Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
-
-
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
2021-ж. 4-июнда өтө турган КР БШКнын отурумунун кун тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы:4- июнь 2021-ж
Убактысы:17:30
Өткөрүлүүчү жери:отурумдар залы
1. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай, Ноокен районунун Арал, Токтогул районунун А.Суеркулов, Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2.Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан жана Кызыл-Кыштак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнүн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттан кийинки жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
4. 2021-жылдын 11-июлунда дайындалган Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Жалпы иш» коомдук фондунун билдирүүсү жана коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти)
5. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Пакистан шайлоодо заманбап технологияларды пайдалануудагы Кыргыз Республикасынын тажрыйбасына кызыгууда
2021-жылдын 2-июнунда Пакистандын Кыргызстандагы Элчиси С.Азхар Тарик Кхан менен жолугушуунун алкагында кыргыз тараптын шайлоочуларды иденттештирүү үчүн жарандардын биометрикалык маалыматтарын пайдалануудагы, шайлоочулардын добуштарын саноо жана добуш берүүнүн натыйжаларын БШКнын Интернет-ресурстарына жайгаштыруу үчүн автоматтык эсептөөчү урналарды (АЭУ) колдонуудагы тажрыйбасын үйрөнүүдө Пакистан тараптын кызыккандыгы айтылды.
БШК төрагасы 2015-жылдан тартып колдонулуп келаткан, 2 бөлүктөн –биометрикалык иденттештирүү жана добуштарды автоматтык түрдө саноо бөлүктөрүнөн турган Кыргызстандагы шайлоо тутуму жөнүндө кеңири айтып берди. БШКнын IT адистери шайлоодо жана референдумда колдонулуучу жабдыктардын топтомун, ошондой эле маалыматтык-шайлоо тутумунун мүмкүнчүлүктөрүн, АЭУдан маалыматтарды алууну, маалыматтык коопсуздукту камсыздоону, маалыматтарды сактоону, добуш берүүнүн жүрүшүнүн жана алдын ала натыйжалардын чагылдырылышын көрсөтүштү, кызыктырган суроолорго жооп беришти.
“Шайлоо моделин, технологияларды тандоо өлкө каалаган милдеттерге жараша болот. 2011-жылга чейин Кыргызстан шайлоонун натыйжаларын бурмалоолорго байланышкан эки революцияны башынан кечирди. Ошондуктан бурмалоо мүмкүнчүлүгүн болтурбай коюуга өбөлгө түзгөн шайлоо технологиясынын модели тандалды. 15 жылдан бери биз шайлоодон кийин биринчи жолу таңды тынч атырдык.
Бирок шайлоо процесси дайыма өркүндөтүлүп турууга тийиш. Реформанын жүрүшүндө добуш берүүнүн жыйынтыктарын саноодо жана процесстин айкындуулугунда жетишилген ийгиликтерге карабастан, 2020-жылы октябрда парламентти шайлоодо талапкерлердин шайлоочуларды сатып алуусунун жогорку деңгээлине жана администрациялык ресурстарды колдонууга эл кыжырланды”, - деп белгиледи БШК төрагасы.
Өз кезегинде Пакистандын Элчиси Кыргызстан шайлоо процессинде заманбап жаңы технологияларды колдонуп жатканын, 2020-2021-жылдары өткөн шайлоолордо жана референдумдарда Пакистандын эл аралык байкоочуларынын катышуусунун жыйынтыктары боюнча Пакистандын Премьер-министри Кыргызстандын шайлоо тутумуна жана тажрыйбасына кызыккандыгын белгиледи.
“Биз шайлоо процессинде шайлоого ишеним арттырууга көмөктөшүүчү, ошол эле учурда шайлоочулар үчүн жөнөкөй жана түшүнүктүү болгон заманбап жаңы технологияларды Пакистанда жайылтууга кызыкдарбыз. Салтка айланган бюллетень аркылуу добуш берүүнү айкалыштыруу мүмкүн болгондуктан, жабдыктарды колдонуунун жөнөкөйлүгүнөн жана анын ишенимдүүлүгүнөн улам, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктарын АЭУ аркылуу санап, ыкчам жарыялоонун айкындуулугу камсыздалгандыктан Кыргызстанда колдонулган технологияларды Пакистанда толук пайдаланууга болот”, - деп белгиледи Элчи.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн шайлоо органдары Кыргызстандын шайлоо тутумунун тажрыйбасын үйрөнүү үчүн эки тараптуу кеңешүүлөрдү өткөрөрү жөнүндө макулдашууга жетишилди.
Кыргыз тарап БУУӨП долбоорунун алкагында үстүбүздөгү жылдын июнь айынын соңунда Кыргызстанда колдонулган технологиялар менен жеринде таанышуу үчүн Афганистан БШКсынын өкүлдөрүнүн тобунун келүүсү күтүлүп жаткандыгы тууралуу дагы маалымат берди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан, Кызыл-Кыштак айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланбай калды
2021-жылдын 3-июнуна дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан, Кызыл-Кыштак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү. Бирок талапкерлер айылдык кеңештин депутаттарынын керектүү сандагы добуштарын алган жок. Ошого байланыштуу айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланбай калды.
Папан айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Мырзабеков Медербек Мамасабирович, Мияшев Курманбек Абдылдаевич жана Карыбеков Кутманали Кудайбердиевич катталган. Добуш берүү 2 турда өттү. Шайлоого айылдык кеңештин 21 депутатынын баары катышты.
Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Рахманов Дилмурад Дилдорбекович, Маданбеков Бекзат Сайдимаматович жана Токторбаев Махамаджан Асилбекович катталган. Добуш берүү 2 турда өттү. Шайлоого айылдык кеңештин 31 депутатынын баары катышты.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чүй облусунун 2 айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
2021-жылдын 3-июнунда Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон, Алмалу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Мамадалиев Эмиль Сраилович, Абдрахманов Анвар Шералиевич, Иманов Руслан Асанбекович катталган.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Абдрахманов Анвар Шералиевич Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Чым-Коргон айылдык кеңешинин 11 депутатынын 6 депутаты добуш беришти.
Алмалу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Шакиров Улан Бообекович катталган.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Шакиров Улан Бообекович Алмалу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Алмалу айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад облусунун кээ бир айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү
2021-жылдын 3-июнунда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал, Авлетим, Ала-Бука районунун Ала-Бука, Базар-Коргон районунун Кеңеш, Сайдыкум, Ноокен районунун Сакалды, Сузак районунун Кара-Алма, Курманбеков, Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң, Каргалык, Чаткал районунун Каныш-Кыя, Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Айткулов Таалайбек Алимырзаевич, Көпөева Зулайка Токтосуновна катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Көпөева Зулайка Токтосуновна Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Жерге-Тал айылдык кеңешинин 21 депутатынын 11и добуш беришти.
Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – раймамадминистрациясынын башчысы көрсөткөн Атантаев Каныбек Рахманбердиевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Атантаев Каныбек Рахманбердиевич Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Авлетим айылдык кеңешинин 21 депутатынын 19у добуш беришти.
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Абдумомунов Чынгыз Жумадилович, Койчумбаев Самат Искендербекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Койчумбаев Самат Искендербекович Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ала-Бука айылдык кеңешинин 31 депутатынын 21и добуш беришти.
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – раймамадминистрациясынын башчысы көрсөткөн Сагынов Шергазы Маматаминович, айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн Алкадыров Майрамбек Маматкулович, Саипов Уларбек Рыскулович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Алкадыров Майрамбек Маматкулович Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кеңеш айылдык кеңешинин 31 депутатынын 25и добуш беришти.
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 5 талапкер –Сатаров Рахманжан Сатарович, Абдыкадыров Касымбек Мамазакирович, Абдыкадыров Илгиз Маматкасымович, Абдурасулов Майрамбек Матилович, Турсункулов Бегали Маликович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Абдурасулов Майрамбек Матилович Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Сайдыкум айылдык кеңешинин 31 депутатынын 19у добуш беришти.
Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Осмонов Алимбек Гуламжанович, Байчубакова Дамира Кубанычбековна, Масиров Шайырбек Маматкулович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Осмонов Алимбек Гуламжанович Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Сакалды айылдык кеңешинин 21 депутатынын 20сы добуш беришти.
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Анаркулов Ойрот Ажибаевич, Назанов Алмаз Аширбекович, Калмаматов Куштарбек Калмаматович, Омошев Элдияр Алянович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Анаркулов Ойрот Ажибаевич Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кара-Алма айылдык кеңешинин 11 депутатынын алтоо добуш беришти.
Курманбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Түгөйбеков Нурсултан Түгөйбекович, Бакиров Даирбек Мейлиевич, Турушова Меринса Абдиманоповна катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Түгөйбеков Нурсултан Түгөйбекович Курманбеков айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Курманбеков айылдык кеңешинин 21 депутатынын 13ү добуш беришти.
Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна раймамадминистрациясынын башчысы көрсөткөн 1 талапкер – Олжотоев Марлис Жээнбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Олжотоев Марлис Жээнбекович Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Сары-Булуң айылдык кеңешинин баардык 11 депутатыдобуш беришти.
Каргалыкайыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – раймамадминистрациясынын башчысы көрсөткөн Артыкбаев Эмил Артыкбаевич, айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн Рыспаев Нурадил Рыспаевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Артыкбаев Эмил Артыкбаевич Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Каргалык айылдык кеңешинин 21 депутатынын 15и добуш беришти.
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн Батырбеков Кыязбек Азанканович, Смаилов Капарбек Кутбидинович, раймамадминистрациясынын башчысы көрсөткөн Мырзатаев Камалкан Ташматович, Токтогулов Омурзак Мамасалиевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Смаилов Капарбек Кутбидинович Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 21 депутатынын 11и добуш беришти.
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Тулекеев Болсунбек Таштемирович, Асанбеков Нуржигит Абдилатович, Сартов Алмаз Анарбекович, Тойгонбаев Эркинбек Абасканович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Тойгонбаев Эркинбек Абасканович Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Жаңы-Жол айылдык кеңешинин 21 депутатынын 13ү добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды
2021-жылы 2-июнда 2021-жылдын 19-майында дайындалган Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү. Атай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Жалилов Бакай Жакыпбекович, Бобукеев Бакдөөлөт Рыскулбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эки талапкер Атай айылдык кеңешинин баардык депутаттарынын добуштарынын тең санын алышты. Ошого байланыштуу Атай айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чүй облусунун Кемин жана Орловка шаарларынын мэрлерин шайлоо болуп өттү
2021-жылдын 2-июнунда Чүй облусунун Кемин жана Орловка шаарларынын мэрлерин шайлоо болуп өттү.
Кемин шаарынын мэри кызмат ордуна Кемин шаардык кеңешинин фракциялар коалициясы тарабынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Абдывалиев Кайрат Замирбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Абдывалиев Кайрат Замирбекович Кемин шаарынын мэри болуп шайланды. Ал үчүн Кемин шаардык кеңешинин баардык 21 депутаты добуш беришти.
Орловка шаарынын мэри кызмат ордуна Орловка шаардык кеңешинин фракциялар коалициясы тарабынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Чанчаров Бактыбек Асаналиевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Чанчаров Бактыбек Асаналиевич Орловка шаарынын мэри болуп шайланды. Ал үчүн Орловка шаардык кеңешинин баардык 21 депутаты добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад облусунун кээ бир айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү
2021-жылдын 2-июнунда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Дарыя, Ырыс, Базар-Коргон районунун Акман, Бешик-Жон, Ноокен районунун Шайдан, Масы, Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим, Токтогул районунун Чолпон-Ата, Кетмен-Төбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Караев Нурбек Адилбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Караев Нурбек Адилбекович Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кара-Дарыя айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты добуш беришти.
Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – раймамадминистрациясынын башчысы көрсөткөн Халилов Таалайбек Жалалович, айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн Парпиев Эмилбек Азимжанович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Халилов Таалайбек Жалалович Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ырыс айылдык кеңешинин 31 депутатынын 28и добуш беришти.
Акман айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Коконов Марсел Асылбекович, Атакулов Амирбек Токторбаевич, Матисаков Күлчоро Дөөлөткелдиевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Коконов Марсел Асылбекович Акман айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Акман айылдык кеңешинин 21 депутатынын 12си добуш беришти.
Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – раймамадминистрациясынын башчысы көрсөткөн Адишов Алтынбек Жапарбаевич, Мамбеталиев Нурмухамед Камалбекович, айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн Мамасалиев Нурбек Нематович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Адишов Алтынбек Жапарбаевич Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Бешик-Жон айылдык кеңешинин 21 депутатынын 12си добуш беришти.
Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – раймамадминистрациясынын башчысы көрсөткөн Алыкулов Шергазы Мухтарович, айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн Калдаров Кошойбек Давитбекович, Еркулов Канжарбек Кубанычбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Еркулов Канжарбек Кубанычбекович Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Шайдан айылдык кеңешинин 21 депутатынын 12си добуш беришти.
Масы айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – раймамадминистрациясынын башчысы көрсөткөн Эшенкулов Жаныбек Турдумаматович, айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн Нарматов Азамат Эгембердиевич, Нурмаматов Данияр Нурмаматович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Нарматов Азамат Эгембердиевич Масы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Масы айылдык кеңешинин 31 депутатынын 16сы добуш беришти.
Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Секеленов Рыскулбек Самидинович, Карагулова Токторбубу Дүйшөнбековна катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Секеленов Рыскулбек Самидинович Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Көк-Ирим айылдык кеңешинин баардык 11 депутатынын 8и добуш беришти.
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Жаманкулов Өскөн Эсенкулович, Абдыгулов Туратбек Алыкулович, Жумалиев Алмаз Дуулатбекович, Жангараев Мирлан Батырканович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жаманкулов Өскөн Эсенкулович Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн М.Абдылдаев айылдык кеңешинин баардык 21 депутатынын 12си добуш беришти.
Кетмен-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Жумабаева Разакан Абдраимовна, Алишеров Айдарбек Сыдыкович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Алишеров Айдарбек Сыдыкович Кетмен-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кетмен-Төбө айылдык кеңешинин баардык 21 депутатынын 13ү добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берди
Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандаты болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Акбаров Арысланбек Акбаровичти “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил» саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө токтом кылды.
КР БШК токтому менен Акбарова Арысланбека Акбарович КР Жогорку Кеңешинин депутаты катары катталды, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды.
Токтом ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бөлүгүнө, 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 2-июнундагы жыйналышында Жалал-Абад, Өзгөн жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү жөнүндө токтом кылды.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Султанова Диларам Бакиевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Дуйшеев Автандил Салиевичке (№ 6, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаты Исманалиева Жылдыз Абдимиталиповнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке чарбада иштеген Исмаилов Кубаныч Келдибековичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Өзгөн районунун Көлдүк айылдык кеңешинин депутаты Камилова Калийпа Ташматовнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке чарбада иштеген Мамажусупов Иляз Рахматиллаевичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаты Дыйканов Ысман Бөрүбаевичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу токтотулду. Мандат жеке ишкер Тагаев Абдирашит Камаловичке өткөрүп берилди.
Токтом “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
10.10.2026
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
09.10.2026
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09.10.2026
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09.10.2026
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09.10.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби