Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШК № 27 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, № 27 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
№ 27 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич – 13 445 добуш (22,13%);
- Муратбеков Табылды Муратбекович – 5 992 добуш (9,86%);
- Молдобекова Гулкан Сакиновна – 5 156 добуш (8,48%).
№ 27 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 120 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 157 463 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 61 465 шайлоочу катышкан, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 39,03% түздү.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 53 710 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 34,1% түздү. 7 604 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 4,83% түздү.
№ 27 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 24 талапкерди каттады, шайлоого 24 талапкер катышты.
№ 27 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 27 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Алымбеков Искендер Кенешбекович – 3 205 добуш (5,27%);
2. Дубанбаева Анар Сартбаевна – 203 добуш (0,33%);
3. Намазова Бурул Тилековна – 926 добуш (1,52%);
4. Качкынов Самат Турганбекович – 1 232 добуш (2,03%);
5. Султанов Каныбек Султанович – 4 510 добуш (7,42%);
6. Муратбеков Табылды Муратбекович – 5 992 добуш (9,86%);
7. Шабданбаев Канат Кенешович – 2 905 добуш (4,78%);
8. Сураналиев Талгат Чыныбекович – 1 321 добуш (2,17%);
9. Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич – 13 445 добуш (22,13%);
10. Асамудинов Бактыбек Асанович – 270 добуш (0,44%);
11. Атаев Акжол Сабырбекович – 1 247 добуш (2,05%);
12. Таалайбеков Тагир Таалайбекович – 1 180 добуш (1,94%);
13. Исаматова Айзат Тыныбековна – 1 757 добуш (2,89%);
14. Джаилов Таалайбек Карыпович – 2 285 добуш (3,76%);
15. Молдобекова Гулкан Сакиновна – 5 156 добуш (8,48%);
16. Джумабекова Акылсайра Кадыралиевна – 1 004 добуш (1,65%);
17. Асанкулова Алтынай Джолучуевна – 3 000 добуш (4,94%);
18. Озбекова Женишгул Авазовна – 1 926 добуш (3,17%);
19. Мерканов Адилет Асанович – 668 добуш (1,10%);
20. Супатаева Альфира Илиясовна – 1 319 добуш (2,17%);
21. Деркимбаева Асель Урусовна – 1 837 добуш (3,02%);
22. Абдыкалыкова Гүлбара Кадырбековна – 648 добуш (1,07%);
23. Асакеев Ринат Сапарбекович – 1 161 добуш (1,91%);
24. Алымбаева Эльнура Сталиковна – 2 288 добуш (3,77%);
25. “Баарына каршы” позициясына – 1 281 добуш (2,11%).
Шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко арыз (даттануу) келип түшкөн жок.
КР БШК № 27 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 27 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич, Муратбеков Табылды Муратбекович жана Молдобекова Гулкан Сакиновна таанылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК № 15 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, № 15 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
№ 15 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Тургунбек уулу Нурланбек – 17 125 добуш (25,38%);
- Турсунбаев Азизбек Атакозуевич – 10 713 добуш (15,87%);
- Абдибаева Айсаракан Нышановна – 3 988 добуш (5,91%).
№ 15 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 104 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 160 200 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгѳ 68 228 шайлоочу, же 42,59% катышты.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 59 691 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 37,26% түздү. 8 537 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 5,33% түздү.
№ 15 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 15 талапкерди каттады, шайлоого 15 талапкер катышты.
№ 15 шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 15 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Керимбаев Мураталы Топчубаевич – 3 693 добуш (5,47%);
2. Умаров Адыл Умарович – 2 491 добуш (3,69%);
3. Эшбаева Миргүл Алманбетовна – 1 405 добуш (2,08%);
4. Абдибаева Айсаракан Нышановна – 3 988 добуш (5,91%);
5. Абдибаева Салтанат Нышановна – 551 добуш (0,82%);
6. Эрбаев Алишер Ташбаевич – 8 179 добуш (12,12%);
7. Туманбаева Рада Мураталыевна – 2 494 добуш (3,70%);
8. Мамыралиев Бектемир Кудайбердиевич – 2 692 добуш (3,99%);
9. Мырзаев Мирлан Жумадилович – 259 добуш (0,38%);
10. Турсунбаев Азизбек Атакозуевич – 10 713 добуш (15,87%);
11. Тургунбек уулу Нурланбек – 17 125 добуш (25,38%);
12. Өнөрбаева Рахия Райымбековна – 1 434 добуш (2,12%);
13. Нариманов Тургунбек Нариманович – 4 770 добуш (7,07%);
14. Нышанов Джайлообай Данибаевич – 5 865 добуш (8,69%);
15. Кулбаева Зулайка Эшматовна – 1 291 добуш (1,91%);
16. “Баарына каршы” – 537 добуш (0,80%).
№ 15 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 7 арыз (даттануу) келип түшүп, алардын баары каралды. Ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. Кабыл алынган чечимдер даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди.
КР БШКсы № 15 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 15 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, ички иштер органдарынын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар (даттануулар) жана билдирүүлөр боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарын эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Тургунбек уулу Нурланбек, Турсунбаев Азизбек Атакозуевич жана Абдибаева Айсаракан Нышановна таанылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК № 20 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, № 20 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
№ 20 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Айтиев Темирлан Тынычбекович – 9 021 добуш (29,04%);
- Атамбаев Сеидбек Алмазбекович – 3 825 добуш (12,31%);
- Ашымбаева Токтобүбү Абасовна – 1 249 добуш (4,02%).
№ 20 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 64 шайлоо участогу түзүлгөн. Округдагы шайлоочулардын тизмесине 128 180 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 31 602 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 24,65% түздү.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 27 357 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 21,33% түздү. 4 245 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 3,31% түздү.
№ 20 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 18 талапкерди каттады, 1 талапкердин каттоосу жокко чыгарылды. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 17 талапкер катышты.
№ 20 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 20 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Атамбаев Сеидбек Алмазбекович – 3 825 добуш (12,31%);
2. Курманбекова Бермет Курманбековна – 983 добуш (3,16%);
3. Байтемирова Гуляим Кудайбердиевна – 442 добуш (1,42%);
4. Алымбеков Максат Джумакадырович – 2 867 добуш (9,23%);
5. Мухидинов Оятулло Нуралиевич – 1 102 добуш (3,55%);
6. Ташибекова Гульнара Адыловна – 840 добуш (2,70%);
7. Алыбаева Жаңыл Ишенбековна – 564 добуш (1,82%);
8. Намазалиев Алтынбек Абдисаламович – 1 790 добуш (5,76%);
9.Кермалиев Таалайбек Женишович – 1 727 добуш (5,56%);
10. Болгонбаев Азамат Таалайбекович – 1 236 добуш (3,98%);
11. Айтиев Темирлан Тынычбекович – 9 021 добуш (29,04%);
12. Асекова Гулмира Асанкуловна – 810 добуш (2,61%);
13. Ибраимова Малика Багдатовна – 530 добуш (1,71%);
14. Разиков Аброр Джононович – 800 добуш (2,58%);
15. Абдыгулова Асель Мисировна – 523 добуш (1,68%);
16. Ашымбаева Токтобүбү Абасовна – 1 249 добуш (4,02%);
17. Ташматов Сапар Планович – 974 добуш (3,14%);
18. “Баарына каршы” – 1 779 добуш (5,73%).
Шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө № 20 округдук шайлоо комиссиясына жалпы 9 билдирүү келип түшүп, алардын баары каралды. Ар бир билдирүү боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.
КР БШК № 20 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, ички иштер органдарынын шайлоону даярдоодогу жана өткөрүүдөгү мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар (даттануулар) боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарын эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Айтиев Темирлан Тынычбекович, Атамбаев Сеидбек Алмазбекович жана Ашымбаева Токтобүбү Абасовна таанылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК № 11 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, № 11 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
№ 11 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич – 24 302 добуш (55,84 %);
- Кылычбаев Алтынбек Таирович – 7 447 добуш (17,11 %);
- Салямова Венера Хамзаевна – 4 839 добуш (11,12 %).
№ 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 75 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 155 495 шайлоочу киргизилген. Добуш берүүгѳ 44 106 шайлоочу, же 28,36% катышты.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 40 212 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 25,86% түздү. 3 894 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 2,50% түздү.
№ 11 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо КР БШКсы 5 талапкерди каттады, шайлоого 5 талапкер катышты.
№ 11 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 11 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Салямова Венера Хамзаевна – 4 839 добуш (11,12 %);
2. Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич – 24 302 добуш (55,84 %);
3. Камчибекова Нуржамал Матисаковна – 1 219 добуш (2,80 %);
4. Кылычбаев Алтынбек Таирович – 7 447 добуш (17,11 %);
5. Калбердиева Мавлюда Калмаматовна – 4 605 добуш (10,58 %);
6. “Баарына каршы” – 1 105 добуш (2,54 %).
№ 11 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко арыз (даттануу) келип түшкөн эмес.
КР БШКсы, № 11 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 11 көп шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич, Кылычбаев Алтынбек Таирович жана Салямова Венера Хамзаевна таанылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК № 30 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, № 30 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
№ 30 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Самаков Кубанычбек Карганбекович – 13 333 добуш (21,62 %);
- Бакасов Улан Болотбекович – 11 411 добуш (18,5 %);
- Таалайбек кызы Жылдыз – 7 243 добуш (11,75 %).
№ 30 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 103 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 136 461 шайлоочу киргизилген. Добуш берүүгѳ 62 206 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 45,59% түздү.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 48 575 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 35% түздү. 13 631 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 9,99% түздү.
№ 30 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 14 талапкерди каттады, шайлоого 14 талапкер катышты.
№ 30 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 30 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Жайлообаев Айбек Токтогонович – 1 936 добуш (3,14 %);
2. Сыдыков Мурадил Жанышбекович – 10 422 добуш (16,9 %);
3. Куленбеков Ырысбек Кырманчиевич – 255 добуш (0,41 %);
4. Нурдинов Бейшеналы – 2 474 добуш (4,01 %);
5. Бакасов Улан Болотбекович – 11 411 добуш (18,5 %);
6. Самыйкожо Мирлан – 5 724 добуш (9,28 %);
7. Мыктыбекова Айдана Мыктыбековна – 363 добуш (0,59 %);
8. Капаров Чынгыз Капарович – 544 добуш (0,88 %);
9. Осмоналиева Ханзада Исаковна – 2 383 добуш (3,86 %);
10. Самаков Кубанычбек Карганбекович – 13 333 добуш (21,62 %);
11. Абдыкадыров Адылбек Бейшембаевич – 2 164 добуш (3,51 %);
12. Мөндүрбаева Ырысбүбү Муканбетовна – 1 003 добуш (1,63 %);
13. Жумаканов Мустафа Бейшебаевич – 1 470 добуш (2,38 %);
14. Таалайбек кызы Жылдыз – 7 243 добуш (11,75 %);
15. “Баарына каршы” – 942 добуш (1,53%).
№ 30 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 9 арыз (даттануу) келип түшүп, алардын баары каралды. Ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. Кабыл алынган чечимдер даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди.
КР БШКсы № 30 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 30 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, ички иштер органдарынын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар (даттануулар) жана билдирүүлөр боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарын эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Самаков Кубанычбек Карганбекович, Бакасов Улан Болотбекович жана Таалайбек кызы Жылдыз таанылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК № 29 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, № 29 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
№ 29 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович – 13 067 добуш (23,45%);
- Белеков Адилет Чолпонбекович – 9 535 добуш (17,11%);
- Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна – 6 688 добуш (12%).
№ 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 102 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 137 758 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 56 307 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 40,87% түздү.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 46 344 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 33,64% түздү. Аралыктан 9 963 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 7,23% түздү.
№ 29 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 13 талапкерди каттады, шайлоого 13 талапкер катышты.
№ 29 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 29 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Белеков Адилет Чолпонбекович – 9 535 добуш (17,11%);
2. Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович – 13 067 добуш (23,45%);
3. Ибраев Талантбек Жекшенович – 505 добуш (0,91%);
4. Токтомамбетов Аманкул Жапарбекович – 2 986 добуш (5,36%);
5. Мурзакимова Алтынкуль Жээнбековна – 659 добуш (1,18%);
6. Эдилбеков Чолпонбек – 827 добуш (1,48%);
7. Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна – 6 688 добуш (12%);
8. Тыналиев Айжигит Казакбаевич – 5 471 добуш (9,82%);
9. Таштанбекова Мадина Таштанбековна – 541 добуш (0,97%);
10. Куручбеков Аскарбек Бактыбекович – 1 905 добуш (3,42%);
11. Эсенканова Айзада Сатарбековна – 265 добуш (0,48%);
12. Абыкеев Темирболот Асаналиевич – 5 133 добуш (9,21%);
13. Кулбараков Абтандил Илдузович – 6 789 добуш (12,18%);
14. “Баарына каршы” – 1 363 добуш (2,45%).
№ 29 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко арыз (даттануу) келип түшкөн жок.
КР БШК, № 29 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович, Белеков Адилет Чолпонбекович жана Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна таанылды.
Кененирээк билүү >>
№ 13 шайлоо округунда 35 участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары жаңы шайланат
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда жыйында № 13 көп мандаттуу шайлоо округундагы айрым участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын жоопкерчилигин карады.
Натыйжада Ноокен жана Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссияларына 35 участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларын курамдан чыгарууну сунуштады. 5 календардык күндүн ичинде жаңы төрагаларды шайлоону уюштуруу тапшырылды.
Бул чечим 2025-жылдын 3-декабрында КР БШК тарабынан жараксыз деп таанылган № 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу кабыл алынды.
КР БШКга келип түшкөн арыздарды текшерүү аныктагандай, байкоочу катары катталган талапкерлердин өкүлдөрү № 13 шайлоо округдун 35 шайлоо участогунда мыйзамсыз түрдө камераларды орнотуп, шайлоочулардын добуш берүүсүн көзөмөлдөшкөн. Бул добуш берүүнүн купуялуулук жана шайлоочулардын эркин билдирүү принцибине каршы келген. Ушуга байланыштуу КР БШКсы 2025-жылдын 3-декабрында № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоонун натыйжасын анык эмес деп тааныган.
35 участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары жогоруда айтылган мыйзам бузуулардын болушуна жол бербөө үчүн чара көрүшкөн эмес, бул бүгүнкү чечимди кабыл алууга негиз болду.
КР БШК шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү жана шайлоо комиссияларынын ишмердүүлүгүнө коркунучтар же тоскоолдуктар жаралганда ички иштер органдары менен кызматташуунун милдеттүүлүгүн баса белгиледи.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 7-декабрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 7-декабры
Убактысы: 11:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
№ 13 көп мандаттуу шайлоо округуна караштуу айрым участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын жоопкерчилик маселесин кароо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
№ 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сулайманов Эльдар Нурлановичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу жаран Рахманов Дилмурат Дилдорбековичтин арызы жөнүндө
(баяндамачы – Закиров А.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
№ 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
№ 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
№ 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
№ 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
№ 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
№ 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
№ 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
№ 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
№ 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
№ 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
№ 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
№ 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
№ 22 шайлоо округунун айрым участокторунда кайрадан кол менен эсептѳѳ жүргүзүү жѳнүндѳ арыз канааттандырылган жок
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 5-декабрда, № 22 көп мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эмил Абдыкадыровдун ыйгарым укуктуу өкүлү М. Калмырзаевдин арызын карады.
КР БШКга талапкер Э.Абдыкадыровдун ыйгарым укуктуу өкүлү М. Калмырзаевден № 22 шайлоо округу боюнча № 1102, № 1103, 1104, 1106, 1113, 1127, 1133, 1140, 1142 шайлоо участкаларында кайрадан кол менен эсептѳѳ жүргүзүү жѳнүндѳ арыз келип түшкѳн.
Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун 2025-жылдын 5-декабрындагы жыйынында аталган маселе каралып, тараптар угулду.
Жумушчу топ мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык бюллетендерди кайра саноо үчүн негиздер жок экендигине байланыштуу, М.Калмырзаевдин арызын канааттандыруудан баш тартууну сунуштаган. КР БШКсы, Жумушчу топтун сунушун эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык талапкер Э.М. Абдыкадыровдун ыйгарым укуктуу өкүлү М. Калмырзаевдин арызын канааттандыруудан баш тартты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК: № 22 шайлоо округу боюнча шайлоо бюлеттендерин кайрадан эсептөө болбойт
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 5-декабрдагы өзүнүн жыйынында № 22 шайлоо округу боюнча шайлоо бюлеттендерин кайрадан эсептөө тууралуу “Ынтымак” саясий партиясынын ыйгарымдуу өкүлү Н.М. Джумашовдун арызын карап, аны канааттандыруудан баш тартты.
Н.М. Джумашов №22 көп мандаттуу шайлоо округдун бардык участкалык шайлоо комиссияларында бюллетендерди кайрадан кол менен саноону өткөрүүнү жана добуштарды эсептөө аяктагандан кийин расмий жыйынтыктарды берүү жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылган.
2025-жылдын 3-декабрында Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун отуруму болуп, шайлоо участкаларында мыйзамдары бузууга тиешелүү далилдер жана белгилер аныкталбагандыгына байланыштуу арызды канааттандыруудан баш тартуу сунушталган.
КР БШК, Жумушчу топтун сунушун эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык “Ынтымак” саясий партиясынын ыйгарымдуу өкүлү Н.М. Джумашовдун арызын канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алды.
Кененирээк билүү >>
№ 3 округдун айрым участокторунда жараксыз деп табылган бюллетендерди кол менен кайра эсептөө боюнча арыз канааттандырылган жок
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 5-декабрда, № 3 көп мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акылбек Шамаевдин өкүлүнүн арызын карады.
КР БШКга талапкер А. Шамаевдин КР БШКдагы өкүлү Э.Абдырахмановдон № 3 шайлоо округу боюнча № 5366, № 5367, № 5368, № 5414, № 5416, № 5420 участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан жараксыз деп табылган шайлоо бюлеттендерин кайрадан кол менен эсептѳѳ жүргүзүү жѳнүндѳ арыз келип түшкѳн.
Арыз ээси жогоруда аталган участоктордо добуштар автоматтык урналардан алынгандан кийин кол менен эсептелген эмес, бюллетендердеги белгилер жарыяланбаган, байкоочуларга жараксыз бюллетендер жана протокол көчүрмөлөрү көрсөтүлгөн эмес жана бул фактылар шайлоо мыйзамдарын одоно бузганын көрсөтөт деп белгилеген.
Ал эми № 3 шайлоо округдук комиссиясы 2025-жылдын 2-декабрындагы отурумунун протоколунда жогоруда аталган шайлоо участокторунда шайлоо бүткөндөн кийин автоматтык урналардагы бюллетендерди кол менен эсептөө мыйзамдын талапатарына ылайык жүргүзүлгөнүн белгилеп, кайра эсептөө өтүнүчү негизсиз деп көрсөткөн.
КР БШКнын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобу 2025-жылдын 3-декабрындагы жыйынында аталган маселени карап, тараптарды укту.
Жумушчу топ № 3 шайлоо округундагы № 5366, № 5367, № 5368,
№ 5414, № 5416, № 5420 шайлоо участокторунда мыйзамды бузуунун белгилери аныкталбагандыгына байланыштуу Э.Абдырахмановдун арызын канааттандыруудан баш тартууну сунуштаган.
КР БШК Жумушчу топтун сунушун эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 3 көп мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акылбек Шамаевдин КР БШКдагы өкүлү Э.Абдырахмановдун арызын канааттандыруудан баш тартты.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын сыйлыктары жөнүндө жобо бекитилди
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 5-декабрда, комиссиянын сыйлыктары менен сыйлоо тартибин аныктоо максатында КР БШКнын сыйлыктары жөнүндө жобону токтом менен бекитти.
Токтомго ылайык төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылды:
- КР БШКнын 1999-жылдын 16-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы жөнүндө жобо тууралуу” токтому;
- КР БШКнын 2021-жылдын 3-февралындагы “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы жөнүндө жобо тууралуу” токтому.
Кененирээк билүү >>
КР БШК № 16 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 5-декабрда № 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, № 16 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
Төмөнкүлөр № 16 шайлоо округу боюнча шайланган депутаттар деп таанылды:
- Джумабеков Дастанбек Артисбекович – 12 928 добуш (22,97%);
- Чотонов Медер Осконбекович – 10 164 добуш (18,06%);
- Кайрылбекова Медина Кайрылбековна – 8 951 добуш (15,90 %).
Шайлоону уюштуруу үчүн № 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча 82 шайлоо участогу түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмесине 133 744 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 57 031 шайлоочу катышкан, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 42,6% түздү.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 50 018 шайлоочу добуш берди, шайлоо участокторунда добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 37,40% түздү. 7013 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул добуш бергендердин жалпы санынын 5,24% түздү.
КР БШК № 16 шайлоо округу боюнча депутаттыкка 10 талапкерди каттаган, шайлоого 10 талапкер катышты.
№ 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө № 16 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Жакышов Русланбек Шергазиевич – 8 872 добуш (15,76%);
2. Джумабеков Дастанбек Артисбекович – 12 928 добуш (22,97%);
3. Кайрылбекова Медина Кайрылбековна – 8 951 добуш (15,90 %);
4. Биймырза уулу Азиз – 3 816 (6,78 %);
5. Сыйдалиева Мээрим Төрөбековна – 1 399 добуш (2,49 %);
6. Чотонов Медер Осконбекович – 10 164 добуш (18,06%);
7. Расул кызы Миргүл – 2 662 добуш (4,73%);
8. Суюнбаев Медетбек Рысбекович – 546 добуш (0,97%);
9. Мураталиев Марат Молдонович – 5 005 добуш (8,89%);
10. Капалов Адылбек Эшимбекович – 1 275 добуш (2,27%);
11. “Баарына каршы” добуш берген шайлоочулар – 667 добуш (1,19%)
№ 16 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Ыкчам чара көрүү тобуна жалпы 6 арыз жана даттануу келип түшкөн. Алардын баары каралып, мыйзамдарга ылайык чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. Кабыл алынган чечимдер КР БШКнын даттануулар жана бузуулар реестринде көрсөтүлгөн.
КР БШК № 16 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, ички иштер органдарынын шайлоону даярдоодогу жана өткөрүүдөгү мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар жана билдирүүлөр боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарын эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 16 көп шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешин шайланган депутаттары деп Джумабеков Дастанбек Артисбекович, Чотонов Медер Осконбекович жана Кайрылбекова Медина Кайрылбековна таанылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 5-декабрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 5-декабры
Убактысы: 17:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
№ 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Б. Кенжебаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сыйлыктары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(баяндамачы Сабирова Б.А., адам ресурстарын башкаруу секторунун эксперти)
№3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер
А.А. Шамаевдин өкүлүнүн арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кайыпов Ш.Т., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
“Ынтымак” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Н.М. Джумашовдун № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо бюлеттендерин кайрадан эсептѳѳнү жүргүзүү тууралуу арызы жөнүндө.
(баяндамачы – Кайыпов Ш.Т., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
№ 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер
Э.М. Абдыкадыровдун ыйгарым укуктуу өкүлү М. Калмырзаевдин арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кайыпов Ш.Т., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
Кененирээк билүү >>
Сак болуңуздар, КР БШКнын атынан фейк билдирүү тарап жаткандыгын эскертебиз!
Урматтуу мекендештер, талапкерлер жана талапкерлердин өкүлдөрү!
Акыркы кездерде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Жупуева Айдана Садыковнанын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан талапкерлерге WhatsApp аркылуу билдирүүлөр келип, коркутуулар жана басымдар болуп жатканы боюнча маалыматтар айтылууда. Бул маалыматтар чындыкка дал келбеген фейк экендигин расмий билдиребиз. Ошондой эле, пайдаланылып жаткан телефон номери (0221 239282) Айдана Жупуевага тиешелүү эмес.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү эч бир талапкерге артыкчылык бербейт жана объективдүүлүк принцибин карманат. Андыктан, мындай чалууларга, WhatsApp билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырабыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШК көп мандаттуу №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону жараксыз деп тааныды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 3-декабрда, өзүнүн жыйынында көп мандаттуу №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону жараксыз деп тааныды.
Буга шайлоо округунун шайлоо участкаларында бир катар мыйзам бузуулардын катталгандыгы себеп болду. Атап айтканда, талапкерлердин өкүлдөрү шайлоочулардын аракеттерин көзөмөлдөө жана байкоо максатында смартфондордогу камераларды орнотушкан.
КР БШКга аталган шайлоо округунун шайлоо участкаларында мыйзам бузуулар боюнча арыздар, даттануулар жана кайрылуулар 2025-жылдын 2-декабрында келип түштү. Мындан тышкары, социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер тарабынан шайлоочулардын шайлоо укуктарын орой бузганы көрсөтүлгөн фото жана видео материалдар тараган. Шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен жана добуш сатып алуу фактылары тууралуу кабарланган, бул болсо социалдык тармактарга жайгаштырылган фото жана видео далилдер менен тастыкталган.
Жогоруда аталган мыйзам бузуулар массалык мүнөздө болгон. КР БШКга түшкөн арыздар жана даттанууларды текшерүү максатында шайлоо участокторунда шайлоо күнү КР БШК тарабынан орнотулган камералардын видеожазуулары каралды.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга ылайык, талапкердин байкоочусу участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы белгилеген жерде комиссиянын ишине тоскоолдук келтирбей, шайлоочулардын купуя добуш берүү укугун бузбай жана добуш берүү процесси менен жыйынтыгын аныктоого тоскоолдук кылбай фото-, видео- жана аудио жазууну жүргүзүүгө укуктуу.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, 35 шайлоо участкасында катталган талапкерлердин өкүлдөрү мыйзамсыз камераларды орнотуп, купуя добуш берүү принцибин бузуу менен добуш берүү учурунда шайлоочулардын аракеттерин көзөмөлдөп турганы аныкталды.
Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн уруксат берилбеген видеого тартууну токтотууга аракет жасашканы менен талапкерлердин өкүлдөрү видеого тартууну токтотушкан эмес. Ушуга байланыштуу КР БШКсы участкалык комиссиялар өз милдеттерин канчалык тийиштүү деңгээлде аткаргандыгын аныктоо үчүн алардын ишин карап чыгат.
Ошентип, 35 шайлоо участогунда шайлоочулардын эркин добуш берүүсүнө таасир эткен бузуулар болуп, купуя добуш берүү принциби бузулган. Талапкерлердин өкүлдөрү шайлоо участокторунда көзөмөл жүргүзгөн, комиссиялардын ишине басым көрсөтүлгөн. Мына ушундан улам №13 шайлоо округунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо мүмкүн эмес.
Ошентип, талапкерлердин өкүлдөрү шайлоочуларды добуш берүү участкасына кирген учурдан тартып, идентификациядан өтүп, ага бюллетень басып чыгарылып берилип, добуш берүү кабинасына кирип чыгып, бюллетенди автоматтык саноо урнасына салганга чейинки бүткүл процессти көзөмөлдөп турушкан.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 37-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине таянып, КР БШК көп мандаттуу №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону жараксыз деп тааныды.
Мындан тышкары, конституциялык Мыйзамга ылайык, №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан төмөнкү бардык талапкерлерди кайрадан көрсөтүүгө жол берилбейт:
1. Нышанов Сайдулла Канболотович;
2. Мамытов Талант Турдумаматович;
3. Кенжебаев Нурланбек Исраилжанович;
4. Курбаналиев Жаныбек Масабирович;
5. Жээнбекова Гулназ Камытовна;
6. Маматалиева Мунара Даниярбековна;
7. Джураева Чинара Муратовна;
8. Абдалиев Мейкинбек Акимович;
9. Карабекова Айгүл Асановна;
10. Саипов Айбек Сатыбекович
11. Нурбаева Гүлназ Абдулатиповна;
12. Султанова Олмаскан Абдыкапаровна;
13. Алтынбеков Айбек;
14. Сыдыков Бактыбек Усенович.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
21.09.2026
КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
21.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү
21.09.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты
20.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
19.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты