түштү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 7-бѳлүгүнѳ ылайык Бишкек АШК 2021-жылдын 12-майындагы №46/6 чечими менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жараксыз деп тааныган.

КР БШКнын 2021-жылдын 19-майындагы № 239 токтому менен Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын «Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп табуу жөнүндө» 2021-жылдын 12-майындагы № 46/6 чечими бекитилди.

КР БШКнын 2021-жылдын 11-майындагы № 199 токтому менен Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо № 5271, 5276, 5278, 5279, 5281, 5282, 5283, 5285, 5289, 5290, 5294, 5295, 5296, 5300, 5301, 5308, 5309, 5310, 5311, 5312, 5315, 5316, 5319, 5325, 5553, 5904, 5905 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылды жана Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу Ош аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жокко чыгарылды, 2021-жылдын 11-апрелинде болуп ѳткѳн Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жараксыз деп таанылды жана 2021-жылдын 11-апрелинде болуп ѳткѳн Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 21-апрелиндеги протоколу жокко чыгарылды.

КР БШКнын 2021-жылдын 3-майындагы № 192 токтому менен Токмок аймактык шайлоо комиссиясы Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо №7068, 7069, 7070, 7071, 7072, 7075, 7081 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп таанылды жана Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол жокко чыгарылды. Токмок аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 11-апрелинде болуп ѳткѳн Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары анык эмес деп таанылды жана 2021-жылдын 11-апрелинде болуп ѳткѳн Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 1-майындагы протоколу жокко чыгарылды.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын пропорциялуу система боюнча шайлоону өткөрүүдө тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин бүткүл аймагы шайлоо округу болуп саналат.

Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ.

Добуш берүү күнүнө карата жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү туруктуу жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы белги менен аныкталат.

Биометрикалыккаттоодон өтпөгөн жарандаржашаган жери боюнча Калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) жана жарандык абалдын актыларын жазуу, калкты паспорттоштуруу жана каттоо органдарында (Мамлекеттик каттоо кызматынын ведомствого караштуу түзүмдөрүндө) бул жол-жободон өтсө болот.

Алдын ала тизмедобуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күн мурда б.а. 2021-жылдын 2-июнуна чейинwww.tizme.gov.kg мамлекеттик порталынажайгаштырылат, анда Сиз өзүңүз тууралуу маалыматтарды тактай аласыз.

Ошондой эле алдын ала тизме2021-жылдын 9-июнуна чейинтийиштүү шайлоо участкаларында илинет.

Кандай гана болбосун ката же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле Сиз шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, Сиз добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күн мурда б.а. 2021-жылдын 2-июлуна чейинСиздин жергиликтүү жамаатка таандыгыңызды ырастаган КР жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз.

Шайлоо участогундаарыз берген учурда жаран биометрикалык идентификациядан өтөт.

Ошондой эле белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, www.tizme.gov.kg сайтында«Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу арыздарды электрондук форматта берүүгө болот.

Добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүүгө укуктуу экендигин эске салабыз.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрү, саясий партиялардын өкүлдөрү!

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынаылайык,жергиликтүү кеңештердин депутаттарышайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналганжарандар тарабынан шайланат.

21 жаш куракка толгон, жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу.

Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого жана шайланууга укугу жок.

Соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайланууга укугу жок.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардыккеңештердин депутаттарын шайлоо пропорциялуу тутум боюнчажүргүзүлөт.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнөылайык,талапкерлерди көрсөтүү укугу шаарлардын жергиликтүү кеңештерине – саясий партияларгатаандык.

Саясий партиянын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечими жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү саясий партиянын съездинде (конференциясында), анын региондук бөлүмүнүн чогулушунда (конференциясында) жүзөгө ашырылат. Саясий партиялар башка партиялардын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды талапкерликке көрсөтүүгө укуксуз.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына керектүү документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 27 календардык күн калганда б.а. 2021-жылы13-июнуна саат 24.00кө чейин аяктайт.

Бишкек, Ош жана Токмокшаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө чейин 20 календардык күн калганда б.а. 2021-жылы 20-июнунан кечиктирилбестен аяктайт.

Талапкерлерди каттоого талапкерлерге жана саясий партияларга көмөктөшүү тартибинде КР БШКнын www. shailoo.gov.kg расмий сайтында талапкерлерге талаптар тууралуу арыздардын тариздери жана эскертме жайгаштырылган. Шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелерин сактоо үчүн КР БШКнын сайтында тиешелүү нускамалар жана жоболор жайгаштырылган. Талапкерлердин тизмелери катталгандан кийин www.talapker.shailoo.gov.kg сайтында жалпы маалыматтар, саясий партиялардын шайлоо алдындагы программалары, алардын шайлоо фонддорунун маалыматтары чагылдырылат.

2021-жылы 7-июнунан тартып саясий партиялар үчүн шайлоого катышуу маселелери, каттоо маселелери, үгүт жүргүзүү, шайлоо талаш-тартыштарын чечүү эрежелери, байкоо жүргүзүү, добуш берүүнүн жыйынтыктары ж.б. маселелер боюнча семинарлар өткөрүлөт. Ошондой эле тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларында жана участкалык шайлоо комиссияларында көрсөтүлгөн маселелер боюнча жумушчу топтор иштейт.

Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессинде аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү чечүүчү ролду аткарат. Калктын бүтүндөй шайлоо процессине ишеним деңгээли көбүнесе силердин иш-аракеттериңерге жараша болот.

Мыйзамдуулук, калыстык, айкындуулук, ачыктык – бул бардык деңгээлдердеги шайлоо комиссияларынын негизги иш принциптери.

Аймактыкшайлоо комиссияларына өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөт, аларжергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерин каттоо процессинен баштап, жергиликтүү кеңештердиндепутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоону аяктаганга чейиншайлоочулар, талапкерлержанасаясий партиялар менен иштерди түздөн-түз уюштурууга тийиш. Шайлоонун бардык катышуучулары үчүн тең шарттарды түзүү – бул процесстеги башкы талаптардан болуп калууга тийиш!

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын пропорциялуу система боюнча шайлоону өткөрүүдө тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин бүткүл аймагы шайлоо округу болуп саналат.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү!

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык,мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга төмөнкү маселелер боюнча көмөктөшүүгө милдеттүү:

- керектүү жабдууларды, транспорт каражаттарын берүү;

- орун-жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды (такта, добуш берүү үчүнүкөк ж.б.), жогору турган шайлоо комиссиясына же архивге өткөрүп бергенге чейин шайлоо өткөрүү боюнча документтерди сактоо үчүн орун-жайларды берүү, ошондой эле алардын кайтарылышын камсыздоо;

- үзгүлтүксүзтелефон, интернет байланышын, электр (ошондой эле электр аркылуу азыктандыруунун альтернативалуу булагы менен камсыздоо), жылуулукменен камсыздоо;

- керектүүмаалыматтарды жана материалдарды берүү;

- шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу шайлоо комиссияларынын кайрылууларына – дароо, тиешелүү маселени кошумча изилдөө же текшерүү зарыл болгон учурда – 3күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү – токтоосуз жооп берүү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын29-беренесинин 6-пунктуна ылайык, добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын бул жайга тоскоолдуксуз кирүүсүн жана анда добуш берүүсүн, анын ичинде ыңгайлуу келип-кетүү жана жөө жүрүү жолдорун, жеке автотранспортун токтотуучу атайын жерлердин, имараттын биринчи кабаттарында добуш берүү үчүн жайлардын жайгаштырылышын же лифттердин, эшиктердин кең улагасынын, пандустардын болушу (пандусту орнотуу мүмкүн болбосо, жардамга чакыруу баскычтары менен жабдылышы), төшөмөлөр, тактилдик көрсөткүчтөр, жетиштүү жарыктандыруу менен камсыздалууга тийиш.

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелерин тактоомаселелери боюнча көмөктөшүүгөмилдеттүү.

Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо дайындалган күндөн тартып 23 календардык күндүн ичинде ар бир шайлоо участкасында үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүүгө жана жабдууга милдеттүү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары тарабынан ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор түзүлөт, анын курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирет.

Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун негизги иш-милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

- шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча ыкчам аракеттенүү жана натыйжалуу чараларды көрүү;

- шайлоо мыйзамдарын бузууга ыкчам чара көрүү;

- көрүлүүчү чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо.

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 7 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2021-жылдын 3-июлуна чейин ЖМК, интернет-басылмалар эфир убактысын, басма аянтты берүү үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары же интернет-басылмага жарыялооукугу жөнүндө маалыматтарды КР БШКга берет.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт талапкерлердин тизмелери катталгандан кийин б.а. 2021-жылдын 20-июнунан тартып башталат.

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында депутаттарды шайлоого мурда аккредитациядан өткөн ЖМК, интернет-басылмалар алдыдагы шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катталган саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт ишине катышууну уланта алышат.

Урматтуу жарандар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү!

Кыргыз Республикасындагыжана бүтүндөй эле дүйнө жүзүндөгү эпидемиологиялык татаал кырдаалга байланыштуу, коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылышын болтурбай коюу максатында иш-чараларды (съезд, дебат, жолугушууларды) уюштурууда төмөнкү санитардык-эпидемиологиялык эрежелердисактоо зарыл:

- орун-жайларды жана үстүнкү беттерди дезинфекциялоону жүргүзүү;

- адамдардын ортосунда 1,5-2 метр аралыкты сактоо;

- санитайзерлерди, биржолку бет каптардыжана кол каптарды пайдалануу;

- катышуучулардынтемператураларынконтролдоо;

- пайдалануучуматериалдардыжанабуюмдарды кайта-кайта дезинфекциялоо.

КР БШК тараптан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана шайлоочулардын, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, шайлоо процессинин катышуучуларынынден соолугун коргоону камсыздоо боюнча дагы чаралар көрүлөт.

Шайлоону жана референдумду уюштуруучулардын деңгээлинде б.а. бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларында жаңы технологиялардын киргизилиши менен иш жүзүндө шайлоого катышууну жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылды. Шайлооөткөрүүдө ал технологияларды пайдалануу жалпы улуттук добуш берүү процессинадил жана айкын кылуу үчүн маанилүү кадам болуп калды, анда өлкөнүн ар бир жаранынын добушу эсепке алынып, анык саналат.

КР БШК алдыдагы 2021-жылдын 11-апрелине дайындалганБишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү максатында шайлоопроцессинин бардык субъектилерин шайлоо мыйзамдарындагы ченемдердин талаптарын катуу сактоону жана шайлоо процессинин башка катышуучулары менен өз ара аракеттешүүдө өз ара сый-урмат көрсөтүп, сабырдуу болууну суранат.

КР БШК өз ишин мыйзамдуулук,айкындуулук, көз карандысыздык принциптеринде жүргүзөт жана шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн ачык иштейт.

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>