Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШКнын 2025-жылдын 3-декабрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
03.12.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 3-декабрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 3 декабрь 2025-ж. Убактысы: 17:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. 2025-жылдын 30-ноябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо № 13-шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. У. Шайназаров билдирүү жасады
02.12.2025

КР БШКнын төрагасы Т. У. Шайназаров билдирүү жасады

Урматтуу, кыргызстандыктар.   Үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында Жогорку Кеңештин VIII чакырылышына депутаттарды шайлоо өткөрүлүп, ал ачык-айкын жана мыйзамдын негизинде уюштурулду. Мамлекет кайсы бир талапкерди сүрөп же кайсы бир талапкерге бут тосуп административдик ресурсту колдонгон жок. Тескерисинче, мамлекеттик кызматкерлерди үгүт иштерине аралашпоону талап кылды. Кыргызстанда алгачкы ирет жаңы система — аралыктан (алыстан) добуш берүү колдонулду. Мындай шартты түзүү менен ар бир шайлоочунун катышуусуна кам көрүлдү. Добуш берүү саат 20:00дө аяктап, 20:01дө болжолдуу жыйынтыктар жарыяланып баштады. Анын баарын түз эфирде, ачык-айкын сиздер менен биргеликте көзөмөлдөп турдук. Ал эми добушун саткан жарандар, добуш сатып алган талапкерлер боюнча маалыматтар, видео фактылар келип жатат. Андай далилдер социалдык тармактарда дагы жарыяланып жатканын көрүп жатабыз. Ал видео фактылардын көпчүлүгү бизде жана ИИМде да бар. Биздин колубузга келе электерин социалдык тармактардан алып, териштирип баштадык. Бул боюнча комиссия карап чыгат, чечим кабыл алабыз. Ага чейин эле, айрыкча социалдык тармактарда “БШК эмне уктап жатасыңар, чара көрбөйсүңөрбү?!” — деген сын-пикирлер айтылууда. Мыйзамды бузган ар бир шайлоо тилкеси, ошондой эле сөз болуп жаткан 13-округ боюнча дагы материалдарды карап чыгабыз, 2-3 күндүн ичинде чечим кабыл алабыз. Биз мамлекеттин репутациясына көлөкө түшүүсүнө жол бербеш үчүн адилеттүү чечимдерди чыгарышыбыз керек. Ага чейин дүрбөлөңгө түшпөй, бизди ашыкча сындабай, шашылыш чечим чыгарбай турууга чакырам.
Кененирээк билүү >>
2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу талапкерлердин, саясий партиянын шайлоо фонддору жөнүндө маалымат
01.12.2025

2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу талапкерлердин, саясий партиянын шайлоо фонддору жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан талапкерлердин, саясий партиянын шайлоо өнөктүгүнүн каржыланышы жөнүндө маалымат берет. 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер, 9 талапкерди көрсөткөн “Ынтымак” саясий партиясы өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүштү. Талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан жалпысынан “Элдик Банк” жана “Айыл Банк” ААКда 510 атайын эсеп ачылды. Шайлоону өткөрүүнүн ачыктыгын жана объективдүүлүгүн, талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунун финансылык ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында БШКда “Финансылык ачык-айкындуулук” автоматташтырылган системасы киргизилген, ал ыйгарым укуктуу банктык мекемелерден талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндөгү толук маалыматты “Түндүк” мекемелер аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу реалдуу убакыт режиминде алууга, аларды БШКнын расмий сайтындагы “Талапкер / Шайлоо фонду” барагында автоматтык түрдө көрсөтүүгө, ошондой эле талапкерлердин жана саясий партиялардын финансылык отчёттуулугун түзүүгө мүмкүндүк берет. 2025-жылдын 29-ноябрына карата алынган банктык маалыматтарга ылайык талапкерлердин жана саясий партиянын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине түшүүлөрдүн жалпы суммасы 1 млрд. 791 млн. сомду түздү, анын ичинде: - талапкердин өз каражаттары – 1 млрд. 092 млн. сомду; - саясий партиянын өз каражаттары – 3, 797 млн. сомду; - жеке жактардан түшкөн ыктыярдуу салымдар – 659,063 млн. сомду;     - юридикалык жактардан түшкөн ыктыярдуу салымдар – 13,208 млн. сомду түздү. Туура эмес түшкөн төлөмдөрдү кайтаруулар 22,079 млн. сомду түздү. Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга талапкерлердин, саясий партиянын шайлоо фонддорунун каражаттарынан  1 млрд. 582 млн. сом сарпталган, анын ичинде: - шайлоо төгүмүн төлөөгө 147, 080 млн. сом; - мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге кызмат көрсөтүүлөр үчүн (мамлекеттик менчикте жана муниципалдык менчикте турган жайларды, имараттарды жана курулмаларды ижарага алуу, маданият мекемелеринин залдарын жана жайларын, ошондой эле жабдууларын, инвентарларын берүү, маалыматты жана мөөрдү берүү боюнча классификацияланбаган кызмат көрсөтүүлөр ж.б. үчүн) – 11,875 млн. сом; - ар кандай кызмат көрсөтүүлөр үчүн (анын ичинде командировкалык чыгымдар, байланыш кызматтары, товарларды, жабдууларды, күйүүчү-майлоочу майларды сатып алуу, ижара боюнча кызмат көрсөтүүлөр, маалыматтык, консультациялык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр жана контракттар боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөргө, ишенимдүү адамдарга, байкоочуларга, үгүтчүлөргө, штабдын кызматкерлерине ж.б. көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөр) – 1 млрд. 134 млн. сом; - үгүт материалдарын даярдоо жана таратуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр (басмакананын кызмат көрсөтүүлөрү, маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-басылмаларда, социалдык тармактарда жайгаштыруу, SMM кызматтары, саясий жарнаманын таргети ж.б.) үчүн – 230,7 млн. сом (анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочулар үчүн маалыматтык материалдарды даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн – 8,9 млн. сом (3,9%));   - шайлоо өнөктүгүн өткөрүү менен байланышкан аткарылган иштер / көрсөтүлгөн кызматтар үчүн башка чыгымдарды төлөөгө 42,380 млн. сом. Туура эмес түшкөн төлөмдөрдү артка кайтаруулар 15,931 млн. сомду түздү. Талапкерлердин жана саясий партиянын шайлоо фонддорунун пайдаланылбаган каражаттарынын калдыгы 209,2 млн. сомду түздү. Ар бир талапкердин шайлоо фондуна түшкөн жана сарпталган каражаттардын суммасы мыйзамдардын ченемдерине туура келет: жогорку чектен төмөн (башкача айтканда, 1 талапкерге 20 млн. сомдон ашпайт). БШКнын депозиттик эсебине түшкөн шайлоо төгүмдөрүнүн жалпы суммасы 147,080 млн сомду түздү, анын ичинде: - 478 өзүн-өзү көрсөткөн талапкерден 300 000 сомдон (143,400 млн. сом); -  I-II топтогу майыптыгы бар өзүн-өзү көрсөткөн талапкерден 50 000 сомдон (0,7 млн. сом); -  III топтогу майыптыгы бар өзүн-өзү көрсөткөн талапкерден 70 000 сомдон (0,28 млн. сом); - “Ынтымак” саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн 9 талапкерден 300 000 сомдон (2,700 млн. сом). БШКга түшкөн шайлоо төгүмдөрү республикалык бюджетке которулууга тийиш. Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо тартиби төмөнкүлөр менен жөнгө салынат: “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобо. Шайлоо фондун түзүүчү бардык акча каражаттары банктык мекемедеги атайын эсепке которулат. Талапкер, саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун бир гана атайын эсебин ачууга укуктуу. Талапкердин шайлоо фонду төмөнкү каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн: талапкердин өз каражаттарынан – 10 млн. сомдун чегинде; саясий партия тарабынан талапкерге бөлүнгөн каражаттардан – 1 млн. сомдун чегинде; жеке жактардын ыктыярдуу салымдарынан – 500 миң сомдун чегинде; юридикалык жактардын ыктыярдуу салымдарынан – 500 миң сомдун чегинде. Талапкерлердин шайлоо фондуна түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы 20 млн. сомдон ашпашы керек. Саясий партиянын шайлоо фонду төмөнкү каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн: 1) талапкердин өз каражаттарынан – 1,5 млн. сомдун чегинде; 2) саясий партиянын өз каражаттарынан – 100 млн. сомдун чегинде; 3) жеке жактардын ыктыярдуу салымдарынан – 200 миң сомдун чегинде; 4) юридикалык жактардын ыктыярдуу салымдарынан – 3 млн. сомдун чегинде. Талапкерлерди көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондуна түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы ар бир талапкерге 20 млн. сомдон ашпашы керек. Жарандар жана юридикалык жактар талапкерди шайлоого көмөктөшүүчү иш-аракеттерге шайлоо фонддору аркылуу гана финансылык (материалдык) колдоо көрсөтүүгө укуктуу. Талапкердин, саясий партиянын өз каражаттарын жана ыктыярдуу салымдарды (мыйзам менен тыюу салынган салымдарды кошпогондо) шайлоо фондуна төгүү банктык эсептешүү эсеби аркылуу накталай эмес төлөм же болбосо банктык мекемелердин эсептик-кассалык бөлүмдөрү аркылуу накталай төлөм түрүндө жүргүзүлөт. Шайлоо фонддорунун каражаттары максаттуу болот. Алар шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн. Шайлоо фонддорунун каражаттары шайлоо алдындагы үгүткө, талапкерди колдоо үчүн кол чогултууга багытталган шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү менен түздөн-түз байланышкан жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү, товарларды жана материалдарды сатып алуу боюнча уюштуруу-техникалык чараларды финансылык жактан камсыз кылууга гана пайдаланылышы мүмкүн, анын ичинде: - шайлоо төгүмүн ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген өлчөмдө төгүү; - маалыматтык жана консультациялык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөргө, тартылган кызматкерлердин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө; - жарнама-басма кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө (үгүт материалдарын чыгаруу жана жайылтуу, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда кулактандырууларды жана сүйлөнгөн сөздөрдү жарыялоо); - жайларды, жабдууларды ижарага алуу; - транспорттук жана командировкалык чыгымдарды жабуу; - байланыш кызматтарын көрсөтүү; - кеңсе товарларын, жабдууларды ж.б. сатып алуу. Талапкер менен аткаруучунун ортосундагы жумуштарды аткаруу/кызматтарды көрсөтүү боюнча бардык эсептешүүлөр келишимдик негизде жана накталай эмес тартипте гана жүргүзүлөт. Талапкер өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине 300 миң сом өлчөмүндө шайлоо төгүмүн төгөт. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар өзүнүн шайлоо фонддорунун каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебине ар бир талапкер үчүн 300 миң сом өлчөмүндө шайлоо төгүмүн төгөт. Жогорку Кеңештин депутаттыгына майыптыгы бар адамдардан турган талапкерлер үчүн шайлоо төгүмү майыптыктын тобун эске алуу менен белгиленет: - III топтогу майыптарга – 70 миң сом өлчөмүндө; - I жана II топтордогу майыптарга – 50 миң сом өлчөмүндө. Шайлоо төгүмү кайтарылбайт жана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине которулат. Атайын эсептеги чыгымдалбаган акча каражаттарынын калдыктары добуш берүү күнүнөн кийин талапкерлерге, саясий партияларга кайтарылып берилет.
Кененирээк билүү >>
КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө КР БШКнын түшүндүрмөсү
01.12.2025

КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө КР БШКнын түшүндүрмөсү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу жана натыйжаларын аныктоо тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө түшүндүрөт. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгруу (УШК–ОШК): 1. Мыйзамга ылайык, АЭУдагы маалыматтар алдын-ала болуп саналат, ал эми шайлоо участокторунда добуштарды кол менен саноонун негизинде тиешелүү участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары чыгарылгандан кийин 3 календардык күндүн ичинде аларды округдук шайлоо комиссияларына даттанууга болот. 2. Округдук шайлоо комиссиялары (ОШК) участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдордун негизинде, алардын ичиндеги маалыматтарды кошуу жолу менен жыйынтыктык таблицаны түзөт жана округ аймагы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат. Округдук шайлоо комиссияларынын тиешелүү аймак боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо жөнүндөгү чечимдери добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына даттанылышы мүмкүн. Шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо (БШК): 3. Борбордук шайлоо комиссиясы округдук комиссиянын протоколдорунун негизинде, добуш берүү күнүнөн тарта 13 календардык күндөн кечиктирбестен (2025-жылдын 14-декабрына чейин) округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын аныктайт, башкача айтканда, округдан шайланган үч депутатты белгилейт. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери үч күндүк мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо боюнча чечимдерди кабыл алууда, бардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялары шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда келип түшкөн даттанууларды (арыздарды) сөзсүз түрдө карап чыгып, ар бир даттануу (арыз) боюнча чечим кабыл алышы керек.
Кененирээк билүү >>
ТҮРКПА байкоо миссиясы: Кыргызстандагы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо атаандаштыкта жана ачык-айкын шартта өттү
01.12.2025

ТҮРКПА байкоо миссиясы: Кыргызстандагы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо атаандаштыкта жана ачык-айкын шартта өттү

«Кыргыз Республикасындагы мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоо атаандаштыкта жана ачык-айкын шартта өттү», - деп билдирди бүгүн, 1-декабрда, Кыргыз Республикасында мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоого байкоо салган Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясынын (ТҮРКПА) байкоо миссиясы. Миссия шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маанилүүлүгүн белгилеп, укуктук база демократиялык шайлоолорду өткөрүүгө зарыл шарттарды камсыздай турганын баса белгиледи. Билдирүүдө ошондой эле гендердик квота өлкөнүн саясий жашоосуна аялдардын катышуусуна өбөлгө түзөрү айтылды. Ошону менен бирге ТҮРКПА байкоо миссиясы шайлоону даярдоодогу шайлоо органдарынын натыйжалуу жана кесипкөй ишин жогору баалады. Миссия аралыктан добуш берүү системасын колдонууга да оң баа берди, бул жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоого жана ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жардам берет, деди. ТҮРКПА миссиясы эл аралык байкоо жүргүзүү үчүн түзүлгөн укуктук жана уюштуруучулук шарттар үчүн ыраазычылык билдирди. Төмөндө Кыргыз Республикасындагы мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоого байкоо салган ТҮРКПА миссиясынын билдирүүсүнүн толук тексти: «Кыргыз Республикасындагы Жогорку Кеңешинин (Парламенттин) чакыруусу менен Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясынын (ТҮРКПА) Эл аралык шайлоо байкоо миссиясы (мындан ары — Миссия) 2025-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасында өткөн мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоолорго кыска мөөнөттүү байкоо жүргүздү. Миссиянын курамына Азербайжан, Казакстан жана Түркия парламенттеринин депутаттары, Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү, ТҮРКПАнын Эл аралык катчылыгынын кызматкерлери жана Түркиядан келген парламенттик кызматкерлер кирди. Кыргыз Республикасындагы парламенттик шайлоолор Конституция, «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосу жөнүндө» Конституциялык мыйзам, «Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Конституциялык мыйзам, «Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзам, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) нормативдик актылары менен жөнгө салынат. Кыргыз Республикасы демократиялык шайлоолорду өткөрүү боюнча негизги эл аралык жана регионалдык документтердин катышуучусу болуп саналат. Мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоо, шайлоо мыйзамындагы өзгөртүүлөрдүн алкагында өткөрүлдү. 2025-жылдагы өзгөртүүлөр шайлоо системасынын көптөгөн аспектилерин, анын ичинде шайлоо моделин, округдарды түзүүнү, гендердик квотаны, талапкерлерге болгон талаптарды жана мандаттарды бөлүштүрүү тартибин камтыды. Аралаш шайлоо системасы мажоритардык система менен алмаштырылды. Жаңы модель боюнча Жогорку Кеңештин 90 депутаты 30 көп мандаттуу округдан шайланат. БШК шайлоо округдарынын чек арасын түзүп, бекитти. Ар бир округда эң көп добуш алган үч талапкер шайланган деп табылат. Ошол эле учурда бир округда бир жыныстагы өкүлдөргө экиден ашык мандат берилбейт. Гендердик жактан азчылыкты түзгөн тарапка 30 мандат резервделет. Шайлоочуларга «Баарына каршы» добуш берүүгө да мүмкүнчүлүк бар. Мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоо БШК, 30 округдук шайлоо комиссиясы (ОШК) жана 2 492 участкалык шайлоо комиссиясы (УШК) тарабынан өткөрүлдү. Чет мамлекеттерде добуш берүү 34 өлкөдөгү 100 шайлоо участогунда уюштурулду. БШК шайлоолорду жана референдумдарды жалпы даярдоо жана өткөрүү үчүн, ошондой эле төмөнкү инстанциядагы комиссиялардын ишин ыкчам-методикалык камсыздоо үчүн жооптуу. БШК шайлоо процессинин катышуучулары үчүн окууларды өткөрүп, шайлоочуларды маалымдоо боюнча иш-чараларды уюштурду. Бул шайлоодо добуш берүүнүн жаңы жабдыгы колдонулуп, анда төмөнкү көпчүлүк процедуралар бириктирилген: шайлоочуну манжа издери жана бетти сканерлөө аркылуу идентификациялоо, добуш берүүнүн кайталанышына жол бербөө үчүн катышууну каттоо жана бюллетендерди басып чыгаруу. Ошондой эле шайлоочуларга өз округунан тышкары каалаган участокто добуш берүүгө мүмкүндүк берген аралыктан добуш берүү опциясы жеткиликтүү болду. Өлкө ичиндеги жана чет өлкөдөгү бардык шайлоо жабдыктары шайлоочулар катталган округдун бюллетенин, алардын добуш берген жерине карабастан, басып чыгарууга алдын ала программаланган. Мыйзамга ылайык, алыстан добуш берүүнү колдонуу тууралуу чечим шайлоо дайындоо учурунда кабыл алынат; мындай чечимге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 30-сентябрында кол койгон. Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандарынан сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылгандар жана соттун өкүмү боюнча жаза өтөп жаткандардан тышкары бардык адамдар добуш берүүгө укуктуу. Шайлоочуларды каттоо пассивдүү мүнөздө болуп, Бирдиктүү мамлекеттик калк реестринин негизинде жүргүзүлөт. Шайлоочулар маалыматтарды шайлоого 15 календардык күн калганда оңдоо тууралуу кайрыла алышат. БШКнын маалыматына ылайык, мөөнөтүнөн мурдагы шайлоого 4 294 243 жаран шайлоочулардын тизмесине киргизилген. Шайланууга укуктуу болуу үчүн талапкерлер 25 жаштан кем эмес, жогорку билимдүү, мамлекеттик тилди билген жана талапкерлиги коюлганга чейинки кеминде 5 жыл өлкөдө туруктуу жашаган болушу керек. Мыйзам боюнча кызматтык, илимий, өндүрүштүк жана башка себептер менен жылына алты айга чейин өлкөнүн сыртында болууга уруксат берилет. Конституцияга ылайык, кош жарандуулугу бар адамдар саясий жана атайын мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө укуксуз. Мындан тышкары соттуулугу бар (анын ичинде алынган же соттулугу мыйзам менен жок кылынган), ошондой эле айрым өзгөчө учурларды кошпогондо актанууга жатпаган негиздер менен кылмыш иши токтотулган адамдар, жана диний ишмердүүлүгүн токтоткондон кийин беш жыл ичинде диний ишмерлер депутаттыкка талапкер боло албайт. Катталган саясий партиялар же жарандар талапкерлерди өз алдынча көрсөтө алышат. Бир талапкер бир гана округдан көрсөтүлө алат. Партиялар ар бир округдан бирден талапкер көрсөтө алышат, анын ичинде партия мүчөсү эмес адамдарды да көрсөткөнгө укуктуу. Партиялар гендердик пропорцияны сактоого милдеттүү: бир жыныстын талапкерлеринин үлүшү 70%дан ашпоого тийиш. БШКнын маалыматына ылайык, шайлоого 460 талапкер катышкан. Мөөнөтүнөн мурдагы шайлоолордо үгүт кампаниясы кыскараак болгонуна байланыштуу үгүт 10-ноябрда башталып, 29-ноябрда саат 08:00дө аяктады. Үгүт массалык маалымат каражаттары аркылуу, концерттерден, театралдык жана спорттук иш-чаралардан тышкары, коомдук иш-чараларды (митингдерди, жолугушууларды, дебаттарды ж.б.) уюштуруу аркылуу, басма, аудио жана видео материалдарды таратуу аркылуу, ошондой эле мыйзам тыюу салбаган башка ыкмалар аркылуу жүргүзүлөт. Талапкерлерге жана партияларга ММКга тең укуктуу жеткиликтүүлүк кепилденет. Мыйзамда талапкерлердин, коммерциялык эмес уюмдардын жана эл аралык байкоочулардын байкоосу каралган. Талапкерлер ар бир УШКда экиден көп эмес байкоочуну, коммерциялык эмес уюмдар үчтөн көп эмес байкоочуну аккредитациялай алышат; ошол эле учурда ар бир топтон бир гана өкүл бир эле учурда байкоо жүргүзө алат. БШКнын маалыматына ылайык, мөөнөтүнөн мурдагы шайлоого 778 эл аралык байкоочу аккредитацияланган. Байкоо программасынын алкагында Миссия БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен жолугушууларды өткөрүп, шайлоолорго даярдыктын негизги аспектилери боюнча маалымат алды. Добуш берүү күнү участкалар 08:00дөн 20:00гө чейин иштеди. Миссия Бишкек, Ош жана Өзгөн шаарларындагы бир катар участкаларды кыдырып, участоктордун ачылышынан баштап добуштарды саноого чейин көзөмөл жүргүздү. Шайлоо күнү жогорку деңгээлде уюштурулган. Миссия участкалардын ишин оң баалап, процессти уюшкандыкта жана профессионалдуу деп мүнөздөдү. Миссия мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоо атаандаштыкта жана ачык-айкын шартта өткөнүн белгилейт. Миссия шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, укуктук база демократиялык шайлоолорду өткөрүүгө зарыл шарттарды камсыз кыларын белгилейт. Миссия гендердик квота өлкөнүн саясий турмушуна аялдардын катышуусуна өбөлгө түзөрүн белгилейт. Миссия шайлоо органдарынын шайлоолорду даярдоодогу натыйжалуу жана кесипкөй ишин жогору баалайт. Миссия добуш берүүнүн жаңы жабдыгын жана аралыктан добуш берүүнү колдонуу шайлоочулардын укуктарын камсыздоого жана ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөрүн белгилейт. Миссия эл аралык байкоо жүргүзүү үчүн түзүлгөн укуктук жана уюштуруучулук шарттар үчүн ыраазычылык билдирет. Өзүнүн ишинде Миссия ТҮРКПАнын «Шайлоолорго байкоо жүргүзүү жөнүндө» Регламентине жана эл аралык документтерге ылайык, бейтараптуулук, объективдүүлүк, көзкарандысыздык, ачык-айкындык жана шайлоо процесстерине кийлигишпөө принциптерин карманды. Миссия Кыргыз Республикасында 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоолор улуттук мыйзамдарга жана эл аралык шайлоо стандарттарына ылайык өткөрүлгөн деген тыянакка келди».
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын катышуусу
01.12.2025

КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын катышуусу

КР Жогорку Кеңешинин мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоосунда жалпы 4 294 243 шайлоочунун ичинен 1 584 446 шайлоочу добуш берип, бул көрсөткүч 36,90%ды түздү. 2021-жылга салыштырмалуу жалпы добуш бергендердин саны 351 873 шайлоочуга көбөйүп, өсүш 28,6% болду (2021-жылы 1 232 573 адам добуш берген). Ал эми чет өлкөлөрдө добуш бергендердин саны 16 178 шайлоочуга көбөйүп, өсүш 60,7% түздү (2021-жылы 9 825 адам добуш берген).   № округ №   шайлоочулардын саны УИК саны жалпы добуш бергендердин саны % анын ичинен:   участокто аралыктан Баары:   4 294 243 2 619 1 584 446 36,90 1 394 416 190 030       136 175 90 58 304 42,82 49 901 8 403       144 549 92 59 172 40,94 52 797 6 375       136 562 77 54 811 40,14 51 122 3 689       128 343 74 59 192 46,12 53 808 5 384       164 881 74 52 140 31,62 47860 4 280       161 533 75 52 375 32,42 45 781 6 594       141 414 78 50 616 35,79 46 585 4 031       142 274 101 59 832 42,05 49 460 10 372       123 213 68 45 573 36,99 40 724 4 849       136 685 106 63 099 46,16 52 237 10 862       155 495 75 44 057 28,33 40 163 3 894       154 553 92 59 582 35,55 54 727 4 855       160 344 94 76 721 47,85 69 879 6 842       149 026 77 54 516 36,58 48 312 6 204       160 200 104 68 221 42,58 59 684 8 537       133 744 82 57 025 42,64 50 012 7 013       149 255 102 49 363 33,07 44 230 5 133       140 104 77 49 045 35,01 45 454 3 591       138 862 62 42 845 30,85 37 973 4 872       128 180 63 31 588 24,64 27 343 4 245       139 403 58 40 393 28,98 34 286 6 107       136 100 60 40 758 29,95 35 386 5 372       132 442 55 41 311 31,19 35 641 5 670       134 994 60 34 940 25,88 29 970 4 970       141 908 79 46 453 32,73 42 524 3 929       132 278 84 54 939 41,53 51 351 3 533       157 463 120 61 465 39,03 53 861 7 604       160 044 108 57 639 36,01 48 468 9 171       137 758 102 56 306 40,87 46 343 9 963       136 461 103 62 165 45,56 48 534 13 631 ТИМ       26 062 1,64   26 062 АД       16 308 1,03   16 308    
Кененирээк билүү >>
КЭРдин байкоочулар миссиясы: Шайлоо ийгиликтүү жана тынч шартта өттү, мыйзам бузуулар аныкталган жок
01.12.2025

КЭРдин байкоочулар миссиясы: Шайлоо ийгиликтүү жана тынч шартта өттү, мыйзам бузуулар аныкталган жок

Кытай Эл Республикасынын байкоочулар миссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого байкоонун жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу баяндамасын сунуштады. Төмөндө билдирүүнүн тексти: «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын чакыруусуна ылайык, 2025-жылдын 27-ноябрынан 1-декабрына чейин Кытай Эл Республикасынын байкоочулар миссиясы (мындан ары – Миссия) 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун (мындан ары – шайлоо) даярдыгы жана өткөрүлүшү боюнча мониторинг жүргүздү. Миссия өз байкоочулук милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык так, өлкөнүн эгемендүүлүгүн урматтоо жана анын ички ишине кийлигишпөө принциптерине таянып аткарды. Иштин жүрүшүндө Миссиянын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, добуш берүүнүн тартиби жана шайлоого даярдык менен таанышты. Добуш берүү күнү – 30-ноябрда Миссия бир катар шайлоо тилкелеринде болуп, добуш берүү бюллетендерин даярдоого катышкан, шайлоочулардын инсандыгын тастыктоочу документтерин текшерүү жана бюллетендерди берүү процесстерине мониторинг жүргүзгөн, добуш берүүнүн жүрүшүн жана добуштарды саноо процессин байкаган. Миссиянын мүчөлөрү барган аймактарда шайлоо комиссиялары шайлоо мыйзамдарын жана депутаттыкка талапкерлер жөнүндө маалыматтарды толук жана өз убагында жарыялаганын, шайлоочулардын маалыматка жетүүсү натыйжалуу камсыздалганын аныкташты. Шайлоо процедуралары ММК тарабынан кеңири жана ачык чагылдырылган. Жогоруда айтылгандардын негизинде Миссия добуш берүү мыйзамдуу, демократиялык, транспаренттүү жана ачык-айкын өткөнүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана шайлоо мыйзамдарына, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерине туура келгенин белгилейт. Шайлоо ийгиликтүү жана тынч маанайда өттү, мыйзам бузуулар аныкталган жок, өзүнүн саясий тандоосун добуш берүү жолу менен билдирүү укугуна ээ болгон КР жарандарынын укуктары толук камсыздалды. Миссия Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына, Тышкы иштер министрлигине жана Кыргыз Республикасынын башка түзүмдөрү менен мекемелерине көрсөтүлгөн колдоо жана көмөк үчүн ыраазычылык билдирет».
Кененирээк билүү >>
Түрк мамлекеттер уюму: Кыргызстандагы шайлоо ачык-айкын, эл аралык стандарттарга ылайык өттү
01.12.2025

Түрк мамлекеттер уюму: Кыргызстандагы шайлоо ачык-айкын, эл аралык стандарттарга ылайык өттү

Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) эл аралык шайлоо байкоо миссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону байкоонун жыйынтыгы боюнча билдирүүсүндө шайлоо ачык-айкын, эл аралык стандарттарга жана улуттук мыйзамдарга ылайык өткөрүлгөнүн белгиледи. «ТМУ миссиясы боордош Кыргызстан элин шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктайт жана анын жыйынтыктары өлкөдөгү туруктуулукту жана өсүп-өнүгүүнү мындан ары чыңдоого, ошондой эле түрк дүйнөсүндөгү боордош алакалардын тереңдешине өбөлгө болот деп үмүттөнөт», - деп айтылат ТМУ Миссиясынын билдирүүсүндө. Төмөндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин (Парламенттин) мөөнөтүнөн мурда шайлоого ТМУнун Эл аралык байкоо миссиясынын билдирүүсүнүн толук тексти: «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын чакыруусуна ылайык, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Эл аралык байкоо миссиясы 2025-жылдын 26–30-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин (Парламентин) мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоого байкоо жүргүздү. ТМУнун Миссиясы Секретариаттын кызматкерлеринен, ошондой эле Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссияларынын жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнөн куралган. Миссия өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына, ошондой эле шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү тартибин жөнгө салган эл аралык укуктун жалпыга таанылган нормаларына ылайык аткарды. Шайлоого даярдык процессине байкоо жүргүзүүнүн алкагында Миссия Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчытык Шайназаров менен жолугушуп, шайлоо процессин даярдоонун жана өткөрүүнүн укуктук жана административдик аспектилери боюнча кенен маалымат алды. Миссия үгүт кампаниясынын жүрүшү жана талапкерлердин шайлоого даярдыгы боюнча алардан түздөн-түз маалымат алуу үчүн шайлоого катышкан талапкерлер менен да жолугушту. Миссия көп мандаттуу округдарда бир жыныстагы талапкерлердин саны үч мандаттын ичинен экиден ашпашы керектигин белгилеген мажоритардык шайлоо системасына киргизилген гендердик теңчилик чараларын оң баалайт. Мындан тышкары, Миссия аралыктан добуш берүү механизмин киргизүүнү да оң баалайт. Бул механизм катталган участогунда добуш бере албаган учурда, башка шайлоо участогунда добуш берүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле БШКнын 34 мамлекеттин 89 шаарында 100 шайлоо участогун ачып, чет өлкөдөгү добуш берүүнүн географиясын кеңейтүү чечими шайлоонун инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн арттырды. Шайлоо күнү Миссия эки топко бөлүнүп, Бишкек шаарындагы 19 шайлоо участогун кыдырды. Байкоонун жүрүшүндө Миссия шайлоо участкаларынын ишине административдик же укук коргоо органдары тарабынан кандайдыр бир кийлигишүүлөр болгонун аныктаган жок, ошондой эле жарандардын эркин билдирүүсу үчүн бардык зарыл административдик чаралар көрүлгөнүн белгиледи. Миссия шайлоонун жыйынтыгына таасир этиши мүмкүн болгон олуттуу мыйзам бузууларды каттаган жок. Миссия барган участоктордо коомдук тартип камсыздалганын белгиледи. Добуштарды саноо жана алгачкы жыйынтыктарды жарыялоо улуттук шайлоо мыйзамдарына ылайык жана өз убагында жүргүзүлдү. Участкалык комиссиялар эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар үчүн толук жеткиликтүүлүктү камсыздап, бул Миссия барган бардык участкаларда байкоонун толук форматта жүргүзүлүшүнө, шайлоо процессинин ачык-айкындыгын жана отчеттуулугун жогорулатууга шарт түздү. Мындан тышкары, Миссия шайлоо участокторунда үгүт материалдарынын жок экенин, ошондой эле кандайдыр бир саясий бирикме тарабынан шайлоочуларга басым кылуу же алардын эркин тандоосуна таасир этүү аракеттери катталбаганын, добуш берүү учурунда бюллетендердин сыртка чыгып кетүүсү боюнча фактылар болгон эместигин белгиледи. Миссияга шайлоо участокторуна толук жеткиликтүүлүк берилди, участкалык комиссиялардын өкүлдөрү зарыл болгон толук жана так маалыматтарды беришти. Миссия шайлоо участоктору шайлоону натыйжалуу өткөрүүгө зарыл болгон материалдар жана техникалык жабдуулар менен толук камсыздалганын, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн шайлоо участокторунда ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн белгиледи. Миссия шайлоо мезгилинде эл аралык байкоочулардын кеңири катышуусун да белгилейт: 58 мамлекеттен келген 788 чет өлкөлүк байкоочу, анын ичинде шайлоо комиссияларынын, парламенттик уюмдардын жана эл аралык түзүмдөрдүн делегациялары аккредитацияланган. Бул шайлоо процессине кошумча деңгээлдеги ачыктык жана эл аралык ишеним берди. Жыйынтыктап айтканда, ТМУнун Эл аралык байкоо миссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин (Парламентин) шайлоо ачык-айкын, эл аралык стандарттарга жана улуттук мыйзамдарга ылайык өткөрүлгөнүн тастыктайт. ТМУ миссиясы боордош Кыргызстан элин шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктайт жана анын жыйынтыктары өлкөдөгү туруктуулукту жана өсүп-өнүгүүнү бекемдөөгө, ошондой эле түрк дүйнөсүндөгү боордош мамилелердин мындан ары тереңдешине өбөлгө болоруна үмүттөнөт».
Кененирээк билүү >>
ШКУ байкоочулар миссиясы Кыргыз Республикасында өткөн шайлоолорду ачык, эркин жана легитимдүү деп тааныйт
01.12.2025

ШКУ байкоочулар миссиясы Кыргыз Республикасында өткөн шайлоолорду ачык, эркин жана легитимдүү деп тааныйт

Бүгүн, 2025-жылдын 1-декабрында, Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) байкоочулар миссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо процессин байкоонун жыйынтыктары боюнча билдирүү жасады. «ШКУ байкоочулар миссиясы Кыргыз Республикасында өткөн шайлоолорду ачык, эркин жана легитимдүү деп тааныйт», – деп билдирди ШКУ байкоочулар миссиясынын жетекчиси, ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Пяо Янфань брифингде. Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасында өткөн Жогорку Кенештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо ачык-айкын шартта, жарандык коомдун, аялдардын жана жаштардын активдүү катышуусу менен өттү, шайлоочулардын эркин жана өздүк тандоо жасашына шарттар түзүлгөн. Миссиянын билдирүүсүнө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана өлкө тарабынан кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерге ылайык өткөрүлдү. «Өлкөнүн шайлоо системасы өзүнө тийиштүү өзгөчөлүктөргө ээ, салттарга жана добуш берүү суверенитети принцибине таянат. Шайлоочулардын бул системага болгон жогорку ишеним деңгээли анын туруктуулугун жана коомдук саясий турмуштагы маанилүүлүгүн көрсөтөт», – деп белгиледи Пяо Янфань. Пяо Янфань Кыргыз Республикасынын элин ШКУ байкоочулар миссиясынын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда  шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, ШКУ байкоочуларынын ишмердүүлүгүн камсыздоодо көрсөткөн колдоосу үчүн КР БШКга, КР Тышкы иштер министрлигине жана башка мамлекеттик органдарга ыраазычылык билдирди. Төмөндө ШКУ байкоочулар миссиясынын Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону байкоо жыйынтыктары боюнча билдирүүсүнүн толук тексти: «Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (мындан ары – КР БШК) чакыруусу менен Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) байкоочулар миссиясы (мындан ары – Миссия) 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүүнү байкоо иштерин жүргүздү. Эл аралык байкоочуларды чакыруусу Миссия тарабынан Кыргыз Республикасынын кезектеги парламенттик шайлоонун ачык-айкын, демократиялуу өткөрүлүшүн камсыз кылуу аракети катары баалайт. 1. Миссиянын курамы Миссияга 18 байкоочу аккредитацияланган – шайлоо жана мыйзам чыгаруу органдарынын өкүлдөрү, ШКУнун мүчө-мамлекеттеринин дипломатиялык кызматкерлери, ошондой эле ШКУнун Катчылыгынын кызматкерлери. Миссияны ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Пяо Янфань жетектеген. Миссиянын курамына төмөнкүлөр кирген: ШКУнун мүчө-мамлекеттеринен: Лукьянов Александр Сергеевич – Беларусиянын Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин Эл аралык иштер жана улуттук коопсуздук туруктуу комиссиясынын мүчөсү, Жанабилова Асель Булатказыевна – Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Чэнь Дайвэнь – Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кеңешчиси, Чжоу Цзяньфэн – Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи катчысы, Айша Шахид – Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ШКУ иштерине жооптуу департамент жетекчисинин жардамчысы, Новьюхов Александр Вячеславович – Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин сенаторы, Чернышов Борис Александрович – Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары, Шевченко Евгений Александрович – Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Булгакова Алёна Валерьевна – Россия Федерациясынын Коомдук палатасынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө жана коомдук көзөмөл боюнча комиссиясынын төрайымы, Михеев Игорь Евгеньевич – Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Төраганын орун басарынын катчылыгынын жетекчиси, Азизи Муистон Бердизода – Тажикстан Республикасынын Борбордук шайлоо жана референдум комиссиясынын мүчөсү, Хидирзода Махфират Умар – Тажикстан Республикасынын Борбордук шайлоо жана референдум комиссиясынын мүчөсү, Маматов Худоёр Тешаевич – Өзбек Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы, Хасанов Шавкатбек Хайбатуллаевич – Өзбек Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо мыйзамдары жана заманбап технологиялар боюнча Окуу борборунун директору, ШКУнун Катчылыгынан: Мирсаидов Миразиз Мирхамид угли – биринчи категориядагы эксперт, Глейзер Мирамгуль Адельбековна – биринчи категориядагы эксперт, Сабит Айнур Сериккызы – экинчи категориядагы эксперт. 2. Миссиянын ишмердүүлүгү Миссия өз милдеттерин «ШКУ байкоочулар миссиясынын президенттик жана/же парламенттик шайлоолордо, ошондой эле референдумдарда иштөөсү жөнүндө» жобого ылайык аткарган, саясий бейтараптык, объективдүүлүк жана мамлекеттин ички иштерине кийлигишпөө принциптерин сактаган, Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык иштеген. Шайлоого чейин жана добуш берүү күнүндө Миссиянын мүчөлөрү Бишкек, Кочкор, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларындагы бир катар участкалык шайлоо комиссияларын барып, алардын шайлоого даярдыгына жана шайлоо процессине мониторинг жүргүзүштү. Миссиянын башчысы жана мүчөлөрү КР БШКнын, Тышкы иштер министрлигинин жана эл аралык уюмдардын байкоочулары менен жолугушууларды өткөрүштү. Чакырган тарап шайлоону даярдоо жана өткөрүүнү байкоо үчүн керектүү шарттарды түздү. Шайлоо тууралуу толук маалымат, кошумча маалыматтык материалдар берилди. Миссиянын бардык жыйынтыктары жана корутундулары Миссиянын мүчөлөрүнүн байкоо жүргүзүүсүнүн жана Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөттүнөн мурда шайлоо күнүндө жана ага чейин топтолгон фактыларга негизделген. 3. Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүүчү мыйзамдык база Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүүчү негизги мыйзамдык база Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамы, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык мыйзамынан турат, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы «Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгы. 4. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессиндеги жаңылыктар 2025-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу конституциялык мыйзамга кол койгон. Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин 90 депутаты 30 көп мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система менен шайланат, ар бир округдан үч депутат шайланат. Кандидаттарды көрсөтүү укугу саясий партияларга жана талапкерлерге берилет. Талапкерлерге талаптар күчөтүлгөн. Ошондой эле саясий партия ар бир көп мандаттуу округдан бир гана талапкерди көрсөтө алат, бир жыныстын өкүлчүлүгү 70 пайыздан ашпоосу зарыл. Көп мандаттуу шайлоо округунда эң көп добуш алган үч талапкер шайланган деп эсептелет. Эгер мурда кайтарылуучу күрөө колдонулуп, белгилүү шарттар аткарылганда талапкерге же партияга кайтарылып берилсе, азыркы учурда механизм өзгөртүлгөн. Мындан тышкары, шайлоодо аралыктан добуш берүү системасы колдонулду. 27 аралыктан шайлоо участогу түзүлгөн. Аралыктан добуш берүү ыкмасы шайлоочулардын тизмесине кирген, бирок өзүнүн туруктуу катталган жерине келе албаган жарандар үчүн каралган.          5. Замандын талабына ылайык маалымат жана коомдук платформаларды колдонуу        Шайлоо процессин ар тараптуу чагылдыруу максатында КР БШКсы  өзүнүн сайтын жакшыртып, комиссиянын бардык иш-аракеттери тууралуу маалыматты оперативдүү түрдө жарыялаган.     Добуш берүү күнү тууралуу шайлоочуларга SMS аркылуу кабар берүү максатында мобилдик байланыш колдонулду, бул 2025-жылдын 24-ноябрынан башталган. Аймактагы комиссиялар менен маалымат алмашуу боюнча электрондук байланыш түзүлгөн. КР БШКсы социалдык тармактарда төмөнкү барактарды ачкан: Facebook – КР Борбордук шайлоо комиссиясы / Центральная избирательная комиссия КР Instagram – tsik_kyrgyzstan Telegram – КР БШК / ЦИК КР YouTube – «ЦИК КР». Миллиондогон шайлоочулар бул маалыматтар менен таанышкан. Кезектеги шайлоону даярдоо процесси 20дан ашык жергиликтүү жана эл аралык маалымат сайттарында чагылдырылган. «Кабар» улуттук маалымат агенттиги, «Эркин Тоо», «Кыргыз Туусу», «Слово Кыргызстана» гезиттери жана облустук, райондук гезиттерде («Ош Жаңырыгы», «Баткен Таңы», «Акыйкат», «Ысык-Көл кабарлары», «Талас байрагы», «Чүй баяны») «Шайлоо – 2025» атайын рубрикасы түзүлүп, өлкө боюнча шайлоого даярдык процесси үзгүлтүксүз чагылдырылган. Республика жана облустук телеканалдарда, анын ичинде УТРК, ЭЛТР, Регион ТВ, 7-канал, New TV, Сереп Медиа, Номад ТВ жана алардын облустук бөлүмдөрүндө болжол менен 100 берүү жана сюжеттер эфирге чыккан. Республика жана облустук радиоберүүлөрдө 50дөн ашык маалыматтык материалдар берилген. Мындан тышкары, аталган материалдар алардын социалдык тармактагы аккаунттарында жайгаштырылган. 6. Жогорку Кеңешке талапкерлер Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди каттоо 2025-жылдын 17-октябрында башталып, 7-ноябрда аяктаган. КР БШКсы 467 талапкерди каттаган, алардын ичинен 276сы эркек жана 191и аял. Айрым талапкерлер өз каалоосу менен шайлоого катышуудан баш тартышып, шайлоого 460 талапкер катышкан, алардын ичинен 271и эркек жана 189у аял. Шайлоого 25 жаштан жогору, жогорку билимдүү, мамлекеттик тилди билген жана Кыргыз Республикасында акыркы беш жыл бою туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алышат. Жыл сайын 6 айга чейинки аралыкта өлкөдөн тышкары өндүрүштүк, илимий, кызматтык же башка зарылчылык себептери менен чет өлкөлөргө сапарга чыгуу мүмкүн. 7. Шайлоо алдындагы үгүт Шайлоо алдындагы үгүт иштери талапкерлер катталгандан кийин башталып, 2025-жылдын 29-ноябрында саат 08:00дө аяктаган. Үгүт кампаниясын уюшкандыкта өткөрүү максатында КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин өткөрүү боюнча Нускама жана аймактык комиссиялар үчүн шайлоо алдындагы үгүт иштерин уюштуруу боюнча Колдонмо иштелип чыгып бекитилген. Бардык талапкерлерге программаларын шайлоочуларга таратуусу үчүн тең укукта шарттар түзүлгөн. Партиялар жана талапкерлер үчүн өлкө боюнча 337ден ашык шайлоо алдындагы үгүт аянтчалары даярдалган. Мыйзамга ылайык, көп мандаттуу округдардагы талапкерлер үчүн мамлекеттик жана аймактык телерадио каналдарында берилчү акысыз эфир убактысы жумуш күндөрү кеминде 30 мүнөттүк түз  эфирден турган. Акысыз эфирдин жалпы көлөмүнүн жарымынан аз эмес бөлүгү талапкерлерге дебаттар жана башка ушуга окшош үгүт иш-чараларын биргелешип өткөрүүгө арналган. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары талапкерлерге жарандар менен жолугушууларды, коомдук дебаттарды жана талкууларды, митингдерди, демонстрациялар жана жүрүштөрдү уюштурууда жардам берип, массалык иш-чаралардын коопсуздугун камсыз кылышкан. Ошондой эле, КР БШК көп мандаттуу округдардагы талапкерлер тууралуу маалыматтык плакаттарды округдар жана шайлоо участокторуна 10 миңден ашык нускада чыгарган жана жайгаштырган. 8. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттар Кыргыз Республикасы саясий жашоого катышууга жана эркин добуш берүүгө тоскоол болгон укуктук жана административдик тоскоолдуктарды этап-этабы менен жоюу чараларын көргөн. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 29-беренесине ылайык, шайлоо комиссиялары мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочуларды кабардар кылуу боюнча керектүү чараларды көргөн. Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катталган талапкерлердин арасында 4 адам I жана II топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, 12 адам III топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар болгон. КР БШКсы шайлоо процессин инклюзивдүү кылуу боюнча туруктуу саясат жүргүзүп, шайлоо жайларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам берүүчү атайын каражаттар менен жабдууну жүргүзгөн. 2492 шайлоо участокторун мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча, пандустар 2243 участокко (90,08%) орнотулган, 181 участокко пандусту орнотуу талап кылынбайт. Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын жакшыртуу боюнча жумушчу топ туруктуу негизде иштеген, ал КР БШКнын 2025-жылдын 30-сентябрындагы №10 чечими менен түзүлгөн. Муктаждыктар картасына ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын жалпы саны 17 346 адам. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына ылайык, үгүт материалдарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн кеминде 1% материал атайын форматта даярдалууга тийиш. Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн болжол менен 2600 брошюра, 5000 плакат Брайль шрифтинде (эки тилде), 2500 трафарет жана 2600 шайлоо бюллетени чыгарылган. Маалыматтык видеолор субтитрлер же сурдо-котормо  менен коштолгон. 2025-жылдын 30-ноябрындагы шайлоо даярдык жана өткөрүү маалында КР БШКсынын Call-борборунда 4 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран иштеген. Ошондой эле «WhatsApp» мессенджери аркылуу шайлоочулар менен видео байланыш иштеген, анын жардамы менен угуу жана сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар өз суроолоруна кол кыймылдары тилинде жооп алган. КР БШКнын расмий сайтында мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн атайын веб-баракча түзүлүп, үзгүлтүксүз жаңыртылып турган. Мындан тышкары, шайлоо маселелери боюнча, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча окутуу семинары өткөрүлгөн. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын тизмелери алдын ала даярдалган. Участоктук комиссиялар аларга үйүндө добуш берүү уюштурган. 9. Добуш берүү үчүн даярдык иштери КР БШКнын 2025-жылдын 30-сентябрындагы №83 токтому менен «2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планы» бекитилген. Бул пландын негизинде шайлоо процесси тууралуу маалымат берүү, көп мандаттуу шайлоо округдарын үзүү, аймактык шайлоо комиссияларын жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары шайлоо участкаларын түзүү иштери жүргүзүлгөн. 2025-жылдын 5-ноябрында КР БШКнын жыйынында чет өлкөлөрдө добуш берүүнү өткөрүү үчүн дагы 3 шайлоо участогун түзүү токтому кабыл алынган. Жаңы участкалар Казакстан Республикасынын Алматы, Тараз жана Шымкент шаарларында ачылган. Ошентип, жалпысынан чет өлкөдө 34 мамлекеттин 89 шаарында 100 шайлоо участогу ачылган. 2025-жылдын октябрь айында мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын муктаждыктарынын карталары түзүлгөн. Ошондой эле округ жана участкалар боюнча жалпы шайлоочулардын тизмеси tizme.gov.kg мамлекеттик порталына жайгаштырылган. Талапкерлерге, саясий партиялардын өкүлдөрүнө, ЖМКларга, укук коргоо органдарына жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына системалуу түрдө окутуу семинарлары өткөрүлгөн. Атап айтканда, 2025-жылдын 15-октябрында КР БШКнын төрагасы блогерлер коомчулугунун өкүлдөрү менен жолукту жана мөөнөтүнөн мурдагы шайлоого даярдык тууралуу кеңири маалымат берген. Шайлоону мыйзамдуу жана коопсуз өткөрүү максатында аны даярдоо жана өткөрүү учурунда бардык деңгээлде ыкчам чара көрүү координациялык топтор (КГОР) түзүлгөн, аларга шайлоо комиссияларынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирген. Алардын негизги милдеттери: мүмкүн болуучу мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтарды үзгүлтүксүз түрдө чогултуу, шайлоо комиссиялары жана укук коргоо органдары аркылуу арыздар жана даттанууларды талдоо, ар бир аныкталган мыйзам бузуунун фактылары боюнча чара көрүү. Ошондой эле, шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөө, ошондой эле талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддоруна түшкөн каражаттарды көзөмөлдөө жана алардын каржылык отчетторун текшерүү үчүн Көзөмөлдөө-текшерүү тобу түзүлгөн. Жаштарды шайлоо процессине активдүү тартуу максатында билим берүү жана маалымат берүү иш-чаралары өткөрүлгөн. Чет өлкөдө окуган студенттер менен онлайн жолугушуулар уюштурулган. 10. Шайлоо күнү байкоо жүргүзүү 2025-жылдын 30-ноябрь - добуш берүү күнү Миссиянын мүчөлөрү 08:00дө шайлоо участкаларына келип, алардын ачылышына жана жабылышына катышкан. Жогорку Кенештин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жүрүшү боюнча толук маалымат алуу максатында Миссия 110 шайлоо участогун кыдырган, анда талапкерлердин, коомдук уюмдардын, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын байкоочулары, ошондой эле ЖМКлардын өкүлдөрү болгон. Шайлоо участокторун тандоо эл аралык байкоочулар тарабынан өз алдынча жүргүзүлгөн. Миссиянын мүчөлөрүнө шайлоо участокторун кыдырууга тоскоолдук жаралган эмес. Миссия шайлоо күнүндө жарандардын добуш берүүдө жооптуу позициясын жана комиссия мүчөлөрүнүн кесипкөйлүк деңгээлин байкаган. Шайлоо комиссияларынын ишмердүүлүгү квалификациялуу, ачык-айкын жана көз карандысыз мүнөздө болгон. Бардык шайлоо участкаларында документтер жана маалыматтык-суроо китептери, байкоочулардын журналы, методикалык топтомдор, кезек графиктери, эвакуация схемалары жана башка документтер толук сакталган. Бардык участкаларда медициналык пункттар уюштурулган. ЖМКлар шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессин кеңири чагылдырган. Шайлоо участктарында добуш берүү тынч жана уюшкандыкта, белгиленген тартипте, жергиликтүү, коомдук жана эл аралык байкоочулардын, ошондой эле ЖМКлардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Байкоо учурунда Миссиянын өкүлдөрүнө карата даттануулар жана сын-пикирлер болгон эмес. 11. Негизги жыйынтыктар Миссия Жогорку Кенештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо ачык-айкын шартта,  жарандык коомдун, аялдардын жана жаштардын активдүү катышуусу менен, ошондой эле шайлоочулардын эркин жана өздүк тандоо жасашына шарттар түзүлгөндүгүн белгилейт.  Миссия Жогорку Кенештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана өлкө тарабынан кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерге ылайык өткөрүлгөнүн билдирет. Миссия өлкөнүн шайлоо системасы өзүнө тийиштүү өзгөчөлүктөргө ээ, салттарга жана добуш берүү суверенитети принцибине таянат. Шайлоочулардын бул системага болгон жогорку ишеним деңгээли анын туруктуулугун жана коомдук саясий турмуштагы маанилүүлүгүн көрсөтөт деп белгилейт. Миссия Кыргыз Республикасында өткөн шайлоолорду ачык, эркин жана легитимдүү деп тааныйт. Миссия Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына, Тышкы иштер министрлигине жана ШКУ байкоочуларынын ишин камсыз кылууга көмөктөшкөн башка мамлекеттик органдарга ыраазычылык билдирет. Миссия Кыргыз Республикасынын элин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда  шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, өлкөнүн көз карандысыздыгын бекемдөө, суверенитетти күчөтүү жана туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу багытындагы ишинде ийгилик каалайт. Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясы Бишкек, 2025-жылдын 1-декабры”.
Кененирээк билүү >>
Кыргызстанда шайлоо аяктады - бардык шайлоо участоктору жабылды
30.11.2025

Кыргызстанда шайлоо аяктады - бардык шайлоо участоктору жабылды

Кыргызстанда бардык шайлоо участоктору жабылып, алгачкы маалыматтар келе баштады, деп билдирди Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров түз эфирдеги брифингде. Кыргызстандан тышкары Батыш өлкөлөрүндө, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө, Россиянын Ыраакы Чыгышындагы шайлоо участоктору жабылып, алгачкы маалыматтар БШКнын борбордук серверине келе баштаганын айткан Т.Шайназаров брифингдин катышуучулары менен биргеликте округдар боюнча алгачкы маалыматтар менен онлайн режимде таанышып, шайлоо жыйынтыктарын бурмалоого мүмкүн эместигин баса белигледи.   Буга чейин БШК төрагасы шайлоо кампаниясы башталгандан бүгүнкү күнгө чейин шайлоо мыйзамдардын бузулушу мүмкүн болгон фактылар тууралуу 269 билдирүү келип түшкөнүн билдирди. Алардын ичинен: - үгүт шарттарын бузуу жөнүндө – 124, - талапкердин кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу - 37, - административдик ресурсту колдонуу - 8, - шайлоочулардын добушун сатып алуу ыктымалдыгы жөнүндө – 46, - башка бузуулар – 54. Ал эми бүгүн добуш берүү күнү 67 арыз-билдирүү келип түштү, алардын - 28и үгүт шартын бузгандыгы тууралуу, 18 - добуш сатып алуу  аракети, 4- техникалык бузуулар тууралуу, 17 – башка бузуулар.  Төрага күнү бою техникалык бузууулар тууралуу 4 гана арыз түшкөнүн айтып, шайлоо жабдуулары кынтыксыз иштегенин баса белгиледи.  БШКга келип түшкөн арыз-билдирүүлөр бардыгы мыйзам алкагында каралганын айтты.
Кененирээк билүү >>
Үгүт шарттарын бузган талапкерлерге, жаранга жана юридикалык тарапка айып пулдар салынды
30.11.2025

Үгүт шарттарын бузган талапкерлерге, жаранга жана юридикалык тарапка айып пулдар салынды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы, бүгүн, 30-ноябрда парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштерин бузган маселелерди карап, 3 талапкерге, 3 жаранга жана юридикалык тарапка айып пул салды. КР БШКга № 20 шайлоо округунан талапкер Оятулло Мухидиновдон арыз келип түшкөн. Арызда ушул эле округдан талапкер Т. Айтиевдин үгүтчүсү Нарзулло Амирбеков аттуу жаран айылдаштары үчүн трансформатор маселесин чечип берерин жана аны бир жуманын ичинде бүтүрүү боюнча иштеп жаткандыгы тууралуу билдирүү WhatsApp тиркемеси аркылуу таркатылып жаткандыгы көрсөтүлгөн. Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ социалдык тармактардагы Н. Амирбеков жарыялаган аудио материалдарды карап, арызда айтылган фактылар аныкталды. Бул боюнча Аламүдүн РИИБдин токтому чыгып, аудиоматериалдарда белгиленген маалыматтар талапкер Т.Айтиевге тиешеси жок экендиги аныкталган. Жумушчу топ Н.Амирбековго карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 65-беренелеринде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган. КР БШКга № 28 шайлоо округунан талапкер Арсланбек Малиевдин өкүлү Р. Мамажановдун арызы келип түшкөн. Анда Талант Жункеев жана Азамат Оморов аттуу жарандар талапкер А.Малиевди “теңирчи, мусулман эмес” деп айыптап, ошондой эле анын мурда айткан “биз дааватты жабабыз” деген сөздөрүн айылдаштарынын арасында таратып жатышкандыгы тууралуу маалымат WhatsApp тиркемеси аркылуу жайылтылып жатканы көрсөтүлгөн. Жумушчу топ социалдык тармактарда жарыяланган аудиоматериалдарга талдоо жүргүзүп, арыздагы көрсөтүлгөн билдирүүлөр WhatsApp тиркемеси аркылуу тараткандыгын аныктап, алар үгүт жүргүзүү талаптарына каршы келээрин белгилеген. Жумушчу топ Т.Жункеев жана А.Оморовго карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүчтөгү өлчөмүндөгү айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштады. Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ социалдык тармактарга байкоо жүргүзүп, WhatsАpp мессенджеринде таратылган фотоматериалдарга ылайык, № 9 шайлоо округунан талапкер Даут Ахунов Сардарбек үгүт шарттарын бузгандыгын, тактап айтканда, спорттук иш-чараларды өткөрүү аркылуу үгүт жүргүзгөндүгү аныкталган. Жумушчу топ талапкер С.Даут Ахуновго карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунуштаган. Жумушчу топ социалдык тармактарда дагы бир үгүт шартын бузган фактыны аныктаган – № 15 шайлоо округунан талапкер Джайлообай Нышанов үгүт шарттарын бузуп, WhatsАpp мессенджеринде башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөттөлүшү колдонулган үгүт видеоматериалын тараткан. Жумушчу топ талапкер Д. Нышановго карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган. Жумушчу топ маалымдагандай, “Whatsapp” мессенджеринде 2025-жылдын 29-ноябрында саат 08:30да (жымжырттык күнү) Бишкек шаарынын LED-экрандарына № 24 шайлоо округунан талапкер Арафат Исмаиловдун үгүт материалдары жайгаштырылган. Жумушчу топтун жыйынында “Рекламный мир” ЖЧКсынын өкүлү талапкер менен келишим түзүлгөнүн билдирди, ага ылайык 2025-жылдын 10-ноябрынан баштап, 2025-жылдын 29-ноябры саат 08:00гө чейин Бишкек шаарынын LED-экрандарында талапкердин үгүт материалдары жайгаштырылды. 2025-жылдын 29-ноябрында техникалык себептерден улам талапкердин үгүт материалы LED экрандарынын биринде үгүт кампаниясы аяктаган учурда бир нече убакытка калган. Жумушчу топ “Рекламный мир” ЖЧКсынын өкүлү Алишер Хажиевге карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган. КР БШКга Д.Тыныбек уулу аттуу жарандан № 19 шайлоо округунан талапкер Рысгүл Акимжанованын үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу арызы келип түшкөн. Жумушчу топтун жыйынында арыз ээсин жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү М. И. Абдибаитовду угуп, 2025-жылы 29-ноябрда саат 8:00дө (“жыжырттык күнү”) талапкердин жеке баракчасына үгүт видеоматериалы жарыяланганы аныкталды. Жумушчу топ талапкер Р.Акимжановага карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган. КР БШКсы Жумушчу топтордун сунуштарынын негизинде, шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына талапкерлер С.Даут Ахуновго, Дж. Нышановго, Р. Акимжановага, талапкердин үгүтчүсү Н. Амирбековго жана «Рекламный мир» ЖЧКсынын өкүлү Алишер Хажиевге 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, жарандар Т.Жункеев менен А.Оморовго - 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдетин жүктөдү.
Кененирээк билүү >>
Саат 18:00гө карата шайлоого катышуу 31 % түздү
30.11.2025

Саат 18:00гө карата шайлоого катышуу 31 % түздү

Саат 18:00гө карата  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 1 330 602  шайлоочу добуш берди, бул тизмеге кирген жалпы шайлоочулардын 31 %ын түздү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди. КР БШК төрагасы саат 18.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө катышуу көрсөткүчү 40 %ды түзгөн округдарды атады. Алар: № 4, 10, 13 жана 30 шайлоо округдары. Ал эми шайлоочулардын активдүүлүгү төмөн округдар – Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы округдар, мында көрсөткүч орто эсеп менен 25-26 %дын деңгээлинде. Бүгүн аралыктан добуш берүүнүн колдонулуп жаткандыгын жана чет өлкөлөрдөгү участоктор Бишкек убактысынан кеч жабыла тургандыгын эске алган төрага шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусунун көрсөткүчү көбөйөт деген ишенимин билдирди. Төрага бүгүнкү күндүн 18.00гө болгон катышуу менен 2021-жылдагы парламенттик шайлоодогу катышуу деңгээлин салыштыруу маалыматын берди. Ага ылайык, 2021-жылы саат 18.00гө карата 1 032 684 шайлоочу катышкан, бул 28,53 %. Натыйжада, бүгүн добуш берүүгө 300 миңдей шайлоочуга, же 2,5 % га көп катышты. БШКнын төрагасы билдиргендей, шайлоо кампаниясы башталгандан бүгүнкү күнгө чейин шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча жалпысынан 261 кайрылуу-билдирүүлөр келип түшкөн. Алардын 124ү – үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу, 37си – талапкердин ар намысына шек келтиргендиги тууралуу, административдик ресурстун колдонулгандыгы тууралуу - 8 арыз, добуштарды сатып алуу боюнча – 41. Калган 51 арыз – ар кандай маселелер. Төраганын айтымында, бүгүн добуш берүү күнүндө добуш сатып алуулар боюнча арыз-кайрылуулар көбөйдү. “Тиешелүү укук коргоо орандары мыйзамга ылайык иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Бүгүң-эртең ар бир факт боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, укуктук баалар берилет. Алардын канчалык негиздүү болгонун өз кезегинде прокуратура органдары көзөмөлгө алат”, - деди КР БШКнын төрагасы Т.Шайназаров.
Кененирээк билүү >>
Саат 16:00гө карата шайлоого катышуу 25% түздү
30.11.2025

Саат 16:00гө карата шайлоого катышуу 25% түздү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого саат 16:00гө карата 1 073 444 шайлоочу добуш берди, бул тизмеге кирген жалпы шайлоочулардын 25%ын түзөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди. КР БШК төрагасы саат 16.00гө карата шайлоого катышуу 30% ашкан округдарды атады. Алар: № 1, 10, 13 жана 30 шайлоо округдары. Ал эми 20% төмөн көрсөткүч Аламудун шайлоо округунда жана Бишкек шаарынын 4 районунда катталган. Т.Шайназаров бүгүнкү шайлоого катышуу деңгээлин 2021-жылдагы парламенттик шайлоодогу көрсөткүчтөр менен салыштырды. 2021-жылкы парламенттик шайлоодо саат 16.00гө карата 813 176 же 22,47% шайлоочу добуш берүүгө катышкан.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 30-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
30.11.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 30-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 29 -ноябры   Убактысы: 17:00   Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мухидинов Оятуллонун кайрылуусу жөнүндө.  (баяндамачы – Кайыпов Ш.Т.,  укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 2. № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Малиев Арсланбек Касымакуновичтин штабынын жетекчиси Мамажанов Раимбектин маалыматын кароо жөнүндө.    (баяндамачы – Кайыпов Ш.Т., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)   3. № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Даут Ахунов Сардарбек Исмаилжановичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө   (баяндамачы – Закиров А.М.,  укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)   4. № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Нышанов Джайлообай Данибаевичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө   (баяндамачы – Закиров А.М.,  укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)     5. “Рекламный мир” ЖЧКнын өкүлү Хажиев Алишер Дельшатовичтин шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө   (баяндамачы – Закиров А.М.,  укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)             6. №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Акимжанова Рысгул Абдыманаповнанын шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө          (баяндамачы – Закиров А.М.,  укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
Кененирээк билүү >>
№ 25 округдук шайлоо комиссиясы № 7133 участогундагы жайдан тышкары добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарды
30.11.2025

№ 25 округдук шайлоо комиссиясы № 7133 участогундагы жайдан тышкары добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына №25 округдук шайлоо комиссиясынан 2025-жылдын 29-ноябрында «Фейсбук» социалдык тармагында жарыяланган видеожазууларга байланышкан алдын ала текшерүү материалдары каралгандыгы тууралуу чечим келип түштү. Аталган видеолордо Нижняя-Серафимовка айылындагы Карылар жана майыптар үйүндө жайгашкан №7133 шайлоо участогунда добуш берүүнүн купуялуулугу  бузулгандыгынын белгилери бар. №25 ОШК жыйынынын жыйынтыгы боюнча 29-ноябрда ушул участокто жайдан тышкары добуш берүүнүн жыйынтыктарын бир добуштан жокко чыгаруу чечимин кабыл алып, материалдарды мындан аркы кароо үчүн КР БШКга жөнөттү. КР БШК келип түшкөн материалдарды шайлоо мыйзамдарына ылайык карап чыгат.
Кененирээк билүү >>
Саат 14:00 гө карата шайлоого катышуу  19,00 % түздү
30.11.2025

Саат 14:00 гө карата шайлоого катышуу 19,00 % түздү

Саат 14:00 гө карата шайлоого катышуу 19,00 % ды түздү -  815 766 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди. Округдар боюнча: •             № 1 шайлоо округу — 24,5 %; •             № 2 шайлоо округу — 21,78 %; •             № 3 шайлоо округу — 21,51 %; •             № 4 шайлоо округу — 23,73 %; •             № 5 шайлоо округу — 16,42 %; •             № 6 шайлоо округу — 17,49 %; •             № 7 шайлоо округу — 18,51 %; •             № 8 шайлоо округу — 20,99 %; •             № 9 шайлоо округу — 17,34 %; •             № 10 шайлоо округу — 23,61 %; •             № 11 шайлоо округу — 14,28 %; •             № 12 шайлоо округу — 19,37 %; •             № 13 шайлоо округу — 24,32 %; •             № 14 шайлоо округу — 19,8 %; •             № 15 шайлоо округу — 22,48 %; •             № 16 шайлоо округу — 22,57 %; •             № 17 шайлоо округу — 16,59 %; •             № 18 шайлоо округу — 18,16 %; •             № 19 шайлоо округу — 15,55 %; •             № 20 шайлоо округу — 12,28 %; •             № 21 шайлоо округу — 14,47 %; •             № 22 шайлоо округу — 14,6 %; •             № 23 шайлоо округу — 15,69 %; •             № 24 шайлоо округу — 13,01 %; •             № 25 шайлоо округу — 16,2 %; •             № 26 шайлоо округу — 21,63 %; •             № 27 шайлоо округу — 19,19 %; •             № 28 шайлоо округу — 17,69 %; •             № 29 шайлоо округу — 21,78 %; •             № 30 шайлоо округу — 24,33 %. КР БШКнын төрагасы Т.Шайназаров добуш берүүгө катышуунун төмөн көрсөткүчү Бишкек шаарындагы төрт округда экенин айтып, шаар тургундарын добуш берүүгө активдүү катышууга чакырды. Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00 дө аяктайт. Шайлоочулардын акыркы тизмесине 4 294 243 жаран киргизилген.
Кененирээк билүү >>
1 21 23 481

Акыркы жаңылыктар

21.09.2026 КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты 21.09.2026 КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү 21.09.2026 КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты 20.09.2026 КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда 19.09.2026 КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда 19.09.2026 КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты